Абдыкерим Муратов: Кыя жол

Абдыкерим Муратов

Кыя жол

(аңгеме)

Экөө кыштактын он чакты жепирейген жер тамдарынын акыркысын – талдар менен сынчталып гувалак урулуп салынган, үстүнө кышка төшөлүп ак топурак менен самандалып шыбалган, кишинин башы гана бата турган көзөнөктөн жарык кире турган уядай тамды айлана өтүп, өрлөп кетчү кыя жолго салды.

Жалгыз аяк кыя жол, кара жер – жер болуп каймактагандан берки ары-бери өткөн туяктардан запкы жеп, ортосу оюлуп, четтери жарланып, баскан буттардан заарканып биротоло таштай катып бүткөн. Анан калса өйдөдөн түшкөн сел болор суу да топосун жеп түгөткөн.

Бүгүн ошол кыя жолго дагы экөө түштү.

Алдыдагысы – эркек, кечээ эле боз бала эле, эми минтип жол баштап отурат. Бала десе да болот, жигит десе да болот. Мингени кыядагы өр жолдо чарчабачудай ээсин дадил көтөрүп бара жаткан аңги эшек. Эшек – молдонуку. Кечинде эле бир күнгө деп сурап алып, чаркарынын акырына жетелеп келип, алдына бир боо пая салып байлап койгон. Молдо эшегин баласынан артык караса карайт, асти кем карабайт. Жууп-тарап, куйрук-жалын тегиздеп кыркып турат, ошого жараша эшеги да ойдолоп, башка эшектердин жанынан дердеңдеп, таноолору менен көктү бир жыттай коюп өтөт. Анысына молдо ыраазы. Айыл ичинде ушул эшеги менен келаткан молдону баары дароо тааныйт. Өзгөчө эргенчиликке жарап калган эркек уулду көрөр менен эшегинин оозун атайын ага буруп «Эй, атаңдын гөрү, атуулсуңбу, ноокөтөнсүңбү» деп токтой калат. «Атуулмун, атуулмун, ата» деген баланын башын шадылуу сол колу менен өзүнө имере тартып, баш кийимин жулуп алып, «калла быштыбы» дейт. Унчукпай туруп калсаң, оң колунун баш бармагынын тышындагы ийилчээк муун сөөгүн төбөңө коюп, бир челип какай алат. Көзүңөн жаш ыргыйт. «Калла бышпаптыр, дагы бар экен, бар эми атаңа дуба де» деп колун бошотот. Ошондой кармап алганда чачың өсүп калган болсобу – балээде каласың, эшегинен түшүп, «чачты жибит» дейт, муздак сууга чачыңды бир эки жууган соң, «отур» дейт, алдыңа бир таш коюп, отурасың, ал болсо белине дайым эле байлап жүрчү кайышын, коюн чөнтөгүнө салып жүрчү устарасын чыгарып, кайышка устараны эки-үч сыйра ары бир, бери бир тартып бүлөп алат да, мокок устарасын – айылдын ар бир адамынын – атаңдын, акалариңдин чачын кырган устарасы менен эми сенин чачыңды кырып кирет. Болгондо да төбөдөгү нак уюлуңдан баштайт. Башыңда бир уюлуң болсо, бир катын алат экенсиң, эки уюлуң болсо, эки катын алат экенсиң деп уюлдарыңды санап атканда сенин устаранын мизине ууккан башыңдын ачышып ооруганынан эки көзүңдөн мөлт-мөлт жаш чыгып кетет. Ыйлап ийсең «атаңдын гөрү, итибачча, ноокөтөн турбайсыңбы, чала баш болуп жүрө бер» деп ишин токтотот. Чала баш болуп жүрө бермек белең, балдар шылдыңдабайбы, кайра көз жашыңды аарчып, калганын да шыпырып таштаң деп ташка отуруп бересиң. Кокус балдарды кармап алып баш кийимин алдырып, чачын карап атканда бирөө-жарымдын чачы алынып калган болсобу, «Эй, атаңдын гөрү, пул кетирип чачтарачка алдырдыңбы, ноокөтөн турбайсыңбы, имне менин устарам сенин башыңды кесип алмак беле, керек болсо атаңдын, чоң атаңдын чачын алгамын» деп каарданып алмайы бар.

Ошол киши анан ушул эшегин бирөөгө мингизмек беле. Кечээ асир чалыш энеси жөнөткөн, «барып сурап кел, эртең энем экөөбүз тоодогу субай уйларды көрүп келебиз деп айт» деген. Ушинтип айтканда, молдо кыйла ойлонуп турган. Айылдагылар айтчу, «молдо сенин энеңен гана коркот» дечү, эмнеге коркорун эч ким билчү эмес. Эшегин берерин берип алып, таң атпай кайра келип алыптыр. «Имнеге келдиң» деди баланын энеси. «Эшегимди бир көрүп кетейин деп…» Молдо мукактанды. «Эшегиңди биз имне өлтүрүп алды дейсиңби». Кемпир ачууланды. Дал ошол убакта байлануу турган эшек ээсин көрүппү, же жөн элеби – аңгырап коё берди. «Ээ, ээсин тарткан аңги!». Кемпирдин ушундай деп молдого карап айтканы небересине да угулду.

Мына ошол аңги эшек ушул. Алдыда булкунуп, жулкунуп каякадыр, өзү да билбеген жакка шашып барат. Анын үстүндөгү жигит улам ар-ар жерде эшектин оозун тартып токтоп артта келе жаткан эшекчен кызды күтүп калат. Күтүп турат да, ал жакын келгенде «кы» дебейсиңби» деген бир ооз гана сөзүн айтып, эшегинин үзөңгүсү менен чирене анын курсактарын тээп коёт. Эшек кайра кыдыңдап жөнөп, кайра эле арттагылардан бир аргамжы бою узай түшөт. Чыбыр ала гүлү бар ак оромол салынып, ошол оромолу башынан шыпырылып түшүп кетпеш үчүн ээгине улам-улам бекемдеп байлап келе жаткан кыз эшегин шаштырбайт, кандай басса ошондой бассын деп жайына койгон. Антпесе да болбойт. Ал минген мада эшек – бооз. Ичи салмактанып, жазгы талдын ноодасындай арык кызды араң зорго көтөрүп бут шилтеп бараткандай. Бул эшек болсо алдыдагы жигиттин өз атасыныкы. Ким сураса минип кете берет. Сурап келген адам болсо, анын бетин да жакшылап карабай атасы: «Ананда байланып турат, минип кете бер, откоро кел» деп өз ишин уланта берет. Какырайтып койгон жеринде эмне жейт, аны менен эч кимдин иши жок, темир казык менен узун аркан туулгандан башына бүткөн тагдыры болуп, жооштон жоош болуп калган. Эшек ээси – алдагы баланын атасы «Эшегим бир эркек кодик тууса эле болду, аны мал кылып алып, өзүн талаага айдап ийем» деп жүрөт. Же мунусунун такыйы эркек болсочу, улам-улам ургаачы туула берет да, аларын туш келгенге тарата берет. Эми ушунусу эркек болор деп атасы уулуна «Этияттап минип барып келгиле» деп аманат берген. Алдыдагы жигиттин арткы ургаачы эшекти алдына салып айдап анча кыйнабаганы да ошондон.

Эшек минген экөө болсо эки күн мурда үйлөнгөн. Кызды төрт-беш аял жүк-пүгү менен көчүрүп келген. Бу кыя жолдон башка да адырларды айланып өтөр түз жол бар. Ошол жол менен алып келишкен. Баланын бир апежелери тапкан. Силерге ылайыктуу деген. Калыңга бир саан, төрт кой берсеңер болот деген. Беришкен. Кызды көчүрүп келгендер бир кой жегенден кийин эле жүктөрүн түшүрүп кете берген. Эки жеңеси калган, «төшөк салдысын», «төшөк жийдисин» өткөрүп кетебиз деп. «Төшөк салдысын» салганы менен «төшөк жийдисине» келгенде эки жеңеси оозун толтуруп аш салып алгандай же окшуй албай, же күлө албай, кызаргандан кызарып үн-сөзсүз калган да, сарт бешимге жетпей «сен көр-мен көр» көздөн кайым болгон.

Алар кетери менен супада отурган апасы менен атасы, энеси, бир жеңелери кажы-кужу боло түшүп, анан баланы чакырган да, энеси айтты:

-Саар тургун да, кызды атасыныкына жеткирип кел!

-Бир-эки күн коё турбайлыбы? – деди апасы акырын.

-Болбойт! Апежесинин үйүнө киргизип келе бер! – Энесинин бул кебинен соң башка эч ким унчукпады. – Эл караган бетибизди жер каратты!

Бала да баарына өзү айыптуудай башын жерден ала албады.

Ошентип эки эшекчендин эл көрбөгөн тоо жак менен кыялай келе жатканы да ушундан. Эки эшектеги балбан куржунда кыздын анча-мынча кийим-кечеси.

-«Кы» дебейсиңби! – Бала артта калып калган кызга ачуулана да, сурана да тигилди.

Кыздан жооп болбоду. Эшеги баягы эле басыгынан жазбады. Жол улам өрлөп барат. Өрлөгөн сайын саратан саргайткан адырлар артта калып, тоонун гүлдөрү көбөйүп, алардын жагымдуу жыты мурун өрдөп, чөптөрдүн башына коно калган сары айгырлар менен безбелдектер буларды ээрчип сайрап эриктирбейин дешет. Ар-ар жерден шарпадан үрккөн бөдөнөлөр жылуу уясын таштай качат. Асманда нокот болуп буларды кайтаргандай жалгыз торгой канаттарын дилдиретет.

Арткы эшек бут шилтей албай калды. Бала өз эшегинен ыргып түшүп, ээр кашында оролуп турган алты кулачтай аргамжысын жазып, бир учун арткы эшектин чылбырына байлап, экинчи учун өзү колуна ороп тартып алды.

Дагы бир аз жүрдү. Бир булактан түшүп экөө баланын апасы салып берген катырманы, загыраны, аталаны алдыларына койду. Кыз булардан ооз да тийбеди. Тунжурап несейип тура берди. Бираазда булактын суусун, бираазда көк асманды телмире карап коёт.

Саалча отуруп кайра эшектерине минди. Көп жүрбөдү. Бир убакта кыздын эшеги чаалыгып, буттарын тарта албай көтөрөм болгондой сулк жатып алды. Бала чылбырга байланган жиптин учун чечти. Эшектен жонундагы куржунду өзүнүн эшегине кошоктой арта салды.

Өз эшегинин ээрине ыргып минип, кыя жолдун кырына коюп, үзөңгүнү чыгарып, кызга:

-Учкаш! – деди, өчү бардай буйра сүйлөп.

Кыз болбой эле баса берди. Он-он беш кадам баскандан кийин кайра:

-Кел, учкаш! – деди бала бир аз жоошуп.

Кыз кемселин чечип колуна кармап алган, бир апта мурдагы майдалап өрүлгөн чачтары кош өрүмгө айланып, алар алдына түшүп, эки көкүрөгүн жаап, кошоктошуп жоон санга жетет. Бала анын чачын дале байкаган эмес экен, азыр уурдана бир карап койду. Кыз учкашып алды. Төбөдө күн куйкалайт. Көйнөктөр тер болуп денелерине чапталышат. Булардын эшеги да кыбырап калды. Жигит эшегинин эки быкынын эки балтыры менен улам нукуса да анын баскысы келбей, кайра-кайра эле артына кылчактай карайт. Кылчактай берип табылгы чыбыктан төрт-беш жолу башына жеп да алды. Болбой эле келген жолго каранат. Баятан бери оромолунун бир учун оозуна сала коюп, эриндери менен бекем кармап келе жаткан кыздын ысыктан талыкшыгын денеси өзүнө баш бербей оромолу желкесине шыпырылып түшкөнүн байкай калган жигит:

-Эшектин аркасынан сыйгыланып түшүп калба! Тээп ийет! – деп коңк этти.

Ансыз да аркага эле сүрүлүп бараткан кыз бир аз өзүн алдыга тартты эле жигит тарашадай эки колу менен кыздын кебездей назик колдорун коомай кармап алып келип өзүнүн белинен өткөрүп ээрдин кашын карматып койду. Эки кол эки жактан баланы кучактай келип, ээрдин кашынан жолукту. Улам эшек өрлөгөн сайын тепкичтенген жерлерден кыздын колу ээрдин кашынан чыгып кетет да, жигиттин бирде жоон санын, бирде ээрдин кашынын жанын кармай калат да, кайра чочуп колун тартып алат. Жигиттин жалаңкат денесине кийген жегдеси менен дамбалы ансайын сыгып алма суу. Анан эле кыздын топтой тоголок, кебездей жумшак, көкүрөгүнөн чыга калган кош алмасы жигиттин далысына тийип, тийген жерин чок баса калгандай өрттөп барат. Алдыдагысы арттагысынын колун андан бетер бекем кысып, денесине оролотот. Анткен сайын кыз жигиттин этине эт боло жабышып, чокко кактап, куйкалап алат. Алдыдагысы да, арттагысы да көлкүлдөп жибип барат. Ээрдин кашы бир жагынан өйкөп, бир жагынан кыздын колу аёолуу жерине тийип кетип жигит өзүнчө эле кыйнала берди. Кыйнала берди да, бир убакта бүт бадени титиреп барып, көзү ымыр-чымыр караңгылашып, чурайын ысык бир суу аралады. Жаны жыргай түштү.

-Мен азыр, – деди жигит эшегинин ээрин аттабай бир тарабынан эле сыйгыланып түшүп.

Кыз баланын ордуна – эшектин ээрине минди. Ээрден көйнөгүнө бир жабышкаак нерсе чапташты. Жийиркене эшектин тизгинин тартып токтотту. Үзөңгүнү тээп түшүп куюшканы бошоп калган экен аны оңдоду, басмайылын кайра тартты, тердиктерин түздөдү.

Тигиниси дагы эле жок. Кыйла жок болду. Кабатырлана баштады. Эки жак ээн. Адам түгүл мал да көздөн учат. Эшегин топ шыралжынга казыкбооч чалып байлап коюп, ылдыйыраак барса, бала булактын муздак суусуна түшүп атыптыр. Кызды көрүп жегдеси жок, дамбалчан сууда турганга уялып кетти. Далдоолонуп отуруп калды муну сезе калган кыз. Кыйладан кийин жигит ага жакын келди.

-Бар, сен да бети-башыңды чайканып ал! – Кызга дагы да буйра сүйлөдү. Өзү сергип калгандай. – Суу сонун экен! Ылык! Мен ылдыйта калган эшегиңди тургузуп айдап келейин! Дам алып бүткөндүр!

Жигит келген жол менен улактай секирип-секирип, ичинен кыңылдай чыйыр менен төмөнгө кетти.

Кыз суунун боюнда кыйла турду. Суудан ак таштарды терип колуна үйдү да, кайра эле жайына ыргытты. Өмүрү мындай жерде чечинип көрбөгөн жаны адегенде маасысын күч менен булкуп чечип, пайтабасынын оромун бузуп, ыштан пайчасын көтөрүп, кызыл ашыкка чейин суу кечти, анан шалбарын тизеге чейин өйдө кылды да бир сыйра жууду, кийин улам өйдөлөп аппактан аппак балтырларына суу тийгизди. Суу жер астынан кайнап чыгат экен. Оргуштайт. Тукум жыты бар. Дал ошол убакта ичинен бир ызалык булкунуп чыкты. Өпкөлөп ыйлап жиберди. Неге бул үйгө келин боло албай калды? Неге бул бала эки күн түнөтүп кайра алып кетип жатат? Анын айыбы эмне эле? Же бир эркек аттууга жакындабаса, же… Ыйлай берди… Ыйлай берди… Көзүнүн жашы сууга тамчылады. Көйнөгүн да чечип ыргытты. Жалаң ыштанчан калды…

Ошол убакта төмөндөн бооз эшекти жайдактап айдап алган бала көрүндү. Карды салаңдаган баягы кашаң ургаачы эшек эми дикилдеп келет. Аларды көрөр менен качырдай азоо эшек көктү карап аңгырап-аңгырап, ооздугун кырча кемирип, анан байлоосун шарылжыны менен кошо үзүп, чубалжыган аргамжысы менен жортуп, мүдүрүлүп-мүдүрүлүп барып үстүндөгү куржундарынын түшүп калганы менен иши жок, оодук ээри менен далбактап барып, кулактарын тикчийтип, жигиттин тосконуна, кой-ай дегенине карабай, эки караандын карап турганын элес да албай ургаачы эшекти имерип, аны булардын астына – булактын жарындагы бай түп долоного түртүп алып келип, таноолорун дердейтип, жыттагылап барып, алдыңкы эки бутун баарына кайыл болуп ынап аткан ургаачы эшектин белине артты…

Куду ошол убакта бала да сууга жуунуп аткан кыздын жанына шыпылдай элеп-желеп болуп келе калды. Анын денесинин ачышканына карабады. Аябады. Кекилик сойгондо чыккандай каны тамган ыштанын көтөрүп алып, кызга айтты:

-Кайттык! Айылга кайттык!

…Тоо жактан ылдый түшүп келе жаткан эшекчен экөөнү – жигит менен келинди карап кыштактыктар ооздорун ачып турду…

2020-жыл, 17-18-ноябрь