Садырбек Турдубек уулу: Арышымды кере чуркап алайын, Арабаны чечкилечи бир азга!?

***

Маданиятты ичип алып мас болдум,

Мактап турдум чаңын дагы таш жолдун.

Апийимдин сүтүнө окшош – поэзия,

Алды жашын мендей далай автордун.

 

Бөлөктөрдүн оюн, жолун жолдобой,

Бөөдө наалат, кылча кыйкым ойлобой.

Кууйм ойду миң кайталап бир сөздү,

Кудай атын зикир кылган молдодой.

 

Толсо экен деп улуу ойго ар сабым,

Тоодой ойдон, алтын сөздү чайкадым.

Байып жүрүп, ырдан каухар таап алып,

Байкабапмын жыртыктыгын байпагым.

 

Циклоп же эгиз тоолор

Көрө албастык айынан оңолбогон,

Көркоом болдук капкара ой ойлогон.

Циклоп мени суктантып турат бүгүн,

Бир көзүнө бир көзү жоо болбогон.

 

Биздин тоодон ушул тоо эгиз дешип,

Бузуп кирет “майдалар” тегиздешип.

Тоо тоону кулатпайт зордук кылып,

Томкорушат башкалар бөлүп, кесип.

 

Ишенбесең – ишенбейт Кудай дагы

Үрөйү пирамида шекилденген,

Үч бурчтук түшүнүккө бекилген мен.

Какчыйып фараондой катып калгам,

Кайтпастан өзүм кылган чечимдерден.

 

Табам деп аруулукту, жаңы нукту,

Тандадым улуктардан нак улукту.

Адашып, өзүм жалгыз калган кезде,

Адамбы, макулукпу баары мыкты.

 

Байкадым баары мыкты, айыбы жок,

Бай, кедей, ачка мейли карыны ток.

Мамиле кура билсе кас санабай,

Маймыл да досуң болот кадыры зоот.

 

Арттырып ишенимди жуугандагы,

Агарат кара таш да ылайдагы.

Ишенбей имерилсең Кудайыңан,

Ишенип бакыт сунбайт Кудай дагы.

 

Силкинүү

Чапанымды жакасынан бек кармап,

Чаңын карга күбүгөндөй – күбүлсөм.

Өмүрүмдү өзөгү бар сөзгө арнап,

Өкүтүм жок – өлбөй туруп тирилсем.

 

Бүкүл болуп, зор көрүнүп мага не,

Бүтөчүдөй эки дүйнө тешигин.

Күкүмдөлүп кетсем жакшы а көрө,

Күчтөнтүүгө жетимдерди дечүмүн.

 

Көрүп турам, көптөрүбүз бечара,

Көпөлөктөй отко күйгөн канаты…

Көрсөм дагы көрмөк элем не чара,

Көзгө саят кайра-а адам баласы…

 

Буруп түзгө устаттардын ар бири,

Буга чейин берди жакшы тарбия.

Көнүксүн деп татаал жолго жан дили,

Көргөзүшүп койсо эмне жарды да.

 

Чапанымды жакасынан бек кармап,

Чаңын карга күбүгөндөй – күбүлсөм.

Өмүрүмдү өзөгү бар сөзгө арнап,

Өкүтүм жок – өлбөй туруп тирилсем.

 

***

Мээм – ТЕГИРМЕН, дилим – БУУДАЙ, оюм – УН.

Ойду жешпей, мээни жешти оорудум.

 

Адам издеп кайда гана барбагам,

Араң тапсам, мен жаман же ал жаман.

Бир билгеним, биз экенбиз өзгөргүч,

Билдирбестен бирин-бири алдаган.

Өзгөлөрдүн жашоосунан өлүп мен,

Өзүм үчүн туулат окшойм кайрадан.

 

Бул дүйнө – Иллюзия

Бул адам – ташбоор да ушунчалык,

Байкуштун ыйыгына бутун салып.

Ал турсун керек кезде паска түшөт,

Алдуунун заарасына жүзүн чайып.

 

Дүнүйө – иллюзия! Жалган бары,

Дүйнөкор пенделер көп жалгандагы.

О дүйнө чексиздигин толтурушат,

Өзгөрбөй бала бойдон калгандары.

 

***

Оозу элпек тай кезинде – жаштыгым,

Оңго-солго, аңга-дөңгө басчумун.

Азыр болсо түркүн түйшүк жүктөлгөн,

Арабаны тартып жүргөн ат күнүм.

 

Учар элем жеткирбестен миң атка,

Убал болду мага бүткөн туякка.

Арышымды кере чуркап алайын,

Арабаны чечкилечи бир азга!?

 

Омуроомо камытыңар тартылды,

О-о, мингендер, сезгилечи дартымды!?

Туулганымда желден бүткөн канаттар,

Тукур атка туткун болуп калсынбы!?

 

Туулган жерди сагынуу

Аргымакка оттоткон көгүн жаңы,

Айылдагы чөп жыты өмүр даамы.

Ай нур чачкан талаада калган аттай,

Аркандалып келгим бар өзүм дагы.

 

Өзгөлөрдөн ашсам да ат чабымга,

Өз элиме кулунмун арт жагында.

Чок баскансыйм досумдун тетик уулу,

Чоочун киши келди деп айтканында.

 

Уй жайган жер күткөндүр зарлап, арып,

Карагаттан, ышкындан камдап азык.

Баргым келет бир күнү тоолорума,

Балдарымды бададай айдап алып.

 

Ат

Бейпил күндө энелер жорго минип,

Бейпай түндө берендер жоого кирип.

Атка жакын кыргыздар жаттан алыс,

Аты сымал – нускалуу ойго күлүк.

 

Ата жыты – ат жыты таркат кумар,

Ай туяктуу жаныбар Ай чапчыган.

Таманынан кийинки энекемдин,

Туягынан өбүүгө чаңкап турам.

 

Темир унаа жылкыга жетер эмес,

Тээ байыркы заманда өтө мерез,

Акка кетсе аргымак сүйгөн кыргыз,

Атын кошо көмгөнү бекер эмес!

 

Таш

Ташты дос кылып – дүйнөм кең,

Таштабай күтөт бир жерден.

Туруктуу адам болушту,

Турмушта таштан үйрөнгөм.

 

Чатагы жок сары эсеп,

“Чабам” деп кылбайт аракет.

Адамдар чаап таш менен,

Адамга салат балакет.

 

Пайда алып таштан сандаган,

Пайдубал кимдер салбаган .

Таң калам кээ бир досторго,

Таштардай боло албаган.

 

Акынга

Түнөгүндөй картайбаган жаш ырдын,

Жүрөгүндөй жүрөк барбы акындын.

Түйшүгүмдү, арманымды далай кез,

Түрмөктөлгөн саптарына жашырдым.

 

Кайрак кылып калемине Күн нурун,

Казат тура жан сугарган ыр нугун.

Жашап коюп жашай элек жашоону,

Жатат тура бир ырында миң кылым.

 

Карегине кайыптарды чөгөрүп,

Калемине ыр баласын өңөрүп.

Кайран акын доор кезет, чек билбей,

Кайра-кайра ак кагазга төрөлүп.