Зинакан Пасанова: Ажалдын көзү

Ажалдын көзү

Аңгеме

Ажалдын ырайымсыз суук көзүн биринчи жолу көргөнүмдө жыйырма беш жаштагы келин элем. Бул куракта өлүмдү каяктан оюңа аласың. Өмүрдүн күндөрү түгөнгүстөй сезилет. Алдыда кызыктуу жана түбөлүктүү жашоо тургансыйт. Бирок ажалга көкүрөк тосуп чуркашка мажбур кылган кыйын кезеңге да туш болдум.

Дал ошондой болду. Бир жерде жашаган эки улуттун кандуу кагылышы башталган алаамат күндөр эле. Шаардын көп көчөлөрүн өрттүн жалыны менен түтүнү каптап, адам каны төгүлүп, жүрөктүн үшүн алган коркунучтуу “имиш-имиштер” телефондон, вотсапптан, интернеттен селдей күргүштөп агып келип жаткан. Биздин көчөнүн эли да дүрбөлөңгө түштү. Көчө башында он чакты гана кожолук кыргыз барбыз. Алар дагы акыркы жылдары көчүп келип отурукташкандар. Жай күндөрү бири-бирибизге салам-алигибиз үзүлбөй, сый мамиледе жүрүшчү коңшулар жаңжал башталары менен бири-биринен шекшип, чочулап, тетири көз менен тиктешип, өзгөрүлө түшүштү. Бизден анчейин алыс эмес жерде эле үйлөр өрттөнүп, автоматтан атылган доош угулуп, танкалар күрүлдөп өтүп жатты. Эки тарап тең бул алааматтын эмне менен бүтөрүнө көзү жетпей карайлап, санаабыз санга бөлүнүп турган күнү эшиктен ызы-чуу чыгып калды. Короолош коңшум Амина аттуу татар аял доошунун жетишинче чаңырып жатат:

-Горбольницада резня началась! Качкыла! Качкыла!

Бул сөз жүрөккө аткан октой болуп кадала түштү. Алкымым оозума тыгылган бойдон эшикке чуркап чыктым. Шаардык оорукана биздин көчөгө жакын жерде эле. Оорулууларга кол салгандар бул жакка деле заматта жетип келиши ыктымал. Амина жолго чыгып алып колуна телефонун кармаган боюнча айгай салып жатыптыр. Желкесине жарашыктуу тоголоктоп койчу чачы жазылып, арык узун бою бүкүрөйө, өң-алеттен кеткен. Анын бул түрү эле жүрөктү “болк” эттирет. Бийик доошу андан бетер ачуу. Аминанын чаңырыгын угуп мага окшоп чуркап чыккандарга телефонундагы вотсапптан келген жазууну көрсөтүп:

-Эми эмне болот ыя?! Эми эмне кылабыз?! – деп кокуйлап жатты. Мени көрүп телефонун сунду. Вотсаппта чоң кара тамгалар менен жазылган: “В горбольнице резня!”деген сөздү окуп, көздөрүм караңгылай түштү. Бирок, күчүмдү жыйнап:

-Бүлүккө түшпөгүлөчү! Чын-төгүнүн тактайлы! Кимдин ооруканада таанышы бар, чалгылачы!? – дедим.

Өзүм да  оюмду сапырып, ким бар экенин эстешке аракеттендим. А баса шаардык оорукананын кире беришиндеги аптекада Калыя иштейт го! Аны менен дары-дармек алганча сүйлөшүп калчумун. Телефонун да жазып алып сактап койгомун. Калтыраган колум менен ага чалсам, кудай жалгап, дароо жооп берди:

– Эжекабай, амансызбы?!

-Калыя, иштесиңби?! – дедим кеп-сөзгө келбей.

-Ооба, иштемин, эже, – Жай чыккан үнүн укканымда жүрөгүм ордуна бир аз келе түштү. Бирок, ишенип-ишенбей дагы сурадым:

-Чын эле иштесиңби?! Оорукана жак тынчпы?!

-Тынч эле, эже! Мен аптекада олтурам. Оорукананы аскер кызматкерлери кайтарып жатат.

-Ой, Калыя алтыным, ыракмат! – деп кубанганымдан кыйкырып жибере жаздадым.

-Эч кандай кыргын болбоптур! Оорукана тынч экен! Бул чагымчылардын жазганы!

Дендароо турушкан коңшуларым бул сөздү уккандан кийин да ишенип-ишенишпей менин оозумду тиктешти. Жүрөктөрүндө уюган түпөйүлдүк жазылгыдай эмес. Амина жок жерден ызы-чуу салганына бушайман жегенсип:

-Ну ладно, соседи, извините меня? Кудай сактасын! – дегенче үйүн көздөй жөнөдү. Мен да Аминадан баш оору дарысын сурап, көчөнүн баш жагындагы үйүн көздөй кошо бастым. Ал эки таблетка “цитроман” алып чыгып бергенден кийин аркы-беркини сүйлөшкөнчө дарбазасынын сыртында туруп калдык. Бул күндөрү сүйлөнгөн сөздүн баары эле акыркы окуялар жөнүндө болчу. Амина кыргызга да, өзбекке да орток адам болгону үчүн эки тараптын тең күбүр-шыбыр сөздөрүнөн кабардар экен.

-Кечээтен бери шаарда БТР жүрөт дешет. Көчөдө баратып эле аткылап жатат имиш, – деди ал. Бул жөнүндө менин да кабарым бар эле.

-БТРде кимдер экен?

-Ким билсин! Көчөлөрдү аралап, туш келген адамды, кыргызын да, өзбегин да карабай эле атып жатыптыр.

-Алар бандиттер окшойт анда, – дедим. –Аскер техникаларын ээлеп алышып, аткылап жатышкандыр. Кудай сактасын!

Ошентсе да, биздин тар жана жупуну көчөбүзгө аскердик бронетехника келе койбос деген үмүткө жетелендим. Жай күндөрү деле бул жакта автоунаа кем жүрчү. Жалаң менчик там үйлөрдүн мааласинда келим-кетим көп эмес. Анын үстүнө көчөбүздүн кире беришине танка турмак чычкан жөрмөлөп өтө алгыс чептей бекем баррикада орнотулган.

Бул үч катар тосмону эркектер жаңжал чыккан түнү эле таң аткыча куруп коюшуптур. Жоон жана бийик жаңгак дарагын мөмөсү тиш кагып калганына карабай түбүнөн кыйышып, бутак-шактары менен кошо жолго туурасынан жаткырышыптыр. Анын бутактарынын арасы да майда чырпыктар менен тосулуп, жылчыксыз жабылган. Сырттан караса көчө экени билингидей эмес. Дагы эки-үч кадамдан кийин жолго темир тиштүү узун чынжыр төшөлүп, акырында шагыл жана майда таштар дөбөчө болуп төгүлгөн.

Амина менен сүйлөшкөнчө баррикада жакты карап санааркай ойго чөгө түшүпмүн. Тосулган жолдорубуз ачылып, жашоо өз нугуна түшөр күн боло бекен? Жай турмуштун кадыры өттү. Үйдө чөжүрөгөн үч наристе балам менен аман калуу үчүн жанталашуудан чарчадым. Көңүл тынч болбосо эч нерсе да көзгө көрүнбөйт экен. Оюмду күркүрөгөн кубаттуу добуш бузду. Бул күтүүсүз добуш баррикада жактан чыгып, аркырап-шаркырап, жерди титиретип, көчөбүзгө жакындап келатты. Амина экөөбүз ал эмне экенин түшүнбөй, сестейе карап туруп калдык. Аңгыча жолго тосулган дарактын арт жагынан БТРдин тумшугу көрүндү. Ал трассадан биздин көчөгө карай мөңкүй бурулуп, ай-буйга келбей атырылган бойдон жерде жаткан жоон даракты тепсеп өтө баштады. Көздөрүмө эң биринчи брондолгон аскер унаасынын мунарасынан соройгон пулемёт урунду. Пулемёттун узун найы алдыга сунулуп, ажалдын көзүндөй болуп карайган оозу үңүрөйүп, ок жаадыруу үчүн мээлеп жаткансыйт. Азыр бул БТР көчөбүзгө бастырып кирип, адамдарды аткылап, үйлөрдү талкалап, кыйроо салат деген ой мээмди чагылгандай аралап өттү. Анда эле биздин көчөгө кыямат күндүн келгени!

Дал ошол маалда өзүм да билбестен колдорумду кайчылаштыра бийик көтөрүп алып БТРди беттеп чуркапмын. Амина да мени менен катарлаш чуркап баратканын туйдум. Таш жолду ыдырата тытып, жоон даракты былчыйта тебелеп жулкунуп келаткан аскер унаасына: “Токто! Токто!” – деп жанталаша белги берип алдынан чыктык. Ага жеткиче итабар убакыт өткөнсүдү. Кийин карасам жүз кадамдай эле аралыкка чуркап барыппыз. Бирок, ар бир ташталган кадамыбыз акыркысы болуп калышы ыктымал эле. Мени карай сунулган пулемёттун найынын коркунучтуу карайган оозунан көзүмдү албай бараттым. Ошол тешиктен азыр ок атылып, менин көкүрөгүмө, же маңдайыма кадалышын күттүм. Мылтыктын өзүңдү кароолго алган оозу ажалдын ырайымсыз көзү сыяктанып, аза боюңду титеретет. Өлүмдөн башка нерсени ойлоого чама да жеткен жок.

О кудай жалгап, ажыдаардай болуп чамынган БТР Амина экөөбүздү сүзө качырып токтоду. Бир-эки булкунуп алды эле чынжырга кошоктолгон оор дөңгөлөктөрүнөн чыккан ысык илеп чаң менен кошо бизди каптады. Аскер техниканын алп тулкусунун алдында каккан казыктай катып калдык. Дагы эле коркунучубуз таркай элек. Анын ичинде кимдер бар экени белгисиз. Эмнеге биздин көчөгө келди? Кара ниет, кас душманбы? Негедир, мындай кооптуу жагдайда адам жамандыкты гана күтөт окшойт. БТРдин үстүңкү капкагы ачылып, башына шлем, үстүнө камуфляждан туюк комбиназон кийген аскер кызматчысы бел курчоосуна чейин көрүндү. Өң-түспөлү кыргызга окшойт да, окшобойт да. Ал бизди жана эки жакты саксына тиктеп, анан жерге секирип түштү. Калган дагы эки жоокер люктун капкагынан баштарын чыгара карап турушту.

-Что случилось? – деп бизге суроолуу тиктеди жерге түшкөнү. Кийимине караганда прапорщик окшойт деп түкшүмөлдөдүм.

-Жол жабык, – Менин оозума ушул сөз кириптир.

-Көрдүк, – деди эми ал кыргызча сүйлөп. – Эмнеге тосуп алдыңар?

-Корктук.

Прапорщиктин кексе өңү жылый түшкөндөй көрүндү.

-Тынч элесиңерби?

-У нас все спокойно! Все живы, здоровы. Нет никаких конфликтов!, – деп Амина эми тил киргендей быдылдап кирди.

-Бул көчөдө мечит, мектеп барбы? – Аскер кызматчысы дагы деле этияттанып, өзүн үшар кармап турат.

-Мечит бар, мектеп башка көчөдө.

-Мектептин жанында мечитте адамдар камалып калдык деп кабар беришиптир го.

-Андай болушу мүмкүн эмес, – дедим бүшүркөп. – Коңшулардын баары эле тынч. Бири-бирибизден кабар алып турабыз.

-А мечит каерде? – деп прапорщик БТРге түшө турган болуп камданып. Ушул учурда көчө башындагы үйдүн чоң кызы дарбазасынан чыга келди. Ал дубал коргондун ары жак түбүндө сөзүбүзгө кулак салып турса керек. Мектепте мугалим болуп иштеп, бош убактысында такси айдап, карыган ата-энесин багып жүргөн чыйрак кыз эле. Колуна алюминий чака көтөрүп алыптыр.

-Ассалому алайкум, яхшимисиз?  Гилосдан енглар, – деп шайдоот учурашты да, биз менен сүйлөшүп турган прапорщикке бөксө чака кокон гиласты сунду. Мен өзбек кыздын коркпой чыкканына жана гиласты эстей койгонуна ыраазы боло карап алдым. Кара-кочкул болуп бышкан гиластын өрүктөй чоң мөмөлөрү шактан жаңыдан үзүлгөндөй болуп мөлтүрөйт. Прапорщик баш тарткан жок. Колуна ууштап алып бирден жей баштады. Коңшунун кызы бронетехниканын үстүндө олтурушкан экөөнө да чакадагы гиласты сунду:

-Гилосдан олинглар! Олинглар!

Баары гиласка алаксый түшкөндө, мен БТРди көчөгө киргизбөөнүн аргасын ойлой баштадым. Кирсе эле бир балээ болуп кетчүдөй жүрөгүм опкоолжуйт. “Мечит?…”. Ооба, жакын арада мечит бар экенин билем. Бизден кийинки көчөгө бурулуп, ичкериге кирип кеткен тар жолдун кычыгынан көргөмүн. “Мен азыр барып, билип келем”, – деп шашыла айттым да, прапорщиктин макулдугун күтпөй эле мечит жакка чуркап жөнөдүм. Жүгүрүп бараткандай болгонум менен кадамым арбыбай, буттарым кайра артты көздөй шилтенгенсийт. Аба жетпей демигип, өпкөм да көөп калды. Бирок, денемди күчкө салып сүйрөп эле чуркап бараттым. Көчөдө жан адам жок. Адам түгүл, жай убакта каңгып жүрчү ит, мышыктар да житип кетишиптир. Жарым жолго жеткенимде Шавхат коңшум аңдып тургандай болуп дарбазасынан башын кылтыйта чыгарып, шыбырай сурады:

-Касиет эже, куда бежите?

-Мечитке! Мечитте камалып калгандар бар экен. БТР ошолорду угуп келиптир.

-Постойте! Я с вами, – деп Шавхат мага кошулду.

Экөөбүз андан ары чуркап жөнөдүк. Мечитке тез эле жеттик. Оймо-чиймелүү жыгач эшиги, жумуруланып жасалган кууш терезелери бар эски мечиттен күнүнө беш маал азан айтылып турчу. Махалланын эркектери багымдат, бешим жана куптан намаздарын ушул жерде окушчу. Бирок, азыр жымжырт болуп, эшиги ичинен жабык экен. Шавхат экөөбүз тең колдорубуз менен каалгасын тарсылдатып кирдик. Терезенин айнегин да черткилеп көрдүк. Ичинде бирөө-жарым бар болсо коркуп ачпай койбосун деп алмак-салмак доош салып чакырып да жаттык. Бир топтон кийин эшик артынан билинер-билинбес шоорат сезилди. Анан каалганын ички темир илгичи шырыктап ачылып, жашыраак өзбек жигит көрүндү. Шавхат экөө бири-бирин таанышат экен, салам-алик алышып сүйлөшө башташты.

-Сиз мечиттин имамы болосузбу? – деп чыдамсыздык менен алардын сөзүн бөлүп.

-Жок, эже, мен кайтарып турам, – деди жигит кыргызча таптак сүйлөп.

-Ким бар азыр мечитте?

-Эч ким жок, эже.

-Мечитте эки адам камалып калыптыр деп БТР чакырышыптыр го?

-Эки дааватчы ушул жерде түнөп жүрүштү эле. Жаңжал башталганда чыга албай калышты. Кечээ түнү махалладан чыгарып, туугандарынын үйүнө жеткирип койдук.

-Жүр анда, өзүңүз ошентип айтып бересиз! – деп жигиттин ой-боюна койбой жетелеп жөнөдүк.

Мечиттин күзөтчүсүн БТРге алып келсек, аскер кызматчылары гилас жешкенче Амина жана коңшунун кызы менен беймарал сүйлөшүп турушуптур. Дааватчылар жөнүндө күзөтчүнүн өз оозунан уккан маалыматты прапорщик телефондон кимдир-бирөөгө билдирди да, анан: “Бул көчөдө тынч эле экен”, – деп ынандырып, кетүүгө камынышты. Аскердик бронетехника кайра артына чегинип, чоң трассага бурулган бойдон токтобой күрүлдөп жүрүп кеткенден кийин да ордубуздан жылбай көпкө чейин турдук.

БТРден коркуп үйлөрүнө житип кетишкен коңшуларыбыз бирин-сериндеп жаныбызга басып келе башташты. Алардын ар бирине болгон окуянын чоо-жайын кайра баштан баяндап, баягы коркунучубуз эми күлкүгө айланып, бака-шака түштүк. Жаңжал башталгандан бери биринчи жолу күлүшүбүз эле. Тамашалуу сөздөр айтылган сайын арабызды жылуулук аралап, куту өчкөн көчөбүзгө жан кирип, жакшылыктын жышааны сымал көңүлгө үмүт байлатты.

Мен алардан бир нерсени гана жашырдым. БТРди беттеп чуркап баратканда ажалдын көзүн көргөнүмдү, ажалдын көзү өтө суук жана ырайымсыз болорун, тирүүлүк менен өлүмдүн ортосу бир көз ирмемчелик экенин, а түгүл өлүмдөн коркууга да чамаң келбей каларын айткым келбеди. Мындай сезимдерди өз башынан өткөрбөгөн адам түшүнө албасын ойлодум.

Бирок, бул жөнүндө он жылдан кийин уулума баяндап бердим. Ал жаңжал чыккан жылы алты жаштагы эс токтото элек бала эле. Адамдар эмне үчүн өзбек, кыргыз болуп урушуп, бири-биринен коркуп жатышканын, бала бакчалар жабылып, үйдөн чыкпай камалганын, көчөдө эмнеге мурдагыдай ойноого болбостугун түшүнбөй, ыйлактай берип мени кыйнаган. Дагы деле көп нерсени түшүнбөгөн бойдон калды. Анын балалык эс-тутумунда канкор күндөрдүн элеси сакталбай калганына сүйүнөм.

Азыр да менин эскерүүмдү укканда:

-Ошондо эмне үчүн бизди ойлободуңуз? – деп күйүп-быша сурады. “Биз” дегени өзү жана иниси менен карындашы. Мен уулумдун суроосуна жооп бере албай мукактана түштүм. Бул суроонун жообун жөнөкөй сөздөр менен түшүндүрүүгө мүмкүн эмес эле:

-Силерди ойлогон үчүн ажалдын көзүн тиктедим… – деп айтсам балам түшүнө алар беле?