“Карабах аңгемелери” китебинин бет ачарына арналган иш-чара өттү

Борбор калаабыздагы Хаят мейманканасында КР Улуттук жазуучулар союзу тарабынан жарык көргөн азербайжан жазуучуларынын “Карабах аңгемелери” аттуу китебинин бет ачарына арналган иш-чара өттү . Бул иш-чара Азербайжандын Кыргызстандагы элчилиги тарабынан уюштурулуп, ага элчи мырза Латиф Сейфаддин оглу Гандилов, КР Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Н.Калыбеков, Азербайжан диаспорасынын өкүлдөрү, акын-жазуучулар, котормочулар катышты.

Эске сала кетсек, “Карабах аңгемелери” китебинин бет ачары буга чейин жазуучулар союзу тарабынан уюштурулуп өткөрүлгөн.