Элмира Ажыканова: Бала

Бала Кээде жалдырама тийгенсип олтуруп калат Бурма. Үйдө жалгыз калганда ушинтип нес болуп калчу болду. Бул чын эле анын тагдырыбы же узакка созулган түшпү? Айтор тумандын ичинде жүргөндөй. Баарысын  акыл менен билип турат дечи. Ооба, өлгөндүн артынан эч ким өлбөйт экен. Керек болсо өлгөндүн үстүнө көмгөн кылып, ачыкка чыга келген ачуу чындыкка да баш ийип макул болот экенсиң. Аттиң, өмүрдүн ушунчалык учкулдугун карасаң… Бурма менен Аскарбек кече эле таттуу арзышып, жаштыктын жаркыраган көчөсүндө кол кармашып жүрүшпөдү беле?! Айрылышаар күн келерин ким ойлоптур. Жылдар ушунчалык тез агыптыр. Он беш жыл он толугу менен…..