Шарль Перро: Өтүкчөн мышык

Шарль Перро (1628-1703) Өтүкчөн мышык Тегирменчи өзүнүн үч баласына тегирменди, эшекти жана мышыкты мураска калтырды. Бир туугандар дароо эле атасынын мурастарын бөлүштүрүүгө киришишти: улуусу өзүнө тегирменди, ортончусу эшекти, ал эми кичүүсү мышыкты алды. Кичүү баласы өзүнө мышык тийгенге аябай эле капа болду. –Байкелерим тың жашап кетишери талашсыз, – деди ал. – Ал эми мен өзүмдүн мышыгымды союп жеп, терисинен кол кап тиге турган болсом, ачкадан өлөрүм анык. Мышык бул сөздөрдү укса да, шек билдирбестен, минтип айтты: –Сен капа болбо, төрөм. Андан көрө, мага мешок жана токойду аралап басканга жарагыдай өтүк толугу менен…..