Кыргыз Республикасынын Эл акыны Т.Самудинов 80 жашта

Кыргыз Республикасынын Эл акыны Токтосун Самудинов 5-сентябрь күнү 80 жашка толду. Урматтуу Токтосун Самудинович, туулган күнүңүз, 80 жаш кутман курагыңыз кут болсун!

Сиз мезгилдин оор шартына карабай жеткинчектердин сүймөнчүгү болгон “Байчечекей” журналын үзгүлтүксүз чыгарып, жылдан-жылга журналдын маани-маңызын, сапатын, усулдук багытын жакшыртуунун  үстүндө көп жыл үзүрлүү эмгектендиңиз, учурда да талыкпай  журналдын ишин жетектеп, улуттук балдар адабиятындагы дөөлөттөрүбүзгө зор салым кошуп келе жатасыз.

Сиздин жыйырмадан ашык көп жанрлуу китептериңиздеги ырлар, уламыштар, пародиялар, юморлор, афоризмдер, макал-лакаптар маданиятыбызды, салтыбызды, үрп-адатыбызды окурмандарга кеңири таанытууда чоң салым кошкондугун баса белгилесек болот.

Сиздин адабиятка, маданиятка кошкон эмгегиңиз жогору бааланып, чыгармаларыңыз татыктуу баасын алып көптөгөн абройлуу сыйлык наамдарга татыдыңыз. КР Маданиятына эмгек сиңирген ишмер (1994), “Даңк” медалы (2004), КР Эл акыны (2007) ардак наамдарынын ыйгарылышы, Алыкул Осмонов, Тоголок Молдо атындагы адабий сыйлыктардын лауреаты болушуңуз жалпы элибиздин кубанычы.

Урматтуу Токтосун Самудинович, Сизге бекем ден-соолук, узун өмүр, үй-бүлөлүк бакыт, ишиңизге ийгиликтерди каалайбыз. Дагы көптөгөн мыкты чыгармаларды жаратып, элибиздин сыймыгы болуп эсен жүрүңүз.

КРУЖС Башкармалыгы

Сибирден кат

Сен – анда, мен бул жакта – Сибирдемин,
Бир эвенк достун жылуу үйүндөмүн.
Бектуруш Салгамани

Сен – анда, мен бул жакта – Сибирдемин,
Бир эвенк достун жылуу үйүндөмүн.
“Ак көңүл, ээрчип кетме жан эле”, – деп,
Мен үчүн санаа тартып, күйүнбөгүн.

Аларың жанын берет дос дегенде,
Шарт түзөт айлап-жылдап кетпегенге.
Анан да биз билбеген салты кызык:
Сүйүнөт ак шейшебин тепсегенге.

Албетте, териштирип ак-карасын,
Андан соң дос суранса – аткарасың.
Бирок да, Бектурушуң оңой менен
Билесиң, ала жипти аттабасын.

Эсиңе ал “Алтын арман” романым,
Экилтик болуп дагы уланарын.
Бул жакта декабрист аялдар жок,
Андыктан келем дебей, чыда, жаным!

Арашан менен Хороссан

В Хороссане есть такие двери,
Где обсыпан розами порог.
Там живет задумчивая пери.
В Хороссане есть такие двери,
Но открыть те двери я не мог.
Сергей Есенин,
“Персидские мотивы”

“Хороссанда бар бир укмуш каалга,
Алдына анын гүл төшөлүп коюлган.
Пери жашайт, ойлуу бардык маалда.
Хороссанда бар бир укмуш каалга,
Ача албадым, бирок чыкпайт оюмдан”, –
Которгон С.Жусуев.

“Персия кайрыктары”

Деп жазыптыр акын Сергей Есенин
Пери жаткан бөлмө эшигин ачалбай.
Сокем айтты: “Мен да ушинттим нече күн,
Ашыглыктын зарын ичке каталбай”.

“Персиялык кайрыктарды” жаздырган
Есенинге кандай болсо Хороссан…
Купуялуу сырлары көп азгырган,
Жусуевге дал ошондой “Арашан”.

Сүйкүм элес… Кудум эле Шаганэ…
Бак артына жашынгансып барат ай.
Сокем бакка бет алды эле жаңы эле,
Кайдан чыкты каргашалуу Анатай?!

Оморго Омор ой айтат

Сен кайдасың бу күндө, мен кайдамын?
Омор Султанов

Мен кайдамын, сен кайдасың, Зарылда?!
Жүрсөң экен жердин үстү жагында.
Омор Сооронов

Мен кайдамын, сен кайдасың, Зарылда!
Сени эстесем, себеби бар анын да.
Издесе да өзүнчө эле издебей,
“Султановду туураптыр”, – деп таарынба.

Болбосо да топту жарган атагым,
Толуктаймын таланттуулар катарын.
Айдан ачык акыр бир күн мен дагы,
“Сен жөнүндө поэманы” жазарым.

Кыргыз айтат: “Колко бербейт сөз тапкан”.
Минтпейт элем сага чындап кат жазсам.
Адашыпмын “жердин үстү жагы”, – деп,
“Жер үстүндө эсен жүр!” – деп айтпастан.

Омокеме сунушум бар атайы:
Бизге бирдей акындыктын азабы.
Экөөбүз тең мындан ары ырлардын
Аягына “Омор С.” деп жазалы.

Бабалар! Кечирим сурайт балаңар

Үйрөнүшүм керек кимден, эмнени?
Кайсы акындын бийик менден деңгээли?
Омар Хайям, Хафиз, Жами, Руми…
От сезимим – ошолордун бергени.

Үйрөнүшүм керек кимден, эмнени?
Фирдоусиде анык алптын чеңгели.
Алгач мени акындыкка таптаган
Саади менен Рудакинин эмгеги.
Биримкул Алыбаев

Үйрөнүшүм керек кимден, эмнени?
Кайсы акындын бийик менден деңгээли?
Эмне кылып жүрөт сынчы Даутов
Эсептебей ылдый менен өйдөнү?!

Алданыпмын алабарман адатка,
Саади, Хафиз барбаса да Таласка.
“Устаттарым дал ошолор” дептирмин,
Тил билсемчи парсыча, же арабча.

Китебиме баш сөз жазган эмгеги,
Жердеш санап, мага бата бергени.
Эстен чыгып, унутупмун Сүкөмдү,
Кечирер дейм мендей аңкоо пендени.

Өмүрүмдө бир рубаи жазалбай,
Же которуп, китеп кылып басалбай…
Туура болмок башты салып жүргөнүм,
Залкарларга шакиртмин деп аталбай.

Аларга окшоп ырас, акын саналдым,
Чыгарбадым бирок даңкын каламдын.
Ачык айтсам – катуу жолдоп келатам
Бир өнөрүн… Омар Хайям бабамдын.

Ашпозчу. Беде. Бригадир.

Булутсуз асман. Теребел
Боз закым басып ныкталат.
Ашпозчу бийкеч. Беде. Жел.
Беде эмес, кесме жыттанат.

Чапжондо жалгыз атчанга
Чапкылап барат бригадир.
Шайлообек Дүйшеев

Булутсуз асман. Теребел.
Кесмелер жатат чачылып.
Ашпозчу бийкеч. Беде. Жел.
Беденин бети жапырык.

Бригадир кудум канатчан,
Атына барат жел жетпей.
Бийкечке келген ал атчан
Соо кеткей эле, соо кеткей!

Уяңды кудай жаратпа!

Энеден туума жылаңач,
Эр болсоң аны жула кач!
Карбалас Бакиров

Элейип карап калыпмын,
Энеден туума жылаңач…
Андан соң эмне болгонун
Укпаса, кээлер чыдабас.

Ар түркүн ойго жорутпай,
Айтайын өзүм озунуп:
Бул ырды жаздым ал жерден
Бетимди басып отуруп.

Ак-Босого, атыңдан!

Ак-Босого! Кечир мендей уулуңду,
Баш кеңгирейт кечээги ичкен шараптан.
Кармышак Ташбаев (Аликтегин)

Абаң, сууң дартты кууган денеден,
Ак-Босого! Ак жолтойлуу жер элең.
Бу жолу да кайрат-күчүм артылды,
Кайра жаңы төрөлгөнсүп энеден.

Керемет деп ырга кошком неченди,
Күбө кылам ага акын Төкөмдү.
Кыргызымда канча сонун жайлар көп,
Көрбөгөнмүн бирок, сендей көзөлдү.

Зарыл эмес казы-карта мен үчүн,
Закускага даяр мөмө-жемишиң.
Мелтиреген бокалдардан далайды
Адеп эле көтөрүпмүн сен үчүн.

Акырында тост айталбай нес болдум,
“Кой, бүттү!” – деп, ичкиликке чек койдум.
“Кармышакпы?” – дешип кээлер сурашса,
“Кайдагы бир Аликтегин” деп койгун.

Эгер көрсө, байбичем да тилдемек,
Сүйлөй албай тилим араң күрмөлөт.
Азыр менин чаңкап турган чагымда
Гра… гра… градустуу суу керек!

Окторкойду ойлосом…

Окторкойдо он күн жүрүп бир жылы,
Ой башыман, ыр оозуман ыргыды.
Эрнис Турсунов

Жайлоо кандай?! Суктангандан “бах!” дейсиң,
Он күн жүрсөң – он мүнөттөй аз дейсиң.
Жүрөгүмдү өйүй берет алиге
Бирок, менин кетер күнкү таз кейпим.

Какай түштүм каргыш этти жутканы,
Жанымдагы бирөө жонго муштады.
Чекем ымшып, чекчейгенин көзүмдүн
Сезип калды кымыз куйган кыз дагы.

Соргок деле эмес элем, ким билет?
Кымыз менен согуптурмун сүрдү көп.
Босогого ыргып жеткен эттердин
Арасында түрмөк-түрмөк ыр жүрөт.

Капшыт жактан күбүр-шыбыр көбөйдү,
Бирөө айтты: – Кой, үйлөргө жөнөйлү!
“Нагыз акын болот десе ушундай”,
Айрымдары мени карап элейди.

Мунуңа да тооба, кудай! – деп кетем,
Андан бери куран окуйм теспечен.
Шариятта болсо дагы макүрөө,
Окшуй берем Окторкойду эстесем.

Жерге кирсин жезделик!

Жезде болуу, жигиттер,
Чоң иш, улуу атагы.
Кулак чоймой жагы бар,
Ошол гана чатагы.

Кулактарым узарды
Ошолордун колунан.
Нурпаис Жаркынбаев

Жезде болуу, жигиттер,
Кулагыңдан айрылмай.
Улам бирин чакырып,
Тарта берет чамгырдай.

№5те жүргөндө,
Ырым менен наз кыла.
Ээрчитчү элем кыздарды,
Анда, кейпим жакшына.

Өзгөргөнү кепширдин
Жезделиктин азабы.
Жубарымбек жаш балдар
“Чебурашка” атады.

Кай бир кезде өзүмдү
Карап алып күзгүдөн,
“Бойдок кезим кайда?” – деп,
Капаланып үшкүрөм.

Айланайын балдыздар!
Суранчым бар аз гана:
“Асылсаңар не болот?
Кулагымдан башкага!”

Ыр кечеден репортаж

Болбосун окурмандын
Көңүлү кайт.
Ырыма кабак-кашы
Ачылсын чайт.
Тургуналы Молдобаев

Кечеси акындардын…
Окулду ыр.
Көп өтпөй залда бирөө
Уктады бырр.

Ал эргул эткен окшойт
Кирерде кылк.
Кармабай кашка башы
Кыйшайды шылк.

Жактырбай, деген болду
Бириси күңк.
Аңгыча, кулады бейм,
Үн чыкты дүңк!

Бул өзү деген белги:
“Үйлөргө кайт!”
Уктаган көздүн баары
Ачылды чайт.

Тарашты. Бирөө сыртка
Берди да буйт:
“Ушундай кечеңди!” деп,
Түкүрдү чыйт.

Армандын башы арактан

Бербе аракты, ичпейм эми, жан достум,
Арак менен араң жатып коштоштум!
Аз өмүрдө көрдүм далай кордугун,
Кордук тургай, мокочого окшоштум.
Төлөгөн Мамеев

Сен да өтөсүң, жигит да өтөт сени өпкөн,
Көптөр ичип кетет ошол себептен.
Рамис Рыскулов

Досум десең, кокуй, мага бербе арак!
Бөтөлкөңдү жашыра көр далдалап.
Аяшың да көңүлчөөгүм көп айтып,
“Аял болбой калганың!” – деп таңгалат.

Түн жармында үйлөр араң эстелип,
Түшпөгөнгө милийсага “өх!” дедик.
Танк алдында калса аталар, биз болсок…
Такси алдында кала жаздап тепселип.

Бардай менин бирөөлөрдөн аласам,
Пахмел издеп тамтаңдадым таң азан.
Не себептен ичкенимди билиптир,
Рамистин көз ачыгын карасаң!

Чык, көчөгө, чындык сүйгөн жан досум!
Милдет сага – митингини колдошуң.
Бардык жерде биздин ураан: “Аракты
ичкен эмес, чыгаргандар оңбосун!”