“Жылдын мыкты китеби” сыйлыгы тапшырылды

Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзу салтка айланган, кезектеги “Жылдын мыкты китеби” сыйлыгын тапшырды.

2022-жыл ичинде жарык көргөн адабият жаатындагы китептердин арасынан балдар адабияты сериясы боюнча Б.Асаналиевдин “Балдан ширин балалык”, проза сериясы боюнча Т.Шайдуллаеванын “Балакана”, поэзия сериясы боюнча К.Оторбаевдин “Гүлдөр күтөт” китептери атайын түзүлгөн комиссиянын чечими менен “Жылдын мыкты китеби” деп табылды. Авторлор диплом жана статуэтка менен сыйланышты.

Сыйлык тапшыруу аземи КР Улуттук жазуучулар союзунда өттү жана иш чарага төрага Н.Калыбеков, төраганын орун басары К.Кадыракунов, КР Эл жазуучулары М.Абакиров, С.Рысбаев, КР Эл акыны Т.Нурманбетов, Ж.Саалаев катышты.