Василий Шукшин: Эки кат

Эки кат Түшүнө туулган айылы кирди. Суу жээктеп бараткан экен. Бөгөткө келип жетет. Кулак-мурун кескендей жымжырттык. Айлана-чөйрөдө жан адам көрүнбөйт. Кыштак да жымжырт, бир да тирүү жан калбагансып. «Бул эмнеси — жан адам көрүнбөгөнү?» — түш көргөн адам аң-таң калды. Сууга таш ыргытты эле, үн чыгарбай чумкуп кетти. Чоң таш ыргытты эле, ал да үнсүз чөгүп жок болду. Адам коркуп кетти. «Бир-балээ болгон экен» — деген ой кылт эсине келди. Чочуп ойгонду… Уйкусу умачтай ачылды. Эскерип кирди. Айыл… Бопбоз үйлөр, чаңдуу көчөлөр, тосмонун жанындагы чалкан, кукулуктаган тооктор, ийрийген-муйруйган кашарлар. Айылдан толугу менен…..