Абдиламит Матисаков: “Атамды көргөн өлбөсүн…”

(аңгеме) Үйүбүз жогорку көчөнүн эң башында. А автобус үч көчө ылдый, дүкөндүн оозуна токтойт. Айылыбыз чоң, узун-узун алты көчө, а автобус бир жерге (дүкөндүн оозуна дебедикпи) токтоп өтөт. Биздин көчөнүн аксакалдары үмүт кылышабы, кээде: “О шопур бала, карыганда кыйраңдатпай жогорку көчөгө бир токтоп кой, кемип калбайсың” дешип калат. Анда автобус менен бир болуп келаткан кары-картаң жаалап, шопурдун ордуна өздөрү эле жоопту “катырып” коюшат. –Ысыгында ушул жерден түшүп калсаңарчы! –Же Папанга кошулуп барып, тамаша кылып келесиңерби? –Көтөр чыптаңды, кадам сайын сага токтоп жүрөлүбү!.. “Об-бо закүнчүлөр ай, өкмөттүкүн өзүнүкүндөй көргөн ушулардыкы жаман толугу менен…..

Абдиламит Матисаков: Титаник

Титаник (аңгеме) Алыс-жуукка аз чыккангабы, Анталияң түшкүр, Жунус абага жердин түбүндөй көрүндү. Самолёт ичин өз үйүндөй көрүп, ортолук менен өдө-ылдый баскандарга теңелбей кыстоосу келгенде гана козголбосо, учак келип конор-конгончо бир ордунан жылбады. Аягы жерге тийип-тиелекте утурлай чыккан сакал-мойлоочон эки жигит алардын жүк-пүгүн көтөрүшүп, ак бусик менен чай кайнамга жеткизбей “Титаник” мейманканасына алып келишти. Ал жерден Ак деңиздин жака-бели алаканга салгандай бир ажайып көрүнөт экен. Жээк бойлой бийик өскөн пальмаларды мурда-кийин көрбөгөнгө Жунус абанын көзүнө бир калаты учурады. Чыдабай кетип; “мунуң миң тамырлуу болгон менен көлөкө бербесе кайкалап өскөнү бир пул. толугу менен…..

Үмүт Култаева: Көөнөрбөгөн көркөмдүк

Көөнөрбөгөн көркөмдүк (А.Матисаковдун “Тандыр” аңгемесин кайра окуганда…) Чебер публицист, портреттик очерктердин устаты, стилист-жазуучу, бир нече республикалык жана эл аралык сыйлыктардын ээси А.Матисаковдун тандамал чыгармалар жыйнагы «Баткан күндү аяймын…» – деген ат менен 2022-жылы жарык көргөнү коомчулукка белгилүү. Повесть жана аңгемелер топтому жайгашкан китептин 3-бөлүмү автордун «Тандыр» аңгемесинен башталат. Чыгарманын жазылганына 40 жыл болуптур. Жарым кылымга жакын убакыт. Жаңы доор адабиятынан жаңы эстетикалык табылгаларды издеп, социалисттик реализмдин чүмбөтүндө калган чыгармалар каралбай калган азыркы шартта деле «Тандырдын» «нан бышырган чоктуу аптабы» табында. Аңгеме дагы деле бир демде окулат. Көзү өткөн соң, бул толугу менен…..

Матисаковдун чыгармалары Пушкиндин тилинде

Матисаковдун чыгармалары Пушкиндин тилинде Жакында Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу Абдиламит Матисаковдун «Уроки доброты» деп аталган орус тилиндеги көлөмдүү китеби жарыкка чыкты. Бул китептен орус тилдүү окурмандар жазуучунун кыргыз окурман журтчулугуна кеңири белгилүү аңгемелери, повести жана эсселери, Кыргызстандын көрүнүктүү инсандары жөнүндөгү көркөм-публицистикалык чыгармалары менен тааныша алышат. Буга чейин А.Матисаковдун кыргыз элин дүйнөгө тааныткан атактуу кино актер жана живописчи Сүймөнкул Чокморовдун кайталангыс образын жараткан «Кыргыз өңү Чокморовдун өңүндөй» аттуу даректүү көркөм чыгармасы жана бир топ аңгемелери орус тилине которулуп келген болсо, бул жолу анын дээрлик бардык чыгармалары орус тилине которулуп отурат. Муну толугу менен…..

Абдиламит Матисаков: Кыргыз өңү Чокморовдун өңүндөй

“Кыргыз өңү Чокморовдун өңүндөй” Очерк “…элестелип дүйнөгө бүт таркады кыргыз өңү Чокморовдун өңүндөй”. (Жолон Мамытов) Сүймөнкул абаны жазам деп оолукканым качан… Өзүнө учураганымда шаарыбызды саратан куйкалап, газдалган сууга турган элдин кезегин бир-бирине уласа, кербей-чойбой калааны бир курчаса жете турган. Мезгилиң тутумга илинбейт экен, минтип жалбырак күбүп, күз да кирип келди. Эртең эле буйруса кыш… Бурч-бурчта тигилген боз үйлөрдүн биринде бутуңду узун сунуп, көздү жумуп, суу кошулган кымызды ууртап отурганда түндүктөн жай жылган булуттар бейпайда кеткен күндөрдү сызылтып, жүрөктү “зырп” эттирип жүрдү го!.. Кайып болуп кеткен күндөр!.. Чыгармачылык алакасы бар ашыналарым толугу менен…..

Абдиламит Матисаков “ТАНДЫР”

“Тандыр” (Апамдын жаркын элесине) Апамды көргөнү алыстан ат арытып келген тууган-туушкандарыбыздын да, айыл адамдарынын да аягы үйүбүздөн узакка үзүлбөдү… Апам бак ичиндеги сөрүдө. Астында калың төшөлгөн жумшак төшөк. Көргөнү келгендер менен баш ийкеше, жылуу учурашат. Жакшы элесиңби? Өткөндөгүгө караганда саал өңүң да түзүк, догдурдун колунда көп болдуң да. Берген дарылары деги жага турганбы? Дарт дабасын ошолор билчү эле, эмне дешет?.. Апамдын көңүлү айнып, жаны сыздап жатканын туюп атышкандай, жүздөрүндө кейиштин изи калып, узаткан суроолору аяр, ары жумшак. Тегеректей олтуруша калып, оозунан кеп чыкса илип алышып, баш ийкей коштоп олтургандарга апам толугу менен…..

Абдиламит Матисаков: Айдын көз жашы

Айдын көз жашы (аңгеме) (Күйөө балам Курманбектин элесине) …БУ БАЯГЫ бизге тааныш кыш… Апасынан калган аманат тандырга үзбөй нанын жаап, бели бүкүр атасынын жанында кө-өп жыл элгенчик, дааратына суу жылытып, жакасына кир жугузбай багып, адамдардын эсине калбаган кайсы бир ак таңдардын биринде көз жумган шол чалдын дубасын кө-өп алган кыз эми минтип келин болуп босогосун аттаган үйдө кызын уктатып, жанында китеп окуп отурат. Бир барагына аярдай, жаттап алчудан бетер эрдин кыбыратып, бир барагына, тек гана көз чуркатып кетет. Эки кулагы сыртта. Күйөөсү кечикти. Күйөөсү кенчилерге биргат. “Айлык жазам, бүгүнтөн кечиксе толугу менен…..

А.Матисаковдун “Баткан күндү аяймын” аттуу китебинин бет ачары өттү

Бүгүн Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде жазуучу, журналист, коомдук жана мамлекеттик ишмер Абдиламит Матисаковдун “Баткан күндү аяймын” аттуу китебинин бет ачары болуп өттү. Иш чарага КР Эл жазуучулары М.Абакиров, С.Станалиев, А.Жакшылыков, КР Эл акындары М.Мамазаирова, К.Култегин, А.Рыскулов, жазуучулар союзунун жооптуу катчысы Ж.Акаева баштаган акын-жазуучулар, адабиятчылар, окумуштуулар жана студенттер катышты. Келген меймандар автордун жазуучулук жана журналисттик чеберчилигине, анын устаттыгына жогорку баа беришип, 65 жаш курагы менен куттукташты. Урматтуу Абдиламит Мурзаевич, Сиз кыргыз элине мыкты жазуучу катары, кыргыз адабияты менен журналистикасына зор салым кошкон инсан катары кеңири таанылып, турмуштун, изденүүчүлүк түйшүктүн ар толугу менен…..

Баткан күндү аяймын

Кыргыз Республикасынын Маданиятына эмгек сиңирген ишмер, жазуучу Абдиламит Матисаковдун “Баткан күндү аяймын” аттуу китеби жарык көрдү. Аталган китептин бет ачары 2022-жылдын 29-мартында саат 10:00дө Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин чоң залында өтөт. Бардык окурмандар үчүн эшик ачык. Китептин киришүүсүндөгү философия илимдеринин доктору, профессор Ж.Бөкөшовдун пикирин назарыңыздарга коебуз. Улуулуктун жөнөкөйлүгү жана жөнөкөйлүктүн улуулугу Чыныгы жазуучунун калеми чийсе теманын майда-чоңу, окуянын болгон-болбогону, каармандын оң-терси жок. Нукура сүрөткер чындыкты издейт, чындыкты көрсөтөт. Ал эми чындыктын чоң-кичинеси болбойт, чындык- бардык жерде, бардык убакта чындык. Майда-барат нерседен улам калп айтылып, чындыкка доо кетсе, бул жалпы толугу менен…..