Мирлан Самыйкожонун “Ызгаардагы ыры”…

Акын Мирлан Самыйкожонун “Ызгаардагы ыр” деп аталган чыгармачылык кечеси өтөт. Бул туурасында “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фондусунан кабарлашты.

Акындын алгачкы ырлары 1998–2000-жылдары Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы “Айыл турмушу” гезитинде жарык көрүп, 2001–2002-жылдары республикалык “Аалам”, “Кыргыз Туусу”, “Кыргыз Руху” “Кыргыз караван” жана башка гезит-журналдарда жарыяланган.

2005-жылы Жазуучулар союзу тарабынан уюштурулган республикалык деңгээлдеги Жолдошбек Абдыкалыков атындагы адабий сыйлыктын лауреаты болгон.

2008-жылы анын “Жүрөккө түшкөн чагылган” ырлар жыйнагы жарык көргөн.

Мирлан Самыйкожо Ак-Талаа районунун Тоголок Молдо айылында туулган. 2007-жылы Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

2002-жылы Чыгармачыл жаштардын “Нурборбор” коомдук бирикмесине мүчө болуп, 2003-жылы аталган бирикменин проза ийриминин жетекчиси болгон.

2003–2004-жылдары “Бийиктик” басмаканасында маданий иштерди жайылтуу боюнча менеджер болуп иштеген. 2004-жылы “Айтыш” коомдук фондусунун “Калемгер” адабий клубунун жетекчиси, кийин Жазуучулар союзунун “Жаштар секциясынын” башчысы болгон. Кыргыз улуттук телерадиокорпорациясынын радио бөлүмүндө жана Маданият, маалымат жана туризм министрлигинде эмгектенген.

2006-жылдан бери Жазуучулар союзунун мүчөсү.

Поэзия кечеси үстүбүздөгү жылдын 25-январында Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өтөт.