КР Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү Кыял Тажиеванын “Үн” аттуу ыр жыйнагы жарык көрдү. Китеп жалпы окурмандарга сунушталат.
Тажиева Кыял Кенжебековна 1983-жылы Нарын облусунун Жумгал районундагы Кызарт айылында туулган. 2000-жылы А.Идинов атындагы орто мектепти аяктап, Кыргыз Мамлекеттик Улуттук университетинин Кыргыз филологиясы факультетине тапшырган. 2005-жылы окуусун ийгиликтүү аяктаган. 2006-2009-жылдары Улуттук китеп палатасында жетектөөчү адис, 2009-2015-жылдары Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университеттин филология факультетинде жана ПКМДИде окутуучу болуп эмгектенген. 2019-жылы Б.Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театрында адабий бөлүмдүн башчысы болуп иштеген.
2001-жылы “Нурборбор” чыгармачыл жаштардын бирикмесине мүчө болуп кирип, чыгармачылыкка аралашып, ыр жаза баштаган. “Сырдуу дарак” (2011) “Кыял” (2014) аттуу ыр жыйнактарынын автору. “Юристтин осуяты” (2016), “Триумф жана трагедия. Касымбай Тельтаев” (2020) аттуу тарыхый китептерди кыргызчалаган. Жазуучулар союзунун мүчөсү.
Адам – асман
-Асман таза
-Койчу, асман кээде кетет түнөрүп,
-Асман күчтүү,
-Калп айтпачы, кээде ыйлап басылбайт го, күүлөнүп.
-Асман көпкөк,
-Көргөм кээде бозоргон бир дүйнөсүн.
-Кызык, анда же сеники чындык болуп жүрбөсүн?
-Ооба, чындык, көргөнүмдү айтам да.
-Көргөнүңө таянсаң сен, анда айтканың калп болот.
Көргөн көзүң жүрөгүңө ишенгин деп шарт коет.
-Андай эмес,
-Ошондой.
-Кайда анда сен жашырган чындыгың?
-Чындык болот, адам деген туйганына ишенсе.
Эгер сенин көргөн көзүң чындык бул деп түшүнсө,
Не көрбөйсүң,
Асман эмес булут ыйлап жатканын?
Таза, күчтүү, тунук жайды
Сурагы жок мекендешип, көк дүйнөсүн чачканын.
Адамдын да көк асмандай таза, күчтүү дүйнөсү.
Түркүн ойлор, түркүн сөздөр,
Булут сыңар келип, кетип турушат.
Булут сөздөр түнөртүшүп, булут ойлор урушат.
Сыртын гана көрө алсаң бул дүйнөнүн,
Сырткы дүйнө чындыгыңды кыйратат.
Адам керемети
Адамды жек көргөнүң кандай азап,
Жаңылыш бир иши үчүн жамандашса.
Кантип эле адам тар, тайыз болсун,
Муштумдай бир жеринде Кудай жатса.
Адам эй, аны бекер жемеледиң,
Аттиң ай, мүмкүндүгү чексиз эле.
Бир күнү сен билгенден, сен көргөндөн
Жүз эсе бийик болмок, сенсиз эле.
Жакшылык болуп кайтат болуш керек,
А сенин ага болгон арамдыгың.
Жиндеген, ич күптүңдү кайдан билмек
Ичинен тилеп жүрсө амандыгың.
Аралай билсек адам көкүрөгүн,
Бейиш да бекер кыял боло түшмөк.
Ааламдын сырын ачып алар белек
Адамды дал өзүндөй билип өтсөк.
Жүрөгүн жая салып адамзатка,
Анда эле адам кандай толукталмак.
Күнөөгө батпайын деп жөн жай эле
А балким ажал дагы коркуп калмак.
Адамды жек көргөнүң кандай азап,
Жаңылыш бир иши үчүн жамандашса.
Кантип эле адам тар, тайыз болсун,
Муштумдай бир жеринде Кудай жатса.
Үн
Билбейм, билбейм
Кайдан кантип ыр чыгат?
Сезесиңби?
Сезим укмуш чыркырайт,
Билесиңби?
Билектен да үн чыгат.
Туясыңбы?
Туя билген адамдын,
Көздөрүндө
Бийик үнүн жаңыртып
көмкөрүлгөн
көгүш чындык олтурат.
Сөз дейсиңби?
Оо сөз деген –
Бар чындыкты жашыруу үчүн жаралган,
Апаат дагы, азап дагы
Сайрай билген адамдан.
Тыңша, тыңша,
Тыңшап көрсөң
Жүрөгүмдүн түрсүлүн.
Сени билбейм, нени уктуң?
А мен укмуш үркүдүм…
Муза чертет,
Ыйлайт, жыргайт,
Каткырат.
Эч ким билбес эпкин ойду жактырат.
Ойго келбес оору менен оолугат,
Доорлорду саат жебедей чимирип,
Каалаганга азыркыдай жолугат.
Делбелектейт, делбир мүнөз бир паста,
Бийлеп аткан, туйлап аткан ыргакта.
Байкап көрсөм ырдап атат өзүмдү.
Угаар эмес акыл толгон сөзүмдү.
Мына билдим
Кайдан кантип ыр чыгат.
Билишимче
Жалган баары акылыңдын айтканы,
Удургутуп, удургутуп ааламды
Бу дүйнөгө жүрөк гана унчугат.
*****
Бийиксиңби, жапызсыңбы,
Андан кандай айырма?
Элдей эле кышта тоңуп,
Ысыйсың да жайында.
Адамдарды бөлүп карап,
Жөн карабай, жөөлүп карап
Эмне таптың ошондон?
Көздөрүңдү күтүп жүрөм,
Пенделиктен бошонгон.
Биз адамдар, өң-түс бөлгөн көзүбүз,
Сулуулукту таануу үчүн жаралганын унутуп,
Жаман-жакшы, чоң-кичине, ак-кара деп
Жанды кыйнай беребиз ээ
Өзүбүздөн өзүбүз.
Түрмөгө да, дүйнөгө да
Бирдей тийген Күндүн укпай айтканын,
Бүгүн дагы күнөөлүүнүн
Чачын жула баштадың.
Токто аалам, демиң калсын жүрөктө
Токто аалам, токто дүйнө мүнөткө,
Демиңди бас, демиң калсын жүрөктө.
Чыдап турат окшойсуң ээ дагы эле,
Жер силкинтер үшкүрүгүң шуу этсе.
Адам калган акыл-эсин жыйнабай,
Адам калган жаратканын сыйлабай,
Адам жеген адамдарды көргөндө,
Аалам кантип турдуң экен кыйрабай.
Колду шилтеп жашап калган кезде элек,
Адамдарды өгөй анан өзгөлөп.
Анан ушул кир дүйнөгө чыдабай,
Кыйкырчу элем: “Качан дүйнө өзгөрөт?!”
Сурагыңды күтүп жүрөм жаш ууртап,
Ушул дүйнө качан өкүм жаңыртат.
Көргүм келет мен чындыкты көз менен
Келгин дагы, сурак жүргүз акыйкат.
2020-жыл. апрель
*****
Көкүрөктү көзөп-көзөп кайрадан,
А сен дагы кечтиргиң бар дайрадан.
Ооба, а мен агарым чын шарыңа,
Өртүм менен өзүм да өчүрө албаган.
Арга кайсы мейли жазгыр, жазгырба,
Негизгиси биздейлерден аздыр да.
Кадырына жете албаган нерсени
Шылтаарыбыз чын да аны тагдырга.
Кейибегин, а мен баарын кечирем,
Дилим таза кете элекмин эсимен.
Сүйүүм бийик, ыйым бийик кантейин,
Кыянаттык кыла билчү көзүңөн.
Качан жүрөк бөлүндү эле денемден
Жарыгым ай, жаш баладай умсунган,
Күлкүң бүгүн төгүлбөстүр ууртуңдан.
Өзөгүмдү өрт каптаган күндө да,
Өзгө жандай муздай тоңмун сыртымдан.
Жарык нуруң таап алган күүгүмдө,
Жашоо бербей жалп өчүрдү сүйүү не?
Отко түртүп кеткениме кейирсиң,
А мен эбак күлгө айлангам сүйүүмдө.
Капа болбо, кайда качмак элем мен,
Качан жүрөк бөлүндү эле денемден.
2019-жыл.
*****
Энеден эрте калган ымыркайдай,
Сүт издеп, умсунуп эриндерим,
Жаны ооруп ыйлап жатат сезимдерим.
Өрттөнгөндү билген бир туткагым – ый.
Ачкалык,
Жетимдик,
Мээримсиздик
Ал кандай, эмне экенин түшүнө элек.
Төрөлүп, адам болуп жаралганы,
Наристеге ченемсиз бакыт болуп,
Эртеси энесиз ээнсиретип,
Бакытына шол замат чекит коюп,
Койгондой…
Ушунча адам сезбес арзуу берип,
Жообуна кайра ушунча азап бердиң.
Кызарып, балбылдаган чок сезимим
Көзүмдө түбөлүк от өчүрө албас,
Түшүнүп карагандар соо тура албас.
Аралаш азабы да жыргалы да
Жетимдин өксүгүндө мүчө-денем.
Энеси таштап кетсе,
Азапты баштап кетсе
Баары бир келе берген кечиргиси,
Баланын эне күткөн мээриминдей
Мен сени өмүр бою күтөөрүм чын.
Кантейин, сени эч ким толтура албас.
*****
Кайра эле азаптанып,
Кайра эле жүрөк дүк-дүк.
Кантем мен?
Бул сезим качан менден унутулат?
Бул сезим биротоло сени ойготуп,
Качан сенде күнү туулат?
Айтканга тилим кыска
Анткени, мага бүткөн дудук сүйүү,
Болгонун болгонундай жеткире албай,
Ыйлагым келип атса,
Бакырып, баарын айтып эчкире албай,
Жарыктан көзү өтүп,
О дүйнө кетип жаткан адам сымак,
Жалдырап, алсырап да карап турам.
Чын эле, о дүйнөгө,
Айдактап алып баратат менин сүйүүм.
Көздөрүн жалдыратып,
Карайт улам.
Дабаасы – ушул сенин бүтүк көзүң.
Адам деле суктана алгыс, ак сүйүүдөн аксаган суук кебетең.
Чатырап күйүп турган турпатыңан.
Чачырап тура берген от илебиң.
Соо болбой калды окшойт жаш жүрөгүм.
Күүгүмүм
Шорум менин, шооласынан күн өлгөн,
Шоокумуңан миң төрөлүп, миң өлгөм.
Кайда катам, кайда сени жашырам?
Кантем мени көмөлөнүп жашыган?
Кайда барам, кайда, кайда? Басынам…
Билбестирсиң, айрый албай көп элден,
Арманымды, артка кайтпай көгөргөн.
Анткени мен, сага өзүмдү чөгөргөм,
Өтмүшүмдө сени менен бир өлгөм…
Күүгүмүм ай, күүгүмүм ай, күүгүмүм,
Кантип гана жетет болдук экенбиз,
Кадырына акыреттик сүйүүнүн.
Балким азыр, менден кымбат сага азыр,
Колуңдагы, жаныңдагы буюмуң.
А сен мага, айтпай келген улуу муң.
Сени таануу, сени билип асыроо,
Мага кыйын, жетпейт окшойт билимим.
Ал үчүн мен керек кайра тирилүүм.
Үчүнчү ирет кездешкенде таанырмын,
Кайра келсем катарына тирүүнүн.
Сүйүү даамы
Ыр экен да сүйбөгөндү сүйүүм деш,
Ый экен да күн-түн издеп дирилдеш.
Түртүп, сүртүп, тытып дагы көргөнүм,
Эки дүйнө сендей эч ким сүйүлбөс.
Бир сөзү жок жылытаарлык жүрөктү,
Бирок андан жай тапкансыйм күнөстүү.
Сүйүү даамын сездим дебей не дейин,
Күн тийбеген жүрөгүмө гүл өстү.
Ээ боло албай, эрким менен урадым,
Бул жазасын түшүнө албай Кудайдын.
Чагылганда эки көзүң көзүмө,
Ичтен гана “Эмнеге?” деп сурадым.
Сүрүң сенин титиретип боюмду,
Жыйнап койду чачыраган оюмду.
Бүт өмүрдү кармагандай сезилген,
Кармаганда сенин эпсиз колуңду.
Түшүнө албай нечен ирет чачылдым,
Эмне сыр бар, нени менден жашырдың?
Астын-үстүн кылып атып ааламды,
Унчукпаган мээримиңден басылдым.