Айдай Бекбоева: Үмүттүн тилеги

Үмүттүн тилеги

Жети жашар Үмүт көмүрдүн кичинекей сыныгын алып дубалга сүрөт тартканды жакшы көрөт, сүрөт тартып жатып кыңылдап ырдап да калат. Ал сүрөттү кээде жүрөгүн сагыныч басканда гана тарта турган. Бул жолу ата-энесин кол кармаштырып, ал эми өзү энесинин колун бекем кармап бара жатканын тартты. Дал ушул сүрөттү бир нече жолу кайталаган. Апасынын жумшак, назик колдорун кармап өмүр бою ушул сүрөттө калгысы келчү. Алар жөнүндө элес-булас гана билет.

Үмүт ата-энесинен ажырагандан кийин, бир боорукер айым багып алган. Ал үйдө Үмүт майда-чүйдө кызматты кылчу. Өз үй-бүлөсүнөн ажырагандан кийин биринчи жолу ушул үйдөн ага болгон жылуу мамилени сезген. Кечинде жатарда тиги айым өз тилинде бешик ырын ырдап берчү, кийинчерээк ал өзү да ага кошулуп кыңылдап калар эле. Бакма апасы баланын музыкага шыгы бар экенин байкаган. Ошентип, бул үй-бүлөгө көнө баштады. Арадан жылдар өттү, алардын тилинде бир нече ырды ырдаганды үйрөндү.

Бир күнү ал айым баланы музыкалык аспаптар саткан дүкөнгө атайылап жетелеп барды.

-Кана, Үмүт, өзүң танда. Кандай аспап сатып алалы? – деди. Бала көзүн чоордон ала албады, тиктеп гана тура берди. Өзү да көп сүйлөгөндү жактыра берчү эмес. Тек гана жылмайып койчу.

-Ушуну каалайсыңбы? – деди да, чоорду сатып берди. Бул үй бүлө чын дилдеринен анын музыкага кызыгуусуна көңүл бөлүштү. Атайын музыкалык билим беришти. Үмүттүн чоордо ойногонун көрүп абдан суктанышчу. Ал арадан жыйырма жыл өттү.

Табият Үмүткө талантты төрөлгөндө эле тартууласа керек, белгилүү ырчы жана таланттуу музыкант болуп жетилди.

Кийин кызыктуу сүрөт жаралды. Бул ирет да Үмүт атасы менен энесин тартты. Өзүн атасы менен энесинин ортосунда алардын колун бекем кармап бара жатканын тартты.