Аваз
Жолуккан барбы, кезигет кайдан,
бир курак өттү билинбей,
жалбырак ылдый жылтырап тамган
тамчынын тунук үнүндөй.
Кезиккен барбы, жолугат кайдан,
бир курак калды көрүнбөй,
өткүндөн кийин жаңырып калган
жайлоонун жашыл өңүндөй.
Жолугат кайдан, кезиккен барбы,
жамынып жатып ай нурун,
алыста калган жылдардын шаңын,
ырлардын козгоп кайрыгын…
Сары
Асман аздап кочкул түскө боёлуп,
чөккөн күүгүм чирик барик жыттанат.
Кечээгимдей бүгүн дагы ой ооруп,
кечээгимден бүгүн үмүт кыскараак.
Жол тозоңу, жолоочунун көктүгү,
шагы сынган сагынычтын арааны
басаңдады, улам жылдар эскирип,
азаңдады улам эргүү шамалы.
Эсиңдеби? Себептерге эбептер
кайчы түшкөн күзгү кечте ушундай,
жалгыз аяк аллеяда теректер
баригинен коңур нымдуу жыт урган?
Капалантпа, жайыма кой, күзгү бак!
Жолу кайчы акыл менен жүрөктүн.
Аздан кийин жылдыз күйүп, ай чыгат,
асманда да өз нуру бар мүнөттүн.
Бардыгына тойдум, койгун унутуп!
Сагыныч да жанбай калса, муздамак.
Аллеяда жалгыздыгым дымытып,
асман, күүгүм, чирик барик жыттанат…
* * *
(атама)
Тоо тарапты булут чалса түнөрүп,
санаам аздап күчөй баштайт тыйылбай,
тоо суусундай таштан ташка бүлөнүп,
азоо аккан багытынан бурулбай.
Балким, өткүн жаап өттү дыбырап,
балким, ак жаан өтмө катар суу кылып
калпагыңдан моюн ылдый куюлат,
мээлүн тартып денеңдеги жылуулук.
Бир сап табам автобуста баратып
тоо башындай түнөргөн бир ой менен,
ырдын артын таап, кайра адашып,
демим катып, кымырынам бүргөдөй.
Ошол жума дале эсте чайыттай,
ат кыядан кулап, бутуң сынганда
короого кой толук келбей жайыттан,
көк тешилип, күнү-түнү куйган жаан…
Жаралгандан канда жүрөр санаа бар –
байланыш бар ата менен балада.
Көзү тоодо, озү дайым санаадар,
чабан уулу жашап турса калаада.
1980-ж.
Курбулар
1.
Кайтат куштар уясына жазында,
артат көздөр жакшылыкка жай-кышын.
Качан, кантип сымпооч ээр кашында
жаштык унут таштайт элик камчысын?
Гүлдөп кирет терезелер кеч сайын,
гүлдөп кирет жылдыздары асмандын.
Гүлгүн кезде гүлдөй сергек жылдардын
күндө кечте көк пардасын тарткан ким?
Өчүрбөгүн, өтүнгөнүм өчүрбө
сагынычты… жылдар, аста, акырын.
Кайсы тойдо кай дасмалдын четинде
жаштык унут таштайт күмүш кашыгын?
Кундуз чачы ичке өрүмү кырк салаа,
коргосо не мезгилдерден көрк өзүн.
Кайсы айылда, кай жаздыктын астында
кыз курагың унут таштайт сөйкөсүн?
Бала күтүп, түтүн улап, үй куруп,
колтугунан сүйөп жаса баскандын.
Карлыгачтай салам-кабар билдирип
кайда жүрсө катың жооп жазган ким?
Ойлобоймун, карыйбыз деп ойлобойм,
Качан болсун жолугушсак шарактап,
улан чактын ууз күнүн бойлогон,
кыз курактын кеткен жылын барактап.
2.
Биздин турмуш баскан сайын бийиктеп,
тагдыр чийип кимибиз жөө, ким атчан.
Бүлөө багып ата болгон жигиттер,
уул төрөп эне болгон курдаштар.
Ойлобоймун, өлөбүз деп ойлобойм.
Машинеден каза тапкан күзүндө
Дыйканбекти кырсык дейм бир болбогон…
Дыйканбекти күлүп кирген түшүмдө.
Шамдай курак! Тамшандырган, таңданткан,
куса толот көңүлүмө кез-кезде,
ыза толот ой жүрүшүн жайлатсам
августтагы аңгыраган мектептей.
Узайт күздөр канаттарында куштардын,
соолуйт жаздар таажысында гүлдөрдүн.
Кумары бар учкан сайын учкандын,
сүйөөрү бар жүрөк черин билгендин.
1989-ж.
Эсиңдеби, Кочкордогу ошол күз?
Таң кылайып, седеп күмүш жылдыздар
улам бирден өчүп жатат дабышсыз.
Ай астынан айбалтадай күмүш жаак,
учуп өттү уйкулуу бир агыш куш,
Агып өттү булут изин калтырбай
таңды беттеп желкемедей байыркы.
Тоңот пейлим, толкун чоору тартылбай
токсон тогуз күмүш кайрык кайырчу.
Коңур күздүн канаты окшоп чириген
сызда жаткан жалбырагы теректин
эмнени угат бейпилдиктин үнүнөн,
эмнени ойлойт бул таңында элеттин?
Кар алдында калган үйдөй иттин үнү,
анда-санда короз кургак чакырат.
Жаңы ойдогу мендеги эски түшүнүк
жанды уялтып алтын тиштей жаркырайт.
Эсиңдеби, Кочкордогу ошол күз
ушул таңдай уктабаган, чарчаган
түстөр менен кыйнап келди түшүнгүс
оорулуудай ажал жанын калчаган.
Эсиңднби, ооба, бүтүн эсиңде
ошол таңдын суздугуна кошулуп,
“…кечир мени, алакачты кечинде”
деп жазгансың көшөгөдө олтуруп.
* * *
Иңирде иттери көп чолок көчө,
тушунда терек өсчү көк терезе,
“бүркүттөн – гүлгө” деген кызыл жаян
узун кат жана укмуштай кыска кече?..
Томуктай дөбө алдында чакан айыл,
көк дүкөн качан барсаң кулпу турган.
Жыбылжып жылдар жылып жаткан сайын,
жылуу обон сөздөрү аздап унутулган?
Жан эркем, кыз курагың эсиңднби,
жайдары, элик мүнөз, жарык маңдай.
Чырагын жаккан жылдыз кечиндеги
таңга маал титирөөчү кайыккандай.
Жан эркем, улан чагым эсиңдеби,
уурданып күндөлүгүң барактаган?
туюнса чексиздикти өзүндөгү
зар тура, каран калгыр, канатка адам.
Мына эми, кээде көңүл кыйырымда
сампарлайт сагынычтын кары жумшак.
Адашып ошол жылдар чыйырында
сен ойгоо, мен дагы ойгоо, күйөөң уктап…
Жоопсуз
Күткөн сайын кетти күтүүм тереңдеп,
Сызган сайын сызды санаам тызылдап.
Буккан сайын бугум буура, жолум муз,
Бул сүйүүнү бүтөм качан бүт ырдап?
Акылымда күлкүң агып шыңгырап,
Тамырымда сагыным зыркырап.
Качкан менен кайда барам өзүмдөн,
Бул сүйүүнү коем кантип кулпулап?
Башым батып, балтыр сыяр жай барбы?
Бырыштарын жууйм нетип маңдайдын?
Гүлдөр мага күү чертишти жазды-жай,
Буркураган жытын үрөп армандын.
Ушул илеп улааргандан уларып,
Көп жуулган көйнөк окшоп кубарып…
Жалгыздыктын жаалы катуу, каары курч,
Теним муздайт тамырымда суу агып.
Жараткан ай, унутууга мүмкүнбү,
Чоктой ысмың, оттой ысык күлкүңдү.
Дудуктандым, дүлөйлөндүм дымыдым,
Тепкеси жок толгонбогон кыл сындуу.
Кашыктагы кара суудай мөлтүрөп,
Көзүң күйөт көөрүк окшоп өрт үрөп.
Жаным сыздайт жарылбаган жарадай
Ушул сүйүү акыр мени өлтүрөт.
Кулдук уруп кетээримде чөгөлөп,
Көзүңдү өбөм – көз отуңду керемет.
Кезиң үчүн эс-учумдан тандырган,
Кездер үчүн кеткен жана келе элек.
Жок кылдай да сага менин керегим,
Кетем деле кайра айланып келемин.
Ара жолдо калаар жоопсуз ак сүйүү,
Ара жолдо сокпойт жүрөк эгерим.
Мени ушунча беймазага батырган,
Арманымды мумиядай катырган.
Эмне мынча түшүнүксүз, эссизсиң,
Эмне мынча эсимди алган асыл жан.
Апоссионата
Сагынычтын кандай таттуу азабы!
Клавиштер онтойт минор үн менен.
Кайрыктарда кайкыйт тагдыр мазагы
тириликтин заңына баш ийбеген.
Ким деги бул, кабакка кир түнөткөн
жарым түндө жалгыз чертип кыягын?
Созгон күүсү тумчуктурган, жүдөткөн,
уккан сайын түтөп санаа-кумарым.
Жарым түндө жаңырганы жаңырган,
чыйрыктырып ар илеби, кайрыгы,
сиңет ыргак сайсөөгүмө, каныма.
Чыгам сыртка чылым отун жандырып.
Чыгам сыртка акыл-эстен, жүрөктөн!
Чыңырыктай чындыгымдын үнү өчкөн
кезди унутам – санаа отун өчүрөм
чарчап күйгөн үмүт менен тилектен.
Билдирбейсиң кабарыңды, алыңды,
кушу кайтты, суусу тоңду Нарындын.
Бекер күйдүм. Безилдедим. Ак урдум
илебиндей шамалдагы жалындын.
Кан тамырда калкып аккан не сезим,
таарынычын унутпас кай сагынч бу.
Жаңырыгым, кайсы жарык үндөсүң,
кай айылда, кай үйдөсүң алыскы?
Жабык калып жанды жеген ал кумар,
Ачык калды бир күтүүнүн эшиги,
Эртең кайра кезикчүдөй алдыман,
Эртең кайра суроочудай кечирим…
1987-ж.
Алыскы жаан
Суу болуп дарактардын жалбырагы,
суу болуп көк көйнөгүң, саамай чачың.
Жолуктук жоодур кечти узатканы,
жоогазын жыттуу жоодур карындашым.
Шатырап эс-көөнүмдө куят жамгыр.
Канча жыл өттү арадан? Канчанчы жаан?
Капилет кездешчүдөй туюласың,
жамгырлуу ошол күндүн далдасынан.
Билбегем үмүт мынча тереңдигин,
туйбаган күтүү мынча алыстыгын.
Кез-кезде ырыскыдай түшкө кирет,
шатырап жамгыр куйган алыскы күн.
Дхаммапада
(Индияда “Дхаммапада” деп эки сап, үч сап, беш сап, жети сап накыл-ырларды аташат. Ал негизинен Будда Шакьямунинин айткан-дегендерин, накыл сөздөрүн чагылдырган топтомдор).
* * *
Бир пендеде эки дүйнө – эки асман:
Бири – дүйнө, бизди айыпсыз жараткан.
Бири -дүйнө күлкү менен жарааттан,
Жанды тиштеп биздер куруп бараткан.
* * *
Жакшы китеп окугула,
Кыз сулуусун өпкүлө.
Жаш кезде чок чокугула,
Көпкөнүңчө көпкүлө.
* * *
Даңк азгырып өпкөңдү алып мобул жол,
Багалегиң үзүп бийлик канчыгы.
Сен – бийиктик сага жетүү кандай оор,
Намыс, абийир, эрк чыйыры аркылуу.
* * *
Жакшына сөздөр жыйып кел,
Тоюма турам чакырып:
Энемдин аты – Үмүткөр,
Атамдын аты – Жакшылык.
* * *
“Турсам-өлдүң” деген сорттун биримин,
Мендей коркок болгон жоктур биз жактан.
Кармаштарда калбасын деп билинип,
“Коркок!” деген сөздөн коркуп мушташкам.
* * *
Жакшыбы, жаман өлгөндө,
Жабыла кыргыз барабыз.
Ыйлаган жанды көргөндө,
Күлгөндү тыйсаң адал иш.
* * *
Бир алы келбес күндүккө,
Бир кою жок жалаң төш.
Бөлүнсөң түштүк-түндүккө,
“Кыргызмын” дешиң арам сөз.
* * *
Соргондор кирин тишинин,
Ачкадан азып бири өлбөйт.
Эшегин берген кишинин,
Эсеби эч бир түгөнбөйт.
* * *
“Аз өмүрдө аппак жашоо керек” деп,
Асман-көктү айтасың да кеңкелес.
Падышаң да митаам, талоон заманда,
Абийир деген анча дурус нерсе эмес.
* * *
Калайманды салам десең,
Көтөргөнүң үйүн үч.
Чын кошомат кылам десең,
Бутун жуу да, кирин ич!
* * *
Аз болор дейм жан боорумдай Соң-Көлүм,
Ысык-Көлгө кошуп берсем. Анткени,
Хафиз сенин жүзүңдөгү мең үчүн,
Самарканга кошуп берген Ташкенин.
* * *
Каргалар учат топ-топ салп-салп этип,
Жүрөгүм каккан сайын ирмем өчүп.
Жаш чакта кең ааламга мен кетчү элем,
Баратат эми менден аалам көчүп.
* * *
Башымда бактым, колумда күмүш кашыгым,
Тилегим таза, жок сага кылдай жасыгым.
Үзөңгүм түшөт, шаабайым сууйт, шак сынат,
Үйүңө барсам, үрпөйүп турса катының.
* * *
Май чубурган байлыктын жолу тайгак,
Ошол жолдон өткөндөр жылаңайлак,
“Укса урат”, -деп казына кайтаргандар,
Кепич кийип басышат кудайайлап.
* * *
Сен кубансаң, кудай акы, ич күйөт,
Мен кубансам, муз жалап,
Экөөбүздө көрө албастык үшкүрөт.
Ал үшкүрүк муздабайт.
* * *
Көчөдө иттер кабышып атса,
Иттердин иттик кылыгы.
Тирүүлөй башын жутушуп атса,
Адамдын айбанчылыгы.
* * *
Эби менен, эпсиз да күлө берсең,
Эссиздер да эбиңди билип алат.
Кайда айдаса жорголоп жүрө берсең,
Эшек мүнөз немелер минип алат.
* * *
Ашып кетсем кенен-чонон арыштай,
Шашып-бушуп бара жаткан чолоктон.
Эмнегедир сезем чексиз карыздай,
Менде окшоп бактысы ал бир кез жоготкон.
* * *
Боз уландар убап-чубап келишкен,
Шакар шаарга күйүп турган күзүндө.
Кантсе дагы болушунча картайдык,
Болбогон бир үч он жылдык ичинде.
* * *
Акындын ак айтканын айып алба,
Пейлиң кең, дасмалыңда ашың арбын.
Жоосу бар, эр жигиттин башы барда,
Тоосу бар, томуктай бир ташы бардын.
* * *
Теги бийик төрө эне төрөгөн,
Тарбиясы-алсыздарды жөлөгөн.
Бу-бу дейсиң, зыяның жок Төлөгөн,
Бубуиндей чөптөн башка жебеген.
* * *
О Алла, сени унуттум,
Калп айтып жаткан кезимде,
Сен турган жоксуң эсимде.
Кыйды, көө, абжөөр бурутмун.
* * *
Чоңдоруна, өз чини да өскөнчө,
Жолду тороп, чаап жүргөн арыгын.
Көчүгүнөн түтүн чыгып кеткенче,
Көчөдөгү ышкырыгы МАИнин.
* * *
Акын калкы ак жүрөк да, аңкоо калк,
Он ыр жазса, алда кокуй алтоо калп.
Халтурщиги халал эт жейт, калганы
Дубалына мык какпаган жалкоо калк.
* * *
Лакылдап жайкы закым көчү жүргөн,
Суусаган жол акактап чуркайт көлгө.
Дирилдеп торгой асман түпкүрүнөн,
Суусаган август чаңкап үзүм желге.