Күкүк, күкүк,
Мен канчага чыгам?!.
(Эссе)
Жылдар тогошуп, ошол эле ирмемде жылдар ажырашып, эл күткөн жаз да келди. Бул күндү, ушул мезгилди ким кандай күтөт… мен үчүн азыр да купуя сырдай сезиле берет. Мындай ойлор, тээ балалык кезимден – эс тарта баштаган учурумдан бери эле ушул кезге чейин эрбелеңдеп мени ээрчип жүргөнү жүргөн.
Мен ошондогу балалыгымды эстеген сайын, негедир дүпүйгөн калың бакка оролгон бир жапма жепирейген үйүбүз, жана да жашыл көчөлүү айылымдын жаз күндөрү оюма кылт эте түшөт. Анан да жанымда жаңыдан гана эс тарта баштаган кипкичинекей бала пайда боло калып, чиедей илмийген арык колдору менен мени жеңимден тарткылап, айыл четиндеги боз чыбырлуу өңүр тарапка азгыра жетелеп кетет. Ошондо өзүм дагы тиги баладай болуп калам да, экөөбүз моюндаша кучакташа калып, чакан айылымдын боз чаңдуу көчөлөрүн аралап, күн чыгыш – түштүк тарабын көздөй – качандыр бир кездерде ойноп жүргөн тигиндеги эле, көк чөптөрү жер жарып чыгып, жайкалып өсүп калган дөңсөөлүү чыбырларды бет алып шашыла жөнөйбүз.
Ошол чыбырлар – түркүн түстүү чөптөрү чымырап өскөн уларлуу улуу тоонун кудум мээр чөптүү кыр-кырларына окшоп сезилип кетет, мага. Мында эң оболу ак, анан көк же сыя гүл, күлгүн кызыл майда гүлдөр баргектерин бажырайта ачып, анын соңунан тез эле сары гүлдөр жайнап чыгат да, өзүнчө эле бир керемет жайга айланат да калат. Ал жердин тээ бийик жерине чыгып алып ушул чакан айылга көз жүгүртсөң, башка бир кереметтүү дүйнөдө жүргөнсүп кетесиң. Анан калса, жанымдагы кедейген баланын кубанычы койнуна батпай, булактай чулдураган тили менен бат-бат быдылдап сүйлөп мени арбап алгансып, кайдадыр алыска-алыска кудуңдап ээрчитип кете берет, кете берет…
Бул жерден, ушул чакан айылымды жапжашыл бактар биротоло чүмбөттөп алгансып, баам салган адамга алаканга салгандай көрүнөт. Анан да, анын сая бактуу бутактарынын калың жалбырактарына жашынып алып, өз тилдеринде сайрап, кужураша сүйлөшкөн түрдүү куштардын үнү береги биз турган дөңсөөгө чейин даана жетип, тынч, бейпил жашоодон кабар берип тургансыйт. Баарынан дагы, тиги миң сан куштардын той өткөрүп, сайран кура, биринен-бири аша безеленип кубулжута сайрап жаткан үнүнөн айырмаланган күкүктөрдүн тынымсыз “күкүктөгөн” жагымдуу үндөрүн айт. “Күкүк… күкүк… күкүк…” Так ушул баар айларында булактардан оргуштап кууша агып чыккан суулар бири-бири менен жылга-жылгалардан кошулуп отуруп, анан сай-сайлардагы өзөндөргө октоло барып, жээктеринен аша күкүктөп акканычы.
Мына ушундай көктөм айларынын акыркы апталарында өз нугуна ээ-жаа бербеген өзөндөгү суулар ошентип күкүктөп агат. Күкүктүн тили ошол мезгилде жумшарып, күүгө келип, жаз айларынын болуп-толуп турган мезгилинде кичинекей жүрөгүнүн толтосуна көптөн бери катып жүргөн сагынычтуу бугун чыгарыша “күкүктөп” киришет.
Баар деген – баар. Элибизде ата-бабаларыбыздан бери: “Баар келгенде, баар болгондо, же баар таап… жаз келгенде, жаз болгондо” дешип, алдыларына жакшы тилек – максаттарын коюшуп, сөз бекитишет… Анан алар ошол мезгилди чыдамсыздык менен күтүшкөндөй…
Көктөмдүн толукшуп турган учурунда күкүктөрдүн да тили жумшарып, бугун чыгара сайрап, зарыга күткөн так ушул мезгилинде жаңыдан эсине кирип келаткан баягы кичинекей бала мени ар дайым эчаккы балалыгым калып кеткен тарапка азгыра жетелегени жетелеген.
*****
…Апам адаттагысындай эле эшик алдындагы сая бакта миң сан куш өз тилдеринде сайраган күкүктүү бактын көлөкөсүндөгү куттуу кемегесинде нанын бышыруу менен алек болуп жатыптыр. Мен айылдын тээ сыртындагы чыбырларда оюнга канбай, түркүн түстүү гүлүн ачкан кумар жыттуу жашыл дөңсөө тараптан чуркап келип, апамдын жанына кедейип туруп калдым. Ошоңдогу апам бышырып жаткан нандын буркураган жагымдуу жыты… Көңдүн коңур жыттуу боз түтүнү үйүбүздүн айланасын гана эмес, биз жашаган көчөгө, анан айылыбызга тарап, андан ары бүтүндөй ааламга созула сиңип кетип жаткансыды… Эшик алдындагы бактын жапжашыл калың жалбырактуу бутактарына жашынып алып, жарыша күкүктөп жаткан күкүктөрдүн үнү, өз тилдеринде кужураша сайрап жаткан түркүн түс куштардын үнүн басып, айлана өзүнчө эле бир шаңга бөлөнгөндөй бейкутчулук өз доорун сүрүп турган.
Мен бирде кыпкызыл чоктун табына кызара бышып келе жаткан нанды, бирде кемеге алдында күйпөлөктөп нан бышырып жаткан буудай ирең, тер жүздүү апамды карап жанында эркелеп да, эрдемсип да турдум. Апам көңдүн кыпкызыл чокторун көсөөсү менен козгоп жатып мени сөзгө тарта:
–Күкүктөрдүн сайраган үнүн укчу, деги алар эмне дешип “күкүктөп” жатышат?.. – деп калды, мага бурула карап.
Күкүктөрдүн үнү мага жагымдуу угулуп жатса да, алар эмне деп сайрап жатышканын билбей, менден жооп жок, кайра апамдын өзүн аңкая карап калыпмын. Апам менин ушул бейжооп түрүмдү байкадыбы, айтор аздан кийин гана мага:
–Күкүк, күкүк… мен канчага чыгам? – деп сурап көрчү. Ал сенин канчага чыгарыңды айтып берет. Кана, саначы… – деди мага.
Ырас эле мен апам айткандай:
–Күкүк, күкүк… мен канчага чыгам? – деп, бактын саябалуу бутагынын калың жалбырактарына жашынып алып, мага көрүнбөй сайрап жаткан күкүктү издей сурадым.
– Күкүк…
–Бир…
–Күкүк…
–Эки…
–Күкүк…
–Беш…
–Күкүк…
–Жети…
Күкүк болсо, мага көрүнбөй жашынып алып сайрай берди, сайрай берди. Мен дагы тынымсыз жаңылбай санап жаттым.
–Күкүк…
–Он жети…
–Күкүк…
–Он сегиз…
–Күкүк…
–Он тогуз…
Күкүк дале тынбай “күкүктөп” сайрап жатты. Анан апам кемегедеги кыпкызыл болуп бышкан ысык нандан үзүп мага берип жатып:
–Оо, сен көп жашка чыгат турбайсыңбы… Карачы, күкүк дагы эле токтобой сайрап жатат… деп койду, өзүнчө эле кубанычы койнуна батпай. Мен жыты буркураган ысык нанды алып өзүмдүн бүтпөс оюнума, жапжашыл дөңсөөгө карай жүгүргөн бойдон кеткем ошондо…
*****
Мен жаз айларын, жаздагы күкүктөрдүн сайраганын эстеген сайын айылымдагы сая бактын жашыл жалбырактуу бутактарына конуп алып, мага көрүнбөй жашынып сайраган ошондогу күкүктөрдүн үнүн, ошондогу кемеге жанындагы нан бышырып жаткан апам менен сүйлөшкөн баёо кезим, дале кулагымда кайталана жаңырып турганы-турган. Андай тушта бир эсе балалыгым, ушул үйүбүздөн эбак турмушка аттанышып кеткен эжелерим, бой сала баштаган агаларым, апам, эшик алдындагы нан жыттуу кемеге көз алдыма кайрадан жаңырып тартыла берсе, бир эсе ошол эле ирмемде мени колумдан тарта азгыра жетелеп ошол жактарга, ошол жылдарга – баёо мезгилим өткөн Күн кактаган чыбырлуу дөңсөөлөр, жашыл көчөлөр көз алдыма тартыла берет…
Тигине, жапжашыл чакан айылымдын көчөлөрүнүн биринен боз чаңдуу жолун буркулдата кечип, бир бала суурулуп чыга, түркүн түс гүлдөрү ачылып жайнаган керемет бул дөңсөөгө карай бет ала келатты.
Бала – мен кеп кылган бала чагымдай экен. Анан калса, анын кудум мен сыяктуу оюнга тойбогон мезгили болсо керек.
Анан да:
-“Сенин тентектигиң ченде жок го, чиркин. Бирде казандын кулагын, бирде кумгандын капкагын сүзүп жыгыласың да жүрөсүң… деги казан менен кумганда сенин эмнең бар эле?!. Элдин балдарын кара, алар алдемедей эле жүрүшөт. Аларды көр да, өзүңө карачы. Алакандай бетиңе бирдей, Айдай тырык салып жүргөнүң жүргөн, бетиңдин бир да соо жери жок. Деги, сен качан адам болор экенсиң…” – деп… – апам Багдаттын (Багжан) ошондогу мага кейигени так ушул тушта кулагыма жаңырыктап угулуп турду…
“Казан, кумгандардан кайта-кайта “келтек” жеп, алакандай бетимден кан жая бергенде, апамдын жүрөгү зыркырап, жанын коёрго жай таппай ары-бери далбасалап жүгүргөнү менен менин ишим эмне…
Кийин-кийин мен бой тартып калганымда деле ошондогу опурталдуу окуяларымды апам мага кайта-кайта кайталап, менин акылга толо элек кезимдеги тентектигиме жетине албай, түгөнбөс кеп кыла берчү. Себеби, мен апамдын бул жарык дүйнө менен жалгаштырып, кеткен өмүрүнүн уландысы эмесминби.
Кызык… тиги бала мага жакындай бергенде анын кудум мен курактуу, мен сыяктуу кара тоголок бала экенин байкадым. Үстүндөгү кийген кийимдерине чейин, менин ошол балалык чагымдагы кийип жүргөн кийимдеримдей, өткөрө жупуну экен. Бутундагысы дагы, аябай эле көөнөрүп калыптыр.
Ооба, ооба так эле ошондогу менин кийимдерим…
Жамаачылары көп… Кыязы тигил баланын дагы апасы анын тозуп кеткен кийимдерин тигинтип таптаза жууп, тыкан жамап берген көрүнөт. Ал мага жакындап келгенде, кара тоголок баланын алакандай жүзүн көргүм келди. Анын дагы бетинде ошол менин кичине кезимдегидей тырыктары бар болду бекен, тентектик жагычы, же…
Баса, мындан эки-үч күн эле мурда күн күркүрөп, асманда чагылган чартылдап, жүрөк үшүн алган чагылгандын оту ажал издегендей ар тарапка шыркырап учпады беле, жаздын жамгыры тынымсыз нөшөрлөп. Демек, мандалактар бышты деген сөз.
Бала бул жакка мандалак казганы келе жатабы десем, колунда шиш темири көрүнбөйт. Болжолумда, ал сапсары болуп жамырап ачылган маңдалактардын гүлүн көргөнү келатса керек. Мандалактын гүлүнүн аңкыган жытын айта бер. Анын кумарлуу жытына бул жерден башка жактын мандалактарынын жыты тең болбосо керек. Анан калса, мен аны менен мына-мына эми чекене жолугуп, жайма-жай сүйлөшкөнү жатпаймынбы. Ошондо мен анын алакандай бетиндеги айдай тырыктарын дааналап карап, ал мага аябай берилип, анан опурталдуу тентектигин чын дилинен кужурап айтып жатканын угуп отуруп, чексиз кумар сүргүм келди. Балалык чагың, балалык кезиң менен бетме-бет жолугушуу кандай керемет… Кандай гана ашынган тектектик кылба, апаң сага мыят, апаң сен жактык, апаң ар дайым сени менен…
Ал сен болсоң, мени эч качан унутпашың керек. Ооба, ооба… Сен мени эч убакта, эч качан да унутпашың керек.
Мен Сага ушуларды гана айтып, Сенден ушуну гана суранып жатам, менин боз күкүгүм.
*****
Андан бери жер өз огун канча ирет айланып, канчалаган жаз келди…
Балалыгы өткөн баарлуу жазын кимдер гана эстебейт дейсиң, качанкы өткөн закым жылдарына көз тутуп. Баарды карысы да, жашы да, эсине эми гана кирген бала да күтөт тура. Анан ошол күткөн баар – көктөм айлары өздөрү менен бирге ар бирине качанкы бир учурда болуп өткөн айрыкча купуя сырларына, тээ качандыр бир учурдагы өткөн балалык баёо кездерине кусалуу жолуктуртуп, кумар сүрдүртүп, кайрадан кумардан бир чыгартып салат экен да, атаганат…
*****
…Анда дагы дал ушул көктөм айлары болчу. Орто мектепти аяктап жаткан жылдын так ушундай күндөрү эле.
Бүтүрүүчүлөрдүн кечеси уюштурулуп, ырга, бийге шыктуулары сахнада өз өнөрлөрүн көрсөтүштү. Эми ойлосом, ошол жаз – боз улан мезгилибиздин эшигин шаштыра каккылап турган учурубуз экенин биз кайдан билдик. Ошол кечеде сен экөөбүз кайта-кайта бийге түшүп, ошол кечени бийибиз менен аяктадык.
Кечеден кийин сени жандай узата үйүңө жеткирип бардым. Көчөдө экөөбүздөн башка эч ким жок болгону мени ушул кезге чейин таң калтырат. Адатта, топ-топ болуп алышып, күлкүгө оролуша бейкапар басышкан улан-кыздардын баарысы экөөбүздөн мурда эле, үй-үйлөрүнө тарап кетип калышканбы, айтор, алардын бири да жок. Анан калса, сен жашаган үй көчөнүн эң эле баш жагында болчу. Бири-бирибизге аяр да, уяң да мамиле жасап, анан үйүңө жакындай бергенде сен:
–Үйүмө да келип калдым, эми сен дагы үйүңө жакшы бар. Бирөө-жарым чыгып көрүп калса… болбойт, – дедиң да, тез-тез адымдап кирип кеттиң. Кызык, түн бир оокумда бизди ким көрүп коймок эле?..
Сая бактын калың жалбырактуу бутагына жашынып алып, эч кимге көрүнбөй сайрап жаткан күкүк сымал, так ошол түнү бир өзүңө деп айта албай жүргөн сыр биротоло өзүмдө калып кетти. Андан кийин ортобузда андай “күкүктүү” жаздын түнү экөөбүздү кайтадан жанаша бастырбады. Так ошол күкүктүү жаздын түнүндө жүрөк алдыбыздагы купуя сөздөр айтылбастан, экөөбүздө тең сакталган бойдон түбөлүккө кала берди. Негедир так ошол түнү боз күкүктүн тили да катып, түбөлүк буулуп калгансып сезилди, мага. Ошондогу күкүктүү жаздын кайра келбес түнүндө, экөөбүз күкүктөп аккан албуут өзөндүн эки жээгинде калып кеттик. Минтип каларыбызды сен да, мен дагы билбей калдык көрүнөт…
*****
Ар дайым көктөм келген айларда, туулуп-өскөн жеримде – айылымда жана да жашыл көчөлүү үйүмдө өткөн балалык күндөрүм мага так ушинтип жакындап, кайта-кайта кайталанып эсиме сала берет. Жана да түркүн түскө боёлгон жай, күз мезгилдеринде айланамдын баарысы коңур тартып, айылымдын кечи менен айдарым соккон жибек жели да кереметке айлангансып көрүнүп, топурагы дагы коңур жыттанат. Киндик кан тамган Ата Журтуң көзүңөн учуп, ар дайым ошол балалык чагың өткөн жериң өзүнө имерип, кылчактаттырып тымызын арбап, азгырып турганы турган…
…Күкүктөр болсо, дагы эле сая бактуу бутактардын калың жалбырактуу бутактарына менден жашырына конуп алып, “күкүктөп” сайрай беришет… сайрай беришет… Айрыкча тээ тигиндеги тоолордун ак кар, көк муздуу мөңгүлөрү эрип, өзөндөрдөгү суулар үйөрлөнө агып, жээктерин тебе ээ-жаа бербей күкүктөп ага баштаганда күкүктүн тили дагы жумшарып күүгө келип, өзөндөрдөгү күкүктөп аккан суулар менен жарыша күкүктөп сайрап киришет тура. Күкүк… күкүк… күкүк…
Мен болсом, азыр да андан: “Мен канчага чыгам, күкүк?!.” – деп сурай берем, сурай берем. Сурагандан жадабаймын.
*****
…Деңиздин толкундары бирин-бири куушуп келип, кумдуу жээгиндеги жалгыз басып өткөн изиңди эми эле жууп кеткендей, ошол изиңди кайра-кайра кылчая карап таппай издеп жүрө берет экенсиң, өмүрүң өткүчө… Көк деңиздин терең түбүнөн окторулуп чыгып, жээкти карай самап келе жаткан миң сан жыбыраган майда толкундарынын ар бири сыяктуу, жашап өткөн ар бир күнүң дагы жүрүп отуруп… жүрүп отуруп, бир оокумда он жылдык же чейрек кылымдык өмүрүңдүн үзүмү – топтолуп анан – ак жалдуу тоодой толкунга айланып кетерин адам бечара байкабай да, сезбей да калат тура!..
Мына, ошондогу өткөн балалык кездериңди эсиңе сала өзөндөгү суулар күкүктөп кире баштаганда күкүктөр дагы кайрадан “күкүктөп” сайрап киришет.
Мен эми ар дайым так ушул мезгилде күкүктөн: – Мен канчага чыгам, күкүк?!. – деп, сурай берем… сурай берем…
–Күкүк…
–Отуз тогуз…
–Күкүк…
–Кырк беш…
–Күкүк…
–Элүү жети…
–Күкүк…
–Алтымыш беш…
А күкүк болсо, мага так ушинтип жооп кылып күкүктөй берет…
*****
…Ошол боз улан кезимдеги мени менен тең жарыша: “Күкүк, күкүк… мен канчага чыгам?!.” – деп сурашкан селкилер азыр дагы өз күкүктөрүнөн дагы канча жашарын сурашат болду бекен, же… Деги алар так ушул мезгилде кайда жүрүшөт?!.
–Күкүк, күкүк… мен дагы канча жыл жашайм?!.
–Күкүк…
–Алтымыш жети…
–Күкүк..
–Жетимиш беш…
–Күкүк… күкүк… күкүк…
–Сексен…
*****
Ошондогу боз күкүк дагы эле мага көрүнбөй, бактын калың жалбырактуу бутагына конуп алып, качанкы бир боз улан кезимдеги так ушундай бактын саясында жашынып, калып кеткен сүйүүмдү да кошуп армандуу күкүктөп жаткансыды…
*****
Анан да:
–Мен канчага чыгам, күкүк?!. – деп, өз күкүктөрүнөн сурашкан моюндаш өскөн санаалаштарымдын канчасынын сырдаш күкүктөрү ага жооп бере албай, тилдери буула туттугушуп, туздуу көз жаштарын, ирмеп-ирмеп албады дейсиң, атаганат!..
Ал мезгил да өттү, кетти… Бул мезгил да өтөр, жылдар да кетер…
Ошондо:
–Күкүк… күкүк… мен дагы канча жыл жашайм? – деп кайталап сурасам, буурчактай болгон жүрөгүң бук болуп, тилиң буулуп, бир гана жолу… бир гана жолу… “күкүк” деп үнүңдү катканга алың келбей, сенин дагы көздөрүңө жаш толуп чыгар…
Качандыр бир кездердеги деңиз жээктеринин кумдуу чаптарында калып кеткен издеримди майда толкундар эбак жууп кеткендей, ошондо сен да томсоро мага үн катпай, жооп да бере албай каларсың, туттуккан армандуу күкүгүм!..
А, сен болсо, мени эч качан унутпашың керек. Ооба, ооба… Сен мени эч убакта, эч качан да унутпашың керек.
Мен сага ушуну гана кабарлап, ушуну гана айткым келди, менин боз күкүгүм…
*****
…Албуут аккан дарыялардын башаты ак кар, көк муздуу тоо чокуларындагы мөңгүлөрдүн ар бир тамчысынан куралып отуруп, өз күчүнө толгондо күүлдөп сүрдүү агып, эчендеген чакырым жерлерден өткөн соң, сапары карыганда анын дагы бир да тамчысы калбай, Жер Эненин кайсы бир жерине жеткенде соолуп да калат эмеспи…
…Анда да ак саратандуу жайдын кайсы бир таңында канаттарын дирилдете каккылап, бир ордунан жылбай, безеп сайрап жаткан тээ көктөгү топулуу боз торгой менен сырдаша; бул өмүрүм… анан да, өмүрүмдүн соңу-жер алды сапарым туурасында айтсам: – “Сен адам ыйлабай турган жан эмессиң да…” деген анын мукам үнү көмөкөйүнүнөн онтоп чыкканын угуп калдым эле…
*****
Баса, ошондо да кайсы бир жылдын көктөмү аяктап, ак саратандуу жайынын Күн кылкылдап батып бараткан коңур кечи болчу. Экөөбүз отурган айыл четиндеги дөңсөөдө топулуу боз торгойлор тээ көктө бир ордунан кылым да жылып койбой канаттарын тынымсыз дирилдете каккылап, биринен-бири өтө көмөкөйлөрүнөн үн безеп, ошол жердин көркүн ача саамга да токтоп койбой өз тилдеринде сайраганы, анан дагы берегидеги эле айылыбыздын дүпүйгөн бак-дарактарынын ар бир бариктүү бутактарына жашырынып алып, тынымсыз “күкүктөп” үн алышып жаткан күкүктөрдүн үнү бизге чейин даана жетип турган эле.
Айланабыз түркүн канаттуулардын сайрап жаткан үнүнө көөшүлүп, сен болсоң тегерегибиздеги жайнап ачылган саргыч түстүү каакымдарды терип жатып, ушундай коңур кечтин кереметине биротоло берилип кеттиңби, айтор көздөрүң жайнап, аларга кошулуп ырдап кирдиң. Арийне, ырдап кирдиң… Деген менен, сенин үнүң өтө муңайым чыгып жатты. Баса, биз каакымды “каакым-кукум” деп койчубуз. Анын сабагын оозубузга салып алып:
–“Каакым-кукум кашка тиш,
Оозумдагы отуз эки тиш…” деп, ырдачу элек, бала кездерибизде.
А, каакымдын сабагы болсо, оозубузда чагарак-чагарак болуп калчу. Бул бизге кызык көрүнчү…
Арийне, сенин ырың көктөгү торгойлордун кубулжута тил безеп сайрагандары менен бизге чейин күкүктөп даана угулуп жаткан тигиндеги күкүктөрдүн үндөрүнө жуурулушуп, бириңердин үнүн бириңер коштоп жаткандай эле сезилди, мага.
Мен сенин ырыңды үн катпай, мукуят угуп отурдум. Сен көпкө ырдадың, алар менен үн алышып. Ырдап жатып, терип жыйнаган каакымдардын сабактарынан өрүп, өзүңө жарашыктуу таажы жасадың да, аныңды башыңа кийип жатып:
–Кана, бул таажы мага жарашып калдыбы? – дедиң, менин маңдайыма бурала туруп калып.
–Сен канышалардай эле болуп калдың. Канышалардын алтын таажысына окшош кылып өрүп алган турбайсыңбы…
–Койчу, каяктагы жок нерсени мага айтпай… Сен ар дайым мага ушинтип сүйлөйсүң да жүрөсүң…
Анан мага кылыктана кыйгач карап, ары карай бурула берип:
–Мына, бул кеч дагы заматтын эле ичинде көз байланган иңирге айланды дагы калды. Болду, үйгө кайтар убак келип жетти, бул жерден кетели… – дедиң.
–Кел, андан көрө ушул иңирде экөөбүз тең өз күкүгүбүздөн канча жашарыбызды сурайлы – десем:
–Деги, сенин ушундай сөздөрүң эч калбайт экен да.., – деп, менин бул сөзүмдү негедир этибарга албай койгонсудуң.
–“Жакшы тилек жарым ырыс” деген сөз бар эмеспи…
–Адам бул өмүрдө кыялы менен гана жашап өтөт. А тескерисинче, алар бири-бирин тааныса, тааныбаса да атайылап ага жамандык издеп, душман болуп, бирине-бири азап-тозокту чегерип салышат экен. Эгер зарылчылык болуп калса, тигинин көзүн жалдырата курмандыкка чалып жиберип, буту-колун кишендеп, өзүнө көз кор кылып алууну самап турат. Карышкырдан да жаман. Андайлар, эртеби-кечпи, айтор айланып келип эле аёосуз жазаланарын билип турса дагы, анысын билгилери келишпейт тура…
Сен бул сөздөрүңдү өткөрө өкүнүч менен, ары муңайым, олуттуу да баса айттың.
Экөөбүз үн катпай, жанаша басып, айыл тарапка бет алдык.
Үйүңдүн тушуна келгенде:
–Эми сен үйүңө кайт, мен үйүмө келдим – дедиң да, үйүңө кирип кеттиң…
Карачы, бири-бирине кандай гана окшош көрүнүш, окшош ажырашуу!..
Мен мындай окшош көрүнүштү кийин-кийин гана… арадан көп жылдар өткөн соң гана эстеп, билдим. Ошондо дагы экөөбүз ошол жерге барып, сен ырдап жүрүп, каакым гүлдөрүн терип, өзүңө таажы өрүп кийип, ушинтип сүйлөшүп, ушинтип коштошкон болчубуз. Анан калса, ал кеч, топулуу боз торгойлор тээ көктө канаттарын дирилдете көмөкөйлөрүнөн тил безешсе, тигинде күкүктөр калың бактын жалбырактарына жашынып алып сайрашып жаткан жаз менен жайдын ашташып турган коңур кечи эмес беле…
Көрсө, ошол кеч – сен экөөбүз жолугушуп турган кечтин эң акыркы кечи экен. Ошондогу кечте өзүң туулуп-өскөн айылыңдан түбөлүк чыгып кетериң туурасында сен мага бир да ооз ачып койбогонуң аз келгенсип, кайра кайрылып келбей да койдуң. Айылдын четиндеги чыбырлуу өңүрдүн кечи сен үчүн эң акыркы кеч экенин билбей калдым…
Анан калса, менин болжолумда сен бейтаалай, ырайымсыз тагдырыңды өз колуң менен өзүңө-өзүң эле жасап алгандай сезилди. Себеби, сенин мүнөзүң текебер келип, аныңдан көп жаңылып, ошонуңдун азабын тартып калган күндөрүңдөн да кабарым бар эле.
Ошол өзүңө-өзүң жасап алган ырайымсыз катаал тагдырың сени чеңгелинен бошотпой мыкчыган бойдон ушул күнгө дейре сени жазалап, бек кармап турса керек деп да ойлоп коем…
Назарымда сенин ошол тагдырың, ошол мүнөзүң кайсы бир жерде сага зоолусун кийгизип, буттарыңа чидерин салып, сени жылбас кыла чынжырлап, жүрөгүңдөгү арманыңды эч ким укпас кылып, өзүңдү түбөлүк басмырлап, туттуктуруп таштаса керек деген да ойлор келди, мага.
*****
Андан бери көп эле мезгил өтүп кетиптир… Ошол чыбырлуу керемет өңүрдүн үстүнөн канчалаган канаттуу куштар бизге жакшылыктарын каалашып, кыйкуулаша аркы-терки учуп өтүшпөдүбү беле… Ушунча көп убакыттын төрт мезгилинин ар бир күнү менен түнүн жиреп жүрүп отуруп, мен дагы ушунча жашка келгенимди билбей калыпмын. Ошондогу тээ асмандагы Күн, шооласын чачып турган Ай, Чолпон жылдыз анан да түпкүрдөгү жыбыраган жылдыздар, айыл четиндеги чыбырлуу өңүрдүн ак саратандуу коңур кечи – сени зарыга күтүп, сенден күдөр үзө албай ошондо кандай болсо, азыр дагы, так ушул тапта деле так ошондой – экөөбүз гана жолугуп жүргөн эле бойдон турат.
…Деген менен, жайдын ошондой ак саратандуу кечтеринде айылыма барып калсам, ошол чыбырлуу өңүрлөрдөгү сен экөөбүз басып жүргөн жерди, өткөн күндөрүмдү купуя эстеп алам. Анан да: “ортобуздагы кечирилгис каталык акыры экөөбүздү эки жерге чөк түшүрүп кетсе керек”… деген ойлор мага чар сапыргандай келип, кайра эле ошентип жок болуп кетет…
*****
Арийне, өткөндө эле айылыма сапар тартып барган элем. Анда дагы керемет жаз айлары эбак аяктап, жайдын ак саратандуу алгачкы апталары өз дооронун сүрүп турган мезгили эле.
Бул чакан айылымдын түштүк тарабындагы Манас атабыздын ак мөңгү, көк муздуу тоо кыркалары тараптан үрөп турган шапаталуу коңур жели мен төрөлүп, эс тарткан көчөмдү негедир керемет шаңга бөлөп тургансып сезилди.
Ооба, мага так ушинтип туюлуп турду. Каш карайып, көз буулуп бараткан учур болчу. Үйүбүздүн айланасындагы дүпүйүп өсүп турган калың бактын арасынан күкүктүн үнү күтүүсүз чыкты. Айылымдын коңур желине бөлөнүп турган мени анын шаңдуу чыга калган үнү заматта алдастаттырып жиберди… “Ошол күкүк… мага тааныш ошол эле күкүк… Ал менин бала чагымдан бери мени менен катарлаш да, канатташ да болуп келаткан күкүк!.. Менин айлыма келгенимди бул кайдан билип, кайдан туюп издеп келди экен?”. Баарынан да мени таң калтырганы – мезгил ак саратан жайдын алгачкы апталарынын күндөрү эмеспи.
Демек, чөп бышты деген сөз. А, “чөп гүлдөп, анан гүлүн төгүп бүткөндө күкүктүн тили буулат” деген кеп бар эмес беле…
Айланамды чылк караңгылык басып калса да, күкүк кайсы дарактын бутагына конуп алып, күкүктөп жатат болду экен, деген ойдо анын үнүн утурлай боолголоп кууп, улам бир дарактын бутагына далбасалап көз жүгүртөм. Караңгыда аны кайсы дарактын бутагынан таап, көрмөк элем…
Ошондогу коңур желдүү айылымдын коңур кечинде сен дарактын бариктүү бутагына менден дагы эле бекинип алып, көпкө чейин күкүктөп жаттың. Ушул тапта мага ар кандай кыялдар келип, адатымча сенин ар бир үнүңдү санаганымды дагы унутуп коюпмун. Болжолу “мен ар дайым сенин жаныңда жүрөмүн” дегениң го… деп, ичимден купуя түшүндүм. Сен күкүктөп сайрай бердиң… сайрай бердиң… Анан, бир оокумда гана барып токтодуң.
“Түн чексиз… сен дагы алыстан сапар тартып келип чарчадың. Эми эс ал. Ушу учу кыйыры билинбеген түндү сүңгүп, бейсанаа – тынч укта, түшүңдө балалык чагыңа, анан апаңа да жолугуп кужурашып сүйлөш” дедиң окшойт, өзүң дагы уйкуга алдырып баратып…
…Эртеси таң куланөөк салганда ойгонуп кетип, сенин үнүңдү дагы угар бекем деген үмүттө үйдөн шашып чыктым. Көчө тынч… айыл арасы дагы ошондой.
Кечээ сени кайсы даракка конуп алып, мага үн жаңшады болду экен деп, ар бир даракка кылдат көз жүгүртүп чыктым. Мүмкүн сен мени көрүп, дагы күкүктөп сайрар бекен деген үмүттө да күттүм… Сенден мага жооп болбоду.
Ак саратандуу жайдын доорону башталып калган болчу…
Жаратканым, келерки жазда да экөөбүздү кайрадан жолуктурсун, менин боз күкүгүм!..
*****
–Күкүк, күкүк мен дагы канча жашайм?!.
Жаз, 2018-жыл.