Проза

Нурканбек Керимбаев ЧЫҢГЫЗХАНДЫН АРМАНЫ (новелла)

 

Турмуштун ачуусу бар, таттуусу бар,

Өмүрдүн узагы бар, кыскасы бар.

Жашоонун жазылбаган тизиминде,

Адамга тартуулаган кызыгы бар.

Эч кимге айта алгыс ичимдеги,

Тагдырдын башка салган арманы ал!

Өмүрдүн көбү өтүп, азы калды,

Мезгилдин күзү бүтсө, кышы барбы?

Көңүлүм музга айланып, жүрөк тоңсо,

Жашоомдун үзүлгөнү, токтогону…

(Бакай Апасовдун күндөлүгүнөн)

 

Бакай Апасов бош убактысында күндөлүк толтурганды көнүмүш адатка айландырып алган. Эчен жылдан бери күндөлүккө гана ичиндеги ымандай сырын,  жүрөгүн эзген бугун, тирүү жанга айта алгыс арманын жашырбай жазып келет. Ал анын жападан жалгыз муңдашы болуп калган. Мына ошол күндөлүк үй-бүлөлүк чоң чырга май тамызып, өзү менен түбөлүк дүйнөгө алып кетүүчү сырдын бетин ачып  отурат.

Адаттагысындай күндөлүгү менен баарлашып бүткөн соң, аны столундагы суурмага салып, кулптаганы кулптап, бирок, кашайып ачкычын  калтырган бойдон келе бериптир. Жумушунда күнүмдүк иштер менен алпурушуп жүрүп, түш оой ачкычы эсине түштү. Шымынын, костюмунун чөнтөгүн аңтарып карады, портфелин тинтти, ачкычы эч жерден табылган жок. Жүрөгү жамандыкты сезгендей ордунан козголуп, бөтөнчө түрсүлдөп согуп, үйүнө шашыла жөнөдү.

Жанаракта эле мээ кайнатчудай чакчайып тийип турган күндүн ырайы бузулуп, асманды сур булут чулгап калыптыр. Бир убакта шамал ышкырып, алеки заматта теребел бозоро түштү. Күндүн арты түнөрүп чыкты. Айланадагы жеңил нерселер самандай сапырылып учуп, көчөдөгү кишилердин аргасын кетирди. Арадан аз өтпөй өжөрлөнө жаан сабалап кирди. “Мерседес” унаасынын маңдайкы айнеги шаркыратманын алдында калгандай эле туюлду. Жамгырдын суусун ары-бери айдаган тазалагычы жолду көрсөтүп жетише албай калып жатты. Мунусуна караганда жакында токточудай эмес, ак жаанга айланчудай түрү бар. Ошол учурда Апасовдун ичинде андан өткөн алай-дүлөй бороон уулуп жаткан. Жүрөгү кабынан чыкчудай согуп, куюп жаткан жаанга карабай унаасынын газын ныгыра басып, учуп баратты.

Машинасын короого токтотуп, үйүнө жеткенче сыгып алма суу болуп, үшүгөнүнөн эрини титиреп чыкты. Бут кийимин чечип-чечпей иш бөлмөсүнө энтиге кирип барса жубайы Алмира кара тыштуу күндөлүктү окуп отуруптур. Күйөөсүн көргөндөн кийин көз айнегин столдун үстүнө коюп, колунун манжаларын акырын ушалап:

– Бакай Калканович, артыңыздан жоо кубалагандай не анчалык аптыгып? – деп какшык аралаш суроолуу карады.

Сөзүнүн төркүнүн дароо түшүндү. Эмне кылаарын билбей, карбаластап калды.

– Мен… Эме… – Оңгулуктуу кеп оозуна илинбеди.

– Кокусунан муну издеп жүрбөңүз? – деген Алмира күндөлүктү астейдил сунду.

Апасов жалдырама тийген немедей кыймылсыз. Күндөлүктү колуна алганга жарабады.

– Бакай Апасов… Тарых илимдеринин доктору, академик,  Кыргызстандагы төбөсү көрүнгөн окумуштуу. Болгондо дагы дүйнөнү дүрбөлөңгө салган Чыңгызхандын жеке турмушун изилдеген илимпоз. Анан сиздей окумуштуу десе окумуштуу, интеллигент десе интеллигент жөнөкөй гана үй-бүлөлүк маселени аялы менен ачык талкуулаганга эрки жетпей, күндөлүккө күнү түшкөнү таңгалычтуу. Же менин деңгээлимди өзүнүздүкүнө жетпейт дедиңизби?

– Сен туура эмес кабыл алып алдың окшойт. Мындай теманы шашпай, чай үстүндө талкуулайлы.

– Албетте, талкуулайбыз. Ийне-жибине чейин жиликтейбиз, – аялы кекээр жылмайды. – Сиз тарыхчы эмес, жазуучу болсоңуз куп жарашмак экен. Кайран гана талант кор болуп, жерде тебеленип жатканын карабайсыңбы. Тим эле көркөм чыгарма окугандай таасир алдым. Укмуш! Муну китеп кылып чыгарсачы, ыя, айтты-койду дебеңиз, заматта бестселлерге айланат! Сонун идея, байкаштырарсыз?!

– Алмиш, мыскылдаганыңды токтот, өтүнөм. Сага баарын түшүндүрүп берейинчи.

– Жо-жок, анын зарылчылыгы канчалык?! Ансыз деле бардыгы алаканга салгандай кашкайып көрүнүп турбайбы. Акылы кыска кемпайларга эле жетпесе… Ммм де… 35 жылдан берки жашообуз сиз үчүн өксүк, жалаң гана арманга жык толгонун айт! Бал ширин сүйүүбүздөн, аруу сезимибизден жаралган уулубуз менен кыздарыбызды ыроологону үчүн Жаратканга чексиз шүгүрчүлүк келтирип жүрсөм, сиз өзүңүздү эң бактысыз, тагдырдын аёосуз кордугуна кабылган бечара санайт турбайсызбы?!

– Мага мүмкүнчүлүк бересиңби деги?! Сенин алдыңда күнөөм тоодой экени ырас. Менин дагы оюмду угасыңбы же жокпу?

– Кадырыңыз жан болсун, сизге дагы кезек жетет. Ага чейин мени угасыз. Та-аак, күндөлүккө кандай кызыктарды жазыптырсыз, чогуу окубайлыбы?

– Кажети жок!

– Ушунчага жеткенден кийин окубай коюш чоң күнөө эмеспи. Мамилебиздин келечеги үчүн абдан маанилүү бул. Та-аак…

“Кандидаттык илимий ишин ийгиликтүү жактаган Максат бүгүн өтө кубанычта. Үйдө жууп атабыз. Мен аны эч кимге байкатпай уурдана карап отурам. Илгерки эски жарат кайрадан козголду. Максатты канчалык өзүмө окшоштурайын десем дагы эч жери мага окшобойт. Өң-келбети, мүнөзү такыр бөлөк. Тайларын тарттыбы дейин десем, аларга деле түспөлдөш эмес. Кичинесинде байкалбаптыр, эр жетип, өзүнчө түтүн булаткандан бери Максат менин уулум эмей эле, таптакыр бөтөн киши болуп чыга келди. Жаңылыш шектенсем кечир, Кудай, мендей жазыксыз пендеңди. 201..-жылдын 21-сентябры”.

Жаратканга тобоо келтиргениңиз дурус. Ылайым кечирсин. Кантсе дагы, жаздыкташ жаткан эрим эмессизби. Сизге кантип жамандык кааламакчымын?

– Токтотчу! – Бакай Апасов чыдабай бакырып жиберди. – Сенин ар бир кебиң жүрөгүмдү канжар менен тилип жатканын сезбейсиңби? Адамды аясаң боло кичине!

– Кыйкырбаңыз, – деди аялы. – Кыйкырмак түгүл, доошуңузду бийик чыгарганга акыңыз жок. Жүрөгүңүз канжар менен тилинип атса, менин денем жалындаган отко куйкаланып жатат билсеңиз. Мен бүтүндөй өмүрүмдү, жаштыгымды арнаган эркектаана, көрсө, өмүр бою менден, уулунан күмөн санап, ичинен түтөп, арманда жашап келатыптыр. Мен сизге бакыт эмес, тирүүлөй тозокту тартуулаптырмын.

“Күндөлүгүм, сен мени жакшы түшүнөсүң. Бүгүн туулган күнүмдү жакындарымдын курчоосунда белгиледим. Максат үй-бүлөсү менен, кыздарым күйөө балдарым менен куттуктап келип кетишти. Максатты көргөн сайын эзелки жаратым козголо берет. Эми ойлосом, Максатка өмүрүмдө эзиле түшүп, уулум деп эркелетпептирмин. Ата катары мээримимди төкпөптүрмүн. Ал дагы мага бой бербейт, чоочунсунуп турганы турган. Бүгүн дагы ошону байкадым. Үч жылдан кийин пенсияга чыгам. Жашым улгайып барат… 201..-жылдын 17-октябры”.

Сиздин ушул жазгандарыңызды окуган соң өткөнгө саресеп салып, анализдеп көрдүм. Ырас эле, сизден Максатка деген аталык сүйүү, аталык боор толгоо болбоптур. Атүгүл, өмүрү Максатты уулум деп кучагыңызга кыспаптырсыз. Мунун баары бүгүн даана билинип жатпайбы.

– Эмоцияга жетеленбей, демибизди басалы. Ачууга алдыргандын арты жакшылык менен аяктабайт.

– Кайдагы эмоция?! Уулубуздун үйлөнөр астында: “Мен сиздерди багам. Чогуу жашайбыз”, – дегенин эстедим. Ошондо сиз: “Бирөөнүн көзүн карагыдай картая элекпиз. Жаштар өз алдынча, эркин жашасын”, – деп кулагыма куюп, мен аны уулума күн сайын кайталап жатып, акырында аргасыздан бизден бөлүнүп тынышты. Азыр түшүндүм: Максатты жек көрөт экенсиз!

– Үстүдө Кудай карап турбайбы, анда мени кусур урат го?!

– Максаттын “жалгыз баласы бир кыздын этегин кармап, ата-энесин карабай кетиптир деп эл-журт сөз кылбайбы”, – дегенине карадыкпы? Жок. Чырылдап, чырылдап кала берди. Башында дем алыш сайын келип, акыбалыбызды сурап жүрүштү. Ошондо аны менен сүйлөшкөнгө, ата катары көңүл бурганга жарабаптырсыз. Мындай мамилеңиздин түпкүлүгүнө анда көңүл бурбаптырмын. Кеч болсо да сырдын түйүнү чечилди. Дагы бир барагына үңүлөлү.

“Кечээ гана күлгүн жигит элем. Бүгүн карылыкка моюн сунган чалмын. Күндөлүк, сен эч кимге ооз ачпа, бул экөөбүздүн ортобузда сакталсын. Жандилим менен берилип сүйгөн аял заты – жалгыз Алмира. Алмирага деген сезимим өмүр бою өчпөйт. Аны чындап сүйгөнүмдөн отуруп калган жеринен алып баса бергем. Азыр кээде ойлоном, күндөлүгүм, Алмираны күйөөдөн ажыратып албаганда турмушум кантмек? Анда жашоом такыр башкача болмок, минтип өмүр бою азап чекпейт белем… 201..-жылдын 9-ноябры”.

Мага деген сүйүүңүз дагы деле өчө элек экен. Аныңызга ыраазымын. Ал эми өзүңүз жазгандай, жайкы каникулда айылда жүргөнүмдө ала качып кетишкенде тагдырыма моюн сунуп отуруп калгам. Никебиз кыйылып, чогуу жашаганыбызга бир айдан ашкан. Мени алып кетиңиз деп сурандым беле?! Арадан бир ай өткөн, бир ай! – Алмира бетин басып, эчкире ыйлап кирди. Көзүнөн буурчак-буурчак жаштар тоголонуп  жатты.

– Ал кез өттү-кетти, Алмиш, өткөндү козгобойлу. Суранам сенден. Күндөлүктү, башкасын, баарын тең унутчу. Жашообузду жаңы барактан баштайлы. Ыйлабачы, – деген Апасов жубайын кучактап, сооротконго өттү.

– Жакын жолобоңуз мага, – деди Алмира жаак ылдый агып жаткан жашын аарчып. – Мен эле ушундай тагдырды көксөптүрмүнбү? Бир айдан кийин кабарымды угуп, досторуңуз менен айылыбызга келип, чаң салып, “Сенсиз жашоомду элестете албайм. Сенсиз өмүр сүргөнчө өлгөнүм артык” деп жалынып-жалбарганыңыз кулагымда мына азыр дагы жаңырууда. “Мен баягы Алмира эмесмин, мен күйөөсү бар келинмин” десем, “Бул үйгө өзүңдүн каалооң менен келген эмессин, ала качып келишкен. Экөөбүздүн тунук махабатыбыз бардыгын унуткартат. Бул окуяны таптакыр болбогондой оюбуздан чыгарабыз. Эч качан жүрөгүңдү оорутпайм” деп касам ичкенсиз.

Сизге берилгенимден, катуу сүйгөнүмдөн ата-энемди, туугандарымды көзкөрүнөө сыздатып туруп, сизди ээрчип келе бергем. Туура эмес кылыптырмын, жолумдан адашыптырмын.

Жети айдан кийин Максат жарык дүйнөгө келди. Уулубуздун төрөлгөнүн өзүм сизге сүйүнчүлөгөм. Мелтейип, унчукпай тура бергенсиз. Кубанганыңыз жүзүңүздөн байкалган эмес. Үч күн досторуңуз менен жууп, дайынсыз кеткенсиз. Ичкиликти өкүртө ичкениңизди биринчи жана акыркы жолу көрүшүм ошол болду. Уул көргөнүнө жетине албай жаткан го деп жаңылышыптырмын. Күйүтүңүзгө чыдабай ичиптирсиз да.

– Кудайды карасаңчы! – Бакай Апасовдун аргасы куруду. – Сүйлөйт десе эле оозуңа келгенди оттой бересиңби?! Сен экөөбүз интеллигентпиз, кичине ачууңду басып, өзүңдү кармасаң.

– Ажаан катындардай долулансам деле жарашмак. Сиз эскерткендей, маданияттуу эмеспизби. Бирок, мен аял заты экенимди унутпайлы. “Жабылуу аяк жабылуу бойдон калбашы” керек. Эртең экөөбүз клиникага барабыз. Сиз дагы акыры чындыкты билип, көңүлүңүз тынчысын.

– Ошондой кантип болсун?! Мен болгону ичимдегини гана күндөлүккө түшүрдүм. Андан трагедия жасабайлы, эл укса уят дебейби!

– Трагедияны ким жаратты: менби же сизби? Сиз. Өмүр бою ич күптүү болуп жашаганча Максаттын башын ачалы. Эгер анын каны башканыкы болсо, сизге боштондук. Төрт тарабыңыз кыбыла, каалаган жагыңызга барыңыз. Азыр деле кеч эмес, жаш кызга үйлөнүп, тукумуңузду улачу бала көрүңүз. Жаратканга зарыңыз жетип, эгиздеп уулдун жытын искеп калгыңыз бардыр.

– Мен каршымын! Эч кандай анализ тапшырбайм. Бүгүнкү окуяны унутабыз, – деген Апасов аялын ынандырууга өттү.

– Сөз бүттү, – деди Алмира. – Эртеңкиге даярданалы. А баса, күндөлүктү алыңыз. Толук окуп чыкканга жүрөгүм даабады.

 

***

Бакай Апасов шалдайып эле отуруп калды. Күндөлүккө ишенбеди беле, аны болгондо да минтип жубайы таап алаары үч уктаса түшүнө кирбептир. Алмиранын айтканынан кайтпаган өжөрлүгү бар. Анализ тапшыртмайынча жаны жай албайт.

Колундагы кара тыштуу күндөлүккө көз чаптырды. Суурмага салып салайын деп ойлоп, кайра айныды. Күндөлүгүн барактай баштады.

“Тогуз жыл илгери жактаган Чыңгызхандын жеке жашоосу, үй-бүлөсү тууралуу илимий ишимди карап чыктым. Дүйнөнү калайманга салган Чыңгызхан мендей эле бечара пенде болуптур. Мага окшоп ал дагы күйүткө батыптыр. Кайран Чыңгызхан. Сүйүү сезими аны кандай азапка салса, мени дагы ошондой калчабадыбы. Анын арманы – тун уулу Жоочу. Менин арманым – Максат.

Чыңгызхан кызыктай киши экен. Жоочудан бөлөк уулдары турса, анчалык эмне арман кылганы таңгалычтуу. А мага Жараткан уулдан такыр айтпады. Кыздарым менен катар жок дегенде бир бала көргөнүмдө, Максаттын таржымалы көмүскөдө калмактыр… 201..-жылдын 9-декабры”.

Апасовдун күйгөнүнчө бар, Максаттан кийин беш кызы төрөлдү. Улам кийинкиси уул болоор деген илгери үмүткө жетеленип жүрүп, жылдар зымырап учту. Беш кыздан кийин дагы күтүшкөнүнө карабай, үмүттөрү акталган жок.

Убакыт ордунан жылган сайын артыман тукум калтырбай өтөмбү деген сарсанаа жүрөгүн эзгени күчөдү. Анысың күндөлүккө мындайча төгүптүр:

“Максат уулум болбосо, демек, туяксыз өтөм. Ата-бабамдын тукуму менден кийин үзүлөбү? Ичээр суум түгөнүп бараткансыйт. Көз жумсам ким мага топурак салат? Ким?! Аны ойлогондо өзөгүм өрттөнүп баратпайбы! Кайсы айыбым үчүн Кудайдын каарына калдым мен?

Нике жаңыртсамбы? Бул куру кыял. “Төрүнөн көрү жакын калган” кишиге ким тиймек дейсиң? Анын үстүнө, Алмираны, кыздарымды таштап кете албайм. 201..-жылдын 17-декабры”.

Башын тумандаткан ойго берилип кеткен Бакай Апасов ачуу чыккан телефондун үнүнөн улам араң эсин жыйды.

– Ало, – деди телефондун аркы жагындагы үн. – Бакай Калканович, тааныдыңызбы? Мен мурдагы студентиңиз.

– Да-да, – Апасов алгач тааныбай бүшүркөп, анан барып эстеди. –Каарманбек Сатаровсуңбу?

– Дал өзү! – Сатаровдун үнү кубанычтуу чыкты. – Өткөндө Чыңгызхандын тун уулу Жоочу туурасында сүйлөшпөдүк беле?

– Иии… Анан?

– Ошондон кийин Чыңгызхан күндүзү оюмдан, түнү түшүмдөн кетпей туруп алды. Атүгүл түшүмө кирип, мага арыз-муңун айтып жатыптыр. Жыйынтыгында чакан аңгеме жаздым. Электрондук почтаңызга жөнөтөйүн, бир сыйра карап бербейсизби?

Бакай Апасовдун дагы кызыгуусу ойгонду. Аңгемени окугусу келди.

– Макул, ушул почтага жөнөт, – деп электрондук дарегин айтты.

– Жарайт! Агай, кошумчаңыз же сунуштарыңыз болсо байланышалы.

 

***

Креслосуна отурган Бакай Апасов ноутбугун жандырды. Электрондук почтасына Каарманбек Сатаровдун каты файл түрүндө келиптир. Файлды ачып, аңгемени окууга киришти…

 

***

Адам жарык дүйнөгө жалгыз келет. Сапары карыганда жарык дүйнөдөн жалгыз кетет. “Жакасы бөлөктүн жаны бөлөк” деп бекеринен айтылбаган тура. Чыңгызхан төшөктө жатып калгандан бери башына түшкөн жалгыздыкты сезди. Сезди да ичинен түтөп кетти. Баарынан көргөн кордугу бу болду: турайын дейт тура албайт, отурайын дейт отура албайт. Кыймылдаса эле жаны чыгып кетчүдөй сыздатып ооруйт.

Бала кездеги ынак достору көздөн учат. Акыл кошчу кеңешчисине айланган байбичеси Бортэ алыста. Ичиндеги кара бугу чыккыча маектешип отураар ишенимдүү кишилеринин бири да жок, коколой башы эле калыптыр. Кан суудай аккан айыгыштарда жандап, эчен кырсыктардан байкатпастан арачалаган колдоочусу көкжал карышкыр дагы көптөн бери дайынсыз. Кабарың билдирбей кетти кысталактыкы.

“Ажал адамдын артынан кубалайт. Мен ага жеткирбей жүрүп отурам. Мен ажалды эрмектейм, аны менен түлкү куумай ойношом” дечү Чыңгызхан. Анысы түккө турбаган нерсе болгонун өлүм төшөгүндө жаткан кезинде аргасыздан минтип моюндап отурат. Өлүм периштеси, көрсө, азилдешпей эле пендесин алдынан кучак жая тосуп алып, адам менен бетме-бет кездешет экен. Анакей, өмүрү күлүк аргымак сымал алып-учуп барат өлүмүн карай. Аны токтотууга Чыңгызханда дарман жок.

Чыңгызхан өзүн Көкө Теңирдин жердеги жападан жалгыз өкүлүмүн деп ааламга жар салган. Канга ширелген кылычы, тирүү жанда кездешпеген залимдиги, түмөндөгөн колу менен дүйнөнү бүтүндөй ээлеп алууну көксөгөн. Дүйнө жүзүнө кожоюндук кылам деген. Ал бул жарыкчылыкка жети мертебе жаралса да аткарылгыс куру кыял бойдон калды.

“Оо-о, Чыңгызхан, канакей сенин күч-кубатың? Канакей сенин ааламга кожоюндук кылмагың?” дейт ичинен сызып. Баягы оозунан жалын чачырап, ааламдын ээси болчу дымагы күч Чыңгызхандын денесинен каруу качып, эти шылынып, олбурлуу бою чөгүп, катардагы бечара, алсыз чалдын кейпин кийген. Эми ал мурдагыдай адамдын канын суудай агыза албайт. Эми ал кыялында болсо дагы ааламдын кожоюну боло албайт. Жада калса өзүнө өзү ээ эмес. Өзүнүн денесине өзү ээ эмес! Атасынын кунун кууган өч алуудан башталган кандуу сапар бүтүндөй улутту тукум курут кылуу, тынч жаткан жерди дүрбөлөңгө салуу менен коштолду. Эми ал кез кайрылып келбейт. Бүттү, баары бүттү!

Чыңгызхан Чыңгызхан болгону канчалаган аял заты менен махабат түнүнө чөмүлдү. Сулуулугунан асмандагы жылдыздар уясына кирип кетчүдөй болгон эчендеген сулууларды ысык кучагында балыктай туйлатты. Алардын бирөөсү да азыр жанында эмес. Төшөктө тура албай жатып байбичесин сагынганын, аны гана жандили менен сүйөөрүн билди.

Бортэ – жубайы гана эмес, жашоосундагы негизги кеңешчиси, Чыңгызхандын ийгилигинин тең шериги болчу. Муну ал эч кимге айтпаганы менен, дилинде түшүнчү. Бортэни жогору баалачу, ага өзгөчө мамиле жасаар эле.

Биринчи жолу аял затынын жыпар жытын, назик кылыгын Бортэ аркылуу таткан. Аны менен алгачкы махабат түнүн эгерим эсинен чыкпачудай кылып өткөргөн. Бортэнин жумуру саны, аппак денеси, эркек аттуунун эрини түгүл, колу тие элек тикчийген мамагы, аңкыган жыпар жыты бала Темучинди азга дендароо кылган. Өмүрү аял затын энеден туума жылаңач көрбөгөн, аял затынын даамын тата элек кыл мурутчан жигит үчүн бул өзүнчө ажайып көрүнүш эмей эмине?!

Кыз көрбөгөн неме алгач жанталаша өбүшүп, көрүнгөн жерин аймалап, жаш келинчегин кыйла убарага салды. Өбүшүп-жытташкандан бөлөк эмне кылаарын билбеген маңыроо неме жаратылыш ыроологон жапайы аң-сезимдин артынан ээрчип,  экөө көпкө алышкан. Ичинде бир сыйкыр күч улкунуп-жулкунуп сыртка чыга албай жаткандай, денеси от менен жалынга айланып, музду да ээритип жиберчүдөй абалга тушуккан. Бортэнин назик онтологону, жалынып-жалбарганы айлуу түндү жаңыртып, көркүнө чыгарып, ал ансайын, Темучиндин күчү ашып-ташып, бир убакта Бортэ түйүнчөктөй түйүлүп баратып, дем жетпегендей оозу көгөрүп, эриндери титиреп барып, “апа-а” деп кыйкырып, анан денеси жазылгансыган. Ошол учурда Темучин денесинен баягы улкунуп-жулкунган жапайы күч алоолонгон от-жалын менен кошо бүркүлүп чыгып кеткенин сезген. Өмүрүндө алгачкы ирет бөтөнчө жагымдуу кумарга батып, шалдырап жатып калган. Өзгөчө керемет жыт мурдун өрдөп, денесин балкыткан. Кудум бейиштин жытындай жыт эле ал…

Андан кийинкиси жеңил болду. Азга эс алган жуптар бири бирин наздуу карай, наздуу көзкараш кайрадан ышкысын ойготуп, делебени козгоп, денени дүргүтүп, түнү бою чаалыкканча махабат көлүнө чөмүлүшкөн. Кийин канчалаган аялзаты менен таң атырды, канчалаган сулуулардын этегин ачты, бирок, Бортэ менен болгон алгачкы түндөгүдөй ырахатты эч кимисинен татпаптыр. Ошо түндөгүдөй бөтөнчө жыт экинчи мурдун өрдөбөдү. Ал бир керемет, өмүрдө бир гана келүүчү ажайып түн тура.

Алышып атып чарчаган Темучин келинчегинин белине жеткен кара чачынан сылап, тагдырдын ыроологон белегине ичинен чексиз ыраазы болчу. Ал кезде дүйнөнү багындырыш кайда, көр оокаттын камын ойлоп, апасын, бир туугандарын кор кылбай багуу гана максаты турган.

– Өмүр бою сенин жөлөгүң болгонго даярмын, –  Бортэ моймолжуган, кумарлуу көзүн бакырайтып, жаш күйөөсүнүн ийнине башын жөлөдү. – Мен сени алгач көргөндө эле жактырып,  сага өзүмдү түбөлүккө арнагам.

Келинчегинин сөзү Темучиндин ичин элжиретпей коймокпу. Бортэнин ысык эрининен назик соруп, “Мен дагы өзүмдү өзүңө арнадым” деп кулагына шыбыраган.

– Бортэ, бир нерсени сурайын, ачык жообун керек, – деген анан.

– Сенден жашырчу сырым барбы?, – деген келинчеги Темучиндин алкымын шуу-шуу эткизе жыттап.

– Менин эмнемди өзгөчө жактырасың?

– Тогуз жашыңда атаңдар мага куда түшүп келишкен. Ошондо сенин жоодураган, баёо, боорукерликке ширелишкен кара көзүң жүрөгүмө чок салган. Темучин, мен сенин көзүңө ашык болгом, – деген Бортэ кылыктана.

Өгүнү, жоого аттанардын алдында Чыңгызхан байбичеси менен өткөн-кеткенди эскерип, кыйлага чейин сүйлөшүп жатышты. Ушул түн оюна түшкөнүнөн сураган.

– Бортэ, менин көздөрүм сендеги сүйүү ышкысын ойготкон эмеспи. Андан бери эчен заман оошту. Менин көздөрүм өзгөрүлдүбү?

Саамга унчукпай туруп, анан ооз ачкан байбичесинин жообу мындай болду:

– Сен анда ааламдын ээси Чыңгызхан эмес, бала Темучин элең. Темучиндин таржымалы бөлөк, Чыңгызхандын таржымалы башка. Сен бир өмүрдө эки адамдын тагдырын баштан кечирген адамсың. Колуң канга малынды, көзүң канга боёлду. Көзүң канга тойбойт сенин. Мен көргөн Темучин бала бойдон өлгөн, анын денесине Чыңгызхан кирип алган. Өзүң өзгөрдүн, көзүң өзгөрдү…

“Бийлик коён жүрөк коркокторду жактырбайт! Бийлик алсыздарды колдобойт. Бийлик күчтүүнүн күчтүүсүн гана жактайт. Эгер алсыз болсоң, сени күчтүүлөр келип сындырат. Же ал, же сен өлөсүң! Ар дайым күчтүү болушун керек!”. “Баштадыңбы, коркпо! Корксоң – баштаба!”. Чыңгызхан ушундай эреженин негизинде жашады. Туруктуулугу, калыстыгы, көкжалдыгынын аркасында ат үстүндө дүйнөнүн жарымын багындырды. Эми аны ажал тооруп, ажал мойнунан ныгырып, чөгөлөткөнү турат. Тагдырга моюн сунбаска аргасы жок.

Каардуу Чыңгызхан бала Темучиндин баёо дүйнөсүнө кайтып барууну эңседи. Балалыгы өткөн, кермек шыбак жыттанган, катуу шамалда топурагы асманга учкан айылы, түркүн түстүү гүлдөргө оронгон ажайып тоолору көзүнөн учуп жатты. Кыштын кычыраган чилдесинде ар жеринен жамаачыланган чатырында апасы, инилери менен көкмуштумдай болуп үшүп өткөргөн күндөрүн сагынды. Ачкалыктын айынан жалаң чөп-чардын тамырынан өзөк жалгап, эптеп карды кампайганына ыраазы болгон учуру көздөн учту. Ала шалбырт жазга аман жеткендерине маңдайы жарыла кубанып, дарыяда инилери менен балык уулаган бактылуу күндөрүн эстеди. Ал айтканга жомок, жорутканга жакшы түш сымал өткөн өмүрдүн ырыстуу көз ирмемдери экен. Көзүн жумуп кыялданса көз алдына тартылат, көзүн ачса ханчатырда жалгыз өзүнөн башка тирүү жан жок. Чыңгызхан көзүн ачкандан, бактылуу көз ирмемдерин качырып алуудан коркуп, көзүн бекем жумуп, өзү менен өзү алышып жатты.

Азыр жанында байбичеси болгондо ага ушуга чейин жүрөгүн өйүп келген күмөн саноосун – арманын төгүлүп-чачылып айтып бермек.  Айта албайт эми, айта албайт. Заматта өткүндөй шатырата төгүп, заматта кайра бажырая күлүп жиберген жайлоонун күнүндөй ал кез артта калды. Өкүнгөн менен кайтып келбейт ал учур. Кайтып келбейт. Бортэсин тирүү көрбөйт.

 

***

Бир уурунун жигиттери кошуна айылдын тоз-тополоңун чыгарган жоокерчилик заман. Ал кезде колго түшкөн кыз-келиңдер олжого кетээри кадыресе көрүнүшкө айланган. Коңшу айылда жылкы тийип жүргөндө айылын меркиттер чаап, баш кошконуна ай айланбай, ысыгы, кызыгы тарай элек келинчегин уурдап кетишиптир.

Бир жагы өзөктү өрттөгөн намыс, бир чети жалындаган сүйүүнүн күйүтү Темучинди жөн жаткырган эмес. Эки-үч айдын аралыгында кан досу Жамухинин көмөгү менен кол курап, меркиттердин чеңгелинен Бортэсин бошотуп алган. Ал кезде Бортэ меркиттердин биринин жубайы болуп калган эле…

Кийин Жоочу төрөлдү. Аны өзүнүн уулу деп жарыялаганы менен жүрөгүнүн түпкүрүндөгү күмөн саноо өчкөн жок. Жоочунун келбетин, мүнөзүн, кылык-жоругун канчалык өзүнө окшоштурайын десе да, такыр коошпой туруп алды. Бет маңдайында кан-жанынан жаралган баласы эмес, меркиттердин биринин каны дүркүп тургандай сезиле берчү. Жоочу дагы атасына боор бере албай, өзүнөн өзү эле корунуп, жүдөй берер эле. Сыртынан Жоочуну уулу катары көргөнү менен, назилинде ага ишенбей, шек санаганын таштабады. Мураскерликке салт боюнча Жоочуну эмес, ортончу уулу Угэдейди тандаганы ошондон.

Өткөн күндөрү көз алдынан чууруп өтүп бараткан Чыңгызхан оң капталына секин оодарылды. Кечке жата бергенге көчүгү жооруп, кашайгырдыкы жара басып баратыптыр. Оюна бир нерсе келгендей эшик кайтарган сакчысын чакырды.

– Угэдей каякта?

– Кошуунду кыдырып жүргөн.

– Айт, батыраак келсин!- Сакчыга буюра сүйлөдү.

Чыңгызхан кайрадан жалгыз, жүрөгүн эзген сасык ой мээсин жеп атат. Чөнтөгүнө колун салып, “аа, турган экен” деп азга болсо дагы санаасы тынчыгансыды.

Баласы көпкө күттүрбөдү. Чуркап келгенге энтигип алыптыр.

– Чакырыптырсыз, ата!

– Чакырдым. Колдун абалы кандай?

– Алдыдагы чабуулга даярбыз.

– Мунуң жакшы экен. Берегирээк жакын, жаныма кел. Сага гана айтчу кебим бар. Кытайды толук ээлөө максатында Кытайдын батыш тарабында жүрөбүз. Кутурган Таңгут хандыгын экинчи ирет багындырарыбызга аз калды. Тилекке каршы, ал кезде менин денем жансыз болор…

– Ата, сиз айыгасыз! Дүйнөнүн мыкты дарыгерлери жолдо келатышат…

– Сөзүмдү жыра тартпай, ук! Менин ичээр суум түгөнүп баратат. Көкө Теңирдин астына барчу убакыт жакындады. Асманда жалгыз болбойм, атам, апам бар. Агаң Жоочу бар…

Таңгуттардын туусун кайрадан мына бу колум менен түшүрсөм деп кыялданчумун. Максатыма жетпей калдым, – Чыңгызхан кыжырдана обдулуп, ордунан козголду. Турганга дарманы жетпеди. – Менин жаным денемен бөлүнүп чыккан кечтин эртеси колду өзүң баштап, чабуулга киресиң, – деди сөзүн улап. – Таңгуттарды басканга чейин менин өлүмүм тууралуу тирүү жан билбеши абзел. Жеңишке жеткенден кийин гана жалпыга кабарлайсың. Мекенибизге чабарман жөнөтөсүң.

Угэдей, эми акыркы керээзимди айтайын. Силер таңгут хандыгын талкалап, Кытайды толук ээлегенде менин жаным көктө болот. Ошондо, уулум, жакшылап кулак сал, көптөн бери төшөктө жата берип, денем сасып кетмей болду. Өзүн жалгыз денемди жакшылап жуу. Алгач чөнтөгүмдөгү тоголок буюмду өзүнчө бөлүп ал. Кайра ушу азыр турган кийимимди түгөл кийгизесиң да эл көрбөгөн жерге жүктөп бар. Жерди таза шыпырып, жалаң куураган арчаларды чогултуп, ортосуна жасатымды жайгаштыр. Анан өрт кой! Сөөгүм толук өрттөнсүн, денемдин күлү гана калсын!

– Ата!

– Күлүмдү, анан жанагы айткан буюмду чогуу бир идишке сал. Биздин кичи мекенибизге кайтып барганда Бурхан-Халдун тоосун этектеп дарыя агат эмеспи. Анын нугун ээрчип эки күн тынбай бастырсаң үч дарыянын кошулган жерине туш болосун. Идиштеги күлдү сууга акырын төгүп, береги катуу затты көзүңдү жумуп туруп ыргыт. Кайсы жерге түшкөнүн көрбөгүн.

– Кантип андайга дитим барат, ата?! – Угэдей жалооруй тиктеди.

– Бул менин акыркы керээзим. Сага бекем ишенгенимден табыштадым. Тур, жөнө! Жолуң ачылсын.

– Сиздин сөөгүңүздү элибиз сурабай койбойт да. Каада-салт менен жакыркы сапарга узатууну талап кылышат. Анда кандай арга табам?

– “Менин жүзүмдү эч ким көрбөсүн” деп атам керээз калтырган дейсиң. Ордума мага дене түзүлүшү окшош жоокерлердин биринин жасатын пайдалан. Анын сөөгүн  Бурхан-Халдундун этегиндеги жайык жерге көмөсүң. Мүрзө билинбей калышы үчүн үстүнөн миң атчанды бастыр. Эл ишенгидей болсун.

– Айтканыңыз аткарылат. Дагы бир соболум бар…

– Сура!

– Эмнеге денеңизди өрттөөнү буйруп жатасыз?

– Ушуну сураарыңды сезгем. Ондогон кылым суулар тынбай агат. Суу бар жерде өмүр токтобойт, Жер эне жашоосун улантат. Суу жамгырдын тамчысы болуп жерге түшөт. Булак болуп жердин түбүнөн сызылып чыгат. Булак дарыяга, дарыя көлгө, деңизге, океанга куюлуп түшөт. Жердеги суу бууланып, көк асманга көтөрүлөт. Ал кайра жамгыр болуп жерге төгүлөт. Ал эми менин күлүм ошол суу менен кылымдан кылымга токтобой аксын.

Мен өлгөндө душмандарым көрүмдү издейт. Таап алышса сөөгүмдү тытып жегенден кайра тартышпайт. Эчендеген кылымдар өткөндөн кийин урпактарым мүрзөмдү изилдешет. Эгер керээзимди кынтыксыз аткарсаң, менин жайым түбөлүккө ачылбаган сыр бойдон сакталат.

– Түшүндүм, ата…

– Калдайган империянын мындан аркы тагдыры өзүңдүн колуңда! Экөөбүз коштошпойбуз, мезгили келгенде көктөн кезигебиз…

Уулуна акыркы керээзин айтканына көңүлү тынчыган Чыңгызхан оң жамбашынан кайра сол жамбашына оодарылды. Чөнтөгүндөгү томпойгон нерсе сөөгүнө катуу тийди.

– Какый и-ий! – деп онтоп жиберди. – Жоодон далай жаракат алганда жаным оорубаган көргүлүктү ушу сакадай таштан көрмөк болдум.

Жанаракта уулуна ачык айтпай, катуу зат дегени ушул кичинекей таш эле. Ал атасынан калган таберик. Бортэге сырга салганы баратканда жолдон атасы негедир өлөөрүн туйгандай Темучин менен чоң кишидей масилеттешкен. Күн жаңыдан уясына батып бараткан болчу. Атасы ачыла сүйлөп, көп нерседен кеп салган. Бала экен, атасынын сөзүнө анчейин көңүл бурбаптыр. Ташка байланышкан аманатына маани бергендиктен, аны өмүр бою бекем сактады.

– Балам, – деген атасы, – турмушта ар кыл күтүлбөстүктөргө кезигесиң. Эч кимге толук ишеним артпа. Сырыңды, өксүгүңдү, арманыңды адамдарга айта бербе. Адамдан өткөн мээримдү, адамдан өткөн мыкаачы, адамдан өткөн чыккынчы, саткын болбойт. Киши баласында тил бар, бирде болбосо бирде тили кычышып, сайрап жибериши ыктымал. Адам болгондон кийин ичиндеги бугунду бирөө менен бөлүшүп, чыгарып алгың келет. Ошондой учурда мына бу таш менен сүйлөшүп жүр. Таш сөзүңдү угат, тилин тапсаң, сени менен сырдашат. Бир артыкчылыгы – сенин кебиңди эч кимге ташып барбайт. Ошол үчүн, таш аталат.

Атасынан калган ташты кайсы жерде жүрбөсүн жанынан чыгарбайт. Чыңгызхан деле пенде го, ичи бук болгондо таш менен сүйлөшүп, жеңилдеп алат. Азыр дагы ташты аяр сыйпалап, сөз баштады.

– Баарын уктуңбу? – деди ташка кайрылып. – Көптөн бери сүйлөшкөнгө чолообуз тийбеди.

– Мен го укканын уктум. Ал эми уулуң “тангуттардын таш талканын чыгарганга чейин менин өлгөнүмдү тирүү жан билбесиң” дегениңден кийинкилерин түшүнбөй калбадыбы.

– Эмне үчүн?! – Чыңгызхан чоочуп кетти.

– Ошол сөздү айтып баратып булдуруктап, тилден калдың…

– Кандайча? Угэдей баарын уккандыктан суроо узатып жатты го.

– Тилден калганыңды жада калса өзүң байкабадың. Балаң менен оюңда сүйлөшүп аттың…

– А сени мененчи?

– Сен экөөбүз бала кезинден бери үн-сөзсүз баарлашып келатабыз. Сени мендей түшүнгөн бул жарыкчылыкта зат башка жок. Жада калса Бортэ дагы менчелик сени билбейт чыгар.

– Аның туура, – Чыңгызхан чатырдын ичин сыдыра карады. Эми накта жалгыз калганын, эшик сакчысын аалам жаңыртып кыйкырса да чакыра албасын, Угэдейи менен кайрадан сүйлөшө албасына көзү жетти. Акыркы керээзин баласына толук жеткире албай, тили байланып калганына ичи өрт каптагандай жалындап чыкты. Өлүм төшөгү аны биротоло кучагына кысып баратты.

– Унчукпай калдың да, – деди таш Чыңгызхандын оюн бөлүп.

– Керээзим канчалык аткарылат деп бушайманмын…

– Камтама болбо, алдыңкы миң жылдыкта сенин жайыңды эч ким таппайт…

– Кантип?! Аны сен кайдан билесиң? – Чыңгызхан таңгала сурады.

– Билем, билгеним үчүн ташмын, – деди ал. – Сенин эмнеликтен сөөгүңдүн өрттөлүшүн каалаганыңдын чыныгы себеби мага белгилүү. Аны Угэдейге эмнеге айтпаганың дагы маалым.

– Сен менин оюмду окуйт эмессиңби… – Чыңгызхан макул болгонсуду.

– Оюңду окуйм, табиятың алаканга салгандай көрүнүп турат. Сен мындан аркы тарыхта түйүнү чечилгис сыр бойдон калууну көздөгөндөн сырткары өзүңдү өзүң жазалайын дедиң.

– Ырас, өзүмдү тирүүмдө жазалашым зарыл. Бираздан кийин Көкө Теңирдин астына тизелеп барам. Капилеттен аттан кулап, өлүм алдында жатканга чейин Жоочуну жашыруун буйрук берип, ууландырып өлтүрттүм. Эмнеге мындай кадамга барганымды туйгандырсын?

– Жоочу сенин өмүрүңдөгү шек санооң, эң чоң арманыңа айланды, – деди таш күңгүрөнүп. – Жоочу кан-жаныңан жаралган уулуң же уулуң эмес экенин анык билбей, арманда кетип баратасың. Анын айынан бийлигиңди ага ыраа көрбөй, Угэдейди мураскерликке тандадың. Ага да ыраазы болбой, кийин бийликти талашпасын деп уу берип өлтүрттүң!

– Мунуңа да кошулам. Андай кадамга барганга аргасыз болчумун. Жоочу акыркы мезгилде буйругумду аткарбай, моюн толгой баштады. Өзүнөн кетти, жаштык кылды. Баарына өзү күнөөлүү.

– Анда кайгырышыңа эмне себеп?

– Жоочуну ууландыртып, жанын алганга өкүнбөйм. Бул менин империянын келечегине көргөн камым.

– Өлүп баратып да бийлигимди эч ким менен бөлүшкүм келбеди дебейсиңби жашырбай?

– Ооба, болгондо дагы өз уулум экендиги бүдөмүк болгон Жоочу менен бийлигимди, ааламдагы кожоюндугумду бөлүшө албайт элем. Андан дагы, мен түптөгөн империяны денесинде менин каным жүгүргөн урпактарым гана улашы керек.

– Сен атаңдын азабын тартканыңды билесиңби?

– Кантип?

– Убагында атаң Есугей апаңды  никелешкен күйөөсүнөн тартып алган.  Үстүндөгү кийиминен бөлөк нерсеси жок Чиледи Оолунуң кайтара албаганына өкүттө калганынын кесепетинен өмүр бою үйлөнбөй, жарыкчылыктан ак өткөн. Жараткан өзү калыс зат, атаңдын бир кездеги кылыгына Жоочу аркылуу сенден жообун алды.

– Урпактарым кийин менин азабымды тартабы?

– Эч бир нерсе жазасыз калбайт…

– Оо, Көкө Теңир, зордун арты – кор тура. Бийлигиңе жараша азапты кошо берген экенсиң. Бийликтин арты – кейиш болоорун билгенде өмүр кербенинде жөнөкөй жолду тандамакмын. Аттиң, бок дүйнө. Аттиң, жок дүйнө…

Чыңгызхан онтоп жиберди. Дүйнөнү багындырам деп жүрүп, байкабастан урпактарына кылымдарга өчпөс балээни башына үйүп салыптыр. Оңдогонго болбойт эми, кечикти. Кеч кирди акыл.

Ортодо саамга тымтырстык орноду. Бир убакта таш суроосун кайрадан кайталады:

– Анда эмнеге кайгырып жатасың?

Чыңгызхан оор улутунуп алды. Акыркы деми калганын, жаны алкымына жетип, мына-мына чыкканы калганын туйду. Муун-жүнү бошоп, көзүнө ысык жаш тегеренип, анысын аарчыганга дарманы жетпей, ташка акыркы сөздөрүн шашыла айтып жатты:

– Мына, көк асманга учуп баратам… Көкө Теңирге баратам… Жоочунун карааны чалдыккансыйт… Таш… Таш… А эгер Жоочу өзүмдүн канымдан жаралган уулум болсочу… Мен өмүр бою жаңылып жүргөн болсомчу… Өзүмдүн уулумду өзүм өмүр бою кыйнап, өмүр бою азап чектирген болсомчу… Менин арманым, арманым…

– Бар күчүңдү жый. Эсиңе кел, Чыңгызхан! Сөзүңдүн акырына чык!

– Алым куруп баратат, – Чыңгызхандын тили күрмөөгө араң жарады. – Өлүм ак экен, ажал менден күчтүү экен. Жанаракта менин жайымдын сыры алдыңкы миң жылдыкта ачылбайт дедиң. Эгер билсең жашырбачы, Жоочу менин уулумбу же уулум эмеспи?!

– Кызык эле адамсың. Жоочунун табигый атасы Жаратканга гана маалым. Тагдырдын жандырмагын аркы дүйнөгө барганда да чече албассың. Арманың бу турмушуңда гана эмес,  тиги жашооңдо да коштоп жүрөт. Бул сенин жууса өчкүс, кууса кеткис түбөлүктүү арманың.

Таштын сөздөрү бирде кулагына илинсе, бирде илинбей, Чыңгызхандын көзү коюуланып, сүзүлүп баратты. Эки адам эки жагынан коштоп бараткандай, түнөргөн асманды көздөй алып учуп барат. Жандын чыгышы оңой бекен, колундагы ташты мыжыга кармап, соңку ирет катуу кыйкырды.

– Жоочу-у-у! Жоочу-у-у! Жоочу-у-у!..

Башкы сакчы коюу түндү жаңырта чыккан үндөн селт этип, ханчатырга чуркап кирди. Чыңгызхандын көзү коюлангандан коюланып, сакчыга бир нерсени айткысы келгендей оозун кыбыратканы менен, анысынан майнап чыкпай, көзү көктү тиктеп, жанатан бери чыга албай жаткан ысык тамчы жаак ылдый сыйгаланып, жаагы бир жагына кыйшайып, бир убакта сол колу шалак этип, тоголок бир нерсе жерге топ эте кулап, босогону карай томолонуп кетти.

Карбаластаган сакчы караңгыда аны элес албады. Чуркап кирип эле Чыңгызхандын билегин кармады. Тамыры “бүлк, бүлк” деп жай согуп, акырындап кагышы токтоду. Чыңгызхандын оң көзү жумулуп, сол көзү ачылып, ысык жаштын шорунун изи калган бойдон жаны үзүлдү.

“Мынчалык кооз дүйнө! Мынчалык керемет аалам! Муну билгенде Жерде атамдын кунун кууп, өчүн алам дебей, ааламдын кожоюну болом дебей, ушул ажайып дүйнөгө даярдык көрмөкмүн”. Чыңгызхан көккө учуп баратып алдынан чыккан керемет сулуулукка кареги тойбой, ушинетип сүйлөнүп жатты.

Өзү сымал жайнаган кишилер асманда учуп жүрүптүр. Алардын арасынан аргымагын алкынта чаап бараткан Жоочуну көрдү. Сүйүнгөнүнөн кыйкырып, муун-жүнү бошоп, буркурап ыйлап жиберди.

– Уулум! – деди Чыңгызхан.

– Ата! – деди Жоочу.

– Кечир мени, – деди Чыңгызхан.

– Мени кечириңиз, – деди Жоочу. – Боор бербей, бойго жеткени сизге каршы чыкканыма өкүнүп турам, ата. Көрсө, анын баары жөн гана тирүүлүктөгү убаракерчилик экен. Түккө арзыбаган нерсе экен анын баары.

– Жоочу, – деди Чыңгызхан, – тирүүлүктө сени боорума кыса албадым. Сага мээримимди төгө албадым. Мына, сенин алдыңдамын. Кандай жазалайм десең эрк өзүңдө! Кечирсең гана болгону!

– Түбөлүктүү дүйнөнүн мынчалык ажайып экенин билгенде, тескерисинче, сизден өзүм уу берип өлтүртүңүз деп суранат элем. Мен баарын кечирдим. Эч кимге кек сактабайм. Сизди кечирдим. Сиз да мени кечириңиз. Кечириңиз, ата!

– Сенин уулум экениңен шек санап, өмүр бою сени, апанды, баарыңарды азапка салдым. Арманымды бөктөрүнүп келатам. Мен сенин атаң бекенминби? Көкө Теңирден сурадыңбы?

– Көкө Теңир мындай нерсе айтылбайт деди. Аны түбөлүктүү сыр деди. Сурасаңыз, сизге жандырмагын чечет чыгар?

– Эми анын мааниси жок… Уулум… Сурабайм… Сурабайм… Сурабайм… Андан көрө келчи жаныма. Кучактайынчы, боорума кыса кучактайынчы. Бала кездегидей аруу жытындан жыттайынчы. Эркелетейинчи. Сен да мага “атакелеп”, кумарымды кандырчы. Сагындым, уулум, сагындым.

Кыйналдым, балам, сени дагы кыйнадым. Кыйнадын, балам, кыйнадын.

Жоочу атасына боюн таштады. Чыңгызхан уулун кучактаганы алдыга жүткүндү. Баласы колуна илинбеди, кучагына толбоду. Колго илингис элес экен. Абада калкып жүргөн элес турду алдында. Сөлөкөт экен ал, болгону бир сөлөкөт экен.

Жалган дүйнөдө эстеген сайын көңүлүн ооруткан  арманы көк асманда дагы Чыңгызхандын алдынан утурлай чыкты…

 

***

Бакай Апасов терезеден сыртты карады. Жана эле алай-дүлөй түшүп жаткан айлана эч нерсе болбогондой, асман чайыттай ачылып, күн желеси уясына кызарып батып баратыптыр.

Күндөлүктү колуна алып, акыркы барагына бир нерселерди чиймеледи.

“Күндөлүгүм, экөөбүз коштошууга убакыт жетиптир. Эртең сени өрттөйм. Алдын ала кечирим сурайм. Армандын баары жуулуп кетсин дедим. Тирүүлүктө баарын кайрадан баштаганга мүмкүнчүлүк болоорун билдим. Жашоомдун жаңы барагы ачылсын.

Күндөлүк, сага ыраазымын. Сен сырды бекем сактадың. Күнөө өзүмдө. Мындан ары баарын ичиме сактайм. Кудайдын алдына барганда гана ичимдегини ага айтам. Жалган дүйнөдө өзүмө өзүм сырдаш, чын дүйнөдө Жараткан өзү муңдашым болсун. Кош, күндөлүгүм, кош!”.

Бу жарыкчылыкта тирүү жүргөнүнө шүгүрчүлүк келтирген Бакай Апасов үшкүрүндү. Чыңгызханды аяп кетти. Сөөгү эчак күлгө айланып, Сатаровдун чыгармасында сүрөттөлгөндөй, кылымдан кылымга сууга кошулуп агып келаткан Чыңгызхандын күлүн ойлогон Апасовдун суусаганынан таңдайы кургап чыкты. Желим бөтөлкөдөгү суудан шимирди. Суунун шириндигин, жашоонун таттуулугун сезди. Тили бал даамданып чыкты.

Негедир маанайы ачылды. Ырдагысы келди. Дубалда илинип турган комузду алып, кыңылдап ырдагансыды. Көңүлү алып учат. Жубайы менен сүйлөшүүнү каалады. Жаш кезиндегидей сырдашкысы келди. Жалындаган жаштыгына саякаттагысы келди. Ал оюнан кайтты, Алмиранын көңүлүн кайрадан чөгөрбөйүн деди.

Анан Каарманбек Сатаровду эстеди. Телефонунан номурун терип, анын аңгемеси тууралуу пикирин билдирип коёюн деди.

– Агай, бат окуп чыгыптырсыз го?

– Окудум, чакан аңгеме болуптур. Дагы бир сыйра редакциялайсыңбы?

– Албетте, Бакай Калканович.

– Чыңгызхандын арманын чыгармага айлантуунун себебин билсем болобу?

– Сиз менен ушу темада сүйлөшкөнүм көбүрөөк таасирин тийгизди өңдөнөт. Андан сырткары, жердеш агам башынан кечирген окуясын айтып берди.

– Кандай окуя болду экен?

– Ал жаш кезинде бир кызга ашык болуптур. Бири бирин катуу сүйүшүп,  эрди-катындай жашап алышыптыр. Жайкы каникулда кыз айылга кеткен бойдон, кайрылып келбептир. Кызды кошунасы ала качып кеткенин кийинчерээк билдим дейт. Бирок, кыздын артынан издеп барбаптыр, кыз деле “мени алып кет” деп кайрылбаптыр.

Арадан кырк жыл өткөндөн кийин жердеш агам эски сүйүүсүнө кокусунан жолугуп калбайбы! Анын жолдошу каза тапканына көп болуптур. Тагдырдын тамашасыбы, улуусу эгиз кыздардын чыныгы атасы жердешим экен да. Аны аял өзү айтыптыр. “Бечара күйөөм кыздарынан шектенген жок. Кыздарым дагы атасын өзгөчө жакшы көрүшчү. Аларга сен тууралуу айтыштын эми зарылчылыгы жок”, – деп коёт дейт.

Ошондон бери жердешим кайгынын кучагында, күйүтүн ичимдиктен чыгарып жүрөт. Үч уулу бар, кыздуу болсом деп суусап жүрүп убактысынан эрте картайып кеткен. Сиздин Жоочу тууралуу баяныңыз, жердеш агамдын башынан өткөргөн окуясы эргүүмдү ойготуп, аңгеменин жазылышына түрткү берди окшойт.

– Баяның кызыктуу экен, – деди Апасов. – Кийинкиде сага бирөөнүн таржымалын айтып берем. Чыгармачылыгыңа пайдасы тийип калаттыр.

– Жакшы болмок. Качан жолугалы?

– Келаткан жекшембиге пландайлы.

– Макулдаштык. Кезиккенче саламатта туруңуз.

 

***

Апасов эртең анализ тапшырат. Балким, ал нагыз армандын башаты болот чыгар. А балким, ал күйүттүн баарын серпип салып, түбөлүк бакыт тартуулайттыр. Жыйынтыгы кандай болбосун көп жылдан берки күмөн саноосуна чекит коюлат. Ал эми  Чыңгызхан азыркы заманда жаралганда эмне кылмак? Ал дагы клиникага барып, анализ тапшырмак… Анысы үчүн бармагын кырча тиштеп, өмүр бою азап тартмак. Эх, арманда калмак…

 

Нурканбек Керимбаев

About the author

Жазуучулар Союзу