Бектуруш Салгаманинин жаңы китеби жарык көрдү

Акын Бектуруш Таабалдиевдин (Салгамани) жаңы китеби жарык көрдү. Аты жок китеп жалпы окурмандарды кайдыгер калтырбайт деген ойдобуз. Төмөндө китептин баш сөзүн окурмандардын назарына сунуштайбыз. Ал эми китеп алууну каалагандар борбордук аянттагы “Сонун го” китеп дүкөнүнө кайрылып, сатып алсаңыздар болот.

Классик акындын ааламы

Бул – Бектуруш Салгаманинин жаңы китеби. Сөз ошол тууралуу болмокчу. Ириде таң калтырчу жагдайы – аталышы.

–Аты жок да китеп болобу?-дейсизби? Болот экен, мына, аты жок, а автору бар. Буга дейре «Кийиз китеп», «Чөп китеп», «Ылай китеп» аталышында китептер чыккан.

Бектуруш аз жазат, анан ошол саналуу туундуларынын жарыкка чыгышы өз колунан толгон тоскоолго кабылып, чийилип, ыргытылып отуруп окурманга жетет. Бул китеби эбак чыкмак, автору ортодон айнып, жарыялабай турган болуп, кайра чыгынгандагысы.

Акындын бир жыйнагы «Роман-гезит» деп чыккан, андан бери он беш жыл өтүптүр.

Илгери Москвадан гезит кагазына басылган «Роман-гезит» чыкчу. Совет адабиятындагы өтүмдүү романдар ошол «гезитке» басылчу. Бектуруштун «Роман-гезитинде» аралаш жанрдагы чыгармалары жарыяланган, ыры, поэмасы, кара сөзү, сүрөттөмөсү, лирикадан тарта публицистика, макал, лакап, табышмактарга чейинкилери чогултулган.

Анан да китептеринин көлөмдүүсү, ошол ыманы ысык «Роман-гезитте» «Социалисттик аңгеме» деген керемет ыры бар:

«…Тоодой чоң милдет такты:

–Толтурасыз!

–Жок, кыйын! Алым жетпейт!

–Аткарасың!

–Аткарбайм!

–Камаласың! Жок кылабыз!

План – бул мыйзам. Неге чакчаясың!..

…Бир этек баласы бар болучу анын,-

камалса балдарына кыйын, убал.

Андыктан уйку көрбөй үрөп жанын,

аткарып жүрдү ашыра планын ал.

Тагышты медал, орден – мактап ишин,

планы турганы үчүн толуп дайым.

Камашты кийин кошуп жазганы үчүн…

…Бир этек баласы бар болуучу анын».

Социализм заманы ошондой болчу. Баары чоң борбордон чечилчү, катаал заман, катаал учур экен, көрсө. Бектуруштун бул 3 куплеттен турган ыры – бүтүндөй социалисттик доордун, катаал тагдырдын трагедиясы – кыска, так, элестүү тартылган элегия. «Социалисттик аңгемеден» улам коммунисттик заманга батпай, жанын кыйган орустун сезимтал акыны Сергей Есениндин «Ит тууралуу» ыры эске келет. Есенин Клюев деген калемдеши менен Берлинде А.Толстойдун үйүндө Максим Горькийге жолугуп, «Ит тууралуу» ырын окуп берип, соңунда ыйлайт. Ошол кезди эскерип, М.Горькийдин жазганы бар: «Ушул ырдан кийин мага бир ой келди, Сергей Есенин жөн адам эмес, табият поэзия үчүн гана жаратып койгон, боорукер, башка адамдарга окшобогон өзгөчөлүү жан экен».

Бу Бектурушту да табият акын гана кылып жаратып койгон. Ал бүт өмүрүн ушул өнөргө арнап, аны баарынан бийик коюп, түйшүгүнө кайыл болуп келаткан сүрөткер.

Дегинкиси, Бектуруштун ырларынын баарында адамгерчилик, ыйман, боорукердик жыттанып турат. Болбосо мынабу кайсы караниеттин колунан ок жеп, эмчегинен сүтү агып, аксак бутун сырайтып качып келаткан бечара иттин абалын кара. «Канчык» – бейкүнөө макулуктардын энеси. «Ар нерсенин болот Кудайы, ок чыгарбоо керек энеге» – дейт. Сергей Есениндин каны карга тамган ити, асманга бүркүлгөн арманы кыргыз акынынын интерпретациясында башкача доош, башка үн менен чыккан.

Бектуруш дагы бир ырында «Бөлтүрүктөргө тийбегиле!» деп чакырык таштайт. Насип издеп кетип бараткан көкжалдын тукумуна ок атпаш керек – «…Балага ок чыгарбаш – дагы милдет».

Айланасындагы аласапыранды көркөм чындыкка айландырган акын – накта улуттук акын.

Акындын айрым табылгалары окурманды ойго салат, кээде уялтып да жиберет. Айталаа стадиондо концерт кызып, калп-чыны аралаш сүйүү ырлары жаңырып, жалаң бийик материя гана даңкталып, баарына мактоо айтылып, белгилүү бир ырчы апасы тууралуу муңдуу обонду аягына чыга албай созуп жатканда бир кызуу жан айтпай-дебей эле секиге чыгат да, жеңил машиненин ачкычын бурап, казганактаган элге кимдин чөнтөгүндө апасынын сүрөтү болсо машинесинин ачкычын ушул жерден берерин жар салат. Күүлдөгөн, дуулдаган стадион заматта өчүп, баары оңтойсуз отуруп калышат.

«…Сүйгөнү же баласы, өзү, досубу –

айрым сүрөт бар кээсинде, албетте.

Апасынын сүрөтү жок болуучу,

бирөөнүн да чөнтөгүндө ал кезде».

Сиз апаңыздын сүрөтүн чөнтөгүңүзгө салып жүрөсүзбү? Жок. Көрсө, жалпыга жарыя кылып, сүйүүнү жар салуунун кереги жок тура. Акындын айтайын дегени ушул эле, жөнөкөй турмуштун боёк кошулбаган ачуу чындыгы баарын ачыкка чыгарып, ким экенибизди, кандай адамдыгыбызды айгинелеп койбодубу!

Кыска саптарга терең ойду батыруу жагынан Бектурушка тең келген акынды табыш кыйын, дээрлик жокко эсе. Болбосо тоого чыгып бараткан кийиктерден момундай ойду кайдан табар элек.

“Чокуга баратышат кыя жондо,

чар тарап-кар токтобос жалама аска.

Аярлап көз ташташат улам ойго,

өйдөнү эч кимиси карабайт да.

…Кийиктер жамандыкты эртели-кеч

өйдө эмес, пастан күтөт сезишип тек,

-анткени, төмөн жакта калгандар эч,

бийиктеп кеткендерди кечиришпейт.”

Ыр – болгону 2 куплет. Бийикке чыга албагандар өйдөдө жүргөндөрдү жактырбайт. Өмүр бар жерде пенделик бар. Пендечилик бар жерде пасчылык болот. Акындын ассоциациясы бийиктик түшүнүгүнүн дагы бир антиномиясын – пастыкты алдыга алып чыгат.

Дүйнөнү бүкүлү кабыл алып, аны башкаларчылап салттуу нукка салып ийбей, өз алдынча ой, образ таап чыгуу – чыныгы акындын гана колунан келет. Ким билет, башка бирөө болсо – Чөптүн гүлүн жейт, суунун тунугун ичет -деп, бийик тоону мекендеген кийиктер тууралуу узун сабак мактоосун баштап иймек. Кийиктер аркылуу бийиктик менен пастыктын те алмустактан бери келаткан каршылыгын элестүү ачып берген. Бийиктикти пастык жактырбайт. Өйдөгө чыгып алгандар төмөндө калгандарды эстешпейт деле, а бирок төмөндө калгандар антишпейт. Кызыгы ушул, бийикке көтөрүлө албай, антип жогорулап кеткендерди өмүр бою жектеп, душман болуп өткөндөр канча! Поэзиядагы жаңылык деген – ушул!

Көрүнүштүн сырткы түспөлү эмес, анын артында катылган сыр, бири экинчисине бекем чырмалышкан, ич ара келишпес түшүнүк, көз караш, позициялардын кагылышы кыймылды, мезгил-мейкиндик кучагындагы орун алмашууну туюнтат. Бектуруш чыгармачылыгында буга чейин кыргыз поэзиясындагы белгилүү такырыптарга /темаларга/ кайрылып, баарында өзүнчө дүйнөсү менен, башкаларды кайталабай, таптакыр айырмалуу поэтикалык сүрөттөрдү тартып келет. Акындын акындыгы өз алдынча көркөм дүйнөнү түзүүдөн көрүнөт, чыгармаларынын көптүгү менен да өлчөнбөйт. Мен Бектуруш аз жазат дедим, ал чындык. Ушул тапта китеп чыгарыш жаңылык болбой калбадыбы, саман-топону аралаш чүргөй салмайлар жайнайт. Анын үстүнө, ошол сан жагынан алдыга озгондорго берилчү мамлекеттик сый-ургаалдар көбөйүп, көркөм чыгармачылыкка жеңил баа мамиле көнүмүшкө айланып калды. Бектуруштун чоң эрдиги – андай азгырмалуу жолдон өзүн оолак кармап, ушунча жылдан бери сөз азабын, изденүү абыгерчилигин тартып, өлбөс, өчпөс чыгармаларды жаратып келатат. Ал поэзияда өз жолун таап, саналуу классиктердин катарына алда качан эле кошулган. Сынчы, акын Болотбек Таштаналиев акыйкат белгилегендей, Бектуруш Салгаманиге эчак эле Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыкты, Эл акыны наамын берүү калыстыкка жатмак.

Бектуруштун поэзиясына кызыгуу, кайталангыс көркөм дүйнөсү бар өзгөчөлүү акын экендиги кийинки жылдары арбын айтылып, жазыла баштады. Көрүнүктүү сынчы Советбек Байгазиев, кылдат эстетик Эсенбай Нурушев, окумуштуу, адабиятчылар Сулайман Кайыпов, сынчылар Аскар Медетов, Курсан Пакыр Чандеки, акын Карбалас Бакиров, адабиятчы Сайра Исаева, акын, сынчы Болотбек Таштаналиев, жазуучулар Мырзаш Ашгербеков, Абдымомун Калбаевдер Бектуруштун көркөм дүйнөсүнүн өзгөчөлүгүн, жаңычылдыгын ачып беришти. Бүгүн Бектуруш көп акындын бири эмес, эң озгуру, алдыңкы сабында турганы. Анын чыгармалары кыргыз поэзиясынын учурдагы деңгээлин аныктоого толук негиз түзө алат.

«Аты жок китепте» соңку жылдарда чогулткан көркөм дүйнөсү топтолуп, табият нукура акындыкты ыроологон, адабиятка ак дилден кызмат кылган бул аралыкта тапканы сан жагынан аз, сапат жагынан мыкты экенин ырастачу ажайып кооз ааламы бар көркү менен бажырайып ачылып туру. Жаңы ыр китепке баш сөз жазмакчы болгонуман бери кыйла убакыт өтүп кетиптир, чыгармачылыкка өзгөчө катаал, жоопкерлик менен мамиле кылган акынга сүзө качырып кирип, ылайык сөз айтыш өтө кыйын экен.

Анын ырлары замандаш акындарынын жазгандары менен формалык, интоннациялык, тематикалык жактан үндөш, булар жалпы инсанатка орток факторлор. Бирок, Бектуруштун алардан айырмачылыгы, өзгөчөлүгү – ырларында экспрессия, эмоция күчтүү.Троптун түрлөрү / метафора, метонимия, эпитет/, ага тектеш турган стилистикалык ыкмалар /салыштыруу, перифраз, гипербола/ олуттуу ойлор менен ыктуу пайдаланылып, жандуу ассоциацияларды, элестерди пайда кылат. Ырлары – романтикага бай. А романтиктикалык поэзияда пейзаж поддексттин, айтуучу түпкү ойдун милдетин аткарат да, элестетүүнү күчөтөт. Образдуу салыштырууларынын арбындыгы, ассонанстар, аллитерациялар менен жуурулушкан уйкаштарынын таасири унутулгус эстетикалык туюм, элес калтырат. Синтаксисттик инструкциялар маалында, орду менен колдонулат. Аларды аңдаш, билиш, өзгөчөлүгүн ачыш үчүн окуш керек.

Акындык кредосун таамай туюнткан «Түн жарымда айткан сыр» деген ырынан үзүндү окуп көрөлү. Акындын «Кагазы – жер, калем болсо – кетмени». Бүт кыргыздын дилине ырдан кол тамга коюш үчүн боз улан кезинде башкалаага келген:

«…Өлкө болдук эгемендүү, азат бир,

өрттөй дуулдап коркпой, үркпөй жазам ыр.

Соттоп, тескеп турчу Компартия жок,

социалисттик реализм да жок азыр.

Жакшы көрөм аз жазып, көп оңдошту,

жактырамын көп окуп, төп ойлошту.

Кол жазмамды жүрөктөргө коюшка,

керек эмес жазышым том-томдорду.

Ал талаадан мен ыр терем – жеп азап,

айрымдар кен, байлык издеп тери агат.

Бирөөлөргө жүрсөм көксөп жетишти,

бирөөлөр да мага жетпей келатат…».

Кыска саптарга акындын бар дүйнөсү ачык батырылган.

Мен насип буйруп, Эски-Ноокаттын түштүк тарабындагы Кичи-Алай тоолорунун этегин чеңгелдеп жаткан, мырза теректер менен жанатан алмасы жыш Кара-Ташка баргам. Кара-Таш – учурунда айтышкан ырчысын алып түшкөн, Жеңижок, Токтогул, Барпы, Эсенамандар менен үзөңгүлөш жүргөн, совет бийлигине каршы чыккан ноокаттык каардуу Амир лашкар башы Мойдунбекти, динди, салтты, кыргыз, кыпчакты даңазалап, ошонун айынан тарыхтан сүрүлүп калган кара жаак ырчы Ботобай Жунус уулу, кара сөздүн улуу акыны Мурза Гапаров төрөлүп-өскөн кыштак. Кыргыз адабиятына Мурза акедей кайталангыс көркөм сөз чеберин берген кыштак “Жуп болсун!” деп, Бектурушту жаратып койгон окшобойбу!.. Дагы бир кызыгы – Бектуруштун атасы Сраждин Мурзакенин 1-класстан тартып окуткан мугалими болгон экен.

Кара-Таш /СССР кезинде Калинин /Каллейлин/ аталып жүргөн экен/ азыр баштагы бапыраган турмушу азайып, көпчүлүгү иш издеп, чет жактарга кетишкен.

“…Бөдөнөнүн жумурткасындай, бети сепкил чагыр таштардын”, бою-башынан сылап «бур-р» дей түшкөн жыты атырдай» алма өрүктөрдүн арасында эр жеткен, «…ыйбаалуу зайыптын ак оромолундай» булут үстүнөн кетпеген тоо түбүндөгү айылында калган жылдарын эстеген Бектуруш өйдөдөн ылдыйга таш кулаткан кездерин:

«…Ошол таштар сайда камалып,

ошол бойдон жатат агарып.

Тоголоткон ошол таштардай,

таштап кеткен бизди балалык.

Үшкүрсөм ал кезге суктанып,

үшкүрүгүм күйүк жыттанып,

түзөңдөгү бүкүр кемпирдей,

тиктейт айың көктө кыңкайып…» деп ырга салып, өз жолун тапкан чоң акын болду.

Сынчылар, адабиятчылар тарабынан туура белгиленип келатат, Бектуруш Салгамани – чоң художник, сүрөткер, бардык нерсени образдуу кабылдап, кылдат синтездеп иштеп чыгат. Ачык айтыш керек, учурда сөз менен сүрөт тартуу, көрүнүштү дал ошол турушундагыдай полотного айландыруу, табийгатка, жаратылышка көркөм, поэтикалык боёктор аркылуу жан берүү жагынан Бектурушка тең акын жок. Сөз менен сүрөт тартып, ага эч ким айтпаган, айтса да аны башка нукта, өңүттө айтуу, байгер, күтүлбөгөн ойлорду сиңирүү ар бир калемгердин колунан келе бербейт. Ар бир ырында ой айтылат, болгондо да башкалар туйбаган, байкабаган, айтпаган жаңычыл ойлор.

Китепте бул айткандарымды ырастачу ырлар, куплеттер, саптар арбын:

«…Көк булут сакоо асманга,

көк боордой турат жабышып…»,

«…Өз буусуна өзү бышкан палоодой,

өнүп, бөртүп жатат кубанычтарым…».

«…Буралышат үйүндөй үлүлдөрдүн,

бүктөмдөрүн жазбаган адырларың…».

«…Бал аарылар бал жыйнаган сыяктуу,

бул Ала-Тоо булут жыйнайт башына».

«…Түшүрөт жердин жүрөгүн,

тоолордон «жарк» деп чагылган…».

«…Шактан шакка көчүп көбөйүшүүдө,

шамал кагып түшүрө албас бүчүрлөр…».

«…Ат канттай суулугун шимүүдө…».

«…Ай – аппак сөөк, аны шарт баса калды,

аңдып жүргөн пушту ыраң булут – түлкү».

«…Жубан сымал толгоосунан бошонгон,

жатат июль чекесинен тер кетип…»,

«…Көл – супура, көгүш толкун –

камыр жайган үбөлүктөй…»,

«…Кыйкырамын жылдардын кулагына…»,

«Ай – Кудайым биздин кыштактын,

асманына таккан ордендей!»

«…Кеч жетилдим алманын,

кеч бышуучу сортундай…»

Соңку кездерде баллада жанры унутта калгансыйт. Китепте мезгилдүү басма сөздөрдө, соцтармактарда өтө көп окурман тапкан «Өгөй ата тууралуу балладасын» коштогон бир нече балладалары, ааламдагы сезимдердин асылы – ашыглыкка кабылгандан бери жазып келаткан «Алтын арман» поэмасынан үзүндүлөр киргизилген. «Алтын арман» демекчи, ал 1000 ырдан турат, мунун өзү бурушун, дурусун кошуп алганда арзуу такырыбындагы чоң эмгек. Алар талдоого, өзүнчө узун сөз кылууга атайын даярдыкты талап кылат, мүмкүнчүлүктүн чектелүүлүгүнөн мен токтолгон жокмун.

Алмалуу, мырза теректүү кыштагынан башталган акындын «одиссейлиги» ушу тапта бараалына келип турат. Мазмун, форма жагынан кынтыксыз кынаштырылып, кайталангыс көркөм дүйнө түзө алган, поэтикалык дүйнөсү бай классик акындын ааламы географиялык кең мейкиндикти камтыйт. Анын чыгармачылыгы тууралуу кеп кылганда эки доорду, кылым тогошор алдында бүт совет, кыргыз эли тушуккан коомдук-экономикалык формацияны эске тутуу зарыл. Акын элинин башына түшкөн оорчулуктун баарын көрдү.

Өзү жазгандай;

“…Журтуңдун кайгысынан ашкан кайгы,

жок мага жер үстүндө, Кыргызстан!”.

Алар анын поэзиясынын масштабын гана кеңейтпестен, дүйнө таанымын да байытты, эки доордун акынынын кызыктуу, көркөм поэтикалык дүйнөсү жаралды. Мунун өзү, демек Бектуруш Салгаманинин жараткан чыгармалары кыргыз улуттук поэзиясынын жаңы бийиктикке көтөрүлүшүнө, өсүшүнө кошкон үлкөн салымы катары каралууга, бааланууга толук түрдө арзыйт.

Классик акындын көркөм дүйнөсүн кеңири ачып берүү атайын көп убакыт отурушту, даярдыкты талап кылат дедим өйдөдө.

«Поэзия – каныңдын сыяга айланышы» – дептир Т.Элиот. Биердеги «сыя» – чоң билим менен талбаган эмгек, изденүү, анан арийне, Жараткандан ыроолонгон тубаса талант менен тунук акыл-эс, сезимталдык, зээндүүлүк. Бектурушта алар Кудайга шүгүр, бар. Бектуруш Алыкул Осмонов, Сүйүнбай Эралиев, Омор Султанов сыяктуу эле кыргыз поэзиясына эч калпты, жасалмалуулукту кошпой, таза кызмат кылып келе жатат, аны ошонусу менен сөздүн толук маанисинде классик акын деп айтууга татыктуу.

Мен кыска гана кеп кылдым, эми ошол келте кебиме «Кагат саат таңдайын» деген ырынын соңку куплети менен чекит коюп турайын:

«…Асман жээктеп күн келет,

аны айланат жер шары.

-Үйдөй ишим бүтсө! – деп,

үйдөн чыктым мен дагы».

Ушундай. Ал «үйүнөн» эбак чыккан, улуу максаттын чоң жолунда «…пешене, кол, жүрөгүнөн тер агып…», бүтүндөй жоопкерчиликтин абыгерин сезип баратат. Калган сөздөр алдыда. Дагы айтабыз!..

Бекташ Шамшиев, адабиятчы. 2020-жыл. 7-сентябрь. Бишкек ш.