Республикалык “Алтын калем” адабий сыйлыгына сынак жарыяланат

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги

Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзу

Республикалык “Алтын калем” адабий сыйлыгынын

ЖОБОСУ

Бул Республикалык “Алтын калем” адабий сыйлыгынын жобосу (мындан ары-Жобо) калемгерлердин негизги максаттарын, тартибин жана өзгөчөлүктөрүн аныктайт.

  1. Сынактын максаттары:

-Кыргыз тилинин көркөмдүгүн, байлыгын, тереңдигин даңазалоо;

-Кыргыз тилинде чыгарма жараткан калемгерлердин мыкты чыгармаларын аныктоо;

-Калемгерлердин талантын ачууга жана адабий жөндөмүн өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк түзүү.

 

  1. Сынактын уюштуруучулары төмөнкүлөрдү камсыз кылат:

-Сынакты өткөрүүгө документтерди даярдоо;

-Калыстар тобунун ишин аткара турган белгилүү адабият ишмерлеринен -турган компетенттүү Сынак комиссиясын түзүү;

-Сынактын күнүн белгилөө жана Жобонун негизинде өткөрүү;

-Жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземин өткөрүү;

-Сынакты жана анын жыйынтыгын жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу чагылдыруу.

 

  1. Сынактын этаптары жана мөөнөттөрү:

-Чыгармалар жарыяланган күндөн тартып 2022-жылдын 29-ноябрына чейин кабыл алынат;

-Чыгармаларды окуп чыгуу жана баалоо комиссия тарабынан 1-декабрдан 10-декабрга чейин жүргүзүлөт;

-Жыйынтык 12-декабрь Улуттук адабият күнүндө чыгарылат.

 

  1. Сынакка катышуунун шарттары:

-Кыргыз Республикасынын жарандары тарабынан жазылган кыргыз тилиндеги чыгармалар кабыл алынат;

-Катышуучулардын жаш курагы чектелбейт;

-Сынакка катышуу үчүн авторлор сынактык иштери менен катар өзү тууралуу маалымат камтыган билдирмени сынактын чыгармаларын кабыл алуу мөөнөтү аяктаганга чейин тапшырышы керек.

 

  1. Сынактыкарыздардын берилиши:

-Электрондук дарек аркылуу (adabiyat.kg@gmail.com дарегине “Сынакка” деген белги менен);

-Кагазга түшүрүлгөн варианттар болсо (басма текстин) Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун Бишкек шаарындагы дарегине алып келүүсү шарт;

дареги: Эркиндик бульвары 54;

Сурап билүү үчүн телефон: 0312 62 39 24; 0708 50 28 80

-адабий чыгармалар (поэзия, проза, драма).

Жиберилген чыгармалар менен бирге, катышуучунун өмүр баяны, сүрөтү болушу шарт.

Плагиаттык, уят сөздөрдү камтыган, саясий көз караштагы, ошондой эле улуттар жана диндер аралык араздашууну козуткан жана Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына каршы келген чыгармалар кабыл алынбайт.

Уюштуруучулар жиберилген бардык чыгармаларды жарым-жартылай же толугу менен жалпыга маалымдоо каражаттарына, интернеттеги веб-сайттарга жана социалдык тармактарга сый акы төлөбөстөн жарыялаганга жана пайдаланууга укуктуу.

Сынактын катышуучулары сынакка чыгармаларды берүү менен, Уюштуруучулар тарабынан жеке маалыматтарды чогултууга, сактоого, колдонууга, иштетүүгө жана жайылтууга макулдук беришет.

Чыгарманы жиберген адам авторлугу аныктыгына жооп берет. Сынактын материалдары кайтарылбайт жана рецензияланбайт.

Уюштуруучулар сынакка жиберилген чыгармаларды рецензиялабайт, кайтарып бербейт, авторлор менен талкууга кирбейт.

Уюштуруучу сынактын шартына жооп бербеген чыгармаларды эсепке албайт.

 

  1. Сынакка катышканчыгармаларды каттоого коюлган талаптар:

Поэзия – ырлар жана поэмалар, (көлөмүнө жана тематикасына чектөө коюлбайт); жаңы чыгармаларга артыкчылык берилет.

Проза – аңгеме, повесть жана роман (көлөмүнө жана тематикасына чектөө коюлбайт); жаңы чыгармаларга артыкчылык берилет.

Драматургия – пьеса, драма (көлөмүнө жана тематикасына чектөө коюлбайт). жаңы чыгармаларга артыкчылык берилет.

 

  1. Сынакка сунуш кылынган чыгармалар төмөндөгүдөй форматта кабыл алынат:

-Текстик редактор WORD, шрифт Times New Roman, 14 кегль, интервалы 1,5;

-Электрондук форматта жиберилген чыгармалар төмөндөгү эки форматтын биринде болууга тийиш: WORD же PDF.

 

  1. Сынактын катышуучуларынын чыгармаларын баалоонун этаптары:

Катышуучулардын чыгармаларын баалоо үчүн Уюштуруучу топ 6 (алты) адамдан турган, анын ичинде 4 (төрт) адам мүчө жана 1 (бир) адам төрага, 1 (бир) адам катчылык кылган комиссия түзөт. Катчы чыгармаларды баалоого катышпайт.

Комиссия ушул Жобонун негизинде иш алып барат жана баалайт, ошондой эле лауреаттарды аныктайт.

Чыгармалар уюштуруучулар тарабынан катталат жана калыстар тобуна автордун аты-жөнүн көрсөтпөй катталуу номерлери боюнча берилет.

Комиссиянын ар бир мүчөсү чыгарманы баалоодо тиркелген формадагы рейтингдик таблица менен иш алып барат.

Чыгарманы баалоо 10 баллдык система боюнча жүргүзүлөт.

Калыстар тобунун чечими менен эң жогорку балл алган катышуучулар лауреат болушат.

Жыйынтыктоочу балл сынактын жеңүүчүлөрүн аныктайт. Калыстар тобу сынактын жыйынтыктоочу протоколун түзөт.

Калыстар тобунун чечими талкууга алынбайт жана өзгөртүлбөйт.

Сынактын жыйынтыгы комиссия мүчөлөрү тарабынан жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземине чейин ачыкка чыгарылбайт.

 

  1. Жеңүүчүлөрдү жарыялоо жана сыйлоо

Сынактын жыйынтыгын жарыялоо жана жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи жыл сайын 12-декабрда Улуттук адабият күнүндө өткөрүлөт.

Сынактын жыйынтыгы боюнча лауреаттар сыйланат.

 

  1. Сыйлык фонду:

-Эң мыкты поэзия – 100 000 миң сом (диплом, статуэтка, сертификат, гүл);

-Эң мыкты проза – 100 000 миң сом (диплом, статуэтка, сертификат, гүл);

-Эң мыкты драматургия – 100 000 миң сом (диплом, статуэтка, сертификат, гүл).

Аталган сыйлык фонду КР Мыйзамдарында аныкталган чегерүүлөрдү эске алуу менен берилет.