Айжаркын Эргешова 1973-жылы Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Кичи-Алай өрөөнүндө туулган. 1989-жылы орто мектепти, 1998-жылы Ош мамлекеттик университетинин Кыргыз тили жана адабияты факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 1998-жылы “Сиз” аттуу ырлар жыйнагы Жолон Мамытов атындагы республикалык адабий сыйлыкка татыган. 2005-жылы “Жүрөктөгү арал” ырлар жыйнагы жарыкка чыгып, бул китеби үчүн “Алыкулдун ак боз аты” сыйлыгынын дипломанты болгон.
*****
Сен мейли, алыс болгун дил тумарым,
Көз жетип, кол жетпеген мунарыктай.
Жашоодо жашайм башка адам болуп,
А дилим сени менен жүрөт кыйбай…
Жаныңда жалбарамын карегиңе,
Чачыңды сылайт ысык алаканым.
Туямын энтиккениң кулак түптөн,
Угамын жүрөгүңдүн туйлаганын…
Кучагың алсыратып.., калтыратып,
Унутам өлүм барын, арман барын.
Жумулат муң түнөгөн каректерим,
Төгүлөт далым ылдый кундуз чачым.
Дилимди мемиреткен коңур үнүң,
Добушу кеч күздөгү каркыранын…
Шыбырың көл шоокуму, а колдоруң,
Дарысы арманы арбын жалгыз жандын…
А бирок мунун баары кыял жаным,
Мен муну туйган кезде ыйлап алдым…
*****
Мында деле көчмөн булут көк кезип,
Жел акактап ары-бери сүрдүгөт.
Таңды ээрчиген Күн батышка жол тартып,
Кызгылт булут көшөгөлөп кеч кирет.
Бирок, мында кылым кечип ашыгын,
Издеп күйгөн күкүк үнүн укпадым…
Түркчө сүйлөп түшүркөдүм, а бирок,
Кыргыз жери түшкө кирип уктадым
Кыргыз жазын, кыргыз жерин, кыргыздын,
Бакылдашып сөгүшкөнүн сагындым.
Тоого кеткен чыйыр жолдо жалпайган,
Уй богуна келип турат жалынгым…
*****
Түшүмө кирдиң уулум. Маанайың суз,
Көздөрүң ыйлагандай кызарыптыр.
Зыркырайт көкүрөгүм көңүл түтөп,
Түштөгү жүзүң дилим жаралап тур…
Кусадан меникиндей көздөрүңдү,
Толтуруп ысык жашка кылгыртпагын.
Сагындым мен да сени араң жүрөм,
Сыр бербей чыдоону бил, үйрөн баарын.
Сен эми чоң жигитсин. Бул жалганда,
Тосорсуң түйшүгү арбын далай таңды.
Түз карма ийиниңди, башың көтөр,
Кейитпе жашык, жумшак таятаңды.
Аялмын, мен ыйласам кечиримдүү,
Сен антпе, бала ыйласа ыйлайт аалам.
ϴзүңдө үмүттөрүм, кайрат-күчүм,
Сен менен эртеңдерим, жаным балам.
*****
Унтулбады көз ирмемдик ошол жаз,
Жамгырын айт көктөм бою жүдөткөн,
Күн күлдүрү жүрөгүбүз, а сезим,
Асан-Үсөн көпүрө эле биз өткөн…
Эл шашса үйгө, а экөөбүз далдаада,
Өбүшчүбүз жамгыр көзүн күйгүзүп.
Көчө баткак, гүл таажысы, дарак суу,
Колдор муз-таш, а каректе күн күлүп.
Бизден кийин уйпаланган тулаң чөп,
Жаткан бойдон жаз, жай, күздү узатчу.
Булут төшөк оронушкан чокулар,
Таңда уйкулуу көзүн ачпай күн батчу.
Кайда ал жаз, кайда андагы боз улан?..
Ай бейтаалай, унутпадың шол жазды.
Ойлойм минтип адам деген шордуунун,
Бар бактысы өмүрдөгү бир жазбы?..
*****
Сүйбѳй туруп, жүзүм деле кызарбай,
Кошо басып кыналганым кечиргин.
Азыр мага муну билүүң маанилүү,
Азыр мага керек сенин кечирүүң…
Керек азыр билүүң менин сүйбѳсүм,
Куру бекер келбейт сени алдагым…
Керек азыр жүрѳгүңдүн жылуусу,
Бирок андан керек азыр баш тартуум…
Сен жакшыга, татыктуусуң бийикке,
Жалган сенден ѳзү үчүн уялаар.
Тазалыгың, аруулугуң кантейин,
Бир топ жашка келсең дагы баладай.
Сен жакшыга, сен бийикке татыйсың,
Жалгандыгы үчүн жалган уялаар…
*****
Сары күз кагылайын кел, келегой,
Сагыныч канатына калкалаган.
Мен азыр болбоско эле кайгырам да,
Мен азыр болбоско эле талкаланам.
Сары күз байкадыңбы мурдагыдай,
Карегим сүйүү түнөп күйбөй калган.
Сары кыз сен тааныган музоо кирпик,
Бүт баарын төгүп салып сүйбөй калган.
Сары күз санаалардын сапарлашы,
Бир сырга ич ичимден толкуп жүрөм…
Дил берип сүйгөн жанды жан дүйнөмө,
киргизбей… бир сүйүүдөн коркуп жүрөм.
Бул күздө бир сүйүүдөн коркуп жүрөм…
*****
Эсиндеби, жамгырлуу кеч күз эле,
Биздин каттар агылган кез сыр ташып.
Кѳчө сары, а кѳңүлдѳ жашыл жаз..,
Ошол кѳктѳм тез бүттү не мынчалык.
Кол чатырым бош ташталып тек гана,
Каттын деми калкалачу жамгырдан.
Ошол күздүн жыты кетпейт дагы эле
Суу сарыккан кѳйнѳгүмдѳн, чачымдан.
Кабарсызсың… жооп күткөн каттарым,
Ай ошондо телмиргени жолуңа.
Далдаа болор табылбады кол чатыр…
Кѳз жашыма, кусалыкка, шорума.
Кѳрсѳ мени тосчу тура катчатыр…
Сагынычтан күтүү менен коштолгон.
Тамгаларда калган ошол сүйүүнү,
Суук кѳздѳн далдаалай кѳр… Кош болгун!
*****
Унутулат сага болгон таарыныч,
Ордун анын ээлейт тек бир эскерүү…
Күндөлүктөй бала кезде жазылган,
Жакшы балким, ким бирөөгө эстелүү…
Жарк этерсиң арасынан саптардын,
Кокус жылт деп учуп өткөн жалындай.
Сенсиз деле жашап жатам, а бирок,
Бир каалга койду недир жабылбай….
Канча жолу жаптым дегем мык уруп,
Угам дале кыйчылдагын, өгөөлөйт…
Таштандыдай таштап кеткен өлсүн деп,
Сезип жүрөм бир сезим бар өлө элек.
Кечир мени, кечир ошол сүйүү үчүн,
Кадырына жетпей калган Арманым.
Сен мени эмес чын-чынына келгенде,
Мен өзүмдү көп жыл бою алдадым.
Күндөлүк бу өчкөн кээ бир тамгасы,
А барактар саргайышкан кусадан…
Кандай жакшы сүйүп эмес… сүйүлүп,
Тирүүлүктө тирүү жандай жашаган.
*****
Мен сенден, сен менден тымызын,
Күтөбүз бактынын ачкычын.
Издейбиз үмүттөн, эртеңден,
Билбейбиз а бирок, тапчу ким…
Ишенүү, айрылуу окшош жол.
Бастык биз аягы бүтпөдү…
Тартылдык бейтааныш болсок да,
Үмүткөр пендебиз, анткени.
Мен сенден алыста бактысыз,
Сен менден алыста муңдуусуң.
Тилектер эртеңге жетелейт,
Тагдырдын не дээрин ким билсин…
*****
Сапар тарттым биздин ааламга,
Канат байлап үмүт кыялдан.
Ушул жолдо далай жаш төккөм…
Жан дүйнөмдү жеген кыяндан.
Көрбөсө деп жүзүм басынган,
Душман достон качып жашынгам.
Ыйлап турса дагы жүрөгүм,
Жагалдангам кийип жашылдан.
Чагылышат көздөр кусалуу,
Айтпайм сага эмне көргөнүм.
Бизге гана тааныш, белгилүү,
Ый… кубанчы ушул бөлмөнүн…
Дасторкондо наны апаңдын,
Темир тосот Айдын шооласын…
Буурул бөлмө, муздак дубалдар,
Кусалантат тоолор, жоогазын…
Унчукпайсың, мен да унчукпайм,
Ийиниңе жөлөп башымды.
Сезесиңби, балким сезбейсиң,
Кандай бакыт сага ашыгуу…
Карегиңде бүркүт отурат,
Кайрылбаган али канаты.
А мендечи алсыз көгүчкөн,
Дале айыкпай жүргөн жарааты…
Кандай бакыт сага ашыгуу…
*****
Үнүңдөгү куса сенин,
Мага өтөт бириндеп.
Мурда дүйнө термелбечү,
Азыр баары дирилдек…
Сен да, мен да жөлөк туткан,
Сырга шерик Ай жылат.
Алоо дейсиң, алоо дейм,
анан недир үн сынат…
Дымыйт аалам, үшкүрүк бир,
тып деп тамат жүрөктөн.
Эки жакта эки күйүт,
Дартка даба табат ким?..
Мурда дүйнө термелбечү…