Жанара Мамадалиева: Билген жанга бакыт ушул өмүрдө, Балам – шаарым, балам болуп майрамым 

Акын жана тележурналист Жанара Мамадалиева мындан 15 жыл мурда жарык көргөн алгачкы ыр жыйнагы менен поэзиянын эшигин батыл ачып, таланттуу калемгер катары таанылган. Анын ырларында аялдык ички табиятына жакын кыялкеч дүйнөсү, турмушту эстетикалык кабылдоосу, лирикалык санаркоолору окурманды кайдыгер калтырбайт. Жанаранын поэтикалык көркөмдүгү жогору жана чынчыл поэзиясында акыркы жылдары  эне-бала, үй-бүлө, жашоонун ак-карасы жөнүндө тема басымдуулук кылууда. Дүйнөнү аялдын көзү менен караган акындын басмырт, ошол эле учурда мааниси терең ырларынан сунуштайбыз.

Атама

(атам Маманга арноо)

Сенин барың кандай жакшы, атаке,

Сен мен үчүн дүйнөдөгү жакшы адам.

Жүрөгүңө мээримге мол Күн түнөп,

Жүзүңдөн эч кара туман байкабайм.

 

Сен көптөргө жөпжөнөкөй бир киши,

А мен үчүн чоң бир тоосуң жөлөнгөн.

Канча сени капа кылып койсом да,

Карегиңден төгүлгөн нур көрөм мен.

 

Сен жашоомдо эң бир кымбат байлыгым.

Сен бар кезде бөксөрбөйм да, чайпалбайм.

Бүт балдардын болгон менен атасы

Баары сендей жакшы ата деп айта албайм.

 

Кош бойлуу кезде жазылган ыр

Жүрөгүмдүн астынан

Жүрөгүңдүн тыңшап жатып сокконун,

Догдур эже сүйлөп калат божурап:

“Кош бойлуу кез доор болот эң сонун”.

 

Чынында эле ажары артат аялдын,

Жүргөн чакта бойго бала көтөрүп.

Атаң болсо күтүп жүрөт делбиреп,

Эне-бала болчу күндү экөөбүз.

 

Ал күндөр да алыс эмес, буюрса ,

Көз жарганда көңүл сүйүп өбөрбүз.

Кудай бизге ыраа көргөн белегим,

Аман-эсен бактың менен төрөлгүн.

 

Апаларды жентек тойго чакырып,

Алдей айтып ак бешикке бөлөйлүк.

 

*****

Жамандашты, “жаман” дешти, тек койдум.

Көтөргөндөр бары жакшы күнөөмдү.

Алар мени “ак-көк”, “кара” дешкиче,

Жакшы иш жасап, жүрөгүмө гүл өндү.

 

Жакшылыктан нуру жанып көздөрдүн,

Кубанышып айтса дилден: “Ырахмат!”

Мени “ак-көк”, мени “кара” дегендер,

Мен жөнүндө уккусу жок кулак жаап.

 

Көрө албаган, каралаган пастардын,

Билем, жолго изи түшпөйт мен баскан.

Мени “ак”, “көк”, мени “кара” дегендер,

Бакыт даамын тата электир мен таткан.

 

Жаратканым өзү коргоп турганда,

Мени эч ким жер менен жер кыла албайт.

Мени “ак-көк”, мени “кара” дегендер,

Тегиз, таштак жолдо бирдей жүрө албайт.

 

Мами абам

Попурусту тиштеп алып астейдил,

Футболду эфирден укмуш көрчү Мами абам.

“Койчу ботом, болбогур бир оюн”, – деп,

Кейип калчу чоң энебиз Саракан.

 

Футбол оюн зор шаң менен башталчу,

Абам болуп кыялында “вратарь”.

“Го-ол! Гол! Ой, азамат!” – деп мактап,

Кайра замат кабагына жаайт кар.

 

“Бол,бол! Тез-тез! Топту тепкин батыраак!

Кантет-кантет, ойнобойбу жакшыраак!”.

Анткен сайын күйпөлөктөп чоң апам,

“Тамак муздайт, чайга кел”, – деп чакырат.

 

“Чай-пайыңды бери алып кел, кемпирим,

Тамагыңды азыр ичпейм, коё тур”.

Шоктонсо эгер жанындагы балдары,

Кабак чытып, тыят улам: “Жөн отур!”.

 

Сыналгыга улам жылып олтуруп,

Топко окшоп кайра төргө жөнөчү.

Абам эле айылыбызда бир гана,

Футбол оюнун сүйгөндөрдүн төрөсү.

 

Жакындарын укмуш сыйлап кубанткан,

Абам чындап адам болчу ак көңүл.

Томолонуп-тумаланып топко окшоп,

Алып кетти аңдып келген дарт өлгүр.

 

Кемип дүйнөм кээ күндөрү ыйласам,

Көз жашымды жеңи менен сүртчү эле.

Менде болгон капалыкты топтоп бүт,

Топко окшотуп дилден кууп ийчү эле.

 

Адатымча азыр деле жашыкмын,

Жакшы-жаман күндө орду билинет.

Топ ойнуна топтолгондой бир күнү

Жолдор эми акыретте биригет.

 

*****

Эски кийим-кечелерди чогултуп,

Келген болчу бирин койбой өрттөгүм.

Кой, өрттөбөйм чоң энемдин кемселин,

Ушул кемсел паанасында өскөмүн.

 

Кээ күндөрү кучак жайчу үшүсөм,

Кучактачу чоң энеме кошулуп.

Жыттасам эч жыты энемдин калбаптыр

Жыттачу элем дил бөксөсүн толтуруп.

 

Жылдар өтүп эскиргенин карачы,

Кийсем жылуу дагы деле ошондой.

Канча жакшы күн болсо да жашоомдо,

Энекемдин орду койду эч толбой.

 

Сагынганда барсам үйгө бапырап,

Балдарымды жетине албай өпмөк ээ.

Шириндиктер толо болмок дагы эле,

Кемселинин көркү болгон чөнтөктө.

 

Кемселине бар тапканын жашырып,

Тирүү болсо келмек үйгө айылдап.

Ырас айтам, азыр кыйла көрүмсүз,

Чоң атамсыз ,чоң энемсиз айыл жак.

 

Өмүрлүк жарга

Күттүр мени! Бир өмүргө күтөйүн,

Жол кароодон болуп кечке түпөйүл.

Кызганычтуу сезим өйкөп жүрөктү,

Кызганайын мен өзүндү бир өмүр.

 

Сенин жакшы кыялдарың эстейин,

Жумушуңдан калган кезде кечигип.

Оо жолунду кайра-кайра тиктейин,

Кызганычтан көөдөн күйүп шексинип.

 

Эшик ачсаң: кусалык да, кызганыч –

Эгер билсең ошол мага зор бакты.

“Чарчадынбы, тамактанып ал”, -десем,

Ашып түшөр нан-чайымдан сөз жакшы.

 

Карааның да өмүрүмө дем берип,

Сага окшошот балдарыңдын эркеси.

Түйшүгүндү тартып жүрүп мен сенин,

Тырышса экен бешенемдин чекеси.

 

*****

Балдарымдын оюну да бузулду

Машиненин “пипилдеген” үнүнөн.

Бир кездеги сезимимдей, балдарым,

Менден мурда сизге карай жүгүргөн.

 

Шашып барып дарбазаны ачканча,

“Келди атам!”- деп жүз кайталайт балдарым.

Бир заматта калганын көр байкалбай,

Балдар – шаарым, балдар болуп майрамым.

 

Биз баарыбыз чай ичкенге чогулсак,

Олтургансыйт жаныбызга Күн келип.

Балдарыма калам кээде таарынып,

Сөз жакшысын арнап жатса сизге бүт.

 

Нанын жаап, кирин жууп тамагын

даярдаган менен күндө аспеттеп.

Неге сизди жакшы дешет мени эмес,

Саар кетип, келсеңиз да иштен кеч.

 

Билген жанга бакыт ушул өмүрдө,

Бүт балдардын аман болсун атасы.

Күн алыста алып келсе шириндик,

Күлүп тосчу балдар куунак жашасын.

 

Ар бир үйдө ата-бала бир болуп,

Күйүндүрсүн, сүйүндүрсүн апасын

 

*****

Нөшөрлөп жаап кирген жазгы жаанда,

Аябай сергип алды ачылар гүл.

А менин жууп жайган кийимдерим,

Шыйпырдан түшкөн суудай ботала кир.

 

Көңүлүм даабай турат эмнегедир,

Жайганга баарын жууп кайра-баштан.

Кайдадыр айтпай-дебей алыс кеткен,

Караанды эмнеге эле күтүп жатам.

 

Жамгыр суу жерге сиңип кеткен сымал,

Ал дагы менде жашап жаткан окшойт.

Сабылып турган кезде көңүл үшүп,

Санаамды жамгыр үнү улам коштойт.

 

Кайсы күн келери анык эместиги,

Жүрөктү тилке-тилке тилип жатат.

Же азыр “көл-шал” болуп жолдобу деп,

Түн жарым болсо дагы күтүп жатам.

 

*****

Мен тарап жарык, сен тарап мага караңгы,

Убактың болсо умсунтпай менден кабар ал.

Тикенек дагы көрүнүп көзгө гүл болуп,

Тим эле бакыт өңдөнөт эрте жааган кар.

 

Жакшылык – бүгүн аздектеп күткөн коногум.

Сен эмес мени билгенмин тагдыр аярын.

Ырыстуу күнгө кабылтып сүйүү тозогу

Тыңшоодо кулак ырлардын айткан азанын.

 

Өмүрдүн бакты-таалайы үчүн ыйгарган,

Ырымдын баарын түшүндүм сенден белек деп.

Мен тарап жарык, сен тарап мага караңгы,

Убактын болсо убайга салбай  келип кет!

 

Азыр мага жаттан да сен жат адам

Түшүп калган түймөм өңдүү жакамдан,

Азыр мага жаттан да сен жат адам.

Сезимдерге тарыды куп дүйнөбүз,

Сен, мен сыйып, үмүт менен жашаган.

 

Кыса кармап өз бактымдын колдорун,

Тунуктан да тунук болчу ойлорум.

Айтып-нетип сооротсом да сезимди,

Арзыбаган араздашуу болгонун.

 

Бүттү баары, кетти дилге жарака,

Көлөкөбүз баспайт эми жанаша.

Бактыбыз да, күлкүбүз да көмүлдү,

Кара жолтой күнгө, үзүлгөн алака.

 

Чоң атам

Кетмениңди түшүрбөстөн колуңдан,

Таштак жерди гүлгө айланткан киши элең.

Биздин адал жашообуздай нурдуу эле,

Мээнетиңден тердеп турган пешенең.

 

Эми жоксуң, жоксуң эми, бул күйүт,

Жүрөгүмө сайды дагы бир ийне.

Жума күнкү жаназага буйрулдуң,

Кетмениңди асып жүрүп ийниңе.

 

Сылап өөп бешенеңден мупмуздак,

Мукактандык сөз табалбай айтарга.

Бак-дарактар өз колуңдан көктөшкөн,

Узатышты толкуп акыркы сапарга.

 

Убакытка утулбаган жан элең,

Балким жакты Кудайга ошол пейилиң.

Кеттиң бирок, көңүл сынды бөксөрүп,

Шаарым кулап, кадимкидей кемидим.

 

Өсө берет шимип күндүн нурларын,

Өзүң эккен тамырлары дарактын.

Алла сени тозок оттон  калкалап

Кыяматта бейиш үчүн жаратсын.

 

Күздөгү сүйлөшүү

Күз сүрөтүн тартып жатат,

Карасаңыз, боёктору не сонун!

Жакшылыгы ушунчалык жанга мол

Келди мен да күзгө аябай окшогум.

 

Сиз өндөнүп жакшы көрдүм мен дагы,

Жалбырактын жамгыр болуп төккөнүн.

Сизден өтүп сыпаттардын жакшысы,

Келди күздөй өз дүйнөмдү көрктөгүм.

 

Сиздей сылык-сыпаа мүнөз күтүнгөн,

Ырдап жатам быйыл келген күз менен

Баскым келди, баскым келет бир өмүр,

Күздүн сонун күндөрүндө Сиз менен!

 

Мени аяңыз

Урушканда уруштуңуз аябай,

Сүйүүң түгөп баратабы же, жаным?

Жүрөгүмдү ачыштырып айтасыз,

Бир сулуу кыз сизге абдан жакканын.

 

Аны-муну айта берип, дей берип,

Агарып да бараткансыйт чачыңыз.

Жерге түшүп кетпесе деп коркомун

Булуттарга сөйөп койгон шатыңыз.

 

Булуттарга чыгып алып акырын

Кыздарга эмес, ааламга да караңыз.

“Жүрөгүм ий, ооруп жатат”, – дей бербей,

Жүрөгү бар бизди дагы аяңыз?.

 

Жүрөгүңүз кенендигин билем эй,

Аялзатты сүйдүрүп да, сүйө алган.

Билбейм бирок, билгим да жок башкасын,

Үй караган кароолчуңуз – мени аяң.

 

Каргашалуу күндөр калсын көмүлүп

Чиелишкен тагдыр мага кезигип,

Чилде суугу үйдөн жылуу сезилип,

Эринимди кырча тиштеп бараттым,

Өз демиме өзүм кардай эзилип.

 

Кайратымдан калбай башка жакыным,

Күсөп турам жаздын көктөм жашылын.

Бакты-азап чырмалышып биригет,

Өрүп алчу өрүмүндөй чачымын.

 

Жакалашып, жекелешип ой менен,

Жанчылып бүт ооруп турат соо денем.

Жалгыз гана жаздын деми – улукман,

Жараатымдан айыктырып эмдеген.

 

Жараткандын мээри жерге төгүлүп,

Талаа-түздүн жаркыроодо өңү бүт.

Калсын, калсын жүрөгүмдү ооруткан,

Каргашалуу күндөр жерге көмүлүп.

 

*****

Алдым сенин саламыңды айттырган,

Алик, шүгүр, аман-эсен жүрөм мен.

Өзүң кандай жашооңдо не жаңылык?

Ушунча жыл өтүптүр ээ билинбей.

 

Тагдыр экен таалайыма мен үчүн,

Жарык жанып башка адамдын жылдызы.

Толуктоодо жылдарымдын бөксөсүн,

Кудай кошкон жарым менен уул-кызым.

 

Түйшүк түмөн, бирок жеңил азабы,

Аягы жок армандуу бир сүйүүдөн.

Эми эшиктин арт жагына калтырдым,

Ой- кыялды, сага карай жүгүргөн.

 

Бүгүн сага сүйлөп бергим келет мен,

Кичинекей чүрпөлөрүм жөнүндө.

Бул жашоодо жалгыз гана бала бейм,

Түнөк таап жашай алган көңүлдөн.

 

Курбу кыздар сени эстеп…

Бүгүн сенин кызыдыбы кулагың,

Курбу кыздар чогулуп куп эстедик.

Барктабаппыз, баалабаппыз биз анда,

Балалыктын аруу таза экенин.

 

Кылыктанган кыздар сени сөз кылса,

Көзүм менен өзүңдү мен талашып –

Жүргөнүмдү эми айтып жашырбай,

Жүрөктөрдү сүйүү менен тазарттык.

 

Балалыктын айылынан базарлык-

Алып келчү күндөрүңдү эстесем.

Тура калып издегим бар, издегим,

Эң, эң жакын адамыңдан бешбетер.

 

Эстегенде жүрөк жылыйт, ушинтип,

Мен гана эмес, сени көп кыз сүйчү экен.

Башка жанга байланса да тагдырың

Балалыктай жадыбызда жүр эсен!

 

Уктагым келет, апа, өзүң менен

Жүрөгүм ооруй берет, билбейм неден?

Жададым куп жүдөмүш күндөрүмдөн.

Көңүлүм кирдегенин сураба, апа!

Болбостур бул жашоодо сендей күйгөн.

 

Апаке, бооруңа бир кысчы мени,

“Кызым” деп чач сыласаң эркелейин.

Мен дагы сылайынчы аста-секин,

Тырышкан карегиңдин чекелерин.

 

Апаке, бүгүн бирге уктайлычы,

Колуңдун ысык табы жүрөккө дем.

Кайгымды ыраак айдап курсант кылчу

Өзүндүн барыңа миң шүгүр этем.

 

*****

Эмнегедир өлгөндөрдү көп эстейм,

Ыйлайм анан жаш баладай буулугуп.

Билинбестен акыретке кеткенсийт,

Жүрөгүмдөн бир ичке кыл суурулуп.

 

Өлгөн жандар кирсе кокус түшүмө,

Кадимкидей жыргал табат жүрөгүм.

Жаратканым күнөөлөрүн кечирип,

Ичи-тышы кенен турсун мүрзөнүн.

 

Баарыбыздын бара турган жер ошол

Билбейт эч ким ажал кай күн келерин.

Жер астында жатканы эле болбосо,

Көңүлүмдө жүргөндөрүн сеземин.

 

Акыреттин бар экени бул чындык.

Жолуксам дейм мен аларга жаннаттан.

Билбейм менде эмнегедир көп болот,

Мен аларды көргүм келип саматкан.

 

Күтүү

Же жаз келбей, же сиз келбей

Үшүп, үшүп, үшүп турам.

Көздөрүмдө ыза-кайгы,

Көңүлүмө түшүп туман.

 

Аптабы күч күндү эстейм,

Аянбастан мээрим төккөн.

Анан дагы сизди эстейм,

Жаш жигиттей аяр өпкөн.

 

Эне бала бөлүнбөсүн, өлбөсүн

Чамынып мас кишидей жулкуп шамал,

Мөмөлөрүн күүп кирди бактардын.

Эне чымчык чабалактайт утуру,

Бейпилдигин тилеп түпсүз асмандын.

 

Кулагыма кирип алган чымындай,

Кутула албай турам добул үнүнөн.

Атам чегип азы калган чылымдай-

Терек сынды кыйла бери түбүнөн.

 

Жамандыкты ыраа көрбөй тырмактай,

Тынчсызданат сыркоолуунун энеси.

Эне жүрөк эзилүүдө сымаптай,

Бала ооруса кошо ооруп денеси.

 

Шамал үнү басылса экен тезирээк,

Энелердин кыраа кылбай көңүлүн.

Эне аттуулар көрбөсүн, эч көрбөсүн

Балапандын, баласынын өлүмүн.

 

Сен анан күз

Сага жаккан гүлдөр күздө ачылчу,

Өзүң дагы күзгө окшош жан элең.

Пейли кенен, колу ачык, шар жоомарт,

Ооба, ооба күз да сендей берешен.

 

Аяйм күздү аягандай өзүңдү,

Капыс жааган карда калса үшүйт деп.

Сен жөнүндө уксам сөзүн жамандын,

Кадимкидей үшүп кетем ичиркеп.

 

Көөдөнү кең күздөн тапкан ырларым,

Эгер билсең мага дайым жемиштүү.

Сезимиме сендей жаккан үчүнбү,

Мен күз менен жүрөк толкуп көрүштүм!