Айнагүл Базарбаева: Атам түгүл, зар болуп азыр кайтам, Короодогу койлордун корголуна

Бала чак

Тыт башында балапандай олтурган,

Оозу-башым кочкул-кызыл, карала,

Түшөт эске бала чагым.

Баласындай карганын,

Болсом деле, энем айтчу “аппагым…”

Ширин эле ал тыттар,

Кызыл эле алчалар,

Жийде жыты “бур-бур” этчү. Эх, жыпар!

Шагы ийилген алмалар,

Шабдаалылар, бийилер,

Турчу баары ийип эй,-

Данегинен сүт чыгарган бадамдар.

Берекелүү, белен бейиш багындай,

Ширин эле, таттуу эле ал жылдар,

Куса болуп апакемди издеген,

Мага баары апа эле, эмизчүдөй эмчегин,

Мээрим төгүп турчу, аалам, табият,

Алла таалам кааласам,-

Кыялымда ак булутка олтургузуп коюучу,

Бала кезде асмандарды каалагам.

Бийик-бийик болуу үчүн..

 

Ак – кара

Адам көзү ак-кара,

Адам өзү ак – кара.

Ак-караны биле албай,

Бир өмүргө баш маң аа.

 

Аралашып ак-кара,

Болдум кээде капкара.

Кара неге ак болбойт?

Мен ушуга таң калам…

 

Ажыралбай ак кара,

Кара көздөн жаш тамат.

Жаш гана эмес, кашайгыр,

Казат, согуш, кан тамат…

 

Бири өктөм, бири пас,

Бирге жүрөт ак-кара,

Бозомуктан арылып,

Болгум келет таптаза.

 

Көрсө пенде курган аа,

Кара жүрүп, ак жүрүп,

Кетээр бир күн айласыз,

Моюн сунуп акка да…

 

*****

Турмуш сенден тепки жеп,-

Ашаткан тери сымал көп ийлендим,

Адашып кээде баскан түз жолумдан,

Аягым басып алган чөпкө иймендим.

 

Кээ бирде сага жаным ыйбаа кылса,

Кээ күнү наалат айтып ыйлап тургам.

Топ этип урап калчу дил-мунарам,

Жомоктой кыялдарым ырдан курган…

 

Көнүп да калдым эми урай берип,

Бийиктен кайра-кайра кулай берип.

Тагдырда көп нерселер эчтеке эмес,

-Ал кулум!-десе эле, кудай берип…

 

*****

Кечиргиле досторум,

Токчулуктун айынан, жокчулуктун айынан,

Көңүл бурбай калдым кээде силерге.

Токчулукта жүрдүм аттай секирип,

Адам деген жылкы мүнөз дедирип,

Анда силер эске келбей эсирип…

 

Жокчулукта бир кагазга кул болуп,

Издегеним силер эмес пул болуп.

Өйдө тартып, ылдый тартып кемтигим,

Кыйын болду көңүлдөргө жеткириш.

 

Кабарлашпай койсом кээде дос-тууган,

“Адам беле?”- дешип, көбү кол жууган.

Ошондо да кендир кескен жоктук ай,

Жолдорумду жеткиришпей көп бууган.

 

Кантсем деле баары билем, пенделик,

Кайра-кайра ката кетчү пендемин.

Ката кетип, ката оңдоп түзөөчү,

Өчүргүчкө айланган бир кездемин.

 

Кокон гилас

– Мына эми, баар келди,

Кокон гилас алып келдим.

Калтырбастан бирин дагы,

Атакем ов, баарын жеңиз.

 

Дасторкондун көркүн ачып,

Тамшандырды кызыл гилас.

Атам анда күлүп бир аз:

“Алып келдиң кызым ырас,

Небереме жеткире албай,

Жүрдүм эле кокон гилас.”

 

Келерки жыл Үч-Коргондон,

Көчөтүнү алам дедиң.

Неберемди өзүм эле,

Гилас менен багам дедиң.

 

Келерки жыл, келерки баар,

Гилас көрсөм, атамды эстеп,

Арман кылып алчу болдум…

Көрсө атам ошол жазда,

Жеген экен кокон гилас…

Өмүрүндө акыр-соңку…

 

*****

Айтар сөзүн кыш сымал кынап айткан,

Аста-секин мышыктай жыла баскан.

Тажадым мен тажаал адамдардан,

Сырын дагы сызгырып, сынап айткан.

 

Карай берип алардын куу көздөрүн,

Өзүм дагы куу болуп бара жатам.

Келет менин турмушта түк өзгөргүм,

Наристедей төрөлгөн, жылаңач жан.

 

Чыккым келет пенделик “протоколдон”,

“Чык-чык” этип, мээмде турат ойлор.

Айранды же ичким бар айран бойдон,

Жууратты мен ичким бар жуурат бойдон.

 

*****

Жүзүм бакта олтурдум жүзүм бакта,

Жүзүм күлүп, жүрөгүм, көзүм жаштап.

Бир чоң энем өтүптүр жакында эле,

Бул айылдын карысы жүз бир жашта.

 

Кемпирлери олтурчу күмүш чачпак,

ийик ийрип дөбөдө, күн чубактап.

Берекелүү журт элек күзгү бактай,

Балакайлар суу кечип, сүлүк, баткак.

 

Булактары чулдурап, суусу замзам,

Улактары зоо таяп, аска-какма.

Түлкү, коён, карышкыр, суурун айт,

Кекилиги “пырр” учуп ар бир таштан.

 

Бапырашып бир айыл балдар элек,

Бак ичинде бакырчаак чал бар эле.

Келин-кесек, кыз-кыркын, айыл апа,

Кең пейилдүү, көңүл ток, жайдары эле.

 

Аксакалы атам ов, акыл айткан,

Элди жыйып, эски бир коргонуна.

Атам түгүл, зар болуп азыр кайтам,

Короодогу койлордун корголуна.

 

Жүзүмдөрү атамдын жүзүм эле,

Жеп олтургуң келүүчү үзүп эле.

Күз келгенде береке толгон өңдүү,

Өмүрүңдүн атаке күзү беле?!

 

– Кекиликтер не учпай калган десем?

– Кекиликти соодалап саткан дешет.

– Түлкүлөр жок айылда неге?- десем,

– Кутурма деп куп эле аткан дешет.

 

Жүгөрүдө жүрүшчү шатыр-шутур,

Кирпи чечен, ийнелүү жайралар жок.

Булбулдарың бар эле, гүлдүү бакта,

Мен келгенде алар не сайраган жок?!

 

Бак-бак эткен курбака, ташбакалар,

Ойноп жүрчү кыр-кырда суурларың.

Төө кызгалдак, мандалак, жоогазындар,

Алар неге азайган кургурларым!

 

Куйругунан кармашып мар-жыланды,

Жылан чоку, сай-кырын жойлочубуз.

Тоотуп койбой нөшөрлүү жамгырларды,

Козу карын терчүбүз, койго чыгып.

 

Жылан менен ойногон бала жоктой,

Айыл билбейм негедир көзгө комсоо.

Кескелдирик чагатта чак-чак этип,

Кой-козулар, эчкилер жүрөт оттоп.

 

Көбөйүптүр тоо бадам, мистелерим,

Бири бар да, бири жок издегеним…

Ата-бабам асырап, таштап кеткен,

Шыбак жыттуу чыйыр жол изде келдим…

 

Адырашман, чырышым, үлкөнүм жок,

Мен терүүчү нооруз гүл гүлдөрүм жок.

«Алдыңа бир кетейин, айланам»- деп,

Тосуп чыкчу энекем күйгөнүм жок.

 

Карт даракка айланган бадамдарым,

Аз калган эй, айылымда адамдарым.

Табиятка, адамга акыл – айран,

Маң баш өңдүү кайттым суз кадамдарым…