Догдурбек Юсупов: Көл толкуну

Көл толкуну

Көз жетпеген көктүгүңдүн үстүндө,

Күнөөсү жок толкунуңду сагынам”

 

Айлык сапар кетсең дагы агылып,

Жүз көрүшөр ырыстуу күн табылып.

Жыл айланбай кайра келем кайрылып,

Ысык-Көлдү жан боорумдай сагынып…

(Алыкул Осмонов)

***

Онду бүткөндө журналист болот элем, акын болот элем деп, Кыргыз улуттук университетинин филфагына тапшырып, жакшы эле келатып, төртүнчү сынактан кулап калдым. Бир жыл орто мектепте улук пионердик жетекчи болуп иштеп, кийинки жылы Пржевальск педагогикалык университетинин литфагына тагдыр буйруп өтүп кеттим. Өтүүмө мектептеги менин мурдагы класс жетекчим, орус тили мугалими, кадимки Чыңгыз Айтматовдун кайнежеси Анипа Урматова эже түздөн-түз себеп болгону чын. Эже пединститутта мугалим, күйөөсү Тургунбек Жүзүмкулов физматта кафедра башчысы экен. Ал кезде жогорку окуу жайына өтүү кыйын болчу.

***

Окуу башталгандан бир жума өтпөй эле жаңы жазган эки ырымды бөктөрүнүп алып, бирөөлөрдөн уккан редакцияны издеп жөнөдүм. Ак-Суу райондук жана Пржевальск шаардык биргелешкен “Эмгек Туусу” гезитин бат эле таап алдым. Акын Турар Кожомбердиев “Редакцияга барганда” деген ырында жазгандай, адеп сүрдөп, бир паска ичке киралбай турдум. Анан кирдим да сурайынчы деп биринчи эле эшикти ачтым. Чоң бөлмөдө 3-4 киши айтегерек коюлган столдордо иш менен алек болуп отурушуптур. Чоңу ушу окшойт деп төрдө отурган кишиге баягы ырларымды сундум. Ал көз жүгүрттү да кереге капшытта машинка басып отурган аялга бер деп жаңсады. (Кийин билсем, ал адам акын Эргешбай Узакпаев экен). Күнү бүгүнкүдөй эсимде, ал аял калың дептерге жазылгандарды басып жатыптыр. Дептердин сыртында “Тенти Кыдыралиев. Кыя жолдогу кыз” деп жазылып туруптур. Ошону басып жаткан экен. Ал повесть кийинчирээк өзүнчө китеп болуп чыкты. Жолтоо болбоюн деп ырымды таштадым да чыгып кеттим. Көрсө машинка басып отурган аял жазуучу Зуура Сооронбаева экен.

***

Күндөр өтө берди. Баягы ырым эмне болду деп барып сурагым келет, бирок тартынам. Бир күнү эле группалаштарымдын бири ырымдын гезитке чыккандыгын айтты. Дароо эле коңгуроо кагылганда атып чыктым да гезит сатылуучу күркөгө чымын-куюн болуп жөнөдүм.

***

Эки ырым “Адабият бетине” басылыптыр. Он чактыны акыркы тыйындарыма сатып алып, группалаштарга таратып, өзүмдү Аалы Токомбаевдей эле сезип, каадалуу ары-бери басам.

***

Андан кийин да эки-үч жолу барып, ырларымды чыгартып, бир жолу барып, Эргешбай аба менен Зуура эжени таппай калдым. Көрсө Эргешбай Узакбаев жаңыдан жарык көрө баштаган “Ысык-Көл правдасына” редактордун орун басары, Зуура Сооронбаева адабий кызматкер болуп которулуп кетишиптир.

***

Лекциядан качып чыгып, жаңы эле жазылган сыясы кургай элек ырларымды көкүрөк чөнтөккө сала коюп, “Ысык-Көл правдасын” көздөй жөнөгөнүм көбөйдү.

***

Алгачкы эки ырым “Эмгек Туусуна” чыккандан жарым айча өтпөй эле: “Сага акча келиптир, почтада жазылып турат”,- деп бирөө айта салды. Анда физматтын жатаканасынын кире беришинде почта орун алып, акча алчулардын тизмесин терезенин ары жагына кыдырата жазып коюшчу. Көрсө ырларыма калем акыга 9 сом 94 тыйын келиптир. Оо, анда акчанын наркы күчтүү болчу. 1-май жана Москва көчөлөрүнүн кесилишиндеги көп кабат үйдүн жертөлөсү азык-түлүк дүкөнү болчу. Ага кирдик да “Вермуттан” 5 бөтөлкө алып, жатаканага барып “майрамдадык”.

***

Андан кийин лекцияда отуруп алып ыр жазам, макала жазам. Макалаларым кыргыз жана орус тилинде чыгуучу облустук гезиттерге, шаардык гезитке басылып, калем акыга карк болуп калдым. Анда стипендия 27 сом эле. Ал эми айдын аягында мага 100 сомго чейин калем акы келет. Көп өтпөй облустук радио ачылып, аны да “штурмалай” баштадым. Кийинчирээк кынуусун алып, республикалык гезиттерге да макалаларымды жиберип жүрдүм. Калем акы алганда эми “московскийден” вино албай, түз эле ошо кездеги жападан жалгыз “Арашан” ресторанына бармайды адат кыла баштадык.

***

Бизге коңшу Бөксө-Жол айылынан Кеңешбек деген бала бар эле физматта окуган. Качан гонорар алганы барбайын ал почтанын алдында турганы турган. Дароо шап кармайт. Тамак, вино алып берем. Көрсө, ал жатаканадагы бөлмөсүнөн түшүп келатып, акча алчулардын арасынан менин фамилиямды көрүп, сабакка барбай мени күтүп турчу экен.

***

Институтта “Көл толкуну” аттуу адабий ийрим бар экен, менин ырларымдын гезиттерге чыгып жүргөнүн көргөнбү, жетекчибиз, искусство илимдеринин кандидаты, акын Бекмурза Жумабаев мени староста жана “Көл толкуну” дубал гезитинин редактору кылып шайлап койду. Ошентип, мен үчүн сабактардан да гезит чыгармай биринчи орунга тургандыгын жашыра албайм.

***

Анан эле облус уюшулгандан кийин акын, Бүткүл союздук комсомолдук сыйлыктын лауреаты Майрамкан Абылкасымова Кыргызстан жазуучулар союзунун Ысык-Көл облусу боюнча адабий кеңешчиси болуп калды. Көрсө жубайы Сагын Наматбаевди обкомго үчүнчү катчы кылып жиберишиптир.

***

Фрунзе шаарында “Студенттик жаз – 71” фестивалы өтмөй болуп калды. Кызуу даярдык башталды. Бир топ ырларымды Зуура Сооронбаева менен Майрамкан Абылкасымова карап берген соң, Фрунзеге жөнөттүк. Өзүм болсо драма ийримине катышып, Калкабай Турсалиевдин “Көлөкөгө тон бычкан күйөө” деген драмасын даярдап, күйөө баланын ролун ойноп катыштым. Мелдеш айыл чарба институтунун чоң жыйындар залында өтүп, биз республикадагы жети ЖОЖдун ичинен байгелүү экинчи орунду ээлегенбиз. Ал эми жиберген ырларым экинчи орунга татыктуу болгон.

***

Үй-бүлөлүк жагдайларга байланыштуу бир жыл академиялык отпускада жүрүп, кайра барсам, Майрамкан Абылкасымова кайра Фрунзеге которулуп, Москвадан М.Горький атындагы адабият институтунун эки жылдык курсун бүтүрүп келген жазуучу Аман Саспаев адабий кеңешчи болуп калыптыр. Ал эми биздин институттагы адабий ийримге жетекчи кылып сынчы, адабиятчы, филология илимдеринин доктору Кыдыр Бейшенбаевди дайындашыптыр.

***

Бир күнү группалаштар сени Аман Саспаев издеп жүрөт дешти. Аны таап жолуксам, Фрунзеге жаш акындардын республикалык фестивалына барарымды, комсомолдун облустук комитетинен командировкалык акча алыш керектигимди айтты. Комсомолдун обкомунун кассасына жетип барсам, кара торусунун келген киши да акча алып жатыптыр.

-Догдурбек Юсупов деген сенсиңби? Жазгандарыңды окуп жүрөм. Мен Жыргалбек Апазовмун, – деди. Мурда “Ысык-Көл правдасына”, “Ленинчил жашка”, “Мугалимдер газетасына” чыккан ырларын окуп жүргөм. Ошентип, жазуучу Аман Саспаев бизди жетектеп, Жыргалбек Апазов, Казат Бектурганов, Лидия Затыльникова, Берикбай Мамбеталиев, Орозбек Мукашев болуп жөнөп калдык.

***

Фестивалдын ачылышы П.Шубин атындагы музыкалык окуу жайында өттү. Президиумда КР жазуучулар союзунун секретары, акын Муса Жангазиев, Кыргызстан ЛКЖС БКнын секретары Бейше Молдогазиев ж.б.лар. Темиркул Үмөталиев, Абдрасул Токтомушев өңдүү дөө-шаалар залда биринчи катарда отурушту. Аман Саспаев Ысык-Көлдүк жаш акындардын атынан мени сүйлөйсүң деди. Түндө таластык акын Анасбек Жумалиев жана обончу Бакай Ташиев болуп, бир топ эле катыра ичкенбиз. Ошонун күүсү дагы да болсо кете элек экен, трибунага чыгып: “Урматтуу аксакалдар, мейли “Кыргызстан маданиятына” силер чыгаргыла, ал эми “Ленинчил жашты” бизге, жаштарга берсеңер боло, аны да ээлеп алдыңар” деген таризде сүйлөгөнүм эсимде. Ошондо чоң чуу чыккан. Кийин талкууну жабык өткөрүшүп, мага лауреаттык дипломду бербейбиз деп чыгышканда Аман Саспаев киришип жатып, алып берген болучу.

***

Бир күнү эле институтка чоң акындар келет деп эле дүрбөп калдык. Поэзия кечеси чоң жыйындар залында өттү. Фрунзеден акын Турар Кожомбердиев жана аны менен дагы бирөө келген. Ага жергиликтүү акын-жазуучулардан Абдылда Белеков, Эргешбай Узакбаев, Зуура Сооронбаева, Жакшылык Алымов, Зарыл Касымалиев, журналист Иленбай Искаков катышкан. Турар Кожомбердиевди ошондо биринчи жолу көрдүм. Ал кезде атагы таш жарып турган чагы. Трибунага чыгып “Ат чабыш”, “Улак тартыш” деген ырларын колун шилтеп, шумдуктуудай окуду. Күнү бүгүнкүдөй көз алдымда турат. Мага кезек келгенде аны туурап, колумду шилтегилеп, мен дагы “Ат чабыш”, “Кыз куумай” деген ырларымды окудум. Ошондо Турар Кожомбердиев ийримдин мүчөлөрүнүн ырларын ала кетип, кийинчирээк жетекчибиз Бекмурза Жумабаевдин “Бүркөлбөсүн” деген көлөмдүү ыры, менин эки ырым “Темир канат” аттуу жаш акындардын ыр жыйнагына чыкты.

***

И-ии баса, 2-курстан бизге адабият таануу сабагынан Кыргыз улуттук университетин жаңы эле бүтүп келген Вячеслав Шаповалов окутуп калды. Группалаштарым мени ыр жазат деп айтып коюшуптур, ырларымды сөзмө-сөз котортууну сунуштап калды. Мыкты окуган группалашым Катя Мусаевага котортуп, мугалимимдин колуна бердим. Көп өтпөй “Иссык-Кульская правдага” ырларым баш сөзү менен бир бетке сүрөтүм менен чыкты. Ошондон баштап окумуштуу жана Кыргыз эл акыны Вячеслав Шаповалов дүйнөдөн кайтканча аны менен байланышымды үзгөнүм жок.

***

Кайда болбоюн, кайсы жерде иштебейин, көлдүк залкарлар: Кыргыз эл акыны Эргешбай Узакбаев, Кыргыз эл жазуучусу Зуура Сооронбаева, таланттуу жазуучу Аман Саспаев менен байланышып турдум. Бишкекке келишкен сайын алар мага кайрылбай кетишчү эмес.

***

Дагы бир көлдүк акын, жазуучу Жээнбай Түрктүн 60 жылдык мааракесине Бишкектен жазуучулар Мирзохалим Каримов, Айдарбек Сарманбетов болуп чогуу барып калдык. Саал-паал кечигип барып, мени дароо сахнага чакырып кетишти. Куттуктоо сөзүн сүйлөп, юбилярга ала барган белектерди тапшырып, сахнадан түшүп келатсам Эргешбай Узакбаев, Аман Саспаев, Абдыжапар Эгембердиев, Үсөнбек Асаналиев ж.б.лары биринчи катарга тизилип отуруп алышыптыр. Алар менен кол алышып учурашкандан кийин алардын катарына отурсам, Эргешбай абанын: “Догдурбек, сен чүйлүк болбой эле көлдүк болуп калдың”,- деп айтканы дале көкүрөгүмдө…

***

Аман Саспаевдин акыркы “Шашкедеги кара туман” деген автобиографиялык романы жарык көргөндө сигналдык китепти көтөрүп алып, жазуучу Айдарбек Сарманбетов, Кыргыз эл акыны Абдыжапар Эгембердиев болуп Аман Саспаевдин Караколдогу үйүнө бардык. Залкар жазуучунун кубанычы койнуна батпай бизди кафеге алып жөнөдү. Ичип отуруп, маегибиз уланды. Ошондо мамлекеттик сыйлыктар жөнүндө сөз болуп кеткенде Аман аба олуттуу боло калып, минтип айтканы күнү бүгүнкүдөй эсимде: “Догдурбек, акын-жазуучулардын баары сыйланышып бүткөндөн кийин берүүгө эч ким калбай калганда экөөбүз алабыз…”

Анык Кыргыз эл жазуучусу деген ардак наамга Аман Саспаев татыктуу эмес беле. Ал табиятынан жоош, бир нерсеге жулунбаган инсан (ооба, инсан) эле. Документ толтурушуп, жулунгандардын бир тобу сыйлык алып алышты. Кээде Аман Саспаевге Кыргыз эл жазуучусу, Кармышак Ташбаев менен Эсенгул Чопиевге Кыргыз эл акыны наамдарын ыраа көрүшпөгөндөн кийин ушул наамды жоюп салышса деп ойлоп кетем.

Залкар жазуучу Аман Саспаев биринчи өзүнө эмес, бирөөгө кам көргөн, бейчеки сөз сүйлөбөгөн, сыйлык-наам үчүн жулунбаган, колунан калемин түшүрбөй талыкпай күжүлдөп эмгектенген, мен муну жасап койдум деп көкүрөк какпаган кара сөздүн кажыбас дыйканы эмес беле. Кайран гана каркыбар киши…

Догдурбек Юсупов