Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, төкмө акын Ысак Барпиев дүйнө салды

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, КРнын Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү, кезинде Т.Тыныбеков, Э.Турсуналиев, Т.Абдиев, А.Айталиевдер менен бир жүрүп, айтыштарга катышкан төкмө акын Ысак Барпиев 86 жаш курагында оорудан улам каза болду.

Ысак Барпиев 1934-жылы Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Авлетим айылында жарык дүйнөгө келген. Орто мектепти аяктагандан кийин, 1957-жылы Афлатун маданият үйүнүн башчысы болуп иштеген. 1958-жылы Токтогул атындагы парктын директору, райондук маданият үйүнүн директору болгон. 1961-64-жылдары Токмок шаарындагы маданий агартуу техникумун, 1973-78-жылдары Өзбек ССРинин Хамза Хакимзаде атындагы педагогикалык институтунун тарых факультетин окуп бүтүргөн. 1978-жылга чейин райондук партиялык комитеттин чечими менен Тельман атындагы колхоздун жетекчисинин орун басары, жылкы фермасынын башчысы, колхоздун профсоюздук комитетинин башчысы кызматтарын аркалаган.

Ысак Барпиев Кыргыз ССР Жогорку Советинин президиумунун Ардак грамотасы, СССР Жогорку Советинин президиумунун “Эмгектеги артыкчылыгы үчүн” медалы, Кыргыз Республикасынын Министрлер советинин Ардак грамотасы менен сыйланган. 1996-жылы КРнын Эмгек сиңирген артисти наамын алган.

Кезинде айтылуу төкмө акындар А.Айталиев, Т.Тыныбеков, Э.Турсуналиев, Т.Абдиевдер менен айтышып жүргөн. 1995-жылы Таласта өткөн “Манас – 1000” мааракесинде, Токтогул Сатылгановдун 125 жылдык мааракесинде салтанаттуу иш-чараларды ачып берген.

Ысак Барпиевдин айтыштары, лирикалык ырлары, арноолору, куттуктоолору камтылган “Айылдан тапкан ырларым” аттуу ыр жыйнагы жарык көргөн.

Төкмө акын Ысак Барпиевдин үй-бүлөсүнө, жакындарына, уул-кыздарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөбүз.

Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун Башкармалыгы