Акын, агартуучу жана маданий ишмер Нурманбетов Тынчтыкбек Асанкулович

Белгилүү акын, агартуучу жана маданий ишмер Нурманбетов Тынчтыкбек Таш-Көмүр шаарында 1953-жылы кенчинин үй-бүлөсүндө туулган. Эмгек жолун 1970-жылы Токтогул ГЭСинде курулушчу болуп иштеп баштаган. Кыргыз улуттук университетин 1976-жылы артыкчылык диплому менен аяктаган соң алыскы Чита областында аскердик кызмат өтөгөн. Аскерден кайтып келген соң жаштардын “Ленинчил жаш” гезитинде кабарчы, улук кабарчы, 1980-1987-жылдары республикалык “Мугалимдер газетасында” бөлүм башчы болуп иштеген. Педагогикалык алдыңкы тажрыйбаларды республиканын мугалимдерине кеңири тараткандыгы үчүн “Кыргыз Республикасынын эл агартуу отличниги” деген наамга татыктуу болгон. 1987-жылдан бери Кыргыз Өкмөтүнүн “Кырчын” (мурдагы “Жаш Ленинчи”) журналынын башкы редактору. Кыргыз улуттук журналистикасын өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Указы менен Тынчтыкбек Нурманбетовго 1993-жылы “Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер” деген ардак наам ыйгарылган.

Нурманбетов “Мекен мээри” (1985-жыл), “Эл деми” (1990-жыл), “Таш-Көмүр табы” (2002-жыл), “Азаптын элүүнчү ыры” (2009-жыл), “Касиет” (2013-жыл) ыр китептеринин автору. Ал Кыргызстан Журналистер (1980-жыл) жана Улуттук жазуучулар союзуна (1988-жыл) мүчө.

Т.Нурманбетов 1989-жылы Кыргызстан ЛКЖС Борбордук Комитетинин мүчөлүгүнө шайланган. КР Билим берүү жана илим министрлигинин бир нече Ардак грамотасы менен сыйланган. Ал Кыргыз Улуттук жазуучулар союзунун башкармасынын мүчөсү. 2007-жылы КР Маданият жана маалымат министрлигинин “Маданияттын мыкты кызматкери” төш белгиси менен сыйланган. Акындын сөзүнө бир нече уккулуктуу обондор да чыгарылган. Кыргыз билим берүү академиясынын окумуштуулар кеңеши жактырып, басууга сунуш кылынган “Кыргыз акын-жазуучулар – балдарга” (Бишкек, 2008, “Гүлчынар” басмаканасы) деген көлөмдүү окуу хрестоматиясына акындын “Эне тилим” лирика публицистикалык чыгармасы киргизилген.

Т.Нурманбетов 1992-1993-жылдарда өзүнүн негизги ишине айкалыштыруу менен “Учкун” мамлекеттик концернинде кадрлар бөлүмүн жетектеген. 2009-жылы Кыргыз Республикасынын Коомдук кеңеш ордосунун борбордук аппаратында уюштуруу жана маалымат бөлүмүнүн башкы адиси болуп эмгектенген.

“Жалал-Абад облусу” (2004-жыл) жана “Аксы району” (2008-жыл) деген энциклопедиялык басылмаларга акындын өмүр таржымалы, үзүрлүү чыгармачылыгына арналган материалдар жарыяланган.

Ал Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик комиссиясынын “Кыргыз тили” төш белгиси менен (2008-жыл) сыйланууга татыктуу болгон. Кыргыз акындарынын англис тилиндеги “Британия кайрыктары” аттуу китепке (2010-жыл) Т.Нурманбетовдун ырлары да басылган.

2008-2010-жылы ал Кыргыз Республикасынын Баатыры, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.С.Кабаевдин коомдук кеңешчиси кызматын да аркалаган.

2011-жылдан Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ардактуу профессору.

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча Улуттук комиссиясы тарабынан даярдалган 10 томдон турган “Кыргыз адабияты” (2012-жыл) антологиясынын 8-томдугуна акындын поэтикалык чыгармалары да басылып чыккан.

Таш-Көмүр шаарынын социалдык-экономикалык жана маданий жактан өнүгүшүнө кошкон зор салымы үчүн Т.Нурманбетовго “Шаардын ардактуу атуулу” наамы ыйгарылган (20.12. 2013-жыл).

Т.Нурманбетов 2014-жылдын 22-майында өткөн Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун пленумунда төрага орун басары болуп шайланган.

Нурманбетов Тынчтыкбек Асанкулович кыргыз адабиятын өнүктүрүүгө кошкон көп жылдык үзүрлүү чыгармачылык эмгеги үчүн “Алтын калем” ардак диплому менен сыйланган.

Тынчтыкбек Нурманбетов КР Президентинин Жарлыгына ылайык мамлекеттүүлүктү бекемдөө жылында өткөрүлгөн коомдук телерадиоберүү корпорациясынын “Кош Жылдыз” теле-шоу сынагынын лауреаты.

Эл аралык ТҮРКСОЙ уюму, Кыргыз Улуттук жазуучулар союзу жана КР коомдук телерадиоуктуруу Корпорациясы биргелешип уюштурган акындардын “Беш акын” долбоорунда (2015) Т.Нурманбетов жигердүү чыгармачылыгы үчүн ТҮРКСОЙдун артыкчылыктуу сыйлыгына татыктуу болгон.

Акындын кыргыз поэзиясын өнүктүрүүгө кошкон салымы жогору бааланып, Жолон Мамытов атындагы төш белгиси менен сыйланган (08.12. 2015).

ЭлТР элдик телерадио берүү Корпорациясы Т.Нурманбетовду төкмө акындардын өнөрүн өркүндөтүүгө кошкон салымы үчүн “Ак таңдай” төш белгиси менен сыйлаган (29.08. 2015).

Республикалык “Ачык сөз” газетасынын эмгек жамааты тарабынан Т.Нурманбетовго “2015-жылдын чыгаан акыны” наамы ыйгарылган (26.12. 2015).

“Улуу Тоолор” басмасынан 2015-жылы Т.Нурманбетовдун иргелген чыгармалары киргизилген “Кемибес кенч” жыйнагы жарык көргөн.

Таланттуу акындын чыгармачылык даремет-кудрети ачык, даана жана калыс бааланган адабий сын макалалар, маектер, рецензиялар топтоштурулган “Акындын ыры – Тагдырдын сыры” деген көлөмдүү китеп басмадан басылып чыккан.

Республикалык көп тармактуу “Жетиген” журналынын редакциялык кеңешинин чечими менен Тынчтыкбек Нурманбетовго 2016-жылдын “Мыкты акыны” ардактуу наамы ыйгарылган.

Акындын чыгармалары: англис, казак, орус, түрк жана якут тилдерине которулган.

Т.Нурманбетов акын Курбаналы Сабыров атындагы сыйлыктык лауреаты (17.04.2017).

Ал 2017-жылдан баштап Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун Алыкул Осмонов атындагы сыйлыкты ыйгаруу комиссиясынын төрагасы.

Бишкек шаарында жашайт.

КЫРГЫЗ ДЕСЕ

Кыргыз десе: безеленем чырылдап,
Кыргыз десе: каным күйөт шырылдап.
Кыргыз десе: кыйналганым унутуп
Кыргыз десе: созолонтом ыр ырдап.

Кыргыз десе: жаным жыргайт ыр курап,
Кыргыз десе: көздөн жашым кылгырат.
Кыргыз десе: кылым жашайм карыбай,
Кыргыз десе: эч соолубайт Ыр – булак.

Кыргыз десе: жаза тийбес октоймун,
Кыргыз десе: Азезилден коркпоймун.
Кыргыз десе: кыянаттык кылганга,
Кыргыз десе: Кыяматта оттоймун.

Кыргыз десе: чөмүлөмүн кыялга,
Кыргыз десе: жер таппаймын сыярга.
Кыргыз десе: үмүт үзбөйм жашоодон,
Кыргыз десе: кулдук урам Кудайга!

 

КОМУЗ КҮҮСҮ

Залкар комузчу Ниязалы Борош уулуна

Олтурдум комуз күүсүн уюп тыңшап,
Керемет кайрыгына денем муюп.
Үч кылы тили бардай сүйлөйт тап-так,
Кылымдын жаңырыгын сезем туюп.

Кылдарын жүрөк кандан чыйратканбы?
Каректин нуру менен сырдатканбы?
Капыр-ай, каным дүргүп делбиреймин,
Укканда “Кер толгоону”, “Камбарканды…”

Капкакка кыргыз жанын батырганбы?
Капкакка кыргыз сырын жашырганбы?
Болбосо неге минтип көкүрөккө,
Кут болуп комуз күүсү уюп калды?!

 

ӨМҮР

Өткөн күндөр көз алдыман чубуруп,
Өткүн болуп кулагыма угулуп.
Өмүрдөгү бир аз көргөн жакшылык
Көп өксүктүн кайтарымы туюлуп.

Өмүр сенин өтөөлүңө жетем деп,
Өмүр сенин сыр түйүнүң чечем деп.
Өмүр сенин өрүң карай жүрсөм да
Эмнегедир жол арбыбайт кечеңдеп.

Менин гана берилгенсип энчиме
Өмүр сага кээде кылам текебер.
Өмүр сенин жеталбасам баркыңа
Өзөктү өрттөп, жүзүңдү үйрүп кете бер.

 

КӨЛ ШООКУМУ

Көл шоокуму, Көл шоокуму
кулак курчун кандырат.
Көл кыйыры көз жетпеген
Кош каректи талдырат.

Күн батаарда кызыл нурга
Көлдүн бети чайынат.
Көл шоокумун, Көл шоокумун
тыңшайм, тыңшайм берилип.

Касиеттүү Ысык-Көлүм
Жатат чалкып, керилип.
Көл жаныбар коргошундай көлкүлдөйт,
Ала салган толкуну жок элирип.

Көл шоокуму, Көл шоокуму
Эмне деген керемет?
Дил тазарткан, жан жашарткан
Сенде кандай касиет?!

Көл шоокуму, Көл шоокуму
Көңүлүмө шыкак берип эргитет.

 

КЕРБЕН

Бабалар байыр алып жердеген,
Бак тигип, жазында тердеген.
Бак буйруп багбанга, дыйканга,
Бай түшүм алганга шерденген.

Кайырмасы:
Кербенге, кут түшкөн билемин,
Кубанам элжиреп жүрөгүм.
Кербеним – келечек калаасы,
Кербеним – туурум, түнөгүм.

Казынаң кемибей жык толсун,
Калкымда ынтымак, ырк болсун.
Кербен – шаар түптөгөн тектүү журт,
Келкелиң түбөлүк кут болсун!

Кайырмасы:

Кербенге, кут түшкөн билемин,
Кубанам элжиреп жүрөгүм.
Кербеним – келечек калаасы,
Кербеним – туурум, түнөгүм.

 

ӨТКӨРҮП КҮНДҮН НЕЧЕНИН

Өткөрүп күндүн неченин
Өзүмдү далай алдадым.
Кылчая карап артыма,
Тиштегим келет бармагым.

Өткөрүп күндүн неченин
Мүнөттүн баркын түшүнбөй.
Компоюп басып жүрүпмүн,
Көп ишимди бүтүрбөй.

Түшүнүп-билип турсам да,
Өмүрдүн кымбат экенин.
Арзыбас ишке, бекерге,
Өткөрүп күндүн неченин.

Өзүмдөн-өзүм арданам
Тымызын сызып ичимден.
Бүткөргөн ишим аз экен,
Бүткөрө элек ишимден.

Түгөнбөй менин эртеңим
Жыл-жылга келет тогошуп.
Өмүрдүн гүлгүн курагын
Албасам экенин жоготуп.

Өткөрүп күндүн неченин
Эрдимди кырча тиштеймин.
“Ак боз” ат минип алкынтып
Мекеним үчүн иштеймин.

 

ТУУЛГАН ЖЕР

Туулган жер ыр сабына батыра албайм
Жүрөк даап антүүгө мен батына албайм.
А бирок ак тилекти сага деген,
Айтпастан көкүрөккө жашыра албайм.

Саптарга жылтыраган жетеленип,
Сап курап аша чаппайм экиленип.
Көңүлгө уюп калган өчпөс болуп,
Саматат туулган жердин жыты келип.

Жабыла жашы дебей, кары дебей,
Тууган эл жапырт чыгат чөп чабыкка.
Түнкүсүн эс алуунун камын жебей,
Жаштары оюн курат ай жарыкта.

Берешен талаа ыңкып алтын данга,
Жайкалат туулган жердин жайда куту.
Токчулук, топук берип ар бир жанга,
Каңылжаар өрдөйт бейпил күздүн жыты.