Лайли Үкүбаева: Акын Бектуруш Салгаманинин бейнесине сүртүмдөр

Акын Бектуруш Салгаманинин бейнесине сүртүмдөр

Азыркы оомалуу-төкмөлүү заманда кыргыз көркөм  сөз өнөрү арабасын кылдыратып, эзелтеден берки эпикалык бай дүйнөбүздүн түндүгүн түшүрүп, коломтосун өчүрбөй келатканына мен кыргыз жараны катары да, адабий ишке тиешеси бар кесипкөй инсан катары да миӊ мертебе шүгүрчүлүк кылып келем. Анткени эгемендиктин алгачкы жылдарында биринчи сокку биздин экономикабызга эле эмес, ошону менен катар эле маданиятыбызга тийгени да күнү бүгүн эстен кетпейт. Жылмалабай ачыгын айтсак, ушу бүгүнкү күндө да жыргап кеткен абалда эмеспиз. Башкасын айтпаганда да, акын-жазуучуларыбыздын чыгармаларын калайык калкка тааныштырып, байма-бай жарыялай турган, дамамат чыгып туруучу бир дагы адабий-көркөм басылмаларыбыз (газета, журнал, «Адабият басмасы») жок. Акын-жазуучуларыбыздын акыркы үмүтү болгон «Ала-Тоо» журналынын тагдыры да «Турар» басмасынын директору, адабияттын күйөрманы, Тилек Мураталиевдин дүйнө салып кетиши менен тамам болгону турат. Азырынча жазуучуларыбызга мамлекеттик колдоо көрсөтүү тууралуу чеке жылытар сөз да угулбайт. Бирок өлкөбүздөгү «мышык ыйлай» турган азыркы абалга карабай, биздин калемгерлерибиз, сынчы-адабиятчыларыбыз колдорунан келишинче тырмалаӊдашып иштешип, калемдеринин сыясын кургатпай изденишип, ар кыл жанрдагы чыгармаларын жазып жатышат. Жазып эле эмес, аларды калайык калкка жеткирүүнүн амалында болуп келишет. «Сам себе режиссер» дегендей, өздөрү жазышып, китептерин чыгарууга эптеп каражат табышып, анан да өздөрү сатышып, таанытымын өткөрүшүп, айтор, түмөн түйшүктү баштарынан өткөрүп келишүүдө (каражаттын жоктугунан кара сандыктын түбүндө камалып жаткандары канча…). Руханий баалуулуктардын баркы түшүп, караламан калк кара жемсөө менен байлык топтоо деген диллеманын кыйчалышында турганда, элибиздин рух дүйнөсүн бош калтырбай күлазык берүүгө аракеттене далбас уруп жаткан таланттарыбызга элибиз бүгүн таазим этиши керек деп ойлойм. Антпесе, улуу акыныбыз Мидин Алыбаев кезинде айткандай, бүгүнкү жаштар «Китептерибиз жок болсо, килемдерди окумакпы?» Коӊшу мамлекеттердин адабият ишмерлерине, илимпоздоруна көрүлүп жаткан мамлекеттик камкордуктарынын чет чеберин угуп, аргасыздан бизге да ошондой бир айжаркын күндөрдүн келерине үмүт байлагыӊ келет! Ылайым эле Жаратканым бизди ошондой күндөргө жеткирсин деп тилек кылалы!

Жогорудагыдай лирикалык чакан чегинүүдөн кийин колума калем алып, сөз кылмакчы болгон бир акын тууралуу сөзүмдү баштайын. Бул чакан макаламда азыркы кыргыз поэзиясынын орто муундагы жылаӊач баатыр акындарынын бири Бектуруш Салгаманинин поэзиясы боюнча азыноолак кеп кылайын дедим. Эмнеге бул акын тууралуу?

Анын себеби төмөнкүчө:

Азыркы адабий процесске мүмкүн болушунча тыкыр көз салып жүргөн адабиятчы катары кийинки жылдардагы поэзия жанрында чыккан китептердин арасынан (кудайга шүгүр, ыр китептер көп эле жарыяланып жатат) өздөрүнүн көркөм-эстетикалык өзгөчө бир табылгалары менен (көркөм палитрасынын байлыгы, дүйнөнү поэтикалык кабылдоо мүмкүнчүлүктөрүнүн уникалдуулугу, кенендиги, чукугандай элестүү сөздөрдү таап, аларды кыт куйгандай ордуна коё билүү чеберчилиги ж.б.) эки автордун китептерине көзүм түшүп калды. Анын бири ыраматылык Эркалы Өскөнаалы акын болсо, экинчиси ушул Бектуруш Салгамани болду. Эркалы Өcкөнаалынын «Тирүү дүйнө» жана Бектуруштун «Аты жок китеп» (Мурда «Сууга жазылган ырын» 2018-жылы окуган элем) ырларын бир дем менен, калп эмес, карандай чындык, бир ырын да калтырбай окуп чыктым, кайталап бир канча жолу да окудум (Жашырганда эмне, кай бир акындын он бет ырын окусаӊ да, көӊүлүӊдү  көтөрүп, курсант кылчу алты сап таппай кыжалат болосуӊ…). Кокус эле бирин өткөрүп жиберсем, сөз берметин уучумдан түшүрүп аламбы деп кооптондум. Мага бул эки акын бир диапозондогу таланттар катары көрүндү. Аларды бири-бирине жакын кылган касиет турмуш чындыгын көркөм чагылдыруудагы образ, элестүүлүктүн байлыгы, жасалмалуулуктун кыпынынын да жоктугу, окуучусуна сыр жашырбас чынчылдыктары экенин байкадым. Ыраматылык Эркалынын чыгармачылыгы жетилип, шагы ийилип, жемишин берген маалда  өз баасын эли-журтунан ала албай, армандуу кете бергени өкүнттү мени. Бирок да өзүнүн кайталангыс лирикалары менен кыргыз поэзиясынын өнүгүшүнө өзүнүн баалуу салымын кошуп, өзүн өлбөстүккө айлантып кетти десем эч жаӊылышпайм. Анын чыгармачылыгы, чыгармалары тууралуу дагы алдыда далай сөз болору – турган иш. Эми сөз учугун Бактуруш акындын ыр дүйнөсүнө буралы.

Бектуруш Салгаманинин «Аты жок китеп» (2021) аталышындагы ыр жыйнагына таланттуу адабиятчы Бекташ Шамшиев «Классик акындын ааламы» деген ат коюп, баш сөз жазган экен. Чынын айтсам, Бекташ шакиртим Бектуруштун ыр ааламынын кокту-колотун калтырбай тыкыр изилдеп, өзүнүн омоктуу ойлорун аргументтер менен бекемдеп, мыкты баш сөз жазган экен. Анын Бектурушка «классик акын» деп берген жогорку баасы да орундуу көрүндү мага. Ошентип Райкан акыныбыз айткандай,

Акындар көлгө барыптыр,

Баарын ырдап салыптыр.

Тоо, суусу бүткүл ырдалып,

Мага куму калыптыр.

Ошентсе да Бектуруш акындын мага өзгөчө таасир калтырган кумун «сапырып» көрөйүн дедим.

Бектуруштун ырларын окуй баштаганда эле окуучунун көӊүлүн өзүнө «лып” тартып алган касиеттеринин бири акындын дүйнөнү поэтикалык көрө билүүсүнүн оригиналдуулугу десек болчудай. Ошол эле учурда көргөн нерсесин образга каныктырып, көркөм сүрөттөп берүүсү. Анан да сүрөттөлүп жаткан көрүнүштү жалаӊкабат кылбай, ага метафоралуулук берип, поэтикалык ойдун катмарлануусуна жетише алгандыгы.

Өз учурунда улуу жазуучу Максим Горький: «Сөз – бардык ойлордун кийими» деп, көркөм чыгармачылыкта сөз кудуретине таамай баасын берген. Ырасында эле, кандай гана улуу, философиялык ой болбосун, өзүнө жарашкан келишимдүү кийим кийгизбей, шөлбүрөгөн бир нерсе илип койсок, ал окуучуга эстетикалык ырахат тартуулай албасы – турган иш. Бектуруш бул жагынан утуштуу абалда экенин ырлары тастыктап турат. Жогорудагы айткандарыма окуучумду ынандырыш үчүн «Аты жок китептеги» Бектуруштун биринчи эле ыры «Ашуудага» токтолоюн. Бул чакан ырга акын өзүнүн чыгармачылык жолунун драматизмин аллегориялык планда, эмоционалдуу да, экспрессивдүү да чагылдырууга жетишкен. «Ашуу» – акындын поэтикалык дүйнөсүндө жөн салды эле жаратылыштын бир көрүнүшү эмес, ал акындын сүрөттөөсүндө чыгармачылыктын бийиктигинин символу катары чыга келет.

Төбөсүн күнгө өптүргөн,

Теӊирге жакын ашууга

Араӊдан чыгып келдим мен

Ал-күчүм калбай басууга.

Ашуунун бийиктиги төбөсүн күнгө өптүргөн чоку болсо, анын касиет күчү Теӊирге жакын. Акын ошол бийиктикке татаал, оор, түйшүктүү жолду басууга «алы-күчү калбаган дараметке чейин жетип», араӊ чыгып келип олтурат. Ага жеткичекти басып өткөн жолунун катаалдыгын, жанын тиштеп келгенин, «жылтырайт жыбыр жол аздан, житемин саалга жаӊылсам», «карышкыр көргөн козудай», «калчылдап тиктейм ылдыйды», «Канча ирет колум жоруду-ай!», «канча ирет таман жыртылды» деген саптар автордун ашууну багынтуудагы азаптуу жолунан кабар берет. Ошол эле учурда:

Ашалбай кулап тик беттен,

Ашууда сөөгү калса!-деп,

Атасын өлтүргөндөй мен,

Ажалды тилээр жандар көп – деп, ыр саптарында пенделик көрө албастыктын облигин тарта кетет. «Ашуу» акын үчүн бийиктиктин акыркы чеги эмес экенин «жанымды тиштеп кудайлап, жөнөдүм өйдө кадуулап» деген саптары айгинелеп турат. Ошентип бул чакан ыр ой менен сезимдин синтезинен жаралып, автордук катмарланган ойдон кабар берет.

Кээде «чоӊ» делген акындардын парадга тизилген аскерлердин катарындай зымпыйган саптарынан жан дүйнөңдү «дирт» эттирер бир сап табылбайт. Бардыгы эле өз ордунда тургандай болгон ырларда жан, илеп, дүрбөлөң жок. Тилекке жараша, Бектуруш акындын ырлары андай эмес. Ырларын окуп жатып образдардын бүтүндөй бир гаммасына жолугасың, ой-сезимиңди жыйноого бурчаңды келтирбеген эмоционалдык көркөм салыштыруулары көз жоосун алат. Макалама кайсы бирин мисалга тартуудан кыйналдым. Дархан талант Анатай Өмүркановдун элдик афоризмге айланып кеткен «бир бетиң өпсөм, бир бетиң калат» деген саптарындагыдай, тим эле бири тууралуу айтсаң, экинчиси, үчүнчүсү, төртүнчүсү калып калчудай кыжалат болосуң. «Кагат саат таңдайын» деген ырында таңкы көрүнүштү сүрөттөгөн акын «Терезе өөп суйкайган, тунук таңдын маңдайын» деп баштап, бир аздан соң суйкайган, тунук таңда шаарда ойгонгон тиричиликти:

Ойгонуп шаар, бардык жак.

Ойготуп жол, көчөнү,

Төгүлүүдө тарсылдап,

Туфлилердин нөшөрү, – деп сүрөттөйт. Таңдын атышы менен тирилик кылууга шашылган элдин агымын анын туфлилердин нөшөрү менен элестүү, экспрессивдүү, ушундайча эле сүрөттөп салат.

Акын кайсы темада жазбасын, өзүн эркин сезет, ар бир көрүнүшкө карата улам жаңы, күтүүсүз көркөм салыштырууларды табат.

Сөз менен тартылган ар бир сүрөтүнө айтайын деген асыл ойлорун ороп, окуучусуна аздектеп суна билет. Бир убакта балалыктын баёо мезгилиндеги тоо ылдый зыркыратып жарыштырган «Кимдики озот?» деп тоголотушкан таштары менен балалыктары кошо тоголонуп кеткенин:

Ошол таштар сайда камалып,

Ошол бойдон жатат агарып.

Тоголоткон таштар сыяктуу,

Таштап кеткен бизди балалык, – деп эстейт. Акындын туулган жери, өнүп-өскөн айылы, Ала-Тоосу, Мекени, Кыргызстаны тууралуу ырлары да  окуган адамды кайдыгер калтырбайт. Аларда кээ бир акындардыкындай ач кыйкырык, куу сүрөңдүк интонация, жасалмалуулуктун жыты да жок. Табигат кандай табигый болсо, ал ырлар да жөпжөнөкөй, бирок алардан ошончолук изгилик сезилет.

Чөп жүктөгөн арабадан калбаган,

Чаң куйругун шыйпаңдатат аркадан.

Аталары салган жолдо дугдуңдап,

Агат дайра жатып алып чалкадан. («Туулган жерди кезип жүрүп»)

 

Байсың сен – үстүң да алтын, астың да алтын.

Бар түркүн улут, бирин жатсынбайсың.

Жүз, миң жыл жашасам да жете албасмын,

Журөктүн түпкүрүндө жалтылдайсың.

 

Көрктөөчү, коргоочу уул-кыздарың көп,

Кыямат болгучакты тур да гүлдөп.

Сенсиз жер шары мага керек эмес,

Сенсиз жер кулап кетсе урганым жок. («Менин Кыргызстаным»)

Арабанын артынан, «куйругун шыйпаңдатып» ээрчип алган, чаң, аталар салган жолдо чалкасынан түшүп алып, «дугдуңдап» агып жаткан дайра, жүрөктүн түпкүрүндө кол жеткис болуп жалтылдап жаткан Кыргызстан акын ырында ушундайча чагылдырылган. Акындын эне тили тууралуу күйүп бышып жазганы да арбын. «Эне тил», «Эне тил тууралуу», «Кыргыз тили» ж.б.

Эч теңи жок энемдин бул белегин,

Эгерим мен Курандан кем санабайм.

Эне тилин чанса неберелерим,

Урпагым!- деп өппөйм, бетин карабайм. («Эне тил»).

Акындын бул ыр саптары бүгүнкү небереси менен орус же башка тилде сүйлөшүп, неберем кыргызча билбейт деп, бетин тултуйтуп, былтыйып өздөрүнчө курсант болуп жүргөн чоң ата, таята, чоң эне, таенелерди ойлонто турган чакырык эмей эмне? Эне тилдин улуулугуна таазим этүүнүн адамдык үлгүсүн акын Бектуруш ушундайча жар салат!

Азыркы биздин заманда чалкеш көрүнүштөр көбөйгөндөн көбөйдү. Көп асыл нерсебизди жоготтук, заман асылы булганчына аралашып кетти. Мындай күндө элди адамдык нарк-насилдин агарышына чакыруу да мүмкүн болбой бараткансыйт. Ошентсе да биздин акыл-ой калчаган алдынкы саптагы калемгерлерибиз өз чыгармачылыктарында адамзатка көйгөй жараткан бул проблеманы көңүл сыртында калтырышпай келет. Бектуруш акын да өзүн түйшөлткөн маселелерди лирикалык ар кыл формада чагылдырууга аракеттенгени көрүнүп турат. Айрыкча, тамсил жанрына ыктаган акын «Кайран Караш», «Досум ай», «Карышкырдын кайгысы», «Иттин сөзү», «Койлор», «Кара эшек», «Айгыр» тамсилдеринде сөздүн каймана маанилерин таамай колдонуп, бүгүнкү күндүн ачуу чындыгын окурманга кулак кагыш кылат. Окуучусун пикир алышууга, булар туурасында ой калчоого чакырат. Мындай тариздеги тамсилдери көп болбосо да, алар акындын тамсил жазуу чеберчилигинен жеткилеӊ кабар берет жана келечекте ал акындын чыгармачылык изденүү багытынын омоктуу жагы болорунан окуучусун үмүттөндүрөт.

Бектуруш Салгаманинин «Аты жок китебин» окуп олтуруп менин акынга дагы бир өзгөчө ыраазы болуп, баа бергеним анын табият көркүн, анын мезгилдик өзгөчөлүктөрүн бөтөнчө бир эргүү менен сүрөттөгөнү болду. Көпчүлүк эле акындарда бул тема сейрек кездешип, ашып кетсе беш манжа менен саналгандай эле ырлар жазышат. Ал эми Бектуруштун поэзиясында бул тема тим эле төгүлүп чачылып ырдалат. Акындын жаратылыш кубулуштарын сүрөттөөдөгү көркөм палитрасынын байлыгы бир башкача, ар бир ырын тамшанып окуйсуң, анан акындын талантына таң бересиӊ. Жаратылыш кубулушун жандандырып, тим эле табият жашоосунун ичи-койнуна кирип, сырдашып, алардын башкаларга байкала бербеген сырларын ичтен аңтарып ачып жиберет. Мезгилдерге арналган ырларын эле санап көрөлү: «Кыш менен жаз чабышып», «Ала шалбырт», «Дагы жаз келди», «Жаз келди десек, кыш кайтып», «Кардын башын жаан бат мүлжүдү», «Чагылгандар күркүрөшөт», «Улак тартып ойноодо», «Жеп жатат жаздын акысын», «Исламдын байрагы өңдөнүп», «Жыргайм жамгыр жаап жатса», «Мөндүр», «Мөңгүлөр», «Кургак түн шуудурайт кагаздай», «Сур булуттар өтүүдө»,  «Жалбырактар жашыл балапандар», «Июль», «Жай этегинде», «Шакардай шамал кайнайт», «Жаз каякта, жалбырактарым», «Бир калта күз», «Күз башында келдим айылга», «Күздүн күмүш таңында», «Кайда менин күз деген коңур атым», «Кыш келатат койчуну ээрчип», «Кыш эрте келди ак өргөөгө», «Жол алат кыш Ала-Тоодон», «Кыш багалегин түрүүдө», «Кар жаап жатат күн-түн дебей», «Жаап кирди кар дагы» ж.б. Булар бир жыйнагында атайын ат коюлуп жазылган ырлары, ал эми жыйнактагы баллада, поэмаларындагы саптарда бул тема дагы улана берет, ажары ачылып сүрөттөрү толуктала берет. Анын себеби бир эле, ал Бектуруштун адамдык табияты жаратылыш менен жуурулушуп кеткендигинде, ажырагыстыгында. Анын акындык табияты Ч.Айтматовдун «Обонундагы» Даниярдын жан дүйнөсүнө үндөшүп турат десем аша чапкандык болбойт. Ар бир окурмандын өзү жогорудагы ырларды окуп, кудум аарылар гүл тандап конуп, бал чогулткандай өздөрү рух дүйнөсүнө күлазык чогултканы дурус болор, ошенткиле деп чакырар элем.

Бирге өткөрүп күн-түнүн,

Батып баткак, чылага.

Жаз менен кыш бир-бирин,

Жеӊе албастан убара.

 

Коркуп кармайт жакасын,

Кыш этегин кымтылап.

Жайып жашыл канатын,

Жаз жайлоого умтулат.

(«Кыш менен жаз чабышып»)

 

Көктөн өзү көрүнбөйт да, бир жактан,

Көйнөгүнүн шуудурашын эшитем.

Түн күрсүнөт – кабагына кар каткан,

Күн күлүңдөйт нуру таамп бетинен.

(«Ала шалбырт»)

 

Жан жагым обо, туш тарап –

Жашаң чөп, жаан, ыр жыттанат.

Түркүк болуп бул дүйнөгө,

Түк өлгүң келбейт, кысталак.

(«Жаз дагы келди»)

Ата Мекенин куштарланып сүйгөн акындын өлгүсү кантип келсин!

Бектуруш Салгаманинин поэзиясында табият темасына тете, андан ашса ашат, асты кемибей ырдалган дагы бир темасы – сүйүү темасы.

Кыргыздын залкар акыны Турар Кожомбердиевдин өз мезгилинде бул темада жазган кайталангыс, орошон ойго канык, болгону эки гана куплет «Сүйүүгө» деген ыры бар. Анда:

Сүйүү, сага кызмат кылдым ченебей,

Бирок мени жылытпадың кенедей.

Жалбарганмын, боздогонмун сен үчүн,

Жалгыз уулу каза тапкан энедей.

 

Канча жолу жылдыз санап ойлонттуң,

Канча жолу “мышык-чычкан” ойноттуң.

Кайсы убакта? Чыгып кетти эсимден,

Капысынан акын кылып ойготтуң.

(«Кызыл алма»)

Бектуруш акындын да «сүйүүгө ченебей кылган кызматы», «Чекесин жылытпаган сүйүүсү», «Канча жолу мышык-чычкан ойноткону», кыскасы, сүйүү тарыхы өзгөчө бир сезимде күүгө салынат. Автордун 1001 ырдан турган «Алтын арман» поэмасында (чынында, акын белгилегендей, ал поэма деле эмес, сүйүү темасындагы ыр түрмөктөрү десек туура болор).

Сүйгөнүнө жетпей калган акындай,

Сумсайган ай барат тоодон ашып жай.

Жүрөгүмдүн жыртыктарын ыр менен,

Жамап-жаскап отурамын шашылбай.

Мындай чөккөн маанай акындын ак сүйүүгө болгон ызаат-урматын жоготпойт. Дагы бир ырында:

Ак, таза бир сүйүү барын ааламда,

Адамзатка айкын кылып ар чакта.

Ашыктыктын тарыхында атыңды,

Айлантсам деп келем өлбөс дастанга.

Антитезалык стилде жазылган бул эки куплет ыры акындын сүйүү летописинен окуучусуна кабар берет. 1001 ырдын ар биринде тереӊ ой, ар кыл психологиялык кырдаал, турмуштан алган сабактар, жан дүйнөнүн тазалыгы, сүйүү искусствосун кол жеткис бийиктикке чыгаруу үчүн жасалган адамдык ариет, түйшүк жатат. Ал ырлардын бардык кереметин чакан макалада айтып отуруу мүмкүн эмес. Дархан акыныбыз Омор Султановдун “Жан берели сүйүүгө” чыгармасынын улуу жолун улаган акынга азырынча эстетикалык ырахат тартуулаганы үчүн ыраазычылык айтып туруу менен чектелүүнү туура көрдүм.

Эми акырында Бектуруш Салгаманинин поэтикалык изденүүсүндө окуучу көңүл бурбай коюшу мүмкүн эмес, бир жагдай тууралуу айта кетейин. Ал – акындын поэзиясында туруктуу мүнөзгө ээ ыр көркөмдүгүн арттырып, анын күчүнө күч, поэтикалык кубатына кубат кошуп турган аллитерацияны мыкты колдонуу чеберчилиги. Эске сала кетсем, «аллитерация» – поэзиянын көркөмдүгүн күчөтүүчү стилдик каражат. Ал ритм толкунунун жагымдуу болушун шарттайт, ырдын уккулуктуулугун арттырат. Аны колдонуунун бир канча түрлөрү бар. Бектуруштун поэзиясына келсек, анда аллитерациянын так, оромо же шакекче түрлөрүн да кездештирүүгө болот, бирок алар өтө эле сейрек экен. Анын «Сууга жазылган ырын», «Аты жок китебин» көңүл бөлүп карасам, акын ырларында дээрлик кош жолдуу жуп аллитерацияны ийгиликтүү «менчиктеп», өз стилине айлантып алган экен.

Сени билбейм, баёолугу өтө көп,

Сагындырган боёктору өчө элек.

Көкүлү бар ал жылдарды баламдай,

Келатамын колдорунан жетелеп.

 

Жарым талант жазмакер көп болгону-

Журттун шору, маданияттын ойрону.

Чоң салымы коомго талантсыздардын,

Чама-чаркын билип жазбай койгону  ж.б.у.с.

Мындай ырларда аллитерацияланган сөздөргө өзгөчө көңүл бурулуп, ой көтөрүңкү басымда айтылат да, окуучунун кабыл алуусун жеңилдетет. Акын Бектуруш кыргыздын салттуу ыр формасында эле жазып, азырынча түрдүү формалык эксперименттерге тап койбогону баамдалат.

Бектуруштун чыгармачылыгы менен таанышкан окуучу анын:

Беш-он китеп жазсам болот жылына,

Бирок, антиш мага өлүмдөй кыйын-а!

Калп айтсам да, адамдарга бир ирет,

Калп айтпадым сүйүүм менен ырыма, – деген ымандай сырынын чындыгына, ак сөз экенине бөркүндөй ишенет деген ойдомун. Бүгүн анын ыр берекеси төгүлүп, кыргыз көркөм сөз ааламында өз жылдызы жаркын жанып турган учуру. Анын поэзиясы билген кишиге улуттук адабиятыбыздын сыймыгына эбак айланып, окурманынын жүрөгүнөн түбөлүккө түнөк тапканы да далилдөөсүз чындык.

Мына ушундай таланттуу, мээнеткеч, тубаса акындын асыл эмгегин көрмөксөнгө, билмексенге салып, сыйлык жана сыймыктан тыш калтыруубуз адамгерчиликке жатпас. Бектуруш Салгамани акынга бүгүн эң жогорку даражадагы кандай наам, кандай сыйлык ыйгарса да чеки болбойт, ага куп жарашмак, мындан аркы чыгармачылыгына дем-күч гана болмок!

Лайли Укүбаева,  филология илимдеринин доктору, профессор.

КРдин Билим берүүсүнө  эмгек сиңирген  кызматкер.

КРдин Илим жана Техника жаатындагы Касым Тыныстанов атындагы Мамлекеттик сыйлыгынын ээси.

25.11.2023