«Жаш толкун 2022» II республикалык конкурсунун шарттары
- Конкурска катышуунун шарттары:
- Конкурска Кыргыз Республикасынын жарандары тарабынан жазылган кыргыз тилиндеги поэтикалык чыгармалар кабыл алынат.
- Конкурска 18 жаштан 35 жашка чейинки (35 жаш кошулат) акындар катыша алышат. Катышуучулардын жаш курагы катышууга арыз берген учурда (электрондук почта же кадимки почта менен жиберилген датага карата) белгиленет.
- Конкурска катышуу үчүн авторлор конкурстук иштери менен катар өзү тууралуу маалымат камтыган билдирмени 2022-жылдын 15-июнуна чейин тапшырышы керек.
- Конкурстук арыздардын берилиши:
- Электрондук почта аркылуу (tursunbekov@gmail.com адресине «Конкурска» деген белги менен);
- Кагазга түшүрүлгөн варианттар болсо (басма текстин) Фонддун Бишкек шаарындагы дарегине алып келүүсү шарт.
Фонддун дареги: Кулиев көчөсү № 2, почта индекси 720010.
Сурап-билүү үчүн телефон: 0312 658-658, 0557 27-23-07.
- Конкурска катышуу үчүн автор арыз толтуруп, ага кошумча 2 файл тиркейт:
- конкурстук чыгарма (поэзия)
- катышуучунун сүрөтү.
- Плагиаттык, ачык айтылган уят сөздөрдү камтыган, ошондой эле улуттар жана диндер аралык араздашууну козуткан жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келген чыгармалар конкурска кабыл алынбайт.
- Чыгарманы конкурска жиберген адам ырлардын авторлугу аныктыгына жооп берет.
- Уюштуруучу конкурстун шарттарына жооп бербеген ырларды эсепке албайт.
- Конкурстук чыгармаларды каттоого коюлган талаптар
- Конкурска катышуу үчүн авторлор тарабынан берилген чыгармалар 5тен (беш) ашпаган ырлар болушу шарт.
- Конкурска поэтикалык чыгарма аныктамасына жооп берген, түркүн жанрдагы поэзия чыгармалары кабыл алынат. Проза түрүндөгү ырлар жана котормолор кабыл алынбайт.
- Конкурска сунуш кылынган чыгармалар төмөндөгүдөй форматта кабыл алынат:
- текстик редактор WORD
- шрифт Times New Roman
- 14 кегль
- интервалы 1,5
- Электрондук форматта жиберилген арыздар төмөндөгү эки форматтын биринде болууга тийиш: WORD же PDF (же JPG).
- Конкурстук комиссия
- Катышуучулардын чыгармаларын баалоо үчүн Уюштуруучу 5 (беш) адамдан турган, анын ичинде 4 (төрт) адам мүчө жана Конкурстук комиссиянын төрагасынан турган Конкурстук комиссия түзөт.
- Конкурстук комиссия ушул Жобонун негизинде иш алып барат жана конкурстук иштерди баалайт, ошондой эле конкурстун жеңүүчүлөрүн аныктайт.
- Конкурстук чыгармалар конкурстун уюштуруучулары тарабынан катталат жана калыстар тобуна автордун аты-жөнүн көрсөтпөй катталуу номерлери боюнча берилет.
- Конкурстук комиссиянын ар бир мүчөсү чыгарманы баалоодо тиркелген формадагы рейтингдик таблица менен иш алып барат.
- Конкурстун этаптары жана мөөнөттөрү:
- Тандоо этабы: конкурстук чыгармалар – 2022-жылдын 25-апрелинен 2022-жылдын 15-июнуна чейин кабыл алынат.
- Баалоо этабы: конкурстук чыгармаларды окуп чыгуу жана баалоо – 2022-жылдын 15-июнунан 22-июнуна чейинки убакытта ишке ашырылат.
- Конкурстук чыгармаларды баалоо эки этап менен жүргүзүлөт.
- Биринчи этабында төмөндөгүлөр бааланат:
- Поэтикалык форманы билүүсү, тили жана техникалык чеберчилиги (рифманын, калыптын, стилистиканын оригиналдуулугу);
- Кыргыз тилинин нормаларын сактоосу;
- Таасирдүүлүгү, образдардын айкындыгы, маңызы, жаңычылдыгы (ой-толгоону чагылдыра билүүсү).
- Биринчи этапта баалоо 5 баллдык системада үч критерий боюнча жүргүзүлөт. Катышуучуларга калыстар тобунун мүчөсү тарабынан коюлган максималдык баа 15 баллды түзөт, жалпы максималдык баа 75 баллды түзөт.
- Уюштуруучу рейтинг баракчаларын текшерип чыгып Калыстар тобунан эң жогорку суммардык балл алган конкурстун 10 финалистин аныктайт.
- Биринчи этаптын финалистери (10 акын) «Акун Ысык-Көл» пансионатынын базасында өтүүчү 4 күндүк поэзия фестивалына жолдомо алышат.
- Биринчи этаптын жыйынтыгы фонддун социалдык тармактагы баракчасында жана КР Улуттук жазуучулар союзунун интернет баракчасында жарыяланат.
- Поэзия фестивалы
- 4 күн (1 июль – 4 июль) аралыгында КР Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы жана чакырылган тажрыйбалуу акындар жаш акындар менен иш алып барат.
- Конкурстун жеңүүчүсүн аныктоо үчүн финалисттерди баалонун экинчи этабы болот:
- 1-кунү катышуучу тарабынан сынакка жиберилген 5 ырдын арасынан экини жана Чыныбай Турсунбековдун калемине таандык бир ырды көркөм окуп берүү.
- Көркөм окуунун баалоо критерии:
- ырды окуудагы таасир берүү чеберчилиги.
- Баалоо 5 баллдык системада жүргүзүлөт. Катышуучууга калыстар тобунун мүчөсү тарабынан коюлган максималдык баа 5 баллды түзөт, ал эми жалпы максималдык баа 25 баллды түзөт.
- 2-күнү Конкурсттук комиссия тарабынан финалисттерге бир күн мурун белгилүү бир темада чыгарма жаратуу боюнча тапшырманын негизинде жазылган ырды окуп берүү:
- 2-чи тапшырманын баалоо критерийлери:
- Берилген теманы чагылдыруунун оригиналдуулугу;
- Поэтикалык форманы билүүсү, тили жана техникалык чеберчилиги (рифманын, калыптын, стилистиканын оригиналдуулугу).
- Катышуучууга калыстар тобунун мүчөсү тарабынан коюлган максималдык баа 10 баллды түзөт, ал эми жалпы максималдык баа 50 баллды түзөт.
- Эки тапшырма боюнча максималдык баа 75 баллды түзөт.
- Уюштуруучу экинчи этаптын рейтинг баракчаларын текшерүүдөн өткөрүп, Конкурстук комиссиянын эң жогорку баллын алган катышуучуну конкурстун жеңүүчүсү катары аныктайт. (Гран-при – Чыныбай Турсунбеков атындагы премия). Калган катышуучуларга кызыктыруучу сыйлыктар тапшырылат.
- Уюштуруучу, Төрага жана Конкурстук комиссия мүчөлөрү жеңүүчүнү тастыктаган конкурстун жыйынтыктоочу протоколун түзөт.
- Жеңүүчүнүн аты-жөнү конкурстун жыйынтыгын жарыялоодо жана сыйлоо аземинде гана ачыкка чыгат.
- Жеңүүчүлөрдү жарыялоо жана сыйлоо
- Конкурстун жыйынтыгын жарыялоо жана жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи Ысык-Көлдүн жээгинде «Акун Ысык-Көл» пансионатында өтүүчү поэзия фестивалынын алкагында өткөрүлөт.
- Конкурстун жыйынтыгы боюнча жеңүүчү Чыныбай Турсунбеков атындагы премия менен сыйланат .
- Конкурстук сыйлык фонду 200 000 сомду түзөт:
- Чыныбай Турсунбеков атындагы премия – 100 000 сом;
- Кызыктыруучу сыйлыктар -100 000сом:
- “Жылдын ачылышы” номинациясы;
- “Чыгармачыл тапкычтыгы жана өзгөчөлүгү үчүн” номинациясы;
- “Мыкты дебют” номинациясы;
- “Мыкты лирикалык ыр”номинациясы;
- “Мыкты жарандык ыр” номинациясы;
- “Мыкты сүйүү лирикасы” номинациясы;
- “Теманы чагылдыруунун оригиналдуулугу” номинациясы;
- “Көрүүчүлөрдүн тандоосу” номинациясы.
- “Калыстар тобунун атайын сыйлыгы”
- Ошондой эле Чыныбай Турсунбеков атындагы премияны жеңип алган жаш акын Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзуна мүчөлүккө алынат.
- Конкурстун финалисттерине дипломдор тапшырылат