Акын, агартуучу жана маданий ишмер Нурманбетов Тынчтыкбек Асанкулович

Белгилүү акын, агартуучу жана маданий ишмер Нурманбетов Тынчтыкбек Таш-Көмүр шаарында 1953-жылы кенчинин үй-бүлөсүндө туулган. Эмгек жолун 1970-жылы Токтогул ГЭСинде курулушчу болуп иштеп баштаган. Кыргыз улуттук университетин 1976-жылы артыкчылык диплому менен аяктаган соң алыскы Чита областында аскердик кызмат өтөгөн. Аскерден кайтып келген соң жаштардын “Ленинчил жаш” гезитинде кабарчы, улук кабарчы, 1980-1987-жылдары республикалык “Мугалимдер газетасында” бөлүм башчы болуп иштеген. Педагогикалык алдыңкы тажрыйбаларды республиканын мугалимдерине кеңири тараткандыгы үчүн “Кыргыз Республикасынын эл агартуу отличниги” деген наамга татыктуу болгон. 1987-жылдан бери Кыргыз Өкмөтүнүн “Кырчын” (мурдагы “Жаш Ленинчи”) журналынын башкы редактору. Кыргыз улуттук журналистикасын өнүктүрүүгө кошкон толугу менен…..