Шербет Келдибекова: Балким ысмым сыйрып турмуш пардасын, Селт эткендир капилеттен жүрөгүң.

КӨӨНӨРБӨС НУК

Жылтыр шаңы өчөт кездердин,

Шүүдүрүмү кетет чөптөрдүн,

Дуулай берет тынбай бу тирлик,

Жаш көбөйөт, көптөрдү эстеймин.

 

Туманданып өткөн жаш курак,

Жылдар агып, жылга бастырат.

Эске салсам мен курлуу энемди,

Эбегейсиз жанын карч урат.

 

Жеткен кими түйшүк түбүнө?

Антсе да өмүр ошол тирүүгө.

Түпкү эне да бир кез түрүнүп,

Түшкөн чыгаар тирлик бийине.

 

…Жылтыр шаңы өчпөй кездердин,

Шүүдүрүмү калып чөптөрдүн,

Чаалыгарда кайра дүрт этип,

Чарк урунган энемди эстеймин.

 

Түк кургабай нымы чөптөрдүн,

Түпсүз экен нуру кездердин.

Агарганда чачым, а балким,

Атамдын шол чагын эстээрмин.

 

АКЫН

Табышмактуу деп ойлосоң кай бирде.

Тагдыр жолу таң калаарлык өкүм, түз.

Тагдыр сүрүн туйбай өткүң келсе эгер,

Табияттай райым билбес өмүр күт.

 

Болбойбу андай… сапардагы пендебиз,

Өмүр жалгыз, тагдыр болсо жер, деңиз.

Өкүнүчсүз кетиш үчүн дүйнөдөн,

Жерде дагы, сууда дагы келгенбиз.

 

Жок, болбойбу… табышмаксыз пендебиз,

Табышмактуу тагдыр издеп келгенбиз.

Бу жарыктын кайгы-шаттуу ирмемин,

Жерден, суудан жүрөк менен көргөнбүз.

 

Асман бизге ачылган да, түнөргөн

Жерден, суудан жакындасак, ыраактап,

Жылдызыбыз жерге түшсө бир туштан.

Жылтыр этип башка туштан чырактай.

 

Ошол жылдыз, ошол тагдыр, ошол жол

Келет бирге-суудабыз да, жердебиз.

Мезгил бизди аңтарууда, биз да анын

Көшөгөсүн ачалы деп келгенбиз.

 

СҮЙҮҮГӨ

Сен бир сырдуу деңиз элең чалкыган,

Мен бетиңде кайык сындуу калкыгам.

 

Сен бир долу деңиз элең толкуган,

Мен да көк бет кайык болуп кол сунгам.

 

Кыйратса да урган ар бир толкуну,

Жыйналчумун, кайра мелт-калт толчумун.

 

Бүлдүрсө да урган ар бир ташкыны,

Бирикчүмүн, суу үстүндө калчумун.

 

…Ошол жаштык кирип бир кез дайрадай,

Бу жарыктын миң-сан түсүн жаңдаган.

 

Кербезденип, ошол жаштык жолумдан,

Кезегинде даңк көрсөтүп жолуккан.

 

Кесип ошол кесири көп жолумду –

Сен керемет шоокум болуп жолуктуң.

 

Сен бир сырдуу деңиз элең чалкыган,

Мен бетиңде кайык сындуу калкыгам.

 

* * *

А сыртта асман бүркөк, агат жамгыр,

Жаз мүмкүн келе жатат каяктандыр

Шартылдап ишенимдүү кадам шилтеп,

Ким тосот жолун анын, дарактарбы?

 

А сыртта аба салкын, асфальттар ным,

Тунарып турат асман. Каяктандыр

Келаткан жаз дабышын тыңшайм дагы,

Тиктеймин бозоргон суу дарактарды

 

…Таңдай ак, таңдай таза, сүттөй делбе,

Тартуулайм жазга кошо. Мөлтүрөгөн

Көзжаштай ысык дагы, ачуу дагы,

Жүрөктү күйгүзүп бир күндөр келген.

 

Таңдай ак, таңдай таза, таңдай аруу –

Жарыгым, тартуулаймын жаздын табын,

Көгөр да көктөм сындуу, көрбө, билбе,

Көздөгү кургап калган жаштын тагын.

 

КОМУЗ

…Таштап салып сени кечээ эле,

Кеттим дегем жымжырт көчөгө.

Билбейм дале жылбай отурбуз,

Билбейм дале сузбуз өтө эле.

 

Кош жүрөктүн бүтүп баяны,

Элестетет күзгү ээн талааны.

Козголсом дейм, бирок кол булгалайт,

Белгисиз бир күүнүн жамалы.

 

…Көп ойлодук жакын-алысты,

Шол кыраакылык бачым карытты.

Шол ойлордун жүрүп боюнда,

Да бир ирет көрдүк жарыкты.

 

Азуу тиштер курчуп, торолуп,

Жиреп жүрдүк турмуш бороонун.

Кайыл болдук ысык-суугуна,

Калбаса эле тынып бу комуз.

 

Ачык, бүркөк күндөр өзү эле,

Келди, ой эмес мезгил жетелеп.

…Ныгырса да жерди бутубуз,

Уча берди көңүл көкөлөп…

 

Күңгүрөп доош кактың сен комуз!

Тосуп үнсүз өтчү жолумду,

Удургутуп ой, жан, сезимди,

Байлап алып жипсиз колумду.

 

…Көп ойлодук жакын-алысты,

Шол кыраалык бачым карытты.

 

Өкүнүү жок антсе да өмүргө,

Өчпөсө эле комуз дабышы…

 

Күүлөрдүн чертип далайын,

Мен мейли четте калайын.

Түшүнсө болду дилиңди,

Түбөлүк деген адамың.

 

Арийне, өмүр миң кырлуу,

А жолдо сен да барасың.

Өткөндөр жыйган шам анда,

Жарыксыз калсаң жагасың.

 

…Жаңырып күүнүн канчасы,

Аргасыз, бери кайтасың.

Ак мөңгү черди шар кылып,

Астыңдан тосот кашка суу.

 

…Берилип көңүл качандыр,

Бүлүндүк, канча жаш акты.

Таппадык анда карайлап,

Так ошол тунук башатты.

 

Узадык эми укпай көр,

Буюккан булак дабышын.

Кечтерди таштап, кымбаттуум,

Кезиккис болдум, алысмын.

 

Жашоо ушул, курбум, көр мына,

Шарында кетип барасың.

Жолуңа жаны кусадар,

Жаштыгым кайдан табасың?!

 

Жаңырат анан канчасы

Сан күүнүн… Бери кайтасың,

Көк музду жарып күкүктөп,

Астыңдан тосот кашка суу.

 

* * *

Жашыруун бир жараат сындуу а балким,

Көкүрөктө али тирүү жүрөмүн.

Балким ысмым сыйрып турмуш пардасын,

Селт эткендир капилеттен жүрөгүң.

 

Бу жалгандын мыйзамы ушул, пендеге

Канча сыймык ыйгарса да, зор тура.

Ар көңүлдүн өз кайгысы. Ошентип,

Армандуу бир ойго батып олтурам.

 

Карайм күңүрт терезени, качандан

Түн чүмбөтү чөгүп аткан дүйнөнү.

Балким канча кайгы өрттөдү көңүлдү,

Балким сени качандыр бир сүйгөмүн.

 

Тагдыр кушу мээримдүү да, мерез да,

Мен тагдырдан укпаганым жемени.

Ташкын өтөөр, таштар калаар, а көңүл

Жанса жанар, өчсө өчөөр дегемин.

 

Неге дебе, бузба учкан санааны,

Эгер билсең тарткан жоксуң запкысын

Ал сезимдин. Сүйүү кандуу дайра экен,

Калсын дегем суу болбой өз бактысы.

 

Ойлор термейт, ойлор термейт, а бир кез.

Сүйүү элеси күйүт сындуу тирилет.

Дүйнө кекчил, кечир жаным, а балким,

Кучагыма алсам болмок бир ирет.

 

Сырт немедей, түс да бербей, а балким

Түнөрүүнү качан, кайдан үйрөндүм.

Эзет кайгы, эзет жанды, сен айтчы,

Жат тагдырлуу жанды неге сүйгөмүн?

 

ТҮНКҮ ЫР

Турам тыңшап селейип үн катпастан,

Дирилдеткен кусалык добушуңду.

Чертким келди менин да ушул күүнү,

Бирок корком, албаймын комузумду.

 

Жок, жок менин уккум келет башкача үндү,

Жазгырбас жарыгына ишеничтүү.

Жок, жок менин сезгим келет дүйнөдөгү,

Сагынычтын саргайбас албуут күчүн.

 

Коштоор элем мукамдуу батына албайм,

Үнсүз, тилсиз кысылат эт-жүрөгүм.

Кимсиң деги бейтааныш күндүр — түндүр,

Сагынычтан, кусадан алсыраган.