Кармышак Ташбаев: Токчулуктун болуп турат заманы, Тууган жердин мелмилдеген түздөрү

Заман жана Ата-Журт

Унутулбайт өткөн доордун издери…

Ушул күндөр буйрук кылсын бизге эми.

Заманыбыз – бизге дарак мөмөлүү,

Бүт жемиши бышып турган күздөгү.

Токчулуктун болуп турат заманы,

Тууган Жердин мелмилдеген түздөрү.

 

Арбын болуп, артып улам байлыгы,

Бар бол, элим! Билбейли биз кайгыны?!

Турсун дайым тууган жерден угулуп,

Түгөнбөгөн күүлөрүнүн кайрыгы.

Бүт ааламга тарай берсин түбөлүк,

дүңгүрөгөн Ата-Журттун айдыңы!

 

Биздин тарых

Биз минген чобурлардын бели талып,

Келдик биз эң алыстан чарчап-арып…

Биздин из –

Кылымдардын ар жагында,

Доорлордун түпкүрүндө биздин тарых.

 

Көрүнбөйт биз арыткан жолдун учу,

Кабарган жылаңаяк эки буту!

Биз кийген өтүктөрдүн кончу калып,

Терге бүт чирип түшкөн ичи-тышы.

 

Жетелеп улоолорду аштык тоону,

Суу кечип биз өрдөдүк жарлуу коону!

Үзүлүп куюшкандар,

жиптер бошоп,

Капталда бир жагына жүктөр ооду.

 

Биздин жол –

Чынын айтсак жердин үстү…

Көтөрүп узак жолдо эң оор жүктү,

Келатып таштак, кыя,

ашуулардан

Такасыз кунан-тайдын колу түштү.

 

Куладык аттар менен ашуу, жардан,

Улантты достор жолду аман калган!

Өзүбүз күбө болдук кызыл канга,

Каректен тып-тып этип ташка тамган.

 

Душмандар артыбыздан түшкөн изги,

Кордукту көрсөтүштү далай бизге.

Тийген ок жана дагы баткан таштын

Издери дале жүрөт денебизде.

 

Арт жакта калды жолдун кыйырлары,

Ашуу,

бел,

чөл-талаалар, суунун шары!

Арстандар мекендеген жерди басып,

Айрылды өтүктөрдүн жулуктары.

 

Биз келген жолдун учу –

абдан алыс…

Башатын абдан кыйын анын табыш?!

Заманы октябрдын келбегенде

Марага жеткен эмес биздин жарыш.

 

Сен кыргызсың

Сен кыргызсың аба жутуп, нур жутуп,

Жер боорунда жашап жаткан күн көрүп.

Кубанганда тебетейди ыргытып

Терип келген тоонун назик гүлдөрүн.

 

Сен кыргызсың кымыз жандуу, тоо жандуу,

Жайын-кышын тоодон малын айдаган.

Кенебестик кимден качан ооган бу? –

Зерикчээлдик колду качан байлаган?

 

Сен кыргызсың топуракты чеңгелдеп,

Жанын баккан туздуу терин тамызып.

Бакыт бизге башка жактан келген жок,

Жеңдик аны көздүн жашын тамызып!

 

Сен кыргызсың мээнетиңе сыйынган,

Анан дагы кубатыңа денедеги!

Бул жер үчүн канча өмүрлөр кыйылган? –

Туюндуруп турат аны жер деми.

 

Биз андыктан ушул жердин тоо-ташын,

Жандай сүйүп, ыйык тутуп калганбыз.

Он миң жолу тегеренип зоокасын,

Ок жаңылып кулаганбыз жардан биз!

 

Биз кайран эл – өз жеринен сүрүлүп

Ашууларда ачкалыктан кырылган.

Ар бир качкын өз жанынан түңүлүп,

Тагдыры анын кара ташка урулган.

 

Биз кайран эл – кайыр сурап кичилеп,

Өз бактысын саткан унга, талканга?!

Өлбөй аман калыш үчүн күч үрөп,

Жалынганбыз колду жайып Асманга.

 

Биз кайран эл – тагдырыбыз таш болуп,

Не издедик жылуулукту жыландан?!

Ысык-Көлүм көздөн аккан жаш болуп,

Томсордуң калкың качып кылааңдан!

 

Кордук жоктур элим өзүң билбеген…

Жолдор жоктур сенин бутуң баспаган?!

Үйлөр жоктур кайыр сурап көрбөгөн,

Дөбө жоктур сенин сөөгүң жатпаган?!

 

Кыргыз калкым кыйратылып тарыхта,

Бул жерден түк өчпөс изиң калдыбы,

Жамандыкты сүрүп таштап алыска,

Тынчтык бизге оңой менен келген жок!

 

Эске түшкөн айылым

Айылда бул күндөрү жатса керек,

Башташып жазгы талаа жумуштарын,

Бар бекен? – биз ойноочу кош ак терек,

Калаада көпкө жүрүп унуткамын.

 

Ал кезде жаз алдында айыл ичи,

Козголуп күздүн алгач нуру менен.

Талааны көрпөлөнтүп соко тиши,

Өстөнгө кыймыл кирчү билинбеген.

 

Кычырап арабалар кош ат чеккен,

Келишчү алыс жактан үрөн тартып.

Чулдурап торгой шыбак баскан беттен,

Бабырган жатчу кечте жомок айтып.

 

Биз балдар анда куштар, кумар элек,

Жаздын ууз жан жыргаткан оюнуна.

А балким, бала бойдон жүрөр белек,

Жыл өтпөй жаздын жүрсөк коюнунда!

 

Айылда бүгүн башка көрүнүштөр,

Аңтарып адырларды тракторлор.

Дүңгүрөп моторлорго бул кара жер,

Кыймылга толуп калган көчө, жолдор…

 

Андагы активдер жок саламдашып,

Кыдырып ар бир үйдү – жаагын жанган!

–Салам! – дейт зуулап өтүп бара жатып,

Чыгарып башын араң кабинадан.

 

Жалгашып айлар айга, жылдар жылга,

жүрөмүн шаардык элге аралашып!

Мен үчүн айлым сени жаз алдында,

Эсиме түшүргөнүм кандай бакыт!!

 

Тоолор

Мына бу мунарыктап горизонтту,

түнөрүп булут ороп жаткан жакта.

(жол жүрсөң автобуста 2–3 саатча)

Көрсөтө турган жалаң –

Дос, тууганга,

Көз кырын салууга да

түк ыраа көрбөй турган –

каска, жатка –

тоолор бар жылдыз челип

көккө тийген,

кири жок,

кыюусу бар калпак кийген,

тоолор бар ушул жакта,

чокусунан чолпон күйгөн!

 

Суулар бар тунук, таза

түздөргө ашыгышкан.

Анда бар ашуулары,

Эгер ашсаң

Төбөңө тийип асман,

Жылдыздар жакындашкан!

Алмаз миз аскасына –

күн нуру алгач тийип,

андан соң аппак нурун

ааламга чачыраткан

тоолор бар ушул жакта,

таңды да кечиктирип,

таң нурун тосуп жаткан!

 

Мажүрүм тал жана кара жыгач

Өзгөнгө кеткен жолдун оң жагында,

Фрунзе колхозунда,

Атылып фонтан болуп көккө чыгып,

Нөшөрүн кайра жерге төгүп турган.

Көрүнүп күндө ажайып мурункудан –

Төгүлүп суу боюнда чачын тарап,

Олтурган периште бир аял сымак,

Тулкусу бүткөн нурдан

бүткөн ырдан –

көрк чачып мажүрүм тал гүлдөп турат.

 

Кыналып колтукташып жанында анын

Билдирбей кусалыгын,

сагынганын,

Алыскы сапарынан жаңы келип

Кысчудай кучагына сүйгөн жарын.

Сыймыктуу туруп калган жанына анын,

дүпүйгөн кара жыгач дарагы бар!

 

Экөөнө эң биринчи келип тиет

күзгү суук,

кышкы бороон,

жазгы шамал!

Экөөнө эң биринчи келип конот

күн нуру,

көздүн нуру,

канаттуулар!

Экөөнүн махабатын мактап сайрайт,

түбүнөн шылдыраган тунук суулар!

Бириккен экөө бирге

Махабат уюлундай!

Өткөрүп күндү күндөй,

жылды жылдай

Сыймыктуу бир орундан такыр жылбай,

Жазгы ысык,

Кышкы суукка бир да муңбай

Бышыктап туруктуулук закондорун

Чен жетпес,

кубат жетпес ыйык сырдай –

Эң ыйык,

эң бир бийик символундай! –

турушат экөө бирге

бул жердин көркү болуп,

өткөрүп күндү күндөй,

жылды жылдай,

Мекендин эң кыраакы сакчысындай!

 

Токой жөнүндө ыр

О, мында жылгасынан суулар агып,

Терилбей мөмөлөрү шакта калып,

дүпүйүп сырдуу уктап токой жатат,

шуулдап шамал тийсе толкунданып!

 

Өзгөрүп өңү башка – жашыл, сары,

Жол тосуп калың өскөн бадалдары.

Тарс этип башка тийип, жерге түшөт,

Аралап бассаң бышкан жаңгактары.

 

Арчалар тамыр байлап аска-жарга,

Кайыңдар өскөн жакын суулуу шарга.

Чынар, тал мекендесе жылгаларды,

Арчалар чыгып алган зоокаларга.

 

Бул жерде чоң-кичине баары бирдей,

Өсүүдө аба жутуп кайгы билбей.

Окшошуп кетет токой адамдарга,

мүнөзү адамдардын мүнөзүндөй!

 

А бирок көп нерсе жок адамдагы,

түк акпайт тамырында адам каны –

түшүмүн төгүп берип ар жыл түйгөн,

бүр ачат жаз келгенде кайра жаңы.

 

Күз келет, кыш артынан, жаз, жай келет!

Канча күн добул жүрүп, жамгыр төгөт.

Койнуна келген бардык жандууларга,

Жаша! – деп коңулунан орун берет.

 

Бабырган бир убакта бауласа,

Безенет көк асманды торгой кургур.

Сагызган бир бутакта шакылыктаса,

Биринде миң кубултуп сайрайт булбул!

 

Кээ бирде бороон тиет тоодон шашып,

Сындырат бутактарды качыратып!

“Бул арча мөмө бербей жатат го?!” – деп

Келишпейт бир-бирине ушак ташып!

 

Кыш келсе жалбырагын желге берет,

Жай келсе гүлдүн жыты мурунду өрдөйт!

“Бул чынар бийик өсүп баратат” – деп

үстүнөн бир-биринин арыз бербейт.

 

Коктусун коён өрдөйт, доңуз өрдөйт,

Бир-бирин эч убакта жаман көрбөйт.

Түк алар: “Бул тараптан, ал жактан” – деп,

Арасын адамдардай жерге бөлбөйт!

 

Ыраазы күн нуруна, жарыгына

Куураса даяр отко жагылууга.

Алар түк адамдардай бир-биринин

Капыстан балта чаппайт тамырына!

 

Шылдырап жылгасынан суулар агып,

Терилбей мөмөлөрү шакта калып,

дүпүйүп сырдуу уктап токой жатат

шуулдап шамал тийсе, үн чыгарып!

 

Булак

Алыс сапар бара жатып ат минип,

Саратанда чаңкаганда жолдо улам.

Эске түшөт булак суусу бир тунук,

Тоонун жука колтугунан оргуган.

 

Майда кумду кошо серпип эргитип,

Чым-чым этип кайнап көзү жыбырап…

Аттан түшкөн адам көөнүн сергитип,

Агат тынбай: “Мен бармын” – деп шыбырап!

 

Таш алдынан араң оргуп кысылып,

Шоокум салып оргуганы сезилбей.

Тереңдиктен агып жаткан сызылып,

Козусуна ийип жаткан желиндей.

 

Замзам суудай алыстыктан алынган,

Кандырган бүт моокумун жаш дененин.

Ийип жаткан баласына сагынган

Эмчегине окшоп кетет эненин!

 

Жүргүнчүнүн жолдо күнү кызык да…

Сулуулукка канбайт көңүл деги эле.

Уулуң сенин чаңкаганда ысыкта,

Ийип берип жатасыңбы, Жер эне?!

 

Тууган жерим! Мен жол жүрүп баратып,

Карай берем тынбай эки жагымды –

Шылдыраган бир булагың жолугуп,

Кандырды бейм, какшып бүткөн канымды?!

Тууган жердин элеси

Тууган жер элесиңди эске салып,

Ойлоном алыс жерге келип алып,

Көөдөнгө толуп кеткен зор кусалык,

Кетчүдөй көкүрөктү теңге жарып!

 

Жол бою, талааларың чарчыланган,

Тартылган агаттарың – аркан болуп.

Андагы пахтакерлер таңда барган

Жаткансыйт жер бооруна килем согуп.

 

Агарып ак шиферлүү айыл-кыштак,

Аны бүт жемиш багы калган курчап!

Созулуп жылга менен кеткен жолдор,

Койнуна карт Памирдин кирет чуркап.

 

Туптунук мөл булактар аппак, ичке,

Окшошот тулаңдагы жаткан жипке.

Ак карлар тоо койнунда эрий элек,

Төп келет төгүлгөн бир айран-сүткө.

 

Коктулар жашыл кымкап жамынгандай,

Жар окшойт, жаш жубайлар жыйган жүккө.

Тоолордун чокулары булут булгайт!

Дал ошол бийиктикте бороон ырдайт.

 

Кээ бирде кыш кычырап, ызгаар боздоп,

Кээ бирде кар боройлоп, жамгыр тынбайт.

Таштарга ышкырынып келип тийип,

Зарлаган добуш менен шамал ыйлайт!

 

Тууган жер элесиңди эске салып,

Ойлоном алыс жерге келип алып,

Көөдөнгө толуп кеткен зор кусалык,

Кетчүдөй көкүрөктү теңге жарып!

 

Айылды сагынуу

Ушул маалда үйдөгүлөр турушуп,

Мешке от жагып, радио угушуп,

Олтургандыр менин карыган энекем

Ойго батып не кыларын унутуп!

 

Кол – бутуна тынчсыздыкты түнөтүп,

үйдү чаңдап апакесин жүдөтүп,

Жаткан чыгаар менин эки тентегим,

Кой дегенге болбой улам күрөшүп!

 

Бир ойгонуп кышкы муздак таң менен,

Байкуш жеңем бар чыдамкай жан белем?!

Акырларга жем-чөп чачып тынымсыз,

жүргөн чыгаар сыртта жалаң мал менен!

 

Кар учурган кышкы ызгаар бороондо,

Каралашып малчы коңшу-колоңго

жүргөн чыгаар агам кырдын башынан,

чөп сүйрөтүп

төштү тосуп бороонго!

 

Аппак карга бутактар бүт ийилип,

Тооктор жалгыз буттарына түйүлүп,

Жаратылыш жасап берген ак тонду,

Менин айлым калган чыгаар кийинип!

 

А мен шаарда…

Ооруп барбай сабакка,

Жатам жалгыз ойлорду ойлоп жадатма.

Карап коём салаасынан ак кардын,

Кыздар жатчу жатакана тарапка!

 

Уулдар керек акылдуу

Жакшы салт бу улуулардан ийменүү,

Жатка дагы орун берүү төрүнөн.

Көп өнөрдү керек окшойт үйрөнүү –

Кыраакылык бизге кээде жетишпейт

Аярларды таануу керек өңүнөн.

 

Бүгүн бизге керек эмес – баёолук,

Түшүп алуу жалтырактын артынан.

Биз өзгөчө кур намысты коёлук,

Көйнөгү жок сызга олтуруп калган бар,

Жоголбогон эскиликтин зарпынан.

 

Ар адамдын ашыгы-ашык, кеми-кем,

Аны заман агымында толуктайт.

Уулуңарды үйрөткүлө эмитен

Баатырдыкка, сергектикке, сезимге! –

Мындай заман эч убакта жолукпайт!

 

Кандай жылдар, кандай кезең өткөнүн,

Төкпөй-чачпай үйрөткүлө жаштарга?!

Келечеги эмеспи алар өлкөнүн,

Кези келсе көзүнө бир көрүнүп,

Душман кирсе ойлонушар башка арга!

 

Ойлой калсам биздин ушул кылымды,

Бир сезимдер аянычтуу чыңырат.

Төккүн элге ичте болгон сырыңды,

Ата Журтка уулдар керек акылдуу!

Ата Журтка кыздар керек тыңыраак!

 

Мен өскөн жер – шаркыратма

Ар убак эске түшсөң келбей сөзгө,

Өзүңдү жазар элем сурап катка!

Коюнуң келин болуп турган кезде,

Өзүңө келдим кантип Шаркыратма.

 

Тотугуп бороонуна талаалардын,

Суугуна тоңуп көрдүм бөтөн жердин.

Жолдоруң басып далай калаалардын,

Турмуштун түркүн даамын татып көрдүм.

 

Мектепке далай баргам карың малтап,

Бетимди тосуп кышкы шамалыңа.

Мен сенден ыйласам да бутум какшап,

Зар болдум чоочун жерде карааныңа.

 

Чуркаган жолдоруңда карга батып,

Жылаңаяк аралаган шибериңди,

Чийнечен адыраңдап буудай тартып,

Чөп боолап чыңалткамын билегимди.

 

Ырыскы төгүлгөнсүйт тоолоруңан…

Алмашкыс жер экенсиң бейпил, куттуу!

Таппадым төгөрөктүн төрт бурчунан,

Чалкыган өзүңдөгү сулуулукту.

 

Бир кезде көкүрөккө түшүп бүлүк,

Карааны кара кыздын учуп көздөн.

Мен сенин ой-түзүңдү басып жүрүп,

Алгачкы махабатты сенден сезгем.

 

Жетилип комсомолдук алган билет,

Унуткум келбейт эч бир ошол күндү.

Желкемен куюлткамын далай ирет,

Челектеп төгүп турган нөшөрүңдү!

 

Көп жолу ылай жасап дубал ургам,

Денемди жазгы суугуң калтыраткан.

Менин ким экенимди көрүп турган,

дүйнөдө бир өзүңсүң Шаркыратмам!

 

Сени мен бекем кысып жүрөгүмө

Чабайын дубан жарган тулпарыңды?!

Бүгүн бир оонап жашыл шибериңе,

сүртөйүн көзүмө ысык турпагыңды.

 

Тар дайрасы

Тар дайра боюнда,

Олтурсам сан ойго,

Батып мен

ойлорум

агылат тынбастан.

Бүркүттүн канаты

Шубулдап далайга

Козголтту булутту,

Турушкан жылбастан.

 

Карасам тигилип,

Дайранын чектерин –

Миң түркүн боёкту,

Эзгенсийт жарлардан.

Жууду экен ушул суу

Канча тоо тектерин?

Өттү экен кысылып,

Канча көп жарлардан?!

 

Унчукпас мөңгүлөр,

Тамчысын кулатып,

Боорунан канча тоо,

Сууларын агызды?

Бул сууга канча жер,

Тектерин уратып

Байыртан канча адам,

Көз жашын тамызды?!

 

Тынымсыз койгулап

Таштарды таштарга,

Кум болуп жыйылды

Тоолордун күкүмү.

Соктугуу туш келсе,

Табылбас башка арга,

дүйнөдө табылбас,

өмүрдүн бүтүнү!

 

Барысы дал ушул

Дайрадай чамынып,

Турат сенин тамчыларың шактарда.

Алма болуп, жүзүм болуп эңилип!

 

Бардык жерде күү жаңыртып ыр курап,

Сен жаткан жер жашыл тартып кулпурат!

Сенин ар бир тунук, таза тамчы сууң,

Гүлдүн жыты болуп кеткен буркурап!

 

Арыш керип алга карай шашылып,

Ак көбүгүң айды көздөй чачылып,

Сен жүрүшүн туурап буурул жоргонун.

Ага бергин –

Акжалыңды сапырып!

 

Арстанбап

Кол бош болсо июнь, июль айында,

Бир кайрылып кеткениң оң өрүүлөп!

Бай табигат келип алып жайында,

Дал мына ушул көркү чексиз айылга,

Сулуулугун чачып кеткен көрүнөт!

 

Түркүн дарак тоо бооруна жармашып,

Жашыл тартып тургандыгын көз көрөт.

Жайын-кышын чокуларын кар басып,

Чиркин кооздук бир-бирине жалгашып,

Токой болуп кала берген өңдөнөт!

 

Гүлдөр кыздын илебиндей албырат,

Кыздар кийген шөкүлөдөй – тоо дагы!

Үргүлөтүп моокумуңду кандырат…

күндүн нурун элеп сансыз жалбырак,

анан сага төгүп берет шооланы!

 

Заман өткөн ойлогонун болтурган,

Билебиз, – деп сырын кокту-колоттун!

Далай хандар ушул жерге кол сунган,

Искендериң көлөкөлөп олтурган,

Чынар бар дейт өзү болгон жомоктун!

 

Шамал, жамгыр, күн уялап төбөсүн,

Ээлеп алып бир коктунун жарымын

Миң жыл мурун алган мөмөсүн,

Жаңгактардын тургандыгын көрөсүң,

Аркан бою жайып ийип тамырын.

 

Жалт-жулт этип кыз чачындай өрүлүп,

күн ысыса көккө чыгып буулары.

Шаркыратма болуп көктөн төгүлүп,

Карай калсаң өңү-түсүң көрүнүп,

күзгү ордуна күзгү болот суулары!

 

…Арстанбап! – деп атың сүйкүм укканга.

Бир көргөн жан кантип анан сагынбайт?!

Балдан таттуу булагың бар жутканга,

жердин боорун жети айланып чыксаң да,

Сендей кооз жер эч убакта табылбайт!

 

Сансыз тамыр жердин нымын шимирип,

Жашыл дүйнө болгон ар бир бутагың –

шүүдүрүмгө шиберлериң киринип,

күн көрүнбөй жалбырактар биригип,

чалкып жатат Арстанбаптын кучагы.

 

Токой жымжырт. Чыгып күлкү-каткырык,

Анан булбул кубулжутат миң үндө.

Аңкып аба, гүлдүн жыты мас кылып,

Эске түшүп качанкы өткөн жашчылык

Селт эттирет ток ургансып жүлүнгө!

 

Бирден үзүп бышып турган жемиштен,

Тоо аралап көлдөрүңдү көрүшүп,

Аз күн туруп мөмө, сууңду жеп-ичкен,

Адамдарга ар тараптан келишкен,

Сен турасың өмүрүңдөн бөлүшүп!