С.Эралиевдин чыгармачылык өнөрканасы

С.Эралиевдин чыгармачылык өнөрканасы

Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзу КР Баатыры, КР Эл акыны Сүйүнбай Эралиевдин 100 жылдыгына карата А.Осмонов атындагы Кыргыз улуттук китепканасында жаш калемгерлер үчүн “С.Эралиевдин чыгармачылык өнөрканасы” аттуу семинар өткөрдү. Семинарга ф.и.к. Г.Станалиева модераторлук кылып, КР Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Н.Калыбеков, орун басары К.Кадыракунов, ф.и.д. профессор Б.Усубалиев, ф.и.д. А.Эгембердиева, ф.и.к. А.Токтоматовалар катышуучуларга лекция окушту.

Ф.и.д. профессор Б.Усубалиевдин “С.Эралиевдин “Жүз жылдар мындан кийин да” ырына лингвопоэтикалык анализи” окурмандардын кызыгуусун арттырды. Ф.и.к. А.Токтоматованын “С.Эралиевдин “Ак Мөөр” поэмасындагы сүйүүнүн берилиши”, ф.и.к. Г.Станалиеванын “С.Эралиевдин тематикалык-идеялык изденүүлөрү” аттуу лекциялары калемгерлер үчүн чоң сабак болду.

Семинардын соңунда суроо-жооптор орун алып, сунуштар айтылды. КРУЖС төраганын орун басары К.Кадыракунов адабиятчылар менен болгон бул жолугушуу жогорку деңгээлде өткөндүгүн баса белгилеп, мындан ары да ушундай семинарларды өткөрүп туруу сунушун ортого салды. Жалпы катышуучулар бул семинар таасирдүү болгонун айтып, мындан ары да уюштуруп туруу сунушун колдошту.

КРУЖС төрагасы Н.Калыбеков адабий сынды жандандыруу негизги максаты экенин баса белгилеп, жакынкы убактарда адабиятчылар менен иштешип, мындай талдоолор, талкуулар байма-бай уюштурулуп турарын убада кылды. Акын-жазуучулардын чыгармачылык чеберчилигин, дараметин адабиятчылар гана талдап, окурмандарга ачып бере ала тургандыгын кошумчалады.