Капар Токтошов: Чапай чабыш

Чапай чабыш Мен төрөлгөн жылы колхозубуз совхозго айланып, ага-туугандарыбыз мага «Совхозбек» атын энчилейт. Атам болсо улуу уулу Айдарбекке уйкаштырып «Капарбек» каттатат. Чоң атам болсо чокуну карап «неберемдин аты Чапай болсун» деп азан айтып салат. Жаза тайып өтүп кетсем кайсы атыма бата багыштайт? Башым маң… Бешинчи-алтынчы класста окуп жүргөн кезимде кыркынга чакырып калышты. Мен теңдүүлөр мурда барып жүрүшкөн экен, кой сүйрөп, жүн ташыгычтыкка бекип кетишти. Мен ишсиз калдым. «Кол жазмаң жакшы турбайбы, пресске тур» деп жүн таңгактатып коюшту. Жүндү сорт-сорту менен таңгактап, тышына басма тамга менен бадырайта жазып коюп басып жүрө толугу менен…..