Венера Бөлөкбаева: Таланттардын мейманы – жаз мезгили

Венера Бөлөкбаева 1969-жылы Токтогул районунда туулган. Кыргыз мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган. 1997-жылы жаш акын-жазуучулардын республикалык “Ала-Тоо – 97” фестивалынын лауреаты болуп, “Сорос – Кыргызстан” фондусунун демөөрчүлүгү менен “Гүкү энем” деген алгачкы ырлар жыйнагы (1998) жарык көргөн.

Ырлар жана ой-толгоолордон турган “Жүрөгүмдө” аттуу китеби Республикалык жаштар сыйлыгына татыктуу болгон.

1997-жылдан бери Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү.

 

Жаз

(Назгүлдүн көңүлүн барып ача албадым. Эми жаз мезгили ачса экен деп, олтурам ойлонуп)

Акын-жүрөк,

Жүдөдүң бекен турмуштан?

Турмуштан эмес,

Жүдөсөң керек ыр жазбай…

 

Көңүлүң жашарткан,

Жаз кайра жакындоодо.

Таланттардын мейманы – жаз мезгили.

Ысыган абаны ээрчитип,

Учуруп көпөлөгүн,

Жер жарып чыккан чөптөрү менен,

Жаз баратат, сага

Жаз баратат!

 

Камыштар

Издеп жүрүп,

Таптым күлдүн ичинен.

Сагыныпмын мен силерди,

Камыштар!

 

Көл күзгүгө күнү-түнү каранып,

Айдын, күндүн нурларына,

Чачтарыңар тарапсыңар.

Шуудураган,

Ырыңарды гана аяп,

Камыштарым!

Жүрөгүмдү канаттыңар…

 

Көйнөк

Колунан чыгып бир уздун,

Көйкөлтүп кийдим эртеси.

Көктөмгө салам айттык биз,

Сырдашып чөптөрү менен

Кечинде үйгө кайттык биз.

 

Мени эмес,

Сени, көйнөгүм!

Жактырып калды көп жигит…

 

Майрам

Рахмат, баарыңарга!

Жакшы сөз кандай белек!

Сары күз. Сары аял…

Каарданган көз караштан,

Жарааты айыга элек.

 

Бул көзүм… Билбейсиздер,

Көп санаа тагынганын.

Көбүнөн көңүл калып,

Көптөрдү сагынганын…

 

Таш

Кыймылсыз жаткан,

Катуу бир ташсың дебечи.

Пахтадай жумшак

Көңүлүм бардыр ичимде.

Дебечи, дебе

Өзгөрбөйт дайым келбети,

Күлмүңдөп күлүп,

Солуктап ыйлайм кээ бирде.

 

Көздүүмүн сендей,

Асманды карайм суктанып.

Ырдаймын сендей,

Кубанып, кээде муңканып.

 

Узатуу

Боз туман басып баратат,

Сыдырым соккон жел менен.

Жакшы бар жигит, жакшы бар!

Зарыгып үйүңдө күткөн,

Жарыңа жакшы жетип ал…

 

Жомок

Топчу сымал жүрөгүмө кадалган,

Жомогум көп, айтып берем өзүңө.

Сендей кезим,

Сендей бир кыз божурап,

Мени кайра жомок кылчу өзүмө.

 

Жомоктоймун…

Дүйнөм жомок дагы эле,

Дагы деле жомокторду угамын.

Жомок сымал жаралгансыйм жашоого,

Жомок болуп…

Анан бир күн узаймын…

 

Күтүү

Мынча эмне,

Жасалгалайм дасторкон?

Көйнөгүмдүн кийип алгам жаңысын.

Күндөгүдөй

Күйүт салып башыма,

Конок болбо,

Күтүү – өзүң жапжалгыз…

 

Жалбырактар

Аязга тоңуп,

Кышка калып калганча

Же жакшыдыр,

Жалбырактар, силерге,

Күбүлүп күздө,

Жерге түшкөнүңөр –

Муздак эле желге…

 

Жол

Созулган, узун жолсуң сен,

Из таштап бүгүн баратам.

Кайрылып баары өткөндүр,

Кайрылбай бирөө кеткендир.

 

Көтөрүп жалгыз жаздыгын,

Чыгышка бирөө көчкөндүр.

Жөлөк бол жалгыздар өтсө,

Көз жашы болсо аарчып кой.

 

Ырымды чачтым боюңа,

Ылайым, аман болгону Жол!