Катышуучулар :
- Байыркы жомок
Мүйүздүү эне –
Үрмарал –
1 – Улак –
2 – Улак –
Асанмырза –
Эсенмырза –
- Азыркы жомок
Атауул –
Кемуул –
Кермарал –
Бугучар –
Сагызган –
Көпөлөк –
Аары –
Жоогазын –
Саймалуу таш –
Окуя биздин күндөрдө жана байыркы заманда өтөт.
БИРИНЧИ КӨРҮНҮШ
Улуу Тоодо жаздын жылдыздуу түнү. Кермарал музоосу менен жайытта, Сагызган карагайдын бутагында, Аары менен Көпөлөк чөптө таттуу уйкуда. Жылаажын коңгуроонун үнү угулуп, сахнага шаа мүйүзү айдын нуруна чагылышып жарык чачып коңгуроосу жумшак шыңгыраган Кайберен эне чыгат. Тээ алыста кимдир бирөөлөргө айтып жаткансып күңгүрөнүп ойлуу.
Мүйүздүү эне. Түнүндө жылдыз түнөгөн,
Түлөгү канат бүлөгөн.
Үзөнгүдөй кууш жер,
Үйүрлөп марал тууш жер.
Өзгөчө коргон чеп эле
Өзөнү таза – ууз жер.
Үзөнгүңдү майырдың,
Үйүр-үйүр кийикти,
Үзөнгү-Кууштан айырдың.
Урпактарым мекендеген Улуу тоого жаз келатат… Жер жарылып чөп чыксын, желин айрылып сүт чыксын, таш жарылып гүл чыксын… Куштар сайрасын, бугу – марал жайнасын койнуңда, касиеттүү жер! Көзү жамандын көзүнөн сакта! Сөзү жамандын сөзүнөн сакта! Пейли бузук пейлинен тапсын! Кайберендин тукумуна паана бол! (Жарык Кайберен энеге гана берилип, ал улам бирине барып өткөндөн кийин каармандар сахнадан кете берет. Кайберен эне акыры Кермаралга келет). Тозоктун отунан чыккан урпагым. Укта…уктай гой. Билем… Бугуңдун баш терисин кургатып, мүйүзүн кеп кылып кийип, музоочугуңду ээрчитип, ыйык ташты беттеп баратасың… Баргын… бар… Ал жерге жайында кайберен тукуму чогулат… (Кермаралды музоосу менен сыйкырлап өтүп сахнадан чыгат. Коңгуроо үнү алыстайт. Сахнага жарык бериле баштайт. Кермарал чочуп ойгонот. Эки жагын карайт. Энеси туруп кеткенден кийин Бугучар оңдонуп жатып уйкусурап сурайт).
Бугучар. Энеке, эмне болду?
Кермарал. Сен эч нерсе уккан жоксуңбу?
Бугучар. Эмне?
Кермарал. Коңгуроо…
Бугучар. Жок, энеке. Эч нерсе уккан жокмун.
Кермарал (өзүнчө). Түшүмбү?!. Түшүмө Кайберен эне кирдиби?!. (Түшү же өңү экенине ишене албайт). Коңгуроо… сырдуу коңгуроо… (Бугучарга). Музоочугум… Карачы айланаңды. Кечээги жамгырдан кийин жаз келиптир…
Бугучар. Энеке, кичине эле уктап алайынчы…
Кермарал. Эрте турган жакшы. Эрте турсаң ар дайым жолуң жакшы болот. Тур…
Бугучар (керилип – чоюлуп турат. Эки жакты карайт. Сүйүнөт). Энеке! Биздин тоого жаз келиптир ээ?!. Жаз келди! жаз келди!
Кермарал. Жолду уланталы, балам.
Бугучар. Кайда баратабыз?
Кермарал. Ыйык төргө. (Чыгышат).
Жаз. Жан-жаныбар ойгонуп, куштар сайрап, мөңгүлөр эрип суулар сайга толуп, теребел кулпуруп көк жашыл тулаң ыргалып, көрккү чыгып турган кез. Тоодогу көйкөлгөн кичинекей көк жайык. Каармандар дайым кыймылда болгондуктан декорация ошого жараша тез-тез өзгөрүп турат. Баардык көрүнүштөр окшош сезилгени менен экрандан бизди курчап турган жаратылыш, спектаклдин аягына чейин каармандардын сүйгөн жерлери көрсөтүлөт. Мылтыгын жанына коюп, баштыгын жазданып, кепкасын көзүнө түшүрө кийип Кемуул уктап жатат. Мойнунда дүрбү. Кызыл-тазыл спорт костюмчан. Кемуулдун жанында Мүйүздүү эне пайда болот.
Мүйүздүү эне. Кулжасы кумдай куюлган,
Кудайым бизге буюрган.
Кум-Төрдүн күнү канетти?
Алкы бузук бирөөгө
Ата журтту тепсетип,
Алсыраттың жан этти.
Алтын үчүн ак уруп,
Ак мөңгүнү бууланттың.
Кайберен энең тукумун
Кадиксиз кылып ууланттың.
Атпай журтту мөгдөтүп
Алып сатарды кубанттың.
Улам бир жерге конуп, Көпөлөк чыгат. Ал биринчи жолу учуп чыккан эле. Кемуул оодарылып жатат. Мүйүздүү эненин элеси жок болот.
Көпөлөк. Жаз… жаз келди! Биздин тоого жаз келди… (Ырдайт).
– Мен көпөлөк, көпөлөк,
Бийик учам көкөлөп… (Көпөлөктүн бийи. Ал улам бир жерге конуп учат – Кичине эмесмин… гүлдөргө теңештим… Ой! Гүл эмес го булар… (Гүл издеп учат. Уктап жаткан Кемуулду көрөт). Ой…бул эмне, ыя? (Кемуулду айланып учат. Жакындайт). Ташпы? Кооз экен… Конуп көрөйүнчү…(Бетине коноюн дегенде Кемуул колу менен чаап кубалайт, Көпөлөк күү менен учуп барып жыгылып калат. Кемуул оңдонуп жатып уйкусун уланта берет). Ой! Бул эмне?.. Канатымды сындырып кое жаздады…Гүл эмес окшойт… (Күбүнүп, канатын сылап, Кемуулду чочулай карап учуп жөнөйт). Ак гүлдөр…көк гүлдөр… Жайнаган көп гүлдөр…
Кемуул. Жада калса түшүңдө да акыл айтышат. Ант, минт… Кайберенге тийбе. Атпа! Сатпа! Фу-у. Анан эмне кылып оокат кылайын… (Эки колун кежигесине коюп шляпасын бетине жылдырып жатат.)
(Өзүнө таандык обонун созуп Бала аары келет. Ал дагы биринчи жолу шире чогултканы учуп чыккан).
Бала аары. – Мен аарымын, аарымын,
Көп ооруга дарымын… ( Ал ызылдап, улам бир жерге учуп-конуп жүрүп, уктап жаткан Кемуулга келип айланып учат). Ой… Бул эмне болду экен? Гүл го? (Кемуул шляпасын алып, айланып учуп жүргөн аарыны көрөт).
Кемуул. Ушу сен эле жетишпей турдуң эле… ызылдап. (Кепкасы менен аарыны чабат. Аары тоголонуп барып жерге отуруп калып, коркконунан урунуп-беринип ушунча тездик менен учуп жөнөйт. Кемуул кепкасы менен бетин жаап уйкусун улантат. Сахнада Көпөлөк ырын ырдап, гүл издеп жүрөт).
Көпөлөк. – Ак гүлдөр, көк гүлдөр… Ой, бу жердеги гүлдөр кайда кеткен? (Кемуулдун чапканынан коркуп калган Бала аары, күү менен Көпөлөккө келип урунат. Экөө эки жерге отуруп калат).
Көпөлөк. Ой! Сен кимсиң?
Бала аары. Мен Бала аарымын!
Көпөлөк. Бал аары?
Бала аары. Бала аары. А сен кооз гүл экенсиң.
Көпөлөк. Мен гүл эмесмин. Көпөлөкмүн. Ойноп жүрөм.
Бала аары. Мен гүл издеп жүрөм.
Көпөлөк. Гүлдү эмне кыласың?
Бала аары. Ширесин чогултам. Бал тартам.
Көпөлөк. Кызык экен. Бала аары… бал аары.
Бала аары. Бул жерде гүлдөр жок экен. Жүрү чогуу издейбиз.
Көпөлөк. Кайдан?
Бала аары. Тоонун гүлү баарынан сонун, касиеттүү болот деп чоң энем айткан.
Көпөлөк. Апам мени үйдөн алыстаба, бул эле жайыкка баргын деген. Бирок бул жерде гүл жок экен.
Бала аары. Биринчи жолу учуп чыгышыңбы?
Көпөлөк. Ооба. Сенчи?
Бала аары. Менин да биринчи жолу шире чогултушум. Жерибиз укмуш кооз экен, ээ?!.
Көпөлөк. Укмуш.
Бала аары. Ырдагың эле келет.
Мен аарымын, аарымын,
Көп нерсеге дарымын.
Жашоо болот таптаттуу,
Даамын татсаң балымын. Көпөлөк… Сенин ырың барбы?
Көпөлөк. Бар… Мен көпөлөк, көпөлөк,
Бийик учам көкөлөп…(Такалып калып улап кетет).
Гүлдөн гүлдү тандайбыз,
Аары досум экөөлөп.
Бала аары. Сонун айттың. Жүрү, эми гүл издейбиз.
Көпөлөк. Апам алыс барба деген.
Бала аары. Мени да алыс барба деген. Бирок… мен чоң энемдин чоң аарыларга «адам баласынын буту баспаган жерде укмуш сонун касиеттүү чөптөр өсөт. Алардын дарылыгы күчтүү» – дегенин уккам.
Көпөлөк. Адам баласы деген ким?
Бала аары. Ал баарынан кыйын. Кеттикпи?
Көпөлөк. Коркуп атам.
Бала аары. Коркпо. Мен жаныңда болом. Сага бирөө тийишсе, сайып алам. Карачы, найзам да бар.
Көпөлөк. Ой-ий, анда сен кыйын турбайсыңбы?!.
Бала аары. Кеттикпи?
Көпөлөк. Кеттик. (Экөө жетелешип ырын созуп учуп кетет).
Экөө. Ак гүлдөр, көк гүлдөр,
Жайнаган көп гүлдөр.
Жаз келди жадырап
Жакшы болсун көп күндөр.
(Кетишет. Кемуулдун мобилдик телефону чырылдайт. Кемуул уйкулуу көзү менен телефонун чөнтөгүнөн алат).
Кемуул. Аллоо! Угуп жатам. Көк жайыкка жеттим. Жок. Эч нерсе жолуктура элекмин. Тынч эле азырынча. Макул. Албетте кабар берем. Бир укмуш эс алабыз дейсиң… (Каткырат). Болуптур досум… (Телефонду коет. Керилип-чоюлуп, анан баштыгынан желим бөтөлкөдөгү сууну алып чыгып ичет, бетин жууйт. Сергий түшөт). Кой… жолоочунун жолдо, жолдо болбосо үйдө болгону жакшы. (Айлананы карап). Ух! Жаз жадырап күчүнө келип турган экен… Эми, кудай тилекти берип, кароолго бир нерсе илинсе! ( Кийинип, баштыгын асынат).
Кемуул. – Сай сагызган эй, сайда экен,
Сан жылкы колхоз байда экен… ( Шакылыктаган Сагызгандын үнү угулат. Анан Сагызган чыгат).
Сагызган. Кайдагы колхоз? Кайдагы бай? Колхозду талап бүтүп, эми талаа-түздөгү жаныбарларга киришпедиңерби…
Кемуул. Сен эле жетпей турдуң эле. Эмне шакылыктайсың? (Жерден таш алып урат).
Сагызган. Сенин келгениңди көрүп, тоого жамандык келатат деп кабар берип жатам. (Шакылыктайт). Сен аны түшүнмөк белең…
Кемуул. Жоголчу!
Сагызган. Өзүң жогол!
Кемуул. Ушунун шакылыктаганы өттү. Башыңды жула атайынбы? (Мылтыгын алат).
Сагызган. Акича-ай!.. Айбанаттар! Сактангыла! Кырсык! Кырсык келатат! (Учуп кетет).
Кемуул. – Сай сагызган эй, сайда экен,
Сан жылкы колхоз байда экен…(Чыгат).
ЭКИНЧИ КӨРҮНҮШ
Ак мөңгүлүү тоолор. Токой. Жайык. Ийнинде мылтык, мойнунда дүрбү, колунда чоор кармаган Атауул эки жакты суктанып карап турат. Көпөлөк менен Бала аары гүлдөн гүлгө конуп, учуп жүрүшөт.
Атауул. Жаз… Жаратылыш жанданып, жашоосун өз нугунда уланткан керемет учур. Көпөлөктөр да учуп чыгыптыр. (Атауулду алыстап көз салып караган Мүйүздүү эненин элеси карагай-арчанын арасынан көрүнөт.)
Мүйүздүү эне. Балам,
Мүйүздүү Эне атым бар,
Маңгилик кетпес датым бар.
Өзөгүмдү өрттөгөн –
Өздөн чыккан жатым бар.
Биздин эл –
Кулунун айдап желеден,
Конокко колу береген…
Корголоп келген элдерди
Кодулап кулсуң дебеген.
Ансыз да –
Бетеге кайда, бел кайда?!
Беренден калган жер кайда?!
Ак калпак кайда, ар кайда?!
Атадан калган жер кайда?!
Арстанга түлкү үрчү эмес,
Ай деген күндүз тийчү эмес.
Айкөл Манас урпагы –
Азгын болуп жүрчү эмес!
Канатын желге сыдырып,
Ай – ааламды кыдырып,
Алмаштырбай багытын,
Байырлап келген адашпай,
Кагылайын урпагым
Каркырача жоксуңбу?!
Атауул. Бу кандай сырдуу добуш? Мага айтып жатасызбы? Ким бул?
Мүйүздүү эне. Мүйүздүү энеңмин. Сага айтып жатам.
Табы жок күйгөн отсуңбу?!
Тамызгы болбос чоксуңбу?!
Таамай тийбей кайыган,
Талаага кеткен оксуңбу?!
Жайытын жатка бербеген,
Жапайы жаныбарча жоксуңбу?!
Атауул. Насаатыңыз ар дайым жүрөгүмдө. Бул жерге бир жаман адамдын изин кууп келдим. Кам санаба, Энеке! Ой… Мен ким менен сүйлөшүп жатам ээн токойдо. Айнып калган жокмунбу?! (Кайберен эне көрүнбөй калат. Атауул Көпөлөк менен Бала аарыны көрөт. Чоорун тартат. Аларды чочутпайын дегенсип акырын жакын барат). Кон, кон көпөлөк, кайда учасың көкөлөп?..
Көпөлөк (Бала аарыга). Кон, кон көпөлөк деп жатат.
Бала аары. Эй… бул жанагы бизди ыргыта чапкан немеге окшош экен.
Көпөлөк. Окшобойт.
Бала аары. Окшойт.
Атауул. Ананай көпөлөк…. (Көпөлөктү суктана карап ).
Көпөлөк. Мени ананай деп атат.
Бала аары. Алдап туруп кармап алып, экөөбүздү жалпайта чабайт.
Атауул. Ананай бала аары… Коркпогула. Эч ким силерди жалпайта чаппайт.
Көпөлөк. Ой… бул биздин сөздү түшүнөт экен.
Атауул. Түшүнөм… түшүнөм… Жазың менен, Көпөлөк! Сенин да, Бала аары! Гүл издеп келдиңерби? Бул тоодогу гүлдөрдүн баары силердики. Эч нерседен коркпогула!
Көпөлөк. Көрдүңбү, Бала аары! Бул бизди коргойт экен…
Бала аары. Ооба, Көпөлөк. Жүрү учтук. (Көпөлөк менен Бала аары Атауулду айланып ырдап-бийлеп, анын учуп чыгып кетишет).
Атауул. Мындай калдыркандар жоголуп кетти эле… Кайра пайда боло баштаптыр. (Сүйүнүп) Кудай буюрса бу тоолордо баары жакшы болот. (Чоорун алып «Насыйкатты» тартат).
Бул насыйкат, бул насыйкат мага калган,
Бул насыйкат сага калган.
Калган керээз бабалардан,
Өттү насыйкат,
Тоолордон, талаалардан э-э——-й.
(Сагызгандын шакылыктаганы угулуп, анан Сагызган келет. Канаты менен бетин желпип, Атуулдун алдына чалкасынан түшүп энтигип жатып калат).
Атауул. Башыңдай бир үзүм май берейин. Ачык айтып, ак сүйлө Сагызган.
Сагызган. Ооба… Тим эле майды чөнтөгүңө салып жүрсөң да… Бербейсиң. Адамдар жөн эле ошентип айта бересиңер.
Атауул. Ии… Эмне мынча энтигип? Жоо кууп келатабы?
Сагызган. Жоо келатат. Сен бу жерде «Бул насыйкат, бул насыйкат» чоор тартып жыргап отурсаң, тиякта «Сай сагызган эй сайда экен» деп бирөө келатат. Мылтыкчан. Мобу алтынга алмашкыс башымды ыргыта атып сала жаздады.
Атауул. Мен да ошону издеп жүрөм. Чын айтасыңбы?
Сагызган. Калп айтсам кара башыма көрүнсүн.
Атауул. Жол башта анда. Каерге жетип калды?
Сагызган. Босогодо. (Кетишет)
ҮЧҮНЧҮ КӨРҮНҮШ
Ошол эле көрүнүш. Кермарал, Бугучары менен жол жүрүп келатат.
Бугучар. Биз кайда баратабыз, энеке?
Кермарал. Үйүрүмдөн айрылып, атаңдан ажырасам да, сени карышкырга алдырбай, илбирске чалдырбай, кыштан аман алып чыктым. Эми, ыйык жерге тайынганы ээрчитип баратам.
Бугучар. Ал кайда?
Кермарал. Улуу тоонун койнунда.
Бугучар. Ал жерде эмне бар?
Кермарал. Ал жерде Мүйүздүү энеден калган ыйык таш бар.
Бугучар. Энеке…Биздин тоолор биринен бири кооз экен, ээ?
Кермарал. Бул тоолор… суу… көл… токой… ушунун баары сеники.
Бугучар. Ай-ий… Баары… баары меникиби? (Ойноктоп секирип турат).
Кермарал. Баары. Мобу таш да… гүл да, сен тебелеген чөптөр… учуп жүргөн көпөлөк… аары… баары сенин досторуң. Сен алар менен ынтымакта жашышың керек. Эч кимисин таарынтпашың керек.
Бугучар. Ташты дагыбы?
Кермарал. Ташты дагы. Ал сен секирип ойногондо көтөрүп турат.
Бугучар. Энеке. Таштын жаны жок да.
Кермарал. Бар. Ким айтат? Бул ааламда бардык нерсенин тили бар. Ташта да. Сууда да. Шамалда да. Уга билүү керек.
Бугучар. Кантип?
Кермарал. Көңүл коюп. Алдыга кетпе.
Бугучар. Эмнеге?
Кермарал. Ууру алат.
Бугучар. Макул. (Бугучар ойноктоп ар кайсы чөптү жыттап артта калып калат).
Кермарал. Артта калба. Карышкыр жейт. (Бугучар элеңдеп чуркап келет). Катар бас. Улуулар сүйлөп жатканда башкага алаксыба. Көңүл коюп ук.
Бугучар. Макул энеке.
Кермарал. Кеч кирип баратат. Бүгүн ушул жерге түнөйлү. Эртең жолубузду улантабыз.
(Түн. Кермарал ташка чыгып эки жакты карап, анан таштын түбүнөн орун алып жатат. Бугучар ойну канбай улам бир ташка секирип, оюн салып, уйкусу келбейт).
Бугучар. Энеке! Асман экөөбү?
Кермарал. Жок. Асман бирөө эле.
Бугучар (ташка чыгып). Тээ ылдый жакта эмне бар? Ал жакта да жылдыздар жанып атпайбы…
Кермарал. Аны билип кереги жок.
Бугучар. Эмнеге?
Кермарал. Эс алалы. Эртеңки жол алыс. Бүгүнкүдөн алда канча татаал болот.
Бугучар. Эмнеге айткың келбей жатат. Чуркап түшүп барып билип келейинби?
Кермарал (алдын тосот). Барууга болбойт. Алар бизди издеп өздөрү келет.
Бугучар. Кимдер?
Кермарал. Адамдар.
Бугучар. Энеке… Алар да биздикиби?
Кермарал. Жок… Биз алардыкыбыз.
Бугучар. Эмне үчүн?
Кермарал. Алар жер үстүндөгү жан-жаныбардын баары биздики деп ойлошот. Бир кезде башкача болчу.
Бугучар. Энеке… Алар бүркүттөн да кыйынбы?
Кермарал. Кыйын.
Бугучар. Илбирстен дагыбы?
Кермарал. Илбирстен дагы.
Бугучар. Ой-ий… Анда адамдар баарынан кыйын турбайбы. Энеке! Мен да адам болгум келип атат… (Секирип бийлеп жөнөйт. Кермарал ыргып турат).
Кермарал (чочуп). Бугучар… Музоочугум… токто… сөзүңдү кайра ал… кайра ал!..
Бугучар. Энеке… Мынча эмне коркуп кеттиң? Адамга айлансам жаманбы? Мен адам болсом… Силерге эч ким… эч ким, эч ким курал көтөрбөйт. Кайберендер улактарынан ажырап ыйлабайт. Анан сага окшоп жалгыз улагын калкалап, жер кезип ыйык жерге тайыныш үчүн узак жолго чыкпайт. Мен баарыңарды коргойм. Анда ар ким өз туулган жерин мекендеп, коркпой жашайт.
Кермарал (кулагын басып). Сөзүңдү кайра ал балам.
Бугучар. Эмнеге?
Кермарал. Себеби… Себеби миң жылда бир жолу… ( Кермарал оозун кармап унчукпай калат).
Бугучар (сүйүнүп кетет). Миң жылда бир жолу?!… Миң жылда бир жолу эмне болот, энеке?!
Кермарал. Айтууга болбойт… Кыйнаба балам. Тыюу салынган.
Бугучар. Ким тыюу салган?
Кермарал.Мүйүздүү эне. Алардан белги болмоюнча айтууга болбойт.
Бугучар (ого бетер кызыгып). Энеке! Айтсаң кандай белги болуш керек?
Кермарал. Болду. Уктайлы. (Ушул мезгилде жылаажын коңгуроонун шыңгыраганы угулат). Оо, Жараткан Теңирим!..
Бугучар. Энеке… бу эмне?
Кермарал. Бул белги… Мүйүздүү эненин жылаажын коңгуроосу… ( Тыңшап калат. Асмандан жылдыз болуп мүйүзүндө жылаажын коңгуроосун шыңгыратып Мүйүздүү эненин силуэти өтөт). Миң жылда бир кайталанчу сырдуу үч белгинин бири ушу балам. Мүйүздүү эне жаратылыш ойгонгон жаздын бир түнүндө, өзүнүн урпактарын түгөлдөп, аларга өмүр тилеп асмандан жылдыз болуп учуп өтөт. Бул сырдуу аян. Жакшы белги, музоочугум…
Бугучар. Энеке, музоочук дебечи. Мен чоңойгондо… супсулуу марал болом.
Кермарал. Үр кызындай сулуу марал болосуң чоңойгондо. Азыр музоочуксуң… Кырсык адашып таппай калсын деп музоочук деп… Бугучар деп атаганбыз.
Бугучар. Жакшы белгинин экинчиси кандай, энеке? Мен билгим келип атат.
Кермарал. Ташты жарып жоогазын гүл ачат. Ошондо бейпил заман болот бизге.
Бугучар. Үчүнчүсүчү? Үчүнчү белги кандай?
Кермарал. Адам баласынын оозунан ыйык сөз чыгат…
Бугучар. Эмне деген?
Кермарал. Аны билип кереги жок.
Бугучар. Миң жылда бир жолу дагы эмне болот?
Кермарал. Болот. Миң жыл мурун… Кудайдын кудурети менен кайберен тукумунан бир кыз адамга айланган.
Бугучар. Чын элеби? (Сүйүнөт). Кантип? Айтсаң энеке… (Жарык өчөт).
ТӨРТҮНЧҮ КӨРҮНҮШ
Б а й ы р к ы ж о м о к
Акмөңгүлүү тоолор. Жаз. Бугунун терисинен кийим кийген, 12-14 жаштардагы сулуу кыз ооз комуз кагып, улактарды таштан ташка секиртип тактеке ойнотуп, оюндун кызуусунда. Башындагы саймалуу кеп такыясы да бугунун терисинен жасалган.
1-Улак. Так, так, тактеке,
Кыйын болсоң чык, жеке!
2-Улак. Чык десең жеке чыгамын,
Сени чалып жыгамын. (Улактардын бийи. Улактар бий аркылуу таймашат).
1-Улак. Так,так, тактеке…
2-Улак. Баатыр болсоң, чык жеке!
1-Улак. Тактеке биздин бийибиз…
2-Улак. Тоо койну биздин үйүбүз…
1-Улак. Аксай, Арпа төрүбүз,
2-Улак. Ысык-Көл, Соң-Көл көлүбүз…
Үрмарал (кошулуп). Ак калпактуу элибиз…
1- Улак (бийин токтотуп). Сен эмне эле аларды мактай бересиң?
Үрмарал. Алар улуу… Адам.
1-Улак. Кокус кармап алышса, териңди тескери сыйраарын эсиңден чыгарба.
Үрмарал. Жок. Алар мени кармап алышса, Кайберендин тукуму деп кадырлашат.
2-Улак. Үрмарал… алар сени кармабай эле коюшсунчу. Эгер сага адамдын колу тийсе… сен…сен кайра маралга айланбай каласың да!
Үрмарал. Ооба… эгер адамдын колу тийсе ошондой болушу мүмкүн. Алардын оозунан касиеттүү бир сөз чыгышы керек. Бирок… коркпо. Ал сөздү айта алышпайт. Колу да тийбейт. Мен алыстан гана алардын баскан турганын, ырдап-бийлегенин карап туруп… коркунуч пайда болгондо бугуга айланып качып кетем.
1-Улак. Үлгүрбөй калсаңчы эгер?
Үрмарал. Үлгүрөм… Далай жолу качып кутулбадымбы. (Бутактанган мүйүзүндө жылаажын коңгуроо шыңгыраган Мүйүздүү эне келет).
Мүйүздүү эне. Талашыңар эмне?
1-Улак. Энеке! Карачы… Үрмарал дагы адам кебин кийип алды.
Мүйүздүү эне (Үрмаралды карап). Кызым… Башкача сулуу болуп кетипсиң… (Суктана карайт). Тү-тү! Көз тийбесин. Көп кызыкпасаңчы… Адамдын жүгү биздикинен алда канча оор…
1-Улак (Үрмаралга). Ии… айттым беле сага!
Үрмарал. Энеке… мен аларды жакшы көрөм. Мен да адам болгум келет.
Мүйүздүү эне. Сен кайберендин тукумусуң… Сага Жараткан миң жылда бир келчү касиетти берген. Ошентсе да… Чеч кебиңди.
Үрмарал. Энеке… бир аз… бир аз эле ойной турайынчы. Бул жерге эч ким келбейт… эч ким көрбөйт.
Мүйүздүү эне. Мейли… Биз жайыт чалып келели. Силер бул жерден эч кайда кетпегиле.
Үрмарал. Макул энеке! (Мүйүздүү эне кетет. Үрмарал ооз комузун кагат. Улактар оюндун кызуусунда. Ташка далдааланып келаткан Асанмырза менен Эсенмырза сахнанын бир четинде пайда болот. Экөө тең кайберендер жыт албасын деп бугунун терисин жамынып алган).
Асанмырза. Көрдүңбү?
Эсенмырза. Көрдүм. Кадимки эле кыз го?
Асанмырза. Айтсам ишенбейсиңер… Кадимки эле кыз.
Эсенмырза. Бугулардын үйүрүндө кайдагы кыз болмок эле? Көзүбүзгө жин шайтан көрүнүп жатпасын?! Же Жезтумшук болуп жүрбөсүн, ыя?
Асанмырза. Суу жүрөк.
Эсенмырза. Жүрү, кетели айылга. Баары бир бизге эч ким ишенбейт.
Асанмырза. Ишендиребиз.
Эсенмырза. Кантип?
Асанмырза. Сен да ишенбей аттың беле мага? (Эсенмырза баш ийкейт). Эми ишендиңби? (Эсенмырза баш ийкейт). Эмне тил байланып калдыңбы?
Эсенмырза. Ишендим. Бирок… элди кантип…
Асанмырза. Кармап барсак эл да ишенет.
Эсенмырза. Кармап эмне кыласың? Жүрө берсин…
Асанмырза. Сага алперем… (Каткырат). Бас… Бугунун терисин кийсек жыт алалбай калат деген менин акылым туура болуптурбу? Энеси да эч нерсе сезбей кетип калды. Буларды колго түшүрүш керек… (Жааны алат). Тиги эки улакты ыргыта атып, кызды кармап алабыз.
Эсенмырза. Атпагын, кудай жалгагыр. Бул жөн кыз эмес. Бул бир көзгө көрүнгөн Жараткандын сыры… бекер эмес. Каргышка калбайлы. Жааңды ташта. Урук-тууганыбызга, укум-тукумубузга залакасы тийбесин. Кан чыгарба. Атпагын…
Асанмырза. Мейли. Бир жолу сени угуп коеюн. Кээде момураган момундан да акыл чыгат. (Үрмарал улактар менен камаарабай ойноп жатат. Улактардын бийи. Асанмырза илбирстей жылып аларга жакындайт. Оюндун кызуусуна кирип алган немелер коркунуч жакындаган сезбейт. Бийлеп жатып 1-Улак токтой калат).
1-Улак (жыт алып). Токтогулачы… Чоочун жыт… (Эки жакты карамак болуп Үрмаралга жакындап калган Асанмырзаны көрөт). Үрмарал! Кач! Адам! (Үрмарал артына кылчая бергенде Асанмырза секирип келип колдон алат).
Үрмарал ( улактарга). Бир боорлорум! Силер качкыла! (Улактар качат. Бирок алыс узабай кылчактап карап турушат).
Асанмырза. Колго түштүңбү, Бугунун кызы!
Үрмарал. Кое бер колумду, адам баласы. (Эсенмырза келет энтигип).
Эсенмырза. Улактарга тийген жоксуңбу? Кое бер колун.
Асанмырза. Кое бербеш керек. Бул Кайберен эненин тукуму… кайып болуп кетет. Айылга алып барып буга нике кыйдыруу керек. Ошондо никеге байланып кете албай калат. (Жашынып тиктеп турган улактар ыйлап бетин басат).
Үрмарал (улактар тарапты карап). Бир боорлорум… Силер Улуу тоолорго кете бергиле. Энекем батасын берсин. Мен кайрылбай калдым… Адам баласынын оозунан «нике» деген касиеттүү сөз айтылып калды. (Улактар жарыша чуркап кетет).
Эсенмырза (суктанып). Сулуу да, акылдуу да көрүнөт.
Үрмарал (Асанмырзага). Адам баласы… Менин денеме биринчи сенин колуң тийди. Өзүң ал.
Асанмырза. Жок. Менин аялым бар. Керек болсо сенден акылдуу. Сени мынабу иним Эсенмырзага алперем.
Үрмарал (Эсенмырзаны карап). Нике кайыптан… Адам баласынан буюрган теңим сен болсоң… Макулмун.
Асанмырза. Колуктуңдун колун өзүң карма. Аялың жүүнү бош эле. Эми кайыптан катын алып багың ачылсын. (Үрмаралдын колун Эсенмырзага карматат).
Эсенмырза. Сен кайда?
Асанмырза. Коркпо. Улактардын артынан барбайм. Айылга кабар бергени алдыга жөнөдүм. (Чуркап чыгып кетет). Эл-журт! Сүйүнчү!.. Касиеттүү Кайберендин тукуму, мүйүздүү кыз келатат! Келин келатат! Энелер элечегиңерди камдагыла! Жеңелер чачылаңарды чачкыла!
Үрмарал (Эсенмырзага). Көрүп турам… Жаман адам эмессиң. Улунуп-жулунбаган кудайы момун адам көрүнөсүң. Бир туугандарың, ата-энең… баары жакшы адамдар… Бул агаң гана… карамүртөз, орой окшойт. Тукуму көп болбойт мунун.
Эсенмырза. Кантип билдиң?
Үрмарал. Билем… Мындан ары Үрмарал атым өчүп, Бугунын кызы, анан барып Бугу эне аталам… Мырзам! Бир өтүнүчүмдү аткар…
Эсенмырза. Эмне өтүнүч?
Үрмарал. Аткарасыңбы? (Эсенмырза баш ийкейт). Мен чачымды жууп жатканда карабагын. Эч качан… Макулбу?
Эсенмырза. Макул. (Экөө жетелешип чыгат. Жарык өчөт).
БЕШИНЧИ КӨРҮНҮШ
А з ы р к ы ж о м о к
Баштагы көрүнүш. Кермарал менен Бугучар. Эртең менен.
Бугучар. Ой-ий, энеке. Түндөгү Мүйүздүү эне жөнүндө жомогуң кызык экен,ээ?
Кермарал. Жомок эмес. Уламыш.
Бугучар. Уламыш жомок эмеспи?
Кермарал. Жомок ойдон чыгарылат. Уламыш чындыкка жакын болот.
Бугучар. Анда Мүйүздүү эне болгонбу?
Кермарал. Болгон. Кайып болуп кеткен.
Бугучар. Эмнеге?
Кермарал. Себеби, адам баласы сөзүнө турган эмес. (Cагызгандын үнү угулат. Кермарал кооптоно эки жагын карайт).
Бугучар. Энеке! Мен да адам болгум келип кетти. (Энтигип араң дем алган Сагызган келет).
Сагызган (Бугучарга). Адам болом?! Адамдар өзү адам боло албай атса… сага ким коюптур? Кермарал! Кач! Тезирээк качкын!
Кермарал. Ыракмат, Сагызган. Чын эле чоочун жыт… Бул жерден тез кетели… Тез…Тез балам… (Чуркап чыгып кетишет. Сахнага бир аздан кийин Кемуул чуркап чыгат).
Сагызган. Кырсык келди тоого… кырсык…
Кемуул ( Сагызганга). Сен да жетип келдиң беле бу жерге? (Таш алып урат. Сагызган буйтап кетет). Оңбогон сынык мүйүз, куу марал. Сезип калдың ээ! Шашпа! Сенин артыңдан сая түшүп, жердин жети катарына житип кетсең да атып албасам элеби?! Баарынан да музоосучу! Тим эле баглан козудай бышып турган кези экен. Ох! Кадырлуу конокторго куурдак жасап берсем! Мындан өткөн чүйгөн тамак болобу? (Сахнага Атауул чыгат).
Атауул. Жол болсун, жолоочум. (Учурашат). Кайда баратасыз?
Кемуул. Тоого. Жайлоого.
Сагызган. Калп айтат.
Атауул. Жалгызбы?
Кемуул. Эмне болбойбу?
Сагызган. Жанын жейт. Былтыр да вертолет минген жапайы мергенчилерди ушул ээрчитип келген.
Кемуул. Ушу Сагызгандын шакылыктаганы өттү. (Таш алып урмак болот).
Сагызган. Акича-ай! Өлтүрдү.
Атауул. Бул жер табигый корук. Ташты таштаңыз. Мергенчилик кылууга болбойт. Бул жерде жан-жаныбарлардын баары кызыл китепке кирген.
Кемуул (ташын таштап). Мобу шакылдаган Сагызган да кызыл китептеби?
Сагызган. Мына… ишенбесең бутумда шакекчем бар. Сагызган Саргалдаевич…
Атауул. Кызыл китепте.
Кемуул. Гүл терсем да болбойбу?
Атауул. Болбойт. Жок болуп бараткан гүлдөрдүн түрлөрү өсөт. Эскертип коеюн.
Кемуул. Алар да кызыл китепке киргенби?
Атауул. Айтып атпаймынбы. Бул жер корук. Жок болуп бараткан жан-жаныбарлардын… өсүмдүктөрдүн түрлөрү жашайт. От жакканга да болбойт. Чөптөргө… бадалга өрт кетет.
Кемуул. Деги кызыл китепке кирбеген эмне калган?
Атауул. Эс алууга да жоого бараткансып мылтык асынып чыксак, туш келди аткыласак… баары кызыл китепке кирет да анан?!.
Сагызган. Кызыл китепке сен эле кире элексиң. Кирбейсиң да.
Кемуул. Ээ-э-эк!.. Мойнун жулуп таштаса…
Атауул. Тийбеңиз.
Кемуул. Анан эмне шакылыктайт кулак мээни жеп… Кетчи, эй!
Сагызган. Өзүң кет.
Кемуул. Ушунун шакылыктаганынан бирдеме түшүнүп жатасыңбы?
Атауул. Сизди кет деп жатат.
Кемуул. Койчу! Тим койсо канатууларга тилмеч болуп кетесиң да.
Атауул. Мылтык алып жүрүүгө уруксаат барбы?
Кемуул. Бар. (Документин берет. Атауул көрөт).
Атауул. Ырахмат. Баары жайында экен. Бирок… жайлоого бу коруктан барчу жол жок. Тээ тиги чоң сууну көрдүңүзбү? Жол жайлоого ошо сууну бойлоп кетет. Артка кайтышыңыз керек.
Кемуул (аргасыз). Болуптур.
Сагызган. Барагой, бар… (Кемуул Сагызганга бир тап берип алып чыгат). Эч кандай жайлоо-пайлоого барбайт бул. Мергенчиликке чыккан неме. Былтыр да ушу маалда Ашуу-Төрдө жаткан бугулардын үйүрүнө вертолет минген мергенчилерди апкелген ушул…
Атаауул. Көрөбүз. (Ушу маалда Кемуулдун ачуу кыйкырыгы угулат. «А-а! Жардамга!» Атауул менен Сагызган чуркап чыгат. Бир аздан кийин бутун сүйрөп бакырган Кемуулду Атауул колтуктап келет).
Кемуул (бакырып). Акырын…Бутум…бутум….
Атауул. Акырын… Отуруңуз… Эмне болуп кетти?
Кемуул. Тайгаланып жардан учуп кеттим.
Сагызган. Сооп болуптур. Кайберендин каргышы тийди буга.
Атауул. Кана көрөлүчү. (Кемуул кол тийгизбей сайын онтоп бакырат).
Кемуул. Сынып кетти окшойт.
Атауул. Жаман аялча бакыра бересизби… Биринчи медициналык жардам көрсөтүү керек. (Кемуулдун багалегин түрүп).
Кемуул. Жок… Андан көрө эптеп айылга жеткир.
Атауул. Кайсы жериңиз ооруп жатат?
Кемуул (онтоп). Жамбашым сынды окшойт.
Атауул. Таңыш керек.
Кемуул (спорттук костюмун берип). Ме… муну менен оро. (Бакырып атып оротот). А-ай! Акырын! Ой, жаным – ай!
Сагызган. Өлбөйт. Катуу эле таң. Ооруган кандай болорун билсин. (Атауул таңат).
Кемуул (сагызганды карап). Таң атпай шакылыктаганы бузук болчу мобу Сагызгандын. Каскак.
Атауул. Ордуңуздан козголбой жатып туруңуз. Мен базага барып санавиация чакырайын. (Кетет).
Сагызган (Кемуулга). Бутуң эмес, алдагы мылтык кармаган колуң сынса болмок…
Кемуул. Кыш-ш!..(Телефонун алып чалат). Алло-о! (Сагызган кайрылып тыңшап, акырын жакындайт). Дос! Камдана бергиле. Кермаралдын изине түшкөндө… Бу жерде корукчу бар экен. Ошол неме тоскоол болуп… Ооба… Ооба.. Өз көзүм менен көрдүм. Укмуш… Алыс кетпейт. Бир аздан кийин чалам. Ошол жерге келип каласыңар.
(Телефонун жанына коюп, өзүнүн жасаган куулугуна өзү ыраазы болуп чалкалап жатат). Сылыктыгына не бересиң… Тынч жата туруңуз деп… А-ха-ха! Азыр… Жата турам… жата турам. (Белинде таңууну чече баштайт. Ушул учурда Сагызган акырын келип кол телефонду илип кетет). Ташта! Эй, ташта дейм… (Кубалайт. Сагызган буйтап качып, секирип ташка чыгып телефонду бийиктиктен ташка таштайт. Кол телефон чачырап жатып калат. Кемуул мылтыкка чуркайт).
Сагызган. Акича-ай! Жардамга! (Уча качат).
Кемуул. Тезинен из суутуш керек бул жерден. (Мылтыгын, буюмдарын алып чуркап чыгат. Сахнанын сыртынан Сагызгандын «Атауул! Бол! Тезирек! Качып кетти!» деп кыйкырган үнү. Энтиккен Атауул келет).
Атауул. Ким?
Сагызган. Жанагы неме.
Атауул. Эмне болду?
Сагызган. Ал алдаптыр. Качып кетти.
Атауул. Кайсы тарапка кетти?
Сагызган. Быякка. Билем… Бул эртең менен Кермаралды көрүп калыптыр. Ошонун артынан кетти. Бол… Андан мурун жетели…
Атауул. Кеттик… (Кетишет. Музыка. Сыздаган “Насыйкат”).
АЛТЫНЧЫ КӨРҮНҮШ
Жайык. Сахнага элеңдеп артын караган Кермарал менен Бугучар келет.
Бугучар. Кооз жер экен ээ? (Туш тарапты карап токтойт).
Кермарал. Чарчадыңбы? Бираз эс алып алалы.
Бугучар. Жок, энеке. (Кермарал дем алып көзүн жуумп жатат. Бугучар таштан ташка секирип ойнойт. Сахнага Бала аары менен Көпөлөк учуп кирет. Алар ушунчалык тездик менен учкандыктан, экөө тегеренип жүрүп Бугучарды сүзүп алып корккондуктан отура калып ыйлап жиберишет).
Бугучар. Ой! Силер кимсиңер?
Көпөлөк. Сенчи?
Бугучар. Мен Бугучармын.
Көпөлөк. Мен көпөлөкмүн. Бул Бала аары.
Бугучар. Энеке! Бизге аары менен Көпөлөк келди! Карачы кооз экен…
Кермарал (башын көтөрүп). Булар бала го?.. Адегенде сооротолучу. Эмне болду, балакайлар?
Көпөлөк. Адашып кеттик. (Бугучар тиги экөөнү кызыгып карап ойнун улантат).
Бугучар (тегеренип чуркап). Энеке канаты бар экен. Учат экен.
Кермарал. Кайда бараттыңар эле?
Көпөлөк. Гүл издеп. Кө-ө-п… момунча
Бала аары. Мен дагы. Шире чогултканы.
Бугучар. Шире деген эмне?
Кермарал. Ширени ушу тоодон чогутат бекен?
Бала аары. Тоо гүлүнүн ширеси касиеттү дешкен.
Кермарал. Кимдер?
Бала аары. Чоң аарылар.
Бугучар. Энеке. Шире деген эмне?
Кермарал (Бугучарга). Гүлдөн чыккан таттуу даам. (Аары менен Көпөлөккө). Силерди ата-энеңер үйдөн алыс барбагыла деп эскерткен жок беле?
Бала аары. Эскерткен.
Кермарал. Эскертсе эмне үчүн уккан жоксуңар?
Бала аары. Ойноп жүрүп…
Көпөлөк. Алыс кеткенибизди билбей калдык.
Кермарал. Болду эми ыйлабагыла. Кел, келегой. (Экөөнү сооротот). Ыйлаак жана коркок балдарды тоолуктар жаман көрөт.
Бугучар. Анан улуулардын сөзүн укпагандарды..
Кермарал. Анан ата-энесинин сөзүн укпаган ээнбаш балдарды жаман көрөт.
Бугучар. Мен дайым сени угам ээ, энеке?!
Кермарал. Угасың. Сен жакшы кызсың да.
Бугучар. Көрдүңөрбү. Улуулардын сөзүн дайым угуш керек. Мен жакшы кыз болом. Чоңойгондо мындан да бийик тоолорго чыгам. Кайберендерди, чөптөрдү, гүлдөрдү баарын… баарын коргойм. Келгиле … дос болобуз. Чогуу коргойбуз.
Бала аары. Кел… чын эле достошобуз.
Көпөлөк. Келгиле. (Буттарын, колдорун, чекелерин тиййгизип кандайдыр бир ритуал менен достошушат).
Бугучар. Сенин ырың барбы?
Көпөлөк. Бар. Сеникичи? – Мен көпөлөк, көпөлөк,
Бийик учам көкөлөп…
Кооз гүлдү тандайбыз
Аары досум экөөлөп
Бала аары. Менин да ырым бар. – Мен аарымын, аарымын,
Көп нерсеге дарымын.
Жашоо болот таптаттуу,
Даамын татсаң балымын… Бүттү (жүгүнүп коет). Сен ырдачы, эми…
Бугучар. – Мен маралмын,
Сулуу болуп жаралдым.
Тактекедей секирем,
Тоого-ташка бекинем.
Тентек кыздан болбоймун,
Табийгатты коргоймун
Баары (кошулуп бийлеп кетет). Тентек бала болбойбуз,
Табийгатты коргойбуз.
Кермарал. Балакайлар… Кара, заматта коркконун унутуп ойноп кетишкенин… Бугучар! Жолду уланталы. Биздин артыбызда куугун бар экенин унутпайлы. Кеттик. (Басып келатышат).
Бала аары. Кайда?
Кермарал. Жаман адам жетпей турган касиеттүү жерге.
Бала аары. А бизчи?
Кермарал. Жүргүлө биз менен. Гүл деген ошол жерде.
Бугучар. Бизди бир жаман киши кубалап келатат. Момундай мылтыгы бар.
Көпөлөк. Андан биз да корктук. Кооз гүл экен деп коно калсам…
Бала аары. Мен дагы ширесин сороюн десем… ыргыта чапты дейсиң… Аз жерден канатыбызды сындырып кое жаздады.
Көпөлөк. Ошондон коркуп качкан бойдон безилдеп учуп отуруп… үйдөн алыстан кеттик. (Сүйлөшүп жүрүп отуруп Саймалуу таш менен жогогазынга келет).
Көпөлөк. Ой… бул эмне?
Кермарал. Бул жоогазын. Гүл.
Бала аары. А сенчи?
Саймалуу таш. Мен саймалуу ташмын. Тарыхмын.
Көпөлөк (Жоогазынга барат). Аты кызык экен. Жоо-газын…
Саймалуу таш. Кызык болсо билип алгыла. Бул гүл жоокердин канынан жаралган.
Бала аары. Кантип?
Кермарал. Илгери…илгери… Ата-журтун коргоп майданда жоокерлер курман болушкан.
Саймалуу таш. Баары кырчындай жаш… сулуу… баатыр болгон.
Кермарал. Алардын каны тамган жерге Жоогазын өсүп чыккан.
Көпөлөк. Ай-ий…
Кермарал. Булар жаз сайын чыгат.
Бала аары. Ушунун баары жоокер болгонбу? Жер жайнайт го…
Саймалуу таш. Баары. Мурда мындан да көп болчу.
Кермарал. Адамдар мурда жоокердин канынан жаралган ыйык гүл деп үзүшчү эмес. Жазында биз жайнап гүл ачканда үзмөк тургай, өтүп бараткан жолоочу аттан түшүп шейит кеткендерге куран окушчу.
Көпөлөк. Азырчы?
Кермарал. Азыр анын баары унутулду. Кийинки муун көп нерсени билбей калды. Булар да жок болуп баратат.
Көпөлөк ( таң калып). Кантип?
Кермарал. Тамыры менен жулуп… гүлдөтпөй, бүрдөтпөй…
Көпөлөк. Тамыры менен жулуп эмне кылат? Жейби?
Бала аары (кыткылыктап гүлдөн гүлгө конуп жүрөт). Макоо! Гүлдү жемек беле? Базарга алпарып сатат.
Көпөлөк. Анысы жаман экен… (Ойлонуп). Бул жерде деле куурайт да. Айырмасы кайсы?
Кермарал. Бул жерде аары экөөңө шире берет. Урук байлайт. Артына тукум калтырат. Көпөлөк. А бирөөлөр деген ким?
Кермарал. Алар шаардан келет.
Бала аары. Алар жанагы экөөбүздү кубалган эмеге окшош.
Кермарал. Саймалуу таш… Ата-бабам жердеген ыйык төр!.. Амансыңбы? (Өпкүлөйт. Бугучар, Көпөлөк, Бала аары Саймалуу ташты, көз жоосун алган Жоогазынды, Саймалуу таштын боорундагы сүрөттөрдү таң кала карап жүрүшөт).
Саймалуу таш. Амансыңбы, Мүйүздүү эненин урпагы…
Кермарал. Баягыдай эле сырдуу, сүрдүү экенсиң. Бооруңда Жоогазын гүлдөп ого бетер кооз болуп кетипсиң…
Саймалуу таш. Ал сен үчүн жакшы белги.
Кермарал. Билем. Биринчи белгини сездиңби?..
Саймалуу таш. Уктум.
Кермарал. Кайберен тукуму бүт уктубу?
Саймалуу таш. Уктум, Кермарал …Үйүрүңдөн айрылып, Бугуңдан ажырап, улуу тоону караан тутуп келатканыңды да билгем. Мүйүздүн эки бутагы сынык… адам баласына эки балаңды алдырганыңды да уккам, Кермарал… Учкан куш, сыдырым жел, жааган жамгыр болуп сенин зарың жеткен мага.
Кермарал. Жер тарып баратат бизге. Өткөн жайда вездеход деген эме менен келип, окту жамгырдай жаадырып, артыбыздан кубалап атып кыргын салды. Мен бир жар таштын коңулуна музоомду боорума басып жашырып аман калдым. Алар үчүн биз бир кумардан чыга турган бутага айландык…
Саймалуу таш. Аның чын… Эстерине келбесе… табийгат кечирбейт зомбулукту…
Кермарал. Саймалуу таш… Карачы… сенин бооруңда сүрөтү тартылган адамдар азыркыдай эмес эле го?! Бир боор элек го?! Бири-бирибизди түшүнүчү элек го?! Булар эмне мынча таш боор болуп баратат? Сактап кал. Тукумум улансын.
Саймалуу таш. Ыйлаба, Кермарал. (Сагызгандын кооптуу шакылдаган үнү угулат).
Кермарал. Алар артымдан түшүп быякка келатышат. Уктуңбу? Сагызган кабар берип жатат. (Сагызган канатын зорго шилтеп келет. Саймалуу ташка жөлөнөт).
Сагызган (энтигип). Кырсык келатат… кырсык! Саймалуу таш… Касиетиңден айланайын… Бир сыр көрсөтчү… Кермаралды музоочугу менен сактап калалы.
Саймалуу таш. Карагай бою кар жааса да кайышпаган, көчкүдөн көкөлөп учуп кутулган, ишке так, өтө сак Сагызган баатыр! Мынча эмне алактап коркуп алгансың?
Сагызган. Сен ташсың. Сага ок тийсе ок өзү өлөт. Мага тийсечи… мен өлөм да?! Менин алтындай башым жулунуп кетет. Анан ким сакчы болот силерге? Ким чабарман болот? Ким кабар алып келет?
Кайберен. Музоочугум! Бери басчы.
Бугучар. Азыр энеке. Кооз сүрөттөр экен. Көрүп алайынчы.
Кайберен. Сагызгандын айтканын угуп жатасыңбы? Бери кел. (Абадан жыт алып). Келатат. (Бугучарга чуркайт. Бугучар коркконунан секирип ташка чыга качат. Бет алдынан дабыш алдырбай келаткан Кемуул чыгат).
Сагызган. Акича-а-й! Өлдүк!
Кемуул (Сагызганга). Сен жетип келдиң беле? Ушу сени биринчи жайлайын. Сеники өтүп кетти. (Атат. Ок тийбейт. Мылтыктын үнүнөн корккон Көпөлөк канаты менен бетин жаап ыйлай баштайт, Бала аары ызылдап айланып учуп жүрөт. Сагызган кулап түшүп, тоголонуп турат. Бугучар коркконунан калтырап баса албай калат. Кермарал Бугучарга жетпейт).
Кемуул (Кермаралга). Менден кутулам дедиң беле? Азыр бооруңду жара атып, вездеход менен жүктөп кетем. Ал эми мобу дирилдеген музоочугуңду… кара коркконунан баспай калыптыр… тирүүлөй кармап, шаарга алпарып куйкалатып бышыртам… ал эми мүйүзүңдү… мүйүзүң укмуш экен…
Кермарал. Балама тийбегин. Мени ал.
Кемуул. Колго түшкөн коенду, кое берген оңобу… Экөөңдү тең алам.
Атауул (чуркап чыгат). Ташта мылтыкты!
Кемуул (мылтыгын Бугучарга сунат). Сен да ташта. Болбосо, мобу бугунун баласын жалпайта атам.
Атауул. Экөөбүз тең таштайлы.
Кемуул. Болуптур.
Атауул. Мылтыгыңды тарт. Үч дегенде жерге экөөбүз тең коебуз. Мен эч жакка кабар бербейм. Иш козготпойм. Кана… Бир… эки…
Сагызган. Абайла… Дагы алдап кетет.
Атауул. Үч… (Жерге коет. Кемуул жерге коюмуш болуп туруп, Атауулдун мылтыгын тээп жиберип, өзүнүн мылтыгын шап ала коюп Атауулду мээлейт).
Кемуул. Келесоо! Эй, коргогонуң ушуларбы? Аары… Көпөлөк…
Атауул. Ушулар. Бул жок болуп кетсе жер жүзүндө жашоо токтойт. Ансыз да көпөлөктөр азайып кетти.
Кемуул. Анан гүл… Саймалуу таш.
Атауул. Ооба… гүл… Саймалуу таш биздин тарыхыбыз. Койсоңчу!.. Куштун тилин билген, жылан менен сүйлөшкөн элдин тукуму элек… Эмне болуп баратабыз деги?!.
Кемуул. Кызыл китепке өзүңдү да киргизип коюш керек окшойт. Эй! Эколог… Биолог… Ботаник… Адегенде өзүңдү корго! Макулуктарды коргобой. Ушулар сенин жакшылыгыңды билип коюптурбу?! Бир Кемчонтой көрүнөсүң. Мен сенин ордуңда болсом… оңун оңго, солун солго соломокмун.
Саймалуу таш. Жакшылыкты билебизби, билбейбизби, азыр көрөсүң! Тим койсо, кайберен бүтүп адамга кол салгысы бар. Сагызган! Аары! Кермарал! Бүт табияттын күчү бизде! Ээн баш немени экинчи келгиз кылып эсине келтирип койбойлубу… (Саймалуу таш сүрөткө жараша кубулуп ар түрдүү формада көрүнөт. Бала аары Кемуулдун артына келип улам бир кулагынын түбүндө ызылдайт. Кермарал сүзүүчүдөй демитет. Сагызган шакылыктап ары-бери учат. Кемуул аарыны чабам деп бир колун бошоткондо, Атауул мылтыкты тартып алат).
Кемуул (Бала аары бир көзүн чагып алат). Ай… (Сагызган бир нерсе чачкандай болот. Кемуул бакырып экинчи көзүн басып бакырат. Кермарал көмөлөтө сүзөт).
Атауул (Кемуулга). Тур… (Эки көзүн баскан Кемуул турат. Бир көзү кызарып кеткен. Бир көзү агала. Атауул күлкүсүн тыя албайт). Эми сага мылтыктын деле кереги жок. Эй, мергенчи сөрөй! (Каткырык.) Сагызган заңы менен атып коргоноорун уктуң беле?!. Билип жүргүн.
Кемуул. Суу… суу берчи.
Атауул. Эми, кайсы жол менен келсең, кет ошол жолуң менен… Тезирээк суу таап көзүңдү жуушту унутпа. (Кемуул көзүн баскан боюнча кетет. Сагызган менен Кермарал артынан айбат кылып кубалап барып чыгарып салышат. Атауул канаты менен бетин жаап, бүрүшүп коркуп отурган Көпөлөккө, Жоогазынга анан Бугучарга келет). Ананай, Көпөлөк… коркпогун…Баары бүттү… Жамандыкты баарылап кууп жибердик.
Кон, кон Көпөлөк,
Бийик учкун көкөлөп.
Жазда сени күтөбүз…
Бала аары (кошулуп) Атауул досум экөөлөп. (Көпөлөк менен Бала аары кол кармашып бийлейт).
Атауул. Сен азаматсың, Бала аары! Эр жүрөк экенсиң! (Жоогазынга). Сен да коркуп кеттиңби, Жоогазын? Коркпогун. Сен жоокердин канынан жаралгансың да.
Саймалуу таш. Мен кан төгүлгөндөн корком. Адамдар бири бириңерге аяр болсоңор.
Атауул ( Бугучарга келет). Сенчи? Катуу корктуңбу? Карачы… Сени коргой тургандар көп. (Колун сунуп кармамак болот. Бугучар үркөт. Атауул акырын эркелетип жакындайт). Чоңойгондо сулуу марал болосуң…
Кермарал (Саймалуу ташка). Саймалуу таш… Кечээтен бери эки белги болду мага… Эми үчүнчүсү…
Атауул. Кел… келегой, таштан түшүрүп коеюн. Коркпогун. Менин Атауулмун. Мен да Бугунун баласымын. Биз бир тууганбыз.
Кермарал (сүйүнүп). Саймалуу таш…Адам баласынын оозунан ыйык сөз чыкты. Биз бир тууганбыз деди. Биз бир тууганбыз!
Көпөлөк. Биз бир тууганбыз!..
Бала аары. Биз бир тууганбыз!..
Бугучар. Биз бир тууганбыз!
Сагызган. Биз бир тууганбыз!
(Саймалуу таш менен Жоогазынды тегеренип бийлешет).
Саймалуу таш. Баарыбыз жаратылыштын балдарыбыз… Бир тууганбыз…
( Каткырык. Табышмак айтып бийлеп жатышат. Табийгат шаңданып турат. Кайберендин коңгуроосу угулат).
Каармандардын ыры:
Сагызган. Сай, Сагызган, Сагызган,
Атауул. Сагызган деп ким айтат?
Сагызган. Сакчы болгон киши айтат.
Кермарал. Киши айтат деп ким айтат?
Жоогазын. Кишендеги тай айтат.
Көпөлөк. Тай айтат деп ким айтат?
Бала аары. Таенеси кулпу айтат.
Сагызган. Кулпу айтат деп ким айтат?
Бугучар. Кудуктагы бака айтат…
Баары:
Ала-Тоо биздин жерибиз,
Ак калпактуу элибиз.
Ысык-Көл, Соң-Көл көлүбүз,
Аксай, Арпа төрүбүз.
Көбү төгүн, көбү чын,
Көрөрмандын көөнү үчүн.
Уламышты сөздү улайбыз,
Улуулардан сурайбыз
Урпактары билүү үчүн!
Жармы төгүн, жармы чын,
Жаш өспүрүм көөнү үчүн.
Жомок сөздү улайбыз,
Жомокчудан сурайбыз
Жаш муун окуп билүү үчүн!
Мүйүздүү эне. Ортоңор толсун балдарым. Ылайым Ала-Тоодо, Ыйык-Көлдө жакшылык көп болсун. Ылайым көз арткан Кемуулдардын көзү соолсун. Атанын уулдары көп болсун. (Ойноп жаткан Атауул баш болгон жан-жаныбарлары аластап чыгып кетет. Алар аны көрбөйт.)
КӨШӨГӨ
Эскертүү: Балдарга арналган драма. Ошондуктан көлөмү бир аз кыска. 40-45 мүнөт ойнолот.
«ТЕЛИБАЙ ТЕНТЕК»
(жаңы жомок)
КАТЫШУУЧУЛАР:
- Теңирберди (Телибай) – 11-12 жаштардагы бала
- Букачар – торпок
- Мавр – текечер
- Ананайка – козу
- Шантаклер – короз
- Бетховен – күчүк
- Карышкыр –
- Түлкү –
- Теңирбердинин атасы –
- Апасы –
Окуя биздин күндөрдө тоо арасында бир фермердин короосунда өтөт.
Тоого чукул салынган мал сарай. Үйдүн бир капталы көрүнөт, анын жанында иттин күркөсү. Сахнага экиге бөлүнгөн, короонун дубалы, дарбаза ачык. Сахнанын төр жагында тоо, тоо боорундагы чоң таш, коңул, андан бери короонун дубалы. Коңулдан Түлкү менен Карышкыр чыгып эки-жакты карап турат. Телибайдын ата-энеси үйдөн чыгып кетип жатат.
Телибай. Силер кайда шашып атасыңар?
Атасы. Биз шаарга барып келели.
Телибай. Менчи.
Атасы. Сен чоңойбодуңбу. Короо жайды-кара. Малдын жем-чөбүн ким салат, сен кетип калсаң? Ким сугарат?
Апасы. Биз бүгүн эле кайра келебиз. Корксоң Бетховенди бош кой. Дарбазаны эч кимге ачпа. Ээнбаштык кылба!
Телибай. Шаарга эмнеге барасыңар?
Атасы. Базарга. Жаңы жылга аз калды. Эки иштен бир иш, агаларыңа тамак-аш жеткире келебиз. Силерге белек ала келебиз. Канткен менен жаңы жыл келатпайбы! Мисалы, Ананайка менен Маврдын, Шантеклердин биринчи жаңы жылы.
Телибай. Ура-а! Мага коньки!
Ананайка. Мага кооз бантик!
Мавр. Мага күмүш коңгуроо!
Бетховен. Мага балмуздак!
Букачар. Мага да. Момундай. Чо-оң!
Шантеклер. Мага кара көз айнек.
Атасы. Каалаганыңардын бары болот. Тентек кылбай, урушпай, жакшы бала болсоңор баары болот. Жаңы жыл тартиптүү, эмгекчил балдарды жакшы көрөт. (Беркиклер сүйлөшүп жатканда апасы телибайга бир нерселерди шыбырайт).
Ананайка. Биз тентек кылсак жаңы жыл келбей коебу?
Атасы. Келбей коет.
Ананайка. Биз урушпайбыз ээ, балдар?!
Мавр. Аяз кыз келеби?
Бетховен. Аяз кыз келсе эмне кылат элең?
Мавр. Бийге чакырам.
Букачар. Сенби?
Мавр. Ооба. Мен керек болсо бий ийримине катышып жатам. Чын ээ, Телибай?!
Телибай. Чын, чын.
Мавр. Аяз кыз келеби жаңы жылда?
Атасы. Келет, келет.
Ананайка. Аяз атачы?
Атасы. Аяз ата да келет.
Апасы. Уктуңбу, балам. Унутпагын. Анан… үйдө корбкадагы балатыны алып чыгып жасалгалап койгун.
Шантеклер. Ура-а! Балаты кооздойбуз.
Ананайка. Аяз ата бизге белек апкелет, ээ?
Атасы. Апкелет. Сөзсүз апкелет. Кана, биз келгенче ар кимиң өз ишиңерди жасагыла. Анан келгенде текшерип көрөбүз. (Тигилер оюн салып чуркап чыгат. Бетховен оозун ачып эстеп, жай басат).
Бетховен(керилип-чоюлуп). Мен уктайм.
Апасы (Телибайга). Теңирберди,атаңдын айтканын уктуңбу? Эч кимге эшикти ачпа.
Атасы. Малды өз маалында сугаргын. Унутуп калба. Сарайдын оозун жакшылап бекит. Биз түнгө калбай келгенге аракет кылабыз. Кокус кеч кирип кетсе, прожекторлорду жарык кыл. Кудай сактасын. Чоң жигит болбодуңбу эми. Карачы бүт чарбаны сага ишенип таштап кетип жатабыз. (Кобурашып чыгышат. Телибай узатып коюп кайра келет. Магнитофонду коюп бир аз бийлейт. Тирөөчтөгү тулупту тепкиклеп чыгыш боевой искусствосунун билген приемдорун жасай баштайт. Ал өтө берилип ойногондуктан баарын унутуп коет). Мен… Жан Клод Вандаммын! Мен Стивен Сигалмын! Мен жеки Чанмын! Мен… Мен…(Иттин күркөсүнөн уйкусу бузулган Бетховен чыгат).
Бетховен. Сен Телибай тентексиң! Ким болмок элең… Уйку бербейсиңби?! Түнү бою короону кайтарсам. Бүгүн да кайтарам…(Телибай итти мойнунан кучактап, башынан сылайт).
Телибай. Бетховен… кечирчи…Бетховен кечирип койчу. Мына, музыканы өчүрдүм. Акырын ойнойм. Макулбу?
Бетховен(таарынычтуу). Бир аз эс алайын десе.
Телибай. Кечирим сурап жатпаймынбы!
Бетховен. Кечирдим. Эмне бересиң?
Телибай. Оо, тамаксоо десе…
Бетховен. Анда кечирген жокмун. Уйкумду төлө! (Таарынып эки колун жазданы жата кетет).
Телибай. Тамаша, тамаша. (Чөндөгүн аңтарат). Ме! Момпосуй. (Телибай чөнтөгүнөн алып чыгып бергенче, шыйпаңдап карап турат). Элдештикпи?
Бетховен. Элдештик.
Телибай. Бар эми, укта. Мен тигиндей барып ойнойм.(Ушу болгон окуяны Карышкыр менен Түлкү баятан бери алыстан байкап турат).
Бетховен. Кел, чогуу ойнойбуз.
Телибай. Жок. Сен эс алышың керек. (Бетховен кетет. Телибай үн чыгарбай кайрадан өзүнчө көнүгө баштайт).
Түлкү. Тигине…ата-энеси машинеге отуруп жатат. Бир жакка кетет окшойт.
Карышкыр. А тигиниси ким?
Түлкү. Ал кичүүсү. Колунда. Оюндан башка колунан эч нерсе келбейт. Буга жанагы компи… компи… атың өчкүр! Эмне эле?
Карышкыр. Компет…
Түлкү. Сага тамак эле болсо болду. Күлкүмдү келтирбечи, ай Каке!
Карышкыр. Анан эмне эле компи, компи дейсиң онтоп (Таарынып калды).
Түлкү. Таптым! Компьютер… буга компьютер менен телевизор болсо болду. Малын бирөө айдап кетсе да билбей калат. (Карышкырга).
Карышкыр. Бу эмне…окубайбы?
Түлкү. Окуйт. Айылдыгылр «Телибай» дешет. Өз аты Теңирберди.
Карышкыр. Эмне үчүн Телибай? Телибай деген жомокто жаман бала да?!.
Түлкү. Жанда жок тентек болсо айтат да. Короз уруштурчу. Козу-улакты сүзүштүрчү. Ал үчүн канча жолу атасынан тил укту. Итти айдактачу мага.
Карышкыр. Ошол элеби?
Түлкү. Шаардан жаңы келгенде кыргызча билчү эмес. Айткан сөзгө түшүнбөй баарын тескери жасачу. Жанда жок тентек болсо айтат да! Азыр кичине акыл кирип, токтолуп калды. Бул жерге жаңы көчүп келгенде…ой-бу-у-й…кызылдай эле жинди болчу. Эч болбоду дегенде чычкандын ийнине суу куйчу. Эшектин куйругуна шыпыргы байлап үркүткөнүчү… Бир жолу бирөөнүн тушалуу турган атын тушамышын чечип бошотуп жибериптир. Бошонгон ат кетет да оюн салып. Үч күндөн кийин табышты.
Карышкыр. Эмнеге бошотуптур? Күнөөсүн мойнуна алдыбы?
Түлкү. «Жаныбарларды коргоо» деген эл аралык комитет бар имиш. «Оттосун дегем» дептир. Мунун жоруктары толтура. Ошондуктан аны айылдыктар Телибай тентек деп атап алышкан. Бирок жаман көрүп эмес, эркелетип…
Карышкыр. Ата-энеси кайда кетишти?
Түлкү. Шаарга. Эки жумада бир шаарга каттап турушат. Балдарына тамак-аш жеткирип…
Карышкыр(тишин шакылдатып, улуп). А-у-у! Бизге да ушинтип бирөө тамак апкелип турса ээ?!Анда минтип салпактап кокту-колотто жүрбөй, бутту сунуп жатмакмын үйдө.
Түлкү. Үнүң өч! Акырын… Бу тентек бир жолу менин жолума капкан салып коюптур
Карышкыр. Анан капканга түшүп калдыңбы?
Түлкү. Жок.Капканды көрдүм да, колума ак жоолук алып алдынакелдим.
Карышкыр. Эмне деп?
Түлкү. Келишим түзөлү дедим. «Экөөбүз коңшубуз. Ынтымакта жашайлы» дедим. «Сен мага тийбе, мен сага тийбейм» – дедим.
Карышкыр. Анда мени эмне ээрчитип келдиң?
Түлкү. Ой, ким эле келишимди аткарып жатыптыр?! Адамдар өздөрү убадасына турбайт керек болсо! Мени түлкү дешет. Менден өткөн түлкүлөрү бар.
Карышкыр. Эй, мени эмне ээрчитип келдиң деп жатам? Сыйлык алганыбы?
Түлкү. Опей, ботом! Сыйлык алган эмнеси?
Карышкыр. Менин башыма байге сайылганын билбейсиңби? Бир карышкырга мынча миң сом деп.
Түлкү. Анан чебердеп кол салбайсыңбы короого… Хи-хи-хи… Башыңа байге сайылганын билбептирмин…хи-хи-хи…
Карышкыр. Билгенде эмне кылат элең?! Сага ишенип келген мен акмак! (Кетмек болот).
Түлкү.Эй, сен кайда? Ой, кокуй о-ой! Азууну берген кудай, сага акылды берген эмес экен да!
Карышкыр. Акылдуу болуп сага мүйүз чыктыбы? Жүрөсүң го мага окшоп, колума бирдеме урунар бекен деп кокту-колотту шимшилеп?!
Түлкү. Болду, болду эми. Карачы. Бул жер түгөнбөс кенч биз үчүн. Сен экөөбүз кырдан-кыр ашып тишибиздин кирин соруп жүрө бермек белек. Мына, булар деле шаарда ишин, үйүн таштап жан багыш үчүн фермер болуп алышты.Эт, май, жумуртка…койчу…азыр баары ушуларда! Экөөбүздүн эмнебиз кем? Керек болсо, баарын айдап алыска-алыска, адам буту баспаган жерге бир коктуга алпарып, биз деле фермер болуп албай жаныбыз жокпу…
Карышкыр (шилекейин жутуп). Мунуң жакшы акыл эй! (Түлкү Карышкырды коңулга түртөт).
Түлкү. Жашын. Мен барып келейин. (Кырдан түшүп короонун четине келет. Алаканын чаап). Баракелде, кошуна! Баракелде!
Телибай. А-а…куу Түлкү. Салам. (Ойногонун уланта берет).
Түлкү. Антип ыза кылба, кошуна! Андан көрө мага деле жакшы ат коюп берчи.
Телибай. Кандай?
Түлкү. Мындай… Жагымдуу! Өзүмө жарашкан…Мм…Мисалы…Мисалы… Алиса Прекрасная деп…(Телибай боорун тырмап күлөт).
Телибай. Сагабы? Алиса Прекрасная деппи?
Түлкү. Эмнеси бар экен? Күчүгүңө деле Бетховен деп ат койуп албадыңбы. Ага караганда мен сулуумун…акылдуумун. Эмне күлөсүң?
Телибай. Күчүгүмө эмне үчүн Бетховен деген ат койдум? Билесиңби?
Түлкү.Билем. Бир кинодогу акылдуу иттин аты Бетховен. Мени деле Алиса Прекрасная деп чакырчы.
Телибай (күлкүсүн тыя албай).Эй…Окусаң боло! Желип-жортуп жүрө бербей. Алиса эмес. Василиса Прекрасная… Ал ат сага жарашпайт. Сага куу Түлкү деген эле жарашат.
Түлкү. Окууну силерге эле бердим. Мен жүгүрүп жүрүп эле жан багам.
Телибай. Таң атпай кайдан чыга калдың?
Түлкү. Тоодон түшүп келатам.
Телибай. Шимшилеп жүрөм дечи.
Түлкү. Ой-ой-ой. Ошентип да айтат бекен? Жакшы бала жакшы сөз сүйлөйт. Атаң эмне деди эле? Жаман сөз айтпай жүр дебеди беле?
Телибай. Муну кара…Куусуң ээ, куу Түлкү. Бирөөнүн тоогун көтөрө качсам деп баратасың да. Бетховенди кое берейинби?
Түлкү. Кантет! Кошунасын да итке талатчу беле?
Телибай. Биздин короого тийдиң дегиче өлдүң дей бер.
Түлкү. Сеникине тийбесем болдубу? Ачкадан өлөйүнбү? Өз тамагыңды өзүң таап же деп Кудай бут берген. Экөөбүз келишим түзбөдүк беле?! Чынбы?
Түлкү. Сен бу тоолорго капкан салдырбайсың, иттерди тукурбайсың. Өлгөн-житкен малдын эти болсо, бизге гумжардам кылып турассың. Ушгинтип сүйлөштүк беле? Болду! Мен баарына ушинтип айтып жүрөм. Түлкү, карышкыр…(Телибай ойнун токтотуп, Түлкүнү карайт).
Телибай. Эмне карышкыр көрдүңбү?
Түлкү. Жо-жок! Кайдагы карышкыр?! Капысынан оозуман чыгып кетти. Тоодон түшкүчө жолумдан карышкыр чыкпаса экен деп коркуп келдим кыпылдап…Ал биздин номур биринчи душманыбыз да!
Телибай. Чыныңды айт! Карышкыр пайда болдубу?
Түлкү. Көрсөм көзүм кашайсын? Көргөн да, үнүн уккан да жокмун!
Телибай. Алдачу болсоң, эртең эле атам келери менен капкан салдырып коем.
Түлкү. Эми экөөбүз доспуз да. Досту да алдачу беле?! (Шыйпаңдап). Таң атканы оозума эч нерсе алелекмин.Тилим оозума батпай кургап кетти. Сүт берчи кичине.
Телибай. Сүт жок. Апам бизге ченеп калтырып шаарга алып кетти.
Түлкү. Көптөн бери жөжөлөрүң да өлбөй калды.
Телибай. Тилегиң жаман ээ?! Сага өлүп эле турса.
Түлкү. Курсагың ач болсо көрөт элем сени.
Телибай.Чын эле ачкасыңбы?
Түлкү. Ачка болгон үчүн келдим да сага.
Телибай. Ме, Бетховенден сага устукан.(Колбаса берет). Ата-энең шаарга эмнеге кетти?
Телибай. Бизге коньки апкелгени.
Түлкү. Конькини эмне кыласың?
Телибай. Кар калың түшкөндө биз да Муз доорун өткөрөбүз.
Түлкү. Жанагы телевизордогудайбы?
Телибай.Ооба.Мен Марат Башаров болом.
Түлкү. Навка ким болот?
Телибай. Ананайка болот.
Түлкү. Жанагы козуңбу?
Телибай. Ооба.Эмне экен?
Түлкү. Эй, аның конькиси жок эле, өз буту менен араң басат го кыбырап…
Телибай. Үйрөнөт.
Түлкү. Ошентип жалгыз калдым дечи…
Телибай. Эмнеге жалгыз? Досторум бар?
Түлкү. Кыштактан келеби?
Телибай. Жок.
Түлкү. Анан ким?
Телибай. Букачар, Бетховен, Мавр, Шантеклер… Ананайка. (Түлкү боорун тырмап күлөт).
Түлкү. Ошолорбу?
Телибай. Эмне экен? Эмне күлөсүң,эй?
Түлкү (жерге оонайт). Ой, боорум… боорум ай…Ошолор короо кайтарганга жарайбы? Букачар…Текечер…Короз… Козу… койчу ай! Аларың керек болсо, өз көлөкөсүнөн коркот. (Жоолугу менен көзүнүн жашын сүртөт). Кой, кеттим…жок дегенде эски кырмандан бир тоок уурдап жейин. Сенден эч нерсе чыкпайт. (Кыткылыктап чыгат).
Телибай. Желмогуз. Бул эми бир тооктун убалы калат, ээ?! (Телибай үйгө кирип кетет. Карышкыр айланып Карышкырдын жанына чыгып келет).
Карышкыр. Эмне? Эмне болду?
Түлкү. Келе колуңду! (Алакан чабышат). Буюрса жолубуз болот. Эй, биз билгендей келиптирбиз да! Жаңы жыл келип калыптыр. Ата-энеси белек апкелгени шаарга кетиптир. Телибай жалгыз. Ха! Биз да жаңы жылга камданабыз! Түшүм жакшы болчу. Түшү оңолгондун иши оңолот, Эми… шашпай план түзүү керек.
Карышкыр. Эмне план? Аның эмне? Ата-энеси жок болсо, жүрү… Короого секирип түшүп эле, жанагы аппак козусун бөктөрүп чыгам.
Түлкү. Кудай азуу берген менен акыл берген эмес тура буга… (Карышкырды кармап калат). Токто! Абайлап иш кылыш керек. Балким атасы биз билбеген бир нерсени үйрөтүп кеткендир?! Жашын! (Үйдөн коробка көтөргөн Телибай чыгат. Түлкү Карышкырды коңулга түртөт. Коробкада пластмассадан жасалган балатыны алып чыгып, таяк менен белги берүүчү калай табакты урат. Туш тараптан достору оюн салып чуркап чыгып, музыканын ыргагы менен ар кандай трюктарды жасашат).
Телибай. Азаматсыңар! Эй! Силер мындай тез үйрөнсөңөр… анда жакын арада театр ачабыз.
Букачар. Дуровдукундай. Айбанаттар театрын. (Баары түшүнүп-түшүнбөй кызыгып анын оозун карашат).
Бетховен. «Телибай тентек жана анын достору» деген. Оозуңарды ачпай иш кылгыла. (Коробканы төгөт. Баары ишке өтөт).
Телибай. Азаматсыңар! Азаматсыңар! Келгиле, эртең жаңы жыл тоскондо атамдарга сюрприз кылабыз! Оюндан башка эч нерсе деп уруша беришет, көрүп оозун ачып калышсын. (Баарын кучактап эркелетет. Короз койколктоп короонун кырында турат).
Шантеклер. Куруу аякка бата жүбөйт.
Телибай. Эмне, эмне?
Шантеклер. Курулай эле мактай бересиңби?
Телибай. Аа… бүгүнкү кешигибизди бер дебейсиңби? Шантеклер – сага таруу, Мавр менен Ананайка – силерге пряник, Букачарга – кант… (Баарын илинип турган жем баштыктан алып берет). Бетховенге бергем.
Бетховен. Аны күнөөң үчүн алдыма түшүп бергенсиң. Бүгүнкү кешигимди бере элексиң.
Телибай. Куусуң ээ?
Бетховен. Акылдуумун. Куу эмесмин.
Телибай. Акылдуу киши куу болот дейт атам.
Ананайка. Анда Түлкү да акылдуубу?
Шантеклер. Сенден акылдуурак.
Ананайка. Башкасын айтпаганда, мен сенден акылдууракмын. Көйрөң!
Шантеклер. Тигини, тигини… тили чыгып келатат. Жалпайта тепсе.
Мавр (Шантеклерге). Эй, өзүң жалпайып калып жүрбө.
Бетховен. Шантеклер! Ананайкадан кечирим сура. Кыз кишиге антип айтпайт.
Букачар. Кечирим сура, Шантеклер. Арабызда бир кыз болсо… Ананайканы баарыбыз сыйлашыбыз керек.
Мавр. Телибай муну: «Сен атактуу кинонун каарманысың. Шантеклерсиң…күндү ойготосуң, жерге жарык апкелесиң» – деп койсо, тим эле көөп кетти. Кара… короонун кырында турганын койколоктоп. Тур, тура гой… Ар жактан Түлкү чыга калып шыйрактан алса экен… Же кулаалы илип кетсе экен.
Бетховен. Балээни баштабагыла. Телибай кой дечи буларды. (Телибай кантээр экен дегендей карап турат экөөнү).
Шантеклер. Өзүңчү… «Мавр – полководец» – деп койсо эле кыйын болуп атасың жалпайта тебем деп. Кел, тебишесиңби? Кеүчүң канча экенин көрөйүн…(Жерге секирип түшөт).
Мавр. Качат деп турасыңбы? Кел… сенин бутуң экөө болсо, меники төртөө… Же канатыңа ишени п атасыңбы?
Шантеклер. А сен эки мүйүзүңө ишенип атасыңбы? (Экөө бири-бирин тооруйт. Ортого Ананайка түшөт).
Ананайка. Балдар! Койгулачы! Урушпагылдачы! Биз бир тууганбыз да. Мен кечирдим… кечирдим!
Шантеклер. Турчу ары бутка чалынбай. Сенден кеячирим сураган эч ким жок! Баары сенин азабыңдан.
Ананайка (ыйлагысы келип). Балдар токтоткула.
Мавр. Кечирим сура!
Шантеклер. Сурабайм! Өзү биринчи баштады.
Мавр. Кызга теңелбе. Сурайсың! (Экөө тоорушуп тебишет. Эки-үч прием колдонушат. Ананайка чырыладп ортодо жүрөт. Экөө короонун эки четине барып күүлөнүп келатканда, Телибай табакты урат. Экөө тык токтойт).
Телибай. Бүттү таймаш. Кантээр экен десе, чындаган түрүңөр бар. Шантеклер! Ананайкадан кечирим сурабасаң, беш күн капаска түшөсүң жана биздин командадан чыгасың.
Шантеклер. Ананайка! Кечирип койчу, Ананайка! Экинчи антпейм.
Ананайка. Сен да мени кечирип койчу!
Телибай. Букачар¸Бетховен! Экөөң эмне арачалабай карап турдуңар? Жолдоштугуңар ушулбу?
Букачар. Биз сени тыят деп ишендик.
Бетховен. Өзүң эмне жыргап карап турдуң?
Телибай. Экөөнүн күчүн көргүм келди. Өздөрүн канчалык коргой алар экен дедим. Экөөң тең эр экенсиң. (Экөөнү кол алышырат). Бирок¸урушпай жүргүлө. Силер ынтымактуу болушуңар керек. Ынтымактуу болсоңор силерди эч ким жеңе албайт. Атам ушинтип көп айтат бизге. Мен баарыңды жакшы көрөм. Ошон үчүн силерге кинолордогу эң кыйын, эр жүрөк, акылдуу каармандардын аттарын койгом.
Мавр. Мен капкара жана тармалмын. Ошон үчүн Мавр дегенсиң
Ананайка. Мен апакаймын… ананаймын…
Телибай. Чын эле апакайсың ананайын. Кичинекейсиң. Ошон үчүн сени баарыбыз жакшы көрөбүз.
Ананайка. Мен да силерди жакшы көрөм.
Телибай. Шантеклер – сен ал мультфильмдеги короздон да сулуусуң. Чын эл тоолорго таң атканын жар саласың. Сени менен кошо баарыбыз ойгонобуз. Букачар…
Букачар. Мага эмне ат тапкан жоксуң? Букалар жөнүндө кино жокпу?
Телибай. Эмне үчүн? Бар. Толуп атат. Сонун кинолор бар. Коррида… Матодорлор жөнүндө…
Букачар. Аның жакпайт мага. Анда букаларды өлтүрөт дебедий беле? Же букалар адамдарды… Мен эч кимди өлтүргүм келбейт… Мен жөн эле ойногум, сага жардамдашкым келет. Менчи… мен чоңойгондо жомоктогу жерди көтөрүп турган Көкбукадай күчтүү болом.
Телибай. Албетте күчтүү болосуң. Мисалы короого карышкыр келсе, же ууру келсе сен бизди коргошуң керек бизди. Баарыбыздан күчтүү сенсиң…(Букачар боюн көтөрөт). Баса, эстедим…Асманда Букачар деген жылдыз бар. Сенин атың ошол жылдыздын аты.
Мавр. Текечер дегенчи?
Телибай. Текечер деген да бар.
Ананайка. Кой-козу дегенчи?
Телибай. Жылдыз жок. Бирок жыл аталат. Кой жылы.
Бетховен. Баягы эле ит байкушка сөөктөн башка эчтеке жок. Бизди ким эстемек эле.
Телибай. Жаңыласың. Иттин аты менен жыл аталат. Анан асманда бүтүндөй чоң жылдыздын чоң тобу бар. Кечинде көрсөтөм сага.
Шантеклер. Менчи? Мага эч нерсе жокпу?
Телибай. Сенин тукумуң куру эмес. Он эки жылдын бири Тоок жылы деп аталат. Көрдүңөрбү? Адамдар силерди жакшы көрөт. Ошон үчүн силердин атыңар менен ааламдагы өтө маанилүү, чоң-чоң нерселер аталган. Ошондуктан силер биз менен аралаш жашайсыңар… Бизге жакынсыңар.
Бетховен. Ай-ий! Баарыбыз кыйын экенбиз ээ?! Телибай! Сен мунун баарын кайдан билесиң?
Телибай. Атам айтып берген. Анан китептен окугам.
(Коңулда буларды аңдып отурган Түлкү менен Карышкырдын ичи күйөт. Короодогулар балатысын жасалгалоо менен алек).
Түлкү. Кара… Жылды…жылдыздарды энчилеп бериптир буларга. Айтчы? Бизден эмне артыкчылыгы бар?
Карышкыр. Ошону айтсаң!
Түлкү. Түлкү жылы дегенди уктуң беле?
Карышкыр. Жок. Карышкыр дегендичи?
Түлкү. Жок. Сен экөөбүзгө жыл эмес, жылдыздын кыпыны да жок. Ушунун баарын кылган адамдар! Кел… ошон үчүн адамдарга согуш жарыяладык!
Карышкыр. Жарыяладык!
Түлкү. Балатысын уурдайбыз! Талкалайбыз!
Карышкыр. Уурдайбыз! Талкалайбыз!
Түлкү. Өч алабыз! Бизди кемсинткендиги үчүн…
Карышкыр. Ардактаган макулуктарын тукум курут кылып, жер үстүнө биз бийлик кылабыз!
Түлкү. Эки гана жыл болот. Түлкү, анан Карышкыр деген…
Карышкыр. Түлкү жана Карышкы!
Түлкү. Келе колуңду. (Экөө кол алышат. Жашынышат.)
(Экөө кол алышат. Жашынышат. Короодо Телибай достору менен балатыны жасалгалп бүтүп, ырдап-бийлешет)
Телибай. Жаңы жылга даярдык бүттү. Эми, экинчи тапшырма. Азыр санайбыз. Бетховен, кана саначы. (Калай табакты таяк менен үч жолу урат).
Бетховен. Ав! Ав! Ав!
Телибай. Мавр, кана сен санап көрчү. (Табакты беш жолу урат. Мавр беш жолу маарайт). Букачар! Кел, бир жолу кайталап коелу. (Өзү кадимки матодорлорду туурап, курткасы н чечип желбегей жамынып, жакасын гана топчулап, баштыктан кызыл жоолук алып ойнойт). Ал-е, хоп! Ал-лэ, хоп!(бир аз ойнойт. Букачарды туурап Мавр чыгат).
Мавр. Кел, мен дагы. Менин деле мүйүзүм бар.
Телибай. Бул оюнга букалар гана катышат. Бүттү. Оюн бүттү. Түш болуп калды.
Шантеклер. Дагы бир мүнөт.
Телибай. Ар ким өз ишине марш! Бетховен! Мавр экөөң кой-эчкилерди сугарып келгиле. Абайлагыла. Жолго калтырып койбогула. Айрыкча козу-улактарга сак болгула. Ойноп калып калышпасын.
Бетховен. Билебиз.
Мавр. Билебиз.
Телибай. Шантеклер! Сен тоокторго жем чач.
Шантеклер. Ку-ка-ре-ку! Түш болду. (Кетет).
Телибай. Букачар. Сен уларды сугарып кел. Мен музоолорду сугарам. Эмизип алсак сүт, айран, каймак да болбойт. Билесиң. Апам да капа болот.
Букачар. Күндөгүдөй… мен чоң сууга алпарам. Сен булакка алып барасың. Ошондо музоолор эмбейт.
Телибай. Азаматсың! (Букачар Телибай менен алакан чабышып алып кетет). Ананайка! Сен үйдө каласың. Короону жыйна. Коркпойсуңбу?
Ананайка. Коркпойм.
Телибай. Сен кыйын кызсың да! Дарбазаны эч кимге ачпа!
Ананайка. Макул.
Телибай. Ачкычты жоготпо. Ме. (Телибай ачкычты козунун мойнуна илет).
Ананайка. Жоготпойм. (Телибай чыгат. Козу аркасынан чуркайт). Телибай! Телибай!
Телибай. Эмне?
Ананайка. Жумуртка алгандар келсечи?
Телибай. Жумуртка жок де. (Кетмек болот).
Ананайка (ээрчип). Аа..аа… Аяз кыз келсечи?
Телибай. Ал жаңы жылда келет. Бүттүбү?
Ананайка. Бүттү. (Телибай чыгат. Козу дагы артынан чуркайт). Аяз ата келсечи? Ачайынбы?
Телибай. Бүгүн келбейт Аяз ата. Эч кимге эшикти ачпа.
Ананайка. Ачпайм ээ?!
Телибай. Биз жокто дарбазаны эч кимге ачпа. Ачкычты бербе! Эч кимден эч нерсе алба. Чоочун кишини короого киргизбегиле деген атам. Уктуңбу?
Ананайка. Уктум. (Телибай чыгат. Паузадан кийин). Телибай! Карышкыр келсечи…
Телибай (күлүп). Коркок десе…Коркуп атасыңбы? Мурун деле жалгыз калчу эмес белең?!
Ананайка. Мурун апабыз үйдө болчу. Жанында жүрө берчүмүн.
Телибай. Анда эмне кылайын? Сарайга киргизип, сыртыңдан кулпулап коеюнбу?
Ананайка. Жок. А жер караңгы.
Телибай. Коркпо анда. Кайдагы карышкыр келмек эле?! (Чачын сылап эркелетет), Сен деген кыйын кызсың да! Эч кимден, эч нерседен коркпойсуң. Бирөө келип дарбазаны ач десе, ме, мобу таяк менен табакты катуу ур. Моминтип. (Урат. Аңдып турган Түлкө менен Карышкыр кулагын басып коңулга кире укачат). Көрдүңбү? Биз заматта жетип келип, сени коркуткан неменин терисин тескери сыйрабыз. Макулбу?
Ананайка. Макул. (Телибай кетет. Козу секирип ойноп короону жыйнай баштайт. Анан алаксып тирөөчтөгү тулупту муштагылап, Телибай жасаган приемдорду жасамак болот. Секирип келип тебем деп чалкасынан түшөт). Ой! (Аны карап турган Түлкү менен Карышкыр оозун басып бышкырышат).
Түлкү (Карышкырга). Ч-шш…акырын. Чочутуп аласың. Мне дарбазага барып көрөйүн. Сен көрүнбө. (Жыла басып ылдый түшүп дарбазага келет. Козу жыгылган жеринде буттарын серейдетип ойноп жатат. Анан булуттарды көрөт). Ой… булуттар! Жылып баратат…же мени башым айланып атабы? (Башын чулнуп, көзүн ачып-жумат). Чын эле көчүп баратыптыр… Эй, булуттар! Кайда баратасыңар? Мени ала кеткилечи! (Дарбаза кагылат. Козу ордунан ыргып туруп, колуна таякты алып, табактын жанына урганга даяр болуп туруп калат. Дарбазанын сыртында Түлкү. Ал козуга көрүнбөйт).
Ананайка. Ой! Бу ким?
Түлкү. Мен эле…
Ананайка. Сен кимсиң7
Түлкү (үнүн өзгөртүп). Мен… Аяз кызмын. Сага белек алып келдим.
Ананайка (алаканын чаап сүйүнөт. Дарбазага чуркайт). Ой, чын элеби? (Токтойт. Телибайдын эшикти ачпа дегенин эстейт). Чын эле Аяз кызсыңбы? Аяз кыз жаңы жылда келет деген.
Түлкү. Ким?
Ананайка. Телибай.
Түлкү (ойлонуп). А мени Телибайдын атасы жиберди. Шаардан жолугуп тезирээк силерге бар деди.
Ананайка. Үйдө эч ким жок.
Түлкү. Сен бар турбайсыңбы.
Ананайка. Мага дарбазаны эч кимге ачпа деген.
Түлкү. Ким?
Ананайка. Телибай.
Түлкү (өзүнчө жинденип). Дагы эле Телибай… ушу тентектики өттү мага. (Козуга) Керек болсо Телибай да атасын угат… чынбы? Мага Телибайдын атасы атайы тапшырды.
Ананайка. Эмне деп?
Түлкү. Мына бу белекти ала барып, анан сени ойнотуп тур деп.
Ананайка (көргүсү келип). Ал эмне?
Түлкү (кууланып). Сен эмне сурасаң ошо!
Ананайка (аябай кызыгып). Чын эле Аяз кыз окшойт. Болбосо менин эмне сураганымды кайдан билет? Ачсамбы? (Дарбазага жакындайт) Ачпасамбы?
Түлкү. Бол эми, ач!
Ананайка. Карышкыр болсочу? Оо…Ал мени жеп коет да!
Түлкү. Ананайка! (Дарбазаны такылдатып). Ачпайсыңбы эшикти. Анда кетип калам…белекти башка кызга берем.
Ананайка. Ой! Сен менин атымды кайдан билесиң?
Түлкү. Билем. Аяз кыз баарын билет.
Ананайка. Аяз ата да келдиби?
Түлкү. Жок. Келген жок?
Ананайка. Эмнеге келген жок?
Түлкү (жооп таппайт). Уу, шайтан козу, сураганын кара. Ушунун баарын үйрөткөн жанагы Телибай! Сени шашпасын!
Ананайка. Эй, кетип калдыңбы? Аяз ата эмне үчүн келген жок?
Түлкү. Мм… силерге шашып жатып, Аяз ата сыйкырдуу таягын унутуп калыптыр. Ошону алып келгени кетти. Бол, ач эми. Ушинтип тура беребизби? Же белекти көргүң келбей жатабы? Ии-ий, карачы! Мен сага кандай сонун белек апкелдим.
Ананайка. Кана, көрсөтчү. Мынабу тешиктен көрсөтсөң.
Түлкү. Дарбазаны ачсаң көрөсүң.
Ананайка. Коркуп атам. Телибай ачпа деген.
Түлкү. Телибай! Телибай! Ал ким өзү?
Ананайка. Ал биздин досубуз.
Түлкү. Сөз укпаган жаман бала болсо керек. Эч бир жерде Аяз кызды минтип тосуп албайт. Ойлонгун. Алдагы балатыңар күйбөй, жаңы жыл келбей калышы мүмкүн.
Ананайка. Эмнеге?
Түлкү. Себеби сен Аяз кызды таарынтып койдуң. Аяз кыздын жолун тоспойт. Кайда меймандостук. Мен аяз атага чалып, келбей эле кой дейин. (Телефонун алат).
Ананайка. Кое тур. (Ойлонуп калат. Колундагы таякты ыргытып, ошого чейин кадамдап басып барат). Ачам. Ачпайм. Ачам. Ачпайм… (Таякка жетип токтойт. Залдагы балдарга карап) Же ачайынбы?
Түлкү. Бол, аччы! Үшүп кеттм.
Ананайка. Үшүп? (Ойлонуп) Аяз кыз да үшүйбү? Айткылачы балдар, Аяз кыз да үшүмөк беле? Эртең келчи. Же кечинде. Же күтө тур, мен тигилерди чакырайын.
Түлкү. Жок, жок… чакырып убара болбо. Эртең келейин. Сен акылдуу кыз экенсиң. Айткан сөздү так аткарат турбайсыңбы. Менин келгенимди эч кимге айтпа.
Ананайка. Эмнеге?
Түлкү. Бул экөөбүдүн жашыруун сырыбыз болсун. Между нами, девочкамми дегендей. Сюриприз кылабыз…
Ананайка. Кандай сюрприз?
Түлкү. Ушундай. Сен экөөбүздүн тааныш экенибизди билсе, тигилердин ичи күйөт. Эшикти ачпай койгонуң жаман болду. Болбосо, мындан жакшы таанышат элек. Болуптур, эртеңке чейин. (Түлкү жыла басып Карышкырга барат. Козу так секирип балатыны айланып ойноп да, короону жыйнап да жүрөт).
Карышкыр. Мыш кылдыбы?
Түлкү. Кежир Козу экен.
Карышкыр. Антип убара болбой эле, короого секирип түшүп көтөрүп чыгыш керек.
Түлкү. Акыл жок сенде.
Карышкыр. Акылдуу сен эмне иш бүтүрдүң? Тырмактай козуну алдай албай…Мен минтип эле алып чыгам… (Карышкыр короого аттамак болот. Түлкү кармап калат).
Түлкү. Келесоо!
Карышкыр (кызыраңдап). Эмне? Эмне дедиң? Кайталачы?
Түлкү. Тамаксоо! Ушу сага жолдош болгон мен акмак! Тырмактай козу сен бир сугунгандан чыкпайт. Эртең эмне кыласың? Эгер бүгүн бу козу жоголгонун билишсе… эмне болорун билесиңби? Эртең айылдын бүт мергенчилери чогулуп артыбыздан түшөт. Алар сен экөөбүздү жок кылмайынча тынчыбайт.
Карышкыр. Анан акча отура берелиби?
Түлкү. Акылга салып иш кылыш керек.
Карышкыр. Акылга! Акылга! Тоюп кеттим сенин акылыңа! Бөрүлөр акыл менен эмес, жаңы эт менен тамактанат! Башы менен эмес, эки буту менен тамак табат.
Түлкү. Чыда эми. Жашын…жашынып тур. Мен бир айланып чалып келейин. (Карышкырды коңулга киргизип жиберип, Түлкү кетет. Козу короону кыйылдап ырдап шыпырып жүрөт. Карышкыр чыдабай коңулдан адегенде башын чыгарат. Анан боору менен жылып чыгат. Жаланып-жуктанып короого жакындайт. Бир секирип короонун кырына чыгат. Шилекейи куюлуп оозун ачып, тишин шакылдатат. Козу коркуп кетет).
Ананайка. Ой! Сен кимсиң?
Карышкыр. Коркпо! Мен… Мен ушул тоолордун Князымын.
Ананайка. Иттердин чоңусуңбу?
Карышкыр. Ии… ошондой десем болот.
Ананайын. Бетховен жок.
Карышкыр. Билем. Кой сугарып жүрөт.
Ананайка. Жолуктуңбу?
Карышкыр. Албетте. Барып сени ойнотуп тур деди.
Ананайка (сүйүнүп). Чын элеби? Ал ошондой боорукер. Дайым мага болушуп турат.
Карышкыр. Кел, ойнойбуз… (Секирип түшүп, боору менен жылып жакындап, ары-бери оонайт. Козу Телибай менен «цирк» ойногондой көрүп, Карышкырдын үстүнөн секирип ойной баштайт. Карышкыр кармап калууга аракет кылат. Козу каткырып аны оюн көрүп кыткылыктап карматпайт). Эй, Козу! Сен эмне суу ичкени барбайсың?
Ананайка. Козу эмесмин… Мен А-на-най-камын! Кичинекеймин. Мага алып келип беришет.
Карышкыр. Байкуш козучак…
Ананайка. Эмнеге байкуш?
Карышкыр. Алар сени алдап жүрүшөт. Өздөрү барып булактан суу ичишет. Чэөптүн гүлүн терип жешет. Сен булакты көрдүң беле?
Ананайка. Жок.
Карышкыр. Көрдүңбү?! Сага аны көрсөткүсү келбейт. Себеби, сенин чоңоюшуңду каалашпайт. Ошондуктан сага түтүктөн дары кошулган суудан, дары кошулган жемден беришет. (Козу айланып калат). Сен ошон үчүн чоңойбосуң. Булактын суусун ичкиң келеби?
Ананайка. Келет.
Карышкыр. Чөптүн гүлүн жегиң келеби?
Ананайка. Келет. Бирок… азыр чөп куурап калбадыбы?!
Карышкыр. Булактын чөбү куурабайт. Жүрү. Мен алпарып келейин. Отур жонума.
Ананайын (кетенчиктеп). Тааныбаган бирөөнү ээрчибе деген.
Карышкыр. Ким?
Ананайка. Телибай менен Бетховен.
Карышкыр. Аның ким?
Ананайка. Бетховенди билбейсиңби?
Карышкыр. Аа… жанагы итпи? Мен анын таякесимин. Кел, мин мага… Коркпо. Корксоң көзүңдү бек жумуп ал. Көз ачып жумганча булакта болосуң. (Жакындайт. Алыстан үн угулат).
Бетховендин үнү. Ананайка! Сарайды ач!
Ананайка. Ой, келатышат…
Карышкыр. Эй…булакка баргың келбейби? Барасыңбы?
Ананайка (кылчактап). Барат элем… сарайды ачышым керек.
Карышкыр. Болуптур. Мен анан келем. Кечинде. Айлуу түндө булактын суусу күндүзгүдөн да таттуу болот. Чөбү да ширин. Менин келгенимди эч кимге айтпа!
Ананайка. Эмне үчүн?
Карышкыр. Жибербей коюшат. Алар сенин чоңоюшуңду каалабайт дебедимби. Түшүндүңбү? (Козу түшүндүм дегендей башын ицкейт. Карышкыр короодон секирип чыгып кетет).
Маврдын үнү. Ананайка! Ач дарбазаны!
Ананайка. Барата-а-а-м. (Карышкыр таштын коңулуна жашынат. Энтеңдеген Түлкү келет).
Түлкү. Эй! Сан короого эмнеге бардың?
Карышкыр. Коркпо! Баары жайында.
Түлкү. Сенин келгениңди айтып койсочу?
Карышкыр. Ой-ой! Ушу макулук мени таанып коюптурбу?
Түлкү. Эй. Сен өзүңдү ким дедиң?
Карышкыр. Жанагы… Бет…Бет…
Түлкү. Бетховен!
Карышкыр. Атың өчкүр… ошонун таякесимин дедим. (Кол чабышып күлүшөт). Аз болгондо күрпөң козу колдо болот эле. Эч нерсе эмес… Кечинде булактын жанына алып барып… өлө тоем дейсиң…
Түлкү. Келесоо! Козунун мойнундагы ачкышты алуу керек! Мен жарыгын өчүрүп келдим. Кечинде баары уктап жатканда, сарайдын оозун ачып, баарын тоого айдап кетмекпиз.
Карышкыр. Ээ… мунуң жакшы акыл экен.
Түлкү. Ий-ий…Ошого мээң жеткен жокпу?
Карышкыр. Эй! Менин мээме тийишпе! Өзүңчү? Күчүң тилиңе чыккан?
Түлкү(жумшарып). Болуптур, болуптур… Бүт эшиктери бек. Чычкан кире ала турган эмес. Анан да сигнализация коюп коюшуптур.
Карышкыр. Анысы эмнеси?
Түлкү. Ал мындай… ууру келип эшикти ачса, коңгуроо шыңгырайт. Түшүндүңбү? (Кыткылыктап). Айтпадымбы…жапыкты өчүрүп алдым. Телибайдын атасы келмейин эч ким күйгүзө албайт…хи-хи-хи… Эпетеп ачкычты колго тийгизиш керек…(Алаканын ушалап). Анан… баары биздики болот. Сен тиги козуга эмне дедиң?
Карышкыр. Мен бул тоолордун Князымын.
Түлкү. Князь ким экенин билип коюптурбу?
Карышкыр. Билбесе кайра жакшы. Кечинде жонума мингизип алып булакты көргөзүп келем деп… Анан тигилер келип калбадыбы кашайып…
Түлкү. Эң сонун! Эң сонун! Идея!
Карышкыр. Идеяң эмне? Эй! Сен мындай… түшүнүктүү тил менен сүйлөчү!
Түлкү. Кечинде козуну алдап алып чыгып барымтага алабыз.
Карышкыр. Эй! Сен чын эле акулдуусуң ай! Ал ой менин түшүмө да кирмек эмес.
Түлкү. Бул козу үчүн Телибай сураганыңды берет. Бул анын сүймөнчүгү! Мындай анда…Сен козуну барымтага аласың. Мен ортомчу болом. Колумду таңып алам. Керек болсо мен да жабырлануучумун. Себеби… менин бул бала менен келишимим бар. (Койколоктоп). Ага барып – аны, сага барып – сени көндүргөн болом. Ал джа эмгек! Анан… ачкыч колго тиет. Калганын өзүбүз билебиз. Сенден коркушат. Сен буларды чыгарбай турсаң, арайдагы малды өзүм жайлайм. Сүйлөштүкпү, Князь?
Карышкыр. Сүйлөштүк.(Экөө коңулга кирип кетет. Короого мавр менен Бетховен келет. Бетховен жыт алып эки жакты шимшилеп жыттагылай баштайт).
Бетховен. Чоочун жыт… чоочун жыт…
Мавр (жыт искеп). Жөн эле шек санай бересиң…
Бетховен. Ананайка! Ким келди? Биз жокто ким келди короого?
Ананайка (мукактанып). Эч… Эч ким келген жок. Ии… тиги мал доктур…
Бетховен. Жок… адамдын жыты эмес. Чоочун жыт…
Мавр. Мага анча деле шектүү эчтеке сезилген жок.
Бетховен. Сен эрменге тоюп алсаң, эмнени сезмек элең.
Мавр (кызаңдап). Кышында эрмен айдап койдуң беле мага?
Ананайка. Балдар, урушпагылачы. Эч ким келген жок. Мал доктур келип кетти. Мен эшикти ачпай койдум. (Телибай менен Букачар келет).
Телибай. Эмне ызы-чуу? Дагы эмнени талашып атасыңар? Азыр үчөөңдү үч жерге камап таштайм.
Бетховен. Чоочун жыт…чоочун жыт бар…(Дарбазага чейир барат).
Телибай. Эртең менен Түлкү келип кеткен.
Бетховен. Эртең менен бул жыт жок болчу.
Телибай. Уйкусурап байкабай калсаң керек.
Бетховен. Таптакыр тааныш эмес жыт…
Ананайка. Эч ким келген жок деп атпаймынбы. Мага ишенбейсиңерби?
Телибай. Ишенебиз. Ишенебиз. Жүргүлө. Малга жем салабыз. (Ананайка баратып кылчактап калып калат). Сага эмне болду?
Ананайка. Азыр суу ичип алайынчы үйдөн.
Телибай. Мейли. Келе ачкычты. Жем салгандан кийин мал сарайды бекители. (Ачкычты алат). Тез келип кал. (Кетет. Ананайка элеңдеп короонун ортосунда калат. Коңулдан Карышкыр чыгып, секирип короого түшөт).
Карышкыр. Булакты көргүң келеби? Барасыңбы?
Ананайка. Барам.
Карышкыр. Секир аркама! Заматта алып барам. (Козуну көтөрүп короодон секирип чыгат. Ушу маалда койколоктоп басып келаткан Короз көрүнөт).
Шантеклер. Эй, силер кайдасыңар? Ку-ка-ре-ку-у! (Козуну алып бараткан Карышкырды көрөт. Адегенде түшүнбөйт). Эй, Бетховен?! Бетховенсиңби? Ананайка? Сен кайда? Силер…(Карышкыр козунун оозун басып көтөрүп кетет. Корооз кайраттанып артынан чуркайт. Кайра артына жүгүрөт). Полундра! Ку-ка-ре-ку! Ко-ко-ко! (Таяк менен табакты ургулайт). Ко-ко-ко! Кырсык! Кырсык! (Баары туш тараптан чуркап чыгат).
Телибай. Эмне болду?
Бетховен. Эмне болду?
Мавр, Букачар. Эмне болду?
Бетховен (шимшилеп). Жанагы жыт. Чоочун жыт.
Шантеклер. Алып кетти! Ананайканы алып кетти. (ары бер тынчтана албай чуркайт).
Телибай. Ким алып кетти?
Шантеклер. Ит… чоң ит алып кетти. Мен адегенде Бетховен экен деп…Мен келсем короодон чыгып баратыптыр. Оозун басып алыптыр…
Бетховен. Карышкыр! Карышкыр! (Баары үрпөйө түшөт).
Телибай. Чын элеби?
Бетховен. Чын. Бу карышкырдын изи. Жана жүрөгүм бир жамандыкты сезген…
Телибай. Бу куу Түлкүнүн кылганы. Эртең менен шыйпаңдаганы бузук болчу. (Үйгө чуркап кирип мылтык алып чыгып, тоо тарапты мээлейт).
Бетховен. Мунун огу жок да!
Телибай. Атам кур дүрмөт менен коркутсаң болот деген. (Көзүн бек жуумп алып атат. Мылтык үнү жаңырат. Сахна акырындап караңгы боло баштайт Колун таңып алган Түлкү келет). Алдамчы! Сен кайдан чыга калдың? Козум кайда? Айт! Болбосо атып салам!
Түлкү. Ой,ой! Катуу кетпе анча! Мылтыгың куру дүрмөт. Атаң эч качан октолуу мылтык калтырбайт.
Телибай. Келишимди сен буздуң биринчи. Эми таарынбагын.
Түлкү. Козуң менде эмес. Карышкар алып, барымтага кармап отурат. Мен өз башымды зорго алып чыктым. Карачы… Барбайм, Телибай менин коңшум, козусун бошот десем… колумду жара чайнады.
Баары (чуулдап). Тирүүбү? Ыйлаган жокпу?
Телибай. Жаныңды жебе! Карышкырды сен ээрчитип келдиң!
Түлкү. Мен эмес. Өлүп кетейин.
Телибай. Карышкыр эмне дейт?
Түлкү. Сураганымды берсин дейт.
Телибай. Айтып кой ага. Козунун бир тал жүнү жерге түшсүн…
Бетховен. Мен толорсугун жара чайнайм.
Букачар. Мен кардын жара сүзөм.
Мавр. Мен ичегиңди чубайм.
Шантеклер. Мен экөөңдүн тең көзүңдү чокуйм….
Телибай. Ушинтип айтып бар. (Түлкүнү кубалашат. Короз менен Телибай дубалга секирип чыгат. Бетховен Телибайды кармап калат).
Бетховен. Кайда?! Кайда барасыңар? Караңгы кирип келатат. Түлкүнүн сөзүн угуш керек болчу? (Ызалуу Телибай ыйлагысы келет. Эмне кыларын билбей бетин басып отурат).
Телибай. Ананайканы куткаруу керек. Жеп коет!
Мавр. Булар баарыбызды жеп коюшу мүмкүн. Сени баш кылып…биз кичинекейбиз. Алыбыз жетпейт.
Телибай (эмне кыларын билбей кайсалайт). Атам мылтыгын октоп калтырса болмок.(Кыйкырат). Эй, Каырышкыр! Эй!.. (Беркилерге). Эмне кылыш керек? Эмне кылуу керек? Бетховен! Сен айылга жөнө! Айылдын иттерин чакырып кел. Иттери сени ээрчисе ээлери бир нерсе болгонун сезет… кошо келет.
Бетховен. Силерчи? Карышкыр кол салсачы. Азыр айылда илгеркидей Бөрүбасарлар жок. Баары эле короочу. Баарыбыз чогуу болушубуз керек.
Телибай. Бир нерсе ойлоп табышыбыз керек. Козуну куткаруу керек. Ал кичинекей. Коркок. Ишенчээк.
Букачар. Телибай. Сен бизге караганда көптү билесиң. Ойлончу. Сен эмне десең ошону аткарабыз.
Мавр. Көргөн кинолоруңду, окуган китептериңди эстечи!
Шантеклер. Туптуура1 Балдар туура айтат! Сен бизге эң кыйын, эр жүрөк каармандардын атын койбодуң беле… Анан баарыбыз биригип бир козуну куткара албайбызбы? Биз коркпойбуз Карышкырдан!
Букачар. Биз эр жүрөкпүз!
Мавр. Биз күчтүүбүз!
Бетховен. Бир акылдуубуз! Тапкычпыз!
Телибай. Азаматсыңар! (Кол кармашат. Муушутумдарын түйүшөт). Биз Анана каны куткарабыз! Ойлон, Телибай! Ойлон! Ойлон… Таптым!
Баары. Ура-а!
Телибай. Таптым, достор! Атам айткан. Булар жарыктан, оттон коркот. Себеби ууру булар! Күндүз жашынып жатып, түн ичинде уурулук кылышат. Эмне турабыз бул жерде. Жарыкты күйгүзүү керек. (Эшикке чуркап чыгат. Калгандары сүйүнүп бийлеп жатат. Телибай шылкыйып кайра келет. Түлкү келет табасы канып).
Түлкү. Жарык күйбөйт. Сенин шоктугуңдан чочулап, атаң өчүрөп кеткен.
Телибай. Ой, куу Түлкү-ү…(Таякты алып тап берет).
Түлкү. Акырын… бүгүн мага абайлап мамиле кылышың керек. Жиниме тийбе. Баарың менин колумдасың. Карышкырга баарыңды айдатып барып, кишинин буту жетпеген коктуга каматып, өзүңдү малай кылып кой кайтартып коем. Козуңду аман-эсен көрөм десей мени ук.
Телибай. Айт шартыңды.
Түлкү. Карышкырдын сураганын бер.
Телибай. Ананайканын көрсөткүлө. Анан сүйлөшөм.
Түлкү. Князь! Козусун көрсөтүп койчу. (Карышкыр оозу байланган Ананайканы алып чыгат).
Карышкыр. Эгер макул болбосоң, азыр жара тартам. (“Кое бер! Тийбе!” деген үндөр).
Телибай. Эй, Карышкыр… Князь экениң чын болсо, козуну кое бер. Мени ал барымтага!
Карышкыр. Ха-ха-ха! Сени эмне кылам?! Биз киши жебейбиз.
Телибай. Анда чык жекеге!
Карышкыр. Сени мененби? Эй, сен бир чапкандан чыкпайсың.
Букачар. Анда… барымтага мени ал. Козуну кое бер. Карачы. Мен кандай чоңмун.
Мавр. Мени да ал!
Шантеклер. Мени дагы! Менин этим таттуу!
Бетховен. Мени да ал бараымтага. Алың жеткени ушу козубу далдайып алып!.. Жүрөгү түшүр коюпсуң… Дагы князмын деп коет…
Карышкыр. Бу тырмактай козу силерге ушунча кымбат болсо… анда менин каалаганымды аткарасыңар.
Телибай. Каалаганың эмне?
Карышкыр. Мал сарайдын ачкычын бер. Биз өз каалаганыбызды алабыз. (Түлкү шыйпаңдап коштоп турат).
Түлкү. Силерге тийбейбиз. (Бетховен байкатпай барып Түлкүнү чала-була тиштеп алат).
Бетховен. Жаагыңды баса турчу. Сага эмне жок.
Түлкү (Карышкырга жашынып). Бул үчүн өзүнчө төлөйсүңөр. Канча тишиңдин тагы түшсө, ошончо тоок алам.
Карышкыр. Жарым саат мөөнөт… Ойлонгула.
Түлкү. Жарым саатта чечпесеңер, козуңардан аңрыласыңар.
Карышкыр. Сөз бүттү. (Козуну тыбырчылатып көтөрүп кетет).
Түлкү. Бүттү. Князь бир эле айтат. (Букачар сүзгөнү качырат. Бетховен абалап кубалайт). Эй, эй! Акырын… (Кетет. Достор шалдайып туруп калышат. Шантеклер «Ко-ко-колоп» ары бери басып жүрөт).
Мавр. Отурчу сен ко-ко-лобой.
Бетховен. Урушпагыла! Дагы баштадыңбы экөөң?!
Мавр. Жинге тийип атпайбы анан. Башка ансыз эч нерсе келбей атса…койкоңдоп ары бери басат.
Шантеклер. Мен да ойлонуп атам. Караңгы кирип келатат. Бир аздан кийин эч нерсе көрүнбөй калат.
Телибай. Жарык да жок! Куу Түлкү… менин боюм да, күчүм да жетпесин билет.Шитти өчүрүп салаганын кара…Шашпа…баары бир нерсе ойлоп табышыбыз керек. Адамдын колунан келбеген эч нерсе болбойт деген атам. Мага ишенип короо-жайды калтырып кеткен…Жеңилбе, Телибай. Жеңилбе! Ойлон…Булар оттон коркот. Булар октон коркот. Бул экөө жок бизде. Булар адамдан коркот. Мен адаммын. Кичинекей болсом да – адаммын! Өз мүлкүмдү коргоп алышым керек. Ананайканы бошотуп алышым керек. Оо, есть! Таптып! Бетховен! Махнитофонду короого алып чык. Узарткычы менен.
Бетховен. Азыр.
Телибай. Суроо бермей жок. Менин айтканымды жасагыла. Букачар! Сен уй сарайдан аркан алып кел.
Шантеклер. Менчи? Мен.
Мавр. А менчи7
Телибай. Азыр экөөңө да жумуш табылат. (Чуркап кирип үйдөн коробка алып чыгат. Анда касеталар. Бетховен магнитофонго узарткычты туташтырат. Букачар аркан алып келет). Мавр! Шантеклер! «Улуттук аңчылыктын өзгөчөлүгү» деген кассетаны тапкыла. Тезирээк. Мавр! Ме.
Мавр. Иштебейт да.
Телибай. Иштетебиз.
Шантеклер. Дагы эмне табалы?
Телибай. Азыр. Ме, Бетховен! Магнитофонго сал. Туташтырдыңбы? Сенчи, Мавр? («Сайдым, койдум, туташтырдым!» деген үндөр. Телибай өжөрлөнүп өзүнчө сүйлөнүп). Бизди баласынтып атабы? Азыр биз кандай балдар экенибизди көрсөтөбүз буларга. Шантеклер!
Шантеклер. Мен мына!
Телибай. Жаңы жылда балатыны кооздогон грилянд кана? Бая сен мойнуңа ороп алып, жөжөлөргө мактанып жүрбөдүң беле?
Шантеклер. Азыр. (Чуркап кетет).
Телибай. Телибай тентек-тентектигин бир көргөзсүн силерге. Экинчи бизге жологус болосуңар. (Шантеклер гриляндды алып келет. Калгандары дагы эмне болот дегенсип кызыгып карап турат. Телибай гриляндды короонун ортосуна таштап, узарткычка туташтырат. Телибай аркандын бир учун илмек кылып байлайт). Үстүнө чөп апкелип таштагыла. Куу Түлкү шитти өчүрүп салып, өзүн акылдуу сезип атабы? Сюрприз кылабыз. Биз ким кыйын экенин көрсөтөбүз. (Баарында ишеним пайда болот).
Баары: Көрсөтөбүз! Козуну коргоп алабыз!
Телибай. Эми, кунт коюп угуп тургула. Эң негизги иш калды. Мынабу арканды тээ шиттеги өчүргүчкө илишибиз керек. Карачы, бийик. Бирибиздин да боюбуз жетпейт. Бирок, эптеп илишибиз керек. Илсек, жеңиш биздики болот.
Мавр. Тепкич апкелели.
Телибай. Тепкич жок. (Букачар чуркап келип тура калат).
Букачар. Кел, менин үстүмө чык. (Телибай Букачарга чыгат.Жетпейт).
Бетховен. Кел, мен илип көрөйүн.
Шантеклер. Жок. Мен илишим керек. Мен баарыңдан жеңилмин. Канатым да бар. Мен илүүгө милдеттүүмүн.
Букачар. Кел, мен көтөрөйүн. (Корозду көтөрөт. Жетпейт).
Телибай. Келе бери. Мен дагы бир аракет кылайын.
Букачар. Мен Бетховенди көтөрөйүн. Бетховен Шантеклерди көтөрсүн.
Телибай. Азаматсың, Букачар! Шантеклер! Шашпа. Букачар, кичине солго. Ии…ошондой…(Аркан жерге түшөт. Телибай алперет). Шашпагыла. Мындайыраак… Аз калды. Шантеклер, канатыңды бир сермесең илесиң… (Корооз секирип илет. Сүйүнүч. Каткырык. Бирок ошо замат Карышкырды эстеп ооздорун басат). Азыр…мен бир сыйра текшерип чыгайын. Баары жайында.
Букачар. Иштейби анан?
Телибай. Сөзсүз иштейт! Себеби биздин тилегибиз жакшы! Биз жакшы балдарбыз.
Бетховен. Биз ынтымактуубуз!
Мавр. Биз билимдүүбүз!ө
Телибай. Төртөөң арканды бек кармап үйдүн аркасына барып жашынып тургула. Мен тарт дегенде тартасыңар. (Кетишет. Телибай мойнундагы ачк044Bты колуна алып, таяк менен табакты чаап белги берет. Коңулдан Түлкү баш багат).
Түлкү. Чечтиңерби?
Телибай. Чечтик.
Түлкү. Досторуң кана?
Телибай. Коркуп жашынып калышты.
Түлкү. Хи-хи-хи… айтпадым беле? Аларың курсагы тойгончо эле дос. Аларга сенден кант, печенье гана керек. Кана, ачкыч?
Телибай. Мына.
Түлкү. Келе.
Телибай. Силер Анайканы бошоткула.
Түлкү. Тапанданбай ачкычты бер.
Телибай. Андай болбойт. Мындай болбойт. Мен ачкычты мынабу чөптүн үстүнө коем. Өзүм тигиндей турам. Козу мага жеткенден кийин гана ачкычты аласыңар.
Түлкү. Ташта ачкычты.
Телибай. Силер биринчи Ананайканы бошоткула.
Түлкү. Князь! Князь! Козуну алып чык. (Карышкыр козуну алып чыгат).
Карышкыр. Кана, ачкыч?
Телибай. Мынакей. Сен Ананайканы кое бересиң, мен ачкычты таштайм. Кана…(Карышкыр козуну бошотот, Телибай ачкычты чөпкө ыргытат. Ананайка Телибай чуркап жетет). Чоочун кишини ээрчибе дебедим беле?
Ананайка. Экинчи ээрчибейм. (Түлкү менен Карышкыр ачкычты издеп жатат).
Түлкү. Ачкычты мен алышым керек.
Карышкыр. Эмне үчүн сен?
Түлкү. Сени бул жерге ким ээрчитип келди?
Карышкыр. Козуну ким алдап колго түшүрдү?
Түлкү. Жарыкты ким өчүрдү?
Телибай. Эй! Экөөң талашпай бирөөң кой сарайдын, бирөөң уй сарайдын ачкычын албайсыңарбы? Же мен бөлүп берейинби?
Түлкү. Жо…өзүбүз эле…
Карышкыр. Өзүбүз…өзүбүз… (Жанталашып ачкычты чыгара баштайт. Телибай экөөнө айтып жаткансып, досторуна кату кыйкырып белги берет).
Телибай. Ии…катуу тарткыла! Күчүңөрдүн баарынча тарткыла! (Достору арканды баарылап тартат. Жарык күйөт. Грилянд Түлкү менен Карышкырдын бут алдынан жаркылдайт. Экөө грилянда чалынып, магнитофондон чыккан мылтыктын атылганына, иттердин ажылдап үргөнүнөн жүрөгү түшүп, ачкычты таштап качканча шашат. Достору боору эзиле экөөнүн түрүнө күлүп, сүйлөгөнгө алдары келбей кучакташат. Алыстан машинанын үнү угулат). Достор! Атамдар келатат! Балдар, атамдар келатат! (Магнитофонду өчүрүп, баары эрдемсий жолду тосо чуркашат).
Т А М А М
ШЕР ШЕ ЛЯ ФАМ
(МЕН ЖАЗГА КЕТКИМ КЕЛЕТ…)
Эки бөлүмдүү турмуштук драма
Бишкек -2016
КАТЫШУУЧУЛАР :
- Калыс –
- Айсалкын –
- Жибек –
- Жибектин апасы –
- Жибектин эжеси –
- Жардамчы (менеджер) –
Классташы менен МАИ кызматкери сахнадан көрүнбөйт.
Окуя биздин күндөрдө өтөт.
БИРИНЧИ БӨЛҮМ
1-көрүнүш
Сахна бош. Сыртта машинанын токтогону угулат. Эшиктин ачылып -жабылганы, бир аздан кийин колуна желим чака көтөргөн 48-50 жаштардагы эркек чыгат. Чачын ак аралаган, узун бойлуу жылдыздуу адам. Баскан турганы жеңил. Үстүндө спорттук костюм. Бул Калыс. Өзүнө жини ушунча келгендиктен тутугуп, аттап-буттап тааладагы арыктан суу издеп жүрөт. Бир аздан кийин анын артынан 35-36 жаштардагы аял көрүнөт. Ал бир азга Калысты карап туруп, анан суроо жадырып артынан жөнөйт.
Жибек (эмне деп кайрыларын билбейт). Эй… эй – эй…
Калыс. Эмне? Эй?! Эй…дин аты бар…
Жибек. Кызык…Атыңызды билбесем, эй дейм да… Эмне болду?
Калыс. Бүттү… келдик…
Жибек. Кантип келдик?!
Калыс ( сүйлөшкүсү келбей). Ушинтип…
Жибек. Суусу ысып кеттиби?
Калыс. Жок.
Жибек. Анан эмне болду?
Калыс. Мен ысып кеттим… Көрбөй турасызбы? Мен өрттөнүп баратам. Баса… көк чычканыңыз жок беле?
Жибек. Ал эмне? А – а…
Калыс. Ал ошол. Чычкан.
Жибек. Эмне болду?
Калыс. Жолдо калдык. Май түгөндү.
Жибек. Май түгөндү?! (Туталанып ). Кызык… ушу жерденби? ( Ачуусу келгенин жашыра албайт.) Өзүнүн шалакылыгынан көрбөй… Дагы көк чычканыңыз жок беле деп коет… Дал өзүңүздүн көк чычканыңыз бар болсо керек… болгондо да… момолой… ээн талаага келип токтогонуңузга караганда… (Калыс унчукпайт, дагы эле суу издеп жүрөт, артынан калбай сүйлөнгөн Жибек). Мен сизге айтып жатам. Эй…
Калыс. Эй… дин аты бар деп жатам.
Жибек. Атыңыз болсо эмне кылайын. Жолго чыгаарда майыңыз барбы, жетеби-жетпейби карап туруп чыкпайсызбы?! Канча май куйган жерден өттүк?
Калыс. Айрым учурда май эмес атыңды унутуп каласың.
Жибек. Анда эмнеге киши аласыз?
Калыс. Мен сизди отур деп суранган жокмун. Деги кайдан чыга калдыңыз? Шайтандай болуп…
Жибек. Өзүңүз кайдан чыга калдыңыз шайтандай болуп?
Калыс. Жолдон… шашып бараткам.
Жибек. Мен да шашылыш болчумун.
Калыс. Кечигип жатам дегениңизден кыска жолго салгам.
Жибек. Кыска жолуңуз ушубу?
Калыс. Ушу…
Жибек (айласы куруп). Эми бул жерде канча турабыз?
Калыс. Машине өткөнчө.
Жибек. Машина качан өтөт?
Калыс. Билбейм.
Жибек. Билген жол менен айдабайт белеңиз анда!
Калыс. Эртең менен сүт ташыган машина өтөт.
Жибек. Эмне?!.. Сиз мени тамашалап жаткан жоксузбу?
Калыс. Тамашалагандай менин теңтушум белеңиз?!
Жибек. Эртең мененкиге чейин бул жерде эмне текей термек белем?
Калыс. Текей жок бу жерде. Тезек тер… Кечинде от жагабыз.
Жибек. Жайнаган таксиге отурбай, отурган машинемди кара. Эй… майыңыз жок болгондон кийин…
Калыс. Таксиге отурганыңызды ким кой деди? Же таксиге отуруп жаткан жериңизден мен жетелеп келип отургуздумбу? Деги киши алайын деген оюм жок болчу. Кайдан чыга калдыңыз билбейм… дөңгөлөктүн алдына жата калчудай болуп… Аз жерден сүзүп ала жаздадым.
Жибек. Тез көздөн далдаа болушум керек болчу.
Калыс. Эмнеге?
Жибек. Качып чыккам.
Калыс. Кулдуктанбы? (Каткырат.) Кебетеңиз окшобойт.
Жибек. Сиз дайым ушундай сүйлөйсүзбү?
Калыс. Кээде ушинтип айнып калмайым бар.
Жибек. Жолдо калганыңыз үчүн мени күнөөлүп жатасызбы? Эл жүргөн жол менен эле айдабайсызбы. Жок дегенде башка машинага түшүп кетет элем.
Калыс. Мен эмне… атайы жасаптырмынбы?!
Жибек (өзүнчө). Пландын баары өлдү… Токтоңузчу, байболгур… күйүгүп кеттим. (Энтигип). Токтолуп калган эле адам экенсиз, алыс жолго чыгып жатканда машинаңыздын тияк-биягын карап чыксаңыз болмок… Угуп жатасызбы?
Калыс. Болдучу… кечке эле кайталай бербей?
Жибек. Болбойм.
Калыс. Анда сайра! (Чаканы ыргытып жиберип, алаканын жайып асманга карап тизелеп отурат ). Оо, кутман талам! Мен келдим… катыныма таарынып келдим! Кучагыңды жайчы балаңа… сооротчу. Үйдө бирөөнүн акыл үйрөткөнү аз келгенсип, эми жолдон жолуккан бирөө бежиреп мээме чай кайнатып жатат. Куткарчы бу тозоктон кутман талаам! ( Жерге бой таштап уйгактын жалбырагын үзүп бетине жаап жатып алат. Жибек элейип турат.)
Пауза.
Жибек. Артиссизби?
Калыс. Жашоодо баарыбыз артиспиз. Жараткан – драматург. Режиссер – тагдырыбыз, сахнабыз – Жер… Бир аз эс алчы карындашым. Урушкандан пайда чыкпайт. Нервиң кетет. Клеткалар өлөт. Өлгөн клеткалар тирилбейт. Бетиңе бырыш түшөт. Айлананы карачы. Жаз жыттанат. Камыш шуудурайт. Булуттар шашып суу ичкени көл тарапка баратат. Суу ичип алып кайра келип, мобу кургап жаткан жердин суусунун кандырат. Ушундай сулуулукту байкабай, эстүү-баштуу эки адам ай талаада кыйкырышып жатабыз. Карачы… чөптөр коркконунан бүрүшүп калыптыр…
Жибек. Сизге айла жок экен…
Калыс. Айла жок… каалайбызбы-каалабайбызбы, бири-бирибизди жактырабызбы-жактырбайбызбы… чыдашка тура келет. Айла жок…
Жибек. Канчага?
Калыс. Бирөө-жарым өткөнчө.
Жибек. Өтпөсөчү?
Калыс. Азыр өтпөсө, эртең менен сөзсүз өтөт.
Жибек. Эртең менен?! Эртең менен! Ай… сизге эмне… баары бир! Ичимде ит өлүп жатканын кайдан билмек элеңиз…
Калыс. Булуттар көчүп баратат. Аба ырайы өзгөрөт окшойт. (Жибек аргасыз баш чайкайт ). Баш чайкабай эле коюңуз. Менин ичимде балким арстан өлүп жаткандыр тумчугуп?!. Сиз айткандай токтолуп эле калган киши, машинасында майы бары-жогуна карабай жолго чыкканы бекер эместир. Балким кыска жол менен тезирээк айылга жетип, тоого чыгып, бакырып-өкүрүп жинимди чыгарганы, кирдеген көңүлүмдү тазартканы бараткандырмын…
Жибек. Кечириңиз.
Калыс. Сиз да мени кечириңиз… ( Пауза )
Жибек. Үйдө эмне… проблемабы?
Калыс. Проблемасы жок ким бар дейсиз азыр? Селсаяктын да проблемасы бар…
Жибек. Чын эле аялыңызга таарынып чыктыңызбы? Же тамашабы?
Калыс. Ортодогу абалды жеңилдетейин дедим. Ансыз да айламды таппай турганда, сиздин сөзүңүз бытыранын огундай тийип жатат.
Жибек ( жылмаят ). Чынын айтканда?
Калыс. Чынын айтканда… айтылган бир сөз да. Ал экөөбүз көп талашып- тартышабыз.
Жибек. Себеп?
Калыс. Себеп?!.. Экөөбүз тең кыйынбыз. Ал ары тартат, мен бери тартам. Ал демаралга тартат, мен Ала-Тоого тартам. Нике кайыптан дешет эмеспи. Кудай таалам түгөйлөрдү кошуп жатканда, бир жаманга – бир жакшы, бир жаманга – бир жакшы деп күбүрөп отурат дейт. Моминтип… (Майда таштарды экиден тизет.) Кээде чарчап үргүлөп баратканда бир жакшыга – бир жакшы деп алат имиш. Жанагы идеалдуу жубайлар ошолор. Ал эми бизге келгенде уктап кеткен окшойт… уйкусурап түш көрүп атып бир кыйынга – бир кыйын деп койсо керек.
(Калыс дагы эле булуттарды узата карап жатат.Көңүлүндө бир аз мурун үйүндө болгон окуя чубурат. Жибек ташка отурат. Жарык өчөт).
2-көрүнүш
Окуя Калыстын үйүндө өтөт.
Салкын. Эмне туруп калдың босогодо?
Калыс. Өңүмбү же түшүмбү? Кайда келгенимди түшүнбөй турам.
Салкын. Өңүң, өңүң… Кел, чайга.
Калыс. Тобо-о! Депутат Айсалкын Айсариева өз колу менен чай берип жатса, албетте ичебиз да. (Отурат)
Салкын. Колумдан чай ичпей жүрдүң беле? Анын эмнеси таң калыштуу?
Калыс. Таң калыштуусу таламандын тал түшүндө дасторконду жайнатып, чайды кайнатып үйдө отурганыңыз. 90 процент колдогон шайлоочуларыңыз билбейт ээ, мунуңузду. Сизди бу маалда үйдөн эмес, телевизордон көрүп отуруп чай ичкенге көнүп калганбыз. Эмне болуп кетти? Парламент тарадыбы? Же тил табыша албай өзүңөр тарап кеттиңерби?
Салкын. Парламент тараганда сага эмнеси артат?
Калыс. Сен. Экөөбүз эки өйүздө туруп сүйлөшпөй, бир жээкте болобуз деп ойлойм.
Салкын. Парламентти жайына койчу… Кел, отур. Парламентке тийишпесең кекиртегиңден аш өтпөйбү?
Калыс. Силердин момпосуй соргон баладай момунудугуңарды карап туруп башка эмне айтууга болот?
Салкын. Кичине ийкемдүүрөк болсоң сен деле депутат болмоксуң. Же жанагы министрдин креслосуна барып отурмаксың.
Калыс. Ийкемдүрөк сен депутат болбодуңбу. Бир үйгө бир эле коомдук ишмер жетет. (Пауза)
Салкын. Мындай эмес элең, Калыс. Өзгөрүп кеттиң.
Калыс. Сен да мындай эмес болчусуң.
Салкын. Менин депутат болгонум сенин эркектик намысыңа тийип жатат.
Калыс. Келесоо… Мен сенин депутат болгонуңа эмес, чындыкты сүйлөбөй калганыңа намыстанам. Сен жакшы журналист болчусуң. Калеми курч, тили мурч, көтөргөн маселеси актуалдуу… Өз стили, жүзү бар дегендей. Сыйлык берип, мактап-жактап колго алып, аялдар да болушу керек деп, тилиңден партиялык тизмеге илип туруп парламентте отургузуп коюшту. Сенин атыңды бийлик өз кызыкчылгы үчүн пайдаланды. Ошону түшүнүп жатасыңбы? Өлдү бир жакшы журналист. Андан көрө журналистикадан сабак берсең коомго көп пайда келтирмексиң. Кантип куурчакка айланганыңды өзүң да билбей калдың. Мурун сыймыктанчумун.
Салкын. Азырчы?
Калыс. Эмнеңе сыймыктанайын? Жогор жактын сөзүн тотукуштай кайталап отурганыңабы? Же импотент мыйзамдарды жазганыңабы? Андан көрө балдарды карап үйдө отурган алда канча пайдалуу.
Салкын. Башка темага өтүп кеттиң.
Калыс. Ак чөп башта. Регламент боюнча күн тартибинде кайсы маселе эле? Баса, эмне үчүн сен сессияда эмес үйдөсүң? Үй тапшырма берип жөнөттүбү? Терс аяк күйөөң менен иштешип кел дештиби?
Салкын. Керкакшыктын атасын таанытарыңды билем.
Калыс. Сени кайсы тема кызыктырат? Менин министрге барышымбы? Же тендерди утушумбу?
Салкын. Барышың да тендерди утушуң да.
Калыс. Тендер эмес бизде! Тең бөлмөй жең ичинен. Эл көзүнө жакшы киши болуп тендер жарыялап. Өзүлөрү болсо жең ичинен келишип, өз кишилерин өткөрүп. Баягы эле эски трюк… будаламай! Бара албайм. Бере албайм. Тынч жашайм суу ичсем да!
Салкын. Сага ким айтты?
Калыс.Сагызган айтты! Алар жаршыруун кеңешме өткөрүп жатканда, терезенин тушундагы бакта отуруптур.
Салкын. Жөн айтпайсыңбы?!
Калыс. Комиссиянын курамында аз да болсо абийирин сатпаган, өзүн сыйлаган таза адамдар бар. Баары эле кошоматчы эмес. Халтуршик аларды бирден чакырып баланчаны колдоп койгула деп жыландын башын кылтыйта баштаптыр. Өз элинин балдары өлбөстүн күнүн көрүп кул базарда турса, булар чет жактан жумушчу апакелет имиш! Күйгөндөн жарылып кеткиң келет.
Салкын. Силер коюп жаткан күнөө өтө чоң күнөө. Эртең сотко кайрылса далилдей аласыңарбы?
Калыс. Берсин сотко. Мөөнү ичке. Бере албайт. Инвестор келди, чет элдик компания утту деп, баягы эле өз кишилерине кармата салмай. Жаңы эле үмүт кылып, эми колубузга бир чоң иш тиет, өзүбүздүн эмгегибиз өз жерибизде ишке ашат деп турган балдардын тилегине сууп сээп…Качанка чейин мамлкеттик масштабдагы курулушту башка бирөөлөр илип кетет. Канча долбоор колдоого алынбай бөтөн элдин бир шаарын кооздоп турат. Астана укмуш курулуп жатат дейсиңер. Ошол керемет курулуштун кээ бири биздин архитекторлордун долбоору экенин башкалар билбесе да сен билесиң?!. Өз жеринен иш таппаган биздин балдар Акмолонун ит өлгөн суугунда курулушта иштеп жатканын билесиңерби?!. Же бизде таланттуу архитекторлор жок бекен? Качан болсо бизге сөөк ыргытып тим болушат.
Салкын. Болуптур, болуптур… Демогогия салбай, эмоцияга алдырбай жай түшүндүрчү. Эмне себептен Мамлекеттик комиссиянын төрагасына ишеним көрсөтпөйбүз деп жатасыңар?
Калыс. Конкурска «Манас Интернейшинль» деген чет элдик компания кошулуптур.
Салкын. Кошула берсин. Андан эмне болуп кетти?
Калыс. «Манас Интернейшнльдин» артында ким турганын билесиңби? Алиги сен сүйлөшкөн министр, анын баласы. А министр менен биздин халтуршик Аккан дос. Арбактан коркпой-үркпөй көрүнгөн жерге тыга салышчу болду. Арак деле «Манас», коньягы деле «Манас». Манастан айлангырлар. Тим эле кредиттик карточка кылып алышты.
Салкын. Визиттик карточка десең…
Калыс. Туура. Манас визиттик карточка болуш керек болчу. Бирок, бу арамдардын Манасты визиттик карточка кылуу колдорунан келбейт. Айбандар… аракка «Канчоро», «Тазбаймат», «Кыргылчал» деп ат коюш керек. Эй, сен сессияда ушундай сунуш киргизбейсиңби? Баары бир өтпөйт. Иче берсин шордуу кыргыз. Азыр атасынын канын ичсе деле окшош болуп калды. Мас элди, ач элди башкарыш оңой. «Жаман өзүнө тап, табарсыкка кап»…
Салкын. Эмне… эмне?!
Калыс. Ошо… Мындай макалды парлементте айтууга болбойт. (Пауза) Министрге айткам дейсиң… Ошондо эмне деди ал министриң?
Салкын. Сен ага эртең кирип чыгышың керек.
Калыс. Эмне деп кирип чыгайын? Мен депутат Айсалкын Айсариеванын күйөөсү болом деппи?
Салкын. Антип айтсаң бир мүчөң кемип калабы?
Калыс. Анүчүн мен кайра төрөлүшүм керек. Калысбок болуп.
Салкын. Браво! Браво! Биздин күндүн баатыры Калысбек Бексултанович өз репертуарында. Узакка созулган жана дүркүрөгөн кол чабуулар…
Калыс. Ушул үчүн эрте келдиңби сессияны таштап.
Салкын. Атың чыкпаса жер өрттө. ( Журнал койчу столдун астынан гезиттерди алдына таштайт ). Ме,кара… Өзүңө өзүң суктансаң болот…Ушунун баарын ойлонуп туруп жасап жатасыңбы?
Калыс. Жок! Эриккенден! Чоңдорго тийишким келгенинен!
С а л к ы н. Айла жок сага. Бүтө турган ишти бүлдүрүп. Айтбадым беле. Министрдин алдынан өтүп кирип чык, жаздырып койдум, сүйлөшүп койдум дебедим беле… Ал тендердик комиссияда биринчи скирипка!
Калыс. Биринчи скрипка эмес, мага десе Спиваков, Юрий Башмет болуп кетсин!Андай немелер бийликке Пиночет келсе да ошонун ырын ырдап, биринчи скрипка болуп алат. Эми… Кокуй ал биринчи скрипка экен деп жалпаңдай берелиби? Эч нерсе эмес… Кулагын кичине бошотуп бурап койдум. Канчанчы скрипка экенин сезсин.
Салкын. Анын артында ким турат билесиңби?
Калыс. Билем… «Таранчыдан корккон эгин экпейт»…
Салкын. Билип туруп ушуга бардыңбы? Бүгүнкү бүт гезитте сенин макалаң…
Калыс. Эмне? Өз тагдырымды, коллективдин тагдырын ошол халтуршиктин колуна салып берейинби?! Эй… кайсы эмгеги үчүн сыйлык алганын өзүнөн башка эчким билбейт. Бир жактан бир нерсени көрүп келип, анча мынча өзгөртүп жасай салса эле, мактап жатып калышат.
Салкын. Колунан келсе ала берсин. Колуңдан келеби, сен да ал?
Калыс. Антип алыш менин колумдан келбейт.
Салкын. Кантип?
Калыс. Бирөөнү жамандап ор казып, бирөөнү мактап төтөнүн жалап…
Салкын. Анда унчукпа. Чычалаба.
Калыс. Тобо-о! Ушул сөз мыйзам жазгычтын оозунан чыгып жатабы?
Салкын. Ар замандын жазылбаган өз мыйзамы бар.
Калыс. Анда ошол жазылбаган мыйзамың менен жашай бер. Министриңе өзүң бар. Тендерди сатып алып каалаган архитектураңар менен курдургула. Чатырына калмактын калпагын кийгизип!.. Мен өкмөттүн мүчөсү эмесмин, сен парламентте такалагандай. Сенин күйөөңмүн. Өз башым үчүн өзүм жооп берем.
Салкын. Тилиң жаман.
Калыс. Билем. Силерге жаккандай сүйлөй албайм. (Чыгат)
Салкын. Сен кайда?
Калыс. Сенин мыйзамың жетпеген жерге! (Эшикти тарс жаап чыгып кетет).
Салкын. Мен өзүм үчүн жүгүрүп жатамбы?
Калыс. Жүгүрбө! Сени ким жүгүр деп жатат. Бар, сессияңа барып балык болуп отура бер. А мени жайыма кой. (Чыгат)
Салкын. Кайда?
Калыс. Билбейм. (Чыгат. Дарбазанын ачылып жабылганы, машиненин жүрүп кеткени угулат. Жарык өчөт.)
3- көрүнүш
Кайрадан талаа. Калыс менен Жибек баягы калыбында.
Жибек. Терең ойго түшүп кеттиңиз… 48- жылдын революциясы…
Калыс (ойго алаксып). Кайсы? Франциядагыбы?
Жибек. Жок. Сиздеги…( күлөт).
Калыс. Кандайча?
Жибек. Эркек 48ге чыкканда бир өзгөрүп, көнүмүш нерседен тажап, жаңылык издеп, баарын өзгөрткүсү, жаңырткысы келип калат.
Калыс. Аны кайдан билесиз?
Жибек. Билебиз. Илимде аныкталган. Турмуштан алынган. Психологмун.
Калыс. Жан дүйнөнүн доктурумун деңиз.
Жибек. Ооба. Тилекке каршы азыр өз кесибим менен иштебейм.
Калыс. Бу турмуш ар кимибизге өз өзгөртүүсүн киргизбедиби. Кечээки аракечтер беш маал намазга жыгылып бүгүн молдо болду… Кечээки партократтар демократ болуп чыга келди. Аты өзгөргөн менен заты өзгөргөн жок, кара курсак үчүн жашап жүрөбүз. Жан дүйнө унутта калды. Азыр эч нерсеге таң калып болбойт.
Жибек. Нааразысызбы?
Калыс. Нааразы болуп өлө албай жүрүптүрмүнбү? Ыраазымын… өтө ыраазымын. Эркин сүрөткермин… Эгемендүү өлкөдө жашайм… Эмне кааласам ошону жасайм. «Аксуунун башы жошо бол, азаттык келди башыңа, эми эмне болсоң, ошо бол» – деген гимнди ырдайм. Сиз байкайсызбы? Кызык мезгилде жашап жатабыз. Мага мындай эркиндиктин кереги жок болчу. Бу заманда менин билимимдин, акылымдын, күчүмдүн эч кимге кереги жок экен… Жада калса өз аялыма да. Өзүмдү эч кимге кереги жоктой сезчү болдум. Мобу талаадай. Кара… быйыл да айдалбай кысыр калыптыр. Баарын акча чечкен замандын күбөсү… Тоодон кулаган таштай аңкилдик атып эле кетип баратабыз… эмненин ичинен чыгар экенбиз…
( Пауза )
Жибек. Саатыңыз жокпу?
Калыс. Жок. Азыр. ( Кулисадан чыгып машинанын радиосун коюп кайра келет. Радиодо кеңири таанымал ырчынын үнү созолонот «Жүрү ээрчишип кетели өрүкзарга»… Жибек ордунан ыргып туруп барып радиону өчүрүп кайра келет. Пауза). Жаман көрөсүзбү?
Жибек. Жаман деле көрбөйм.
Калыс. Анда эмнеге өчүрүп салдыңыз? Укпайлыбы?
Жибек. Укканда эмне? Өрүкзарга баралы дечү эркек жок азыр.
Калыс. Коюңузчу?!
Жибек. Азыркы эркектер өрүкзарга эмес, мейманканага, саунага же талаага чакырат.
Калыс. Кантип эле?
Жибек. Айдан кулап түшкөнсүп сүйлөйсүз тим эле. Мына ээн талаа… Экөөбүздөн башка эч жан жок. Бири-бирибизди тааныбайбыз. Кокус жолуккан адамбыз. Ушу жашка келгени башка аялга барган эмессизби?
Калыс. Аял деген Обо энени азгырган кызыл алмадай… Эркек деген бир дөбөт… жылуу карап койсо болду, шыйпаңдап кете берет… Кой карындашым. Андай суроо бербе… Карачы… күн уялып булутка жашынып калды.
Жибек. Айтсаңыз. Баары ушул жерде калат.
Калыс. Бирөө мындай суроого: «Сан карагай миң токой, кайсы бирин айтайын» деп жооп бериптир. ( Экөө тең күлөт)
Жибек. Жакшы жооп экен? (Күлкүсүн тыя албайт)
Калыс. Жакшы жооп…
Жибек. Укмуш … Ошондо сиздики «сан карагайбы» же «миң токойбу? »
Калыс. Жигитчилик жолу болсо болгондур… жазып-тайып…бир эки ак кайың, мажрүм тал…
Жибек. Аңкыган алма, мөлтүрөгөн жүзүм, гүлүн төккөн өрүкзар…
Калыс. Анын баарына өмүр жетпес карындашым. Жүрөк калбыр болуп калбайбы… Сиз менин намысыма тийип койдуңуз. Кантип эле гүлү төгүлгөн өрүкзарды каалабаган, сулуулукту, тазалыкты эңсеген бир эркек калбасын?
Жибек. Билбейм… Сиз эле болбосоңуз. ( Пауза )
Калыс. «Микробу жок тоолордун арасында
Сүйүү жашайт наристе өңү менен…
На – на , на-на-на, на-на-на
Кетесиңби сулуу кыз мени менен?..» – деп бир акын ырдагандай…( Жибекке ) Эмне ырдаганга да болбойбу? Талаанын тартибин бузуп койдумбу? Жасалма зыңгырай албайм. Кудай жасалмалуулуктан сактасын. Өзүмдү жоготкум келбейт.
Жибек. Сизге жашоодо кыйын болуш керек.
Калыс. Кыйын… кыйындыгы бир тыйын.
Жибек. Кимге сүйлөп жатасыз?
Калыс. Өзүмө. Кудайга. Тигилерге…
Жибек. Өф – фү! Күндүн ысыгын!
Калыс. Талаада күн ачуу тиет.
Жибек. Ушинтип эле отура беребизби? Жөө канча убакытта барса болот?
Калыс. Кайда?
Жибек. Чоң жолго.
Калыс. Чоң жолго жете албайсыз.
Жибек. Эмнеге?
Калыс. Чоң жол алыс калды. Сиз жеткенче караңгы кирет. Өзүңүз айткандай ээн талаа. Азыр…
Ордунан туруп чыгып кетет. Сырта калдыр-шалдыр, багаждын ачылып-жабылганы, анан колуна балта кармаган Калыс кирет. Жибек ордунан ыргып туруп артка кетенчиктеп, кол сумкасынан газ пистолет алып чыгат.
Жибек. Жакындабаңыз! Токтоңуз! (Калыс буйдалып токтой калып, тамаша катары кабыл алып кадам таштайт). Токтоңуз деп жатам! (Жибектин үнүндө коркуу бар).
Калыс. Дени-карды соо немесиңби?
Жибек. Соо элемин. Таштаңыз балтаны!
Калыс. Эмнеге таштайм?! (Чечкиндүү басып келип Жибекти колдон алат. Күлөт). Сен, карындашым, алдагы пистолетиңди сумкаңа сал да, жолду тоспой мындай тур. Анан экинчи эркекке минтпей жүр. Пирин таарынтып аласың. Түшүндүңбү? (Эки чыканагынан кармап барып ташка отургузуп кою чыгып кетет. Алыстан бир нерсени балталап чаап жатканы угулат. Бакылдап сүйлөп да жатат). Ушинтип ит аткандай атып салам дечи?! (Жибек унчукпайт). Келишкен келин экенсиң… Кечирип кой, кыз экенсиң… Андан көрө пистолети жок эле, кирпигиң менен бирөөнү жүрөккө атсаңчы… Бутуңа келип жыгылсын.
Жибек. Ошо атайын деп бараткам.
Калыс. Аткың келбей калдыбы?
Жибек. Сиз тоскоол болдуңуз.
Калыс. Кантип? (Күн караманын сабагын сүйрөп келет).
Жибек. Бул эмне?
Калыс. Күн караманын сабагы.
Жибек. Башы кайда?
Калыс. Мандикерге кеткен.
Жибек. Мандикерге?.. Кайда?
Калыс. Орустарга, казактарга, калганы кытай менен янкилерге.
Жибек. А-а… эми түшүндүм. Май чыгарганы дебейсизби.
Калыс. Май чыгарып атабы… малай болуп жүрөбү… иши кылып кеткен. Дайнын сурар киши жок.
Жибек. Муну эмне кыласыз?
Калыс. Сизге ак өргө куруп берем. (Сыртка чыгып машинесинен ичке тилинген кайыш алып келип күнкараманын сабагынын башын байлаштырып бууп, брезент алып келип жаап алачык жасайт). Күн өтүп кетет, көлөкөгө кириңиз, карындашым… (Жибек алачыкка кирет).
Жибек. Балка-чотуңуз жаныңызда… сарамжалдуу жүрөт экенсиз. Шаардыксызбы же айылдыксызбы?
Калыс. Түбүм айыл…
Жибек. Баарыбыздын эле түбүбүз айылда эмеспи. Бул эмне болгон кайыш?
Калыс. Канжыга.
Жибек. Бала кезде таятам тилгенин көрчү элем.
Калыс. Оо-уу-у… таятаңыз кайыш тилгенин көрсөңүз, анда…
Жибек. Ооба… жер каймактаганда туулгам.
Калыс. Айтам да. Кебетеңе караганда шаардык. Азыр тери жасагандар жок. Социализм менен бирге тап катары жоюлуп кеткен. Баары даяр. Базардан сатып алдым…
Жибек. Мен жер каймактагандагы болсом, сиз качанкысыз?
Калыс. Мен… Жер каймактай электеги… Кудай-таалам асман менен жерди бөлүп атканда төрөлгөм. Баары бир улуумун сенден…(Экөө тең күлөт.
Калыс арканды отурган жерин, тиги алачыкты айлантып таштайт.)
Жибек. Муну да базардан алдыңызбы?
Калыс. Жок. Муну өткөндө Суусамырдан алгам.
Жибек. Эмнеге минтип таштап койдуңуз?
Калыс. Кыл аркандан жылан, бөйөн-чаян өтпөйт. Коркпой отура берсең болот.
Жибек. Кызык. Укпаптырмын. (Унчукпай калышат.)
Жибек. Сиз менин убалыма калдыңыз.
Калыс. Кандайча?
Жибек. Мен бирөөгө жолукканы бараткам. Бүт планды буздуңуз. Балким… ал менин маңдайым жазган бактым болмок.
Калыс. Мына, кызык…Тапанча көтөрүп алып бактыңа жолукканы бараттың беле?
Жибек. Тааныбаган неме менен жолукканы баратсам, көтөрөм да?!
Калыс. Тааныбаган?!. Мунуң андан кызык экен… Ай, айланайын карындашым… Мындай… деги дени кардың сообу? Жиндиканадан качып чыккан жок белең?
Жибек. Азыр турмушуң өзү жиндикана! Андан көрө ошо жиндиканадагылардын жашоосу жакшы болуш керек… Эч нерсе билишпейт, ыпластыкты көрүшпөйт, бизге караганда кудайга бир таман жакын.
Калыс. Айталаада… анан да тааныбаган эркек менен жолугушуу…Тобо кылдым… Бул иш же жиндинин башына келет, же…
Жибек. Таң калбаңыз…«Ургаачы сиерде, же эрге тиерде көзү эч нерсе көрбөй калат» – дечү таенем.
Калыс. Кандай, кандай?! (каткырат)
Жибек. Уккан жок белеңиз?
Калыс. Уккам. Бирок ушунчалык карайлап калат деп оюма келбептир.
( Пауза)
Жибек. Айтыңызчы… Адам эмне үчүн жашайт?
Калыс. Жарык дүйнөгө келгенден кийин жашайт да.
Жибек. Эми ошо жарык дүйнөгө эмне үчүн келет? Миңдеген уруктан бирөө эле жашоого укук алат, ээ? Чынбы? Мына сиз экөөбүз эстүү-баштуу, аркы-беркини көргөн адамбыз. Айтыңызчы? Эмнеге? Мансап үчүнбү? Байлык үчүнбү? Же керээлди кечке иштеп, кечинде тапканын аракка салып ичиш үчүнбү? Же бирөөнүн койнуна барыш үчүнбү?
Калыс. Бул суроого далай акылмандар баш катырып жооп таба алган эмес, карындашым… Анан бир аялына ээ боло албай жүргөн мен табамбы?
Жибек (баштан аяк сынай карап). Кебетеңизге караганда сиз аялга баш берчү эркектерден эмессиз. Камбыл, сарамжалдуу, керки-чотуңуз колуңузда. Айылда да, шаарда да өзүңүздү эркин сезет болушуңуз керек. Тескерисинче, сиздей эркектер аялын канатына калкалап жүрөт.
Калыс. Ошо… канатыма калкалап жүрүп сасыткы кылып алдым.
Жибек. Сасыткы?!..(күлөт). Жооптон качпаңыз.
Калыс. Адам Теңирдин буйругу менен Адам ата тукумун улаганы келет. Эң жогорку вазийпасы ошол. Анан мээси башынан ашып-ташып кеткен акылдуулары бир нерселерди ойлоп табышып, а акмактары ага көз артып, ичи тардык кылып, бирин-бири атып, сатып, так талашып… Кудай урганда кресло бирөө эле болуп атпайбы… Ага жетпегендери жетем деп тырмышып… айтор, дүйнө талаш, ой талаш…катын талаш болуп… пендечиликтен башы чыкпай ит жыгылыш болуп келатпайбы бу адам дегениң… Мен философ эмесмин…Билгеним ушул, карындашым…
Жибек. Мен да философ эмесмин… Бирок… мен эмнеге келдим бу дүйнөгө деп ойлой берчү болдум.
Калыс. Сен ата-энеңдин сүймөнчүк кызы, бир жигиттин сүйүктүү жары, балдардын мээрман энеси болгону келгенсиң. Мына ушул үч милдетти аткарсаң милдетиңди аткарган болосуң.
Жибек. Мен бул милдетти аткаруудан кечигип калдым. Аткарайын деген аракетим талаага кетип, мына бул айталаада отурам сиз менен акыл жоруп…
Калыс. Кейибе карындашым. Бир кыл мурут жигит өзүңдү жолуктура албай жүргөндүр.
Жибек (ойлуу). Эми мага кыл мурут жигит кылчаймак беле?!
Калыс. Ургаачынын чырагы кырк…
Жибек. Көңүл улабай эле коюңуз. «Кырктагы жигит кыз алат, кырктагы кызды ким алат?!.» – деп кыргыз бекер айтпаса керек.
Калыс. Балээдей сүйлөйт экенсиң! Макалдаштырып…
Жибек. «Ургаачынын чырагы кырк» дейсиз… Мага бирөө эле жанса болот эле.
Калыс. Жанат, карындашым, жанат… Андан көрө эмнеге качып чыктың?
Айткың келбесе айтпай эле кой. Жөн убакытты кыскарталы дегеним…
Жибек. Өзүмдү ноутбуктун ичинде жүргөндөй сезем. Дайым көзөмөлдө… Өзгөрткүм келди.
Калыс. Эмнени?
Жибек. Жашоомду. Бир адамым бар. Учурунда өзүм жакшы көргөм. Өтө.
Калыс. Үй-бүлөөлүү…
Жибек. Ооба.
Калыс. Көп болдубу?
Жибек. Көп болду. Мен анын көп жакшылыгын көрдүм. Көп милдеттүүмүн. Бара-бара баары көнүмүшкө айланат экен го…
Калыс. Жанагы философиялык суроонун төркүнү ушундан уламбы?
Жибек. Мен киммин ага? Анын көп байлыгынын биримин… менчигимин…Каалаган учурда келет… каалаган учурда кетет… Башында билинчү эмес. Кийин… Элестетиңиз ал кеткенден кийинки менин акыбалымды?! Төрт дубалдын ортосунда… сүйлөшөргө жан жок.
Калыс. Ошол элеби?
Жибек. Ошол эле болсо жакшы эмеспи… Акыры болчу нерсе болду…
Калыс. Эмне?
Жибек. Дүйнөдө бир нерседен коркор элем…
Калыс. Эмнеден?
Жибек. Аялы менен бетме-бет жолуккандан.
Калыс. Издеп келип чаң салдыбы?! Баарын таштап туңгуюкка бой таштаганыңа караганда…
Жибек. Жо-о-к. Баарын жасап коюп өлүмүш болуп четке чыгып карап тургандар четтен табылат экен.
Калыс. Социалдык кутумчуларбы?
Жибек (суроого түшүнбөй калат). Ким?
Калыс. Интригандар. Алар бардык жерде азыр. Акүйдө, Көкүйдө. Үй-бүлөнү чабыштыргандар да ошол социалдык интригандар.
Жибек. Аа… ушаковоздор дебейсизби? (Күлүшөт.) Өзүмдүн эле сырдаш болуп жүргөн бир эжелерим жасады. Күткөн эмес элем. Бир кафеге шеринеге чакырып. Кантээр экен…Эмне болушаар экен дегендей.
Калыс. Анан?
Жибек. Анан… эч нерсе. Же чыгып кете албайм. Жерге кирип кетким келди. Бүттү. Азыр башталат дедим. Тигилер деле күтүп турганын сездим. Жок… Алар күткөндөн башка болду. Ал аялдын акылына тан бердим. Тиги эжем тааныштырганда кадыресе учурашып, эски тааныштай жанына отургузду. Бир катуу сөз айтсачы. Же бир жаман орой мамилесин билдирсечи… «Абайла. Сак болсоңчу. Бир чүрөк илип кетпесин. Азыр жаштар кыйын.» – деп, тиги доскелери анын күйөөсүн мактамыш болуп жакшы эле кайраштырып отурду. Тамашага салып. «Аны эмне анча королудай корудуңар? Алтымыш жыл эки бутунун ортосунан түшүп калбаган неме, эми түшүп калат беле? Келет өзүмө.» – деп жаагын жап кылды.
Калыс (каткырат). Ушинтип айттыбы?! Кыйын го!
Жибек. Оозунда сөзү бар ачык-айрым аял экен. Айтты. Бычаксыз өлтүрдү мени бүгүн. Тепсеп салды… Үй-бүлөсүн баарынан жогору койгон, эрин сыйлаган, ичинде аалам аңтарылып жатса да балдарын атасыз калтыргысы келбеген жөнөкөй бир аял…
Калыс. Балким билбейт чыгар.
Жибек. Билет. Болгону өзүнүн да, менин да, эринин да аброюн түшүргөн жок. Мына ушунусу менен тиги арамзаа доскелеринен да, менден да бийик турду. Тигилердин максаты таш капты. Ээрдимди кесе тиштеп, «эсиңе кел Жибек!» – дедим ичимде. Ошентип алаксыйын деп интернетке кирем…
Калыс. Интернеттен бирөө менен тааныштың анан…
Жибек. Ооба… Деги эле чакыруусун кабыл албай, боюма жуутпай жүргөм. Анан бүгүн…
Калыс. Анан туруп-туруп эле башыңа алма тийди…
Жибек. Ошондой эле болду. Билесизби? Мен жазга кетким келет. Жазда дарак кайра жалбырак байлайт. Өрүктөр гүл ачат. Жашоо кайра башталат. (Пауза) (Жарык өчөт.)
4-көрүнүш
Жибек ылдам басып кабинетине кирет да эшикти ичинен илип, колундагы сумкасы менен телефонун столго коюп, өзү диванга отуруп буркурап ыйлап жиберет. Эки ийни солкулдап өксүп көпкө ыйлайт. Телефон чырылдайт. Албайт. Телефон дагы чырылдайт. Карабайт.
Жибек. Мээси жок башым… Ушуну көрмөкмүн… Сооп мага… Акыры бир күнү бул болмок…
(Эшик кагылат. Жибек унчукпайт. Эшик дагы кагылат. Акырын. Тыңшап жаткандай. Жибектин бар экенин билгендей. Дабыш узап кетет. Телефон дагы чырылдайт. Жибек жүз аарчысы менен көз жашын сүртөт. Улутуна үшкүрөт. Туруп графиндеги муздак суу менен бетин жууйт. Жүз аарчысын суулап сыгып, диванга барып бетин жаап отурат. Эшик дагы кагылат.)
Үн. Жибек Мусаевна… ( чочутуп албайын же тил укпайын дегендей акырын чыгат. Жибек бир турат да барып эшикти ачат. Жардамчысы кирет. Жибек аны карабаганга аракет кылат.) Жибек Мусаевна… шеф чалып жатат.
Жибек (жардамчысына сыртын салып, столдон өзүнүн телефонун алып терезени карай басат.) Мага да чалыптыр…
Жардамчы. Эмне дейин?
Жибек. Кимге?
Жардамчы. Шефкечи… дагы чалса…
Жибек. Өлүп калыптыр де…
Жардамчы (үрпөйүп). Жибек Мусаевна…
Жибек. Люкка түшүп кетиптир деп койчу… Бар… ошентип кой.
Жардамчы (чыгып баратып, батынбай). Жибек Мусаевна… Сурасам болобу?
Жибек. Сура… сурап кал
Жардамчы. Сизге эмне болду? Бирөө капа кылдыбы?
Жибек. Жок. Саамайымдан сылады. Сылаганда да… ат тарак менен сылагандай сылады… Бетим шыпырылып түшүп кала жаздады.
Жардамчы. Сиз жанагы эжени жакшы тааныйсыңбы?
Жибек. Кайсы?
Жардамчы. Жанагы сизди түштөнүүгө чакырган эжени?
Жибек. Жакшы билем деп ойлочумун. Эмне болду?
Жардамчы. Башкача болуп келдиңиз. Түштөндүңүзбү?
Жибек. Өлө… Кекиртектен. Бар. Бара бер. Укмуш дебедимби.
(Жардамчы түшүнүп-түшүнбөй чыгып баратып кайрылат.)
Жардамчы. Шеф чалса эмне дейин.
Жибек. А киши менен өзүм байланышам. (Жардамчысы бир нерсе айтайын деп айта албай чыгат.Отурат. Папканы ачып кагаздарды барактайт. Анан компьютерди иштетет. Компьютердин экраны сахнанын арткы планында пайда болот. Жибек өзүнүн почтасын ачканда эле сүрөтү жок Үчүке-Түлкү деген абонент чыгат. Төрт сап ыр жазылган.)
Үчүке-Түлкү. Жашоонун ырын созуп,
Жамгырга жүзүм тосуп,
Гүл кечип кол кармашып
Мен жазга кетким келет –
Кетким келет сени менен…
Жибек. Ой-у! Катуу кеткенсиз го?!
Үчүке-Түлкү. Колдон келишинче… Кандайсыз? (Үчүке-Түлкүнүн сөзү экранда жазуу түрүндө кетет. Жибектин сөзү деле жазылат. Бирок адегенде айтылып, анан экранда пайда болот.)
Жибек. Дурус.
Үчүке-Түлкү. Бул Сизге Жаңыл Мырзам… (Экранда бир кучак гүл пайда болот). Иш күнүңүз жакшы маанайда башталсын.
Жибек. Ракмат. Гүлүңүз түгөнө элекпи?
Үчүке-Түлкү. Түгөнбөйт. Дүйнөдө канча миллион гүл болсо, ошонун баары интернетте. (Дагы ыр кетет.)
–Бир жалт карап өттүң ичти күйдүрүп,
Кан дүргүтүп карегимди сүйдүрүп.
Жоогазындай жоодураган жалжал көз
Жолуктурду жолубузду тирүүлүк…
Жибек (күлөт). Ой-ий… мен уялтып койдуңуз, Үчүке баатыр… Же Түлкү дейинби?
Үчүке-Түлкү. Айта бериңиз. Экөө тең баатыр болгон. Анан сизге даап кат жазган мен баатыр эмей киммин?
Жибек. Табышмактатпай айтыңызчы. Жолубуз кайдан жолугуп жүрөт ошондо?
Үчүке-Түлкү. Бир жыйында. Бир жыл мурун.
Жибек. Бир жыл?..
Үчүке-Түлкү. Ооба… Бир жылдан бери көзүм менен багып жүргөнүмдү билбейсиз.
Жибек. Билгенде эмне өзгөрмөк, менин тааныш эмес таанышым?
Үчүке-Түлкү. Балким көп нерсени өзгөртмөкпүз. Жолугалы. Сүйлөшөлү десем болбойсуз качып.
Жибек. Сиз адегенде сүрөтүңүздү коюп, жүзүңүздү ачыңызчы Гүлчөтай-Үчүке-Түлкү…
Үчүке-Түлкү. Сүрөт деген жансыз элес. Ал эч нерсе айтпайт. Жолугалы. Бүгүн да жолугууга чакырам. Жүзүмдү эле эмес жүрөгүмдү ачам сизге… Бирок эскертип коюшум керек. Кебетем суугураак… көргөндө чочуп кетпеңиз…
Жибек. Жолуга албайм. Жолум туюк.
Үчүке-Түлкү. Туюк жол болбойт. Көңүл болсо туюктан да жол табылат Жаңыл Мырзам.
Жибек. Жаңыл Мырза… Жаңыл Мырза Үчүке менен Түлкүнү жаа менен атып таштаганын билесизби?
Үчүке-Түлкү. Билем. Сиз мени эбак эле атып салгансыз. Биринчи көргөндө эле. Жебеңиз жүрөгүмдө сайылуу… кабылдап баратат.
Жибек. Жолуга электе эле атып салсам, жолукканда эмне болот?!
Үчүке-Түлкү. Жолукканда айыктырып алар дейм. (Ушул учурда экранда өзгөрүү болуп, алма-бактуу короодон бир аялдын сүрөтү көрүнөт скайптан).
Жибек (күлө). Баатыр сүйлөйт экенсиз. Кечиресиз. Анан сүйлөшөлү. Быякта бирөө чалып жатат. (Адегенде жакшы көрүнбөй, сөз угулбай барып көрүнөт. Экранда классташы.)
Классташы. Ай… Жибек… Жибек! Угуп жаасыңбы? Тааныдыңбы? Мен… Күлүйпа…
Жибек (араң тааныйт). Ии… тааныдым…тааныдым… Сен кайдан?
Классташы. Кайдан болмок эле. Америкадан дейсиңби… айылдан эле.
Жибек Айылдан?!
Классташы. Ооба. Айылдан. Эмне оозуңду ачасың? Силерге жеткен цивилизация бизге жетпейт бекен? Бизге да жеткен. Жибек кандайсың? Деги бир көрүнбөйсүң?
Жибек. Жакшы. Өзүң кандайсың? Угуп атам. (Экран көрүнбөй чыбырчыктап барып кайра оңолот.)
Классташы. Ий, өлүп кеткир чыбырчыктаган. Иштебей калды мунусу.
Жибек. Сенин цивилизацияң жакшы болбой атат Күкүш. Сүйлө.
Классташы. Бат-бат сүйлөйүн. Мобу өчүп кала электе. Ай, Жибек… Мектепти бүтөөрүм менен күйөөгө тийгенде уруштуң эле. Кыскасы тойго чакырам. Кызым турмушка чыгып жатат…
Жибек. Койчу?!.
Классташы. Биринчи жакшылыгым. Классташтардын баарын чогултуп жатам. Кызым болбой… сени м менен сүйлөш деп… анан мен кыйын болуп сүйлөшүп атпаймынбы.
Жибек. Болсун, болсун…
Классташы. Ай… Жибек кел сөзсүз. Келбесең таарынам.
Жибек. Барам… барам…
Классташы. Күйөөгө тийсең сен деле эмдигиче мага окшоп очор-бачар болуп калмаксың… Анда сени өкүл эне коймокмун. Жүрө бересиңби ушинтип? Музейге койчу экпонаттай болуп…
Жибек. Эмне өкүл эне койсоң болбойбу?
Классташы. Анда өкүл атасы ким болот? Салтта жалкы киши болбойт. Жуп болуш керек. И-ий, кара жерге киргир… Эр тандап жүрө бербей, тий күйөөгө! Сүрсүп деле кеттиң го… (Каткырат. Жибек кошо күлөт.Бирок күлкүсү күлкүгө окшобойт.)
Жибек. Той качан? Качан болот? (Байланыш үзүлөт.) Үзүлүп калды… (Ойлуу отуруп калат.) Кызы турмушка чыга турган болуп калдыбы?!.. Ушунча убакыт өттүбү? (Өзүн күзгүдөн карайт. Кулагына Классташынын: «Жалкы киши болбойт. Жуп болуш керек. И-ий, кара жерге киргир… Эр тандап жүрө бербей, тий күйөөгө! Сүрсүп деле кеттиң го…» деген сөзү, күлкүсү жаңырат. Компьютерге отурат. Үчүке-Түлкүнү табат.)
Жибек. Салам.
Үчүкө-Түлкү. Салам. Эмне болуп кетти?
Жибек. Бүгүн жолугууга чакырып жаттыңыз беле? Чынбы? Же тамашабы? (Пауза)
Үчүкө-Түлкү (экранда көп чекит). …
Жибек. Эмне унчукпай калдыңыз? Мен макулмун.
Үчүке-Түлкү. Тамаша эмес.
Жибек. Анда мен макулмун. Суроо. Үй-бүлөөңүз жокпу?
Үчүке-Түлкү. Жок, жок, жок!
Жибек. Анда мынабу жерден жолугабыз. Убактысы көрсөтүлдү. Көрдүңүзбү? Болду. Мындан ашык жаза албайм.
Үчүкө-Түлкү. Макул.
Жибек. Эмне оозуңуз бош?! Күткөн жок белеңиз? Жана эле туюктан да жол тапса болот деп жатпадыңыз беле?
Үчүкө-Түлкү. Апкаарый түштүм… Макулмун. Бир өлүмдөн башканын эрте болгону жакшы… (Экран өчөт. Жибек оюн токтото албай басып жүрөт. Столго келип коңгуроону басат. Жардамкчы жигит кирет. 25-28 жаштардагы узун бойлуу, жылдыздуу жигит.)
Жибек. Мен айылга барышым керек болуп калды. Шашылыш. Классташым тойго чакырып жатат.
Жардамчы. Азырбы?
Жибек. Ооба. Бүгүн. Телефонумду таппай кеч айтып калдым дейт.
Жардамчы. Шеф чалса…
Жибек. Чалбайт. Сен бул жерге баш-көз бол. Тиги секретарь кызга айт. Телефонду таштап кетип калбасын. Өзүң билесиң да калганын… (Чыгат. Жарык өчөт.)
К Ө Ш Ө Г Ө
ЭКИНЧИ БӨЛҮМ
5-көрүнүш
Кайрадан талаа. Калыс менен Жибек баягы калыбында. Экөө сүйлөшүп отуруп эчак түн кирип, таң агарып келатат.
Калыс. Виртуалдык таанышуу дечи. Илгери кыргыз деле эне-атасы кудалашып коюп, атын угуп, көзүн көрбөй эле тие беришчү. Азыр интернет деген жеңе бар… жуучу түшөт. Ошого жолукканы бараткам дечи?
Жибек. Ооба.
Калыс. Эмнеге шаардын ичинен эмес. Аа… конспирация?
Жибек. 36 – чакырымдан…
Калыс. Эмнеге 36 – чакырым?
Жибек. 36дамын. Төлгө кылып, таалайымды сынайын дегем. Шаардан анча алыс эмес. Бир жакшынакай кафеси бар.
Калыс (эки жагын карап). Кызык… Бул жерге чейин да 36 чакырым шаардан… менин айлыма чейин дагы 36 чакырым бар…
Жибек. Чын элеби? Кантип билдиңиз?
Калыс. Бул жол менен дайым жүрөм. Кыска жол… Ошентип Жаңыл Мырза Үчүке-Түлкүгө жолукпай, бир чалга жолукту. Жомоктун мазмуну бузулду.
Жибек. Үчүке-Түлкү атылбай аман калды байкуш…
Калыс. Мына… сүйлөшүп отуруп таңдын атканын да байкабай калдык.
Жибек. Ой… чын эле таң атып калыптыр. Мени ит менен издеп жатат болуш керек.
Калыс. Эмнеге?
Жибек. Айтпадымбы өзүмдү ноутбуктун ичинде отургандай сезем деп… көздөр…көздөр… кулактар… Кайсы убакта чалса… же келсе же үйдө, же иштемин. Анан кокус эле жок болуп калсам. Шер ше ля фам… Аялды издегиле…. Фас! Ит менен издегиле…(Машинанын үнү угулат. Тыңшап калышат.) Сүт ташыган машинабы?
Калыс. Сүт ташыган машина жогору жактан келет. Бул ылдый жактан келатпайбы? (Машина келип токтойт.Экөө карап калат.)
Жибек. Айтпадым беле?!.
Калыс. Сагабы?
Жибек. Ийне болуп чөмөлөгө түшсөм да, таруу болуп чачылсам да таап алышат.
Калыс. Жакшы көрөт.
Жибек. Балким… Жакшы көрүү бара-бара көнүмүш адатка айланат окшойт… Ишеничтүү бирөө бар. Килейген медициналык борборду иштетип, айына алтын, күнүнө күмүш жумуртка түшүрүп турган.
Калыс. Ошондо…
Жибек. Борбордун чок ортосундагы медициналык борбордун директору. По совместительству бир адамдын көмүскө сүйүүсү… аялы эмес аялы… ишенимдүү кишиси… айтор баары бир флакондо…
(Аттап-буттап Жардамчы жигит кирет.)
Жардамчы жигит. Жибек Мусаевна… Жибек Мусаевна… (Калысты олурая карайт.) Сиз кандайча бул жерде? Эч нерсе болгон жоксузбу?
Жибек. Учураш быяк менен. Баары жайында.
Жардамчы жигит (Калыс менен колучунан учурашат). Жүрөктү түшүрдүңүз. Азыр. (Машинеден плед апкелип жабат.) Үшүп калган жоксузбу? Тыякта баары ызы-чуу…
Жибек. Издедиби?
Жардамчы жигит. Издегенди айтасыз… Кечинде үйгө барса… сиз жок. Анан көрүп алыңыз чаң-тополоңду.
Жибек. Кайда азыр? Кеттиби?
Жардамчы жигит. Сиздикинде отурат. Сиз айылга кеттим дебедиңиз беле? Анан кандайча бул жерде?!. (Калысты шектүү карайт.)
Калыс. Детективдегидей мени барымтага алышты. Акча сурап жатышат дебейсиңби, карындашым…
Жибек. Силерден качам деп адашып кеттим. Баса… сен кандайча келдиң бу жерге?!
Сахна караңгылайт.
6- көрүнүш
Жибектин эжесинин үйү. Эжеси бетине маска коюп жаткан.
Жардамчы. Эже, Жибек Мусаевна сиздикинде эмеспи?
Жибектин эжеси. Апей… Эмнеге биздикинде болмок эле?! Жумушта жокпу?
Жардамчы. Жок. Шеф сурап жатат.
Жибектин эжеси. Эми балээ болбодубу? (Шалдайып отуруп калат.
Бетине маска коюп атканын да унутат.) Ай, бала… сен өзүң кайдан чалып жатасың?
Жардамчы. Силердин короодон.
Жибектин эжеси. Кир үйгө.
(Бозала болгон Жардамчы кирип келет. Жибектин эжеси анын кебетесин көрүп эле чочуйт.)
Жибектин эжеси. Эмне болду? Жибек кайда? Апей, айтып атса кайда деп коем.
Жардамчы (менеджер) Билбейм.
Жибектин эжеси. Билбейм дегениң кандай? Эмнени карап жүрөсүң сен?
Жардамчы. Туруп-туруп эле бир жакка барам деп шашылыш чыгып кетти… Кабинетти жаап удаа эле чыккам…
Жибектин эжеси. Деле бышыктыгын. Кабинетиңди кудай алат беле?! Өлдүң эми. (Пауза) Өзүнүн машинасы мененби?
Жардамчы. Өзүнүн машинасы турат. Көчөдөн бир машинага отуруп кеткенин көрүп калдым.
Жибектин эжеси. Оозуңду ачпай артынан жөнөбөйт белең анан. Такси деген иттин кара капталынан!
Жардамчы. Ошо такси менен бир топ жерге чейин артынан барып таппай келдим. (Пауза)
Жибектин эжеси. Шефиң кайда?
Жардамчы. Жибек Мусаевнанын кабинетинде…
Жибектин эжеси. Өлдүк баарыбыз. Эмне кылыш керек?! Эмне? Ырыс кесер кайда кетип калды?
Жардамчы. Ким?
Жибектин эжеси. Сенин Жибек Мусаевнаң! Эми анын кесепети баарыбызга тиет. Сени жумуштан кетирет. Сенин негизги жумушуң аны кайтаруу. Туурабы? Жардамчы деген мындай эле… Маска.
Жардамчы. Кетирсе кетирет чыгар. Сиз эмнеге коркуп жатасыз?
Жибектин эжеси. Кантип коркпойм… Анын аркасы менен балдарым окуп атса. Өзүм бир ишке илинип жүрсөм. Эми ушундай кишини күтө албаса… Билбейм анда.
(Жардамчы Жибектин эжесин түшүнүп-түшүнбөй таң кала карайт.)
Жардамчы. Бирок… Жибек Мусаевна деле бактылуу болгонго татыктуу да.
Жибектин эжеси. Э-э-э (кол шилтеп). Мындан артык бакытты байлап коюптурбу?! Азыркы жашоосу керек болсо кээ бирөөнүн түшүнө кирбеген жашоо… (Өзүнчө кобуранып ары-бери басат. Анын максаты сиңдисин таап келип ордуна отургузуп коюш керек.) Эмне кылыш керек?! Эмне?!.
Жардымчы. Милицияга чалып көрбөйлүбү?!. МАИге.
Жибектин эжеси. Эмнеге?
Жардамчы. Аларда камералар бар да. Ошо камераларды карап кайсы тарапка кеткенин айтып берет.
Жибектин эжеси (телефон чала баштайт). Эмне турасың анда? Телефону барбы? Келе…
Жардамчы. Мына. (Бир бүктөм кагаз берет.)
Жибектин эжеси. Алло! Саламатсызбы?
Кыргызбаев (телефондон). Да. Майор милиции Кыргызбаев на линии.
Жибектин эжеси. Ай… Кыргызбаев болсоң анан кыргызча сүйлөбөйсүңбү?
Кыргызбаев (телефондон). Сүйлөп эле атпаймынбы?!
Жардамчы (Жибектин эжесине шыбырайт). Урушпай сүйлөшүңүз.
Жибектин эжеси. Бир машинаны токтотуш керек.
Кыргызбаев (телефондон). Кайсы? Машину времени?! Ал колумдан келбейт, эжекеси?
Жибектин эжеси. Жинди неме го мобу. Мен сага машинаны токтотуш керек деп жатам.
Кыргызбаев (телефондон). Мен сизге кайсы машинаны деп жатам? Государственный машинаныбы?
Жибектин эжеси. Ооба. Государственный эле.
Кыргызбаев (телефондон). Ал да колумдан келбейт, эжекеси?
Жибектин эжеси (Жардамчыга). Апей, эмне деп салдым. Кандай машине эле?
Жардамчы. Бизге баары бир. Шаардан кайсы тарапка кеткенин эле айтып беришсинчи. Калганын өзүм бүтүрөм.
Жибектин эжеси. Апей… Ай бала… Ким эле фамилияң?
Кыргызбаев (телефондон). Кыргызбаев!
Жибектин эжеси. Ай, Кыргызбаев эмес тим эле Балакетбаев болсоң да таап срочно токтот ушул машинени?
Кыргызбаев (телефондон). Эмне угон болдубу?
Жибектин эжеси. Жо-ок.
Кыргызбаев (телефондон). Кыз ала качтыбы?
Жибектин эжеси. Ооба. Кыз ала качты.
Кыргызбаев (телефондон). Канчада?
Жибектин эжеси. 36да..
Кыргыбаев (телефондон). Канчада-а?
Жибектин эжеси. 36 де деп жатам.
Кыргызбаев (телефондон каткырат). Отуз алтыда?!. Ой, аныңар сиделкага эле жарабаса… ким ала качмак эле. (Телефондун тиги учунда күлкүсүн тыя албайт.)
Жибектин эжеси. Жок, ой… Тиги… (Жардамчыны карайт, эмне дейин деп ишарат клат.)
Жардамчы. Бирөөнү сүзүп кетти деңиз. Сүзүп…
Жибектин эжеси. Бирөөнү сүзүп кетти.
Кыргызбаев (телефондон). Жабырлануучу эмне болду? Өлдүбү?
Жибектин эжеси. Оозуңа таш ээй. Дароо эле өлдүбү дейт.
Жардамчы(телефонду жаап туруп). Доктурга өзүм жеткирем деп алып кетти деңиз.
Жибектин эжеси. Доктурга өзүм жеткирем деп алып кетиптир.
Кыргызбаев (телефондон). Күбөлөр барбы? Кандай машина? Марка. Номер. (Андан ары кырылдап-шырылдап үн угулбай калат.)
Жибектин эжеси. Атайы эле өчүрүп салды өлүп кеткир.
Экөө шалдайып отуруп калат. Телефон чырылдайт.
Жардамчы (карап). Шеф чалып жатат. (Экөө үрпөйүп бири бирин карайт.)
Жибектин эжеси. Эстечи… кетип баратып сага эмне деди эле?
Жардамчы (ойлонуп). Айылга кеттим деген.
Жибектин эжеси. Эмне турасың? Жөнө айылга.
7-көрүнүш.
Айыл. Эшиктин алды ичке жыгач менен тосулган. Ары жакта сырты акталган үйдүн эшик-терезеси көрүнөт. Короодо дарбаза деле жок.Эргилчекти жип менен штакетникке илип койгон. Штакетникке калай банка кийгизип койгон. Машина келип токтогону угулуп, бир аздан кийин Жардамчы келет. Ал кылчактап көчөнүн тиги тарабын, бу тарабын карайт. Акыры үйдүн номурун көрөт. Ачып кирип баргандан даабайт. Жерден таш алып штакетникке кийгизилген калайды ургулайт. Үйдөн 70ке келип калган, баскан –турганы тың, жаш курагына ылайык кийинген Байбиче чыгат.
Жардамчы. Саламатсызбы?
Жибектин апасы. Шүгүр…
Жардамчы. Жибек Мусаевнанын үйүн издеп жүрдүм эле.
Жибектин апасы. Ии…жайынча элеби?
Жардамчы. Жайынча эле. Тиги… Жибек Мусаевнаны папашасы издеп жатат.
Жибектин апасы. Эмнеге издейт? Жинди болгон го?! Ай… атасы тоого мал айдап кетпеди беле?
Жарадамчы. Жоок…атасы эмес!
Жибектин апасы. Атасы болбосо ким анан?
Жардамчы. Папашасы… мен сизди билет экен десе…
Жибектин апасы. Эмнени билет экен дедиң эле…
Жардамчы (кайпалактайт). Мен байкабай эле…Чоңубуз издеп жатат…
Жибектин апасы (эргилчекти ачып чыгат). Кандай папаша экен ал? Бас.
Жардамчы (тапичкечен Жибектин апасын карап). Ушундай барасызбы?
Жибектин апасы. Силер эмне…шаарда шиш така кийип жүрөсүңөрбү? Алпар мени… папашачыл деле…
Кайрадан талаа.
Жардамчы жигит. Мен сиз отурган машинаны көрүп калгам. Анан жолдогу видеобайкоочу камераларды карап отуруп…
Жибек. Сен жардамчы болбой эле УКМге барып иштесеңчи. Штирлиц…
Жардамчы жигит. УКМге жарабайм го. Бир жерден буга окшош машине көрүп алып айылга чейин барып келдим түнү менен… Апаңыз да быякта.
Жибек (кабатырланат). Апамбы? Ал да үйдөбү? Куда-а-й!!! Экөө бир үйдө отурабы?
Жардамчы жигит. Жок. Апаңыз эжеңиздин үйүндө.
Жибек. Өх… кудай бир сактаган экен… (Калыска айыптуудай). Апам билбейт менин сырымды… Кечириңиз. (Жардамчы жигитке). Бензиниң барбы?
Жардамчы жигит. Бар.
Жибек. Бу байкеңе апкелип бер. (Жардамчы жигит чыгат.)
Калыс. Кыңыр иш кырк жылда… шибегени капка ката албайсың.
Жибек. Ошондон корком. Ата-энем укса эмне болот деп жүрөк заада болчу элем… Ракмат сизге. Өмүрүмдө мындай керемет түн өткөргөн эмесмин. Өрүкзарга чакырчу жигиттер бар экенине ишендим… (Жардамчы жигит канистрге куюлган бензин апкелет.) Жакшы жетип алыңыз…
Калыс. Өзүң да карындашым… (Жарык өчөт.)
8-көрүнүш
Жибектин эжесинин үйү. Апасы менен Эжеси. Апасы 70ке барып калган, бирок басканы түз, адамды окуп жаткансып караган, акырын бирок сөөккө жеткире сүйлөгөн аял. Кийингени да орунду. Таза, тыкан. Жаны кашайып турганы сурданган кабагынан көрүнүп турат. Шаардык үйдүн ашканасы. Терезеге жакын коюлган столдо апасы отурат. Улуу кызы күйпөлөктөп чай куюп, аны-мунуну столго коюп жүрөт.
Жибектин апасы. Аялдын жакшысы алган эрин, барган жерин мактайт. Тукумум жакшы болсун десе. Себеби сенин тууган балаң ошолордун тукуму. Качан болсо оозуңдан «Жок», «Кыйналып жатабыз…», «Карызбыз» деген сөз түшпөйт. Кыйналып жатсаң кайсы арыңа жанагы бирилант сөйкө тагынасың? Норка шуба киесиң?
Жибектин эжеси. Элдин баары кийип жүрсө… мен шүмүрөйүп…
Жибектин апасы. Карыз болсоңор студент балаңа машине алпергендин балакетин аласыңбы?
Жибектин эжеси. Силер түшүнмөк белеңер?! Ал окуган жерде балдардын баары машине тээп жүрөт. Элдин балдары жыл сайын алмаштырат керек болсо.
Жибектин апасы. Чычса-сийсе деле элдин балдары деп… Элди ала жүгүргөн өнөр таап алдыңар. Элге жамынып отуруп, элдин да кутун качырып бүтүрүштү. Эл эмне… Эл силерсиз эле оокатын кылып атат. Өлүмтүгүн артпай эле. Элди кой. Эриңди күт. Үч-төрт жерде иштеп көтөрүм болгону калыптыр го. Суксурдай сукулуктабай, пейлиңди оңдо. Сен ошону менен кишисиң.
Жибектин эжеси. Койчу апа. Ошону эле мактай бересиң качан болсо.
Жибектин апасы. Мактай турган адам болсо мактайм да. Сен жакшы болсоң, эриң башка жерде отурмак. Сен «жок…жок… эл андай, эл мындай» деп отуруп, көр оокаттан башын көтөртпөй майдалап салдың.
Жибектин эжеси. Мен майдаладымбы?
Жибектин апасы. Сен… майда кишинин жанында жүргөн киши кантип майдаланганын өзү да билбей калат.
Жибектин эжеси. Апа!
Жибектин апасы. Эмне апа! Мен апа болгонума 45 жыл болду. Сен го сен. Болуптур. Дүйнө жыйгандан, той-топур, шерине, черный кассадан башканы билбейсиң. Ушу Жибектен үмүтүм чоң эле…
Жибектин эжеси. Үмүтүң акталбай калдыбы? Керек болсо баарыбыз ошол Жибектин этегин кармап…
Жибектин апасы. Ушинтип кармабай карайлап эле калгыла… темселеп… (Түтөп кетет. Эшиктин коңгуроосу шыңгырайт. Эжеси эшикти ачат. Жибек кирет. Авансценада Эжеси менен Жибек.)
Жибектин эжеси. Кайда жүрөсүң?
Жибек. Кийин айтам.
Жибектин эжеси. Эскертип кетпейт белең? Ызы-чуу салбай.
Жибек. Айтып… эскертип кетип жүрүп жаман үйрөтүптүрмүн… Бүттү. Мектеп окуучусу эмесмин… Кайда?
Жибектин эжеси. Ашканада. Отурат сурданып.
Жибек. Эмне дейт?
Жибектин эжеси. Билбейм. Сени жок деп угуп алып, тиги баланын машинесине түшүп келе бериптир. Келгенден бери жакшы сөз уга элекмин. Кырып-жоюп атат. Апамды өмүрү мындай көргөн эмесмин. Баягы созулган аял жок. Торнадо быякта калсын… Жанар тоодой жарылайын деп араң отурат.
Жибектин апасы (ичтен). Кирбейсиңерби шыбырашпай. Менден жашыра турган эч нерсеңер деле калган жок.
Жибектин эжеси. Азыр апа. (Киришет. Жибек апасын барып кучактап өпмөкчү болот. Апасы бетин ала качат.)
Жибектин апасы. Өппөй-этпей кой. Бар жуунуп кел.
Жибек. Эмнеге жуунам? Таза элемин.
Жибектин апасы. Макирөөсүң. Анда отур тигиндей. (Жибек отурат.)
Жибектин эжеси. Апа… эмне деп атасың?
Жибектин апасы. Сен кыпчылба! Оокатың кыл. Менин Жибекте сөзүм бар. Ии… Өз оозуңдан угайынчы. Жанагы баланын айткандарынын баары чынбы?
Жибек. Эмненин?
Жибектин апасы. Өлүмүш болбогун Жибек!
Жибек. Апа… жаш баладан бетер…
Жибектин апасы. Жаш болсоң аямакмын. Жаш… жаңылды-жазды, алданып калды деп.
Жибек. Анча эмне болуп кетти?!
Жибектин апасы. Асманым түштү. Жылдызым өчтү Жибек деген. Тилим кыскарды. Бир тебетейге тең боло турган акылың, келбетиң… билимиң деле бар эле го, ыя? Мынча эмне кемсиндиң арсар катын болуп? «Атабыз издетип жатат» дейт. Атаңар ким эле десем, Жибек Мусаевнанын досу дейт. Бул азыр эмне? Ойнош «ата» деп аталабы? Атадан айлангырлар. (Жибек кирерге жер таппайт.) Сени ушул үчүн чоңойттук беле? Же бир эркектин тамагын жасап, байпагын жууган колуңан келбейби? Айтчы?! Айдаган машинаң… жанагы үйүң… баары көтакыңа келдиби?
Жибек. Апа-а! (Бетин басып отура калат.)
Жибектин эжеси. Апа-а! Кичине жымсалдап айтсаңыз боло?!
Жибектин апасы. Эмнеге жымсалдайм? Көнгөн экенсиңер жымсалдап… Ала кушту атынан чакырат!
Жибек. Апа!.. кантип оозуңуз барды?!
Жибектин апасы. Эмнеге оозум барбайт?! Барат. А сенин кантип ниетиң барды… үй-бүлөлүү… өзүңдөн бир топ улуу эркек менен… Деги, бу заман эмне болуп баратат?! Кыздар атасындай болгон неме менен көңүлдөш болуп… Уулдар эжесиндей болгон аялдарды алып… Капыр ий капыр. Ушу кантип болсун! (Улуу кызына) Сен улуусуң. Жок дегенде сен кой-ай деп койбойт белең!
Жибектин эжеси. Эмнеге кой дейм? Оротосунда сезим болсо.
Жибектин апасы. Сел алып кеткир ай, сезимиңди!.. Сел алгыр…
Жибектин эжеси. Койчу, апа чымынды төө кылбай. Элдин баары эле ошентип жашап жүрөт.
Жибектин апасы. Силер элдин баары эмессиңер. Менин кызымсыңар. Өлүп эле калсамчы ушуну укканча…Кыйын катынмын деп жүрбөймүнбү… элге акыл үйрөтүп. Көрсө накта ылай жатын мен турбаймынбы… жакшы тукум тууй албаган?! (Каңырыгы түтөп, жашка муунат. Эки кызы элее карайт. Даап жакын баралбайт. Ушунун баарын албууттанбай, акырын бирок ныгыра басып айтат.) Эй, эшек мээлер… Ургаачы бузулса улут бузулат, ушуну билесиңерби?..
Жибектин эжеси. Апа…оозуңдан мындай сөз чыкчу эмес эле го?
Жибектин апасы. Айттырып жатпайсыңарбы. Сенин эриң жаныңда. Балдарың бар. (Жибекке) А сен… карылыкты ойлодуңбу? Же өмүр бою сүлкүлдөп жаш бойдон турат бекенсиң? Каңкайып жалгыз каларың эсиңе келбейби?!
Жибектин эжеси. Төрөп ал десем болбой атпайбы.
Жибектин апасы. Эмне-е?! Акыл-эсиң ордундабы? Кой, токтот дегендин ордуна: – Төрөп ал! – дедиңби! Анан ал бала кимдин баласымын дейт? Тегим ким дейт? Жерим ким дейт! Тууган-уругум ким дейт? Телинди-салынды болобу?!
Жибектин эжеси. Койчу апа… Телинди-салынды… сөз байлыгың укмуш тим эле. Элдин баары эле…
Жибектин апасы. Элден айлан. Элдин баары эмес… Силерге окшогон тоок мээлер бок чукуйт ушинтип. Күнүмдүгүн ойлоп…
Жибектин эжеси. Азыр заман башка. Көбүртүп-жабыртып эмне кереги бар. Керек болсо кээ бирөөлөр мактаныч көрөт андай киши менен байланышы бар экенине…
Жибектин апасы. Сага окшогондор. Мактанбай өлгүлө…
Жибектин эжеси. Ушу кишинин аркасы менен Азизди Америкага, Кундузду Кытайга жөнөттүк.
Жибектин апасы. Ырас болгон тура. Бирөө негрден аял алып, бирөө кытайга тийип кетсин.
Жибектин эжеси. Тийсе тиет… алса алат… Эмнеси бар экен? Мында бир итке минген алкаштын баласына тийгиче…
Жибектин апасы (кызын таң кала карап). Тобо… ушу сени да мен тууп өстүрдүм ээ?! Кайран сөз силерге корогон… Болбой калган турбайсыңарбы… (Четте турган чоң баштыкты Жибекке түртөт.) Бул бая сен кийгизген шуба 70 жылдыкта. Ким билсин кандай акчага алганыңды. Өзүңө буюрсун. Калганын өрттөп салам… Кызым кыйын деп мактанып жүрбөймүнбү жер баспай. Көрсө… Эл билсе эмне дейт? Ыя?!. Балким билер… көзүм жокто күбүр-шыбыр сөз кылып жатышкандыр…
Жибектин эжеси. Болдучу эми. Проблема кылбай. Азыр эрен-төрөнү деле жок мунун.
Жибек. Апа…
Жибектин апасы. Аман эле болгула. Жоругуңар жолдо эле калсын. Замандын бузулганы ушул эмеспи. Сиңдиси үй-бүлөөлүү киши менен ойнойт. Эжеси аны колдойт… тфү… (Кеткенге камданат.)
Жибектин эжеси. Кайда?
Жибектин апасы. Үйүмө.
Жибек (белинен кучактайт). Апа… кечир…
Жибектин апасы (бетине тик карап). Бир айттым. Ар жагын өзүң бил. Билесиңби сендейди эл эмне дейт? Жылма жалап дейт. (Шарт чыгып кетет.)
Жибек. Апа! (Жашын сүртүп, эжесине). Тур. Чыкпайсыңбы артынан. Кан басымы көтөрүлүп бир жерге жыгылып калбасын… (Сумкасынан акча алып берет.) Жылуу-жумшак үйгө чейин таксиге салып жеткирип кел.
Жибектин эжеси. Баарын кылган жанагы жубарымбек.
Жибек. Ким?
Жибектин эжеси. Жардамчың жанагы. Топ –менеджериң…
Жибек. Кыңыр иш кырк жылда. Укмак бир күнү. Ал билгенин айтыптыр. Бол эми. Тез кууп жет.
Жибектин эжеси (чыгып жатып). Өзүң күнөөлүсүң. Айтып кетпейт белең?! Бул тозоктун биринчи бөлүгү. Экинчи бөлүгү үйүңдө отурат.
Жибек. Экинчи бөлүгү болбойт. Жөнө, жөнө… келгенде угасың…
Жибектин эжеси. Сенчи?
Жибек. Ишке барам. (Чыгышат.)
Сахна караңгылайт.
9-көрүнүш
Жарык күйөт.Жибектин иш бөлмөсү. Жибек жөн эле максатсыз басып жүргөндөй. Ар кайсы буюмдарды кармалайт. Кайра ордуна коет. Телефон чырылдайт. Албайт. Укпаган сыяктуу. Анан чечкиндүү столдун суурмасынан папкаларды, сумкасынан ачкыч алып чыгып столго коет.Өзүн жеңил, жайдары кармайт. Ичинен бир чечимге келгени көрүнүп турат. Конгуроону басат. Сырттан Жардамчы жигит кирет.
Жардамчы жигит (күнөөлү сезип). Жибек Мусаевна… кечириңиз. Эжеңиз билгенден кийин… Мен да сөзгө маани бербей айтып алыптырмын.
Жибек. Сенде эмне күнөө?! Отуз алтыга келгенче ордун таппаган күнөө менде… Мына бул клиниканын документи. Баары. Отчеттор. Келишимдер. Бухгалтериялык документтер. Печать. Ачкыч. Үйдүкү, кабинеттики. (Топ ачкычтан бир ачкычты чыгарып алат.) Бул өзүмдүн жаман кепемдики. Буларды Шефке бер. Сейфтин кодун өзү билет.
Жардамчы жигит. Эмнеге? Сизчи?
Жибек. Мен бошмун. Кетип жатам.
Жардамчы жигит. Кайда?
Жибек. Билбейм. Башым оогон жакка.
Жардамчы жигит. Бошоттубу? Жолуктуңузбу?
Жибек. Жок. Өзүмдү өзүм бошоттум. Жумушта өйдө-ылдый болсо кечир. Көңүлүңө алба. Сен эстүү жигитсиң. Жакшы кал. (Жардамчы делдейип туруп калат. Жибек чыгат.)
Жардамчы жигит (күтүсүздөн, чечкиндүү). Жибек! (Какап-чакап) Жибек Мусаевна… (Жибек тык токтойт. Укканына ишенбегендей. Акырын артына кайрылып таң кала карайт.) Үчүкө-Түлкүгө жолуккуңуз келеби? (Жибек ого бетер оозу ачылат.)
Жибек. Аны кайдан билесиң? Токто…токто… А-а… түшүндүм. Силерден эч нерсе жашырууга болбойт эмеспи… Мен жокто почтамды ачып окуп жүрдүң беле?! Кандай эле капыстан издеп калды дейм да.
Жардамчы жигит. Жок, жок… антип жаман ойлобоңуз. Почтаңызды ачып окуган эмесмин. Андай иттигим жок.
Жибек. Анан кайдан?
Жардамчы жигит. Сиз кетсеңиз мен да кетем. Жибек… Жибек Мусаевна…Мен сизди жакшы көрөм. Биринчи көргөн күндөн баштап…
Жибек. Эмне деп жатканыңды билесиңби?
Жардамчы жигит. Билем. Эң сонун билем.
Жибек. Сен канчада? Мен канчада?
Жардамчы жигит. Кеп жашта эмес. Сүйүү жашка карабайт. Сизге кат жазган менмин! Сизди Жаңыл Мырзага теңеген менмин… Үчүке-Түлкү менмин! Жолугушууга чакырган менмин!
Жибек уккан жаңылыктан оозу ачылат. Эмне дээрин билбей отургучка келип отурат.
Жибек. Сенби?!. Мына эмесе! Бир жылдан бери коңшу кабинетте отуруп алып мага кат жазып жүрдүңбү? Сыр алдырбай… ыр арнап… көзү менен багып жүргөн сенби?
– Карбаластайм шаарга чыгаар учурда,
Калайын деп бир көргөнгө үлгүрүп.
Карааныңды кармап кирпик учунда,
Кабылганда сүйлөй албайм сүрдүгүп…
Жардамчы жигит. Кара көзүм капилеттен жолуккан,
Кат жазып тур кабарыңды билдирип…
Жибек. Жашоонун ырын созуп,
Гүл кечип кол кармашып,
Жамгырга жүзүм тосуп…
Жардамчы жигит. Мен жазга кетким келет,
Кетким келет сени менен… Жатка билет турбайсызбы…
Жибек. Ырларың жакшы. Кандай аңкоомун?.. «Көргөндө чочуп кетпеңиз» дегениң ушул тура… (Ыңгайсыз. Башын чайкайт. Ордунан турат.)
Жардамчы жигит. Ооба. Ушул. Кетпеңиз Жибек…
Жибек. Деги эмне болгон күн өзү? Жок. Жинди болуп кетпеш үчүн кетишим керек… Кайыр… (Чыгат. Жарык өчөт. Жардамчы жигит умтулган бойдо калат.)
10-көрүнүш
Калыстын үйү. Калыс кирет.Салкын жыйналып жатат.
Калыс. Салам.
Салкын. Салам. Ии… аттарың жакшы бекен? Жиниң тарадыбы?
Калыс. Сен дагы кайда камданып?
Салкын. Командировкага.
Калыс. Качан?
Салкын. Бүгүн.
Калыс. Планыңда бул айда командировка жок дебедиң беле?
Салкын. Комитеттин иши менен…
Калыс. Шер ше ля фам… Кыргызча айтканда … катыныңды таап ал! Азыркы кыйын аялдардын куйругунда пропеллери бар. Карлсондукундай. Үйгө токтобой талаалап эле учуп жүрүшөт.
Салкын. Заман ошондой азыр.
Калыс. Шоруңду урайын ХХI кылымдын эркектери ов! Биз да эркекпиз деп басып жүрөбүз ээ?! Аялдарыбызды тентитип коюп… Биздин ордубузда ата-бабабыз болсо ычкырына муунуп өлмөк. (Пауза.) Дагы кайда сапар тартканы калдың?
Салкын. Арал деңизин коргоо боюнча. Боордоштук караваны менен чыгып жатабыз…
Калыс. Аралды эмне кылып коргоп калат экенсиңер?
Салкын. Эмне кылмак элек? Жазабыз. Дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн бурабыз. Ооруга чалдыккан аялдар, балдар менен жолугабыз. Гуманитардык жардам алпарабыз.
Калыс. Аз жазып жатышабы? Телевизор деле Арал! Радио деле Арал! Гезитте деле Арал! Кана майнап чыкканы? Бара элек, көрө элек силер калыпсыңарбы?! Алтын шилекейиңерди чачып толтуруп келесиңерби Аралды?
Салкын. Сага деги эч нерсе жакпайт. Сеники гана туура.
Калыс. Аралга Сыр-Дарыя керек болчу. Бир кезде БКада отургандар Сыр- Дарыяны Аралдан тартып алып чөлгө башын байлап койгон. Силер, журналисттер, аларга кошулуп табиятты жеңдик деп бакырып чыккансыңар.
Салкын. Баарына биз күнөөлүү. Борбордук Комитет күнөөлүү… Эми Жогорку Кеңеш күнөөлүү. Сен кайда элең ошондо?
Калыс. Жаш болчумун.
Салкын. Мен да жаш болчумун.
Калыс. Ошондо табиятты жеңүүгө болбойт деген окумуштуулар куугунтукка алынган. Эми караван уюштуруп алып, соолуп бараткан деңизди, өлүм алдында жаткан наристелерди коргоп калгылары келет… Эч кандай караван жардам бербейт. Ал үчүн алганын кайтарып бериш керек табиятка.
Салкын. Ушуну айтканы келдиңби?
Калыс. Аралды коргоо комитетин түзүп эмне кыласыңар? Андан көрө, кеч боло электе, «үй-бүлөнү коргоо» коомун уюштургула. Канча үй-бүлө бузулуп жатат азыр. Ар бир үй-бүлөөнү кантип сактап калуунун программасын иштеп чыккыла. Болбос ишке баш оорутпай, болор ишке баш ооруткула? Ушуну айтайын деп келгем… (Чыгып кетет. Салкын сүйлөчүдөй болуп умтулуп барып туруп калат. Жарык өчөт.
11-көрүнүш
Сахна кайра жарык болгондо биринчи бөлүмдөгү көрүнүш. Талаа. Алачык. Жибек жерде жаткан арканды сылап отурат. Ыйлап басылган түрү бар. Машинанын үнү угулат. Жибек утурлап карайт. Калыс келет.
Жибек. Саламатсызбы?
Калыс. Сен кайдан бу жерде? Жолуктуңбу?
Жибек. Кимге?
Калыс. Үчүке-Түлкүгө?
Жибек. Жолуктум.
Калыс. Анан кана? Атып салдыңбы?
Жибек. Аядым. Жаш экен.
Калыс. Анда эмне келдиң бу жерге?
Жибек. Тынч. Абасы таза. Цивилизация жок.
Калыс. Дагы качып келдиңби?
Жибек. Жок. Качпай эле. Баарын калтырып баса бердим. Жазга кетким келди… тоо тарапка… (Пауза) Мен да бирөөгө өкүл эне болгум келет. Качандыр бир «Апа!» деген сөздү уккум келет. Ургаачынын чырагы канча дедиңиз эле?
Калыс. Кырк. Анча эмне болду? Ары-бери чече салгандай…
Жибек. Болчу нерсе болду да. (Пауза.) Арканды унутуп кетипсиз.
Калыс. Ооба. Муну издеп шаарга бардым.
Жибек. Арканга келдиңиз беле?
Калыс. Ооба. Арканга…
Жибек. Алыңыз. (Аркандын бир учун түрүп баштайт.)
Калыс (арканды түрүп жатып). Ыйлаган экенсиң… Кээде ызаны ичке сактабай ыйлап алган жакшы. Мен жолтоо болгон окшойм, ээ?
Жибек. Ыйладым. Дүйнөдөгү эң жаман сөздү апамдан уктум.
Калыс. Эненики май. Ошого да ыйлайт бекен?
Жибек. Жок. Апамды капа кылганыма… менден кечип кетти окшойт.
Калыс. Кечпейт. Эне кечип кайда бармак эле. Жаман сөз айтса сени жакшы болсун деп айтты.
Жибек. Ошондойбу?!
Калыс. Карачы. Сен жылмайсаң айлана жарык боло түштү. Үчүке-Түлкүң эмне болду? Ошону айтчы. Байкушту күттүрүп…
Жибек. Жолуктум.
Калыс. Ии… Үчүке бекен? Же…Түлкү бекен?
Жибек. Жардамчым экен! Менеджер жигит.
Калыс. Ыя?! Мына эмесе! (Экөө тең каткырат. Түрүлгөн аркан кыскарып бири-бирине жакын келет. Ушу кезде машинанын үнү угулат. Экөө ага көңүл деле бурбайт. Бир нерсени айтып күлүп жатат. Жардамчы жигит көрүнөт. Ал алыстан карап бир аз турат да кетет. Жарык өчөт.)
А Я Г Ы