Элмира Ажыканова: Бала

Бала

Кээде жалдырама тийгенсип олтуруп калат Бурма. Үйдө жалгыз калганда ушинтип нес болуп калчу болду. Бул чын эле анын тагдырыбы же узакка созулган түшпү? Айтор тумандын ичинде жүргөндөй. Баарысын  акыл менен билип турат дечи. Ооба, өлгөндүн артынан эч ким өлбөйт экен. Керек болсо өлгөндүн үстүнө көмгөн кылып, ачыкка чыга келген ачуу чындыкка да баш ийип макул болот экенсиң.

Аттиң, өмүрдүн ушунчалык учкулдугун карасаң… Бурма менен Аскарбек кече эле таттуу арзышып, жаштыктын жаркыраган көчөсүндө кол кармашып жүрүшпөдү беле?! Айрылышаар күн келерин ким ойлоптур. Жылдар ушунчалык тез агыптыр. Он беш жыл он беш күндөй эле өткөнүн карасаң… Үч кыздуу болушту. Уулдуу болсок деген тилектери орундалбады. Тагдырдын маңдайга жазганы ушул экен –кырктын кырына келгенче оору деген эмне экенин билбеген Аскарбек бир күнү сыркоолоп калды. Анча-мынча сасык тумоону тоготпогон жигит бу жолу негедир алсырап шайы кетти. Догдурга барганды жаман көрчү. Катындардай болуп догдурлап жүрөмбү деп койчу. Бу жолу Бурманын кыстоосу менен айла жок барган. Көрсө баягы аты жаман айыкпас оору экен. Билинбей жүрө берген тура. Адегенде “доктурлар айта берет, менде андай оору жок” деп мойнуна алгысы келбеди. Аскарбек өзү шатыра-шатман жүргөн ачык-айрым, убадага так, шар жигит. Эл үчүн күндөп-түндөп иштегенден качпайт эле. Бирок оору деген буту-колду тушап коет тура. Адегенде ооруканада узакка жатты. Анан үйгө чыгып келди. Күндөн күнгө алы куруп, дарманы кете берди. Бурма жан талашып бардык айла-амалды кылды. Догдурдун, табып тамырчынын күчү жеткен жок.

Ден соолугу жакшы кезинде Аскарбек айыл башчысы болуп, кыштактын маселелери менен көп алек болду. Районго каттап, айылдагы мал-жандуу колунда барлар менен сүйлөшүп, каражат таап суу түтүктөрүн орноттуруп, айылга таза суу чыгарып, элдин күчү менен клубду оңдотуп, жазында жаштарды чогултуп ишембилик кылып, көчө бойлото бак тиктирип айтор, эл ичинде кадыр-баркка жетти эле. Жоро-жолдошторунун арасында да аброю чоң болчу. Анан тигинтип акыры ооруга жеңилип, кыздарынын улуусу он төрткө, кийинкиси он экиге, кичүүсү мектепке кирерде оо дүйнөгө жол тартып кете берди.

Күнүмдүн тирилик менен алпурушуп жүрө берип, Бурма күйөөсүнүн кадыр-баркын деле бербептир. Ушинтип дайыма эле чогуу жашай берчүдөй сезилчү. Аскарбектин опол тоодой ордун андан айрылганда даана сезип, ичинен сызып олтурбайбы. Айрылышып калуу бат эле экен көрсө. Ооба, турмуш деген турмуш. Жаш кездеги жылуу сезимдерге чулганып жалаң сүйүү менен жашаган ким бар дейсиң?! Алардын чогуу өткөргөн турмушу май менен сүттөй жылуу жумшак, сүйүүгө толгон жылдар болду деп айтуу кыйын. Ачуу-таттуусу, жакшы-жаманы аралаш болду. Таарынышкан, оң-тетири карашкан кездер жок беле?! Бу түбүң түшкөн турмуш ансыз болбойт тура. Бурма өзү жашоого көр оокат үчүн гана жаралгансып нан жасап, кир жууп, үй жыйнап жүрө берген экен. Ойлоп көрсө күйөөсү менен жай олтуруп сырдашпаптыр. Анын көңүл жайын бир сурап койбоптур. Айыл башчылык ишине деле кызыкчу эмес. Ошентсе да Аскарбектен айрылып калам деген ой Бурманын үч уктаса түшүнө кирбеген. Ал ооруп төшөктө жатканда да жаман ойго алдырган жок, айыгып кетет деген үмүттө болду. Башкалар деле сакайып кетип жатышпайбы?! Эч жери оорубаган, алты саны аман сомодой болгон алибеттүү күйөөсү кантип эле ооруга жеңилип калсын деген ойдо эле Бурма. Бирок тагдыр дегендин өкүмү ушундай катаал болот тура. Башка келсе эч ким качып кутула албайт экен.

Ошентип Аскарбектин жерге берилгенине бир айча убакыт өтүп, көңүл айтып, батага келгендердин аягы сээлдегенде Бурма баш көтөрүп, тиричилигин улантууга бел байлады. Анан не кылмак? Өлгөндүн артынан өлбөйт деп эл туура айтат экен. Тирүү адамдар тиричиликти, турмушту улантуу керек тура.

Бурма өздөрү жаткан бөлмөдөгү жууркан төшөктөрдү күнгө жаймакчы болуп жатып, жаздыгынын алдынан төрт бүктөлгөн бир барак кагаз таап алды. Ача коюп караса күйөөсүнүн кол жазмасы экен. Жүрөгү болк дей түштү. Башындагы Бурма деген жазууга көзү чалдыга түшүп, шыдыр эле окуп баштаганга батына албай, кайра бүктөп чыптамасынын чөнтөгүнө сала койду. Ооба, ууру кылып жаткандан бетер эмнегедир шашып кетти. Бир аз демин басып алып шашпай окумакчы болду. Ал Аскарбектин жазып калтырган керээзи экенин түшүндү. Эмнени жазды экен? Колдорун майда калтырак басып, жүрөгү бирдемени сезгенсип дүкүлдөп чыкты. Анан төркү бөлмөгө кирип катты шашпай ачты.

“Бурма, менин өмүрүм кыскаргандан кыскарып барат. Аны сен деле сезип турасың. Ушуга чейин бир чындыкты жашырып келдим. Көп эле жолу сага айтайын деп оозумду таптап барып, бирок батынып айта албадым. Эми минтип катка жазууга туура келип олтурат. Сенин кандай абалда каларыңды билем. Ооба, сага катуу тиет, ошентсе да баары бир чындыкты айтышым керек. Ылдыйкы айылда – Көк-Сайда Айзаада деген жалгыз бой келин бар. Анын жалгыз уулу бар. Аты –Эрмек. Келерки жылы жетиге толуп, мектепке барат. Ошол Эрмек менин уулум”. Бурма каттын ушул жерине келгенде колдору калчылдап, көзү ала чакмактанып, тамгалар титиреп окулбай калды. Улантып окуюн дегиче кагаз колунан шыпырылып, жерге түштү. Анан жерде жаткан катты эңкейип алды да, бир топко дендароо болуп туруп калды. Кайра эсин жыйып улантып окуй баштады. “Ошол Эрмек менин уулум. Сенден сураныч – ошол баланы жээрибей айкөлдүк кылып, кыздарым менен тааныштырып, бир тууган кылып кой. Менин артымда эркек балам калганын туугандарым да билишсин. Кийин кыздарыма төркүн болот. Энеси Айзаада да каршы болбойт буга. Менин сага калтырган аманатым ушул. Эрмекти жагызсыратпай эжелерине аралаштыр. Ичиңди кенен сал, Бурма. Ушул ишти жасаганга сенин күчүң жетет деп ишенем. Мени кечир. Сенин алдыңда кетирген күнөөлөрүм үчүн кечирим сурайм. Аскарбек”.

Катты аягына чыгара окуп, Бурма шалдайып туруп калды. Мына сага! Мындай окуя түшүнө да кирген эмес. Көрсө Аскарбеги жөн жүрбөптүр, кылгылыкты кылып жүргөн тура. Кудай акы, кымындай шек санап да койгон эмес. Бала жетиге чыгат дейт. Демек, көп жылдан бери аны менен жашап жүргөн тура. Бүктөлгөн катты колуна кармаган бойдон ал көпкө дейре нес болуп олтурду. Күйөөсүнүн ар кандай иштер менен сыртта жүрүп түн жарымында келген учурларын, ал тургай кээде районго кетип келе албай калып, эртеси келген күндөрүн эстей баштады. Дагы бир топ адаттарын эстеди. Ооба, күйөөсүнүн кээде мүнөзү өзгөрүп, өзү менен өзү болуп, Бурмага көңүл бурбай да калчу. Ошондой учурлары да эске түштү. Дагы бир ирет үйгө түн жарымында чоочун атыр жыттанып келгенин эстеди. Ооба. ошондой болбоду беле?! Дагы бир жолу агыш түстүү жол-жол көйнөгүнүн көкүрөгүнө боелгон эриндин тагы түшкөнсүп калганын байкаган. Ооба, байкаган. Бирок аны териштирип-сүрүштүрүп чыр чыгаргысы келген эмес. Балким башка эле нерседир деп өзүн өзү сооротуп унчукпай тим болгон. Кээде жумушунан келгенде курсагым ток деп тамак ичпей жатып алчу. Кайдан ток болуп келет деп ойлобоптур Бурма. Көрсө тиги Айзаадасынан келчү тура. Бурма ачууга алдырган жок, ойго басылып тунжурап олтура берди. Түштөн кийин кимге ачууланмак эле? Кылгылыкты кылып жүргөн күйөөсүнүн эми минтип көзү жок болсо… Башкалардан укса ишенгиси келбейт эле. Күйөөсү өз колу менен жазып кетип олтурбайбы чындыкты. А балким айылдын эли деле билип калгандыр. Чындык жерге жатпайт эмеспи. Бурма гана билбей жүргөндүр. Ал мурдуна бок сүйкөсө да сезбеген өзүнүн аңкоолугуна жини келди. Башка бир баамчыл, кыйтыр аял болгондо муну эчак эле билип алып, эри менен ары же бери болмок.

Бул каттан кийин ал үч күн бою дал болду. Күйөөсүн эстегенде ыйлабай да калды. Адегенде эч кимге айткысы келген жок. Эми түштөн кийин кимге барып сүйүнчүлөйт эле. Эл деген укса эле дуулдатып ушак кылышат эмеспи. Ансыз да көз кыйыгынан карашып, аңдышып жүргөн абысындары көбүртүп-жабыртып, үстүнө кошуп айтышып, айылдын аяк башына жеткирип оңуп калышпайбы. Ушуларды ойлоду Бурма. Катты жыртып жоготуп, таптакыр эле эч кимге айтпай койсочу? Жок, анткенге дити бармак эмес. Аскарбектин арбагынын алдында жүзү жарык болсун. Акыл токтотуп бир жыйынтыкка келгиче арадан бир апта өтүп кетти. Акыры аманатты аткармай болду.

Анан бир күнү кечте чолок көчөдө жашаган кайнисин үйүнө чакыртты. Ал агасына куран окуганга бирөөлөр келген экен деп шашып жетип келди. Келсе жеңеси жападан жалгыз олтуруптур. Кайниси үстөлгө көчүк басканда эле жеңесинин жүзүнөн бир олуттуу сөзү бар экенин сезди.

-Канат, байкең бир кат жазып кетиптир мага, – деп баштады сөзүн Бурма.

-Эмне кат экен? – Канат жеңесине коомайланып карады.

-Мына, өзүң окуп көрчү.

Чыптамасынын чөнтөгүндөгү төрт бүктөлгөн кагазды кайнисине сунду. Канат катты мелтиреп үндөбөй окуп чыкты. Анан бир аз унчукпай олтурган соң жүзүндө кандайдыр бир кубанычтын изи пайда болуп, көздөрү күлмүңдөп, бир нерсеге ыраазы болгондой кагазды бүктөп жеңесине кайра сунду.

-Аманатты аткарыш керек, жеңе! – деди Бурмага акырын гана. Ал ичинде тымызын кубанып турду. “Агамдан туяк калган тура. Агамдын орун басары бар тура. Аны өзүбүзгө бир тууган кылып чоңойтуп алабыз” деген ички оюн жеңесине ачык айта албады.

Бул жаңылыкты Канат ошол эле күнү бир туугандарына билдирди. Мындай кубанычты ичиңе камап жүрүш кыйын да. Бир туугандар бир чети таңыркашып, бир чети кубанышып, – Балага эртең эле баралы, таанышалы, – деп чыгышты. Анан кайра энеси эмне дээр экен дешти. Ошентип бир аптага жетип-жетпей Канат алиги Эрмек деген кетирекей баланы атка өңөрүп жетип келсе болобу?! Бала менен таанышуу үчүн бир туугандардын баарысы ушул үйгө чогулушту. Чоочун адамдардын арасында бала чоочуркап, Канаттын жанына ыктап турду. Эрмек атасына союп каптагандай окшош эле. Каш-кабагы, оозу-мурду, ал тургай көз карашы да Аскарбектин өзү экен. Алар кичинекей Эрмектен Аскарбектин бала кезин көрүп, ичтери эзилип кайгы менен кубанычтын ортосунда калышты. Канат аны үйдө олтургандардын баарысы менен четинен тааныштырып чыкты. Өзгөчө Аскарбектин кыздарын көрсөтүп,

-Мына сенин эжелериң, бир туугандарың, эми дайыма ушуларга келип турушуң керек, макулбу? – деди. Кичинекей Эрмек макул дегендей башын ийкеди. Анан Бурманы көрсөтүп,

-А бул сенин апаң болот, мындан кийин апа деп айтасың, – деди Канат.

-А өзүмдүн апамдычы? – деди Эрмек оозундагы момпосуюн шимип.

-Эми мындан ары сенин эки апаң бар. Экөөнү тең апа дейсиң, жарайбы? Эрмек макул дегендей баш ийкеди.

Канат кечинде баланы кайрадан атка өңөрүп, бир топ белек-бечкектери менен үйүнө жеткирип келди.

Ошентип алар Эрмек деген бир туугандуу болушту. Секелек кыздар – Эрмек качан келет, Канат байкем аны качан алып келет? – дешип апасынан кайра-кайра сурай беришчү болду. Канат да баланы туугандарына аралаша берсин дегенсип, апта сайын барып апасынан уруксат сурап атка өңөрүп келип, кыздар менен кечке ойногондон кийин кайра жеткирип коюп жүрдү. Бурма да баланы жээриген жок. Аскарбектин уулу да дегенсип ичинен имерилип астейдил мамиле жасады. Балада эмне жазык? Бирок анын ою баланын энесинде боло берди. Күйөөсүнүн көзү жок болсо деле баары бир кызганыч деген ачуу сезим жүрөгүндө туйлай берди. Айзаада деген ысым анын көңүлүнөн кетпей койду. Кандай неме болду экен? Бирөөнүн күйөөсүн жолдон чыгарып азгырган бир жылмаңдаган сойку болсо керек да. Эри жок болсо ошентет да. Андайларга баары бир эмеспи, башкалардын убал-сообунан коркпойт. Ошондойлор бузат да эркекти. Балким өңдүү-түстүү, суйсалган неме болсо Аскарбек өзү деле азгырылгандыр. Мен курактуубу же менден жаш бекен? Бурма ушинтип санаа чекти. Аскарбек өзү кылыктуу кыз-келиндерди көргөндө Бурманын көзүнчө эле оозун ачып карап калчу эмес беле, бейиши болгур?! Дегеле эркектин баары эле ошо да.

Бир күнү эле кайниси Канат:

-Жеңе, эртен Эрмекке барам. Тиги жеңебизди кошо ала келейинби. Каршы болбосоңуз? – деди.

-Апей, эмнеге ботом? – деп чоочуп кетти Бурма.

-Ал деле баласынын бир туугандарын көрүп кетсе дейм да.

-Аа-а, эмне, барайын деп өзү айттыбы?

-Жо-ок, өзү айткан деле жок, мен ээрчите келейин дегем, – деп Канат күнөөлүүдөй кайра тайсалдап сүйлөдү.

-Мейли, келем десе келе берсин. Эми ал экөөбүз эмнени талашат элек… Бурма муңайып унчукпай калды.

Ошентип эртеси Канат Эрмекти энеси менен чогуу ээрчитип келди. Бурма ойлогондой эле Айзаада андан кыйла жаш дагы, тал чыбыктай буралып ичке, сулуу дагы экен. Балбылдаган кой көздөрү чырактай жанып, жагымдуу жан тура. Сыя түстүү желбиреген жибек көйнөгү татынакай бой-келбетине кыналып, үлбүрөйт. Чачы да узун окшойт, желкесине кооздоп түйүп, күмүш баргек тагып коюптур. Бирок кантсе да аял деген өз күнөөсүн билет да. Босогону батынып аттай албай, Бурманы тике карай албай айбыгып, тайсалдап турду. Бурма экөө баш ийкешип сый-сыпаа гана учурашкан болушту. Дасторкон четинен орун алган соң Айзаада өз колу менен бышырган токоч-нандарын, набат-кантын, таттууларын баштыгынан алып чыгып ортого койду. Канат агасына куран окуду. Кетирекей Эрмек элдин катарында быйтыйган алакандарын жайып олтурду. Бурманын да, Айзааданын да көз жаштары этектерине тыпылдап тамчылап жатты. Эч ким эч кимди соороткон жок. Ортодо оор тунжуроо өкүм сүрдү. Эзели келишпес эки аялдын ортосун минтип кетирейген Эрмек бириктирип олтурбайбы?!   Балада не жазык, балада не күнөө?