“Алтын калем” адабий сыйлыгынын жеңүүчүлөрү сыйланды

12-декабрь Улуттук адабият күнүнө карата А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрында КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен КР Улуттук жазуучулар союзу биргелешип жарыялаган акын-жазуучулардын республикалык “Алтын калем” адабий сыйлыгынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи өттү. Майрамдык иш чарага КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары С.Аманова, КР Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Н.Калыбеков, акын-жазуучулар, адабият күйөрмандары катышты. Министрдин орун басары С.Аманова жалпы калемгерлерди майрамы менен куттуктап, адабий сыйлыкты уюштуруу, өткөрүүнүн максаты жөнүндө кенен айтып берди. КРУЖС Н.Калыбеков “Алтын калем” адабий сыйлыгынын жыйынтыгын жарыялап, поэзия, проза, драма жанры боюнча жеңүүчүлөр “Алтын калем” статуэткасы, диплом жана сертификат менен сыйланды. Калыстар тобунун чечими менен поэзия жанры боюнча Улукбек Омокеев, Бурулкан Сарыгулова, Жедигер Саалаев, проза жанры боюнча Топчугүл Шайдуллаева, Айдарбек Сарманбетов, Арслан Койчиев, ал эми драма жанры боюнча Капар Токтошов, Нурлан Абдырахманов жана Тыныбек Сыдыков жеңүүчү болду.

Мындан тышкары Маданият жана искусство тармагын өнүктүрүүө кошкон салымы үчүн калемгерлер Гүлайым Калыбекова, Садырбек Турдубек уулу, Сезим Толукбаева министрликтин Ардак грамотасы менен сыйланды.

Жалпы меймандарга Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын актерлору жана элибизге белгилүү ырчылар майрамдык маанай тартуулашты.

Акын-жазуучуларды адабият күнү менен куттуктап келген КР ЖК Басма сөз кызматынын башчысы Индира Куралбекова КР Эл жазуучусу М.Абакировго, А.Жакшылыковго жана КР Эл акыны М.Мамазаировага ыраазычылык каттарын тапшырып, КР Улуттук жазуучулар союзуна акчалай жардам берди.