Айнагүл Базарбаева: “Ырды булуттун үстүндө олтуруп жазгым келет…”

Жан толгоо

Акын жана журналист Айнагүл Базарбаева: “Ырды булуттун үстүндө олтуруп жазгым келет…”

– Айнагүл, кыргыз поэзиясына 90-жылдардан кийин келген жаңы толкундун агымында сен да бар элең. Бирде көрүнүп, бирде көрүнбөгөн Саманчынын жолундай болуп кайда жүрөсүң?

– Балким, адабият айдыңында көрүнүп-көрүнбөй жүрүшүм мүмкүн. Бирок, өз казанымда өзүм кайнап эле келатам. Бир кездери мамлекеттик кызматтарга да аралашып кеткенимди жашыра албайм. Саясат биз үчүн эмес экен. Ыр жазгандардын, дегеле чыгармачыл адамдын жан дүйнөсү эркин болуусу керектигин өзүң жакшы түшүнөсүң да. Ойлоп көрсөм, бизге окшогондорго гезитте, болгондо да же адабий же маданий гезитте иштегени абдан эле пайдалуу, жагымдуу, чыгармачылыкка да ыңгайлуу жай тура. Ошон үчүн ошол 1996-жылдары жаштык жигер менен иштеген “Обон” гезитине кайрадан келип иштеп жүрдүм. Сен айткан жылдары чынында эле поэзияга деген ишеним, дем-күчүбүз абдан эле бийик болчу да. Мен “жок, акын болушум керек” деп, борбордогу жогорку окуу жайлардын бирине мугалимдикке чакырса барбай койгонумду эстесем, азыр да күлкүм келет. Дале ошол оюмдан кайта элек болсом керек. Поэзия түбөлүктүү нерселердин бири деп ойлойм. Жеке өзүмдүн ыр жазбай жашаган пенде экенимди элестете албайм. Эки китеп, ырлар жыйнагым жакындарымдын жардамы менен жеке каражатыма чыкканына кубанам.

– Окурманга жаккан үч сап ырларың бар эле. Япондордун хокку стилинде жазылган ырларын кыргызчага оодаргандай болгон ал ырларыңдан бир-экөөн окуп берчи?

Коркоксуң ээ, бечара караңгылык,

Анан неге деймин да байкуш мени,

Олтурасың жаныңа караан кылып.

***

Шуу дей түштү үшкүрүк,

Аста басып көзүмдөн,

Жылып түштү үмүтүм, – деген сыяктуу ырларым бар. Поэзияга жаңы кадам таштаганымда Сагын Акматбекова, ыраматылык Насирдин Байтемиров кыска саптарды жазсаң болгудай экен деп, ак батасын беришкен болчу. Сөз артында ой жашынган ырлардын автору Басёго таасирленгенибизди жашыра албайм. Биз үчүн япон поэзиясы да өзүнүн керемет сырлары менен кымбат. Ошентсе да элибиздин салттуу формасы менен ыр жазуу кийинки кезде мага жагып калды. Кыргыз кыргызча эле ой жүгүрткөндө, жазганда жакшы чыгат окшойт деп калдым.

Талантыңдын башаты кайдан деп ойлойсуң? Ата-энең кимдер эле?

– Жети атадан акындык кайталанат деп коёт эмеспи кыргызда. Атам ыраматылык “Ак кемедеги” Орозкулдай катаал мүнөз, сүрдүү киши эле. Бирок, жетинчи класста окуп жүргөнүмдө гезитке биринчи ырым жарык көргөндө кубанып, өзүнүн жарыяланбай калган үч тамсилин мага тапшырган. “Түлкү менен Арстан” деген тамсили эсимде калган. Атам чыгармаларын мага эртерээк ишенип берсе керек. Алар азыр жок. Бир кызыгы, атам өмүр бою шоопур болуп эмгектенди. Арак ичип, тамеки да тартты, алган жарынан башка арзуусу да бар эле. Жалтанбаган, бирөөдөн коркпогон эрктүү киши болгон. Ошондой сүрдүүлүгү менен олтуруп алып комуз күүлөрүн черткенде жанында жан адам жоктой берилип чертип, “Кыргыз көчү” менен “Карагул ботом” кулагымда калган. Атам Эрнис Турсуновдун “Ата Журт” аттуу романынын экинчи китебин күтүп жүрүп, аны окуй электе кокус жүрөгү кармап каза болуп калды. Чыгыш адабиятын казып окуган киши эле. Ушундан улам, чыгармачылык мага атамдан өтсө керек деп, атам менен сыймыктанып коём. Апам болсо мүнөзү жибектей созулган момун аял болгон. Апам бул турмушта бир да адамга жаман сөз кайрыбай өтсө керек. Мен да эч бир адамга катуу айткым келбейт. Бирок, жаным ачыганда абдан катуу тийип алмайым да бар. Анда атамды ойлоп коём.

– Азыркы кыргыз поэзиясынан кимдер жүрөгүңө жакын?

– Башканы билбейм, мен Сагын Акматбекованы, Турар Кожомбердиевди, Жолон Мамытовду, Салижан Жигитовду жактырып, таасирленип окудум жана да окуй берем. Кожогелди Кулуевдин салыштырууларына таң каламын.

– Турмуш кыйынчылыгын эмне кылып жеңесиң?

– Турмуш кыйынчылыгын пилдей жеңемин. Желкемдеги оордукту сезген менен, унчукпай көтөрүп жүрө берем. Ата-энем өмүрдөн эрте өтүшүп, ажырашып бир кызым менен үйдө жүргөн мен, бир туугандарым менен бирге калдым да. Ошондо мен үчүн абдан оор жылдар болду. Бирок, турмуш кыйынчылыктарын унчукпай көтөрүүгө туура келди. Сабыр кылсаң, Кудай өзү ырыскы-бак берет экен.

Акындар кимге керек деп ойлойсуң? Ырыбызды окуган бирөө-жарым бар дейсиңби?

– Акындар да жөнөкөй эле катардагы адамдарбыз. Айырмабыз эле – ыр жазганыбызда. А ырлар адамзаттын баарына керек нерсе. Себеби, ырсыз-обонсуз жашоону элестетүү кыйын болсо керек.

Эң укмуштуу кыялың?

– Бала кезде бир кыялым боло турган. Асмандагы, болгондо да жайкы көпкөк асмандагы булайып чыккан апапак булуттар болот эмеспи, ошол булуттардын үстүнө олтуруп алып, ырдамай. Ошол кыялым, менин турмушумдагы ыр жазып калганым болсо керек.

Маектешкен: Назгүл Осмонова