Тоолор улам бизден алыстаган сайын бийик көрүнөт
Касым Тыныстановго 120 жыл
Адамзат жашоосунда бардык эле адамдын тагдырына “биринчи” болуу шыбагасы тие бербейт. “Биринчи” болуу кокустукпу, зарылдыкпы, мыйзам ченемдүүлүкпү? Ырасында бул суроого оңой-олтоң эле “мынакей”, “мындай” деп так кесе жооп бере коюш да мүмкүн эместей көрүнөт. Анан калса “биринчилик” да салыштырмалуу нерсе го. Бирок да “аксиомага” айланган, эч бир кынтыксыз, талашсыз, “биринчилердин” бардыгы да чындык! Аны канча мезгил өтсө да тана албайсың, төгүнгө чыгара албайсың. Биринчиби, биринчи!
Кыргыз элинин тарыхый – коомдук өнүгүүсү менен эриш-аркак жаралып, анын тагдыр – таржымалынан ажырагыс болуп чырмалышып калган, канча мезгил, кылым өтсө да “биринчи” деген эпитет менен ысмы сыймык менен аталып, түбөлүк жашаган ошондой атуулдарыбыздын бири – быйылкы жылы 120 жылдыгы белгиленип жаткан Касым Тыныстанов.
Октябрь революциясынын жарык нуру чачканда 0,4% гана сабаттуулары болгон кыргыз элинин сабаты ачылып, башка улуттар менен катар илим – билимге, маданиятка ээ болсун деп, өзүнүн жеке билим көрөңгөсүн зарптап биринчи “Эне тил” китебин жазган Касым Тыныстанов болду (Еne tilibiz. 1928 morfologiasi – 1934).
“Мына, ушул кезде кыргыздын болочоктогу көрктүү 1 – адабыйатына биринчи кадам таштагандар Касым менен Сыдык болду. Кыргыздын көрктүү адабияты жарыкка чыгышы ошондон башталат. Белгилүү, кыргыздын өзүнө арнаган жазуу, сызуусу болбогон соң булар: бири – Сыдык татарча, Касым казакча жазды” (Даутов К. Элдик сынчыл ойлордон эстетикага – Б.: 2015 – 74-б.)
“Суроо: Көркөм котормону эң биринчи баштаган кимдер эле?
Жооп: Эң эле биринчи баштаган Касым Тыныстан уулу. 1922 – жылы атактуу тамсилчи Крыловдун “Ийнелик менен кумурска” дегенин которду. Башка түрк элдеринин өкүлдөрү муну Тыныстановдукундай көркөм которо алган жок. 1924 – жылы өкмөттүн тапшыруусу боюнча Касым Тыныстан уулу “Интернационалды”, “Жаш Гвардияны”, “Аза маршын”, “Жаш турнаны” которду”. (Хусаин Карасаев “Миң түркүн суроого миң түркүн жооп” – Бишкек. – 1998. – 121 – б.)
Кыргызстанда эң эле биринчи профессор деген илимий наамды да алган Касым Тыныстанов. Бул тууралуу анын шакирти Х.Карасаев “эң эле биринчи жолу кыргыздардан 1935 – жылы “профессор” деген наамды Касым Тыныстан уулу алды. Тилекке каршы, анын үзүрүн көрбөстөн 1937 – жылы камалып, атылып кетти” деп эскерет. (Хусаин Карасаев жогорудагы китеби, – 260 – б)
“Касым Тыныстанову принадлежит первый школьный учебник по киргизской словестности – “Книга чтения” (1924 г.) труды по грамматику киргизского языка (1927-1936 гг.), К.Тыныстанов первым исследовал структуру родного языка, создовал алфабит и грамматику, писал учебники, сочинял стихи и пьесы, искал, ошибался, признавал и пытался преодолет. Сам был признан при жизни, пользовался большим авторитетом в науке”- деп эскерет К.Тыныстановду Кыргызстандын дагы бир белгилүү окумуштуусу С.В.Плоских (“Две страницы репрессированной культуры Кыргызстана “-Б.:-2001).
Мына ушундай бардыгынан “биринчи” болгон Касым Тыныстанов деген феномен кандай киши болгон? Убагында анын замандашы, шакирти болгон, кыргыздын дагы бир тагдыры татаал алгачкы илимпоздорунун бири Зыяш Бектенов жогорудагыдай суроо коюп жазган эскерүүсүнөн кыскартып, эске сала кетүү зарылдыгы бардай. (Бүгүнкү интернет караган жаштар үчүн пайдалуу болот деп эсептейм).
“Касым Тыныстанов 1901 – жылы 10 – сентябрда касиеттүү Ысык Көл кылаасында, Чырпыкты кыштагында, кедей үй – бүлөдө төрөлгөн.
Атасы Тыныстан араб тамгасында анча-мынча окуп, кат сабаты жоюлган (жоюлган эмес ачылган дегенибиз туура болот – Л.Ү.) адам болгондуктан, Касым 7 жашка чыкканча эле араб – тамгасында окуу – жазууну үйрөнүп койгон. Андан кийин Касым Байсорун кыштагындагы (азыркы Ананьева) сарт мектебинде үч – төрт жылы окуйт да, 1912 – жылы Касымды атасы Тыныстан Каракол шаарындагы орус – тузем мектебине орноштурат. 1916 – жылга чейин Касым ал мектептин үчүнчү классын орус тилинде бүтүрөт.
1916 – жылы үрккөн эл менен бирге Касым да Кытай жергесине барып, эл көргөн азапты көрүп, башынан өткөрөт.
1918 – жыл “Ак падыша кулаптыр” дегенди угуп, ошол эле жылы эл менен Көлгө кайтып келет.
1919 – жылы Каракол уездинде милициянын уезддик начальниги болуп турган Садыбакас Ысмаилов деген таякесинин жардамы менен Ташкентке окууга келип, андагы казак – кыргыз институтуна кирет. Ошондо он сегиз жашта болгон.
1919 – жылдан баштап, Касым ошол кезде Ташкент жана Алма – Ата шаарында казак тилинде чыгып турган “Ак – жол””, “Учкун”, “Тилчи”, “Өрүк” аттуу газеталарга ырлар жазып турат. “Кыт” деген ылакап ат менен да чыгып турган.
Касым Тыныстанов казак, кыргыз эл агартуу институтунда казак тилинде окугандыктан, 1920 – 1921 – жылдары алгачкы жазган он эки ырын казак тилинде жазган.
1922 – 1924 – жылдардын аралыгында жазган он сегиз ыры менен, “Жаңыл Мырза” аттуу поэмасын кыргыз тилинде жазган. Касымдын 1921 – 1924 – жылдары жазган ыр – поэмасы 1925- жылы Москвадан “Касым ырлар жыйнагы” деген ат менен басылып чыккан.
Касым ошол кезде Ташкент шаарында чыгып турган “Чолпон” жана “Жаш кайрат” аттуу журналдардын да редакциясынын мүчөсү болот.
Туркестан Республикасынын Советинин ХII съезди 1924 – жылы январда Эл агартуу комиссариятынын доклады боюнча төмөндөгүдөй чечим кабыл алат:
“Советтик окуу китеби жана адабияты таптакыр жок элдер, кара кыргыздар жана таранчылар үчүн окуу китептерин жана окуу куралдарын ошол элдин тилинде басып чыгарууга киришилсин”.
Ушул токтомдун негизинде кыргыздын башталгыч мектептеринин окуу куралына арнап, Касым туңгуч “Окуу китебин (“Эне Тилин”) жазат”. (Зыяш Бектенов. Касым кандай киши эле. Китепте: Касым Тыныстан уулу. Б.; – 1991. 5-9-бб).
Жогорудагы маалыматтарга кошумча К.Тыныстанов 1925–жылдын август, сентябрь айларында “Эркин – Тоо” газетасына редактор болгон экен. 1930 – 1933 – жылдары Кыргыз драма театрында директор болуп иштейт. Нак ушул мезгилде “Академиялык кече” деген пьесаларды жаздырууну уюштурат.
Зыяш Бектеновдун жогорудагы эскерүүсүнөн К.Тыныстановдун чыгармачылык ишмердүүлүгүнө байланыштуу дагы бир олуттуу маселеден кабардар болобуз.
Кыргызстан Обком партиясынын биринчи катчысы болуп келген Марс Белоцкий менен сөз табышып, пикири келишкенден кийин (ортодо К.Тыныстановду ага ушактай койгондору да болгон экен-Л.Ү.) Касым шымаланып ишке киришет. Белоцкий менен кеңешип отуруп, кыргыздын улуу жомогу “Манасты” орус тилине которуп, бастырып чыгарбасак, аны дүйнө элине тааныта албайбыз,- деп аны ынандырып, “Манасты” орус тилине которууга 80 миң сом акча Кыргыз Республикасынын бюджетинен бердирет. Ошондон кийин “Манастын” чоң казатын орусча чыгаруу үчүн анын тексттерин 5-6 киши (Касым, Карасаев, Узакбай Абдукаимов, Саманчын Тазабектер) сапма сап котормосун иштешет” (Зыяш Бектеновдун жогорудагы эскерүүсү.- 13 -б).
Урматтуу окуучум, бул жерде кыргыз элинин маданий улуу кенчи болгон “Манас” эпосун башка элдерге таанытуу, жайылтуунун биринчи демилгечиси да Касым Тыныстанов болгону баамыбызга урунат. Бул демилгенин акыбети кайтып, “Чоң казат” орус тилине которулуп, ал томго К.Тыныстанов редактор болуп, баш сөзүн жазган экен. Тилекке каршы 1938-1939 – жылдары Касым камалып кеткендигине байланыштуу чыкпай калган.
Котормо Улуу Ата Мекендик согуштан кийин 1946 – жылы чыгат да “анын котормосунун редактору К.К.Юдахин болуп, баш сөзүн жазган Жакишев жана Мазалыков болуп чыкты”. (З. Бектенов – 14.б).
Кыргызстандын жазуусун араб алвабитинен латын алфабитине өткөрүүнүн демилгечиси болуу менен Советтер Союзундагы түрк элдери биринин адабиятын бири окуп, маданияттар аралык жакындашууда да латын алфабитине өтүү зарылдыгын негиздеп, 1926 – жылы Баку шаарында өткөн Түркология съездинде латын алфабитинин өзү түзгөн долбоорун дагы биринчи сунуштаган Касым Тынстанов болгон экен.
Ошентип өз мезгилинде карама- каршылыктуу өтө татаал тагдырды башынан өткөрүп, элинен эрте ажырап, “Эл душманы” деп акыйкатсыз атылып кеткен Касым Тыныстановдун элине жасаган опол тоодой эмгеги бүгүн сыймык менен эскерилип, анын артында калтырган адабий мурасы азыр аздектелип окулуп, илимпоздор тарабынан тыкыр, ар тараптан иликтенип жатканына да шүгүр дейли.
Касым Тыныстановдун өмүрү, чыгармачылыгы, чыгармалары боюнча узак жылдар коомчулукта сөз болбой, чыгармалары “капаста” камалып келсе да ХХ кылымдын 80 жылдарындагы М.Горбачевдун “Кайра куруу, жаңыча ойлонуу” программасынын жагымдуу желаргысынын натыйжасында акын – жазуучунун калеминен жаралган адабий мурастары калайыктын калың катмарына жетип, анын өзү, чыгармалары боюнча олуттуу ойлор айтылды. Чыгармалары кайрадан түзүлүп, жарык көрдү. “Эне Тилибиз”, “Кыргыз тили” деген баа жеткис мурасы латын арибинде Түркия мамлекетинин көмөк көрсөтүүсүнүн натыйжасында 90 – жылдарда басылып Кыргызстанга келди. 1996 – жылы КРнын ИУА мүчө – корреспонденти, филология илимдеринин доктору, профессор Токтосун Акматов тарабынан “Кыргыз тилинин морфологиясы” (5 – жана 6 – жыл үчүн тил сабактары) деген китеби “Касымдын алфабитинен” бүгүнкү алфабитке оодарылып, элине кайрадан тартууланды. 2001 –жылы К.Тыныстановдун “Алгачкы эмгектер” деген аталышта китеби чыкты.
1991 – жылы “Касым Тыныстан уулу” деген аталыш менен автордун чыгармалары жарык көрсө, “Капастан чыккан ырлар” деген китепче Омор Соороновдун түзүүчүлүк асыл эмгегинин натыйжасында, баш сөзү менен 2004 – жылы жарыяланды.
Мына, быйылкы юбилейлик жылда Касым Тыныстановдун адабий мурасын, өмүрү, чыгармачылыгына көңүл буруп, улам жаңы маалыматтар, изилдөөлөр менен Касым Тыныстановдун инсандык, чыгармачылык бейнесин толукташып, Касым – феноменинин ар кыл кырын ачып беришкен замандаштары, улуу аалымдар Хусаин Карасаев, Зыяш Бектенов агайларыбызга терең ыраазычылык билгизип, таазим кылып, эскере кеткенибиз оң. Акындын чыгармачылыгы боюнча омоктуу сөз айткан андан кийинки адабиятчыларыбыз: О.Сооронов (“Үлгү башат” макаласы китепте: Касым Тыныстанов “Капастан чыккан ырлар” – 2004), А.Эркебаев “Жаңы маданиятыбыздын көч башы” (китепте: Касым Тыныстан уулу. Б.:-1991), С.Жигитов “Касымдын акындык өнөрү” (Китепте: Кечээкинин сабактары, бүгүнкүнүн талаптары”-Ф.:1991), Касымдын иниси Ч.Джаныбековдор “Касым Тыныстанов: жизнь и творчество”. Б.:-2003) жазуучунун чыгармачылык өзгөчөлүктөрүн, акын жашаган доорундагы карама-каршылыктарды акын жашаган мезгил менен тыгыз байланышта кыйла эле тыкыр иликтешип, өз сөздөрүн айтышты. (Кызыккан окуучулар көрсөтүлгөн адабияттарды таап, окуп алат деген ойдомун).
Тээ эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарында мен дагы элдик дастан “Жаңыл мырза” боюнча ой толгоп, көркөм сөз өнөрүндөгү Жаңыл мырзанын жаңы өмүрү туурасында сөз көзгогонумда, К.Тыныстановдун “чырдуу” “Жаңыл мырза” поэмасына да токтолуп, пикир айткан элем (караңыз: “Жаңыл мырзанын” жаңы өмүрү” (китепте Л.Үкүбаева. Азыркы кыргыз адабиятынын арымы.Б.:-1995). Мени адабиятчы катарында кубанткан көрүнүш К.Тыныстановдун чыгармачылыгы, чыгармалары тууралуу илимий изилдөөлөрдүн аягы үзүлбөстөн, тескерисинче бүгүнкү күндө демдүү өнүгүп, акындын чыгармачылыгына байланыштуу жаңыча ойлор, көз караштар айтылып жаткандыгы. Эмесе алардын айрымдары менен тааныштыра кетейин.
Касымдын жазуучулук тагдырын ташпишке салган чыгармаларынын бири анын “Академиялык кече” деген аталышта жарык көргөн драмалар топтому болгону азыркы күндө бардыгына маалым. Ушул чыгарма кандайча жаралып калгандыгы, аны алгач элдин кандай кабыл алгандыгы, кийинки тагдыры боюнча Касым Тыныстановдун замандашы, калемдеши аалым Х.Карасаевдин минтип жазып кеткени бар.
“Суроо: “Академиялык кече” деген эмне, аны кимдер уюштурган эле?” деген суроо коет.
“Жооп: 1932-жылы Тил-Адабият институтунда Касым Тыныстанов, Хусеин Карасаев, Касымаалы Жантөшев, Ажыйман Шабданов иштей турган. Мына ошондо Касым Тыныстанов-“жигиттер, менин башымда бир идея туулду. Ал идея – үстөмдүк кылган тапка искусство кандай кызмат кылды? Тагыраак айтканда искусствону үстөмдүк кылган тап кантип пайдаланды? Мына ушуну көрсөтүү үчүн пьесалар жазсак. Кыргыз театрын бир айга арендага алып, оюндар көрсөтсөк” деди. Бардыгыбыз макул болдук. Четтен башка адамдарды да тарттык.
Ошентип, пьесалар жазылып бүтөт. Оюнду эл алдында коюучу мезгил да келип жетет. “Оюн башталаар алдында облусттук партия комитетинин бюро мүчөлөрүн бүт чакырдык. Оюн башталарда Касым Тыныстанов жарым саатча түшүнүк сүйлөдү. Оюн башталды. Көрсөткөн оюнубуз өтө жандуу өттү. Катышкандар өтө жылуу кабыл алды. Мындан ары көрсөтүлө берсин деген чечимге келишти”
“Бир нече жума өткөндөн кийин эле “Правда” гезтине Касым Тыныстановду “улутчул” деп айыптап, кичинекей эле кабар чыкты. “Шап кетти”, мына ушундан башталды окшойт, удаалаш эле “Кызыл Кыргызстан гезитине үзүктөй макалалардан төртөө чыкты.” “Ошондон кийин бардыгыбыздын тымтыракайыбыз чыкты” (Хусеин Карасаев. Миң түркүн суроого, миң түркүн жооп.-Б.:1998,21-22- бб.). Сталиндик репрессиячыл саясаттын кара туманы басып турганда “кылдан кыйкым табууга” жан үрөп далалат жасаган айрым бир социалдык-вулгаризатордук сындын өкүлдөрү тарабынан Касымдын аталган драмалык чыгармасы эле эмес, бүтүндөй лирикасына, “Жаңыл мырза” поэмасына да көө жабылат. Бул туурасында белгилүү сынчы Кадыркул Даутов өзүнүн “Элдик сынчыл ойлордон эстетикага” (Б.:-2015) аталышындагы фундаменталдуу изилдөөсүндө кең- кесири сөз кылат. Маселенин тамыры Касымдын ырларынын жөнсөктүгүнөн эмес, тескерисинче “Касым Тыныстан уулунун кийинки ырлары “абдан сулуу жазылганы-тилдин күчү” экенин таанышканынан (Базаркул Данияр уулу-Л.Ү), ошол эле учурда Касымдын улуу талантына көрө албастык, ичи тардык мамиледен (А.Убуке уулу, М.Дөгдүр –Л.Ү.) улам болгондугун ошол мезгилдеги сындын абалын, табиятын, максат-мүдөөсүн деталдуу иликтөө менен жогорку илимий-теориялык деңгээлде ачып берген.
Чын чынына келгенде К.Тыныстанов “Академиялык кече” драмасынын өзү жазган “Көз көргөндөр” бөлүмүн ошол мезгилдеги социалисттик идеологияга ылайык эле турмуш чындыгын пролетардык-таптык позицияда сүрөттөптүр. Бекеринен Т.Сыдыкбеков автордун позициясына, чыгарманын духуна карап, “Академиялык кечелерди” “пьеса – баштан аяк азаттык үчүн болгон күрөшкө арналган кыпкызыл чыгарма” деп мүнөздөбөсө керек. (Сыдыкбеков. Табылга. Б.:-1999.-399-б).
Мурун кийин К.Тыныстановдун “Академия кечелери” (оригиналында чыгарма “Кыргыз искусствосунун тарыхына арналган академиялык үч кече” деп аталат-Л.Ү.) көптөгөн жылдар бою улуттук адабият таануу илиминде атайын изилдөөнүн объектиси болбой келди. Анын объективдүү себеби эле, жазуучунун чыгармаларынын идеологиялык машиненин барасында калгандыгында болду. Бирок да кийин, бөтөнчө эгемендүү эл болуп, өзүбүзчө түтүн булаткан жылдан баштап, “унутулган адабиятка” кайрадан көңүл олуттуу бурула баштаганда “Академия кечелерине” да күндүн нуру тийди. Бөтөнчө бул жагдайда драматургия жанрынын табиятынын билерманы, адабиятчы Советбек Байгазиевдин изилдөөлөрү көзгө толумдуу болгонун эске ала кеткенибиз туура болор. Автордун “ХХ кылымдагы кыргыз драматургиясынын тарыхы” аттуу фундаменталдуу изилдөөсүндө Тыныстановдун аталган пьесасы терең изилденди. Айрыкча изилдөөчү автордун тарыхый инсандардын образын жаратып, (М.: Шабдан баатырдын) мүнөз өзгөчөлүгүн ачуудагы чеберчилигин терең изилдеген. Пьесаны саясий- тематикалык планда изилдебестен, анын эстетикалык кунарын ачып берүүгө көп күч жумшаганы изилдөөнүн салмагын арттырган десем жаңылышпайм. “Касым Тыныстанов кыргыз драматургиясында мурда болбогон жаңы саамалыкты –кыймыл- аракетти уюштуруунун бөлөкчө сюжеттик- композициялык түрүн киргизген (аталган эмгеги-246-б), “К.Тыныстанов кооз, түз сызыктуу декломацияларды саймедиреген агитатор эмес, көркөмдүүлүктүн жол-жоболору менен кыска жана нуска сахналар, таасирдүү курулган драмалык речь менен иштөөгө аракет кылган сүрөткер экени билинет” (247-б). “Академия кечелеринен” улам идеологиялык жактан өтө татаал, тарыхый-тарчылык мезгилдеги Касым Тыныстановдун инсандык жалтанбас батылдыгына жана курчтугуна баа бербей кое албайбыз”. С.Байгазиевдин бул пикири пьесадагы Шабдан баатырдын образын түзүүдөгү жазуучунун чеберчилигине байланыштуу айтылган. Бул пикирди дагы толуктасак, С.Байгазиев падышалык заман мезгилиндеги Шабдандын карама-каршылыктуу монументалдуу элесин жараткандыгын “К.Тыныстановдун художниктик жана граждандык эрдиги болгон” деген баасын берген ( 257-б).
Мен макаламды “Тоолор улам бизден алыстаган сайын бийик көрүнөт” деп бекеринен атабадым. Касым Тыныстановдун бизге калтырган көркөм мурасынын барк-баасы, эстетикалык нарк-насили улам жылдар өткөн сайын окуучуну өзүнө тартып, улам кийинки окурманынын, изилдөөчүлөрдүн бүйүрүн кызытып турушу бүгүн далилденип калды. Мына ушул айткан пикиримдин бир далили катары 2020-жылы жарык көргөн адабиятчы Искендер Жумабаевдин “Алгачкы кыргыз прозасындагы көркөм мезгил жана мейкиндик” деген эмгегиндеги К.Тыныстановдун “Мариям менен көл боюнда” деген кыска эле аңгемесин мезгил жана мейкиндик проблемасынын призмасынан карап, ал тууралуу узун сабак кеп кылганын кепилдикке тарта алам. Бул-өзүнчө кызыктуу, нары оригиналдуу, К.Тыныстановдун сүрөткерлик чеберчилиги боюнча азыркы кыргыз адабияттаануу илиминдеги жаңы сөз. Ал эми Касым Тыныстановдун агартуу комиссариатындагы иштери – кыргыз лингвистикасына кошкон зор салымы. Маданий иштерди уюштуруп, аткаруудагы ж.б. эмгектери боюнча али айтылчу сөздөр дагы алдыда го деп ойлойм.
“Жаңы маданиятыбыздын көч башы” (А.Эркебаевдин пикири-Л.Ү.) болгон тубаса талант, кыргыз маданиятын, адабиятын, билим берүү, илим тармагын түптөп, өнүктүрүүгө зор салымын кошкон эл уулу тууралуу юбилейлик макаламды корутундулап жатып, анын трагедиялуу тагдырына байланышкан бир окуяга токтоло кетейин.
Улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун “Кылым карытар бир күн” романында Эдигейдин Сабитжанга жини келип, анын чоңдорго барып чындыкты айтуудан коркконун укканда, “илгеркилер башынан коркушчу эле, азыркылар көчүгүнөн коркушчу болуптур” деп кейигениндей, күнкарама, жашоодо тутунган бекем позициялары жок бүгүнкү кээ бир илимпоз сөрөйлөргө өрнөк болчу бир тарыхый улуу инсаныбыздын т.а. Болот Мураталиевич Юнусалиевдин эрдигин эске сала кетким келди. Ал окуя жөнүндө кыргыздын дагы бир чыгаан окумуштуусу, тарыхчы, КРнын УИАсынын корреспондент-мүчөсү Кушбек Үсөнбаев Анара Абдынасырова деген журналистке берген маегинде минтип эскерет: (Ошол мезгилде Б.М.Юнусалиев Ж.Жамгырчиновдон кийин университетте ректор болуп иштеп турган экен). “Он был очень объективным, смелым, настоящим ученым-патриотом, руководствовался ценностями науки, а не личными интересами как часто это встречается среди руководителей научных учреждений” деп Б.Юнусалиевге мүнөздөмө берет. Б.Юнусалиев ректор болуп турган мезгилинде К.Тыныстановдун эмгектери менен таанышып чыгат. Ал боюнча маселе көтөрүп, университетте ага арналган илимий конференция өткөрүп, эмгектеринин көргөзмөзүн уюштурууну демилгелейт. “Мындай ишти жасоо ал учурда абдан опурталдуу эле” дейт К.Усенбаев. Бул иш чара жөнүндө маалымат Кыргызстандын Компартиясынын Борбордук комитетине жетип, катуу сүйлөшүүлөрдөн кийин конференция өткөрүүгө уруксат берилбей калат. Окуянын андан аркы өнүгүшү тууралуу Кушбек Үсөнбаев минтип эскериптир: “Проблема так остро была поставлена первым секретарем ЦК КП Киргизии, что Юнусалиева осудили как националиста. Болот Мураталиев твердо стоял на своем. Что Тыныстанов первый ученый, исследователь кыргызской лингвистики и что ему мы обязаны всем. Тогда первый секретарь сказал: Товарищ Юусалиев, выбирайте или ректорское кресло, или К.Тыныстанова” Юнусалиев не колеблясь, ответил; “Я- за К.Тыныстанова. Ради него я готов на любой шаг”. После этого его сняли. Юнусалиев Б.М. был унижен и подавлен. До конца жизни, однако, он не сдавался, не уступал своей позиции в науки. Он умер в 57 лет”. Ушундай эрдиктин күбөсү болгон К.Усенбаев өз оюн төмөнкүчө корутундулайт: “В науке всегда есть настоящие ученые. Готовые принести себя в жертву, и есть лжеученые, готовые продать родину, науку ради своих личных амбиции…” (“Кут билим”, №28. 11.10.97.). Тилекке каршы бүгүнкү күндө да өз кызыкчылыгы үчүн мекенин, илимди эле эмес энесин да сатып жиберүүгө даяр билимсиз, ыймансыз жасалма окумуштуулардын күн санап көбөйүп баратканы өкүндүрөт.
Улут сыймыгы болгон улуу инсан Касым Тыныстановду эскерип жаткан юбилейлик жылда Болот Мураталиевич Юнусалиев сыяктуу чыгаан илимпоз, илим чындыгы үчүн озүн курмандыкка чалууга чейин барган адамга таазим этип, эскерсек ашык болбос. Арбагыңыз ыраазы болсун, улуу устатым! (Биз агайдан 3-курста сабак алып жатканыбызда шум ажал агайды күтүүсүздөн алып кетти эле).
“Той болот, тойдун эртеси да болот” демекчи, көзү өтүп кеткен залкарларыбыздын маанилүү даталарын эстегенибизде алардын ишмердүүлүктөрү боюнча кийинки муун эмне жасадык экен?, же эмне жасашыбыз керек эле? деген мыйзам ченемдүү суроолор ойго келет экен. Менимче биз, биздин мамлекет ушул багытта көзгө толоор деле иш жасабаган көрүнөбүз. Эч болбосо азыркыга чейин 1998 –жылы Стамбулдун басмасында латын алфабитинде чыгып келген Касым Тыныстановдун “Ене tilibiz”, “Girgiz tili” деген китептерин биз бүгүнкү күндө колдонуп жаткан кириллицага которуп, өзүнчө китеп кылып, элибиздин калың катмарына жеткире элек экенбиз. (Академиядан “Классикалык изилдөөлөр” сериясында жарыяланганын эске албаганда). Экинчиден, баамдасам К.Тыныстанов боюнча жазылган тээ 20-жылдан берки илимий-изилдөөлөрдүн топтомун өзүнчө жыйнак катары чыгаруу зарылдыгы бүгүн бышып – жетилип турат (адабий мурасы жана лингвистика боюнча эмгектери жөдүндөгү). Үчүнчүдөн, ал изилдөөлөр бүгүнкү күндүн илимий жетишкендиктеринин бийиктигинен каралып, анализге алынышы керек го дейм. Айтор, жасасак иш көп. Улуу окумуштуу, кыргыз адабияты, маданиятынын көч башында турган Касым Тыныстанов бизге адабият, тил илими боюнча ченемсиз мурастарды калтырып, чыныгы илимпоздун, элге кызмат кылуунун кайталангыс өрнөгүн көрсөтүп кеткен экен, аларды барктап-бапестеп алуу, кийинки муунга жеткирүү биздин асыл мидетибиз болуп тургандай…
Лайли Үкүбаева
Филолгия илимдеринин доктору, профессор, КРнын Билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер, КРнын Илим жана Техника жаатындагы Касым Тыныстанов атындагы сыйлыгынын ээси.
29.09.2021-жыл