Бурул Калчабаева: Ээң кайда, Акжолтой?

Ээң кайда, Акжолтой?

социалдык драма

Катышуучулар:

  1. Бектур– сүрөтчү
  2. Асмат– аялы
  3. Чубак–  Бектурдун мурдагы шакирти
  4. Акжолтой– Сүрөтчүнүн ити
  5. Сонун– базарда отурган аял
  6. Гезит саткан киши
  7. Рыспек– айылдан сүт, нан апкелип сатат.
  8. Райкүл(Рая) – базарда отурган аял

Окуя 2000-жылдардын ортосунда өтөт.

Биринчи бөлүм

Биринчи көрүнүш

Чакан базарча. Аялдаманын четин базарчага айландырып алышкан. Арткы планда кабат үйлөр. Газдалган суунун аппараты турат. Ал иштебей калган. Орто ченде комок. Анын эки капталында кыдыракей коюлган чакан столдор. Кээ бир столдун үстү жабык. Жөн эле орун ээлеп койгон. Тамеки, конфет, сагыз, калем, нан, суу… айтор күнүмдүк тиричиликке керектүү майда-барат баары сатылат. Жай-күз. 13-14 жаштагы өспүрүм суу сээп шыпырып чыгат. Анан эң четине өзүнүн кичинекей столун коюп, үстүнө оролгон нан, желим идишке куюлган сүт, 3 литрлик банкага салынган каймагын коет. Коробкасы менен буюм-тайымын коляскага салып Сонун келет.

Рыспек. Саламатсызбы?

Сонун. Жакшы. Кандай өзүң?

Рыспек. Жакшы.

Сонун. Апаң кандай?

Рыспек. Жакшы эле.

Сонун. Дагы түнү менен нан жаап чыктыбы?

Рыспек. Ии… түнүчүндө жууруп коюп… саат 4тө баштайт. Анан мени ойготот.

Сонун. Нан да бышырып. Уйду да саап. Айранын да уютуп. Апаң байкуш уктабайт го?!

Рыспек. Уктайт. Бирок аз.

Сонун. Бу үстөлдөрдү сен койдуңбу?

Рыспек. Ии… эрте келсең коюп кой дешкен. Сиздин үстөлдү да коюп койдум.

Сонун. Өмүрлүү бол.

Рыспек. Тиги эже келип дагы урушпайбы? Эмне эле сизге асылып калды?

Сонун. Билбейм. Бул жер атасынан калгансып… Кээде баарын ыргытып жиберип кетип калгым келет. Айла жок. Балдарды багыш керек. (Столун коюп, товарын алып чыгып коюп жатканда, бүктөмө үстөлүн көтөргөн Райкүл келет. Кийингени анын шаардык экенин билдирип турат.)

Райкүл (Сонунга). Эй! Эй… Тур быякка?

Сонун. Эмнеге турат экемин?

Райкүл. Бул жер мурун менин ордум болчу.

Сонун. Эмне… менчиктеп алдың беле? Тиякка тура бер. Жер баарыбызга жетет.

Райкүл. Ооба. Менчиктеп алгам.

Сонун. Кагазыңды көрсөтчү?

Райкүл. Понаехали тут!.. Шаарда бышырып койгонсуп… Кагазыңды көрсөтчү деп коет анан? Көрсөтөм. Участковойго айтып баарыңды кубалатам.

Сонун. Ап-е-е-й! Понаехали болуп калдыкпы? Өз жерибизде. Же эмне? Жыргаганыбыздан жылкычы болуп ушул жерде отуруптурбузбу?

Райкүл. Ал столуңду!

Сонун. Албайм-этпейм. Участковый эмес, мага десең Президентке бар. Жердин баары окшош. Келген күндөн бери ушул жерде турам. Мурун эмне ээлеп алган жоксуң? Же эмне… бул жерде акча асмандан куюлуп, клиенттер килькидей жайнап атыптырбы?

Райкүл. Мен бул жерде 30 жылдан бери жашайм. Можно сказать с пеленок…

Сонун. Капырай де?!. Мобу газводанын түбүндө туулдуң беле? Орусча кошпой эле сүйлөчү ай. Жетишип калгансыбай… (Товарын жая баштайт.)

Райкүл. Кармашпа мени менен… Уктуңбу? Каалаган жериме турам.

Сонун. Тура бер. Мен бир карыш да жылбайм.

Рыспек. Урушпагылачы… (Райкүлгө) Мен сиздин ордуңузга барайын  анда.

Сонун. Эч кайда барбайсың! Тура бер. Кудайдын жери баары, баарыбызга жетет. Өлсөк эки чарчы метрге батабыз.

Райкүл. Кудайдын жеринин баары базар эмес.

Сонун (Ызаланып). Ушулардын кожоюн болгону өтүп кетти. Күнүгө бирөө чоң. Ары-тур, бери тур… каттооң жок дешип… Айылдан келсек да өз элибизде жүрөбүз го?! Же эмне? Кытайдан келиптирминби? Мен да сага окшоп балдарымды багайын деп жүрөм.

Райкүл. Айылда баксаң болбойт беле?

Сонун. Айылда жумуш жок. Жумуш болсо шаарда темселеп… бирөөнүн батиринде эки балам менен жүрмөк эмесмин. Алакандай аялдаманы талашпай, өзүң иштебейсиңби?!. Каттооң деги бар. Мынабу камоктун түбүндө туулгансың…

Райкүл. Завод жабылып калса эмне кылайын?!. ( Райкүл өз ордуна кетет.)

Сонун. Ии… анан эмне дейсиң?

Рыспек (кыткылыктап Сонунга). Иттей кылдыңыз ээ…

Сонун. СССР өлбөсө экөөбүз ушу жерде турат белек?! «Понаехали» деген сөздү угат белек… Сен окубай калат белең?! Атаң Россияга кетет беле?!

Рыспек. Атамды айтпаңызчы…

Сонун. Кечир, кечир… Чыгар сүтүңдү. Айран апкелдиңби? (Гезит саткан киши келет. Колунда бир аз жаңы гезити бар. Тигилердин кажылдагын угуп калат.)

Гезит саткан киши. Ай, койгула эй, таң атпай талашыңарды!.. Уруш болгон жерден акча качат.

Райкүл. Суеверие.

Гезит саткан киши. Суеверие эмес эле. Бизде деле ушундай дейт го?! (Сонунду карайт.)

Сонун. Ырыскы качат деп коет..

Гезит саткан киши. Ии… Кандайсыңар сулуулар? Айырмасы кайсы? Тура бербейсиңерби?

Сонун. Ошону айтсаң.

Райкүл. Менин клиенттерим көнүп калган.

Сонун. Күлкүмдү келтирбечи… Ушу кенедей базардан таппай калмак беле? Алдагы тоту куштай киймиңден эле тааныйт алыстан. Антпей эле тиги жанымдагы экөө менен тил табыша албайм дебейсиңби?

Райкүл. Ишиң болбосун.

Рыспек үстөлүнө коробкадагы нанды коюп, анын үстүнө бирөөнү желим баштыкка салып чыгарат. Анын катарына банкадагы каймагын, сүтүн, айранын коет.

Гезит саткан киши. Ой-ий… Айран… каймак да келдиби? Канча уюң бар?

Рыспек. Эки.

Гезит саткан киши. Анан ушунча сүт чыгабы?

Рыспек. Кошуналардыкы да бар. Эжемдики. Атамдын карындашы.

Гезит саткан киши. Канча бир туугансың өзүң?

Рыспек. Үч.

Гезит саткан киши. Окуйсуңбу? Канчанчы класста?

Рыспек. Быйыл 7-класска бармакмын.

Сонун. Апасына каралашып окубай калган тура. Азаматсың айланайын. Таң атпай тээ тоо түбүндөгү бир айылдан чоң кишилер менен кошо келип… айран-сүтүн сатып… Бөбөктөрүн багып жатат. (Рыспек айран-сүтүн жайгаштырып жатат.)

Гезит саткан киши (аялга). Атасы кайда экен? Каза болуп калыптырбы?

Сонун. Атасыбы? Атасы Россияга тийип кетиптир!

Гезит саткан киши. Ыя?! Эл аял алса, ал тийип кетиптирби?

Сонун. Ооба. Россияга барып, өзүнөн улуу бирөөнүн үстүнө кирип алса… тийип кетти дебегенде эмне дейм?! Өлгүр…

Гезит саткан киши. Катырдың! (Экөө тең каткырат. Балага). Келе. Айрандан куй. Акчасын анан берем.

Сонун. Кой, ай. Куру баштаба. Биринчи алып атасың. Почин деп коесуңарбы? Өтүп кетсин кечке калбай. Кечке калса чоң базарга келген кошуналары менен кете албай калат.

Гезит саткан киши. Гезит өтсүн.

Райкүл. Кое тур. Мен биринчи алайын. Ай… каймагың канча?

Рыспек. Үч литр.

Райкүл. Баасы деп жатам.

Рыспек. 300 сомго бере бер деген апам. Литри 100 сом.

Райкүл. Келе мен алам. (Акчаны санап берет.) Айран да бер.

Сонун. Баарынбы? Мен да алмакмын. Бир стакан.

Райкүл. Баятан албайт белең.

Сонун. Алгыдай болдумбу? Баш-аягым жыя электе сен ажылдап ары тур-бери тур деп…

Райкүл. Менден ал. Азыр. Айран да бер.

Рыспек. Канча?

Райкүл. Бир, бир жарым литр бере бер. Поженю их.

Сонун. Кимди?

Райкүл. Азыр көрөсүң. (Каткырат.)

Гезит саткан киши. Мына акча да түштү. Келе айрандан.

Бала айрандан куюп берет. Ал ошол жерден эле иче баштайт. Райкүл банкадагы каймакты өз ордуна алпарып, үстөлдүн астынан кичине желим чака алып чыгып куят. Анын үстүнө айранды кошот. Аны көргөн Сонундун оозу ачылат.

Сонун. Ай!… Эмне кылып жатасың?

Рыспек. Эже… эмнеге айран коштуңуз? Даамы бузулуп калбадыбы?!

Райкүл. Экөөнү аралаштырып койсо, сметана болуп калат.

Сонун. Энеке-е-б-а-а-й… эмне болуп кетер экенсиңер?! (Аялдын жанына келип, акырын.) Ай, бул куулук-шумдукту билбеген айылдын баласы. Кайдагы балакетти көрсөтүп… Эртең муну көргөн жаштар сүткө бензин кошуп сатса эмне болот?

Райкүл. Эмне болмок эле. Көп болсо понос болобуз. (Каткырат.)

Рыспек. Эже… каймак эле жакшы болчу.

Райкүл. Каймактан шаардыктардын ичи өтөт. Ашказаны көнгөн эмес… Сага эмне? Каймагың өттүбү? Болду. Эми менин товарым. Эмне кылсам өзүм билем.

Гезит саткан киши. Каап… жана бир стакан куйдуруп калбай. Тазасында. Колдун наны менен жеп алсаң…

Райкүл. Акчаң жок болсо сага ким куюп бермек эле?

Гезит саткан киши. Гезит өткөндө…

Райкүл. Гезитиң өткөнчө качан?! Азыр эл гезит албайт. Андан көрө самопал арак алат. Насвай алат. Кытайдын Юписин алат. Түрктүн сагызын алат… кыргызбайлар.

Гезит саткан киши. Чын эле… Эл бузулду.

Сонун. Ынак каймакка айран кошуп, каратып туруп «поженить» этип отурсаңар… бузулат да!

Райкүл (чакасын аралаштырып). Сметана! Сметана… свежий сметана-а! (Сонун менен Рыспекке) Эмне оозуңарды ачасыңар? Муну базар экономикасы дейт.

Сонун. Талаада эле калсын каймакка айран кошкон экономикаң. (Рыспекке) Бас. Сүтүңдү сат. Эми өлбөдүкпү… ушу жашка келгенче мындай шумдук көргөн жок элем. Тобо-о… Кудай өзүң кечире көр. Тфу-тфу..

Сахна жарык болот. Базардын чет жагында Ит пайда болот. Ал адамдарга жакындап келбейт. Акылдуу көзү менен карап тура берет.

Рыспек. Эже, эже…Тээ тиги итти карасаңыз.

Сонун. Кайсы?

Рыспек. Эртең менен мен нан берген.

Сонун. Нан берип койсоң келет да. Ошон үчүн ит дейт.

Рыспек. Ушуну менен үчүнчү жолу келиши.

Гезит саткан киши. Азыр ит менен бомждун жүрбөгөн жери жок.

Рыспек. Ики… бул башкача ит…

Гезит саткан киши. Эмнеси башкача? Иттей эле ит.

Рыспек. Башка иттерге окшоп шимшилебейт. Көздөрү акылдуу… Биздин да ушундай итибиз бар болчу. Машина коюп кеткен. Ошондо биз ыйлаганбыз.

Сонун. Күчү, күчү… ме, Балтек?!

Гезит саткан киши. Шаардыктар андай ат койбойт. Балтек деп… (күлөт). Өзүңдүн итиңдин аты Балтек го, ээ?! Мал ээсин тартат… Мындай… Өзүңдөй балпайган…

Сонун. Итимдин аты Жолборс болчу.

Гезит саткан киши. Оу-у! Ошондо карышкыр алабы Жолборсуң?

Сонун. Алат.

Гезит саткан киши. Койчу?!

Сонун. Карышкыр албаса да короого бөлөк-бөтөн жан жолотчу эмес.

Гезит саткан киши. Шаардыктар модный аттарды коюшат. Рекс… Бетховен деп. Батышты туурап.

Рыспек (нанынан сындырып). Ме… курсагың ачпы. Күчү, күчү…

Райкүл (каткырат). Ал сенин күчү-күчүңдү түшүнбөйт. Ой, боорум ай! Боорду эзесиңер го? Күчү-күчү деп.

Сонун. Жөн турчу, ай! Итти күчү-күчү дебегенде… эмне… алдыңа кетейин демек беле?!

Райкүл. Менин сулуу кызым… татынакайым… Же мой мальчик-красавчик дейт. Убара болбой эле гой. Нан жебейт. Бул педигрил жеген  неме. Карачы. Жүнү жылтылдап.

Сонун. Грил?! Ай… жана көчөдө сатып жаткан неме… какталган тоокпу? Балээ жегир. Эл нанга жетпей атканда.

Райкүл. Эй, темнота! Пе-ди-грил. Иттин тамагы. Телевизордон рекламасын көргөн жок белең?

Сонун. Кайдагы реклама?!. Жокчулуктун рекламасы болуп, өзүм минтип 18 саат көчөдө отурсам.

Рыспек. Күчү, күчү… Жолборс! (Итке жакындайт. Ит түшүнүп жаткансып башын кыйшайтат.) Жолборс эмессиңби? Киреше. (Ит башын экинчи жагына кыйшайтат.) Киреше эмеспи?

Райкүл. Тигини кара… Э-э-й!  Деревня?!

Сонун. Эмне деревня? Өзүң деревня! Парижден келдиң беле?! Сенин да түбүң деревня. Ушунуку өттү.

Райкүл. Гигиена дегенди билесиңерби? Тамак-аш сатып жатып… Санэпидстанция билсе баарыбызды кубалайт.

Гезит саткан киши. Раянын айтканы туура. Көчөдө туруп нан сатса… анан ит менен ойносо…

Сонун (балага болуша кетет). Бала да эми. Айылда чоңойгон. Мал-жанга жакын. (Бала Райкүлдүн cөзүнө маани бербей Ит менен сүйлөшө берет)

Рыспек. Ия, дос… Сен да көчөгө чыктыңбы? Ачкасыңбы? Курсагың ачпы? Жанагы нанды жедиңби? Сүт ичесиңби… куюп берейин…

Райкүл  (келекелеп). Колбаса алып бер… колбаса…

Рыспек. Сүтүм өтсө алперем.

Гезит саткан киши. Апаңа эмне дейсиң?

Рыспек. Итке бердим дейм.. Айтчы… эмне улам келесиң? Атың ким? Бөрүбасарбы? Муктарбы? Кирешеби? Акжолтойбу? (Ит түшүнгөнсүп куйругун шыйпаңдатат.) Ыя? Акжолтойбу? Ээң, кайда, Акжолтой?

Гезит саткан киши. Ии… деле түшүнүп койгонсуп? Ээң, кайда? – деп. Үйүң кайда дебейсиңби?

Рыспек. Ава, иттин үйү болбойт. Ээси болот. Ээси болсо, анан үйү болот. Жолбун эмес бул.

Рыспек. Кимдин итисиң?

Райкүл. Ха! Чоң шаарда… Кимди тааныйт элең?!

Рыспек. Жөн эле айттым…

Сонун. Койсоңчу…Бала да…

Гезит саткан киши. Жолбун?! (Чөнтөгүнөн кичинекей блокнотко алып чыгып жазат.)

Сонун. Дагы жазып кирдиңби?

Гезит саткан киши. Жолбун… бул эмне дегенди билдирет?

Сонун. Ээси жок, талаалап жүргөн итти жолбун дешет..

Рыспек. Мойнунда каргысы бар экен. Бул ээси бар ит. Аба, эмнеге жаза бересиз?

Гезит саткан киши. Кыргыз болоюн деп жатпаймынбы.

Рыспек (ишенбей карайт). Кыргыз эмессизби?

Гезит саткан киши. Кыргызмын. Таптаза кыргызмын. Тилим кыргыз болбой жатпайбы! Кээде чулдурап кетем.

Рыспек. Аа… (Итке алаксып кетет.)

Гезит саткан киши. Бышыгын. Кара… баарын билет.

Сонун. Айылдын баласы.

Гезит саткан киши. Тили таттуу.

Сонун. Тили таттуу деп кичине баланы айтат.

Гезит саткан киши. Таза дегеним. Сүйлөтө бергим келет. Өмүрү укпаган канча сөздү жазып алдым.

Сонун. Апасы окумал киши окшойт. Өзү да кызыкдар.

Гезит саткан киши. Окубай калганы жаман болуптур.

Сонун. Ооба. Тетик ананайын. Элпек дагы.

Гезит саткан киши. Кандай… эмне дечү эле мындай балдарды? Тапан.

Сонун. Тапандыгы жок эле баладай эле бала. (Ит көрүнбөй калат. Рыспек келет.)

Гезит саткан киши. Бир нан алайын. Акча түшкөндө берем.

Рыспек. Алыңыз. Өтпөгөн гезиттериңизден бериңиз, ээ?! Апама алпарып берем. Колу бошогондо окуганды жакшы көрөт.

Сонун. Итке алаксыбай айран-сүтүңдү сат. Берген наныңды жедиби?

Рыспек. Көтөрүп кетти.

Сонун. Ээсин кантип табасың?

Рыспек. Үйүнө чейин артынан аңдып ээрчип жүрүп отурам. (Ит кайра келет. Куйругун шыйпаңдатып Рыспекти карайт.)

Рыспек. Кетип баратпадың беле? Эмне кылчактайсың? Ыя?! Ээ, кайда Акжолтой?!

Артынан басат. Ит жөнөйт. Бала бир сынык нанын кармап кошо чыгат. Ит менен бала көрүнбөй калат. Райкүл термосун ачып стаканга чай куят.

Гезит саткан киши (башын чайкап). Акжолтой кылып алды. Балким Албарстыдыр…

Сонун. Албарсты деп ат коймок беле? Шаардыктар эле койбосоңор. Тим гой. Ойной берсин. Атасынан эле эмес, балалыгынан эрте ажыраган бала.

Райкүл. Бир итти анча эмне сөз кылдыңар? Эмне ит көрбөй жүрдүңөр беле? Нашли тему для разговора. Эй, подружка. Кел чай ич.

Сонун. Ыракмат. Иче бер өзүң.

Райкүл. Таарынып калдыңбы? (Стаканга чай куюп келет.) Бу жашоо баарыбызды жинди кыла турган болду. Кел. Андан көрө ысык чай ичели. Баары бир соода жок.

Сонун. Саттың го шыпылдатып.

Райкүл. Саттым. Алам десе сатам да. Менден алба, тигиге бар демек белем.

Сонун. Ооба десең. (Стаканды алат.)

Гезит саткан киши. Элдештиңерби? Келе мага да чайыңдан.

Райкүл. Уруштук беле?

Гезит саткан киши. Бая бакылдашып жаткандай болдуңар беле?

Райкүл. Аа… аны… Утренный разминка дейт. (Каткырат.)

Базардагылар кобурашып эки аял чай ичип жатат. Биринчи планда аванссценада Ит менен Рыспек. Ит алдыда. Рыспек токтосо токтоп калат. Рыспек басса басат. Рыспек артына кайрылса Ит токтоп, отура калат. Акырын үрүп коет. Рыспектин  артынан ээрчийт. Рыспек аны көрүп кайрылат.

Рыспек. Эмне шыйпаңдайсың? Сени менен барайынбы? (Ит алдыга түшөт. Рыспек артынан чуркап көрүнбөй калат. Кайрадан базарча. Гезит саткан киши жаңы гезитти барактап, бир кулагы беркилердин сөзүндө.)

Райкүл. Тиги бездельник  итти ээрчип кеттиби? Сүтүн ким сатат? Пушкинби?

Сонун. Мен сатып коем. Бала да. Муну менен тең балдар мектепте топ кубалап жүрөт. Жанагы атасы киши өңдүү болгондо…

Райкүл. Атасы эмне болуптур?

Сонун. Сен уга элек белең?

Райкүл. Кызыккан деле эмесмин.

Сонун. Мындан 3-4 жыл мурун Россияга кетиптир. Акча табам, силерди багам деп.

Райкүл. Ии… акча тааптырбы анан?

Сонун. Акча таппай эле бир катын таап… тийип алыптыр.

Райкүл. Да ты что?! Байкуш балдарды тирүүлөй жетим кылып.

Сонун. Мөлтүрөгөн үч эркек бала, ай! Үч эркек! Булар эртең эле киши болот. Ушуларды таштап бир катындын койнуна «лып» кирип кетиптир. Акчасына кызыгып.

Райкүл. Акма-ак. Бирок азыр таңгалып деле кереги жок болуп калды. Эрге тийип алыптыр, аял алып алыптыр деген сөз көбөйдү.

Сонун. Ага караганда менин жаман эрим төөлүк өйдө. Ичкени эле болбосо.

Гезит саткан киши. Баары бир жакшы көрөт окшойсуң ээ?

Сонун. Жакшы көргөндө, жаман көргөндө эмне?! Балдарымдын атасы. Ичпесе андан алтын киши жок. Момун. Ичип алса бүттү. Андан өткөн зөөкүр жок.

Гезит саткан киши. Дарылатып көрбөйт белең?

Сонун. Дарылатып да көрдүк. Бир жолу аз жерден өлүп кала жаздады. Адам өзү кекиртегин тыйбаса, баары бир болбойт экен. Жарым жыл жакшы жүрүп эле баягы таз кейпи. Айылда арак саткандар да көбөйгөнү буларга майрам болду. Таң атпай ыктытып үч кошкондо турушат. Бирдеме үмүтөтүп. Ичкенден башка иш жок айылда. Анан табыла бергенин кантесиң буларга. Дүкөндөн карызга кесме сурасаң бербейт. Арак берет. Үйдө пенсия алган киши болсо жан деп беришет.

Райкүл. Эмне? Пенсия алабы?

Сонун. Байлап койгон пенсиябы? Кайненемдин пенсиясынан кармап калат. Кечке ичип кечинде келип бизге кыргыйдай тиет. Карасам… атаң алкаш дегенди угуп, балдарым да чүнчүп баратат. Уруша кетишкенде айтат экен да балдар. Кой дедим. Шаарды билем. Азбы-көппү 3 жыл окугам. Эл көргөндү көрөрмүн деп баса бердим. Мына келгени ушу жерде отурам. Дагы канча отурар экенбиз ушинтип… көз кор болуп…

Гезит саткан киши. «Көз кор?» Ал эмне?

Сонун. Эртеден кечке бирдеме алар бекен деп ары өткөн – бери өткөндөрдөн көзүбүз өтүп отурбайбызбы жалдырап.

Гезит саткан киши. Аа… Көз кор… укпаптырмын. (Блокнот алып чыгып жазып алат.)

Сонун. Орус мектепте окусаң кайдан укмак элең. (Пауза)

Райкүл. Кызым переходной возраста. Жалгыз таштап кете албайм. Болбосо бул жерде бир күн отурмак эмесмин.

Гезит саткан киши. Кайда барат элең? Америкагабы?

Райкүл. Америка болбосо да… Россияга.

Гезит саткан киши. Оо, Россия, Россия бир боор энем!

Мен өңдүү тоо кушуна… то есть мигрантка койнуң кенен!-деппи?!

(Күлүшөт. Айла жоктун күлкүсү.)

Райкүл. Новосибирскиге. Подружкам чакырып жатат. Биринчилерден болуп кеткен. Азыр бутуна туруп алды.

Сонун. Балдарым окуйт. Бирөөнүн кепесинде батирде турам. Болбосо… бирин-серин мал-салды сатып мен да кетмекмин. Быяктан алпарган товар жакшы өтөт дешти.

Гезит саткан киши. Сен дагыбы?

Сонун. Биздин айылдын жарымы кетти. Жарымы Бишкекке келди. Кемпир-чал эле калды айылда.

Гезит саткан киши. Сен дагы Новосибиргеби?

Сонун. Ооба. Бир тууган сиңдим бар. Балдарыңды апама калтырып кел деп атат. Мен калтыра албайм. Апам сиңдимдин, инимдин балдарын карайт. Апама убал. Бизди чоңойткону аз келгенсип… Карыганда неберелерин багып жатат. Ар баланын кыялы бар дегендей. Анын үстүнө… бир айылда турабыз. Тиги ата сөрөй мас болгон сайын барып алып кетем деп турса… Балдарым да, апам да кыжаалат болот. Ошону көрбөсүн деп эки баламды жетелеп шаарга баса бердим. Буюрганы болор.

Гезит саткан киши. Анан экөөң ошол жакта да орун талашып урушмаксыңар.

Райкүл. Койчу, ай!

Гезит саткан киши. А жерде «Понаехали!» деп силерди айтмак. Анан отурасыңар… көз… (Сонунга) эмне эле?

Сонун. Көз кор.

Гезит саткан киши. Үшүп-шишип «Ой, мороз, мороз! Не мороз меня» деп… Чоң чокой менен фуфайканы кийип алып. Ал жакта эмне… көз кор болбойсуңарбы? Силерди эле качан келет деп күтүп турушат дейт.

Райкүл (үмүтсүз). Да-а… Хорошо там, где нас нет.

(Энтиккен Бала чуркап келет. Ал Сонундун кулагына тигилерге угузбай шыбырайт.)

Сонун. Ыя?!. Эмне дейсиң? (Беркилер элейип карап калат. Бала эңкейип кайра шыбырайт.)

Гезит саткан киши. Эмне? Эмне болду?

Райкүл. Эмне болуптур?

Сонун. Бир киши өлүп жатат дейт.

Гезит саткан киши. Кайда?

Рыспек. Короосунда.

Пауза

Райкүл. Арактан ичкен да.

Сонун. Эмне дароо эле арактан көрөсүң?

Бири-бирин карайт.

Райкүл. Анан эмнеден өлмөк эле?

Гезит саткан киши (Сонунга). Барайын деп турасыңбы?

Сонун. Ии…

Райкүл. Эмне кыласың балээни башыңа үйүп…

Сонун. Анан эмне? Адам го…

Райкүл. Милицияда суралып жүргүң келип жатабы?

Сонун. Чын эле… Анысы да бар. (Отуруп калат.)

Райкүл. Үйүндө эч ким жок бекен?

Рыспек. Жок окшойт.

Райкүл. Сени эч ким көргөн жокпу?

Рыспек. Билбейм.

Гезит саткан киши. Бир балээге учурабасаң болду.

Сонун. Капырай. Угуп туруп кантип барбай коебуз.

Райкүл. Кошуна-колоңу көрөр…

Сонун. Кой, ай… Элдигибиз кайсы? Мынабу кенедей балача жокпузбу? (Столун жапмак болот.)

Гезит саткан киши. Ачык эле кой. Мен көз салып коем. Буюрганы өтөт.

Рыспек. Сүт сураса… (тиги экөөнү суроолу карайт.)

Райкүл. Сатып коебуз. Сатып коебуз.

Рыспек. Ыракмат.

Сонун. (Гезит саткан кишиге.) Жүрбөйсүңбү? Эркек танасың го?! Барып көрөлү. Анан милиция чакыралы. Сасып кеткиче таштап коебузбу?! Укпасак болот эле…

Өлүү тынчтык. Бирин-бири карашат. Гезит саткан киши гезиттерин илимиш болуп жооп бербейт. Сахна караңгылайт. Экөө чыгышат. Сахна айланат. Аял менен бала жүгүрүп келатат.

Рыспек. Мен итти ээрчип жүрүп отурдум. Улам кылчайып карап коет. Мен токтосом токтоп калат.

Сонун. Анан?

Рыспек. Анан бир үйдүн дарбазасынын алдынан шып этип кирип кетти. Шыкаалап карасам бир киши өлүп жатат. 

Сонун. Кантип билдиң өлүп жатканын?

Рыспек. Акырын түртсөм дарбаза ачык экен. Өлүп эле калган окшойт эжеке. Кайра чыгып сизге чуркадым.

Сонун. Алыспы?

Рыспек. Жакын эле. Туюк көчөдө.

Сонун. Киши жок бекен?

Рыспек. Билбейм анысын. Эч ким көрүнгөн жок. Ит барып жанына чокчоюп отуруп калды. Тиги кишини жыттап, жыттап… мени карап үрүп коет байкуш. Мына. Келдик. (Бала дарбазаны ачат.)

Экинчи бөлүм

Экинчи көрүнүш

Бектурдун үйү. Арткы планда чоң үйдүн дубалынын бир жак капталы, кире бериштеги тепкич, эшик гана көрүнөт. Жакшы салынган үй. Короонун экинчи тарабында дарбазага чукул салынган времянка. Анын маңдайында иттин күркөсү. Аял эки жакты абайлап карайт. Времянканын алдында өлгөн адамдай бирөө сулк жатат. Тегереги суунун, пивонун, арактын бөтөлкөсүнө толуп кеткен. Төрт буту асманды караган эки отургуч. Шнуру узартылып терезеден сыртка алып чыккан телефон. Тигилерди көрүп Ит куйругун шыйпаңдатып, борс-борс үрүп коюп күркөсүн көздөй басат. Аял акырын келип тиги кишини карайт. Тизелеп отуруп эки манжасын мойнуна басат бир топко, анан эңкейип дем алганын тыңшайт да, дароо башын чулгуп тартып алат.

Рыспек. Эмне болуптур эже? Өлүп калыптырбы?

Сонун. Тамыры араң согот. Чурка. Чуркап барып арак апкел.

Рыспек. Макул. (Чуркап чыгып баратып). Мага бербейт да.

Сонун. Гезитчи кишиге айт. Арак алып келе калсын. Тез. Болбосо өлүп калат.

Рыспек. Макул.

Чуркап чыгып кетет. Артынан Ит кошо кетет. Сонун тиги кишини эптеп оңдоп жаткырат. Башына бакта илинип турган эски куртканы коет.

Сонун. Шоруң каткыр. Атаңдын акысы бар немече эмне ичтиң экен?!. (Тиги кишина жаакка чапкылап) Эй, эй! Угуп жатасыңбы? Жаагы карышып калган тура… (Тыңшап) Энекеба-а-й… кырылдап атабы? (Телефонду тыңшайт. Телефон иштебейт.) Ай, байкеси… сен мени угуп жатасыңбы? Чыда байкеси… азыр… жаныңды алып калабыз. (Тигинин колун ушалайт.) Өлбө байкеси… Үй-жайына… кебетесине караганда дурус эле неме көрүнөт. Эмне деп жатам?!. Арак жакшы-жаманды ылгап коюптурбу? Оңбогон жинди суу. Канча үй-бүлөнү буздуң? Канча бала атасыз чоңоюп жатат…

(Сырттан энтеңдеп Гезит саткан киши менен Рыспек, анын артынан Ит келет.)

Гезит саткан киши. Тирүү бекен?

Сонун. Тирүү.

Гезит саткан киши. Кантип билдиң?

Сонун. Кыркка чыкканча бок жеп жүрүптүрмүнбү? Же өмүр бою базарда отурду дейсиңби?. Куураган куу турмуш кыстабаса… ак халат кийип айылдык ФАПта медсестра болуп отура бермекмин.

Гезит саткан киши. Эмне болуптур?

Сонун. Эмне болмок эле. Тилден калганча ичкен да…

Гезит саткан киши. Ай ата-а… кытайдын спиртинен кырыла турган болдук.

Сонун. Апкелдиңби? Оозу карышып калыптыр. Эптеп кичине ичирели. Антпесе өлүп калат. (Рыспекке) Кашык тапчы.

Гезит саткан киши арактын оозун ачат. Рыспек ичкери кирип кашык алып чыгат. Гезит саткан киши карылуу колдору менен тигини жаакка чапкылап, оозун ачып акырын арактан кашыктап куюшат.

Гезит саткан киши. Жут ары, жут. Угуп жатасыңбы тууган?!

Сонун. Менин эрим да ушинтип өлүп кала жаздаган. Анда арак бере коюш керек экенин кайдан билейин. Бир кошунам кирип калып сактап калган.

Гезит саткан киши. Күйөөң башынан эле иччү беле?

Сонун. Эл катары эле иччү. Кийин катуу берилип кетти.

Гезит саткан киши. Дагы бир кашык. Жарымы агып калды.

Сонун. Мынакей.

Гезит саткан киши. Ай, тууган… Кел, ач оозуңду… Жут, жутуп жибер. Жут деп жатам! Жашагың келеби?! (Үнү катаал чыгат. Аны угуп Ит ырылдагандай үн чыгарат.) Кара итин… Ырылдап коет. Билсең сенин кожоюнуңду ажалдан арачалап жатабыз.

Рыспек. Эмнеге тез жардам чакырбайсыңар? Эмнеге арак берип жатасыңар?

Гезит саткан киши. Бул оорунун дарысы ушул. Антпесе өлүп калат. Доктурду анан чакырабыз. (Сонунга) Мен оозун ачайын. Сен кичинеден кашык менен куй. Жутту азыр. Ии… азамат… азамат… Жан деген ушундай таттуу болот.

(Бектур какап-чакайт. Башын көтөргөнгө аракет кылат. Булдуруктап бирдеме дейт. Турмак болот.)

Мына, мына… Кайда барасың туруп? Жат, тууган. Кел, 100 грамм ичип жибер. Анан доктур чакырабыз. (Бектурду эптеп ичиришет. Бети сүрүлгөн. Кызгылтым так бар. Окшуйт. Гезит саткан киши оозун жаап кармап турат.) Куспа. Куспа тууган. Бир аздан кийин өзүңө келип каласың. (Оңдоп жаткырат.) Үстүнө жапканга бирдеме тапчы. (Ары жактан одеал таап жабышат.)

Рыспек. Доктур чакыралыбы?

Гезит саткан киши. Доктур чакырган менен албайт муну. Оңбогондой акча. Аны ким төлөйт?

Сонун. Ооба десең…

Рыспек. Эмнеге төлөш керек?

Гезит саткан киши. Муну наркологияга алпарыш керек. Аракечтерди дарылаган жерге. (Бектур бүрүшүп жатып бирдеме дейт.) Эмне дейсиң? Эмне? Барбайм?! Барбасаң жат. Сени эле күтүп турат дейсиңби а жерде? Толо сендейлер…

Сонун. Мастын көкүрөгү соо деген чын ай! Тобоо… түшүнүп жатканын кара… (Жакасын кармап өйдө карап катып калат. Чарпаянын устунуна байланган жипти көрөт.) Ай!..

Гезит саткан киши. Эмне? Жылан көрдүңбү?

Сонун. Карачы!

Гезит саткан киши. Эмне? (Устунга байланган сыйыртмакты көрөт.) Туй ата… аракка тойсо деле, аялы кетсе деле, ачка калса деле асынып өлгөндөр көбөйдү… Кудай колдоптур да муну. (Тоголонуп жаткан отургучтарды оңдоп) Мас неме боюн токтото албай асынам деп жатып кулап кетсе керек… Ажалы жок экен… (Сонунга) Эмне кылабыз?!. (Жипти кесмек болот.)

Сонун. Сыйыртмакты кеспейт. Анты болот дешет. Айылдан ушинтип бирөө үйүнө тынчтык бербей чаң салып, аялы кетип калса бастырманын астына барып асынып калат. Ошол учурда кошунасы балта сураппы… күрөк сураппы айтор көрүп калып, кошуна-колоңду чакырып куткарып калган. Ошондо сыйыртмактын анты болот, кайра кайталабасын деп бир корозду кармап асып жиберишкенин көргөм.

Гезит саткан киши. Кызык ырым экен. Корозду кайдан табабыз? Кебетесине караганда короз эмес, бул үйдө таракан да жок окшойт.

Сонун. Көргөнүмдү айттым. Чечип салуу керек.

Гезит саткан киши. Кандай кылабыз? Милиция чакыралыбы?

Сонун. Эмнеге чакырмак элек? Чатак салып жатпаса?

Гезит саткан киши. Эмне болгонун билбейбиз да? Бети-башы айрык. Балким бирөөлөр кирип сабап кеткендир?! Эртең жооп берип калбайбызбы? Мени ушулар сабады… тоноду деп догурунсачы?!.

Сонун. Ээк, койчу… Кудай сактасын. Соолугар.

Гезит саткан киши. Бул бойдон таштап кеткенге болбойт. Мен калайын. Соолугуп дагы бир балээ болуп жүрбөсүн. Силер бара бергиле. (Рыспекке ачкычын берип) Гезит өтсө өтөр. Кетериңде жаап ачкычын үйгө берип кой. Билесиң да.

Рыспек. Билем. (Бектурду аяй карайт.) Өлүп калбайбы?

Гезит саткан киши. Өлбөйт. (Сонунга) Үйүндө суу бардыр. Чай-пай кайнатып берем. Сен айткандай элбиз го. Чынымды айтсам криминалга аралашкым келген эмес. Бара бергиле. (Сонун менен Рыспек чыгат. Ит куйругун шыйпаңдатып тигилерди ээрчийт. Итке) Сен кайда? Бар… барып нан апкелип бер кожоюнуңа. (Ит түшүнгөндөй үн чыгарат.)

Рыспек. Мен апкеле коеюнбу? Айран апкелип берем байке. Нан дагы. Сообу тиет деген апам. Өтпөгөн гезиттерди берсеңиз болду. Кроссворду бар.

Гезит саткан киши. Макул, макул.

(Сонун менен Рыспек кетет. Гезит саткан киши Бектурду тыңшайт. Отургучка чыгып жипти чечет.) Башыңа эмне күч келди экен шордуу?!. Мастыктанбы… Же… (Ары-бери басып короону байкаштырат. Эки бактын ортосуна тартылган торду (гомакты) көрөт. Бектурду карап.)

-Романтик окшойсуң ээ, тууган?!

Гомактын бекемдигин текшерип көрүп, чыгып жатат. Кошуна үйдөгү радиодон кандайдыр бир ойго салган ыр угулуп жатат. Ит эки алдыңкы бутуна башын коюп Бектурду карап жатат.

Үчүнчү көрүнүш

Сахна караңгы. Түн. Бир убакта Бектур онтоп оодарылып, эптеп туруп башын мыкчып отурат. Анан теңселип туруп дубалдын боорунан бир нерсе сыйпалап издейт. Гезит саткан киши гомактан түшүп, Бектурду кармап калат.

Гезит саткан киши. Сен кайда?

Бектур. Тыякка.

Гезит саткан киши. Аа… Эмне издеп атасың?

Бектур. Свет…

Гезит саткан киши. Аа… азыр.

Сыйпалап өчүргүчтү таап күйгүзөт. Сахна жарык болот. Бектур дубалды кармап чыгат. Гезит саткан киши электр чайнекке чай коет. Онтолоп Бектур келет. Башын мыкчып отурат. Суу издейт.

-Ме, тууган, муну ич. Чалап.

Бектур. Чалап?! Аа…

Гезит саткан киши. Ичип жибер. Жеңилдеп каласың. (Бектур аптыгып ичет.)

Бектур. Ракмат.

Гезит саткан киши. Кичине өзүңө келдиңби?

Бектур (башын көтөрбөй ыңгайсызданат). Ии… Көзүм ачыла түштү… Сиз… сиз кайдан? Үйдү көргөнү келдиңиз беле?

Гезит саткан киши. Кайсы үйдү?

Бектур. Тиги. Чоң үй… сатылат.

Гезит саткан киши. Жок. (Чай демдеп жатып) Сени көргөнү келдик тууган. Сени.

Бектур. Мени?! Аа… (эстей албай) Эмнеге мени? Башым иштебей атат.

Гезит саткан киши. Аялдамада күркөдө гезит сатам. Базарчада. Рыспек деген бала бар. Сүт саткан. Ошол «күчүгү болсо сурап алам» деп итиңди ээрчип келип сени көрүп… анан биз келдик. (Ит өзү жөнүндө сөз болуп жатканын түшүнгөндөй борс-борс деп үрүп коет.) Эч нерсе эсиңде жокпу?

Бектур. Бир аз, бир аз…

Гезит саткан киши.  Кел, ысык чайдан ич?

Бектур. Жок. Эч нерсе барбайт.

Гезит саткан киши. Аз жерден калдың тууган.

Бектур (башын көтөрбөй). Кечириңиз.

Гезит саткан киши. Тең эле көрүнөбүз. Сен эле дей бер.

Бектур. Мен сүрөтчүмүн. Аты-жыты бар дегендей… Бектур… фамилям… фамилямды айтпай эле коеюнчу. Ушу кебетем менен… бетим чымырап атат…

Гезит саткан киши. Бет чымырап атса… уят жоголо элек анда… чыйрыккан жоксуңбу? Ысык чай ичесиңби?

Бектур. Ыракмат. Чалап сонун экен.

Гезит саткан киши. Кечинде сүт саткан бала айран апкелип берип кеткен. (Асманды карап.) Таң дагы атып калды.

Бектур. Сиз таң атканча бу жерде болдуңузбу?

Гезит саткан киши. Ооба. Жалгыз таштай алган жокпуз.

Бектур. Мени бир бөтөлкөнүн түбүнө түшкөн ичкич деп ойлоп атасыз го?! Мына бу жин ургандай жулунган заманга даяр эмес экемин. Айрыкча чыгармачыл адамдар эмне кылышты билбей карайлап калдык… Мен эле эмес. Көбүбүз. Же сен андай болгон жоксуңбу?

Гезит саткан киши. Баарыбыз эле ошондой болдук. Бу заман эсибизди эңгиретип койбодубу. Айрыкча орто жаштагылар дайныбызды таппай калдык. Же кары эмес, же жаш эмес…

Ушу маалда Сонун менен Рыспек кирип келет. Рыспекти көрүп Ит шыйпаңдап анын жанына барат.

Сонун. Кандайсыңар?

Гезит саткан киши. Жакшы.

Сонун. Балдарга жасаган тамактан кичине куюп келдим. Шорпо. Ысык. Ичип алсын. (Бектурду карабайт. Бектур да башын жерге салып унчукпайт.)

Рыспек. Салам алейкум. (Рыспек экөө менен тең кол алышып учурашат.)

Гезит саткан киши. Алеки салам.

Рыспек. Апам ала бар, сүт жакшы болот деди. (Бир бөтөлкө сүт коет. Рыспек Итти сылап.) Итиңиз акылдуу экен байке.

Гезит саткан киши. Итти ээрчип келип сени көрүп, бир киши өлүп жатат деп дүрбөткөн ушул бала. Рыспек.

Бектур (башын көтөрбөстөн). Ыракмат силерге…

Сонун. Бир нерсе айтканда-дегенде эмне. Дурус эле адам көрүнөсүң… арак кимге жакшылык кылыптыр… Бир ажалдан калыпсың. Ойлон өзүң. Кишинин акылы кишиге акыл болмок беле. Кой, биз басалы. (Гезит саткан кишиге) Ысыгында ичип алгыла. Тиги какылдакка таштап коюп чуркап келдик.

Рыспек. Байке, жаңы гезит келсе эмне кылайын? Сыртына илип коеюнбу? Качан барасыз?

Гезит саткан киши. Барам. Барып калам. (Сонун менен Рыспек кетет.) Кыйын аял тарсылдаган. Кечээ ушул жаныңды алып калды чынында.

Бектур. Жер катуулугунан гана калдым… (Ит аякка сүттөн куюп иттин күркөсүнө алпарып коет.)

Гезит саткан киши. Итиң акылдуу экен чын эле?

Бектур. Үч жыл мурун аялдамадан таап алгам. Көзү жакшы ачыла элек экен. Байкуш энесин издеп улам бирөөнүн бутуна оролот. Бирөө тебет, бирөө түртөт… Боорум ооруп үйгө алып келсем…

Төртүнчү көрүнүш

(Сахна караңгылайт. Бектур ошол күндү эстейт. Дарбазанын жанында Бектур менен Асмат. Текеберлүү сулуу аял.)

Асмат. Алдагы эмне?

Бектур. Күчүк. Аялдамада жүрүптүр байкуш. Ар кимдин бутуна илээшип.

Асмат. Мен да бир коробка алтын таап алган экен десе… жок дегенде доллар… (Чоң үй тарапка кетип баратып күңкүлдөйт.) Итке минген кишиге ит табылат.

Бектур. Бу дагы жакшы төлгө.

Асмат. Ии… ишиң оңолот. Итиң чоңоюп чөп жей баштаса андан да укмуш болот.

(Кобуранып чоң үйгө кирип кетет. Бектур туруп калат. Коробкадагы күчүктү сылап времянканы карай басат.)

Бектур (коробкадагы күчүккө). Эчтеке эмес. Бул жерден сендик орун табылат. Ага көңүл бурбай эле кой. (Жарык өчүп күйөт. Тунжураган Бектурдун оюн Гезит саткан кишинин сөзү бузат.)

Гезит саткан киши. Ушуга жеткендей анча эмне болду, тууган? (Жогор жакты карап ишарат кылып сыйыртмакты эске салат.)

Бектур. Ай!.. (Тунжурай кол шилтейт.) Толтура… Сындым турмуштан. Катуу сындым…

Бешинчи көрүнүш

Сахна караңгылап кайра жарык болот. Бектурдан короосу. Чарпаяда Асмат чаар сумкадан улам бир кийимди сууруп чыгып көрүп, боюна ченеп, күзгүгө каранып жатат. Сырттан Бектур келет. Асмат ага деле көңүл бурбайт.

Бектур. Мунуң эмне?

Асмат. Көрбөй турасыңбы? Кийим.

Бектур. Көрүп жатам го? Кайдагы кийим дегеним.

Асмат. Керимбектин аялы Турцияга барып келиптир. Жакканын ал. Акчасын болгондо бересиң дейт. Анан кошуна-колоң, тааныштарга сунуштап көр деп таштап кетти.

Бектур. Далдалчы бол деппи?

Асмат. Далдалчы болбой эле. Азыр элдин баары эле ушинтип оокат кылып жатпайбы. Же өзүм кошулуп барып келейин десе болбойсуң.

Бектур. Өзүң кайсы акчаң менен барып келесиң?

Асмат. Сен таап бер. Элдин эркектери тияктан-быяктан уруштуруп, бирди эки кылып таап берет экен.

Бектур. Кайдан табам?

Асмат. Карыз сура.

Бектур. Ким берет мага? Иштеген ишим болбосо же байлыгым болбосо…

Асмат. Баса, айткан ишиң эмне болду? Башталчудайбы?

Бектур. Акча түшө элек экен.

Асмат. Деги түшчү акчабы?

Бектур. Чогулушта трибунадан айткан.

Асмат. Трибунадан айтылгандын баары чын болсо… жашоо май көл-сүт көл болмок эбак эле. Отура бер анда ушинтип.

Бектур. Отурбаганда эмне кылайын?

Асмат. Сатпайсыңбы мынабу жерди? Эмнеге кармап отурасың?

Бектур. Эмнеге сатам? Ушу алакандай жер эле көзүңө көрүнүп калдыбы?

Асмат. Көрөм. Сени эстеп келерин бир кудай билет.

Бектур (жини келет). Келбесе да сатпайм. Акыры келет. Азыр түшүнбөсө кийин түшүнөт. Турмуш эмне экенин… (Папкасынан гезитке оролгон кичинекей бирдеме алып чыгып, иттин күркөсүн карай басат.)

Асмат. Ал эмне? (Колунан жулуп алат.)

Бектур. Колбаса… ливерный…

Асмат. Бизге жок. Итиңе бар. Апкел. Мен жейм.

Бектур. Кантет?! Иттен тамак талашып… Сен качан ливерный жечү элең?

Асмат. Итиңди кудай албайт. Кое берсең шимшилеп жүрүп бирдеме таап жейт.

Бектур. Ит деген макулук. Шимшилегенге көнгөн эмес. Көчөгө чыкса ит атарлар атып кетет. Же бирөөлөр уурдап кетет. Иттен тамак талашып итке минип калдыкпы?

Асмат. Итке минбеген эмнебиз калды? Же эмне алтыныбыз агып, күмүшүбүз куюлуп жатабы?

Бектур. Эл көргөн күндү көрүп жатабыз. Өтөт бул күндөр дагы. Топук кылыш керек.

Асмат. Топугуңа тоюп кеттим.

(Дарбазанын коңгуроосу чырылдайт. Бектур дарбазаны ачат. Чубак кирет. Чубактын колунда көрктүү чоң пакет, бир колунда гүл. Бектур абалды сыр бербей ачык маанай менен кабыл алат. Асмат кийимдерди чаар сумкага салып, столдун астына түртүп коет.)

Чубак. Салоомалейкум! Кандайсыз агай?!

Бектур. Алеки салам! Асмат! Асмат… карачы ким келди…

Чубак. Оо, жеңе! Кандайсыз?

Асмат (жасалма жылмайып). Оо, сен кайдан? Жүз доллардай болуп.  Кел… (көрүшөт)

Чубак. Ресейден жеңе! Ресейден. (Гүлдү берет.) Бул сизге.

Асмат. Казакча чалып сүйлөп калгансыңбы? Же казак кызга үйлөндүңбү?

Чубак. Жо-о-к, жеңе! Казактар менен иштешсем казакча, түрктөр менен иштешсем түркчө, орустар менен иштешсем орусча… айтор, турмуш өз корректировкасын киргизип жатат.

Асмат. Казакча үйрөнгөнчө арканды алыс таштап англисче үйрөнбөйсүңбү.

Чубак. Ага да аракет кылып жатабыз.

Бектур (Асматка). Эшиктен кире электе акыл үйрөтпөй кел дебейсиңби?

Асмат. Өзү. Ресейден деп… Куш келипсиң.

Чубак. Атайы агайыма жолугайын… анан сизге да учурашайын деп…

Бектур. Кел, отур.

Асмат (Чубакка). Россия жаккан экен сага. Өзгөрүп кетипсиң.

Чубак. Өзгөргөн деле жокмун. Баягы эле Чубакмын. Кийимим эле өзгөрбөсө.

Асмат. Үйгө киресиңерби? Же…

Чубак. Бу жерге эле отуралы. (Чарпаядагы столду көрсөтөт). Көнүп калган жер. Ушу жерде канча сонун күндөр өттү. Жаңы спектаклдердин эскиздерин талкуулап. Куттуу жер, ээ, агай?!.

Бектур. Унутпаганыңа ыракмат.

(Чубак пакеттен вино, сыр, колбаса, нан, кофе дагы толгон нерсе алып чыгат.)

Чубак. Базарлык жеңе.

Бектур. Ой-ий… Биз унутуп бараткан немелер го, ыя?! (Чубак колун жууганы кетет. Бектур менен Асмат калат.)

Бектур. Чай кой. Же кофе.

Асмат. Кофе түгөнгөнү качан.

Бектур (жини келе). Кофе элеби? Мына. Чубак түрүн апкелген тура. Чылап ичсең да жетет. Кабак-кашыңды оңдоп кичине… Чубак эмне деп ойлоп калат.

Асмат. Эмне деп ойлосо ошо деп ойлосун.

Бектур. Токтот кыялыңды. Бир келген адамга чайыңды жөндөп бер.

(Чубак келет. Ал деле сезет экөөнүн кер-мур айтышканын. Бирок сыр бербейт.)

Чубак. Бу жакка үй сала элек турбайсызбы? Баягы боюнча экен. (Времянканы көрсөтүп) Документтери бүттү беле?

Бектур. Документтери бүткөн. Үй салмак кайдан эми?! СССР менен кошо ал кыял да жок болду.

Асмат. Саталы десем болбойт.

Бектур. Эмнеге сатам? Тура берсин.

Асмат. Бизнес кылабыз. Мен эмес чириген байлардын аялдары Дубайга, Турцияга, Кытайга каттап жатат.

Бектур. Койчу. Алардын акчасы бар. Сен эмнең менен барасың? (Чубакка) Бизнес жасайм деген ооруга чалдыкты жеңең.

Асмат (Чубакка). Үйдүн бул тарабын карачы. Бирөө килейген кафе салып койду. Бул жактагы кошуна да үйүн чоңойтту. Бу жерди сатыңыз десе тырышып бербей койбодубу!

Бектур. Асмат… чай берчи. Жерди кое туруп. Ушу жер эле көзүңө көрүнүп туруп алды. Бизнес колуңдан келбейт сенин.

Чубак. Жерди сатып кереги жок. Башка бирдеме ойлоп табыш керек.

Бектур. Башка эмне? Деги эле ушу бизнес деген сөздү уккум келбейт. «Казды туурап карганын буту сынат» болуп…

Чубак (винону ачып). Келиңиз агай. Жолугушкандыгыбыз үчүн алып коелу.

Бектур. Кел. Аман-эсен жүз көрүшкөнүбүз үчүн. Ии… сүйлөй отур. Кайдасың? Эмне иш кылып жатасың?

Чубак. Россиядамын агай. Бир чоң компанияга көрнөк-жарнак жасаган дизайнер болуп киргем. Азыр менеджермин. Айлык дурус. Үч жыл баш көтөрбөй иштедим. Быйыл кичине эс алайын, эл-журтту көрүп келейин дедим.

Асмат. Айлыгың дурус экени көрүнүп турат. Мода журналынын мукабасынан түшө калгансып…

Чубак. Ракмат жеңе. Менеджер болгондон кийин кардарлар менен иштешебиз. Албетте, үстү-башыңа карайт. Ошондуктан талапка ылайык жүргөнгө туура келет. (Чубакка угузбай эбин таап Асматка шыбырайт.) Сиз деле баягыдай экенсиз. (Бектурга) Агай, аман-эсен көрүшкөнүбүз үчүн.

Бектур. Келгиле. Көрүшкөнүбүз үчүн.

Чубак. Дагы бирден. Биринчиси жалгызсырап калбасын.

Бектур. Аа, мейли. Атасынын гөрү… сен күндө келип аттың беле? Биз күндө ичип аттык беле…

Чубак. Ооба да. Бир чын пейилден сиз менен чер жазып отургум келди.

Асмат. Эмне… бизге да менеджер катары келдиңби?

Чубак. Жок, ай жеңе… (Күлүшөт. Пауза.). А вообше-то… Менеджерлик кылсам деле болчудай. Отпускада эки иштен бир иш. Канткен менен агайымдын эмгеги көп менде.

Асмат. Ии? Ошондо эмне менеджерлик кыласың?

Чубак. Та-а-а-к… эмне? Эмне?

Бектур. Мага эмне менеджерлик кылмак элең. Фирмам болбосо. Компаниям болбосо. Болгону бир кыл калем кармаган сүрөтчүмүн.

Чубак. Во-о! Сүрөтчү… Түз эле айта берейинби, байке?

Бектур (маани бербей күлүп). Айта бер, айта бер…

Чубак. Мастерскоюңузда чаң басып жаткан сүрөттөрүңүз бар ээ?

Бектур. Ооба. Жатат азыр деле.

Чубак. Баягы жылы мен биринчи жолу театрга ишке кирип, сизди ээрчип барып көргөндө көзүм түшкөн.

Асмат. Көзү түшкүчүн айт деле… Ии?

Чубак. Анан бул жерде жеңем жерди сат. Туркия, Кытайга каттап товар ташыйм дегенин угуп бир ой келип жатат..

Асмат. (кызыга түшөт). Эмне ой?

Чубак. Бектур агай… Көргөзмө уюштурбайлыбы?

Бектур. Көргөзмөгө кимди апкелесиң? Азыр элдин көргөзмөгө бара турган шарты жок. Чөнтөгү жука.

Чубак. Эч кимди апкелбейм. Мына сиздин сүрөттөрүңүздү коебуз. Сөз сиз жөнүндө болуп жатат.

Бектур. Аларды ким көрмөк эле?! Мен театр сүрөтчүсүмүн. Ал жөн эле хобби. Жаратылышты жакшы көрөм. Айрыкча Кыргызстандын кооз жерлерин. Портретти болсо дос-тааныштар суранганда кана тартам.

Чубак. Портретти сиздей эч ким тарта албайт. (Асматка). Абышкаңыз гений экенин билбейт, ээ, жеңе?!

Асмат. Байлап койгон генийликпи? Далдыр… апенди  настоящий.

Бектур. (күлөт). Сенин эле уникум болгонуң жетет.

Асмат. Ошо… мен да ошону айтам какшап. Акча жок деп отура бербей тээ тиги Дзержинге барып тартчы. Москвада Арбатта деле отурат го сүрөтчүлөр деп.

Бектур. Бишкек Москва эмес. Дзержинка Арбат эмес. Көп бар ага жеткиче. Эл башкача кабыл алат. Бектурдун жашоосу өтпөй көчөдө сүрөт тартып отуруп калыптыр дейт. Жалгыз эле биз бекенбиз. Элдин баары эле кыйналып жатат.

Асмат. Анда отура берели. Нанга же жолго тыйын таппай. (Чубакка) Сыпайы сырын жашырбайт. Кээде ушундай да болуп калат. Дагы жакшы тандыр нан жапкан кошунадан ала коебуз.

Бектур. (Чубакка). Жеңеңдин айтканы да чын. Канча жолу камданып чыктым. Барып отурайын. Тартайын деп. Анте албай койдум. Дзержинде ары басып, бери басып жүрүп кайра келем.

Чубак. Ушунча байлыгыңар туруп… анан нанга тыйын таппай каласыңарбы?

Бектур. Кайсы байлык?

Чубак. Сиздин мастерскойдогу сүрөттөрчү?!

Бектур. Анын кимге кереги бар?

Чубак. Тарткан сүрөттөрүн бирөө-жарым көрдү беле?

Асмат. Көрсөтпөйт эч кимге. Жыл сайын темселеп ар кайсы регионго барат. Мурун кошо барчумун. Кийин тажадым. Жазын, жайын, күзүн, кышын, итин, кушун тартат. Койчу деги… пайда-батасы жок сүрөттөр…

Чубак. Жо-ок, жеңе! Генийлер жөнөкөй болот. Гений экениңизди билбейсиз да, Бектур байке! Мен билем го тарткан сүрөттөрүңүздү. Кыргыздын кооз жерлери жылдын төрт мезгилинде тартылган. Керемет сүрөттөр. Аны көргөндөр эстен танат!

Бектур. Кой, ээ… апыртпа. Тиги билерман жеңең айткандай байлап койгон генийликпи?

Чубак. Апыртпай эле. Албетте бул жерде эмес. Бул жерде бааланбайт. Колдо бар алтындын баркы жок. Себеби ал кооздукту күндө көрүп, аралап басып жүрүшөт. (Асмат кызыгып көзү жанат.)

Асмат. Ошондо… эмне кылыш керек?

Чубак. Агайдын көргөзмөсүн уюштуруш керек.

Бектур. (моюн толгоп). Ким келмек эле?

Асмат. Кое турчу. Угалы.

Бектур. Укканда эмне… болбогон сөз. Ага зал керек.

Чубак. Залды сүйлөшөбүз. Ижарага алабыз. Ал жагын мага коюңуз.

Асмат. Ижарага төлөгөнгө акча керек.

Чубак. Табабыз.

Асмат. Кайдан?

Чубак. Азыр банктын баары эле насыя берет.

Асмат. Күрөөгө бир нерсе койбосо бербейт. Же Россияда күрөөсү жок береби?

Чубак. Кайдан?! Бербей калсын.

Асмат. Көрдүңбү? Баары барып акчага такалат.

Бектур. Макул насыя алдың дейли. Кайра кантип төлөйбүз.

Чубак. Төлөйбүз. Рекламаны мыкты уюштурабыз. Элчилерди, бизнесмендерди, журналисттерди чакырабыз. Супермаркет, мейманканалар салыныптыр го Бишкекте. Алардын ээлерин чакырабыз. Уюштуруу жагын мага коюңуз. Сатып алгандар да болот. Сөзсүз болот. Болгону сүрөттөрдү кайра бир сыйра карап, рамкасын (багетин) жаңыртып, товардык көрүнүшүн жакшыртыш керек.

Бектур. Рекламага да, сүрөттөрдү жакшыртканга да, рамкасын жаңыртканга да акча керек. Баары акча. Кой, Чубак. Анча сумманы ким бермек эле? Деги… бир нерсе чыгарына ишене албай турам.

Чубак. Эмнеге? Россияда азыр сүрөтчүлөр кудая шүгүр эле тыйын таап калды. Адегенде бул жерге өткөрүп, борбордук ТВлардын кабарчыларын чакырып бир реклама кылып алсак… Кийин чет жакка уюштурсак… каны жерге тамбай кетет. Азыр ресторан, офис, мейманкана деген көп. Байлар жакшы картиналардан кыя өтпөйт.

Бектур. Билбейм… билбейм… бирок…

Чубак. Мына… айттым го? Тобокелчи тоо ашат.

Бектур. Канча болосуң Бишкекте?

Чубак. Убакыт жетет. Бир жарым айча болом. Ошо мезгилде жасай коюш керек. Бул жерде фурор жасасак, анан республикадан сырткары өткөргөнгө аракет кылабыз. Мисалы, казактарда байлар көп. Ал жакта тааныштар кудая шүгүр.

Асмат. Ресейден таанышканбы?

Чубак. Ии, Ресейден таанышкан. Уюштурганга бир ай кенен жетет. Көргөзмө өтчү жерди таап сүйлөшүп, эртең эле ишти баштаса болот. Сиз эртеңден баштап мастерскойдон чыкпай чыгармачылык жагын бүтүрүңүз. Биз жеңем экөөбүз бу жагын…

Бектур. Бирок акча табыш кыйын го?

Асмат. Насыя алса болот деп жатпайбы? Мурун ушул ой эмнеге келбеди экен?

Бектур. Күрөөгө өзүңдү коесуңбу?

Асмат. Мобу жерди.

Бектур. Эч качан! Бу жер кимдики экенин билесиң… (Асмат отуруп калат. Бир аздан кийин жандана түшөт.)

Асмат. Үйдү коелу. Иш жакшы болуп кетсе кутулабыз.

Бектур. (кабатыр). Жакшы болбой калсачы…

Чубак. Ал жагын өзүңөрчө ойлонуп көргүлө. Көрөсүз го, сюжеттүү, тематикалуу, кыргыз жеринин жаратылышынын кооздугун чагылдырган сонун көргөзмө болот. Мейли. Мен басайын. Агай, кана эмесе, жакшы иштин башталышы үчүн бирден алып коелу.

Бектур. Ишене албай турам. Ойлонуш керек.

Асмат. Деги сен өлсөң ишенбейсиң. Акылдуу ойлонгончо, акмак алты катын алыптыр…

Чубак. (калп каткырып). Ушундай ачык тарс бир айткан жеңем бар да. Келиңиз. Алып жиберели.  Баш оорутуп ойлоно турган деле эч нерсе жок. Жөн эле жасап койсо боло турган нерсе. (Алышат. Чыгат. Бектур менен Асмат узатып коет.)

Бектур. Өтө эле шуулдак. Колдон суурулуп…

Асмат. Шуулдабай эле тың. Карачы, баягы сени ээрчип жүргөн Чубак жок. Эмне кылалы? Банктан насыя алалыбы?

Бектур. Билбейм. Кантип төлөйбүз?

Асмат. Ал дагы болбойт! Бул дагы болбойт! Бир нерсе кылыш керек да отура бербей?!. (Столдун астындагы сумканы сууруп чыгып) Жада калса мынабу көйнөктөн бирди алып кие албайм. Оозуна салып берип атса да ойлонот. Театрың иштебейт. Спектакль коюлбайт. Сен баягы Бектур эмессиң. Эй!.. азыр сени тиги итиң экөөбүздөн башка эч ким тааныбайт. Көргөзмөң өтсө жаманбы? Чоңдор… эл келип көрсө жаманбы? Гезиттер жазса, телевидение тартса жаманбы?! Сатылса жаманбы? Анда эмнеге тарттың?!

Пауза

Бектур. Өзүң билчи. Алсаң ал. Бирок мен банкта жүрө албайм. Айтып коеюн.

Асмат. Апей. Сенин макулдугуң керек болот.

Бектур. Кол элеби? Кол коюп берем…

 (Жарык өчөт.)

Алтынчы көрүнүш

Чарпаяда Асмат столго тамак коюп жатат. Бектур ит аякка тамак салып Итин эркелетет. Ит шыйпаңдап бою менен тик тура калып эркелейт.

Бектур. Зериктиңби? Болду, болду. Мен келем. Аз калды. А сен мен жокто короо-жайга көз болуп тур.

Асмат. Итиңди кое туруп, кел… тамак муздап кетет. Же аны менен сүйлөшпөсөң кекиртегиңден тамак өтпөйбү.

Бектур. Өтпөйт.  (Колун жууп келип отурат.)

Асмат. Бүтөйүн деп калдыңбы?

Бектур. Буюрса. Бүтөм. Эки-үч күндүк жумуш калды. Анан кургаса эле. Театрдын фойесинде өтсө сонун болмок. Жаман чиркин… киши эмес тура… Ушу театрга канча эмгегим өттү эле?! Бекер бербей эле койсун. Кичине баасын ылдыйлатып берсе болот эле го? Ошол акча деле такыясына тар келмек эмес.

Асмат. Азыр алайын, жулайын деген заман. Үйдөгү оокатты ошо театрга ташуучу эмес белең? Мына. Бюджетке байланыштуу деп акырын сенин ордуңду кыскартып койду. Кишинин баарын өзүңдөй көрөсүң. Кана баалаганы?

Бектур. Атам жарыктык «Токойго кушуң түшпөсүн, жаманга ишиң түшпөсүн» дечү. Кимдин ким экени ушундайда билинет тура. Силердин иш кандай? Кайсы жерге токтодуңар?

Асмат. Чубактын бир таанышы бизнес борбор ачып жатыптыр. Залы да кенен экен. Маданиятты колдоо катарында ошонун ачылышында жардам кылайын деп макул болду. Акчасы да анча кымбат эмес. Кофе-брейки менен.

Бектур. (сүйүнүп). Жакшы болгон тура. Чынымды айтсам кичине үмүт байлап калдым. Жаңы идеялар пайда болуп… Иштегим келип. Болбосо өзүмдөн өзүм чүнчүп жүргөм. Сенин ал жок, бул жок дегениңди укпаш үчүн үйгө да келгим келчү эмес кээде.

Асмат. Үйгө келбей койсоң эле маселе чечилип калмак беле?

Бектур. Баштаарын баштадык. Бирок, киши келеби, келбейби, сүрөт өтөбү, өтпөйбү… маселе ушунда. Жөнү жок чыгым болуп… күйүп кетпесек болду.

Асмат. Аны Чубак чуркап уюштуруп жүрөт. Бир топ жерге кирип чыктым деди. Мына, гезиттерге да реклама чыгып жатат. Акча болсо баары болот тура. Теледе деле сен жөнүндө. Кудай буюрса баары жакшы эле болот.

Бектур. Ошондой эле болсун. Мен кеттим.

Асмат. (баштыкты берет). Тамагың. Маал-маалы менен чай кайнатып ичип турсаң. Же кошо барайынбы?

Бектур. Жок. Барганда эмне кылат элең? Сүрөт тартасыңбы? Быякты бүтүр. (Чыгат. Чыгып баратып итин бир эркелетип кетет.)

Акжолтой! Жакшы кал дос…

(Ит да кошо кеткиси келгенин билдирип үн чыгарып кала берет. Бектур кетет. Асмат  итти карап)

Жаман иттин аты Бөрүбасар. Акжолтой деп… Көкжолтойсуң сен.

(Тап берет. Ит кетенчиктеп күркөсүнө кирет. Асмат кыңылдап дасторконун жыя баштайт. Пауза. Бир аздан кийин дарбаза акырын кагылат. Асмат дарбазаны ачат. Чубак кирет. Колунда вино, торт. Ит жонун дүгдүйтүп арсылдап  үрөт. Асмат менен Чубак кучакташып өбүшүп көрүшөт.)

Асмат (итке). Басчы ай жаагыңды. Тиктегенин каапыр. Бас. Кир ар жакка. (Ит укпай Чубакты карап үрөт.)

Чубак. Көзү жаман. Киргизип салчы ары.

Асмат. Эмне жаман көзүң менен карайсың?

Чубак. Ичиң күйүп жатабы? (Асматтын ийинине колун коюп) Кожейкеңди кызганып жатасыңбы? (Ит жулунуп секирет. Чубак артка жалт берип качат.) Ай! Багалегими үзүп албасын. Киргизип салчы. Тили болсо далайды айтмак бул. Тиги генийге.

Асмат (итке). Кантет?! Бул Чуба-а-а-к. Келип эле жүрбөйбү. Кирчи ары күркөңө. Ит болуп калганы.

Чубак. Уу берип салалыбы?

Асмат. Бектур билип койсочу?!

Чубак. Кантип билмек эле.

Асмат. Жок. Бул ит бизден акылдуу. Баягыда нанга мышьяк кошуп берсем жебей койгон. Акыры өзүм алып Бектурга көргөзбөй таштандыга ыргыткам.

Чубак. А эмнеге мышьяк бердиң эле? Бирөөлөрдү киргизбей койдубу?

Асмат. (кылыктанып). Жок, ай алтышка… Жөн эле бул итти келген күндөн жаман көрөм. Өзү да билет. Сенден башка ким келмек эле?!. (Кучактайт.)

Чубак. Ошентсең. Мен сени биринчи көргөндө эле жакшы көрүп калгам. Бектур агайга асисстент болуп келгенде эле.

Асмат. Байкагам.

Чубак. Ошондо мени жашсынтып… теңсинбей. Бу чалдын этегин кармадың ээ?

Асмат. Чал эмес ай. Ашып кетсе сенден он беш жаш улуу.

Чубак. Сенденчи?

Асмат. Ал экөөбүз тең элебиз.

Чубак. Тең болуп калдыңарбы?

Асмат. Эрди-катын тең болуп калат.

Чубак. Кой, ээ! Ошондо мен сенден улуумун дегиң келип жатабы? Сен керек болсо агайдын баласы менен теңсиң.

Асмат. Териштирип кереги не? (Назик өөп коет.) Андан көрө ишти сүйлөшөлүчү.

Чубак. Сүйлөшкөндө эмне? Реклама кетип жатат. Телевидение, радио, гезит-журналдын баары маалымат берип жатат. Бир топ кишилер келебиз деп макулдугун беришти.

Асмат. Ошолорго киргенде мени кошо ала барсаң болмок.

Чубак. Эмне… мага ишенбей жатасыңбы?!

Асмат. Жок. Кантип ишенбей коеюн. Кимдер келерин так билет элем да. Көргөзмө ачылганда тосуп алганга ыңгайлуу болмок дегеним…

Чубак. Көргөзмө ачылганда жанагы келишкен көйнөгүңдү кийип, италиядан алдырган сөйкө, шакек менен кулонду тагынып, периштедей болуп чалыңдын жанында турасың. Сени көргөндөр эстен танып кантип картинаны сатып алганын билбей калышат.

Асмат. Чал дебечи. (эркелетип чапкан болот.) Элүү жаш эр ортону.

Чубак. Ой-ой… чалына катуу күйүп аткандагысы. Сага караганда тетиги ити катуу күйөт ага. Карачы. Мени жеп жибергенге даяр.

(Итти көрсөтөт. Ит ырылдайт. Экөө шыбырашып кучакташкан бойдон соң үйгө кирип кетет. Айдын толук кези. Ит айды карап улуйт.)

Асмат (терезени ачып). Кара башыңа көрүнгүр. Улуба! (Ит дагы улуйт.) Улуба деп жатам. (Терезени жаап парданы тартып алат. Ушул учурда калдыр-шалдыр дарбаза ачылып, карала-торала болуп энтиккен Бектур келет.)

Бектур. Асмат! Асмат… Өрт! Өрт!

Чоң үйдүн терезесинен жука парданын ары жагынан Асмат менен Чубактын бруденшафт менен стакан кагыштырып ичкени, кучакташып өбүшкөнү көрүнөт. Ит аны карап улуйт. Бектур акыркы сөзүн толук айтпай бүтүрөт.

-А- с –м – а

Бектур сөзүн аягына чыкпайт. Эмне кыларын билбей туттугуп бир аз турат. Пауза. Бектур итине барат. Улуган итин сылап эркелетип жетелеп дарбазадан чыгып кетет.. Жарык өчөт. Кайрадан 2-көрүнүштөгү сахна. Бектур менен Гезит саткан киши. Жарык күйөт.

Жетинчи көрүнүш

Бектур. Ал түнү таң атканча Акжолтой экөөбүз максатсыз шаар аралап каңгып басып жүрдүк. Мурун тигинин тилинен тажаганда мастерскойго ээрчишип кетип калчубуз. Эми баш калка кылган мастерской да жок. Бу кепеге эртеси келдим.

Гезит саткан киши. Бу кепе кимдики?

Бектур. Меники эле. Биринчи аялымдан уулум бар. Жигит болуп калды.

Гезит саткан киши. Жерди сатпайм дегениң ушул тура.

Бектур. Ооба. Көрө калгансып эле жерди саталы деп тура калат. Көп учурда чатак ушул жерден чыга турган. Бул үйдү ишим жүрүп турган кезде сатып алгам. Огороду чоң болчу. Анан жарымын уулума арнап койгом. Аз болсо да күнөөмдү жууюн дегеним го. Ошого арнап үй салып койсомбу дегем. Анан заман аңтар-теңтер болуп отуруп калбадыкпы…

Гезит саткан киши. Мен деле отуруп калгам. Жумуш жок. Үйгө батпайм. Абийиримди жапканы пенсиям дурус. Запастагы офицермин. 18 жыл Ыраакы Чыгышта иштеп келгем. Куру намысты жеңдим да үйдүн жанындагы аялдамадагы иштебей турган гезит саткан күркөнү сатып алып көчөгө чыгып кеттим. Гезит сатымыш болом. А жерге күнүмдүк нанын таап жегени 10-15тей киши чыгат. Тургузбай кубалап аларга милийсалар чоң болот. Милиция өзү жарыбаган айлык менен жүрөт. Тамак алып ичкенди кой, кээде 1-2 баш тамеки сурап тартышат. Анча-мынча тыйын чогултуп берип аларды жолго салам. Кобурашып эл ичинде. Баарынан кызыгы кыргызча так сүйлөп калдым. Түшүнбөгөн сөзүмдү жазып алам. Башта тааныштардан уялчумун. Азыр уялганды унутуп деле койдум. Эмнеге уялам? Ууру кылып жатпасам… Туурабы?

Бектур. Театрда иш жок. Айлык аз. Жаштар жолун таап кетти. Тиги Чубакка окшоп.

Гезит саткан киши. Өрттүн себеби эмне экен?

Бектур. Билбейм. Баары күйүп кеткенден кийип териштиргенден эмне чыкмак эле.

Гезит саткан киши. Жөндөн жөн өрт чыкпайт да.

Бектур. Бир нерсе себеп болгон чыгар. Мен энтеңдеп үйгө келсем… аялым үйдө бирөө менен кыналышып вино ичип турса…

Гезит саткан киши. Тиги шакиртиң эмне дейт?

Бектур. Куйругун түйүп жоголду ал.

Гезит саткан киши. Ушунча жыл өрттөнбөгөн мастерской… анан көргөзмө уюштурам дегенде күйүп кеткени кызык…

Бектур. Ошону айтпайсыңбы!

Гезит саткан киши. Сабыр кыл тууган. Сабырдын түбү сары алтын деген. Канча жылдык эмгегиң…

Бектур (күйүп). Жыйырма жыл! Жыйырма!

Гезит саткан киши. Албетте… жыйырма жылдык эмгегиң күйүп кетсе ичиң ачышат. Бирок, дос… картиналарың күйүп кетсе да кыргыздын жери аман турат го?! Ошол бойдон былк этпей. Кайра башта. Жаңы барактан.

Бектур. Бир чети туура акыл. Бу кепеде тыгылып отура бербей.

Гезит саткан киши. Эртеси келсең аялың бар бекен?

Бектур. Жок. Көрүнбөйт. Үзүлүп түшүп деле ичкен киши эмес элем. Иче баштадым. Канча күн ичтим билбейм. Акча түгөндү. Арак түгөндү. Досторума чалсам… менин үнүмдү угайын деген жан жок. Жүз буруп кетишти. Кайсы бир күнү Асмат келди. Эч нерсе болбогондой… Мени эч нерсе билбейт деп ойлоду окшойт.

Сегизинчи көрүнүш

Бектурдун короосу. Биринчи көрүнүштөгү декорация. Бектур кызуу. Асмат кирет. Ит ырылдап тура калат.

Асмат. Ай… кутуруп кеткен го?! Акжолтой… Акжолтой… (Бектурга) Карма ай, итиңди.

Бектур (бөтөлкөдөн куюп ичет. Асматка далысын салып). Акжолтой болуп калдыбы? Көкжолтой эмеспи?

Асмат. Ичип атасыңбы?

Бектур. Ичип атам.

Асмат. Ич. Мастерскоюң күйгөнчө ичтиң. Өлүп эле калгыр. Ошол картиналар күйгөнчө, сен күйүп кетсең болмок.

Бектур. Жакшы болмок.

Асмат. Жакшы болмок деп коет. Эл эмне деп жатат билесиңби?

Бектур. Эмне десе ошо десин.

Асмат. Бектур өлөөрчө ичип мастерскою өрттөндү… Же үйдөн жок, же көргөзмөдөн жок талаада калды деп жатат.

Бектур. Калппы? Туурасын айтып жатат.

Асмат. Түү! Баягүнү келсем да массың. Токтотпойсуңбу?!

Бектур. Эмнеге токтотом? Токтоткондо эмне өзгөрөт?

Асмат. Соолукчу ай байболгур! Банк карызды төлө деп жатат.

Бектур. Төлө.

Асмат. Төлөбөсөңөр  үйдү алып коебуз дейт.

Бектур. Эң сонун болот. Алсын. Үстөгүнө сени кошуп алсын. Кана… кайсы жерге кол коюп берейин? (Бектур рюмкага арак куят.)

Асмат. Сен чын айтып жатасыңбы?.. Же масың менен…

Бектур. Чыным да масым да ушул.

Асмат. Үй жок анан кайда жашайбыз?

Бектур. Дагы эле мени менен жашай турган оюң барбы? Жашабайм. Бар, альфонсуң менен жашай бер. Үйдү да, сени да, жанагы… баарыңды желкемдин чуңкуру көрсүн. (Рюмканы тартып жиберет.) Максатыңарга жеттиңерби? Болду. Мени жайыма койгула эми. Бар. Кооз жашоону каалачу эмес белең. Бруденшафт ичип, кучакташып өбүшүп жүрө бер. Банкты айтып башымды оорутпа. Үйдү сатасыңбы, өзүңдү сатасыңбы, же… тиги альфонсуң куткарабы… Менин ишим жок.

Асмат. Бектур… Бектур… эмне деп жатасың?

Бектур. Ошо.

Асмат. Бектур…

Дарбазаны ачат. Асмат Бектур баарын көргөнүн түшүнөт. Чыгат. Бектур дарбазаны жаап, ичинен түтөп бир топко турат. Столго келип арактан баса куюп ичет. Бөтөлкөдө арак түгөнөт. Ар кайсы бөтөлкөнүн түбүн куюштурат. Анын аябай мас болуп калганы баскан-турганынан эле байкалып турат.

Бектур. Ушундан көрө…

Темселеп бир нерсе издеп жип таап чыгат. Чоң столду ортого жылдырып аны устунга байлайт. Акжолтой бир жамандыктын болорун сезгендей адегенде үрө баштайт. Анан асманды карап улуйт. Бектур ага көңүл бурбай оюндагысын жасай берет. Акжолтойдун улуп жулунганы күчөйт. Коңшулардын үнү чыга баштайт.

Кошуна эркектин үнү. Улучу эмес эле. Эмне улуп атат? Оо, кошуна! Кошуна…

Кошуна аялдын үнү. Кара башына көрүнсүн. Баягыда ушу ити улуганда устаканасы өрттөнгөн.

Кошуна эркектин үнү. Койчу, кайдагыны айтпай. Ой, кошуна! Алдагы итиңдин жаагын басчы. Жүрөктүн үшүн албай.

Кошуна аялдын үнү. Укпайт. Ичип жүргөн болчу. Дубалга чыгып карасаң.

Кошуна эркектин үнү. Кантип чыгам? Альпинист болсом да. Сен. Короону бийик сал, бийик сал деп атып…

Кошуна аялдын үнү. Ит жөн улубайт. Бир жамандыкты сезет.

Кошуна эркектин үнү. Кудай сактасын. Көзү ачык болбой дарбазасын такылдатчы. (Бир аздан кийин дарбаза тарсылдайт. Бектур укмаксан. Жипти байлайт. Ит улуп жулунуп жатат. Бектур столдон түшүп итине келет. Итинин каргысын чечип алат. Акжолтой секирип эркелейт. Жыттагылайт.)

Кошуна аялдын үнү. Улубай калды. (Кошуналардын үнү угулбай калат.)

Бектур (Акжолтойду кучактап мойнунан сылайт. Эркелетет.) Мен сага жолукканда кичинекей… көзүң да ачыла элек күчүк болчусуң. Ар кимдин бутуна илээшип аялдамада жүрүпсүң. Ким… качан таштап кеткенин билбейм. Батинкенин коробкасына салып үйгө апкелдим. Бирөө жактырган жок. Бирок экөөбүз ынак болдук. Андан бери бир топ жыл өтүптүр. Акжолтой дедим. Акжолтой эле болдуң. Үйдө жамандык болгон жок. Аз болсо да мыкты спектаклдерди жараттым. Бааланбаса дагы. Азыр чыгармачылыкты баалай турган киши калган жок. Замандын ала сапырын болгонуна сен күнөөлүү эмессиң. Биз… адамдар күнөөлүбүз. Сени менен канча жер араладым. Тоого чыксам да, ойдо жүрсөм да жанымда караан болдуң. Сенин сүрөтүңдү канча ирет тарттым… Ал сүрөттөр жок. Күлгө айланды. Бүт эмгегим… кыялым күлгө айланды. Өзүм дагы өрттөнүп күлгө айландым. Эмне кыңшылайсың?.. Мени аяп жатасыңбы?.. Ыйлагың келип турабы?.. Ар ким маңдайына жазганды көрөт. Сен кечир мени. Таарынба. Чоңойдуң. Эми өз күнүңдү көр. Мен ыраазымын сага. Бар… барагой бошсуң.

Итин бошотуп дарбазаны ачат. Акжолтой шыйпаңдап, Бектурду айланчыктап кетпейт. Бектур теңселип отургучту коюп столго чыгат. Акжолтой бир дарбаза тарапка, бир үй тарапка чуркап улуй баштайт. Бектур калтылдап столго чыгып жатат. Кайрадан кошуналардын нааразы болгон үнү.

Кошуна аялдын үнү. Үнүң өч! Үнүң өч!

Ыргытылган таш келип түшөт. Бектур эптеп столго чыгып сыйыртмакты кармайт. Жипти кармап көзүн жумат. Калчылдаган колу-бутун эптеп токтотуп, сыйыртмакты мойнуна сала берерде, ызылдап чуркап жүргөн Акжолтой күү менен келип столго секирет. Стол кыйшайып Бектур бети менен кулап түшөт. Акжолтой Бектурду тумшугу менен түрткүлөп жыттагылайт. Пауза. Баш көтөрүп Акжолтойду кучактайт. Бектурдун бети сыйрылып кеткен.

Бектур. Аялым… досторум… окуучум… ушу сенчелик… бир итчелик болгон жок ээ?!

Солкулдап ыйлат. Жашын сүртөт. Акжолтой аны жалооруй карайт.) Болуп турган кезде мен жакшы элем.

Кагынып-күбүнүп, ооруксунуп калган тизесин кармап туруп келатып, башы айланып кулап түшүп, сулк жатып калат. Кайрадан тынчсызданган кыңшылап ары-бери чуркаган Акжолтой. Жарык өчүп кайра күйөт. Сахнада Гезит саткан киши.

-Болгону ушул. Канча жатканымды билбейм.

Гезит саткан киши. Катуу сокку болгон экен. Эч нерсе эмес. Алтын баш аман. Ошого шүгүр. Баары ушуну менен чыгып кетсин, тууган. Сүрөттү кайра тартсаң болот. Жерибиз аман-эсен турат го?! Билим, тажрыйба деги бар экен. Кой, тууган, чөкпө. Мен тиги аялдамада турам. Базарчикте. Базарчада. Айтпадымбы, гезит сатам. Барып тур. Кобурашабыз. Анда-санда кыжылдаша түшкөнү менен баары жакшы адамдар. Айрыкча, береке айылдан келгендерде. Элден биринчи кол сунат. Кой, мен басайын. Мени да кемпирим кубалап жүрбөсүн… (коштошуп чыгат.)

Жарык өчөт.

Тогузунчу көрүнүш

Ошол эле аялдамадагы базарча. Баягы эле күнүмдүк көрүнүш. Бир топ убакыт өткөн. Ар ким өз товарын коюп жатат. Рыспек базарчаны суу сээп шыпырып бүтүп, шыпыргы менен чаканы иштебеген газводанын аппаратынын ичине катат. Райкүл келет.

Райкүл. Палочка-вручалочка наш. Кандай?

Рыспек. Жакшы эже.

Райкүл. Азамат. Каймак апкелдиңби?

Рыспек. Дагы аралаштырасызбы?

Райкүл. Өзүм билем. Апкел. Ме акчаңды. Апаңа айттыңбы?

Рыспек. Эмне деп?

Райкүл. Рая деген эже каймакты алып, айран менен аралаштырып сметана жасап салат деп.

Рыспек. Айткам.

Райкүл. Эмне деди?

Рыспек. Эмне кылсын… ал дагы тыйын табуунун аракети да деди.

Райкүл. Көрдүңбү… апаң эстүү киши экен. Кошуна эжекең келе элекпи?

Рыспек. Келген. Оптовый базарга кетти. Товарга.

Райкүл. Аа… Философчу?

Рыспек. Ким ал?

Райкүл. Гезит саткан байке.

Рыспек. Келе элек.

(Арабасын сүйрөп тердеп кургап Сонун келет. Столуна товарларын кобурап кое баштайт.)

Сонун. Базар кымбат. Доллар өстү деп эле баасын көтөрүп жатышат. Семичке менен картошкага доллардын кандай тиешеси бар?!. Күйгүзүшөт тим эле. Америкадан апкелип жатышыптырбы? Ыя, Рыспек… сенин айлыңда күн карама эгеби?

Рыспек. Ооба.

Сонун. Оңбогон гана кызыл кулактар… уялбай доллар кымбаттады дейт. Бирибизди бирибиз алдап күн көрөт экенбиз да… (Ар жактан киши келет. Киоскту ачып сыртында тартылган жипке гезиттерди илет.)

Гезит саткан киши. Кандайсыңар бир туугандар? Үй-бүлө, бала-чака тынчпы?

Райкүл. Менин бир нерсеге башым жетпей койду. Жанагы шакиртинин көздөгөн максаты эмне? Эмнеге келди?

Гезит саткан киши. Жөнөкөй эле арифметика. Тоок мээ сулуу аялдын башын айлантып, карайлап турган немелерди алдап акча табыш болгон деп ойлойм. Болбосо, өзүң эле ойлочу… Жакшы акча тапкан киши эс алганы келип көргөзмө уюштурабы? Ага анын эмне кереги бар?

Райкүл. Ошону айтам да. Что-то ни так бу жерде. Атайы эле ушул махинацияны жасаш үчүн келген.

Гезит саткан киши. Во-о! Россиянын бир чоң компаниясында иштесе. Алар өлө жатканда 40-50 миңден алышат.

Райкүл. Менеджер эмес эле кароолчу чыгар.

Сонун. Капкайдагы жаман ойлор башыңарга кайдан келет? Ал бала деле күйүп кетпедиби. Чуркаган эмгеги талаага кетти.

Гезит саткан киши. Ал күйгөн жо-о-к… кыпындай да! Билбейм… Адамдар бири-бирин алдап, калп айтып, улуп-жулуп жашаган заманда… мен да арамзаа болуп баратат окшойм. Ушунча жыл өрттөнбөгөн мастерской… анан көргөзмөгө даярданып жатканда… өрттөнүп кетет?!

Сонун. Кургасын деп желдеткичпи… айтор бирдеме койгом деп атпайбы.

Гезит саткан киши. Ким билет. Балким ошондойдур. Экспертизанын жыйынтыгы чыкканда билинет. Баарынан кызыгы… (Беркилер карап калат.) Кечээ чек арада… бажыда иштеген тааныш балдар айтат. Түрмөктөлүп оролгон контрабанда жол менен алып чыгып бараткан сүрөттөр кармалды дейт. Дароо жаман ой кетти. Чын эле өрттөнүп кеттиби же…

Райкүл. … уурдалдыбы? Музейден да сүрөттөр уурдалды деп жазып жатпады беле?!

Сонун. Ал кабарды айттыңбы?

Гезит саткан киши. Ал менин жеке оюм. Күмөн санаганым. Жүрөгүн оорутуп эмне кылам. Эгер мунуку болсо, акыры табат.

Райкүл. Азыр бажыдагылар деле ууру. Үйүнө алпарып рамага салып илип алат. Эр болсоң далилдеп көр. Фура-фура жүктүн дайны чыкпай жаткан учурда, сүрөт эмне болуп калыптыр.

Сонун. Кимге ишенебиз. Ишене турган киши калдыбы деги?

Гезит саткан киши. Кудайга.

Сонун. Кой, ээ… арам ойду шайтанга берсин. Бирөөнүн күнөөсүн көтөрбөйлү. Ал сүрөтчү досуңа жолугуп атасыңбы? Аялы келиптирби?

Гезит саткан киши. Сурай алган жокмун. Жарасын чукугандай болбоюн деп. Жүрөт окшойт аркы чоң үйүндө. (Сонунду тамашалап) Аялы келбесе эмне?

Сонун. Дөөрүбөчү. Баланын көзүнчө.

Гезит саткан киши. Эмнеси бар экен. Жаш курагы деле ылайык. Сен болбосоң өлүп калмак. Рая, чын айтамбы?

Райкүл. Ооба, ай. Сага по гроб жизнь милдеттүү.

Сонун. Думанадан айбашы үмүтөтөт болбогулачы, ай… же сүрөттөн жок… же аялдан… же үйдөн жок. Бир күндө баарынан ажырап жатса. Силерге күлкү.

Гезит саткан киши. Тамаша баары.

Сонун. Жанагы чуу куйрук шакиртин тааптырбы?

Гезит саткан киши. Жок. Ал мастерской күйгөндүн эртеси эле куйругун түйүптүр. Ага эмне? Тиги эси жок аялдын башын тегеретип, бир сыйра кийинди, акчаны чөнтөккө салды… Аферисттердин кылары ошол да. Ошонун менеджер экенине, бир чоң компанияда иштээрине күмөнүм бар. Өтө эле жылмакай болуп жатат. Көргөзмөнү айлап-жылдап даярданып, анан өткөрүшчү эле. Бу сүрөт тарткандан башка иши жок момун байкуш… аны деле ойлогон жок окшойт. Болгону жанагы аялы менен болгон мамилени кечире албай тургансыйт.

Райкүл. Да-а… жоош киши ачуусу катуу кармаса… жаман…

Сонун. Кудай жеткирсин аларга. Кара башыл кишинин башын аттап. Өзүнөн кичүү неме менен. Өлүп эле калсачы.

Рыспек булар сүйлөшүп жаткан учурда тыяк-быякка чуркап, илинген афишаларды кызыгып окуп жүрөт. Чуркап Гезит саткан кишиге келет.

Бу кишиге да Кудайдын айтканы бардыр. Арагын эле токтотсо…

Рыспек. Байке, сизди милиция байкелер чакырып жатат.

Гезит саткан киши. Кана?

Рыспек. Тигине. Бактын түбүндө турушат. (Гезит саткан киши кетет.)

Сонун. Ыймандуу болуп калышкан го бүгүн. Өздөрү келип үстөлдү коңторбой.

Райкүл. Шашпа. Сагынсаң келет.

Сонун. Келбей эле койсун. (Гезит саткан киши келет.) Эмнеге келиптир? Дагы чогултуп бергиле деп атабы? Баягүнү эле чогултуп бербедик беле? Деги ушулар тойбой койду.

Гезит саткан киши. Үстөлүңөрдү алгыла дейт.

Сонун. Эмнеге алат экенбиз? Үйдөгү экөөнү капка салып бууп коеюнбу?

Гезит саткан киши. Чоңдор өтөт экен.

Сонун. (алаканын чаап, орундугуна талп отурат). Өтсүн. Өткөнү кайра жакшы болот. Көрсүн эли эмне болуп жан сактап жатканын? (Райкүлгө) Заводуң иштеп турса сен чыгат белең ушу көчөгө? Эркектер менен жарышып акча таппайт белең?! Чаң жутуп… ыш жутуп көчөдө турбай. (Гезит саткан кишиге) Же сен чыгат белең? Офицер! Мекенди коргоп чек арада турган киши бир кезде. Кана, айткылачы. Калп айтып жатамбы? Колхоз тарабай турса мен келет белем темселеп… эки баламды жетелеп батирден батирге көчүп?! Отурмакмын ФАПта. Ак халат кийип. Жанагы жаман эрим бөтөлкөнүн түбүнө түшүп кетет беле?

Гезит саткан киши. Койчу. Сенин эриңдин ичкенине да чоңдор күнөөлүүбү?

Сонун. Күнөөлүү. Мурун иши бар болчу. Трактор айдачу. Иш бүтпөй калат… ичкенимди көрсө тракторун алып коет деп башкармадан… бригадирден коркчу. Азыр анын бир гана чоңу бар. Арак. Арак ичип алса Кудайдан да коркпойт. Же мына бул. Рыспек. Мектепке барбай күнүгө он литр айран-сүт көтөрүп, күндө бир кошунасына жармакташып шаарга келет беле?! Алакандай аялдамадан орун талашып бири-бирибизди күндө жеп коё жаздайт белек?!. Көрүшсүн эли кантип жашап жатканын…

Гезит саткан киши. Опей. Бул эмне мынча от алып алган?

Райкүл. Эки күндүн биринде эле үстөлүңөрдү алгыла десе… от алабыз да!

Гезит саткан киши. Чет мамлекеттен делегация келатыптыр.

Сонун. Уялып атышыптырбы анан?

Гезит саткан киши. Болдучу эми. Кандай немесиң жаагы жок. Эриң ичип келгенде да ушинтип сайрачу белең?

Сонун. Ал ичип келгенде баарыбыз тилден калчубуз. Энеси баш болуп.

Гезит саткан киши. Алгыла дегенде ала туралы. Эртең да жашоо керек. Чоңдор өтүп кеткенче эле… (Гезит саткан киши сыртты карай чыгат.)

Сонун. Эртең мектебине кароолчуга төлөшүм керек. Күндө туусам күндө жок, күндө жылан жеп кетет дегендей. Күнүгө тапканыбыз кекиртектен, майда-барат тириликтен артпай. Кароолчунун акчасын апкелбесең мектепке келбе дептир балдарымды. Албаска айлабыз барбы… Э-э-к… тоюп кеттим ушу жашоого…(Үстөлүн серпип жиберет. Товарлары чачылат. Рыспек үстөлдү кармап калат.)

Рыспек. Эже…

Сонун. Өлгөн уйдун музоосу,

Уй болгондо өлсөңчү.

Жаңы эле куйган фундамент,

Үй болгондо өлсөңчү!

Үйүмдөгү эр сөрөй,

Арактан көзү ачылганда өлсөңчү!

Мектептеги эки уулум,

Бай болгондо өлсөңчү!

Өлүгүңдү көрөйүн,

Кудайды карап өлсөңчү!

Сонун отургучуна отуруп заңкылдап кошот. Рая менен Рыспек чочулай карайт. Гезит саткан киши чуркап келет.

Гезит саткан киши. Эмне болду? (Сонундун алыс ыргып кеткен товарынын бирин апкелип үстөлүнө коет.) Тынччылыкпы? Ким өлдү?

Сонун. (көзүн сүртүп). СССР. СССРди жоктоп атам.

Райкүл. Түү! Жинди катын турбайсыңбы. Мен да коркуп кеткенимчи. (Каткырат.) Давай, ай … катуураак… (Күлкүсүн тыя албайт. Рыспек мулуюп күлүп Сонундун товарын чогултуп жатат. Жарык өчөт.)

-Ай, подружка… не переживай! Балаңдын мектебине чогултабыз… Сен айткандай «элбиз го…» (каткырат).

Онунчу көрүнүш.

(пролог ордуна)

Баягы көрүнүш. Базарча.

Сонун. Зуулдап өтүштү го тим эле. Көчөсү суу себилип таза. Бытылдаган базары жок, эли укмуш жашайт экен деп ойлоп калышты окшойт.

Райкүл. Кайсы өлкө кандай жашап жатканын баары сопсонун эле билет. Показуха жөн эле. Кошоматчылардын жасаганы.

Гезит саткан киши. Бийликке баш ийбесе да болбойт. Ал дегенде алып, кой дегенде коюп оокат кылып туралы.

Рыспек. Сүрөтчү байке келатат. (Чуркайт. Сахнага Ит жүгүрүп кирип келет. Рыспек менен ойной кетет.)

Райкүл. Рыспек! Сүттү ким сатат?! Ит менен ойноп жатсаң, ким сенден сүт, нан алат?

(Рыспек делдейип туруп калат.)

Сонун. Зекибечи байкуш баланы. Итти көргөндө сүт сатып жатканын унутуп калды. Сүтү деле бүтүп калыптыр. Ойной бер. Калганын мен сатып коем. (Бектур келет. Башын аялдар менен күнөөлүдөй жерге салып учурашат. Колунда чакан пакети бар.)

Бектур. Саламатсыздарбы? (Гезит саткан киши, Рыспек  менен кол алышат.) Салам алейкум.

Гезит саткан киши. Алеки салам.

Рыспек. Саламатсызбы?

Гезит саткан киши. Жайынча элеби?

Бектур. Жайынча эле. Ыракматымды айтайын деп… Чай ичип койгула. (Өзүнчө эле ыңгайсызданат. Эки жагын карап, анан Сонунга берет.)

Гезит саткан киши. Өңүң жакшы. Өзүңө келип калыпсың дос.

Бектур. Орус туугандар «Не было бы счастье, да несчастье помогло» дегендей… Акыркы учурда ММКда мен тууралуу жазылгандар… мастерскойдун өртөнүшү… ажырашуу, үйдүн сатылышы… айрыкча желтый прессанын ушагы алыска жеткен окшойт.

Гезит саткан киши. Ии?!

Бектур. Казактын бир облустук театры чакырып жатат. Мурун бир-эки жолу спектакль койгом. Алар акчалуу бизге караганда. Айлыгы да жакшы. Үй беребиз дейт. Жакшы таанышпыз. Курсташтарым бар ал жакта.

Гезит саткан киши. Жакшы кабарың бар экен. Кыздар, уктуңарбы? Колу билген кор болбойт деген ушу, Беке! (Cүйүнүп далысынан таптайт.)

Сонун. Жакшы болгон турбайбы.

Бектур. Менин бул жерге келгеним… баягүнкү көрүнүш үчүн кечирим сурайм. Чыгармачыл адамдар кээде ушинтип эмоцияга алдырып коебуз. Ыңгайсыз болуп жүрөм. Турмуш… арак эмнеге жеткирбейт.

Гезит саткан киши. Арак менен талант батышпайт. Бирөө бирөөнү акыры жеңет.

Бектур. Болгону бир-эки жолу көрүшсөк дагы мага жакын болуп калдыңар. Эми… Рыспек Акжолтойду сага калтырайын. Ушул итти ээрчип барып мени таптың эле. Өмүрлүү бол. Жакшы багарыңа көзүм жетет.

Рыспек. Ракмат, аба. (сүйүнөт.)

Гезит саткан киши. Мына. Күчүгүн сурап алам деп барып, өзүн алып отурасың.

Бектур. Үй кетти. Ага кол шилтеп койдум. Башымдан садага.

Сонун. Ооба. Баары ушуну менен чыгып кетсин.

Бектур. Уулума арнаган жаман кепем бар бери жагында. Алым жетсе чоң үй салармын. (Сонунга). Бая силер көргөн. Бомждор уялабасын. Ошол кепеге көз болуп бер карындашым. Батирде жашайт экенсиң. Жөн эле көз болуп бер. (Ачкычын сунат. Сонун эмне дээрин билбейт. Баарынын жүзүндө кубаныч. Акжолтой менен Рыспек кучакташып отурат.) Ыракмат силерге. Дүйнөнү сулуулук эмес… силердей пейли таза карапайым жакшы адамдар сактайт. Бар болгула!

Гезит саткан киши. Жакшы болгон тура.
(Сонун ачкычты бир карап, Бектурду бир карап сөз таппайт. )
Бектур. Жакшы калгыла.

Гезит саткан киши. Жолуң ачылсын, Беке…

(Же сүйүнгөнүн же күйүнгөнүн билгизбей Бектур залдагы элди аралап чыгат. Итке сүйүнгөнү менен бир нерсеге түшүнбөгөн Рыспек, Бектурду ээрчий карап, ачкычты кармап делдейген Сонунга кайрылат.)
Рыспек. Эже…Эже… Бизге мындай сүрөтчүнүн кереги жокпу?!.

К Ө Ш Ө Г Ө