Бейшебай Усубалиев: Бешик, же дил акыны

Бешик, же дил акыны

(эссе)

Азыркыларды билбейм, биз баарыбыз эле бешикте чоңойдук. Андыктан биздин үнүбүз чыкканда, апабыз чуркап келип, колун бешикке тийгизер замат, ушуну эле күтүп жаткансып тып басылган чыгарбыз, анан акырын жай терметип киргенде, магдырап уйкуга кеткендирбиз. Азыр мен ушинтип элестетем. Бирок рух бешигимди жакшы эле билем. Ал кичинекей кезимде бирде көзүмдү бакырайтып, бирде коркконумдан бүрүшүп уккан жомокторум, кийин өзүнчө эле бир ажайып дүйнөгө ээрчитип кеткен окуган китептерим эле. Ошол рух бешигимдин бири Гүлсайра эженин чыгармалары болчу, мен анын рух бешигине канча жашымдан термеле баштаганымды билбеймин, бир билгеним – мен бүгүнкү күндө деле ошол бешикте термелип келем, мен сындуу канчалар термелип келет дейсиң…

Ушул рух бешигиме биринчи жолуккан күнүм күнү бүгүнкүдөй эсимде. Кызык, азыр ойлоп көрсөм, ошондо бирдеме чиймелеп жүргөн студенттердин ичинен бир кездеги “Кыргызстан аялдары” аттуу татынакай журналга макалаларды жарыялаган мен эле окшойм. Бул журналды мен кайдан таптым, эмне үчүн үстөкө-босток жаза баштадым − мен муну билбеймин. Анан да журналга жиберген макалаларымдын бирөө да жарыяланбай калган жок, баары тегиз жарык көрдү. Ошолордун бири “Ар дайым апам болсун” деген чакан публицистикам эле. Өзгөчө бир ариптер менен терилип, бир бетине толо чыккан. Азыр анын аталышын окуганда эле, апам көз алдыма бажырайып тартыла калат. Менин макалаларымдын баары Гүлсайра эженин колунан өтчү экен, мен аны эже менен биринчи жолуккан күнү билдим.

Бир күнү, негедир, жиберген макаламдын дайынын билгим келди (мурда минтким келчү эмес). Редакцияга барып бир бөлмөгө акырын баш баксам, эки эже сүйлөшүп отуруптур. Мен эмне кыларымды билбей, же кирип барбай, же чыгып кете албай туруп калдым.

-Кир, кире гой…−деп калды бири назик үнү менен. Бул Гүлсайра эже экен.

Мен аты-жөнүмдү толук айткыча болбой эле:

-Аа, айланайын, сени жакшы билебиз,−деди ал жадырай, – жазгандарыңдын баарын окуп жүрөм, жакында эле бир макалаңа кол коюп бердим, буюрса, кийинки санга жарык көрүп калат…

Мен сүйүнүп кеттим.

Жанындагы эже,-кийин билсем, журналдын башкы редактору экен,- балп эттирип эле бетке айткан жан экен:

-Мен да окудум,-деди жоон үнү менен. –Конкреттүү фактылар жокко эсе, жалпы сөз болуп калыптыр…

Сүйүнүп турган жаным бозоруп эле туруп калдым.

-Жалпы болгону менен ойлору жаңы, таза, тунук болуп жатпайбы,-деди Гүлсайра эже.

Тиги эже үндөгөн жок.

-Бара гой,-деди мага,-жакында окуп каласың макалаңды. Бизге дагы үзбөй жазып тур…

Мен коштошуп чыгып кеттим. Тиги эженин айтканы көңүлүмдү кичине чөгөрсө, Гүлсайра эженики көкөлөттү. “Ойлору жаңы, таза, тунук болуп жатпайбы…” Мен бул сөзгө анча деле түшүнгөн жокмун, бирок негедир сүйүндүм. Азыр да сүйүнүп отурам. Анткени мен поэтикалык жаңычылдыкты, дилдин тазалыгын дал ушул Гүлсайра эженин чыгармаларынан да таптым. Гүлсайра эже кыргыз адабиятында гүлсайралык поэзияны жарата алды, бул биз үчүн баа жеткис байлык эле. Токомбаевдик, алыкулдук, султановдук, өмүркановдук поэзия деген бар (айрымдарын гана айтып жатам), алардан айырмаланып, гүлсайралык поэзия да өзүнчө жаркып турат. Ал эми гүлсайралык поэзиянын чын эле гүлсайралык поэзия экендигин, анын көркөм-эстетикалык дөөлөтүн ачып берүү үчүн атайын изилдөөлөр зарыл, бул келечекте ишке ашат деген ойдомун, ага чейин мен байкагандарымдын айрымдарын өтө кыскача болсо да айтып берүүгө милдеткермин.

Гүлсайра эженин тематикасы өтө кеңири, бирок, ошентсе да, ал−жетесинде лирик акын. Мына, анын ташкындап аккан тоо суусундай таштан ташка тийип, ошол таштардын айласын алты кылып жаткансыган, буга кошуп сени да жиниктире артыңдан кууп келаткансыган “Табар белем…” деген ыры бар. (Бул ырдын обону да жаркын, аткаруучусу да жаркын). Акын нени жоготкон да, нени табууну эңсейт? Белгилүү да−бир кезде жалбырттатып көккө учуруп, анан көздөн кайым болгон махабатты да. Албетте, табат; албетте, абалкыдай жанат, атайлаппы, же байкамаксан болуппу, айтор, карайт. Бул−ырдын сырты, же үстүңкү катмары. Биз көбүнчө ушул сыртын, үстүн кабыл алып алабыз. Чындыгында, чыныгы көркөм чыгармада көзгө көрүнбөгөн, коңулда жаткан, бирок кандайдыр бир сыйкырдуу, сырдуу жол менен жүрөккө сайылган катмар да болот (муну айрымдар сезе бербейт). Акын ырында табарына ишенгенсип жатпайбы, биз да буга ынангансып отурбайбызбы. Бирок акын (лирикалык каарман дегенибиз), чын-чынына келгенде, эч нерсе таппайт, анткени көрүп турса да баягыны таба албайт, баягы баягындай эмес, баягыдай болоюн десе да боло албайт; буга кошул-ташыл лирикалык каармандын өзү да баягындай болбой жатпайбы, издегени баягындай жанып-күйсө да, ал баягындай кабыл ала албайт, ал эми бул−шор, трагедия, жүрөккө сайылган жебе.

Сөздөрдүн, жадагалса күн сайын колдонуп жатып барк-баасынан ажырап калган сөздөрдүн да (буга тыбыштарды да кошсок болот) мүмкүнчүлүгү чексиз жана табышмактуу болот, кыскасы, ар бир сөз казып бүткүс казына; эч бир сөздүк сөздөрдүн маанилерин толук камтый албайт, а түгүл сөздүктөгү (демек, кадыресе кептеги) бир маанилүү сөз миң, балким, андан көп мааниге ээ болуп кетиши мүмкүн. Муну чыныгы сүрөткер гана туя алат, ал гана сөздөгү ушундай касиетти ача алат, ошондо гана чыныгы көркөм туунду жаралат. Мына, биз күн сайын колдонуп жүрүп, ашмалтайы чыгып бүткөн “келдиңби?” деген сөз же сүйлөм бар, кадыресе кепте кийинчерээк көбүнчө кекетүү, зекүү сезимин билдирип, терс боёкчо алып бараткандай туюлат. Эми ушуга назар буруп көрөлү. Мен кичинекей кезимде атам экөөбүз айылыбыздагы сыркоолоп жаткан Сооронбай атанын (баатыр деп урматташчу айылдын баары) үйүнө дайыма эртең менен эрте ахыбалын сураганы барар элек, ал атамдын атасы (чоң атам) менен тең киши экен, ошентсе да атам: “Соке” дечү, бизди көрөрү менен: “Аа, келдиңерби,-дечү да, келинине буйрук берчү. -Балама момпосуйуңан бергин…” Ушул атабыз керебетке окшош жыгач текчеде жатчу, анан үзүлөр алдында: “Келдиңби… кой анда, мен түшүп берейин”-деп жердеги төшөккө жатып, узап кеткен дейт. Бул деле-өзүнчө көркөм чыгарма, анткени мында да “келдиңби…” поэтикалык мааниге ээ, мунун да сыры терең, бирок азыр биз буга токтоло албайбыз. Бизге бул жерде поэтикалык семантикасы боюнча Сооронбай атанын “келдиңбисине” жакын турган Момунованын “келдиңбиси” тынчтык бербей жатат. Ырас, экөөңдө тең кайрылуу жатат: биринчиси−баарыбыздын денебизди үркүткөн өлүмгө, ажалга; экинчиси−баарыбызды элиртип элжиреткен сүйүүгө, махабатка.

Ошентип, Гүлсайра Момунова “Келдиңби сүйүүм” деди, бирок, бир караганда, сүйүү кимдерге гана келбейт дейсиң, андыктан мындай собол коюуга мажбур болосуң: “Келдиңби, сүйүү” деп ким кара терге түшүп жатат? Ал боз уланга, же солкулдаган селкиге келген жок, буларга келсе, алар мынчалык айласы алты кетип, жан алакетке түшмөк да эмес, аларга болгону ысык аптапта беттен сылап өткөн желдей сезилмек. Сүйүү качандыр бир мезгилде алоолонгон махабатка кабылып, кандайдыр бир себептерден улам андан көңүлү кайт болуп калган, бирок, ошентсе да, аны тымызын, купуя күтүп жүргөн адамга (аялга) келип отурат. Сүйүүнүн кандай ары жок да жана ал кандай гана коркунучтуу: ал бир келип, көңүлүңдү кайт кылып кетсе да, өчү бардай кайра келип отурбайбы! Жүрөгү үшүп калган адам үчүн бул кандай коркунучтуу. Бирок сүйүү дегениң не деген бакыт – ал адамды эч качан таштап кетпейт, адамды эч качан жетим калтырбайт, акыретке узап кетмейиңче, ал сени жашылга бөлөп келе берет. Бирок, аттиң, сен канчалык  жашылга чөмүлүп отурсаң да, өзүңдүн баягы табигый жашыл курак-чагың калганбы? Акын ушуга бир сыздап−сыздап отурбайбы. Анан да акын айтып жатпайбы “бактыма келчи, шорума келбей кайрадан” деп, бирок мурункусу деле, ал чын эле сүйүү болгон болсо, ушундай эле таттуу эмес беле, баарынан да аны шорго айландырбай, сүйүү бойдон, бейиш бойдон кармап калуу акындын (лирикалык каармандын) өз колунда эмес беле. Чындыгында, сүйүү көрүнгөнгө эле келе бербейт, ал сүйүүнү туя-сезе билгендерге гана келет. Сүйүү- бул бейиш гана эмес, ал ушул эле маалда тозок да. Анткени сүйүүнү кармап калуу да, аруу бойдон сактап жүрүү да өтө кыйын, өзүнчө бир тозок. Ааламды аласалдырчу кудурет−күчүң болуп туруп, ушу тирүү бейишти−сүйүүнү−бапестеп сактап жүрүү колуңдан эмне үчүн келбейт болду  экен, адам баласы!.. Акын коңулда отуруп алып, көз жашын көлдөтүп, ушинтип канкакшап жатпайбы. Демек, “келдиңби” сөзү “сүйүү” менен айкаша түштү эле (бул айкаштыруу- акындын чеберчилиги, поэтикалык табылгасы) не деген кыйма-чийме, карама-каршы бир ажайып дүйнөгө туш болуп калдык: мында шектенүү, калтааруу, тымызын кубаныч, чочулоо, а түгүл коркунуч, айласын таппай кайпастоо, тишин бекем тиштеп алып, өзүнө өзү берген убада…, акырында, айтпаганга чарабыз жок, адамдык трагедия бар. Ушулардын баарын чокмороктоштуруп, жуурулуштуруп, байкуш “келдинби” өзүнүн жалгыз керт башында кармап турбайбы, бул аркылуу ушул “келдиңби” деген кадыресе эле сөздө не деген поэтикалык кудурет-күч жаткандыгын, анын түгөнгүс кенч экендигин Гүлсайра эжебиз кашкайта далилдеп отурбайбы. Эми “Табар белем…” өзүнүн дагы бир башка жүзүн көрсөтүп отурат: табасың, бирок өзүң баягысыңбы, ошол кайрадан тапканың баягыбы, ошол баягыңды төгөрөктүн төрт бурчун мыкчып турган жан−адам−болуп туруп, баягы бойдон кантип сактап калбадың экен! Адам болуу кандай кыйын, анын башына кандай жоопкерчилик үйүлгөн, же адамдын колунан келбеген, анын эркине, тилек−көксөөсүнө баш ийбеген башка балакеттер да барбы? Эгер бар болсо, ал эмне? Гүлсайра эженин поэтикалык табылгасы эңги-деңги болуп араң турган жаныбызды ушул суроого да түртпөй койбойт. Баса, “Келдиңби сүйүүмө” да керемет обон жаралган, аны керемет үнү менен ырчы кызыбыз аткарып жүрөт, ал ырдап жатканда “келдиңбидеги” жогоркудай жуурулушкан, чокмороктошкон поэтикалык семантиканы сезип-туюп турар бекен? “Келдиңбинин” жарыгы дагы көптөргө тиерине шек жок: жакында эле өзүнчө оригиналдуу обончу, аткаруучу Бек Борбиев “Келдиңби, элүү жаш, Келсең−бери бас” деп биресе муңканып, биресе манчыркап чыкпадыбы. Эми бул бөлүмүбүздү жыйынтыктайлы: сүйүү деле – куду адам сындуу жандуу керемет, бирок бир карасаң, экөө тең жансыз, аларга ким жан киргизет. Гүлсайра эже сүйүүгө жан киргизди, биз ушуга ыраазы болушубуз керек.

…Гүлсайра эженин жүрөгүңдүн толтосун сууруп алчудай болгон дагы бир обондуу ыры бар, мен “Тагдырганы” айтып жатам. Мында да сүйүүнү бир чырпып өтөт, бирок биз бул жерде ага тийишпейли, жогоркуларыбыз эле жетишет. Тагдырга ичи чыкпагандар көп эле болсо керек, а түгүл “тагдыр мынчалык таш боор белең”- деп жер сабап жүргөндөр деле бар эмеспи. Бирок ушулардын баарын чогултуп келгенде да, Гүлсайра эженин төмөнкү эле бир сабагы жүлүнүңдү сууруп алып жатпайбы: Жалгыз гана балдарыма тийбегин. Бул аруу да, армандуу да тилек бизди узак сапарга алып жөнөйт, анан барып эле… барып эле кыргыз жүрөгүнүн, пейилинин тике маңдайына туруп калабыз. Кыргыз жүрөгү менен пейилине туш келгенибиз ушул−биздин маңдайыбызда “алдыңа кетейин!” деген сөз-сүйлөм турган болот. Тилектердин тилеги, зоока-чокусу болгон ушул тилек-арман кыргыздардан бөлөк кайсы элде бар болду экен, бул тилекти биринчи жолу ким деген кыргыз айтты болду экен, муну кийинки компьютер баш кыргыз муундары айтышар бекен! Гүлсайра эженин кыргыз күзгүсүндөй болгон жогорку бир эле сабы бизди ушинтип жан алакетке салып коёт.

Кыргыз жүрөгү демекчи, кыргыз акындарынын ичинде эне тууралуу жазбаган эч ким жок десек болот. Албетте, анын баарында тең эле энеге деген сүйүү бар экенин танууга болбос, бирок ошолордун баарынан эле эненин бажырайган элес-образын көрө алабызбы? Мен бул соболду Гүлсайра эженин өтө жөнөкөй жазылган “Эриңди сыйла”деген ырынан улам коюп отурам. Мында эне кызына эрди сыйлоо жөнүндө акыл айткан болот. Үстүртөн караганда, баягы көнүмүш, кадыресе айтылган акылдай көрүнгөнү менен, баамдаган адамга эненин бүт ички дүйнө-ааламын аңтарып берет; ушунчалык бир көтөрүңкү, жайдары маанайдагы сөздөр колдонулуп жатса да, алардын артынан кызынын тагдырына кооптонгон, ушул кооптонуумдун  ылайым тилеги таш капса экен деп үрпөйө караган эненин, болгондо да кыргыз энесинин, байбичесинин башы кылтыйып чыгып турат; кыргыз энесинин алдейди эске салган доошун кадимкидей уккандай болосуң; мындай акылды кыргыз энеси гана айта алат деп сыймыктангандай, анан да көркөм чыгармалардагы кыргыз энелеринин элес-образдары кыргыз адабиятчылары тарабынан ачылбай келатканына өкүнгөндөй болосуң. Чындыгында, Ч.Айтматовдун Толгонайы- бул кыргыз энесинин бир ажайып көркөм элес-образы (а түгүл кыргыз энесинин дал эле өзү) го, ал эми Гүлсайра Момунованын энеси ошол кыргыз энесинин дагы бир дүйнөсүн ачып, Толгонайды толуктап отурбайбы. Муну биз, адабиятчылар, эл-журтка жеткирүүгө милдеткер эмеспизби…

Кайсы элдин кыз-келиндер поэзиясын албайлы, аны шарттуу түрдө төгүлүү поэзиясы деп атасак болот. Ушул сыяктуу эле бир төгүлүп-чачылып, бир бууркандап ыйлап, кайра бажырая күлүп чыга келбеген кыргыз акын кыздарын жолуктуруу кыйын, бирок ушулардын ичинен Гүлсайра эже акын аял катары өзгөчө бир поэтикалык духта төгүлгөнү менен көзгө түшөт. Ал кыздарга таандык болгон купуя төгүлүү дегенди элес албайт, ал ачыктан-ачык эле (бирок жылаңач эмес) төгүлгөнсүйт. Аялдарга мүнөздүү келген жана жарыша жашап аткандай көрүнгөн түртүлүү жана тартылуу сезимдери, тартылуу сезими күчтүү болуп турса да, эч бир сыр бербей, түртүлүү сезими менен гана жооп кайтарып туруп алганы, дал ушул үчүн орду толгус жоготууга учурап, өмүрдөн өксүп калуу тагдыры-бул аялдардын айыкпас дарты, мындай дартка чалдыгарын билип турушса да, алар буга барышат экен, кыскасы “бороонду эңсейт бул тентек, бороондо тынчтык барчылап”. Дал ушунусу менен алар−аялдар, дал ушунусу менен аларды аяп, көкүрөккө кысып өтүүгө милдеткербиз. Гүлсайра эженин “Сыр” аттуу ыры башында турган бир нече чыгармасын окуп отуруп, жогорудагыдай өзүнчө бир поэтикалык дүйнөгө кабыласың, бирок мен бул жерде кургак маалымат берүү менен гана чектелип, ошол ырлардагы поэтикалык касиет-кудуретти жеткире албадым, бул үчүн ырлардын өзүн окуш керек экен.

Өзгөчө төгүлүү, же сыр ачуу жагына келгенде, Гүлсайра Момунованын “Карааныңдан кагылайын, эркектер” аттуу ырын кыйгап өтүүгө мүмкүн эмес, буга окшогон жүрөктү бир селт эттирген сапты кезинде Мидин да жазган эле (“Карааныңдан кагылайын, Ала-Тоо”) да, мунун курулай сөз эмес экенин жүрөгүн барча-барча тилип туруп (“Качан жүрөк кагышынан танганда, бир тартылып өтүп кетер элесиң”) далилдеп, бизди азыркыга чейин дендароо кылып келет. Ушундан улам көркөм-эстетикалык дөөлөтү боюнча Ала-Тоо шедеври болгон бул ырды Г.Момунова турпат жагынан гана кайталап койгон эмеспи, Момуновада момуновалык бирдеме барбы деген суроо туулбай койбойт. Ырды окуп чыккан соң, Момунованын жалбаруусу өз алдынча поэтикалык маанай, сапатта өзүн актаганына ынанасың. Чындыгында, аялды аял кылып турган, аялдык даражага көтөрүп турган (“Алпечтеп сенин жумшак алаканың, Аялдар сени менен таалай тапкан”)−бул эркектер, андыктан эркектин жөн эле тирүү жүргөнүнүн өзү эле аялдар үчүн чоң олжо; аялдар үчүн эң чоң жоготуу, алаамат−бул эркектерден ажырап калуу, аларды жоготуп алуу, эл башына алаамат түшкөндө башын канжыгага байлап биринчи эркектер аттанат, эркек−аялдар үчүн бул жарык дүйнөнүн таянычы, ошол үчүн алар зор ишенич менен жер шарын эркектердин колуна карматкан. Эркек болуу кандай жоопкерчиликтүү, бирок аял болуу андан да кыйын. Ырдын текстинин коңулунда жаткан ушул поэтикалык ой жана бул ойду жараткан көркөм каражаттар өзүнчө бир талдоого муктаж, буга кийинчерээк атайы кайрылууга туура келет. Дегинкиси, мейли аялдар жөнүндө жазабы, мейли эркектер тууралуу жазабы, аялдардын аялдык табият-маңызын поэтикалуу ачып берүүдө Гүлсайра Момунованын өзүнүн татыктуу орду бар десек болот.

Анча элес албай окуган адамга Г.Момунованын ырлары бир ойду улам-улам кайталап жаткандай, ошол ойду жамактатып эле төгүп өткөндөй туюлушу толук ыктымал. Бул жерде бир акыйкатты атайы айта кеткибиз келет: чын-чынына келгенде, жамак−бул көркөм өнөрдүн башаты болуп саналат. Ырбы, же кара сөзбү, а дегенде (ой түрүндө чыгарма мурда эле бүткөн болот, же чыгарма башталбай жатып эле бүткөн болот, биз бүткөн чыгарманы кайрадан гана жараткан болобуз) ой ыргагын издөөдөн башталат, ой ыргагын табуу өтө кыйын, ансыз чыныгы көркөм чыгарма жаралбайт, мына ошол ой ыргагы жамак түрүндө келет, ошондуктан сен төгө баштайсың, жамактап төгүүдөн тайып кетүү, же токтотуп коюп, кийин бүтүрө коём деш-бул сүрөткердин өзүнө өзү кылган чыккынчылыгы, анткени сен жамагыңды табуу үчүн кайрадан төрөлүшүң керек. Бирок жамактатып төгүү деген-бул уйкаштырып  урдура берүү дегендик эмес (эгер мындай болсо, көркөм чыгарма жаралбайт), төгүп баратып кайсы бир жерден сокку урушуң керек, кайсы жерден (ортосунанбы, аягынанбы же башынанбы) өзүң деле жакшы билбейсиң, анткени сен өзүңө толук ээлик боло албайсың,−сен  үчүнчү дүйнөнүн-ошол учурдагы чыгармачылык процесстин−жетегинде каласың. Сокку ура билүү−бул чыгарманын да, сүрөткердин да бактысы, сокку көрүнөө да, көмүскө түрүндө болушу мүмкүн, кандай түрүндө болбосун, соккуну туя билүү окурмандын табитине, деңгээлине жараша болот. Соккуга кабылган соң, окурман үчүн баягы жамактатып жөн эле төгүп келаткандай көрүнгөн саптар (сөздөр) башка бир нурга, ажарга, же илимий тил менен айтканда, эмоциялык-экспрессивдик түскө, боёкчого ээ болуп калат (поэтикалык ой, табылга мына ушу жерде жаралат) да, сен чыгарманы кайрадан окууга мажбур болосуң.

Мына, Гүлсайра Момунованын “Эненин ыйы” деген 161саптан турган өтө көлөмдүү ыр кошогуна назар салып көрөлүчү. Акын бизге тааныш нерселерди төгүп жаткан болот: 7-апрель, ак үйдөн атылган ок, окко учкан жапжаш жигит, кан жутуп сыздаган эне, ушул эненин  баласына арнаган кошогу. Албетте, эненин жүлүндү какшаткан сыздоосуна биз кайдыгер карай албайбыз, бирок, ошентсе да, баарыбызга тааныш болуп калгандыктанбы, баягы эле да дегендей мамиле жасаган болобуз, ушинтип ойлоп жүрүп отурганда эле ыр кошоктун аяк жагында акын (муну ал өзү туйганбы, жокпу-билбейбиз) сокку урат:

Элим деп соккон жүрөгү,

Жигиттер кетип шейитке,

Ата-Бейит армандуу,

Айланды бала бейитке.

Болгону эки гана сөз айкашы: ата-бейит жана бала бейит. Генетикалык кан тамырыңды кыркып, сууруп алгандай болосуң, теңселесиң, озондоп ыйлагың келет, калчылдап коркосун, денең тоңот: бала бейит−бул эмне деген шумдук, бул эмне деген шор, акырында бул эмне деген поэтикалык табылга! Ата бейит – бул жаратылыштын айныгыс мыйзамы, ал атүгүл сыймыктуу да угулат, ал эми бала бейит дегенде, өзгөчө аны ата бейит бирге же анын ордуна колдонгондо, кайсы кыргыз баласынын денеси үркпөй коё алат дейсиң. Бул поэтикалык табылга тууралуу дагы тереңдетип айта берсек болмок, бирок биз төмөнкүдөй бүтүм менен чектелели: Чоролорунан ажырап жер муштап боздоп отурган (Мен Чубагымдан ажырадым, аяш ж.б) Манас атабыздын арман-кошогун дагы бир жолу эске салган “Эненин ыйы” ыр кошогунда селт эттирчү саптар көп эле, бирок эгер жогорудагы төрт сапты ырдын тулкусунан алып сала турган болсок, аталган ыр көркөм имарат катары урап түшөрү бышык. Деги эле чыныгы көркөм чыгарманын бардык жери жалаң эле жалтыраган, жүрөктү туйлаткан же сыздаткан саптардан (сөздөрдөн) тура бербейт, алар карапайым, а түгүл өөдүк-сөөдүк да келет; анан эле бир эле сөздүн же саптын (бул поэтикалык жаңылык, табылга) эсебинен башкача түс алып, Чолпон жылдыздай жаркырап чыга келет.

Гүлсайра Момунованын чыгармачылыгынын бир бөлүгүн арноо ырлары ээлейт экен, мындай көрүнүш айрым таланттуу акындарыбызда (А.Өмүрканов, Ф.Абдалова) да учурайт. Ушундан улам, мунун жеке инсандык, психологиялык жана коомдук−психологиялык себеп-өбөлгөсү барбы деп ойлоп кетем. Айталы, кээ бир сүрөткерлер өздөрү тааныбаган адам деле элдин атын чыгарууга татыган иш жасай турган болсо, ага ак дилинен бирдеме айткысы келе берет, бул−анын жеке инсандык, психологиялык касиети, “дарты.” Мындай сүрөткерлер ошол адамдар кандайдыр бир жылуу сөзгө муктаж болуп турганын сезимтал жүрөктөрү менен туюп турабы дейм. Эгер жылуу сөз уга албай калса, ага татыктуу адам кандай гана психологиялык алааматка туш болбойт дейсиң: алыс барбай эле Пушкин (Өзүмө өзүм эстелик курдум кебелбес…) менен Алыкулду (“Өлсөм дагы жара тээп мүрзөмдү, Буудан болуп таскак салып өтөрмүн”) алалычы, ыр саптарынан не деген армандуу кекенүүнү жолуктурбайсың. Биз чыгармачылык жаатындагы адамдарды гана алып жатабыз, чындыгында, бөлөк тармактагы көрүнүктүү инсандардын баары эле өз учурунда өзүнө татыктуу жылуу сөз угуп кетишкендигине ким кепил боло алат?

Ал эми бүгүнкү күнгө келсек, учурдагы коомдук-саясий, буга ылайык эмоциялык-психологиялык жагдайлар татыктууларга ашы менен болбосо да, кашы менен назар буруп коюуга чамасын келтирбей жатат, тескерисинче, бош челектер катуу калдырап жаткансыйт. Мына ушу жагдайды сезимтал акындардан бөлөк ким сезип туя алмак! Бирок арноо ыры маалымат берүүчүлүктөн, курулай мактай же жамандай берүү абалынан көтөрүлүп, эстетикалык касиет-дөөлөткө ээ болушу зарыл, ошондо гана ал көркөм туунду катары кабыл алынат.Бул үчүн ошол макталып жаткан адамдын элеси көз алдыңа тартылып, сенин мактооң ак дилиңден чыгып жатканы, табигый экендиги айкын сезилип, окурман да акын кейпин кийип, өзү мактап жаткандай сезимге кабылышы зарыл. Гүлсайра Момунованын көпчүлүк арноо ырлары анын кан тамырынан сызылып чыккандай, тексттин ары жагынан ыр арналган адамдын албеттүү элеси, анан да акындын ак дилинен тыбырчылап жаткан жүрөгү көрүнүп тургандай болот.

Жогоруда мен Гүлсайра эженин чыгармачылыгы тууралуу үзүл-кесил гана кеп кылдым, бирок, ошентсе да, анын поэтикалык ойлору, табылгалары бу баш-аягы жок дүйнөнүн купуя сырлары; адам тагдырынын табышмактуу кырлары; бул жалганда баарынан сырлуу, табышмактуу келген көркөм дүйнөнүн касиети жөнүндө ой калчоого мажбур кылып отурат. Бул болсо Г.Момунованын чыгармачылыгы өтө кылдат, аяр жана атайын изилдөөгө муктаж экендигин дагы бир жолу тастыктап турат. Чындыгында, кайсы бир илимпоз сенин көркөм дүйнөңдүн, поэтикалык дараметиңдин дурус жана буруш жактарын колунан келишинче толук ачып бере алса, сен анын изилдөөсүн окуп, ой жүзүндө болсо да аны менен талашып-тартышып отурсаң−бул ушуга чейин алган сыйлык, наамдарыңдын баарынан жогору эмеспи. Менимче, чыныгы сүрөткердин, анын ичинде Гүлсайра эженин да, бул жашоодон күткөн эң сыйлуу белеги ушул болсо керек.

Көңүлүң чөгүп, көөдөнүң кирдеп турганда, Гүлсайра эженин кайсы тематикадагы ырын окубагын, негедир сергек тартып, көңүлүң ачыла түшкөндөй болот экенсиң. Мунун сыры акындын адамдык да, акындык да дилинин тунуктугунда, сенин жүрөк мээңди тызылдатып, баш мээңди кыймылга келтире алгандыгыңда, дал ушунусу менен өзүңө билдирбей бешикке бөлөп, акырын, жай термете баштагандыгында жатат. Дагы канча муун Гүлсайра эженин көркөм, дил жана да акырында рух бешигине термелип өсөр экен. Ушинтип ойлонот экенсиң да, өз оюңа өзүң кубанат экенсиң…