“5 акын” теледолбоорунун 3-көрсөтүүсү жыйынтыкталды

Түрк тилдүү элдердин “ТҮРКСОЙ” эл аралык уюму, КР Улуттук жазуучулар союзу жана Коомдук телерадиоберүү корпорациясы биргелешип өткөрүп жаткан “5 акын” теледолбоорунун үчүнчү айлампасы соңуна чыкты. Бул жолку катышуучулар Манас Алымбаев, Алиман Абдыкеримова, Жыргалбек Алымжан уулу, Максуда Ормонова, Жыпара Арыковалар болушту. Бардык акындардын даярдыгы мыкты болуп, активдүү катышкандыктан, жеңүүчүнү аныктоо кыйынчылык жаратты. Калыстар тобу ар бир акын жазган ырлары боюнча бири-биринен айырмаланган, оригиналдуу таланттар экендигин баса белгилешип, жыйынтыгында Жыпара Арыкова жеңүүчү болду.

“5 акын” теледолбоорунун үчүнчү жеңүүчүсү болгон Ж.Арыкованы чын дилден куттуктап, чыгармачылык ийгиликтерди каалайбыз.