Лайли Үкүбаева: “Тарыхтын актай барактарын” талбастан тактай берген Роза эже

“Тарыхтын актай барактарын” талбастан тактай берген Роза эже

Өткөн жылдын аягында белгилүү инсан, педагог, окумуштуу Роза Төрөкуловна Айтматованын атасы жөнүндөгү эскерүүлөрү кыргыз жана орус тилдеринде жарык көрдү. (“Атам жөнүндө” Б.: – 2020, “Мой отец  как государственный деятель” Б.:- 2020). Бир тууган жээни, жазуучу Асан Ахматов менен авторлош болуп жазган “Ата –Бейит” (Бишкек.-2020) романы жана өзүнүн өмүр жолун чагылдырган “Өмүр белеси” аталышындагы мемуары да жазылып бүтүп, окуучулардын колуна тийди. Ошентип өткөн жыл Роза эже үчүн чыгармачыл түшүмдүү жыл болду десек болот. Аталган китептер туурасында алдыда далай кеп-сөз болуп, пикирлер айтылары турган иш. Мен бул чакан макаламда Роза эженин “Атам жөнүндө” эскерүү китеби боюнча азыноолак сөз козгоп, окурман журтчулугун китептин мазмуну менен бар аз тааныштыра кетейин деп турам.

“Атам жөнүндө” китеби эженин атасы жөнүндөгү эскерүүлөрүнөн турат. Атасынан беш айлык ымыркай кезинде ажыраган Роза эженин (бизге бул маалымат эженин буга чейинки китептеринен белгилүү) атасы тууралуу эскерүүлөрүндө эмне болушу мүмкүн? Ымыркайдын эсинде эмнелер калышы мүмкүн ? Автор бул китебин жазууда кандай максатты көздөдү экен? Окурманда ушу сыяктуу күдүк ойлордун орун алышы мыйзам ченемдүү эле көрүнүш десек болот.

Алдын ала айта кетчү бир жагдайга окурмандын көңүлүн бургум келет. Ал автордун атасы тууралуу эскерүү жазууга узак мезгил бою ичтен моралдык-психологиялык чоң даярдык, жоопкерчилик менен келгендиги.

Төрөкул Айтматов – бир эле үй-бүлөнүн, мейли уул-кыздары канчалык даражада элге – журтка, ал тургай дүйнөгө белгилүү атактуу инсандар болбосун, атасы эмес. Ал – ошол эле мезгилде биздин бүгүнкү эгемендүүлүгүнө жеткен кыргыз мамлекетинин куруучуларынын бири, советтик-партиялык кызматкер, сталиндик ырайымсыз репрессиянын курмандыгы, эл атасы болгон улуу инсан. Демек атасына болгон балалык сүйүү, урматы, сагыныч-арманы канчалык күчтүү болбосун Роза Төрөкуловна колуна калемин алып эле ушундай инсан тууралуу капыл-тапылдан жаза коё албайт болчу, антүү дегеле мүмкүн да эмес эле.

Ата-энеси, Төрөкул Айтматовдордун үй-бүлөсү тууралуу эскерүү жазуу боюнча алгачкы ой эжеде 1937-1938-жылдары эл душманы деген жарлык тагылып, ак жеринен атылган аталардын сөөктөрү канча бир мезгилдерден кийин Кой –Таштагы бир үңкүрдөн табылып, аларды ардактап кайрадан коюлушуна байланышкан окуядан улам келген. (Кийин ал жерге Чыңгыз Айтматовдун сунушу менен “Ата-Бейит” деген ат берилди). Ушуга чейин өз адистиги боюнча илимий макала, эмгектерден башка (Роза эже физика-математика илимдеринин кандидаты, доцент) эч нерсе жазбаган эже биринчи жолу “Тарыхтын актай барактары” аталышындагы эскерүү китебин 2007-жылы жазып окурмандарга тартуулады. Ал китепти кайрадан толуктап, “Белые страницы истории” (2009, 2013 ) деп орус тилинде жарыялады. Аталган китептер элге тез эле тарап, окуучулардын болуп көрбөгөндөй кызыгуусун жаратты. Дагы архивдик жаңы документтерди таап, китебине бир катар толуктоолор, тактоолор киргизип, китептин орусча жаңы вариантын 2019-жылы кайрадан чыгарды. Ал арада бир тууган жээни Асан Ахматов менен бирдикте академик Илгиз Төрөкулович Айтматовдун өмүр барактарындагы буга чейин ачылбай келген бүктөмдөрүн ачышып, т.а. Илгиз аганын Улуу Ата Мекендик согуш мезгилиндеги балалык–эрдигин (почтальон болгон экен ) чагылдырган “Кат келди” повестин жазышты. Дагы да чыгармачылык өнөктөштүктө иштерин улантышып, “Человек жив, пока о нём помнят люди” (2017) деген, улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматовго арналган эскерүү китебин бүтүрүштү. Бирок ушул өткөн мезгилдер аралыгында Роза Төрөкуловнанын жүрөгүнүн түпкүрүндө обологон кыялы, купуя сыры жашап келди. Ал эртеби, кечпи атасы жөнүндө бир нерсе жазуу эле. Ушул ой, улуу максат эженин жан дүйнөсүнө тынчтык бербеди. Канткенде, кандайча ишке ашырсам деген суроо эжени тынымсыз изденип, түйшүктөнүүгө алып келди. Кийинки жылдары Роза эже ушундай асыл ой, улуу максат, тынымсыз бул багыттагы иш-аракети менен жашады.

Роза Төрөкуловна менен айрым бир учурларда сүйлөшө калганыбызда “азыркы жаштар, ал тургай коомчулук деле Төрөкул Айтматовду атактуу жазуучу Чыңгыздын атасы деп гана билишет. Ал эми биздин атабыз учурунда, жапжаш курагында, азыркы кыргыз мамлекетин түптөөгө, анын саясий-экономикалык, маданий-социалдык өнүгүүсүнө зор салым кошкон экен. Бүткүл өмүрүн Мекендин келечегин курууга арнап, ага жигердүү катышкан алгачкы кыргыз интеллигенциясынын алдыңкы сабында туруп, кандай гана зор иштерди аткарганын көпчүлүк биле бербейт. Атамдын кыргыз мамлекетинин тарыхындагы орду боюнча бир нерсе жазып, кийинки муунга калтыруу керек эле” деп көп айтып жүрдү. Мындай ишке киришүү, ойлогон максатты ишке ашыруу бир жагынан чоң милдет, жүк болсо, экинчи жактан опол тоодой жоопкерчилик эле. Менин жеке көз карашымда “Атам жөнүндө” китептин автору мындай жооптуу вазипаны аткарууга өмүргө тете даярдангандай… Дегеним, эже акырындап, жылдар бою Төрөкул Айтматов боюнча бардык мүмкүн болгон архивдик материалдарды чогултту. Атасы жашаган заманды иликтеди, атасынын замандаштарынын тарых таржымалдарына көңүл буруп, доордун “жүзүн” ичтен окуп үйрөндү. Апасы Нагиманын Төрөкул Айтматов боюнча айткан эскерүүлөрүн эсине кайрадан түшүрдү, билимдүү, зирек апасынын тумардай сактап жүргөн маалыматтарын “казды”. Буга чейин жарык көргөн илимий адабияттар менен таанышты. Акыры биринчи кезекте Роза Төрөкуловна өзү зарыгып күтүп жүргөн китеп жаралды. Эскерүү китебин жазуудагы максаты тууралуу мындай дептир. “Азыркы эгемен өлкөнүн пайдубалын түптөгөнгө ХХ кылымдын 30-жылдарында мамлекеттин башына келген биздин аталарыбыздын мууну чоң салым кошконун дагы бир жолу белгилеп кетким келет. Алардын арасында биздин атабыз Төрөкул Айтматов да бар эле. Бул чыгарма – мен атамдын ошол мезгилде аткарган ишмердүүлүгүн чагылдырып көрсөтүүгө жасаган аракетим” (11-бет). “Эскерүүдө, – дейт автор, мен атамдын көп тармактуу иш-аракетинин ичинен бир гана түрүнө – Кыргызстандын экономикасын, өнөр жайын курууга киргизген салымын кароого токтолоюн  дедим эле” (16-б) – деп, окуучусуна өзү баян кылчу маселенин чоо-жайын ушундайча конкреттештирген.

Китепте оболу Төрөкул Айтматовдун билим башатына, алгачкы саясий ишмердүүлүгүндөгү кадамдарына кыскача экскурс жасалган. Т.Айтматовдун ар тараптуу билим алууга, теориялык билимин тереңдетүүгө дайыма маани берип аракет кылуусу, натыйжада 26 жашында эле коммунисттик партиянын, элдин ишенимине ээ болуп, бир катар жооптуу кызматтарда иштей баштаганы документтер менен тастыкталган. Алардын ичинен 1927-1929-жылдары Жалал-Абад канткомунун (азыркыча облус ) катчысы жана облуста жер-суу реформасын ишке ашырган комиссиянын төрагасы болуп эң жоопкерчиликтүү ишти аткарганы көзгө урунат. Ошол мезгилде коомдук иштерге да активдүү аралашып, “Касым Тыныстанов менен бирге “Манас” эпосун жарыкка чыгаруу демилгесин көтөрүшкөн. Төрөкул Айтматов “Манас” эпосун биринчи жолу жарыкка чыгаруу жөнүндөгү чечимге өзү кол койгон” экен (20-б). “Ошондой эле 1927-жылы Касым Тыныстанов менен бирге жаңы кыргыз алфавитин иштеп чыгуу комиссиясынын мүчөсү да болуп иштептир”. “Эркин-Тоо” гезитинин негиздөөчүлөрүнүн бири гана болбостон, анын активдүү авторлорунан болгонуна да ушул китептен биринчи жолу кабардар болобуз. “1926-жылы 14-октябрда кыргыз тилинде партиялык-саясий журнал чыгаруу үчүн К.Тыныстанов, Ж.Турусбеков, А.Баишов менен биргеликте Т.Айтматов журналды чыгарууга акча-каражаттын жоктугунан улам журналды чыгарууга атайын кор (фонд) түзүүнүн демилгечиси да болгон экен.” Демек жогорудагы фактылар Т.Айтматов улуттук басма сөз органдарын түзүүнүн активдүү демилгечилеринин бири жана Кыргызстандагы жүргүзүлгөн агартуу иштеринин башатында болгонун тастыктайт.

Канткен күндө да Төрөкул Айтматов ал жылдары коомдук-партиялык лидер катарында жаштык курагына төп келбеген зор эл жүгүн аткарган. Роза эже бул китебинде Кыргыз мамлекетинин түптөлүшүнө, басып өткөн тарыхый жолуна кыскача экскурс жасап (1926-ж. 1-февралында Кыргыз Автономиялуу Советтик Социалисттик Республикасы курулган) калкы туташ сабатсыз болгон, экономикасы эң артта калган мамлекеттик түзүлүштү башка республикалардын деңгээлине жеткирүү “Кыргызстанды союздук республикага СССРдин алкагындагы өз алдынчалыкка жеткизүү – бул ошол мезгилде эл арасынан чыккан, мамлекеттин жетекчилигине келген лидерлердин максаты” болгондугуна басым жасайт жана ушундай тарыхый кырдаал, татаал шарттагы атасынын аткарган иштерин ачууга аракет кылат.

1929-жылы 30-апрелде Төрөкул Айтматов Кыргызстан аткаруу комитетинин 2-съездинде Өнөр жай жана соода боюнча эл комиссары болуп шайланат. Ошол эле учурда Кыргыз совнархозунун төрагасы болуп шайланып, бул кызматты аркалоого да туура келген. (26 жашта болгон). Нак ушул кызматтарда Т.Айтматов өзүн иш билги, уюштургуч зирек, билимдүү жетекчи катары көрсөтө алган. Бул жылдар эл чарбасын өнүктүрүүнүн алгачкы беш жылдыктары эле. Бардык план, көрсөтмөлөр Москвадан бекип келгени белгилүү. Бирок ошого карабастан биздин эр жүрөк, элин, Ата Мекенин сүйгөн жетекчилерибиз Жусуп Абдрахманов, Төрөкул Айтматовдор ал учурда борборго “каяша” айтуу канчалык оор болсо да ал планды өздөрүнчө иликтеп, өзгөртүү киргизүүгө жетишкендиктерин Роза эже тарыхый документтердин негизинде бүгүнкү окуучуга ынанымдуу баяндайт.

Автор Кыргызстандын эл чарбасынын өнүгүшүндөгү маселелерди жалпы Советтер Союзундагы бул багыттагы жүргүзүлүп жаткан иштердин контекстинде карап, аларды аналитикалык көз караштан чагылдырган. Ошол мезгилдеги Т.Айтматов тез арада чечүүгө туура келген маселерди санактап, алар: гидроэнергетиканы, жергиликтүү өнөр жайды өнүктүрүү; темир жолдорду куруу; көмүр отун базасын түзүү; тоо кендерин изилдөө, улуттук кадрларды даярдоо маселелерин чечүү, ийгиликтүү ишке ашыруудагы атасы Төрөкул Айтматовдун жасаган иштеринин ар бирине кеңири токтолуп, аларды ичинен аңтарып ачып берүүгө жетишкендиги окуучуну кубандырбай койбойт. Китептин дагы бир артыкчылыгы автор болгон фактыларды кургак констатациялоо менен чектелбегендиги, аларды жүрөгүнөн өткөрүп, ал тургай өзүнчө анализдөөгө алып, атасынын демилгелеринин жыйынтыктарын да конкрет мисалдар менен далилдөөгө жетишет. Кээ бир учурда эмоциясын жашыра албай “Тобоо дейм, ушунча жашап жүрүп, атамдын гидро жана жылуулук энергетикасынын пайдубалынын салынышына түздөн-түз тиешеси бар экенин деги билбептирмин. Ошондо гидроэнергетиканы, республиканын турмуш-тиричилигине киргизип жайылтуу, дегеле ГЭСтерди куруу боюнча Кыргызстанда бир да тажрыйба жок кезде техникалык билим албаган кишиге (атама) канчалык кыйын болду экен деп ойлойм” ( 40-б) деген учурлар да кездешет. Бул эмоцияда атасынан беш айында калган Роза эженин, татыктуу атанын кызынын, атасынын жасап кеткен улуу иштери үчүн маңдайы жарыла сүйүнгөн сыймыктануусу турганын окуучу сезбей койбос. Роза Төрөкуловна атасы жөнүндө жазган эскерүүлөрүндө өткөн тарых менен бүгүнкү күндүн байланышына олуттуу маани берген. Ал тургай атасы Төрөкулдун бир мезгилде эли үчүн жасап кеткен улуу иш-аракеттеринин учугун кийин Т.Айтматовдун урпактары: уулу Илгиз, келини Розалия, кызы Люция ж.б.ийгиликтүү, жаңы сапатта улантып кеткендигин да эскерет, ошентип, тээ байыркы бабасы Теңтөгөрдүн уулу Шекерден бери келе жаткан мекенчилдик сезим, жоопкерчиликтин муундар ортосундагы диалектилик байланышын даңазалайт.

“Атам жөнүндө” документалдуу эскерүү китеби бир гана Т.Айтматовдун жаш советтик Кыргыз мамлекетин түптөөдөгү жасап кеткен атуулдук эрдиктерин даңазалоодон турбайт, китепте кендирди кескен 1937-жылдын кара бет жүзүнүн элеси да калган. Роза эже атасынын Кыргызстандагы темир жол курулушунун башатында турганын эскерип жатып, чоң атасы Айтмат менен 11 жаштагы Төрөкул Маймак станциясына жакын жердеги тоо аркылуу өткөн “Тешкентоо” туннелинин курулушуна бир убакта катышканына токтоло кетет. Бирок атасынын ошол темир жол аркылуу өткөн акыркы сапарынын кайгылуу болгонуна өкүнгөн автор: “1937-жылдын 1-декабрында атамды НКВД Москвадан камакка алып, поезддин абак вагонуна салып Фрунзеге жөнөтүшкөн. Ошондо поезд Маймак станциясына келип, түн ичинде беш мүнөткө токтогондо кантти экен? “20 чакырым жерде үй-бүлөм, киндик каным тамган жерим – Шекер айылым калды” –деп улутунуп алгандыр. А поезд болсо, андан ары жол тартып кете бергендир…” (51-б) деп сүрөттөгөн ошондогу атасынын абалын. Чыңгыз Айтматов да ушул жолдо Бишкектен Москвага, Москвадан Бишкекке каттаганында дал ушул жерден өткөндө, т.а. Маймак станциясына жеткенде, терезеден теребелди кадала карай бергенин атасынын тагдыры менен байланыштырып эскерет. Ооба, ушул трагедиялуу минуталар кийин жазуучунун “Кылым карытар бир күн” романында Абуталип Куттубаевдин образына сызылып киргени да бекер эмес экенин түшүнөбүз.

Чындыгында да 1937-жыл бир эле кыргыз эли үчүн эмес, бүткүл СССРдин эли үчүн оор, татаал, карама-каршылыктуу жыл болду. Ак жеринен далайлар жазыксыз жазаланууга дуушар болду. Ал турсун адилет эли үчүн жан берип иштеген лидерлер да борбордун идеологиялык кысымы менен “күнөөсүз күнөөлөө” операцияларына эрксиз катышып калган учурлар да болду. Төрөкул Айтматов да убагында ушундай татаал кырдаалга туш болгон экен, ошол кездерде абдан кыйналып, кырдаалдан чыгып кетүүнүн жолун издегени, акыры Москвага Марксизм-Ленинизм курсунда окууга аракет кылып, акыры тилеги ишке ашканын, ошентип абийир сотунан алыстаганы туурасында да кыйытып айтылган учурлар кездешет.

Сөздү көп узартпай жыйынтыктасак, Роза Айтматованын “Атам жөнүндө” документалдуу эскерүүсүнөн атасы тууралуу жаңы, мурда коомчулукка анча белгисиз болгон маалыматтарды гана эмес Кыргыз элинин, Кыргызстан мамлекетинин басып өткөн тарыхый жолу менен дагы бир жолу (буга чейин да албетте, көптөгөн илимий, илимий-популярдуу, көркөм китептер жазылган) жаңы тарыхый-архивдик, документалдык материалдардын негизинде таанышууга мүмкүнчүлүк алабыз. Эженин атасынын өмүр, тагдырына кайрылуусунда бир гана негизги максаты болгон. Ал бүгүнкү жаштарга, өз замандаштарына өз мезгилинин баатырлары болгон алгачкы кыргыз лидерлеринин бүгүнкү Эгемендүү кыргыз мамлекетин орнотуп, түптөп, өнүктүрүүдөгү эбегейсиз, унутулгус, уникалдуу эмгектерин жеткирүү, даңазалоо, алар тууралуу ой калчап, жыйынтыктар чыгаруу. Аталардын өрнөктүү өмүрүнөн сабак алып, бүгүнкү мамлекетибизди сактап өнүктүрүүгө, мекенчилдик сезимдерди ойготууга чакырык таштоо.

Жашырганда эмне, эгемендик алган 30 жылдын аралыгында Кыргыз мамлекетинде көптөгөн көңүлдү ооруткан окуялар болду. Алардын эң башкысы, өлкөбүздүн дүркүрөп өнүгүшүнө кедерги болгон ылаң бул – атың өчкүр коррупция. Эженин эскерүүсүндө ушул маселеге да атайлап акцент жасалганына көңүл бурушубуз керек. Жусуп Абдрахманов, Шооруков, Т.Айтматов ж.б.ошол учурда кыргыз мамлекетин башкарышкан экинин бири болушса да эч кимисинин менчик үйлөрү да болбоптур. “Аларда деги эле жеке менчик, байлык болбоптур. Биринин да тергөө ишинде уурдоо, коррупция, кызмат ордун пайдалануу деген статьялар боюнча айыптоолор жок” (82-б) дейт китептин автору өзгөчө бир сыймыктануу сезими менен.

Роза Төрөкуловна Айтматова “Атам жөнүндө” эскерүүсүн жазуу менен кыргыз маданиятына, кыргыз адабиятына, дегеле эгемен өлкөбүздүн учурдагы тарыхына баа жеткис эмгек жасаганын айтышыбыз керек. Кыргыз элинин сыймыгы болгон эл уулдарынын Октябрь революциясынан кийинки оор тарыхый шартта Кыргыз деген мамлекетти кантип түптөп, кандайча өнүгүүнүн туура жолуна салган эмгектерин карт тарыхтын каткан барактарынан аңтарып алып чыгып, бүгүнкү, келечектеги муундарга төкпөй – чачпай жеткирүү биздин ар бирибиздин атуулдук милдетибиз болуш керек. Ал өрнөктүү өмүрлөрдөн кийинки муундар өздөрүнө сабак алышсын! Роза эже өзүнүн атасы жөнүндөгү эскерүүлөрүн жазуу менен бул багытта жасалчу иштерге жол көрсөтүп койду. Публицистикалуулук менен документалдуулуктун, көркөмдүктүн айкалышкан симбиозунда жаралган бул китеп ар бир кыргыз жаранынын китеп текчесинен орун алып, элибизге чоң кызмат кыларына эч бир күмөнүм жок. Кыргыздын сыймыктуу кызы, Төрөкултаануу илиминин баштоочусу Роза Төрөкуловнага ак дилимден чыгармачылык ийгиликтер каалайм. “Тарыхтын актай барактарын” мындан ары да тактай беришиңизге Кудай Сизге дем-күч, өмүр берсин!

Лайли Үкүбаева, филология илимдеринин доктору, профессор

Кыргыз-Түрк Манас университети

25.01.2021