Жаш таланттын жылдызын жандырган “Жылдыздуу жээк”

Чыныбай Турсунбеков атындагы фонду уюштурган “Жылдыздуу жээк” фестивалынын финалисттери аныкталды. Калыстардын чечими менен Нуриза Өмүрбаева, Бектурсун Адиев, Айзат Кудайберди кызы, Махабат Касеинова жана Чыңгыз Рыскелдиевдер жеңүүчү болду.

Бул жылы 3-ирет жарыяланган сынакка жалпы 113 автордон чыгармалар келип түшкөн. Поэтикалык форманы билүүсү, тили жана техникалык чеберчилиги (рифманын, калыптын, стилистиканын оригиналдуулугу); кыргыз тилинин нормаларын сактоосу; таасирдүүлүгү, образдардын айкындыгы, маңызы, жаңычылдыгы (ой-толгоону чагылдыра билүүсү) боюнча негизги 3 критерий менен карап 10 баллга чейинки баа коюп, калыстар тобу өз иштерин так аткарып беришти. Финалга чыккан 5 автор фестивалдын 2-этабында көгүлтүр көл жээгинде ыр окушуп, калыстардын элегинен дагы бир жолу өтөт. Соңку жыйынтык менен жеңүүчү болгон калемгер Ч.Турсунбеков атындагы адабий сыйлыктын лауреаты аталып, 100 000 сомго байгеге ээ болот.

“Жылдыздуу жээк” фестивалынын финалы 29-июнь – 2 июль аралыгында Ысык-Көлдө өтөт.