Азербайжандын Милли Межлисинин депутаты, жазуучу Г.Пашаева компьютер белек кылды

Азербайжандын Милли Межлисинин депутаты, Маданият боюнча комитетинин төрайымы Ганира Пашаева КР Улуттук жазуучулар союзуна компьютер жана түстүү принтер белек кылды.

Үстүбүздөгү жылдын февраль айында Азербайжандын Милли Межлисинин Маданият боюнча комитетинин төрайымы Ганира Пашаева баштаган депутаттык топ ТүркПАнын алкагындагы байланыштарды чыңдоо максатында  Кыргызстанга келип, кыргыз парламентинин өкүлдөрү менен жолуккан. Жолугушуудан кийин КР Улуттук жазуучулар союзуна кайрылып, адабий-маданий кызматташтык боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп, соңунда компьютер белек кылууну убада кылып кайткан.

Филология илимдеринин доктору, жазуучу Ганира Пашаева айткан убадасын аткарып, КР Улуттук жазуучулар союзуна компьютер, түстүү принтер белек кылды. Белекке келген жаңы үлгүдөгү core i7 кубаттуулугуна тең компьютерде видеомонтаж, дизайн, верстка (компьютердик калыпка салуу) ж.б. бир катар күчтүү программалар менен иштөө мүмкүнчүлүгү түзүлдү. Жаңы техникалар менен улуттук жазуучулар союзунун техникалык базасын чыңдап, сайттын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтебиз.

Учурдан пайдаланып Ганира Алескер кызына КР Улуттук жазуучулар союзунун Башкармалыгынын атынан терең ыраазычылык билдиребиз. Кыргыз-Азербайжан достугу чыңдалып, адабий кызматташтыгыбыз мындан ары да улана берет ишенебиз.