Василий Шукшин: Эки кат

Эки кат

Түшүнө туулган айылы кирди. Суу жээктеп бараткан экен. Бөгөткө келип жетет. Кулак-мурун кескендей жымжырттык. Айлана-чөйрөдө жан адам көрүнбөйт. Кыштак да жымжырт, бир да тирүү жан калбагансып. «Бул эмнеси — жан адам көрүнбөгөнү?» — түш көргөн адам аң-таң калды. Сууга таш ыргытты эле, үн чыгарбай чумкуп кетти. Чоң таш ыргытты эле, ал да үнсүз чөгүп жок болду. Адам коркуп кетти. «Бир-балээ болгон экен» — деген ой кылт эсине келди. Чочуп ойгонду… Уйкусу умачтай ачылды. Эскерип кирди. Айыл… Бопбоз үйлөр, чаңдуу көчөлөр, тосмонун жанындагы чалкан, кукулуктаган тооктор, ийрийген-муйруйган кашарлар. Айылдан ары созулган айдың талаа. Калкылдап батып бараткан күндүн алоолонгон нуру. Окон-токон көлмөлөр кезиге калат, кечкисин алардын суусу мөлтүр кашка болуп, күн нурунан жарк-журк этет. Ошол көлмөлөрдүн жээгине отуруп алып, өткөн-кеткенди эскерген кандай ырахат. Мемиреген жымжырттыкта сезимиң дүүлүгүп, ар кыл ойлор тымызын келип-кетип турат. Бир аз мөгдүрөй калсаң эле кимдир бирөө: болду, болду, болду, — деп шыбырагансыйт.

Тээ алыста бир үйүр жылкынын дүбүртү угулат да, түнкү абада уюлгуган чаң далайга дейре жолдун үстүндө самсаалап уюп турат. Кайрадан тынчтык. Бу жарык дүйнөдө ушундай да мемиреген тынчтык болот экен го, чиркин!

Акырындап барып күндүн кызылы да тарайт. Жер жүзүндө жалгыз гана өзүң калгандай сезим келет, көңүлгө. Коркунуч деле жок, жалгызсырабайсың, ошентсе да көңүлүң түпөйүл тартып туруп алат.

Түш көргөн адам кайра уктайын деди эле, болбоду. Аялын ойготуп албайын деп жылып турду да, пижамасын кийип башка бөлмөгө барды. Жарык кылып, столго отурду. Терең ойго батты.

—Шайтан алгырдыкы десе, — деди ал күбүрөп. — Бул эмнеси?.. Же, картайып баратамбы? Мүлдө аалам менен кош айтыша тургансып.

Оор кайгыга алдырган адамча алда-нени аёо сезими ойгонду. Тээ илгери майда көлмөлөрдүн жээгинде отуруп алып, тилеген ой-максаттары ишке ашпай калгандай сезилип кетти.

Түш көргөн адам, аны Николай Иваныч дешчү — калем-кагаз алды да, өзүнүн бала чакта шилекей алышкан досуна дубай салам кат жаза баштады.

—«Досум Иван Семеныч! — деп баштады ал. — Салам! Сага кат жазгым эле келип туруп алды. Азыр эле түш көрсөм: айылда жүрүпмүн, ойгонуп алып каңырыгым түтөдү. Түн бир оокум болуп калса да, Бальзакка окшоп калам шилтеп олтурам. Экөөбүз институтту бүткөн жылдар эсиме түштү. Эсиңдеби? Диплом алып келген күндөрчү. Айылыбыз менен акыркы ирет көрүшүп алалы деп. Оңбогондой жасанып-түзөнүп алып!.. Мен чет өлкөлүк көйнөк кийип, сен болсо эмнегедир матростун көйнөгү менен. Эки сылаңкороз көчө таптап бараттык. Иш кайнап турган мезгил. Жолубуздан Минька Докучаев чыгып кол алышып, ал-жай сурашканыбыз күнү бүгүн эсимде. Ал карала-торала болуп бүткөн экен, көзү-башы көрүнбөйт, эгин чапкыч машинасынын араасын бөрктөп кадап алайын деп устаканага баратыптыр. Тамеки тарттык, бирок сүйлөшөргө сөз табылбайт. Кулк-мүнөзүбүз таптакыр башка болуп калыптыр. Ооз учунан ал-жай сурашкан болдук, ал устаканага кетти, экөөбүз айылдын сыртына чыктык — чөп тырмаган, чөмөлө үйгөн, музоо кайтарган, айдоо малалаган жайлар менен коштошолу деп. Минька эсиме түшүп, уятым чыкты. Ошондо эмне анча жасандык экенбиз дейм да? Эл жумуштан колу бошобой жатса, экөөбүз тоту куштай болуп түрдөнүп алыппыз. Ошентиш керек деген ойдо болсок окшобойбу. Коштошуп кетмек болдук! Дегеле экинчи кайрылып келбестей болуп! Менин чөнтөгүмдө бир шише арак, сеникинде —портвейн. Ортобузда бир стакан. Кайыңдын түбүнө отуруп алып иче баштадык. Мактанып кирдик: биз деген акылдуулугубуздан институтту бүттүк, адам катарына кошулдук. Мен кайдагы бир тантыраган ырларды айтып кирдим, сен болсо бутуңу өйдө сырайтып, кош колуң менен басып жөнөдүң. Анан өзүңдү-өзүң көкүрөккө койгулап, кыйкырып кирдиң: «Ойлочу, экөөбүздүн аталарыбыз кимдер эле? Ким болду эле? Биз деген — инженербиз!» Дагы ичтик. Дагы ооз көптүрдүк. Ошондогу мактанганыбыз ай! Айылдаштарыбыздын ичинен биринчи болуп, жогорку билимдүү болгонубузга аябай дердейсек керек, көчөгө батпай. Бийледик, ырдадык… Жаныбызда чабыла элек кара буудай шуудурап турду. Биз баарына кайдыгербиз. Мен бош бөтөлкөнү буудайдын арасына ыргытып ийип, ойлоп коём: «Эгин чаап жатканда ичи бош бөтөлкө күнгө чагылышып жаткан болот. Ошондо эгин чаап бараткан адам, ошол эле Минька, «Бирөөлөр ичкен экен» — деп ойлоп калат. Анан катуу уктап калдык. Күн батканда барып ойгондук. Менин чет өлкөлүк көйнөгүм иттей бырышыптыр. Башыбыз зыңылдап, уят эле болгонсудук. Талаа жаңырта өкүрүп-бакырып, аябай мактаныппыз. Сен мени тик багып карай албадың, мен да жер карап тим болдум. Ошонун баары күнү бүгүнкүдөй эсимде».

—Коля!

—Эмне.

—Сага эмне болду?

—Жөн эле… Уктай бер.

—Сени бир жакка чыгып кеттиби депмин.

—Укта.

«Аялым ойгонду. Жатат килтейип, тамакка өлөрчө тоюп алып, парфюмер фабрикасындай сасып. Күнөөмөн арылта көр, жараткан. Менин абалым ушундай, Ваня. Эмнегедир кападар болуп турам. Ошондо бекер эле кубансак керек дейм? Андан бери он сегиз жылдын жүзү болду го дейм? Убакыт кандай өткөнүн да байкабай калыпмын. Жылдан-жылга семирип эле баратам. Семирдиң деп аялыма айткан болом — өзүм болсом эшиктен араң кирип, араң чыгып калдым. Курортко, санаторийге үзбөй барам дечи. Бирок тагдырыма көңүлүм толгон күнүм боло элек. Балдар чоңоюп калды, бирок, чынын айтсам, аларың деле кубанычка бөлөшө элек. Билбегендери жок, сүйлөй келсе таңдайынан чаң чыгат. Ошентсе да биз азыркы жаштардан кыйла мыкты элек го дейм. Балким, карылыкта ушинтип жаткандырмын, ким билет. Өзүң кандайсың? Кат жазсаң боло. Бир күнү мээбизге кан куюлат да, ышпалдабыз чыгат. Колдон келсе жүз көрүшсөк кантет? Бала чакты эстеп алат элек, жок дегенде. Далай замандын жүзү болду го! Иш, иш деп жүрүп эле… Өмүр бою эле иш деп келатабыз, эсте каларлык деле эч нерсе жок. Колуң тийсе, жооп жазып жибер. Эмнегедир жетимсирей түштүм, аны сен гана түшүнөсүң. Сен деле жыргап кетпесең керек. Башкы инженер, бакыйган кызматкермин деп эле коёлу, анын эмнесине корстон болгудай? Түшүнүп жатасыңбы? Ресторан, музыка — башыма мыктай кадалгансыды — анын эмнесине корстон болгудай? Адам катарына кошулганыбыз ушубу? Эх!.. Экөөбүз түндөсү отко картөшкө бышырып жеген күндөрдү эстесем жашара түшөм. Ошол айдың талаага кайра барып алоолонгон от жаксак, жин-шайтандардан аңгеме дүкөн курсак. Эх, Ваня, Ваня… Ушу да турмушпу? Кандай дейсиң? Же баары эле ойдогудайбы? Же мен шизофрения деген илдетке чалдыгып алдымбы? Ыймандай чыныңды айтчы: сенин башыңа да ушундай ойлор келеби, же жокпу? Жайында кайда барасың? Баягы эле эл жүнүн жеген Гаграгабы? Мен Гаграны көргүм келбей калды. Бирок көпөлөк кууп чоңойгон айылыма баргым келет деп оозанып эле көрөйүнчү. Көргүлүктү көрдүм дей бер! Ызы-чуу башталат: Мен быйыл көтөрүлүш чыгарсамбы деп турам — эмне болсоң ошо бол деп. Сөзсүз айылга барам. Чыдамым жетпей калды. Чогуу барсак кантет? Кат аркылуу макулдашалы да, барып калалы. Антпесем тоодой күнөөсү бар адамдай эле болуп баратам. Мунун баарын тообо кылып кечирим сурап жазып отурган жерим жок, жөн эле ыймандай сырымы бөлүшүп отурам. Бир сөз менен айтсам: Маңдайым кайкы, ырысым тайкы чыгып калган окшоду, Иван. Бир караган адамга баары эле өз жайындагыдай, ишим деле жакшы, эмнегедир кезде эле бүгүнкүдөй болуп кусаланып чыгам, турмуштан аша кечип кетким келет. Кат жаз, Иван, өтүнөм. Адресим өзгөрүп кеткен, үйдү алмаштыргам! Биз деген оңой эргулдардан эмеспиз да. Күтөм. Николай.»

Николай Иваныч жарыкты өчүрдү да, пижамасын чечип ысылап жаткан аялынын жанына барып жатты. Көпкө дейре чабалактап уктай албай койду.

Николай Иваныч жумушка адатынча онго туп-туура беш мүнөт калганда келди. Сакал-муруту кырылуу, сергек — башы гана бир аз зыңылдайт, кечөө уктатчу дарыны ичкенден болсо керек. Коридордо көнгөн адатынча саламдашып, жылмайып баратты. Анын саламын да жылуу кабыл алып жатышты. Кимдир-бирөөнү токтотуп, бирдемелерди сураган болду, андан да кимдир-бирөөлөр бирдемелерди сурамжылашты, жооп кайтарды. Кыска, так жооп берип жатты. Кызматташтары аны ызаатташчу. Татынакай секретарь аял ордунан туруп, жаркылдап тосуп алды. «Мынча сулуу болорбу, шайтан баскырдыкы», — деп ойлоду ичинен. Баса, ал ар күнү эле ушинтип ойлой берчү.

—Кана, иште кандай жаңылыктар бар?

—Демек, биринчи: телефон чалышты…

Телефон чалышты, талап кылышты, суратышты, жалынып-жалбарышты, эскертишти… Өзү жерде — көңүлү көктө!

Сезимдер улам алмашылат. Бирде: «Угуп алыңыз! Мен сиз менен мышык-чычкан ойноп отура албайм! Акыркы ирет эскертем» — десе, ошол эле замат: «Менин колуман эмне келет… садагаң болоюн? Өзүң эле ойлончу; эмне жардам бере алам? Менин колуман келчү нерсе болгондо гана…» Бирде: «Түшүнөм, баарын түшүнөм. Бөөдө желпилдей бербейин: жыйырма сегизинде. Менин башчым айткандай: дегеним деген. Болгон күчүбүздү бүт жумшайбыз, сөзсүз аткарабыз». Көбүн эсе мына мындайын жактырчу: «Кепке кулак саныңыз! Сиз экөөбүз драмкружокко «Отеллону» коёлу деп жаткан жерибиз жок го, дейм. Мага ант бербей эле коюңуз, динсизмин. Сиздин чокуланганыңыздын мага пайда-зыяны жок. Мага ма-тер-иал керек! Бүттү» Мына мындайы да жакчу: «Анан?.. Дагы… Эмне кылыш керек? Мен да билбейм! Сиздин докладноюңуздун кимге кереги бар? Столум докладнойлорго жык-жыйма толду. Же мен подшипниктин ордуна сиздин докладнойду орното коёюнбу? Өзүңүз ошентип көрүңүз, балким жүрүп кетер. Билбейм. Жердин түбүнөн болсо да табыңыз».

Николай Иваныч иш менен алек болуп, түндөгү дубайы-салам кат жөнүндө унутуп койду. Эртең менен ишке келатканда катты ала чыккан, аны кароого да чамасы келбей калды. Областтык газетадан кабарчылар келди.

—Эмнеден баштасам, жолдоштор? Мактанарлык деле эч нерсебиз жок. Планды аткарып жатабыз, бирок да… Жумшак килем менен төрт кадам чыгышка, төрт кадам — батышка басат да, кабарчылардын жанына токтой калып жадырай күлөт. Өз күлкүсү өмүр бою өзүнө кызмат кылып келүүдө. Жаман санаалаштары анын күлкүсүн: «Түлкү күлкү» деп аңыз кылышчу.

—План жерге кирсин, андан чоңуна да алыбыз жетчүдөй. Силерден жашырып эмне кылайын, тил кесир болбосун, жакынкы мезгилде жүз он, жүз он бештен ашып түшсөкпү деген ойдобуз. Жаңылык колдонсокпу деп турабыз: ишти токтотпой туруп линияны узарткан турабыз. Ошондой. Эсеп-кысабыбызды тактап алдык, адамдар ишке жулунуп турган кез, — сөзсүз оюбуздун өтөөсүнө чыгабыз.

Столдо отуруп сүрөткө тартылды, цехке барып да сүрөткө түштү. Ал жакта жүргөндө көбүн эсе жумушчулар, мастерлер менен сүйлөштү. Анан кабарчыларды башкы инженерге өткөрүп берди да, кабинетине келди.

—Дмитрий Васильевич телефон чалды. Цехте жүрөт дедим.

—Байлалыштырыңыз.

Дмитрий Васильевич менен ойдогудай сүйлөшүп алганына корстон болуп, көңүлү көтөрүлдү.

Аны менен сүйлөшүүгө келгендер, телефон чалгандар азайып калган кез.

—Верочка!

—Угуп атам, Николай Иваныч.

—Азырынча мени жок деп коюңуз. Цехте жүрөт деңиз.

—Жарайт.

Николай Иваныч түндөгү катты алды да, кармалап көрдү, ойлоно калып, кайрадан чөнтөгүнө салды. Кайра башынан жазып кирди.

«Иван Семеныч! Салам, карыя! Сен эсиме түшүп, кат жазайын дедим. Ден соолугуң кандай? Ишиң кандай? Экөөбүз чанда гана кат алышчу болдук го, жалкоолуктун айынан! Турмушум жаман эмес. Күнү-түнү эле иш менен алекмин. Кол алдымдагыларды мен жекирем, жогору жактагылар мени жекиришет — турмуш ошентип бир калыпта өтүп жатат. Дем алууга чолоо жок болсо да, кабагым-кашым дей элекмин. Жайында кайда барсам дейсиң? Жазып жибер, балким чогуу дем аларбыз! Өзүбүздүн эле айылга барып келсекпи деп ой кылгам, кайдан… Ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет дегендей кеп да. Аялдарыбыз козголоң чыгарып ийишер. Айыл түшүмө көп кирчү болду. Балким чогуу дем алсак кантет? Гаграга барбай эле коёлу, ал өзү менен кетсин. Волга тарапка барсак кантет? Сен өз айымыңды үгүттөп көр, мен өз айымымды алдайын: түнкүсүн алоологон от жагабыз, балык уулайбыз, дагынкысы дагы болот деп… Волганын жээгиндеги кыштактан бир үйдү батирге алабыз. Кандай дейсиң? Ошентелиби, карыям? Кудай буюрса ойдогудай дем алабыз. Ойлонуп көр. Көңүлүм куунак, иш оңунда, балдар чоңоюп калды. Менин башчым айткандай: дегеним деген. Үлүрөйбөй, башыңы өйдө кетөрүп, жерди оё бас.

Заводго жаз — тез тиет.

Сыга кучактайм. Сенин Николайың».

—Верочка!

—Кулак сизде, Николай Иваныч.

—Мен өзүмдөмүн.

—Жакшы болот.

Кайрадан башталды: «Мен уруксат бербейм!», «Мейлиңиз! Кубаттайм, колдойм!», «Муну ойлонуш керек. Тобокелге салыш болбойт. Кеңешип көрөлү».

…Николай Иваныч өз бөлмөсүндө отуруп, кечки тамак бышкыча эки катты тең окуп чыкты. Окуп бүтүп бир топко дейре үн катпай отурду. Анан эки катты тең столго ыргытып ийди да, бакылдап кирди.

—Кандай экенин ит билсинби?

—Эмне дейсиң? — деди аялы.

—Жөн эле… Өзүмө өзүм суроо салып. Тамагың быштыбы?

—Азыр бышат. Бирдемеге кейидиңби?

—Жок, баары өз жайында. Газетаны берип койчу, бай болгур.

Которгон: Сагын Наматбаев