“Алтын калем” адабий сыйлыгынын жеңүүчүлөрү сыйланды

12-декабрь Улуттук адабият күнүнө карата А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрында КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен КР Улуттук жазуучулар союзу биргелешип жарыялаган акын-жазуучулардын республикалык “Алтын калем” адабий сыйлыгынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи өттү. Майрамдык иш чарага КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары С.Аманова, КР Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Н.Калыбеков, акын-жазуучулар, адабият күйөрмандары катышты. Министрдин орун басары С.Аманова жалпы калемгерлерди майрамы менен куттуктап, адабий сыйлыкты уюштуруу, өткөрүүнүн максаты жөнүндө кенен айтып берди. КРУЖС Н.Калыбеков “Алтын калем” адабий сыйлыгынын жыйынтыгын жарыялап, поэзия, проза, толугу менен…..