Бертольд Брехт: Дүйнөдө канчалык көп китеп болсо – суроо да көп дал ошончо

Суу бара жөнүндө баллада Дүйнөдөгү улуу адамдар жөнүндө Санжыралуу кабар уктук көп ирет. Алар чыкса жылдыздардай жаркырап, Эгер кетсе күн баткандай сезилет.   Жок анчалык кусаматтык бул ырда, Бирок бизге, – аларды ичирип-жедирген, – Баткан менен чыккандары баары бир А ким төлөйт чыгымды анда берилген?   Тыным албай тегеренет суу бара Бир калыпта ала салган карааны. Бирок суунун бир милдети ак экен Түбөлүккө айландырыш бараны.   Башыбызда кожоюндар көп болду Арасында көркоолору дагы бар. Жолборстор да, жорулар да, камандар, Биз тойгузган андайлардын баары бар.   Тепсешти алар эх! Биринен бири толугу менен…..