Атахан Кожогулов: Жаздым көп ыр, билем менден бийикте, жазылалек бир керемет ыр барын

***** Бир сырыңды айтсаң койдум түшүнбөй, бир ырымды жазып жүрөм бүтүрбөй. Кабагым бар бул жарыктын жазындай, кабагым бар бул жарыктын күзүндөй.   Ушул күндөр келбейт эми кайрылып, ушул жылдар жүрүшүмөн талдырып, бир өксүтүп, бир кубантып кыстатат, бирде зуулап, бирде мөгдөп жай жылып.   Бирде туруп каткырыгым таш жарып, бирде өксүп карегимде жаш калып, бара жатам бийигине жылдардын, буурулумду таң ашырбай аттантып!   Бир күч мени жөлөп, таяп тургандай, бир күч ошол касиети ырлардай! Ак жолуман жаңылганда жазганам, абай салып кырдан карап тургандай.   Өзүмдү өзүм жектейм кээде түшүнбөй, өткөнүмдү жазып толугу менен…..