“Тандыр”
(Апамдын жаркын элесине)
Апамды көргөнү алыстан ат арытып келген тууган-туушкандарыбыздын да, айыл адамдарынын да аягы үйүбүздөн узакка үзүлбөдү… Апам бак ичиндеги сөрүдө. Астында калың төшөлгөн жумшак төшөк. Көргөнү келгендер менен баш ийкеше, жылуу учурашат. Жакшы элесиңби? Өткөндөгүгө караганда саал өңүң да түзүк, догдурдун колунда көп болдуң да. Берген дарылары деги жага турганбы? Дарт дабасын ошолор билчү эле, эмне дешет?..
Апамдын көңүлү айнып, жаны сыздап жатканын туюп атышкандай, жүздөрүндө кейиштин изи калып, узаткан суроолору аяр, ары жумшак. Тегеректей олтуруша калып, оозунан кеп чыкса илип алышып, баш ийкей коштоп олтургандарга апам жай гана:
– Жакшымын, – деп жооп кайтарат.
Ушул тапта түн уйкусун кыйнап, көкөй эзген кыңкысы пастай, жүзүнө аёо карек тигишкен аялдарга жай айткан, шыбыр айткан жалгыз сөзү чын эле айыгып келаткандай жышаан туйгузуп, жүрөгүмө сүйүнчү кабарын берчү. Анан бүткүл жан-кубатына, дарманына салып, жанында бүйрө тартып олтургандардын үй ичи, бала-чакасынан өйдө тегиз сурамжылап чыгат.
Адатынча биздин үйдүн босогосун аттап, башбага калган катын-калачтын алдына ой-боюна койбой, тапкан-ташыганын жайнатканга маш апам, эми ал-жайын сурап келгендерге чай суна албаган абалына ариеттене калгандай жүзүндө кыжалат.
Келгендер узакка олтурушпайт. Шашып турушат. Сөрү алдына чечишкен кепичине эңкейе ары-бери чуркап жүргөн бизге, үй-турагыбызга аёо карек кадап, бут учтарына кепичин илишкен соң, апама дагы келип турушарын, “тагдыр жазганын көрөрүн” көп эле балдарды коркутуп, ташпишке салбоосун муңайыңкы өтүнүп чыгышат. Кай бири жаныбызга токтой калып, апабыздын кеселинен куландан соо айыгарын, келин жумшап, ал тургай небере көргөн ырыстуу байбиче болорун сүйкүм божурап мээримдүү.
Турмуштун сансыз калбаасы аларды тымызын алаксыта өз өкүмүнө моюн сундуруп, эмелеки бейтап адамдын көңүл кушун көкөлөткөн жароокер сөздөрүн көкүрөктөрүнөн шыр түшүрүп ийишкендей, биздикинен түз эле тамеки талаасына, бири дүкөнгө, дагы бири той камылгасын көрүп, туугандарыныкына жол алышат. Курчу кайта түшкөн көздөрү алардын ээрчише баскан караандарын тээ өзү суу көтөрүп кайтчу чоң арыкка чейин кусалуу карашта узатып, ылдый бурумдан көрүнбөй калганда гана оор улутуна артындагы жаздыкка кыйшаят апам. Тынчтык саамга созулбай, үшкүрүк соңунан дене сайгылаштырган кыңкыстын үзүгү тээ түпкүрдөн сызылып чыгат.
Ушундан уламбы, апамды жалгызсыратпай, дагы кимдир бирөөнүн кирип келишин көрсөк, сай-сөөгүбүзгө баткан онтоосун басып, “шүгүр, жакшымын” деген сөзүн дагы уксак деген үмүт үйдөгү ар бирибиздин ниетибизде турчу. Биз күткөн ошол адам узакка кечикчү.
Үйгө кишилер түшө калганда, кепке сөзсүз атам аралашат. Үнүндө кейиштин залдары сезилип турса да, сөзүнүн баш-аягы сабырдуу:
– Ооруң түшкүрдүн карыгабы, жашкабы жүзүн ары кылсын. Кызыл жүгүрүктү капарга албай жүрүп, өтүштүрүп ийди… Догдурга көрүнбөй анан, туура беш ай замдап дарылашты го. Дарт өтүшүп кетсе, дарынын деле жардам-пайдасы аз окшойт, эми минтип адам болору арасат…
Кээде ылгабай чыгарган сөзүнө, киши кеткенден кийин карындашымдын кейигенин айт:
– Кебиңизди таап сүйлөсөңүз, ата. Бекер айтыпсыз, апам айыгат эле.
Ал тургай апамды көргөнү келгендердин жумшак сөздөрүнө көкүрөгү толуп кетчү Каныштын ушул тапта карегин жаш чаят. Атам осолдой түшүп, түшүрүп ийген сөзүн кайра алмакка:
– Сенин ыкыбалың болсо, апаң сакайбай анан. Пендеси түшкүр, жаманчылыгын дайыма ала жүрбөсө, кызым… Көп кейий бербегиле, бешенеңерге не жазганын кайдан билесиңер. Ырыскысы түгөнбөсө, энеңер дагы көп жыл жашап берер, – деди.
Шашпай ордунан турмакка обдула берип, апама эңкейе калат. Бир калыпта чыккан демин дабагердей тыңшый калат:
– Анар, Анар дейм, ач көзүңдү, беймаалда көп жата бербей, туруп ары-бери бассаң. Бүткөн баданың1 да кыймылдабай бир жолу куурап бүткөндүр, аа… – Акыркы сөзү ылаажысы түгөнгөндөй какшап чыгат.
Апамдын өзү туруп баса албасын билсе да, көңүлүбүздү көтөрмөккөбү, атам айткан сөзүнүн аягын күтпөй малкана жакка басат. Айтылгандарды кулагы чалдыбы же жокпу, апам үндөбөйт. Иңир кирген сайын ал жаткан сөрү күңүрттөнүп, дайыма көзгө ажайып көрүнчү бак суз, апамдын алсыз денесин оп тартып кетчүдөй сүрдүү. Карындашым экөөлөй өйдө тургузабыз.
– Акырын, балдарым, – дейт шыбыр үнү, – козгобой кичине коё турсаңар болот эле. – Кош кабатталган көздөрүн ирмегилеп, бизге алмак-салмак тигилет. – Аа, кеч кирип калды беле?..
Чочудубу десең такыр окшобойт. Узак деле уктагандай болгон жок. Колтугунан аяр сүйөп, сөрүдөн түшүрөбүз. Жеп-жеңил. Ичке, арык манжалары жумшак. Алаканы күзгү жылбырактай шуудурап, жылуулугу аз.
Эки колтугунан жөлөй, пешайванга2 аста басабыз.
– Токтогулачы, кагылайындар, демигип турам…
Энтиккен үнүнөн токтой калабыз. Мага жөлөнө түшүп, ээрдин бекем кымтый (тиштенип алды окшойт) бир тиктеген жеринен көз албайт.
Апамдын жолу кыскарды. Бак ичинен үйдүн астанасына чейинки аралык отуз эле кадам. Күндө бул жолдон эки ирет басат. Саар менен бакка, беймаалда кайра айванга. Эки аттап жетчү тандыры эми ага алыс. Дарман жок. Көздөрүн пар ачып, оор үшкүрдү. Аяктарын жерден үзө албай жаткансыды. Жүзүнө тигилдим. Бет маңдайындагы тандырга назары түшүп туруптур. Тандырдын тегерек тарткан оозу жагылган оттон улам кара көө, кечкисин көзгө жугумдуу, кооз эле.
– Үстүн кийиз менен жаап койгула, жамгыр келет окшойт, калыбы… – Сөзүнүн багыты тандыр жөнүндө баратканын иле койдук. Так төбөмдөн нур чачкан жылдыздарды көрүп, өзүмчө таңгалам. Мүмкүн, апама жаан жаачудай сезилгендир? Же ыманы ысык эски тандырына камбыл пейилин карматып, дагы кабатырланып жаткандыр?
Эски, ар кайсы жеринде күйүктүн тагы калган жеңчеси тандырына жанаша өскөн бака теректе илинүү. Тандыр боорундагы текчеден нан жабар алды айран куюлуп турчу калай табагы көмкөрүлгөн. Астындагы далдоо жайда кургак, жарылган отун жыйылган. “От тамызгыга жарылган отун” деп, эч кимди ага катылтчу эмес. Жаан-чачын, бороон-чапкынбы, апамдын карааны тандыр тегерегинде жүрчү. Отту дуулдата жагып, үстүнө жай айында чабылган койдун көңүн калап салчу. От көпкө күйөт. Тез эле кордун табына тандыр ичи агарып чыкчу.
– Мени бирпаска отургузгулачы ушундай. Кийизи кайда калды экен?.. Тандырыңды этияттап, парваиштеп3 урун, кызым. Ырыскылуу тандыр бу.
Апам тандыр жанына орундук койдуруп, адатынча бышып аткан нанына тынчсыздана карап жаткан сымал орун алды.
Иңирде бозоруңку тарткан тандыры маңдайында. Ага кадалган, азар сепкен көздөрү ирмелбейт. Тандыр тегерегинен элес кармачудай ойлуу.
– Нанынан бергилечи, – деди муңайым.
Эне сөзүн илгиртпестен илген карындашым лып туруп, айванга жетти. Ичкериден сандык кыйч ачылды. Нан илгертен эле сырты кооз тунуке менен капталып, четтери көк, кызыл, сары бариктердин көчөтү чегерилген жыгач сандыкта, кагазга тыкан оролуп турчу. (Сандыкты апам Оштун базарынан таптырган экен.) Кагаздын шуудуру чыгып, илем-саламда Каныш кайра чыкты.
– Апа, мынаңыз… – Нанды кош колдоп энесине сунду. Апам колундагы патир нанды эми-эми сындырчудай бай берекеленген түспөлдө.
– Садагасы кетейин, улук нан. Улуктугуңду унутпай… ушу күнгө келдим… – Деми ичине түшкөн сындуу добушу пастап, калган сөзү ачык чыкпады. Кантсе да анын кайрылууларын, толгонууларын түшүнүү кыйын эмес эле: “Жаштайыман үрөн сээп, талаадан түшүм күттүм. Саратан ысыкта кайракы буудайды кырмын орок менен оруп, кызылын бастырып, “оп майда” айтып, кырман үйдүм. Асылын тегирменге тарттырып, тандырга нан жаптым. Бала бактым. Аларды жетилттим, катарга коштум… Өмүр бою аты улук, ак нан сени менен бирге жашадым…”
Маңдайындагы нан күн болуп, апамдын өңүн бир ажайып нурдантып тургансыды. Бара-бара кош колу жай ылдыйлап олтуруп, калдайган тегерек нан ыраңдуу жүзүн жаап калды. Жоок, апам кургак эриндерин патирдин четине тийгизип, узакка өөп турду. Анан өз колунан бүткөн тандыр нанынан кумарлана жыттап, бешенесине этият сүрткөн соң гана кызына кайра узатты. Нанды кайтарарда каруусу жок манжалары патирге карышып калгандай тарамыш чырмаган арык колдору карындашым тарапка созулуп барып, уучуна бекем кыскан берекесин, баалангыс буюмун алдырып ийгендей сумсая түштү.
Селейген жымжырттык үшүбүздү алып, апам эми үндөсө эле колтугунда олтурган кызы ый чыгарганга даяр турган. Апасы ага аракет кылса да, айтчу сөзүн чыгарууга алы келбеди. Көптө барып шыбыш добуш менен:
– Ордуман тургузгулачы… – деди. Колтугунан аста жөлөп, өйдө кылдык. – Тандырга жакын баскыла, балдарым.
Жана олтургандан тарта көзү өтүп тиктеген, боор эти менен тең тандырына жакын турду. Күлдүн, күйүктүн, аздан соң нандын көңүл ийгизген жытын сездим. Апама карадым. Көз кычыгын жаш жалагандай. Жаңы курулган тандыры курчу кайткан көзүнө кандай урунуп атты экен? Баса, шам аралаш неге турдук бу жерде?
– Ырыскысы түгөнбөс тандырды таза тут, кызым. Күлүн карачы, алынбаптыр…
Күтүлбөгөн кебине карындашым чыдабады:
– Минтпечи, апа. Эртең эле айыккандан кийин нанды өзүңүз жабасыз,- карындашым жашып ийгенсиди.
Тандыр турпаты күүгүмгө ого бетер бараандуу тартып, алдындагы балдарына өбөк тарткан өз ээсинен, апамдан жатыркаган өңдөнүп турду…
* * *
Кээде апам менен тандырдын жанында болом. Ага жардам этем. “Агарды” деген сөзүмдү пайлап тургандай апам бир колуна айран куюлган идишти, экинчи колуна жеңчесин кармап, тандыр жакка басат. Жакындай берип, тандыр ичине эңкейе:
– Оо, периштеси ысыгым, тандыр ичин бир башкача агартыпсың го. Сүт уюттум. Ысык нан жапканча айран да болуп калат. Чогуу чай ичебиз. Барып китебиңди тикте эми, – дейт, колумдан көсөөнү алып атып. Адатынча, бетимден “шуу” дегизе жыттап да алат.
Тандырдан, апамдан алыс барбайм. Кыйшак дөңгөчкө көчүк басып, колумдагы китепти ачам. Апам заматта мени унутат да, бүткүл ынтаасы тандырда…
– Оо, мударис4. – Бош отурганымды атамдын көзү чалып калды. Түз эле там башыдан үн салат. – Китебиңди коюп, жарык-жаанда кыймылдагын. Кечки суук түшө элегинде малдын отун майдалап жибер. Түн узарган убак. Кечкиге койсоң бир айлык сабагыңды бышыктаганга убакыт жетет. Бейпайда отурганга эмитен көнбө.
– Жанатан бери бала тандыр агартты, билип-билбей эле сүйлөй бересиңер, мектебинен келгенден мына тына элек. Апам мага болуша кетет. – Кыркылып жүрчү от калат беле… Бүтөр.
Сөз жеттиби же ишине алаксый кеттиби, атамдан кайрылып үн чыккан жок. Апамдын жеңче кийген колу тандырдан бышкан нан үзүп себетке салат. Сол колу камыр бетине айран сүйкөп, жеңче бетине оодарып, эми эле үзүлгөн жерине жабыштырганча, баржак бетиндеги бышкан наны шаштырат.
– Ме, ысык жеп тур. Ушатчу болбо. – Себеттеги жайнаган нандан бирди бүтүн мага узатат. Ысык нанды колумдан алмак-салмак которуштура, үйлөп жиберем…
– Ии, кандай экен, кыйгыл даамы жокпу? – Апам мага бурула карайт. Дидары кудум колундагы нанындай албырып, нурдуу.
– Маканын дүмбүлүнөн кайрып келе калчы. Корго көөмп берейин. Оңдуу жей элексиң. Күз кечтеп, сүтү катып калганча жеп алсаңар түзүктөп, турагой, – дейт.
Китебимди бүктөй коюп, шашкан бойдон маканын шагына жүгүрөм. Колума урунган эле маканын дүмбүлүн аарчый, данын манжам менен басып көрөм. Дандан чыккан сүт чачырай берсе, ошол эле жерден кайрып, артка тартам. Жолдо бир тал чачысы калтырылбай таза жылаңачталган дүмбүлдү апама жеткирем.
Колумдан дүмбүлдү алып атып:
– Канча бала кучактаган экен? – дейт, бышып келаткан нанды бир карап алып.
– Жалгыз эле экен.
Кайрыган жообума апам таң. Мага эңкейе чочуй карайт:
– Жалган айтпа. Эсиңде болсун, мака эч качан мындай чакан, жалгыз дүмбүл кучактабайт. О, калпычы десе.
Китептин кайсы жерине токтогонумду тапмакка кара күчкө барактамыш болом. Бирок, апамды ыза кылган калп сөзүмдүн жемеси азда эле токтоп калбайт:
– Алдамчынын оокаты курсагына жук болбойт. Кулагыңа канча куйсак деле көкүрөгүң бош окшойт сенин. Жел болбосо, чөптүн башы кыймылдамак беле. Эмитен алдап, жалган сүйлөөгө көнсөң, кийин эмне болосуң? Бирөөнүн көзүн бир жазгырасың, эки жазгырасың, а анан? Кой, антпей жүр.
Апамдын кейигенин атамдын кулагы чалбаса экен деп, чый-пыйым чыгат. Жетсе эле, болду дей бер! Кечке кебине кошуп эрмектей жүрөт.
– Ушундайыңда чоң-кичүүгө туткан сөзүң адал, сүттөй таза болбосо, ишиң чатак. Колуңдагы кармап турган китебиңде дагы ушулар жазылса керек?
Баары бир, апамдын жеме-жукасын атамдын сак кулагы чалып калыптыр:
– Дагы сүтак кайрып келиппи? – Үнү ачуулуу. – Буларыңды такыр койдура албадым. Ушуларыңдын мака менен иши барбы! Кайра бүлдүргөнгө тап. Маканын шагына бастырба деп канча айтам сага!
Жок жерден чыккан беймаани сөзгө апам чыдабайт. Атамдын кебин кайчы бөлүп, эми мени актоого өтөт.
– Жо-ок, мусулман киши десе (жок нерсени оюна салган кишини ушинтип атоочу), угуп-укпай эле сүйлөй бересиңер. Маканын алды как болуп, кайрыганы калбадыкпы. Бул макаңдын бир түп мака жалгыз баш дүмбүл кучактайт деген калпына кейип атам. Ушинтип сүйлөй берип, колундагы дүмбүлүн кызарган чок ортосуна салып, үстүнө корду шилей тартып коёт.
Атам өзү дагы тынчы жок киши. Иш тапканга ушунчалык уста. “Тиричиликти терметкен ушул атаңар” дейт апам да.
Четтери саймаланган дасторкондо жаңы уютулган айран, чоң пиалага томурган сары май, ыпысык буудай наны. Адатынча бизди күттүрүп, алигиче атам сыртта. Чыдай албаган апам айбандан үн салат:
– Келбейсиңерби эми, ушул күттүргөн адатыңарды качан коёр экенсиңер.
Бир топто барып атам кирет.
– Колго суу куй, – дейт мага. Ордуман элпек турам.
Ал төргө чыгып мандаш урунат да:
– Тандырың кандай? – дейт апама.
– Кандай болмок эле, куниги чыгып бүттү, көрүп турбайсыңбы?
Апам нааразы унчугат.
– Анда колдун бошунда оңдотуп албайсыңбы? – Атам чайын ууртай берип, апамды пиала үстүнөн тиктейт.
– А күн кана! Көзүм ачылбайт беле. – Атамдын бошогон пиаласына кол созуп, апам сүйүнүчтүү. – Тандыр жандык сөйкөнсө эле көчкөнү турат.
– Эртең эле алакат кылалы анда…
Тандыр жөнүндөгү маслет ушуну менен бүттү.
Келерки күнү тандыр бузулду.
Апам:
– Этияттагылачы, кокус жерге катуу коюп, жарака кетирип жүрбөгүлө, – деп бизди тегерене чыйпылыктап жүрдү. Бузулса ордуна жаңыны курганы жатсак, эскисине неге зээн кейитип жатканына мен түшүнбөйм. Тандырдын оозун алып жерге койгонубузда, орду көзгө куник тартылды. Апам улам эңкейе калып, кара көө болгонуна карабастан жака-белин кармалап, кези келсе дагы пайдаланчудай калбаат.
* * *
Анын эртеси опур-топур тандыр жасоого кириштик. Атам эшегине бир жапма кылып алып келген ак топуракты жерге төгүп, суу куюп, буламыктай ылай жасады. Бир күн өттү. Ылай уюду. Шашке ченде ишке кириштик. Апам ичкериден боз бөзгө түйүлгөн эчкинин жүнүн бурдай көтөрүп келип:
– Ушул жетер? – деди.
– Оой, кой, болбос. – Атам чоң түйүн жүндү көрө коюп, чочуп алды. – Он тандыр курмак белең? Жетмек түгүл бул ашып да калат. Кичине жетише урунсаңар.
Апам аны аягына чейин укпайт. Жылаңайлак буту менен жаңы уютулган ылайдан бир четинен майкандап ийлеп кирет. Бир сыйра тебелеген соң, четтеги түйүндөгү жумшак жүндөн улам үзүп аягына таштай аралаштыра кечет. Мен шапшыла кечилип жаткан ылайдан көзүмдү албай, улам жүндөн үзүп апама узатканга өтөм.
– Түзүк, түзүк эле берсең битиребей, чоңойгондо сараң болот беймсиң. Бер түзүк эле, эки колдоп сунсаң? Бул берекелүү, ырыскылуу тандыр болот. Силер чоңоюп эр жеткен чагыңарда келиндерибиздин колунан ушул тандыр нанынан буюрар бекен?.. – Сынамакка көз кыйыгы менен мени карайт апам.
Мен уялып кеттим. Тилимди таңдайыма “шык” эттирип тура берем.
– Ой-бай, ботом, чоңойгондо аял албай бул дүйнөдөн так өткүң барбы? Биз эмне ушинтип, түбөлүккө маңдайыңарда эле турмак белек! Карыйбыз, арыйбыз. Нан таап, бизди да багышыңар керек. Угуп жатасыңбы? – Апамдын согончогу тийген ылай төгөрөк тартып, суу ошол жерге толгондо, экинчи буту аны чачырата бузуп кетет. Чөйчөккө сыйчудай суу бара-бара азайып олтуруп, акыры таптакыр соругуп бүтөт.
– Үйлөнбөсө койсун, ыраңы суук. – Атам сөздү кайра козгойт. – Берки чоңун да сынамакка, эркелетип кеп салсам туйлап, эшиткиси жок. Ма демектен так өтүшсүн! – Ал ачуусуна алдырып ийгенин кийин билдиби, – Насибине буюрганы тургандыр да, – деп кошумчалап койду.
– Жүн түгөндү! – деп кыйкырдым, “мейли чочуп кетишсин. Мен дагы иштеп жатам” – дейм ичимден.
– Жүндү бүт ада кылдыңбы? – Атамдын сөзүнө таңдануу бар.
– Алтын, (апам мени эркелеткенде ушинтип койчу) колуңдагыны коё туруп, кичине үйгө кирсең, шыптагы түйүнчөктө жүн бар. Бир тутамдай алып чыкчы.
– Тандырды качан куруп бүтөсүңөр? – дейм апкелген эчки жүндү апама сунуп атып.
– Шашпа, уулум, курабыз. Ага чейин казанга нан жаап берем. Кааласаң каттама, боорсок жасайм. Анан коңшу-колоңду тандыр курганда өзүң чакырып келесиң. Көпчүлүктүн колу тийген жакшы имиш, туурабы, атасы?
Атасы буга көңүл кош…
* * *
Тандыр бети аз күндө эле кургап калды. Эртели-кеч жандыктардын туягынан этияттап, тегерегинде чыбык кармап, мал камалганча жылбайм. Сынамакка кээде катуураак кармап көрөм. Зыңкыйып четинен укаланып да койбойт. Апамдын эчкинин жүнүн эмнеге аралаштырганына ошондо гана баамым жетти.
Жума күнү эрте ойгондук. Атам айванда жаагын жибитип, өзү текчеден түшүрүп ийген күзгүнүн сыныгын алдына коюп алыптыр. Базарга барарда жаак-башын бир сыйра кырынып алмай адаты. Бул баарыбызга жат болуп калган көрүнүш.
Төшөктөн тураарыбыз менен улуу жагылган очоктогу отко үймөлөктөшүп атып апам тандыр жөнүндөгү сөздү атамдын эсине дагы салды:
– Тандырдын күн жеп калганына он күнгө чамалап калды. Бүгүн бир чыгынып куруп албасак, балдар да казан нанга көнө албай кыйналып кетишти.
Бешенесиндеги күзгүсүн оңдоп койсо да, дидарын жакшы көрө албай, өткөндөгү бир кокустукту, карайлаган чоркоктугун эсине алып, убаракерчиликке түшүп олтурган атам жаңы түйшүктү кабарлаган сөзгө алынып кетпей, токтоо:
– Эми курам десең этиятта. Өзүңдүн эле мээнетиң… Чакыртам эле деп өпкөң көбөт, баланын бирин коңшу-колоңдорго жүгүртүп ийбейсиңби. Ачык-жарыкта козголбосоңор, тандыр коюш оңойбу. Күн да кыскарган убак.
Атам үйдөн узап чыкканчакты, узак кебин түгөтө албай, улам артына кылчая насааттарын берип, бир күнү жок болсо эле чарбасы чачылып калчудай сак. Мени жүгүртүп, унутуп калган чарчысын алдырат.
– Сен апаңдын айтканы менен болгун. Оюнуңду бул сапар коё туруп, убагында уюңду сугар…
Узак кепке башынан чыдамы жок апам артыбыздан ээрчий чыгат:
– Баргылачы эми, дегеле оокатыбыз өтпөй калчудан бетер… Бешимден калбай кайтсаңар, эл катары.
– Э, кой, ишим бүттү, келем. Базарга кыштап калат дейсиңби?..
Атам кетери менен апам мени коңшуларды чакырганга жиберди.
Бир маалда чоң эне баш болгон апамдын ынактары: Аккыз, Касиет, Ирапа эжелер жүгөрү аралаган жалгыз аяк жолдон көрүндү. Апам жумушун таштап, алдыларынан утурлай чыкты:
– Муну жасап, чалым экөөбүздүн күнгө койгонубуз качан. Таза какшып, бир жакшына кургады. Коюшуп бергиле. Силердин колуңар тийип, береке чачкан ак жолтой тандыр болсун деген тилегим бар эле.
Коңшулар бир чайкамдан чай уурташып, узак кепке өтүшпөй тегиз туруп, тандыр коюуга кам урушту.
– Оо-уу, дегеле чоң жасагансыз го. Балдарыңыз чоңойгон сайын, тандырды да кеңейтейин деген экенсиз, – деди Бүбүсайра эже тандырга жакындай берип. Апам баш ийкейт. Кулагына сөз илиндиби, жокпу – баарына макул, бу тапта. Жүзүн күлкү чаят.
Көзгө куник тартылчу жерде эми кооз тандыр турду. Анын тегерек оозун коюшуп, атарабин5 шыбап ийишкенде, ал го бетер көзгө кооз көрүнүп калды.
– Арткы көзөнчөгүн чоңураак эле калтырганыбыз саз. Түтүндү артка айдасын, от жакчы көрөлүк, – деди Аккыз эже, ылай болгон алакандарын укалап.
Кургак чаткалдардан калап, апам жаңы тандырына ширеңке тартты. Тандыр оозунан жалыны соймоңдоп, улуу күйгөн отко апамдын сүйүнүчү айтып бүткүс эле.
– Оңуп эле калдың, тандырдын чогу өчпөсүн, түбөлүк жылуулугу кетпесин. Небере-чөбөрөлөрүңө да ушул ырыскылуу тандырдын нанынан жегиз ылайым…
Апама арналып, чын дилден төгүлгөн ошол күнкү тилектердин тазалыгы-ай!
– Колуңарды чайкагыла, ичкери киресиңерби, же салкын бак ичи сазбы? – Апам адатынча меймандос пейлин карматат. –Силерге оокат даярдаганым качан, муздап калбаса болду…
Жашыл майсаңдагы кийизде отурган кошуналардын эки сөзүнүн бири эле тандыр.
Коңшуларын узатып чыккан апам:
– Өзүңөр коюшкан тандырдын нанынан өзүңөр ооз тийип бересиңер. Тегиз келбесеңер, таарынчым чоң болот, – деди.
…Алгачкы жапкан ак нанынан аларга ооз тийгизди.
* * *
– Беймаал тандыр алдында турганыңар кандай? Ичкери киргиле да, апаңарды жылуураак кийиндирип, ысык оокатын бергиле. – Бизди көрүп, атам кабатырлана кетти. – Күндө олтурбаган жерде эмне бар десең, ыраңы сууктар…
– Апа жүрүңүз ичкери. – Карындашым ордунан биринчи турду.
– Тандырчы? – Апамдын шыбыр үнү экөөбүздү тең чочутуп ийди. Тынымды апам өзү бузду. – Жүргүлө анда, жүргүлөчү, балдарым.
* * *
…Апамды жайга алып келген күнү жамгыр шумдук жаады. Таң эртеден көнөктөп куюп, түшкө таяп басаңдай тартты.
Чоң үйдөн апамдын табытын алып чыгышты. Үстүнө кара баркыт чапаны жабылып, өз колунан капталып, дайым төркү үйдө, жүктүн орто ченинде жыйылып турчу атлас төшөк алдына салынды. Ооздо тургандар “чур” этип басылышты. Баарынан да жалгыз кызынын – карындашымдын сай-сөөктү сыздаткан үнү муун бошотуп, көпчүлүктүн да көңүлүн бошотуп ийди. Апам кызынын ачуу чыккан добушунан селт чочуп, үстүндөгүлөрдү чапчый, табытынан обдулуп турчудай өңдөнүп кетти. Жок! Менин капарыма келген ойлор ошого окшоштуруп ийди бейм.
Жаак ылдый токтобогон көз жашыма ээ боло албай өпкө кагам.
Апам менин жанымдан кыя, эл колуна “өттү”. Кызынын эки колтугунан бекем тутушуп, апасын алып түшүшкөн тепкичтин жанында калтырышты. Кызы менен кайыр айтышканы ошол болду.
Биринчи жолу айылдаштарымдын сөөгү коюлган бейитке көпчүлүк алдында жол алдым. Табыттын алдыңкы учу ийнимде. Дайым кеби түгөнбөгөн карылардын, айыл аксакалдарынын ушул саам сөздөрү үзүлүп, демдерин ичине алышып, биздин соңубуздан жай каалгышат.
– Мага берчи, уулум, ийниң да талып кеткендир… – Артыман Калдар абам үн катты. Баш чайкайм. Табыт үстүнөн “Уулум, демигип бүттүң го. Бер, алмашып көтөргүлө. Аз калды эми жайыма. Өзүң катарымда бас” деген апамдын жароокер сөздөрү кулагыма күңүрт жеткенсийт.
Мына, көрүстөндүн жыгач дарбасына такай келип токтодук. Дарбаза, андан ары бопбоз шыбактар чүмкөгөн ичке жол көзүмө сүрдүү тартылды.
– Келме келтир, – деди сол тарабымдагы, табыттын бир учун кармаган адам. Эгер билсем анысы чын эле дилиме келер беле, үндөбөдүм. Катарымдагы адамдын эриндери тынбай бир нерселерди шыбырап, айланамды ого бетер ыйык сездирип ийет. Бул жерде секелек да, боз улан да, калк кадырга алган кары да бар. Баары бар. Мына, жер үстүндөгү узак жолуңуздун кеминде кырк кадамдай аралыгы калды. Казылган жайга жакындагым келбей, аргамжы бою калганда, буттарым чалыштап баратты.
– Абайла, – дейт баягы тааныш үн.
Алдыбыздан утурлап, жай казгандар ийнибизден табытты жеңил алышты. Арасынан бирөө:
– Жай жакшы чыкты. Топурагы эшилип, бир майин. Эжебиздин мүнөзү, өзү ошондой эле, ыраматылык, – деди. Чын эле казылган жердин топурагы кызгылтым тартып, томуктай кесек көзүмө чалдыкпады.
Апамды жайга түшүрөрдө саамга кулак кескен тынчтык орноду. Ошол кезде тегерегиндеги көпчүлүктүн дем албай аза күткөн учурун, жай себелеген ак жаандын майда тамчыларын, айылдаштарыбыздын тандырынан чыккан жагымдуу жыттын, күндөлүк тиричиликтин бир калыптагы күүсүн сезбей, табытта тынч жатты апам.
Акырын, эми түшүрө бергиле… – деди чөк түшкөндөрдүн ичинен бир аксакал адам.
-Кубалактарды бери узата бергиле! Тээ түпкүрдөгү жайчылардын үнүнө апамдын добушу кошулуп чыккандай мени селт эттирип алды. Качан апамды төмөн калтырышып (чын эле төмөн калтырышыптыр!!!), алакандарын кагып, жеңил чыгышкан жайчыларды көргөнүмдө гана апамдан түбөлүккө ажыраганымы билдим.
Бейиттин дүпүйгөн карааны жер бетинин укумдайын түбөлүккө ээлеп туруп калды. Элдин озуйпасы ошол экен, жай башында – апама акыркы сөздөрүн арнашты: “Жаткан жери жайлуу болсун!”
* * *
Эртеси таңдан туруп, жайга келдик.
– Кантелик, жалгызсырап жатсаң керек… – Атамдын үнү ушул саам тамагын бир нерсе кыскандай кыйналыңкы чыкты. Добушу өзгөрүп, такыр тааныш эместей угулду.
– Жайга, апаңарга бет маңдай, кыбыла беттей отургула.
Бейиттин үстүнө үйүлгөн топурак али күн жей элек, нымдуу. Боорунан сары кумурскаларды көрө койдум. Экөө, үчөө… Жогору жөрмөлөшүп, өздөрүнчө чыйыр издешет. Мынчалык эмне жаналакетке түшүшөт? Каякка ашыгышат. Же чын эле булар жашоонун ширеси дайым түйшүктөнүүдө, мээнеттенүүдө экенин билип алышканбы?..
– Апаңар жакшы адам эле! – Атам сөзүн уланта албай, калтыраган муундарына эрки жетпей, көзүнө биринчи ирет жаш алганын ошондо көрдүм. Бетин да бизден буруп, жашырбады. Кары кишилер үнсүз ыйлашат. Канчалык жүктүү кайгы баспасын, аны көтөрө билишкени ошондон го. Ушул күнгө дейре жашоо, тиричилик тизгинин бир кармашып келген адамын жоктоп, зээн кейиткен атамдын терең кайгысын сездим.
– Апаңардын мүнөзү ак буладай жумшак, бейиши болгур, кең пейил адам эле. Тагдыр казасы жетсе, ар адамдын башында болчу иш экен. Капаланып, көп кайгырыштын кажети жок. Апаңарды ар убак эстей жүргүлө. Бул дүйнөдө эне деген бирөө…
Анан атам ала келген чарчысындагы эки ууч маканын укаланган данын бейит үстүнө чачып ийди:
– Уругуң үзүлбөсүн ылайым!
Атамдын ушул сөзү чоң дымак менен зор үмүткө чайылып чыкты. Колунан учкан ак бадырак дандар топурак бетинде седеп мончоктой агарып, татынакай көрүнүп калды.
– Эмнеге септиңиз, ата? – Жеңишбектин суроосуна коюу каштарынын кошулган жери бүрүшө калып, атамдын жүзү бир кызык тартты:
– Маканы митчелер6 терип жешет да, апаңардын ысымын узакка табериктей сактап жүрүшөт, – деди жай. Буга чейин митче пенде ысмын парваиштеп ала жүрчү паранда экендигин укпаптырбыз.
Бирибиздин да ордубуздан тургубуз жок. Жымжырт. Жайына коюлганга чейинки апабыздын жарым кылымдык жашоосундагы көөнүбүздө калган абат учурларын, жанга кубат, жагымдуу эне мээримин ар кимибиз өзүбүзчө эскерип жаттык. Алдындагы дан түйүп келген куру менен белин бууп, атам ордунан копол турду:
-Тургула эми, балдар, басалык. Ыйдан опо жок.
Атам эңкейе калып, бейиттин топурагынан бир уучтап, колун улам бийиктете чуурута берди. Эриндери бизге белгисиз сырды күбүрөйт. Ал апабызга арналган сөздөр экенине эч кимибиз шектенбедик.
-Насибиңер билет. Кудай аман койсо, силер да турмуш сыноосуна бышып, силер да ата болосуңар. Апаңардын ак сүтүн, омуртка оорутуп, баккан мээнетинин улуу зыйнатын ошондо баамдаарсыңар… Кайталык, карындашыңар кантип жатты экен? Апаңардын тандырына нанды эми Каныш жабат…
Шыбак баскан жалгыз аяк жол бизди көрүстөндөн алып чыкты.
1 Б а д а н – дене.
2 П е ш а й в а н – эшик алды, бастырма.__
3 П а р в а и ш – урмат, ызаат.
4 М у д а р и с – чилистен, окумал.
5 А т а р а б и н – туш-тарабы, жанын.
6 М и т ч е – бактектин бир түрү