Алыкул Осмонов атындагы салттуу адабий сыйлыгына сынак жарыяланат

ЖАРЫЯ! ЖАРЫЯ! ЖАРЫЯ!

Урматтуу ыр ышкыбоздору, акындар жана жаш таланттар!

Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзу Алыкул Осмонов атындагы салттуу адабий сыйлыгына сынак жарыялайт!

Сыйлыктын жаңыртылган жобосун жарыялоо менен талапкерлердин эмгектери ушул жылдын 1-ноябрынан баштап, 2023-жылдын 1-мартына чейин кабыл алынарын билдиребиз.

Эмгектерге коюлуучу негизги талаптар:

1.Китеп 2020-2022-жылдар ичинде жарык көргөн болуусу керек;

2.Сунуштоо документтери (сунуштаган тараптын жолдомосу, протокол ж.б.) менен бирге талапкердин өзүнүн таржымал-резюмеси;

3.3х4 өлчөмүндөгү эки сүрөтү.

Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун Алыкул

Осмонов атындагы адабий сыйлыгы жөнүндө

ЖОБО

  1. Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун Алыкул Осмонов атындагы адабий сыйлыгы акыркы эки жыл аралыгында жарыяланган төмөнкүдөй жаңы, мыкты чыгармаларга ыйгарылат:
  • поэзия жанрында улуттук адабиятты жаңы деңгээлге көтөрүүгө салым кошкон китептерге;
  • поэтикалык котормого;
  • акындын чыгармачылыгын коомчулукка жеткирүүдө Алыкул изилдөөчүлөрдүн өзгөчө демилгелүү эмгектерине.
  1. Аталган адабий сыйлыкка талапкерлерди көрсөтүүгө Кыргыз Республикасындагы чыгармачыл союздар, мекеме-ишканалар, коомдук уюмдар, жалпыга маалымдоо каражаттарынын редакция жамааттары, китеп басмалары, окуу жайлары укуктуу.
  2. Мурун ар кандай сыйлыктарды алган жана эски эмгектер кабыл алынбайт.
  3. Адабий сыйлыкка көрсөтүлгөн чыгармалар акыркы эки жыл аралыгында жарык көргөн болууга тийиш.
  4. Авторлордун жаш курагы чектелбейт.
  5. Чыгармалар төмөнкү дарекке тапшырылышы керек. Бишкек ш., Эркиндик бул.54. Байл.тел. 0312623924
  6. Сыйлык алган авторлорго “Алыкул Осмонов атындагы адабий сыйлыктын лауреаты” деген диплом, төш белгиси жана атайын сертификаты менен акчалай сыйлыгы тапшырылат.
  7. Алыкул Осмонов атындагы адабий сыйлык сынакта камтылган жылдан кийинки жылдын жазында, акындын туулган күнүнө жана “Нооруз” майрамына туш келген “Бүткүл дүйнөлүк поэзия күнүндө”, 21-мартта тапшырылат.