Аман Саспаев: Ууру

Ууру

Колхоздун алма багына сакчы болуу милдетин алды да, Бөкөбай абышка бардык убактысын бакта өткөрүп калды.

“Азыркы кишилер түшүнөт, кантип эле карасанатайлык кылып бир алма үчүн чарбактан секирсин? Мүшөктөн уурдоо жөнүндө ойлонуп да кажети жок. Балдар да мектепте окуп, тарбия алып жатышат, бул дүйнөнүн анык коргоочулары ошолор. Алар биз үчүн эмес, өзүлөрү үчүн коргошот. Анткени, биз – кары-картаңдар убакты келгенде тигилген алманы да таштап кете беребиз… Демек, эч ким да суук колун салбайт”, деп ойлонуучу Бөкөбай. Бирок бул ой чыныгы турмушка шайкеши барбы жокпу аны менен абышканын иши болгон жок.

Бактагы алмалар кызарып, шактарга салмагын таштап, али быша элек болсо да көргөн киши кызыккыдай эле.

Таң саарынан туруп алып, бакты кыдыруу үчүн, сакчы абышка кетип бара жатканда эл али уйкуда. Ал эми, кээ бир үйлөрдөн созолонуп түтүн чыгып калганда күн көтөрүлүп калган болот. Алыс-жакындан короздор тынымсыз чакырышат. Бул кезде талинкедей бети сары, гүлдүү күнкарамалар күнгө бетин тосуп да үлгүрүшөт. Арыктарда көк кашка суулар шылдырап агып жатат. Салкын аба суу боюнан бетке урунат.

Бөкөбай муну күндө көрсө да эртең дагы көргүсү келет. Кумарланат. Биздей карыларга жан таттуу дешет, жок, чындыгында жер таттуу, эл таттуу! Кезеги келгенде мына ушуларды кыюу кыйын. Киши ошолордун, мындайча айтканда, бир алмасы.

Күз келди. Алма чоңойду. Бул кезде абышка да бакка жатуучу болду.

Ууру жок, жок болсо да кайтаруу кажет. Анткени, атайын баксын, карасын деп ал кишиге колхоз эмгек күн берет.

Шашке ченде анын кандайдыр үйгө баргысы келди. Короодогу көңдү темир күрөк менен тээп коюшу керек. Кийинчерээк оодарса кургабай да калышы мүмкүн. Күзгү жаан башталат эмеспи. Абышка алмаларды аралап бара жатып ушуларды ойлоду да артка кайтты. Ал кароолдо жүрүп бир жолу да бакты таштап үйүнө кетип калган эмес. Ал бактан чыга бергенде, кандайдыр бир ууру келип, алмаларды үзүп, ал түгүл, шактарын да сындырып кетчүдөй күмөндөнө калды. “Кайдан антсин, бышкан кезде деле бышыгыраак карап алсам да жетээр. Ууру эмне даяр туруптурбу? Илгери уурулар мал уурдайт дешчү эле, эми алмага кимдин жаманатты болгусу келе койсун!”

Бөкөбай ушул ойду ойлогон соң алма бактын эшигин бекемирээк жаап, көндүм адаты боюнча аржак, бер жагын карагылап алган соң үйүнө кетти.

Шагы ийилген алмалар тым-тырс бактын ичинде көз тартып, күнгө чагылышат. Кээ бир алмалар кызарып же ак саргыл тартып дапдаана көрүнөт. Ал эми, кээ бир алмалар: “Мен бышканда өзүм эле “топ” этип үзүлүп түшөм. Тапканың жээрсиң!” дегенсип жалбырактардын арасына жашырынган. Бул амалдуу алмалар деп аталат. Анткени, кишилердин тиши аларга баарынан кийин тиет эмеспи.

Музоо көздөп жүргөн жети жашар Эркин бактын коосуна жакын келди да ичиндеки алмаларга көз таштады. Ичинде чымчыктар да учуп жүрөт. Эркин чымчык боло калса, азыр учуп-кирип сакчы эмес, башкарманы да көзгө илбестен алманын таттууларын сабагынан тиштеп-үзүп куурайдын арасына учуп барып тойгончо жемек. Мында шокаладдан да таттуу алмалар бар да…

Эркин коонун туура жыгачына көкүрөгүн сөөп, алмаларды карап тура берди. Музоону унутуп да койду. Тээ, алыста бир алма баарынан чоң көрүнүп турат. Өзү да кыпкызыл. Ошо, кызарып турган жеринен “барт” дедире бир тиштеп алса, таттуу ширеси ууртуна чачырайт. Кезек-кезек шимип коюп чайнай берет. Аны жуткан соң дагы куштарлана тиштеп алып, башка жактарды карап, чайнай берет. Эркин ушуларды ойлоп, шилекейин дембе-дем жутту. Бөкөбай ата каерде, кайсы алманын түбүндө жүрөт болду экен? Бала мойнун созуп, эңкейип бактардын түптөрүнө көз жүгүрттү. Бирок, колунда таягы бар сакчы көрүнгөн жок.

Мына ушул учурда Эркиндин буттары кыймылга келип, коонун тешигинен заматта эле өтө чыкты. Эми беш эле аттаса болду, алманын түбүндө болот. Аны алды менен катуу көк алмалар тосуп алды. Булар 32 күздүк алмалар. Кызарып турган чыныгы алмалар ичкери жактан көз ымдашып, Эркинди улам өзүнө тарта берди. Ал бир басып, эки басып отуруп укмуштай калың алмалардын арасына барды. Эми колун сунуу гана калды. Эркин үчүн эми чымчык болуунун кажаты жок эле. Эгер, мобереги чоң кызыл алманы үзүп учса, көтөрө албай жерге түшүрүп жибериши да мүмкүн. Тиги алма чымчыктан алда-канча чоң турбайбы!

Бул кезде Бөкөбай бакты кароосуз таштаганынан болсо керек, көңүлү кандайдыр бирдемени сезгенсип тээп жаткан көңүн кырдабастан эле бакты көздөй жөнөп калды. Ал дайыма бакка келе жатканда орто жолдогу дөңгө чыгып, бакты бир жолу көзү менен чолуп койчу. Ал дөңгө чыгып карады эле бакта бир караан көрүнгөнүн байкады.

–Карабаскырдыкы! Ууру кирген тура. Көңүң менен жерге киргирдики, – деп сүйлөнүп алган соң, абышка ылдамдай басып бакка кирип бара жатты. Эркин өзүн көздөй келе жаткан сакчыны көргөн жок. Бир алманы жулуп алып, бул убакка чейин жеп да коймок. Бирок, алмага көзү менен тоюп, анын көптүгүнө сонуркап, улам арылап бара жатты.

–Ай, бала!

Эркин чочуп кетип кача жөнөмөк болду эле, кутула албасын сезип кайра туруп калды. Бөкөбай жетип келди да баланы шап билектен алды. Ал үчүн бул күтүлбөгөн окуя эле.

–Эмне кылып жүрөсүң?

–Алма издеп жүрөм, – деди шашып калган бала жаңылышып.

–Эмне, алма жоготтуң беле, ыя! Кана, алма уурдаган баштыгың! Атаңды сотко бергизем!

–Абышка баланы жетелеп коону көздөй жөнөдү.

–Музоо издеп жүрөм, – деди Эркин дагдаңдап келе жатып. Баланы сүйрөп лыпылдай басып келе жаткан абышка орто жолдо тура калды да баланы булкуп өзүнө каратты:

–Үзгөн алмаларыңды кайда ыргыттың?

–Үзгөнүм жок.

–Ач, оозуңду!

Бала коркконунан оозун ачып асманды карап калды. Чал анын оозун текшере карап алманын кыпындай бөлүгүн көрө албады. Баланын оозунан алманын жыты да билинбейт.

–Эмнеге кирдин, мында?

–Жөн эле, сиз жок экенсиз…

–Мен жок болсом эле алма уурдасын дептирби?

–Мен уурдаганым жок.

–Анан ким?

–Билбейм…

–Бас, жогол!

–Абышка баланын колун силкип коё берди, – Эми көзүмө көрүнчү болсоң көргүлүгүңдү көрөсүң! Бошонгон бала чымын-куюн болуп коону көздөй чуркады. Абышка баланын томураңдап чуркап бара жатканын, артынан карап туруп көңүлү жибий түштү. “Балким башка балдар болсо, алмадан үзүп, жеп да жиберген болор эле!” Эркин коодон артыла бергенде чал аны кайра чакырды. Бала алмага сонуркабаса мында келмек беле.

–Ай, токто, ме, алма берейин, – абышка туш келди бир алманы үзүп алды да балага көрсөттү. Бирок, Эркин чалдын колундагы алманы көрө турса да, коодон өтүп алып безген бойдон кете берди.

Бөкөбай абышка ичинен көңүлсүз боло түштү. Үзүп алган алмасын бактын түбүнө таштады да ары басты: “Көңүң менен куруп кал! Кайдан кетип калдым эле…”